*ПАЙГАМБАРДЫ ҮЛГҮ ТУТ!*
_1. АЯЛДАРЫ МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕСИ_
*КҮНДӨ АЯЛДАРЫ МЕНЕН ОЛТУРУУГА, АЛАРДЫН КӨҢҮЛДӨРҮН КӨТӨРҮҮГӨ УМТУЛАТ ЭЛЕ*
Ибн Аббас, радыяллаху анхума, мындай деп айткан:
*“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, багымдатты окугандан кийин намаз окуган жеринде кун чыкканга чейин олтурчу. Тегерегинде адамдар олтурушчу. Андан кийин ар бир аялына кирип, аларга салам айтып, аларга жакшылык тилечү. Андан кийин кайсы аялынын кезеги келген болсо, ошонукунда болот эле”.* (Табарани, 8764)
Демек, ар күнү аялдарына кирип, аларга салам берип, дуба кылып чыкчу экен.
Кечинде аялдарына кирип, муктаждыктарын сурап, алар менен баарлашып турат эле. Аиша, радыяллаху анха, мындай деген:
*“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, асырды окугандан кийин аялдарына кирип чыкчу жана (кирген аялына) жакындайт эле”.* (Бухари, 5236. Муслим, 1464)
*“Жакындайт эле”* деп өбүү сыяктуу кошулуудан башка жакындыкты айткан.
Ибн Хажар, рахимахуллах, айткан:
*“Эрте менен салам айтып, аларга дуба кылуу менен чектелген. Кечинде (асырдан кийин) олтуруп, жакындап, баарлашкан”.* (Фатх ал-Баари, 9/379)
Аиша, радыяллаху анха, мындай деп да айткан: *“Дээрлик, күндө баарыбызга кыдырып (кабар алып) турчу. Ар бир аялына кошулбастан жакындык кылат эле. Кезеги келген аялына жеткенде, ошол аялы менен түнөйт эле”.* (Абу Дауд, 2135)
*“Аялдарына жакын болуш үчүн, жүрөктөрүн кубантыш үчүн, кезеги келген аялына кеткенде башка аялдары жакшы маанайда калыш үчүн ушинтет эле”.* (Ал-Муфхим, 13/90)
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, аялдарын жумалап, айлап таштап койбой, күндө жолугуп турар эле.
Кээ бир адамдар күндө достору менен түнү бир маалга чейин олтурат. Күч-энергиясы калбаганда үйүнө кайтып барганда үй-бүлөсү уктаган болот. Өзү дагы төшөккө жыгылып, уктайт.
Кезеги келе элек аялына кирип аны менен олтуруу, аны өбүү, кармоо болооруна хадисте далил бар. Ошондой эле Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мыкты кулк-мүнөзүн жана ал үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылган инсан экендигин билдирет.
Ал эми түндөсү, кээде аялдары бирөөсүнүн үйүнө чогулушчу, Пайгамбар келип алар менен маектешчү, көңүлдөрүн көтөрчү. Анас, радыяллаху анху, айтат:
*“Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, тогуз аялы болгон. Аларга түндөрүн бөлгөндө баарына тең түн бөлгөндөн кийин гана биринчи түнүн бөлгөн аялына келет эле. Күндө аялдары кезеги келген аялыныкына чогулушчу”.* (Муслим, 1462)
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, жүмушу көптүгүнө, жүгүнүн оордугуна карабай, аялдары менен түндөсү маектешчү, көңүлдөрүн көтөрөтчү жана алардын кызыктуу сөздөрүн укчу.
Аиша, радыяллаху анха, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, Умму Зардын сөзүн айтып берген. Ал – он бир аял бири-бирине сөз берип келишишет, күйөөлөрү туурасында эч нерсени калтырбай айтып берүүгө. Ошентип ар бири күйөөлөрүн сыпаттап беришет. Күйөөсүн эң жакшы сыпаттап бергени, жакшылыктарын мыкты санап бергени Умму Зар болот.
Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн пикирин билдирип Аиша энебизге мындай деп айтат:
*“Сен менен болгон жашоом Абу Зардын (күйөөсү) Умму Зар менен болгон жашоосундай болду”.* (Бухари, 5189. Муслим, 2448) Мындайча айтканда, берешендикте, сүйүүдө, жакшы мамиледе сага Абу Зардай мамиле кылдым. Бирок Абу Зар ал аялына талак берген, мен сага талак бербеймин, мен ага караганда жакшырак мамиле кылам деген маани.
Ошондуктан, күйөө аялы менен сүйлөшүүгө убакыт бөлүүсү керек. Көп аялдар арызданышат, эркектер кечке иште болот, кечинде келип түн жарымга чейин телевизор же интернеттен бошобойт, аялы күтүп аткан болот. Андан кийин чарчап келип жансыз денедей болуп уктайт. Аялына көңүл бурбайт.
Бүгүнкү күндө кабар алып туруу үчүн соц тармактар аркылуу аялы менен дайыма байланышта болуп туруу мүмкүнчүлүгү бар, бир минуттан ашпашы мүмкүн, бирок бул аял үчүн чоң нерсе.
Мамашарип уулу Н.