СҮННӨТ ЖОЛУ @sunnotjolu Channel on Telegram

СҮННӨТ ЖОЛУ

@sunnotjolu


Каналдын автору: Нурбек Аширмухаммад уулу

🎓Медина шаарындагы Ислам университетинин хадис факультетинде бакалавр баскычын бүтүргөн

🎓Хадис факультетинин Фикх ас-Сунна бөлүмүндө магистратура баскычын бүтүргөн

СҮННӨТ ЖОЛУ (Kyrgyz)

Сүннөт Жолу каналы - бүтүн Дүйнөдөк кыргыз тилде сүннөт сактагыч эмес, бирок, калкып билгисирмекчи ислам шарттары менен танышкан, катым сүннөтсүз хайдарми болгон жерде ошонун биздин калкыптарымызды өзгөртүп, жакшы сүннөттө сактагыч мурунтку кызыктууларын билирге ырдам берүүчү канал. Каналдын автору Нурбек Аширмухаммад уулу, Медина шаарындагы Ислам университетинин хадис факультетинде бакалавр баскычын бүтүргөн. Андан кийин Хадис факультетинин Фикх ас-Сунна бөлүмүндө магистратура баскычын бүтүргөн, ул айрым кыз болгон канал аркылуу адамдарга сүннөт жолдору менен танышкандардын билгилери менен багытталып, барагымдуу кылдаткыларга ырдам берүүчү канал.

СҮННӨТ ЖОЛУ

28 Jan, 08:17


﴿وَمِنهُم مَن عاهَدَ اللَّهَ لَئِن آتانا مِن فَضلِهِ لَنَصَّدَّقَنَّ وَلَنَكونَنَّ مِنَ الصّالِحينَ۝فَلَمّا آتاهُم مِن فَضلِهِ بَخِلوا بِهِ وَتَوَلَّوا وَهُم مُعرِضونَ۝فَأَعقَبَهُم نِفاقًا في قُلوبِهِم إِلى يَومِ يَلقَونَهُ بِما أَخلَفُوا اللَّهَ ما وَعَدوهُ وَبِما كانوا يَكذِبونَ﴾ [التوبة: ٧٥-٧٧]

Аллах Таала Куранда мындай деп айтат:

«Алардын арасында Аллахка: «Эгер Ал бизге Өз пазилетинен (байлык) берсе, сөзсүз садака кылабыз жана такыбалардан болобуз» - деп убада бергендери бар».

«Бирок качан Аллах аларга Өз пазилетинен (байлык) бергенде, алар сараңдык кылышты жана (убадаларынан) баш тартып, жүз бурушту».

«Андан кийин Аллах аларга, Аны менен болгон жолугушуу (Кыямат) күнүнө чейин алардын жүрөктөрүнө эки жүздүүлүктү салып койду. Бул - алардын Аллахка берген убадаларын бузгандыктары жана жалган айткандыктары үчүн (жаза болду)».


[Тавба сүрөсү, 75-77-аяттар].
----------------------------------------

🔹БУЛ АЯТТАРДАН АЛЫНУУЧУ САБАКТАР:

1. Убаданы аткаруу - ыймандын белгиси.
2.
Убаданы бузуу - мунафыктыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси.
3. Байлык - адамдын чыныгы жүзүн көрсөтүүчү сыноо.
4. Аллах менен кылган убаданы бузуу - оор күнөө.
5. Эки жүздүүлүк - жүрөктөгү оору, ал убаданы бузуудан жана жалган сүйлөөдөн пайда болот
.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1385

СҮННӨТ ЖОЛУ

21 Jan, 10:05


Аллах Таала башчыларыбызга мамлекеттин мүлкүнө кол салгандарга каршы күрөшүүгө жардам берсин!

✍️
Аалымдар айтат:
Өкмөттүн мүлкүнөн уурдоо - жеке адамдын мүлкүнөн уурдагандан да чоң күнөө, анткени өкмөттүн мүлкүндө ар бир адамдын, айрыкча кары-картаңдар, жаш балдар жана башка адамдардын укуктары бар. Анан дагы адам бул мүлктөн кутулууга аракет кылганда, бул абдан кыйын болушу мүмкүн
. Себеби ошол мүлккө байланышкан көптөгөн адамдардын акысын жеп койгон.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1384

СҮННӨТ ЖОЛУ

19 Jan, 15:47


Аалымдар айтышат:
Исраил урпактарына (Бани Исраилге) «Хитта» (тообо) деген сөздү айткыла деп буйрулду. Бирок алар «Хинта» деп айтышты. Бир тамганы өзгөртүп айтышкандыктан, алар оор сыноолорго жана чоң азапка дуушар болушту.

Мындан алынуучу сабак:
Диндеги кошумчалар жана шарияттагы бидааттар - өтө коркунучтуу жана зыяны чоң. Эгер бир сөздү өзгөртүү ушундай жазага алып келсе, анда Жараткандын динин өзгөртүүнүн кесепети кандай болот?!

Демек, диндеги ар кандай өзгөртүү, кошумча же кемитүү - өтө коркунучтуу. Ислам дини толук түшүрүлгөн жана аны өзгөртүүгө болбойт.


🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1383

СҮННӨТ ЖОЛУ

18 Jan, 18:09


Күнөө - бул пенденин Раббисинин алдында баркын төмөндөтүп, Анын назарынан түшүп калышына себеп болот.

Хасан аль-Басри айтты: «Алар Аллахтын алдында баркын жоготкондуктан гана Ага баш ийбей коюшту. Эгер алар Анын алдында кадыр-барктуу болгондо, Ал аларды (күнөөдөн) сактамак. Эгер пенде Аллахтын алдында баркын жоготсо, аны эч ким сыйлабайт».

Аллах Таала айткандай: «Аллах кимдин баркын түшүрсө, аны сыйлай турган эч ким болбойт» (Хаж сүрөсү, 18-аят).

Адамдар сыртынан аларга муктаждыгынан же жамандыгынан корккондуктан урмат көрсөткөнү менен, чындыгында алардын жүрөгүндө алар эң баркы жок жана эң төмөн даражада болот.

📚(Ад-Даа' вад-даваа китебинен).

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1382

СҮННӨТ ЖОЛУ

15 Jan, 17:34


Ибн аль-Жаузий (Аллах ага ырайым кылсын) айткан:

«Күнөө үчүн келүүчү (бул дүйнөдөгү) жазанын эң катуусу - ыймандын кетиши, Аллахка жалбаруу ырахатынан кур калуу, Куранды унутуу жана Истигфар айтуудан алыстап кетүү».

📚("Заммуль Хава", 210-бет).

СҮННӨТ ЖОЛУ

09 Jan, 12:08


Аллахтын сөзү:
«Андыктан Аллахка качкыла, мен силерге Анын тарабынан келген ачык эскертүүчүмүн»
(аз-Зарият сүрөөсү, 50-аят).

Аллахка качуу — Анын буйруктарын аткарып, тыюуларынан алыс болуу менен ишке ашат. Анткени Аллахтын азабынан сени куткаруучу жалгыз жол — Анын буйруктарын аткаруу.

🖊 Нурбек А.У.
t.me/sunnotjolu/1380

СҮННӨТ ЖОЛУ

04 Jan, 15:27


🔰Ыйык айлар

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
«Жыл 12 айдан турат, алардын төртөө - ыйык айлар: Зул-Каада, Зул-Хижжа, Мухаррам жана мудардын Ражаб айы, ал Жумада жана Шаъбан айларынын ортосунда келет».

📚(Бухари: 4406, Муслим: 1679).


Аллах Таала бул төрт айды башка айлардан өзгөчө кылып, ыйык айлар деп белгилеген.

Бул айларда жасалган күнөөлөр башка айларда жасалган күнөөлөрдөн чон болуп эсептелет, андыктан күнөөдөн оолак болуу керек.

Ошондой эле, жакшы амалдардын сообу да бул айларда өзгөчө чоң болот.

Ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун) минтип айткан:
«Аллах бул төрт айды ыйык айлар кылган. Бул айларда жасалган күнөөлөр чоң жазаланат. Ошол эле учурда бул айларда кылынган жакшы иштердин сообу да көбүрөөк болот».


Айлардын тизмеси:

1. Мухаррам (ыйык ай)

2. Сафар

3. Рабиуль-Авваль

4. Рабиуль-Ахир

5. Жумада ал-Уля

6. Жумада ал-Ахира

7. Ражаб (ыйык ай)

8. Шаъбан

9. Рамазан

10. Шавваль

11. Зул-Каада (ыйык ай)

12. Зул-Хижжа (ыйык ай)
----------------------

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1379

СҮННӨТ ЖОЛУ

04 Jan, 06:36


Умрадагы сабактардан үзүндү (2014 г. Декабрь): акыйка чалуу жөнүндө

https://youtube.com/shorts/xfTcuB0-hQ4?si=avDrWtw6lSKNNQV3

СҮННӨТ ЖОЛУ

02 Jan, 12:38


Ар бирибиздин менчик үйүбүз болот!

🎙Нурбек Аширмухаммад уулу

СҮННӨТ ЖОЛУ

02 Jan, 12:30


https://youtu.be/tFvfRYwcLsw?si=HWBvKvtGm6gJYaON

СҮННӨТ ЖОЛУ

01 Jan, 09:57


Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Адам баласы карыйт, бирок анын эки нерсеге болгон каалоосу жаш бойдон кала берет:
Байлыкка болгон ач көздүгү жана өмүрүнүн узак болушуна болгон үмүт».


📚 Сахих Муслим, №1047.

Бул хадис адам баласынын жүрөгүнө өтө терең ой салат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) бизге адамдын өмүр бою жоголо бербеген эки каалоону айтып жатат: байлыкка болгон ач көздүк жана өмүрүнүн узак болушун эңсөө. Бирок бул каалоолор көбүнчө бизди чыныгы максатыбыздан алыстатып, түбөлүк жашообузду унутууга алып келет.

Байлыкка болгон ач көздүк - бул адамдын жүрөгүн каптаган эң күчтүү сыноолордун бири. Биз дүйнө чогултуп, "дагы көбүрөөк" деп жашап, өмүрүбүздү текке кетирип жатабыз. Байлыктын артынан аша чаап түшкөн сайын, ал чөйчөк сыяктуу болот: канча толтурсаң да, кайра бош сезиле берет. Бирок ал байлык бизди түбөлүктүү жашоого даярдабаса, бул дүйнөдө эмне пайдаларды табаабыз? Көрүстөнгө киргенде биз менен бирге байлык эмес, амалдарыбыз гана кетет. Ошол учурда, дүйнөдөгү ач көздүгүбүздүн бизге пайда эмес, зыян алып келгенин түшүнөбүз.

Өмүрдүн узак болушуна болгон үмүт - бул биздин чыныгы милдетибизди кечеңдетүүгө алып келген экинчи чоң тоскоолдук. "Эртең кылып алам, убакыт бар" деп жашайбыз. Бирок эртеңибиз бар экенине кепилдик жок. Канча адамдар "Кийин туура жолго түшөм, дагы жашайм" деп жүрүп, капыстан бул дүйнөдөн өтүп кетти. Узун өмүр эңсөө менен, биз өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү текке кетирип жатабыз. Жараткан бизге өмүрдү ибадат жана жакшылык үчүн берди, бирок биз аны тек гана дүйнө чогултууга жана убактылуу ырахатка арнап койбодукпу?!

Бул хадис жүрөгүбүздү селт эттирип, бизди ойготушу керек. Адам карыйт, бирок бул дүйнөдөгү каалоолору токтобойт. Бирок ошол каалоолордун артынан түшүп, түбөлүктүү жашоону унутуп калуу - бул эң чоң жоготуу.

Ошондуктан, ар бирибиз өзүбүздөн сурайлы: бул дүйнөгө чогултуп жаткан нерселерибизден эмнелери бизге эртең акыретте пайда берет? Өмүрүбүздү кантип өткөрүп жатабыз? Эртең кеч болуп калгыча, бүгүн өзгөрөлү. Байлыкка акыреттик амалдардан алыстатып жиберчүдөй берилүү эмес, амалдарга; убактылуу өмүргө эмес, түбөлүктүү жашоого умтулалы.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу

Сүннөт Жолу
t.me/sunnotjolu/1375

СҮННӨТ ЖОЛУ

19 Dec, 05:51


КҮНДҮН ТЕМАСЫ

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Өлкөбүздөгү динге тиешелүү болгон мыйзамдарга карата илимдин негизинде караганга аракет кылуубуз керек, эгерде туура чечимге жетүүнү каалаган болсок.

Бул мыйзамдагы кээ бирөөлөр ызычуу жаратып жаткан жерлерин карап көрсөк, бул жерде Даават (динге чакыруу) кылууда тартипке келүү, ирээтке келүү деген мыйзам кирип жатат.

Мыйзамга кирип жаткан тартип шариятка каршы келбейт. Бул нерсе Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мурас болуп келген илимден үлүшү бар адамга белгилүү.

Биз Куран жана Сүннөттү түшүнүп жана ал экөөнө амал кылууда сахабаларга, табаиндерге жана ошол сахаба жана табаиндерге ээрчиген төрт мазхаб имамдарына жана аларга ээрчиген кийинки дин аалымдарына карашыбыз керек. Биз мына ошондо гана динди туура түшүнүп, туура карманган болобуз.

Ошондуктан, бул маселеде өлкө башчыбыз менен бирге болуп, жана ал дайындаган башчыларыбыз менен бирге болушубуз керек.

Аллах Таала өлкөбүзгө тынчтык жана өнүгүүнү берсин!

Аллах Тааладан өлкө башчыбызга жана ал тарабынан дайындалган башчыларга элибиздин эки дүйнөлүк иштеринде жардам берүүсүн сурайбыз!

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу

Сүннөт Жолу
t.me/sunnotjolu/1374

СҮННӨТ ЖОЛУ

15 Dec, 06:38


Уктап жаткан адам түш көрүп жатканын ойгонгондон кийин гана түшүнөт. Ошо сыяктуу эле, акыреттен кабарсыз адам да эмне деген сооптуу амалдарды жоготуп жатканын өлүм келгенде гана түшүнөт.

Аллах Таала баарыбызды Өзүнүн ыраазычылыгына багыттасын!

СҮННӨТ ЖОЛУ

14 Dec, 08:12


Тамактануу сүннөттөрүнөн:

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Тамак алдыңарга коюлганда, анын четинен алып жегиле, ортосунан жебегиле,
анткени, береке анын ортосуна түшөт».


📚(Сахих аль-Жамиъ, 829)
t.me/sunnotjolu/1372

СҮННӨТ ЖОЛУ

11 Dec, 02:37


Башкалардын кемчиликтерине көз жумуу

Пайгамбар (саллаллоху алейхи ва саллам) мындай деп айтат:
«Ким башка бир мусулмандын айыбын жашырса, Аллах Таала анын айыбын бул дүйнө жана акыретте жашырат».

Аалым Абдуррахман ас-Саади (рахимахуллах) мындай деген:

«Башкалардын кемчиликтерине көз жумуп, алардын өздөрү ачыктоону каалабаган сырларын аңдыбай, тилин алардын жамандыктарын жайылтуудан тыя билген адам өз динин жана ар-намысын сактап калат. Ошондой эле Аллах Таала ал адамды пенделеринин жүрөгүнө сүйүктүү кылып коёт жана анын каталарын жаап жашырат. Себеби, амал кандай болсо, анын сыйлыгы да ошого жараша болот. Сенин Раббиң пенделерине эч качан зулум кылбайт».

📚 [Ал-Фаваких аш-Шахия, 1/112]

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1371

СҮННӨТ ЖОЛУ

09 Dec, 08:45


Садака берүү - мал-мүлктү азайтып жиберет деп ойлогон адам терең жаңылышат.

Чындыгында, садака - ырыскынын көбөйүшүнө, мал-мүлктүн тазаланышына жана ага береке түшүшүнө себеп болот.

Аллах Таала садаканын ордун өзүнө ылайыктуу жакшылыктар менен толуктайт, ал эми анын сообу сан жеткис улуу болот.

Абу Хурайра (радияллаху 'анху) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деген:
«Садака берүүдөн мал-мүлк азайбайт. Пенде кечиримдүүлүк көрсөтсө, Аллах Таала анын аброюн көтөрөт. Ким Аллах үчүн кичипейил болсо, Аллах аны бийик даражага көтөрөт» (Сахих Муслим, 2588).

Садака берүү - мүлктү гана эмес, өмүрдү да берекелүү кылуучу амал. Мүлк кээде сырткы көрүнүшү менен азайгандай сезилгени менен, анын артындагы береке, пайда жана сооп аны он эсе, жүз эсеге көбөйтүшү мүмкүн. Береке - бул бир гана материалдык пайда эмес, ал инсандык бакыт, тынчтык жана каниеттүүлүк сыяктуу руханий байлыктарды да камтыйт.

Садака берүүдөн коркпоңуз, анткени анын арты чоң жакшылыктарга жана түгөнбөс соопторго жеткирери шексиз.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу
t.me/sunnotjolu/1370

СҮННӨТ ЖОЛУ

05 Dec, 03:28


Көркөм мүнөз адамды бул дүйнөдө да, акыретте да эң жогорку даражаларга жеткирет...

Абу Умама аль-Бахили (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деген:
Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Чындык тарапта болсо да, талашып-тартышууну токтоткон адам үчүн бейиштин бир тарабынан бир үйгө кепил болом. Тамаша катары болсо да, калп айтпаган адам үчүн бейиштин ортосунан бир үйгө кепил болом. Ал эми көркөм мүнөзгө ээ болгон адам үчүн бейиштин эң жогорку даражасынан бир үйгө кепил болом».

📚(Сахих Абу Дауд, хадис №4800).

🖊 Нурбек А.У.
t.me/sunnotjolu/1369

СҮННӨТ ЖОЛУ

01 Dec, 15:19


https://youtu.be/TvwaE56DDq4?si=_RfpTVkOnLZwahuY

СҮННӨТ ЖОЛУ

01 Dec, 02:35


Абу Вакид ал-Лайсийден (разияллаху анху) мындай риваят келтирилген:
Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Аллах Азза ва Жалла мындай деп айтты:
«Биз мал-дүйнөнү намазды тикелеп, зекет берүү үчүн түшүрдүк».

(Ас-Силсила ас-Сахиха, хадис №1639)

Момундун мал-мүлккө аракет кылуусунан эң негизги максаты акырет үчүн амал кылууга колдонуу болушу керек. Дүйнөнүн өткөөл лаззаттары жана азгырыктары аны алдап кетпөөсү зарыл. Бирок көпчүлүк адамдар бул акыйкатты өлүм келген учурда гана түшүнүп калышат!

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу

t.me/sunnotjolu/1367

СҮННӨТ ЖОЛУ

29 Nov, 13:04


🔹Аза күтүү жөнүндө

Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

«Аллахка жана акырет күнүнө ишенген аял үчүн үч күндөн ашык каза болгон адамга аза күтүүгө уруксат эмес. Бирок күйөөсү каза болгондо, төрт ай он күн аза күтүүсү керек».

📚Сахих аль-Бухари

📜 Хадиске түшүндүрмө:

1. Аза күтүү мөөнөтү:

Бул хадисте аялдар үчүн аза күтүүнүн чектөөлөрү белгиленет. Жалпысынан үч күндөн ашык башка адам үчүн аза күтүү уруксат эмес, бул шарияттын орточолугун жана кадимки жашоого кайтууга чакырыгын көрсөтөт. Демек, кээ бир аялдардын күйөөлөрүнөн башка адамдар үчүн үч күндөн көп аза күтүүсү туура эмес жана ал шариятка каршы аза күтүү болуп саналат.

Бирок күйөөсү каза болгон учурда аялга төрт ай он күн аза күтүүгө буйрулган. Бул мөөнөт идда деп аталат жана анын мааниси аялдын күйөөсүнүн урматына жана никенин аяктоосунун маанилүүлүгүнө байланыштуу. Ошондой эле бул мөөнөт аялдын кийинки турмушуна байланыштуу маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.


2. Кандайча аза күтүлөт?

Аза күтүү маалында аялдар жасанып, кооздук үчүн буюмдарды колдонбойт. Бул анын күйөөсүнө болгон терең кайгысын жана сый-урматын көрсөтөт.

Хадистерде келгендей, аза күтүүнүн талаптары жөнөкөй кийимдерди кийүү, жыпар жыттарды колдонбоо, күйөөсү кайтыш болгон учурда жашап жаткан үйүнөн чыкпоо жана коомдук көңүл ачуу иш-чараларынан оолак болуу.


3. Күйөөдөн башка адам үчүн үч күндөн ашык аза күтүүгө мүмкүн эмес.

Үч күн деген чектөө аялдын күнүмдүк жашоосуна кайтып, аза күтүүдөн ашыкча таасирленбей, мурунку жашоосун улантуу үчүн белгиленген. Бул мөөнөт анын жан дүйнөсүн калыбына келтирүүгө жетиштүү.

4. Шарияттагы орточолук:

Бул хадис шарияттын тартиби катары, кайгыруу же аза күтүүнүн ашыкча же өтө кыска болушуна чектөө коёт. Ал жашоонун уланып, баланстуу жүрүшүн камсыз кылуу үчүн белгиленген.

5. Күйөөсүнө аза күтүүнүн өзгөчөлүгү:


Күйөөнүн өлүмү аялдын жашоосунда чоң өзгөрүү алып келери белгилүү. Ошол себептен, төрт ай он күндүк мөөнөт анын руханий, физикалык жана психологиялык жактан калыбына келүүсү үчүн берилет. Ошондой эле бул мөөнөт бүткөнчө аял башка никеге туруусуна тыюу салынат. Жана ошондой эле бул идда мөөнөтү анын боюна бүтүү маселесин тактоо үчүн дагы маанилүү.


Жыйынтык: Бул хадис исламдагы өлүмгө болгон сабырдуулукту, андан кийинки жашоонун улануусун жана шарияттын орточо принциптерин чагылдырат. Жана аза күтүү аялдын милдети гана эмес, анын ыйманынын белгиси катары дагы каралат.

🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу

Башкалар менен бөлүшүп, соопторго шериктеш болуңуз!
t.me/sunnotjolu/1366

СҮННӨТ ЖОЛУ

28 Nov, 05:15


🔹Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Силер билесиңерби, ким чыныгы банкрот?». Сахабалар: «Биздин түшүнүгүбүздө чыныгы банкрот - бул акчасы да, мүлкү да жок калган адам», - деп жооп беришти. Ошондо пайгамбар ﷺ айтты:
«Менин үммөтүмдөгү чыныгы банкрот - бул адам Кыямат күнү көптөгөн намаздары, орозолору, зекеттери менен келет. Бирок ал ошол эле учурда бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн мал-мүлкүн жеп алган, бирөөнүн канын төккөн, дагы бирөөнү сабаган болот. Анан анын сооптору ошол жабыр тарткандарга таратылып берилет. Эгер анын сооптору бүтүп, бирок дагы эле жабыр тарткандардын укуктары төлөнбөй калса, анда алардын күнөөлөрүнөн анын мойнуна жүктөлөт да, анан ал адам тозокко ташталат».

📚Булак:
Бул хадис Сахих Муслимде (2581) риваят кылынган. Аны сахаба Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) риваят кылган.

🖊Бул хадис адамдарга зулум кылуу жана алардын укуктарын тебелөө канчалык чоң күнөө экенин эскертет. Башкалардын укуктары алар кечирмейин же укуктары кайтарылмайынча, Кыямат күнү да кечирилбейт. Адам канча ибадат кылбасын, эгер адамдардын акыларын жеген болсо, же аларга кандайдыр бир деңгээлде зулумдук кылган болсо, анын сооптору ошолорго берилет. А эгер анын соопторго алардын акыларына жетпей, түгөнүп калса, анда алардын күнөөлөрү анын мойнуна жүктөлүп, андан соң ошол күнөөлөр менен тозокко карай ташталат.

Аллах Тааладан бизди башкаларга зулумдук кылуудан же зулумдукка шериктеш болуп калуудан алыс кылып, башкалардын укуктарын туура аткарууга жардам беришин сурайбыз!



🖊Нурбек Аширмухаммад уулу

Сүннөт Жолу
t.me/sunnotjolu

СҮННӨТ ЖОЛУ

24 Nov, 14:10


Балдарыңдын сенден таухид ишенимин жана сүннөт жолун мураска алып калуусу,
аларга алтын менен күмүштү калтырганыңан миң эсе жакшы.
Диниң - бул дүйнөдө да, акыретте да сенин ийгилигиң.

СҮННӨТ ЖОЛУ

22 Nov, 01:45


https://youtu.be/hGbhcpa3sDc?si=1bBVyHfD6TmswBeo

СҮННӨТ ЖОЛУ

20 Nov, 07:18


ЖУНУБ АБАЛ

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай деди:
«Эгерде күйөөсү аялынын төрт тарабынын ортосуна отуруп, ага күч жумшаса (жыныстык катнашта болсо), гусул алуу парз болот».

📚(Абу Хурайрадан риваят кылынган. Бухари: 291, Муслим: 348).
--------------

🖊Түшүндүрмө:

Жунуб деген эмне?
«Жунуб» - бул адамдын жыныстык катнашта болгондон же урук чыгаргандан кийин тазаланууга муктаж болгон абалы. Мындай абалда адам намаз окуй албайт, Куран кармай албайт жана башка ибадаттарды аткара албайт. Гусул алуу аркылуу бул абалдан чыгып, тазалык абалга келет.

Бул хадис жунуб абалына алып келүүчү негизги себептердин бирин, тактап айтканда, жыныстык катнашты баяндап жатат.


1. «Төрт тарабынын ортосуна отурса»: Бул сөз күйөөсүнүн жубайы менен жакындык мамиледе болушун ишарат кылат. Бул жерде «төрт тарабы» дегенде, аялдын эки колу жана эки буту айтылган. Башка риваяттарда бул «сан жана бут жактары» деп түшүндүрүлөт.


2. «Күч жумшаса»: Бул жыныстык катнаштын ишке ашканын билдирет, тактап айтканда, эркектин жыныстык мүчөсү аялдын жыныстык органына киргенди түшүндүрөт (туура түшүнүү үчүн кыска жана адептүү сөздөр колдонулган).


3. Уруктуктун чыгуусу маанилүү эмес: Имам Муслимдин риваятына ылайык, эгер уруктук чыкпаса да, жыныстык катнаш болгондон кийин гусул алуу парз болот. Бул жерде уруктуктун чыгуусу милдеттүү шарт эмес.

🖊 Хадисте камтылган маанилүү
пайдалар


- Исламдагы тазалык: Гусул алуу - бул Исламдагы тазалык эрежелеринин маанилүү бөлүгү. Бул дене жана рухтун таза болушун камсыздайт жана ибадаттарды аткаруу үчүн жарактуу абалга алып келет.


- Сүйлөшүүдөгү адептүүлүк: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) уятсыз же түз айтылган сөздөрдү колдонгон эмес. Ал маанини ачык түшүндүрүү менен бирге, уяттуу сөздөрдөн алыс болгон. Бул бизге сөздөрүбүздө адептүүлүктү сактоону үйрөтөт.


🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу

t.me/sunnotjolu

СҮННӨТ ЖОЛУ

18 Nov, 15:00


Аят жөнүндө ой жүгүртүү:

Аллах Таала айтты:

«Бир да ыймандуу эркек жана ыймандуу аялга, Аллах жана Анын Элчиси бир өкүмдү чечип койгондон кийин, өз эрки менен тандоо укугу болбойт».
📚(Ахзаб сүрөөсү, 36-аят)


Ибн Касир (Аллах аны ырайымына алсын) айтты:

Бул аят бардык иштерге тиешелүү. Эгер Аллах жана Анын Элчиси бир нерсеге өкүм чыгарса, анда момундар үчүн тандоо, өз оюн билдирүү же башка жолду кармануу укугу жок.
------------
🖊 Нурбек А.У.

t.me/sunnotjolu

СҮННӨТ ЖОЛУ

18 Nov, 02:32


Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Эгер адам үйүнө кирип жатканда жана тамактануу учурунда Аллахты эскерсе (бисмиллах десе), шайтан (өзүнүн шериктерине): “Бул жерде силерге (түнөгөнгө) орун жок жана кечки тамак да жок”, - деп айтат.
Эгер адам үйүнө киргенде Аллахты эскербесе, шайтан: “Түнөп жатуучу жерди таптыңар”,
- деп айтат. А эгер ал тамак жегенде да Аллахты эстебесе (бисмиллах дебесе), шайтан: “Тамакты да жана түнөп жатуучу жерди да таптыңар,” - деп айтат».

📚 Сахих Муслим, №2018.

Бул хадис бизге үйгө кирүүдө жана тамактанууда Аллахтын ысымын эскерүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт. Андыктан, үйгө кирерде жана тамактанып баштаарда “Бисмиллах” деп айтууну адат кылалы.

🖊 Нурбек А.У.

СҮННӨТ ЖОЛУ
t.me/sunnotjolu

СҮННӨТ ЖОЛУ

14 Nov, 02:21


Көпчүлүгүбүз бул сүрөөлөргө кош көңүлбүз! Мусулман адам бул сүрөөлөрдү эртең менен, кечинде, беш убак намаздардан кийин жана уйкудан алдын жана ошондой эле хадистерде келген орундарда окуп жүрүүгө аракет кылуусу керек.

Ибн ал-Каййим рахимахуллах айткан:

«Пенденин муаввизаттарга болгон муктаждыгы тамакка, ичимдикке жана кийимге болгон муктаждыгынан да күчтүү».

Муаввизаттар: кечирим, коргоо суроо үчүн окулуучу үч сүрөө: Ихлас, Фалак жана Наас сүрөөлөрү.

📚Бадаиʽ ал-Фаваид (2/426)

Сүннөт Жолу

СҮННӨТ ЖОЛУ

11 Nov, 02:40


Шейх ас-Саьди (рахимахуллах):
«Пайдалуу иштерди көз алдыңда тутуп, аларды ишке ашыруу үчүн аракет кыл; зыян алып келчү нерселерге көңүлүңдү бурба. Ошентип, кайгы менен капа жараткан себептерден алыстайсың. Маанилүү иштерди аткарууда жан дүйнөңдү сергитүү жана эс алуу менен дем-күч ал».

📗Бактылуу жашоонун жолдору

СҮННӨТ ЖОЛУ

СҮННӨТ ЖОЛУ

07 Nov, 06:43


Имам Ибн Ражаб (Аллах ага ырайым кылсын) айткан:

«Аллахты чындап сүйгөн пенде Ага
нафил ибадаттар аркылуу жакындоодон эч качан чарчабайт жана Аллахка жакын болуудан жана Анын ыраазычылыгынан башка эч нерсени үмүт кылбайт».


📗[«Латаиф ал-Маариф», 393-бет]

СҮННӨТ ЖОЛУ
https://t.me/sunnotjolu/1355

СҮННӨТ ЖОЛУ

27 Oct, 06:17


Ибн аль-Каййим (рахимахуллах) мындай деп айткан:

Ооруга каршы эң мыкты дарылардын бири - жакшылык жана кайрымдуулук иштерин кылуу, зикир айтуу, дуба кылуу, Аллахка жалбаруу жана тообо кылуу. Бул нерселер оору-сыркоону кетирүүдө жана айыгып кетүүдө дарылардан да чоң таасирин берет. Бирок мунун баары адамдын жүрөгү кандай деңгээлде даяр экенине, кабыл алуусуна жана бул иштердин пайдалуулугуна болгон ишенимине жараша болот”.

📒 «Зад аль-Маад», 4/132.

🖊Нурбек А.У.
https://t.me/sunnotjolu/1354

СҮННӨТ ЖОЛУ

18 Oct, 10:33


Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) жеткирген хадисте, Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваты болсун) мындай деген:

«Күндөрдүн эң улуусу - Жума күнү. Бул күнү Адам (алейхиссалам) жаратылган, ушул күнү ал бейишке киргизилген, жана ушул күнү ал бейиштен чыгарылган. Кыямат күнү да Жума күнү болот».

📖 Сахих Ибн Хузейма (1728)
✔️ Хадистин иснады жакшы деп бааланган.

🖊Нурбек А.У.

https://t.me/sunnotjolu/1353

СҮННӨТ ЖОЛУ

16 Oct, 08:15


Имам Суфьян ас-Саури (рахимахуллах) айткан:

“Эгерде жүрөккө керектүү деңгээлдеги ыйман кирсе, анда жүрөктөр бейишке болгон кусалык менен жана тозоктон коркуу менен учуп кетмек.”

📖 [Фатхул Бари, Ибн Ражаб: 1/15]

Сүннөт Жолу
https://t.me/sunnotjolu/1352

СҮННӨТ ЖОЛУ

11 Oct, 12:09


Анас ибн Маликтен (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат, Пайгамбар (саллаллоху алейхи ва саллам) айтты:

«Кимдин негизги максаты акырет болсо, Аллах анын жүрөгүн бай кылат, анын иштерин иретке келтирет, жана дүнүйө ал адамга кор болгон абалда келет. Ал эми кимдин максаты дүйнө болсо, Аллах кедейликти анын көз алдына коёт, анын иштерин чачыранды кылып жиберет, жана дүйнөдөн ага бөлүнгөн нерседен башка эч нерсе келбейт».
📚(Тирмизи риваяты).

Эгер адамдын максаты акыретке даярдануу жана Аллахтын ырайымына жетүү болсо, Аллах анын жүрөгүнө каниеттүүлүк берет, башкача айтканда, ал дайыма жүрөгү бейпил болуп жашайт. Жана Аллах анын иштерин оңойлотуп, бардык иштерин иретке келтирет. Мындай адам дүйнө байлыгын биринчи орунга койбосо да, дүйнөнүн жакшылыктары өзүнөн-өзү ага келип турат. Ал эми кимдин ою, тилеги жана аракеттери дүйнө менен гана байланыштуу болсо, Аллах анын оюна кедейликти салып койот. Байлыгы болсо да, ал дайыма кедей сыяктуу коркуп жүрөт. Анын иштеринде баш аламандык пайда болуп, ийгиликке жетүү кыйын болот. Дүйнө үчүн канчалык аракет кылбасын, Аллах ага бөлүп койгон нерседен ашык эч нерсе албайт.

✏️Нурбек Аширмухаммад уулу

https://t.me/sunnotjolu/1351

СҮННӨТ ЖОЛУ

10 Oct, 03:38


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан:

«Мен бейишке көз чаптырып карадым, андагы элдердин көпчүлүгү кедейлер экенин көрдүм. Ошондой эле, тозокко көз чаптырып карадым, андагы элдердин көбү аялдар экенин көрдүм». (Сахих Муслим, 2737)

Кедейлер: Бул жерде кедейликтин өзү бейишке кирүү үчүн өзүнчө бир артыкчылык эмес. Эгер кедей адам салих (туура жолдо жүргөн, ыймандуу) болбосо, анын кедейлигинин эч кандай артыкчылыгы жок. Негизги өзгөчөлүк - анын Аллахка болгон баш ийүүсүндө, сабырдуулугунда жана туура жүрүм-турумунда. Кедейлердин көбүнчө бейишке кирүүсү, алардын байлык сыноосу аз болгону жана сабырдуулук менен ибадаттарын аткаргандыгы менен байланыштуу.

Аялдар: Тозоктогу аялдардын көп болушу тууралуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир нече себептерди келтирген. Алардын ичинде, күйөөлөрүнө ыраазы болбоо, нааразычылык көрсөтүү, тилдерин туура эмес колдонуу жана башка динге терс сапаттар бар. Бул жерде жалпы аялдар жөнүндө эмес, айрым аялдардын бул кемчиликтерди көрсөткөн жүрүм-туруму жана динге каршылыктары жөнүндө сөз болуп жатат.

Бул хадис адамдарды, айрыкча аялдарды, өздөрүнүн жүрүм-турумун оңдоого жана Аллахка жакын болууга чакырат. Ошондой эле, адамдын материалдык абалы эмес, анын ыйманы жана амалдары негизги мааниге ээ экенин көрсөтөт.

🖊Нурбек Аширмухаммад уулу

Башкалар менен бөлүшүп соопторго шериктеш болуңуз!

https://t.me/sunnotjolu/1350

СҮННӨТ ЖОЛУ

09 Oct, 01:07


Акырет сапарына даярданбаган адамдын өкүндүрө турган аянычтуу тагдыры!!

Биз бул дүйнөгө Аллахтын буйругу менен келдик, жана кайра Ага кайтабыз. Бул дүйнө - убактылуу, сыноо аянтчасы гана. Бирок көпчүлүгүбүз муну унутуп, бул дүйнөнүн кооздугуна алданабыз, убактылуу ырахаттарга берилип, акырет үчүн даярдыгыбызды көрбөйбүз. Бул сапарга даярданбаган адамдын тагдыры канчалык өкүндүрөрүн ойлонуп көрөлү.

Сен алгач жаш элең, күчтүү, ден соолугуң жайында болчу. Жашоонун кыска экенин ойлоп да койгон жоксуң. Өлүм сага алыс сезилип, бул дүйнөнүн кумарларына берилдиң. Үй-бүлөң, жумушуң, досторуң менен алектенип, бир күн булардан түбөлүккө ажырай турганыңды унуттуң. Намазга чакырганда: «Кийин окуйм, убакыт бар» деп жүрдүң. Садака бер деп айтышканда: «Башкалар жардам берсин, менде мүмкүнчүлүк жок» деп актандың. Бул дүйнөнүн убактылуу экенин ойлоп, өлүм жөнүндө бир да жолу чындап ойлонгон жоксуң.

Бирок, бир күнү ал (өлүм) келгенде, өтө кеч болот. Өлүм - күтүүсүз, алдыга оозун ачып турган чындыктын бирөөсү. Адамдардын көксөгөн максаттары, топтогон байлыктары, жыйнаган даңктары, мунун баары таштандыдай калат. Маңдайына келген өлүм периштесин көргөндө гана сен чындап аңдап, артка кайта албасыңды түшүнөсүң.

Өлүм сааты жакындаганда, сенин бул дүйнөдө эмнелерге убара болуп, эмнелерди таштаганыңа өкүнгөнүңдү элестет. Ошол замат Аллахтын буйруктарын аткарбаганың, ыйман жолун унутканың көз алдыңа тартылат. Жаның денеңден бөлүнүп жатканда, сенин бардык нерсеңден ажырап жатканыңды түшүнөсүң. Жашооңдо топтогон мүлкүң, байлыгың, жадагалса үй-бүлөң да сага жардам бере албайт. Эң коркунучтуусу, сенин акыретке даярдыгың жок. Сен келечекке канчалаган кыялдар менен пландарды түзгөн элең, бирок ал келечек өлүмдүн эшигинен ары өтпөйт.

Төшөктө акыркы демиңди чыгарганда, жүрөгүңдө чоң өкүнүч пайда болот. «Эмне үчүн убактымды намазга бөлгөн жокмун? Эмне үчүн садака берип, жардам берүүнү унуттум? Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эмне амалдарды кылдым?» деген ойлор мээңде кайталанат. Бирок, сен үчүн кеч болот. Бул дүйнө менен бардык мүмкүнчүлүктөр бүттү.

Өлүмдөн соң, адамды кабыр күтүп турат. Сен жалгызсың, сени коштоп турган эч ким жок. Бир кезде сен эң кымбат көргөн мүлкүң, кызматтарың, досторуң таштап кетишти. Эми кабырда сен менен бирге болгон жалгыз нерсе - бул дүйнөдө кылган амалдарың. Эгер ал амалдарың жаман болсо, сенин кабырың тозоктун бир чуңкуруна айланат. Сенден суралган суроолорго жооп бере албай, капаланып, кыйналасың, өкүнөсүң. Бирок, сенин өкүнгөнүң эч нерсени өзгөртө албайт.

Ал эми акырет күнү келгенде, сен Аллахтын алдына барасың. Бардык адамзат ошол күнү чогулат, бардыгынын амалдары таразага тартылат. Сен бул дүйнөдө жыйнаган мал-мүлктөрдү таштап келдиң, эми таразага тартылчу нерсе - бул сенин ыйманың жана кылган сооп амалдарың. Аллахтан алыстап, бул дүйнөнүн убактылуу кубанычтарына алданып кеткен күндөрүңдү ойлоп кандай гана өкүнүчтөргө каласың. Бирок, көз жашың да, өкүнгөнүң да жардам бере албайт.

Бул дүйнө - убактылуу гана. Күндөрүбүз өтүп жатат, жана ар бир күн - бизге берилген мүмкүнчүлүк. Күндөрүбүздү текке кетирбестен, акыретти эстеп, Аллахка кайтып, амалдарыбызды оңдойлу. Себеби, бул дүйнөдө даярданбаган адамдын акыреттеги көз жашы - өмүр бою токтобой турган көз жаш болот. Өкүнүчтө кала турган адам болбойлу! Жашооңду бүгүн өзгөрт, өлүмгө жана акыретке даяр бол!

Аллах баарыбызга дин менен жашоону жеңилдетип, түбөлүктүү Бейишин берсин!

🖊Нурбек Аширмухаммад уулу

СҮННӨТ ЖОЛУ

08 Oct, 04:32


Аалымдардын асыл сөздөрүнөн:

Урматтуу мусулман бир тууган, үч нерсе жөнүндө ойлонбо:

1. Кедейлик жөнүндө ойлонбо: Бул сенин кайгы-капаңды көбөйтөт жана ач көздүгүңдү арттырат.

2. Сага зулумдук кылган адамдын зулумдугу жөнүндө ойлонбо: Бул сенин жүрөгүңдү катуулатып, өч алууңду күчөтөт жана ачууланууну көбөйтөт.

3. Бул дүйнөдө узак жашоо жөнүндө ойлонбо: Бул сага мал-мүлктү чогултууну сүйдүрөт, өмүрүңдү текке кетирип, салих амалдарды жасоону кечеңдетүүгө себеп болот.

🖊Нурбек Аширмухаммад уулу

СҮННӨТ ЖОЛУ
https://t.me/sunnotjolu/1348

СҮННӨТ ЖОЛУ

07 Oct, 15:25


Пайгамбар (саллаллоху алейхи ва саллам) айтты:

«Ким түндүн акыркы бөлүгүндө ойгоно албай калам деп корксо, витир намазын түндүн башында окусун. Ал эми кимде-ким түндүн акырында ойгоно алам деп үмүт кылса, витирди түндүн акыркы бөлүгүндө окусун. Анткени түндүн акыркы бөлүгүндөгү намазга периштелер күбө болушат, жана бул намаз эң жакшысы».

📚Сахих Муслим (№755)

🖊Нурбек А.У.
———————————

СҮННӨТ ЖОЛУ

05 Oct, 12:32


Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:

«Силердин ар бириңер, сөзсүз түрдө Аллах Таала менен сүйлөшөсүңөр, жана бул сүйлөшүүдө эч кандай ортомчу (котормочу) болбойт. Анан адам оң жагына карайт, ал жакта өзүнүн кылган иштеринен башка эч нерсени көрбөйт. Сол жагына караса да, ошол эле өзүнүн амалдарын гана көрөт. Ал эми алдына караса, ал жакта тозок отун гана көрөт. Ошондуктан, тозоктон сактанууга аракет кылгылы, жарым курма менен болсо да (садака берип) кутулгуула умтулгула. Эгерде садака кылууга эч нерсе таппасаңар, анда жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө».

📚 Бухари (7512), Муслим (1016).

✏️Бул хадис ар бир адамга акыретте Аллахтын алдында жооп берерин эскертет. Ал күндө адамдын оң жана сол жагында өзү кылган амалдары гана болот, эч кандай башка жардамчы же ортого түшкөн адам болбойт. Алдыга караса, тозок отун көрөт. Ошондуктан, адамдар тозоктон сактануу үчүн кичинекей болсо да жакшылык кылып, садака берип, сооп топтоого аракет кылуусу керек. Эгерде садака берүүгө эч нерсеси жок болсо, анда жакшы сөз айтып, жакшы мамиле кылуу менен да тозок отунан сактануу мүмкүн.

🖊Нурбек Аширмухаммад уулу

https://t.me/sunnotjolu/1345

СҮННӨТ ЖОЛУ

04 Oct, 04:00


Көз тийүү чындык

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Көз тийүү адамды мүрзөгө киргизет, төөнү казанга түшүрөт.».

Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:
«Эгер силердин бирөөңөргө өзүнүн же бир тууганынын кандайдыр бир нерсесин жагып калса, (ага көзү тийбеши үчүн дуба кылып), “Аллахым, ага береке бер” деп айтсын. Анткени, көз тийүү чындык».

“Ага береке тилесин”: Бул көз тийбеши үчүн дуба кылуу дегенди билдирет, башкача айтканда, Алладан ошол адамга же анын байлыгына береке сурап, дуба кылуу керек.

📚(Бухари, Муслим).

🖊Нурбек Аширмухаммад уулу

https://t.me/sunnotjolu/1344

СҮННӨТ ЖОЛУ

03 Oct, 01:07


Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

“Эй, аялдар жамааты, садака кылгыла, анткени мен силердин көпчүлүгүңөр тозок элдери экендигиңерди көрдүм.”

Аялдар сурашты: “Эмне себептен, о Алланын Элчиси?”

Ал айтты: “Себеби, силер каргышты көп айтасыңар жана күйөөңөрдүн жакшылыгын танасыңар (ыраазы болбойсуңар).”

📚(Сахих Бухари, Хадис № 1462)

🖊Нурбер А.У.

https://t.me/sunnotjolu/1343

СҮННӨТ ЖОЛУ

02 Oct, 06:15


Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айткан:

Аллахтын Элчиси (саллаллоху алейхи ва саллам) мындай деген: «Жакшы амалдарды аткарууга шашылгыла! Анткени, караңгы түндүн бөлүктөрү сыяктуу фитналар (сыноолор) келет: ошол күндөрдө адам эртең менен ыйманда болсо, кечинде каапырга айланат; же кечинде ыймандуу болсо, эртең менен каапыр болуп калат. Ал динин дүйнөнүн убактылуу пайдасына сатып жиберет».

(Муслим риваяты).

✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу

https://t.me/sunnotjolu/1342

СҮННӨТ ЖОЛУ

01 Oct, 01:27


Ибн Ражаб, рахимахуЛлах, айткан:

«Динди кармануудагы туруктуулукту жана бекемдикти пенде өз күчү менен кармай албайт. Ошондуктан, адам өзүнүн Раббисинен туруктуулукту жана бекемдикти ардайым сурашы керек. Канчалаган адамдар жакшылыктарды кылып жүрүп, Бейишке кирерине жакындап, кутулуунун жээгине жетейин деп турганда, напсинин толкундары аларды каптап, чөктүрүп кетет».

📓Мажму Расаил Ибн Ражаб (1/339).

Сүннөт Жолу
https://t.me/sunnotjolu/1341

СҮННӨТ ЖОЛУ

28 Sep, 06:10


Абдуллах ибн ‘Амр ибн аль-‘Ас (Аллах алардан ыраазы болсун) жеткирет: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи васаллам) айткан:
«Аллах шейиттин карыздан башка бардык күнөөлөрүн кечирет».

📗(Муслим риваяты)

Хадистин түшүндүрмөсү:

Карыздар адамдын адамдар менен болгон укуктук, акылык мамилелери болуп эсептелет. Ислам дини бул укуктарды толук аткарууга жана карыздарды кайтарып берүүгө чоң маани берет. Карыз алуучу адам өзүнүн жоопкерчилигин сезип, карызын кайтарып, башка адамдардын укуктарын, акыларын бузбоого тийиш.

Бул хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) шейит болгон адамдын бардык күнөөлөрү кечирилерин, бирок шейиттин артында төлөнбөгөн карызы калса, ал кечирилбей турганын баса белгилеген. Бул, адамдын башка адамдар алдында болгон карызы жана башка акыларын өлгөндөн кийин да жоопкерчиликте калаарын билдирет. Карыз адамдын дүйнөдө же акыретте кандай болбосун кайтарылышы шарт. Ошондуктан, мусулмандар карыз боюнча абайлап, жоопкерчиликсиз болбоого тийиш.

✏️Нурбек Аширмухаммад уулу

Сүннөт Жолу

СҮННӨТ ЖОЛУ

27 Sep, 08:58


Пайгамбар (саллаллоху алейхи ва саллам) мындай деп айтты: «Мага Аллах Тааланын Аршын көтөрүп турган периштелердин бири тууралуу айтууга уруксат берилди: анын кулагынын учунан ийинине чейинки аралык жети жүз жылдык жолду түзөт».

📚(Сахих аль-Жами’, 854)

Сүннөт Жолу
https://t.me/sunnotjolu/1339

СҮННӨТ ЖОЛУ

23 Sep, 04:02


💢 Анас ибн Маликтин (Аллах андан ыраазы болсун) айтуусу боюнча:

🌀 «Ал Пайгамбарга ﷺ арпа наны жана эски май алып барган. Пайгамбар ﷺ бир жолу Мединадагы яхудийге өзүнүн калканын күрөөгө коюп, үй-бүлөсүнө арпа алган эле. Мен аны мындай деп айтканын уктум: «Мухаммаддын ﷺ үйүндө бир да кесе буудай же башка дандар калбаган учурлар болгон, ал эми анын тогуз аялы бар эле».

📗/Сахих аль-Бухари (2069)

¤════¤۩۞۩¤════¤

Сүннөт Жолу
https://t.me/sunnotjolu/1338

СҮННӨТ ЖОЛУ

20 Sep, 14:49


Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«Албетте, Аллах Таала асмандарды жана жерди жаратуудан эки миң жыл мурун бир Китеп жазган. Ошол Китептен Аллах “Бакара” сүрөөсүнүн акыркы эки аятын түшүргөн. Бул эки аят окулган үйгө үч күнгө чейин шайтан жакындай албайт».

📚Булак: "Сахих ат-Таргиб" - Хадис номери: (1467)
——————

✏️Нурбек Аширмухаммад уулу

🔗 https://t.me/sunnotjolu/1337

СҮННӨТ ЖОЛУ

20 Sep, 01:02


Ибн аль-Каййим акыретке умтулган пенденин сыпаттары жөнүндө мындай деп айтат:

1. Ал бир өрөөндө, ал эми адамдар башка өрөөндө.

2. Ал кичи пейил, жүрөгү таза жана Аллахты эстегөөгө шашып турат.

3. Аллахтан башка бардык нерселерге жеңил карайт.

4. Аллахка жакындаткан нерселердин баарына ынтызар.

5. Ал бар нерсеге (чектен ашып) кубанбайт, жоголгон нерсеге өкүнбөйт.

6. Өзүнө тиешеси жок иштерге аралашпайт жана өзүнөн кемибеген нерсеге сараңдык кылбайт.

7. Анын сапаттары - чынчылдык, намыстуулук, башкаларды жогору коюу, кичи пейилдик, сабырдуулук жана токтоолук.

8. Ал эч кимди айыптабайт, талашпайт, доомат койбойт жана башкалардан өзүнө тиешелүү эч нерсени күтпөйт.

9. Ал өз иши менен алек, досторуна сый-урмат көрсөтөт, убактысын текке кетирбейт жана тилин сактоого аракеттенет.

📚 "طريق الهجرتين"

✏️ Нурбек А.У.
———————

Сүннөт жолу

https://t.me/sunnotjolu/1336

СҮННӨТ ЖОЛУ

17 Sep, 00:42


Жабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбар (ﷺ) мындай деген:

«Сүйүнгүлө! Чындыгында бул Куран - анын бир тарабы Аллахтын колунда, экинчи тарабы силердин колуңарда. Аны бекем кармагыла, анткени аны бекем кармасаңар, эч качан кыйроого кабылбайсыңар жана эч качан адашпайсыңар».

📚Сахих аль-Жамиъ (334)

✏️Ким Куранга бекем карманса, ал эч качан адашпайт. Курандан жана Пайгамбардын сүннөтүнөн алыстагандар гана туура жолдон адашат. Сүннөт - бул Курандын түшүндүрмөсү жана анын ажырагыс бөлүгү.
-----------------

Сүннөт Жолу
https://t.me/sunnotjolu/1335

СҮННӨТ ЖОЛУ

15 Sep, 16:10


Ибн аль-Каййим (Аллах аны ырайымына алсын) айткан:

«Эгер илим амалсыз пайда бергенде, Аллах Таала китеп ээлеринин (христиан жана жөөттөрдүн) аалымдарын сындабайт эле. Эгер амал ыклассыз пайда бергенде, Аллах мунафыктарды сындабайт эле».

📚«Аль-Фаваид 31»

Сүннөт Жолу
https://t.me/sunnotjolu/1334