ИсламЖолу @islamjolu Channel on Telegram

ИсламЖолу

@islamjolu


islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm

- Вотсапта -
🚹 мырзалар группасы:
https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe

🚺 айымдар группасы:
https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB

ИсламЖолу (Kyrgyz)

ИсламЖолу - бул түшүнүкчүлүкке үчүн ачылган официалдуу Телеграм канал. Ислам Жолу - жаңы баштоочуга. Мырзамендер менен байланышуу үчүн Watsapp дегенде - 🚹 мырзалар группасы: https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe, 🚺 айымдар группасы: https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB. Каналдагы мазмун жана жаңылыктардан кабар болгон жүзүндө көп жарыяланат.

ИсламЖолу

12 Jan, 09:10


Кантип Умра (кичи ажылык) аткарылат. Ыйык жерлерге зыярат кылуучунун колдонмосу.

Автор: https://t.me/bulislam

#умра

ИсламЖолу

03 Jan, 08:26


🌙 Ражаб айы кирип келди

1️⃣ Жаңы ай көргөндөгү дуа:

[Аллааhумма адхильhу 'аляйнаа биль-амни уаль-иимаан уас-саляямати уаль-исляям уа жиуаарин минаш-шайтоон уа ридуаанин минар-рохмаан] (Толугу менен 👉 https://t.me/islamjolu/3798)


2️⃣ Ражаб айы тууралуу
👉 https://t.me/islamjolu/3532
🌐 http://islamjolu.kg/2685-ражаб-айы-орозо-рагаиб-исра-мираж-түнү


3️⃣ Ражаб айында өзгөчө орозо кармалабы? 👉 https://t.me/islamjolu/3260


4️⃣ Рагаиб намазы деген барбы? 👉 https://www.facebook.com/islamjolu/posts/705135096262699


5️⃣ Исра-Мираж кечесин белгилөө барбы? 🌐 http://islamjolu.kg/1016-исра-жана-мираж-кечесин-тосуу


6️⃣ Ражаб айындагы мусулмандардын кээ бир каталары - Жума хутбасы (макала) 📝 https://t.me/sunnotko_bagyt/544


7️⃣ Исра-Мираж кечесин белгилөө Шариатта барбы? - Устаз Бакай Мамбетказиев
🔊 https://t.me/BakayUstaz/141
📺 https://youtu.be/NCsnk9PUQnQ


8️⃣ Ражаб айы тууралуу устаз Нурбек Абу Медина 👉 https://t.me/sunnotjolu/137


9️⃣ Фото https://t.me/islamjolu/4370


#Ражаб айы тууралуу макалалардын #топтому

📲 https://t.me/islamjolu/4032

ИсламЖолу

26 Dec, 07:24


#ЖАҢЫ_ЖЫЛ МАЙРАМЫНА ТИЕШЕЛҮҮ МАКАЛАЛАР #ТОПТОМУ

🎄 https://t.me/islamjolu/4324
Жаңы жылды майрамдаса болобу? - Шейх Солих аль-Фаузан

https://t.me/islamjolu/1255
🍸🍾 Арам аралашкан тойлорго катышуу - Шейх Ибн аль-'Усеймин

https://t.me/islamjolu/3476
🎉🎄 Жаңы Жылдык отуруштарга баруу болобу? - Шейх Абдурразак аль-Бадр

https://t.me/islamjolu/3955
💥 Кристмас (Рождество Христово) - "Аллахтын баласы" төрөлгөн күн - эң чоң күнөө!

https://t.me/BakayUstaz/481
Эмне үчүн мусулман Жаңы Жыл майрамдабайт? - устаз Бакай Мамбетказиев (ютуб, аудио)

📝 https://t.me/islamjolu/4323
Жаңы жылда канча күнөө бар? - макала далилдер менен.

♋️ 🚫 https://t.co/Sv7HSsDZlr
Жолборс жылы... Тоок жылы... Уй жылы... Гороскоп, Астрология тууралуу

🔥 https://t.me/islamjolu/3474
"Эмнесин майрамдайсың?" - ойлондурчу макала.

___
📲 https://t.me/islamjolu/4326

ИсламЖолу

23 Dec, 12:23


💰 Мурабаха деген эмне жана ал жол менен банк ж.б.у.с. жерлерден соода кылса болобу?

Мурабаха – сатуучу товарды канчага алганын, ага канча кошуп жатканын ачык айтып, бөлүп төлөө (рассрочка) жолу менен соода кылуу.

Мурабахада ҮЧ тарап катышат:
1️⃣ акчасы жок,
2️⃣ акчасы бар,
3️⃣ товары бар тарап.

Акчасы жок акчасы барга келип товар алып берүүсүн сурайт. Акчасы бар товарды сатып алып, аны кайра акчасы жок тарапка үстүнө өзүнүн баасын кошуп рассрочкага сатат.

Шарттары:

Мурабахада эки соода жүрүп жатат: товарды сатып алуу жана товарды кайра сатуу. Экөө бири-бирине байланбоосу, б.а. эркин жана өз алдынча жүрүүсү керек.

② Эки соода эркин жүрөт экенинин белгиси – акчасы жок тарап соодасынан баш тартуу укугуна ээ болгону: акчасы бар тарап товарды сатып алган соң, аны заказ берген акчасы жок тарапка сунуштаганда, андан баш тартып койсо – аны аласың деп мажбурлай албайт.

③ Эки соода өз алдынча жүрөт экенинин белгиси – акчасы бар тарап товарды сатып алганда өзүнүн менчиги катары каттайт: кыймылсыз мүлк болсо бардык документтерин өзүнө алат, квартира болсо толук бошотот ж.б.; кыймылдуу мүлк болсо өзүнүн складына, кампасына же сата турган жерине алып келип коёт. Кийин акчасы жокко сатканда анын менчигине өткөзүп берет.
📎 Мунун пайдасы акчасы жок тарап рассрочканы убагында төлөй албай жатканда көрүнөт. Ага товар алып берген тарап, андан акчасын доолайт, товарды кайтарып бер деп эмес. Себеби ал товардын баасын (акча) карыз болот, товардын өзүн эмес.

Пеня жок. Рассрочка белгилүү мөөнөткө берилет. Төлөй албай калса, аны талап кылууга акчасы бар тараптын укуга бар. Бирок товардын баасы карыз деп эсептелет. Ошондуктан аны төлөй албай жатса ага пеня жазуу болбойт. Же күтөт же казы-сотко кайрылуу аркылуу чечет.

Мурабаха – уруксат этилген адал соода, эгер шарттары аткарылып, туура жүргүзүлсө.


Мурабаханын эрежелери бузулуп, арам соодага айланган учурлардын мисалдары:

❶ Эки сооданын бири-бирине байланып калуусу.

❷ Анын белгиси – акчасы бар тарап товарды сатып алуудан мурун акчасы жок тарап менен келишим түзүп, менден сөзсүз ушул товарды сатып аласың деп макулдашып коёт. Акчасы бар товарды сатып алганда, аны заказ берген тарап аны алууга мажбур.
Андан тышкары мындай келишим – соода жүрдү дегенди билдирет (عقد لازم). Ал эми Пайгамбар ﷺ адам өзүндө жок товарды сатуудан тыйган, б.а. алгач келишимди бекитип соодага кол алышып, анан башка жерден товарды сатып алып келип клиентке сатууну.

❸ Акчасы бар тарап товарды өзүнүн менчигине өткөзбөстөн дароо заказ берген тараптын атына каттоосу. Эмнеге арам? Бул кадимки эле банктан кредит алып, ага буюм сатып алып, кийин ай сайын банкка проценти менен акчасын кайтарууга эле окшош (потребительский кредит). Эч айырма жок. Болгону бул жерде банк акчаны сиздин колуңузга бербестен, товар алчу жерге которуп койду. Калганы ошондой эле.
⚠️Эскертүү! Кээ бир соода борборлору банкка сатылган товарды банкка өткөзбөстөн же товардын акчасын толук албастан “бул товар банкка тиешелүү, биз жөн гана аны өкүл (вакиль) катары сатып жатабыз”, - деп айтышат. Чындыгында банк аны алдын ала сатып алган эмес, ал дагы деле дүкөндүн өзүнүн менчиги. Мындай схема Шариатка карата айла амал кылуу экени көрүнүп турат! Мындай нерсе сүткорлук деп эсептелет!

❹ Пеня жазуу. Убагынан өтүп кетсе ар бир айга пеня жазылып, ал көбөюп турат. Кээ бир банктар бул үстөкө-босток түшкөн пайданы кайрымдуулук жакка жумшайбыз дешет, бирөөлөргө садака жардам катары.

ИсламЖолу

23 Dec, 12:23


Эмнеге арам? Себеби:
1) Карыздан үстөккө-босток пайда түшсө – бул риба деп эсептелет. Рибанын бардык түрү арам. Адам аны өзү пайдаланабы же бирөөгө береби, карыздын үстүнө кошумча пайда көрсө – бул арам деп эсептелет.
2) Аны садакага жумшаган күндө да рибанын күнөөсү аны менен тазаланып калбайт.
3) Садака ыктыярдуу, Аллах үчүн кылынган ибадат. Рассрочканы төлөй албай жаткан кишини “пеня бер, аны биз садака кылабыз” деп мажбурлоо болбойт. Ал бергиси келсе өзү каалаган жакка, каалаган өлчөмдө бере берет, банкка байланбастан.
4) Муктаж адамдарга беребиз дешет, балким клиент өзү биринчи муктаждыр (убагында рассрочкасын төлөй албай жатканына караганда). Анда пеня албай эле коюшпайбы!

#фикх #муамалат #соода #мурабаха

📲 https://t.me/islamjolu/5035

🌐 https://islamjolu.kg/3779-мурабаха-деген-эмне-адал-мурабаха-мен

ИсламЖолу

18 Dec, 04:27


https://youtu.be/fxL4EGO9PgI?si=cpm4tQrywMTxmJUD

ИсламЖолу

17 Dec, 03:41


📱 эл.телефондун үнү

ИсламЖолу

17 Dec, 03:41


будильник

ИсламЖолу

17 Dec, 03:40


🚫🎵🚫 Музыка арам

Пайгамбар ﷺ музыка чыкканда кулагын жаздык менен басып алган.
Акыр Кыяматка жакын музыкалык аспаптарды адал деген коом чыгат, алар тоонун астында отурганда таш басып өлүшөт деген.

Бирөөлөргө эскертип койсок болот. Бирок өчүрбөй жатса өзүбүздүн кулакты басып алып укпай коебуз.

Телефондун жана будильниктин үнү музыка эмес, башка болгону жакшы. М: жаратылыш же 👇

ИсламЖолу

14 Dec, 10:17


Ислам дини терроризмге каршы

Семинар

18-дек. 14:30

Dostuk
https://2gis.kg/bishkek/geo/70000001019364884/74.618084,42.881186

Кирүү акысыз

#терроризм

ИсламЖолу

12 Dec, 03:01


https://youtu.be/yI5M7dGX1n8?si=yN3qOVDyU4j3Gn68

Кыдыр колдосун деп айтуу тууралуу

ИсламЖолу

10 Dec, 11:05


https://youtu.be/Gj8h-srHVyg?si=ikW_Sjd1GgATUktJ

ИсламЖолу

10 Dec, 09:38


🇸🇾 КАБАР. 8-декабрда Сириянын оппозиция күчтөрү борбор шаар Дамасска кирип, бийликти алмаштырышты. Учурдагы президент Башар Асад өлкөдөн качып чыкты.

Оппозициянын эки жумадан бери уланып келе жаткан Асаддын күчтөрүнө карата куралдуу тирешүүсү, алгач Алеппо, Хама, Хомс сыяктуу чоң шаарларды алуусу менен башталып, аягы өлкөнүн диктатору Башар Асаддын кетиши менен аяктады. Натыйжада 25 жылдан бери өлкөнү титиретип кармап келген режим урады, түрмөдөн миңдеген кишилер эркиндикке чыгышты, көчөдө элдер сүйүнүп, бири-бирин куттуктап жатышты.

💣 2011-ж. “Араб жазы” толкунунун артынан, Сирияда да революция чыгып, ал граждандык согушка айланган. Он жылга созулган бул согушта миллиондон ашык жаран жабыр тартып, өлгөнү өлүп, майып болушуп, чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушкан.

Эми, бул бийлик төңкөрүшүн Сириянын эли чоң майрам катары кабыл кылууда. Элдер майдандарга топтолуп, тирандын кетишин майрамдап жатышат.

📌 Майрамдан кийин...

1) Азыркы бийликтин кетишине сырткы күчтөрдөн (чоң мамлекеттерден) ким кызыктар (же ким жардам берди)? Белгилүү болгондой сириялык режимди Орусия жана Иран колдоп келген. Эми...

2) Азыркы бийликти кетирген оппозициялык күчтөрдү Абу Мухаммад аль-Жуланий аттуу киши жетектөөдө. Ал “Хаят Тахрир аш-Шам” тобуна тийешелүү. Белгилүү болгондой аль-Жуланий убагында “аль-Каида” террористтик топтун мүчөсү болгон, такфир идеологиясын колдогон.

3) 2011-ж. Сирияда граждандык согуштун артынан ИГИЛ террористтик тобу пайда болуп, дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды “Шам жерине Халифат тикелөөгө” чакырып ураан салган. Миңдеген кишилер, анын ичинде кыргызстандыктардын канчасы да бул азгырыкка алданып, ал жакка барып алышып – кээ бирлери үй-бүлөлөрү менен – эч натыйжа чыкпай, түрмөлөргө камалып, өлтүрүлүп, аялдары жесир, балдары жетим калып, аягында 🇰🇬 Кыргызстандын бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып канчасын кайра өлкөбүзгө алып келген.

4) Эми Сириядагы расмий бийликке такфирий радикалдык күчтөр келген соң, ошол сценарий кайталанбайбы Кепилдик жок.

Диктатордук режим ураган соң Сириянын алдында өнүгүп кетүүгө чоң мүмкүнчүлүк турат. Биз да сириялыктар менен кошо сүйүнүп, Аллахтан бул элге жана жерге ийгилик берүүсүн тилейбиз 🤲

📛 Ошону менен бирге булардын алдында чоң коркунуч турат: куралдуу ар кыл радикалдык топтордун көптүгү, алардын азыртадан Интернетке чыгара баштаган экстремисттик ойлору – булардын багытын кабарлап, кабатыр кылууда.

#сирия #игил #аль_каида #терроризм #бийликке_каршы_чыгуу

🌐 https://islamjolu.kg/3768-сирияда-бийлик-алмашты-жаңы-бийлик-ки

📲 https://t.me/islamjolu/5023

ИсламЖолу

09 Dec, 08:48


Азыр Ислам Банкы деген банктар барбы?
❗️ Бар деп айтышат, бирок бүгүнкү күнгө чейин операциялары Шариатка туура келген бир дагы банк көрө элекпиз. Бишкекте болсун, башка жерде болсун. Сыртында аты эле Ислам болбосо, изилдей келсең, ичи кадимки эле банк болуп чыга келет. Ал эми атты ким каалагандай коё берет эмеспи.

#турмуш #банк

📲 https://t.me/islamjolu/5022

ИсламЖолу

08 Dec, 02:22


ИсламЖолу pinned an audio file

ИсламЖолу

08 Dec, 02:04


⚡️ Ыйман - бул жүрөктөгү ишеним жана денедеги амал. Амалсыз ыйман болбойт.

"Эң негизгиси жүрөк менен ишенүү" деп кээ бирлер айтышат.

Дагы "Ыйман жүрөктө" дешет.

Эгер чынында жүрөгүндө ыйман болгондо, ал денесинде амал болуп көрүнмөк.

⚠️ Жүрөктө канча пайыз ыйман болсо, денеде ошончо пайыз амал болот.

Ошондуктан айтылат: амалы жоктун ыйманы жок. Бул нерсеге биринчилерден болуп намаз кирет.

Аллах Таала айтты:

﴿وَأَقِيمُوا الصَّلاةَ وَلا تَكُونُوا مِنَ الْمُشْرِكِينَ﴾

"Намазды окугула жана мушриктерден болбогула" (Рум 30:31)

Пайгамбар ﷺ айтты:

بيْنَ الرَّجُلِ وبيْنَ الشِّرْكِ والْكُفْرِ تَرْكَ الصَّلاةِ

"Адам менен куфрдун - жана ширктин - ортосунда намазды окубоо турат". (Муслим: 82)

#ыйман #намаз

https://t.me/islamjolu/5020

ИсламЖолу

03 Dec, 08:43


🔴 "Акча топтоюн, анан үйлөнөм", - деп айтыш. Бул "Намаз окуп бүтүп, анан даарат алам", - деген сөзгө окшош, б.а. тескери иш.
Аллах Куранда: үйлөнгүлө, кедей болсоңор Аллах силерди байытат (24:32), - деп ак никенин артынан байлык убада кылып жатат.
Демек, байыймын десең, алгач үйлөнүүдөн башта 😏

#турмуш #нике #байлык

📲 https://t.me/islamjolu/5019

ИсламЖолу

27 Nov, 14:21


Live stream finished (25 minutes)

ИсламЖолу

27 Nov, 13:56


Live stream started

ИсламЖолу

19 Nov, 09:02


Шейх Сулайман ар-Рухейли ханзада Мухаммед Сальмандын Палестина тууралуу акыркы сөздөрүнө комментарий жасап айтты:

Үммөттүн бардык көйгөйлөрү, өзгөчө Палестина маселеси боюнча акылмандыкка жана күчкө толгон алтын сөздөр. Ал сөздөрдү чечкиндүүлүк жана олуттуулук менен Улуу Урматтуу ханзада Мухаммед ибн Сальман ибн Абдулазиз (Аллах аны сактасын) айтты. Үммөткө жакшылык каалаган ар бир инсан бул сөздөргө сүйүнөт, даанышмандыкты кадырлайт, анын ичинде кандай ары пайдалуу, ары чечкиндүү кабар бар экенин түшүнөт.

Бул сөздөрдөн Ихван Муфлисун (Ихван Муслимун) жана аларды ээрчигендер баш тартышты. Алар өздөрүнүн абалына туура келгенин көчүрүшүп, үммөттүн көйгөйлөрүн колдогон чынчыл адамдар тууралуу жалаа-ушак таркатышты. Бирок мунун менен өзүлөрүнө гана зыян кылууда, өзүлөрүнүн гана абройлорун булгоодо.

14/11/2024

Булак: Шейхтин расмий Твиттер аккаунту

🌐 https://islamjolu.kg/3764-ханзада-палестина-тууралуу-алтын-сөз

#палестина_көйгөйү #фетва_рухейли #мухаммад_сальман

📲 https://t.me/islamjolu/5015

ИсламЖолу

18 Nov, 12:45


🇸🇦 КАБАР. Президент Садыр Жапаров Эр-Риядда өткөн Ислам Кызматташтыгы Уюмунун кезексиз чогулушунда катышып, палестиналыктарга жардам берүүгө чакырды.

Өлкө башчысы өз сөзүндө бул нерселерди баса белгилеп кетти:

• Кыш келе жаткандыгына байланыштуу Израиль өкмөтүнөн Газа тилкесине гумжардам жеткирүү үчүн чек арадагы өтүүчү жайларды ачууну талап кылуу керек;
• Бир жыл мурун ушул саммитке келгендер Палестина элине карата болуп жаткан зордук-зомбулуктун токтоосун талап кылышкан эле, бирок, тилекке каршы, абал өзгөрбөй, согуштук аракеттер Жакынкы Чыгышка этек жайып келүүдө;
• Кыргызстан эли эбегейсиз жоготууга дуушар болгон палестиналыктар менен ливандыктардын кайгысын тең бөлүшөт;
• БУУнун Коопсуздук кеңеши жана Башкы ассамблеясы эл аралык коомчулуктун атынан зордук-зомбулукту токтотуу жана чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүшү керек.

#палестина_көйгөйү #садыр_жапаров #сауд_аравиясы
#араб_ислам_саммити


📲 https://t.me/islamjolu/5014

https://islamjolu.kg/3758-садыр-жапаров-палестинаны-колдоо-кер

ИсламЖолу

18 Nov, 09:51


🇸🇦 КАБАР. 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында Ислам Кызматташтыгы Уюмунун кезексиз чогулушу болуп өттү. Бул жогорку деңгээлдеги саммитке 50 араб жана мусулман өлкөлөрү катышып, Сектор Газада болуп жаткан кырдаалга карата бирдиктүү позицияны билдирүүнү көздөдү. Катышуучулар Палестина жана Ливанда Израиль тараптан болуп жаткан душмандык токтосун деген бир пикирди айтышты.

Бул саммит былтыр да, согуш башталганда, чогулган. Азыркы чогулуш анын уландысы.

Саммитти Сауд падышасынын атынан, орунбасар ханзада Мухаммед ибн Сальман ачты. Өзүнүн сөзүндө ал бул пункттарды белгиледи:

• Сауд Аравиясы Палестина жана Ливан элдерин колдойт;
• Израиль мыйзамсыз Палестина жерлерин окупациялаганын токтотсун;
• Бириккен Улуттар Уюмунун Агенттиги Палестинага гум.жардамдын кирүүсүнө бөгөт коюп жатат, өлкөдө гумманитардык кризис күч алууда;
• Эл аралалык коомчулук тынчтыкты сактоого макулдашууларын аткарып, Израилди куралдуу агрессиясын токтотууга көндүрсүн;
• Израиль мусулман боордош Палестина элин геноцид кылуусун токтотсун;
• Израиль мусулман боордош Ливан мамлекетине кол салуусун токтотсун;
• Саудия Палестина боюнча ар дайым айтып кеткен позициясын тастыктайт: Борбор шаары Батыш Иерусалимде жайгашкан, 1967-жылдын чек арасында Палестина өз алдынча мамлекет болуп түзүлсүн;
• Бардык араб жана мусулман өлкөлөрү региондо тынчтыкты сактоо үчүн мындан ары кызматташуусун уланта беришсин.

Ханзаданын сөздөрүнүн толук тексти бул жерде (орус тилинде)

Бир жылдан ашуун уланып келе жаткан бул Палестина-Израиль конфликтинде 43,5 миңден ашуун палестиналык өлүп, 102 миңден ашууну жарадар болду. Миллионго жакын жаран өлкөсүн таштап качууга туура келди.

#палестина_көйгөйү #араб_ислам_саммити #мухаммад_сальман #сауд_аравиясы

https://t.me/islamjolu/5012

https://islamjolu.kg/3754-ханзада-мухаммед-сальман-биз-палести

ИсламЖолу

18 Nov, 09:07


Палестинадагы мусулмандарды
дуаңыздарда дайыма
унутпаңыздар

#палестина #газа #дуа

ИсламЖолу

13 Nov, 15:09


Live stream finished (55 minutes)

ИсламЖолу

13 Nov, 14:14


Live stream started

ИсламЖолу

13 Nov, 09:06


🎙 Онлайн дарс 📣

Үй-бүлөгө тийиштүү насааттар

№78 - сабак

Тема: "Тооба кылгым келет, а бирок... (Тообага жардам берчү себептер)"

Среда, 13-ноя. Саат 20:15❗️
(Бишкек убактысы менен)

Устаз: Бакай Мамбетказиев

✉️ Сабакка тиешелүү суроолорду түз эфирде же бул жерден (@surooberuu_bot) алдын ала берсеңиз болот

🚀 Сабак онлайн 👇 бул жерде өтмөкчү
https://t.me/islamjolu

ИсламЖолу

12 Nov, 05:59


Жакшы бидаат деген барбы?
❗️ Антип айтпаган жакшы. Себеби:
➡️ Ошол жакшы же жаман экенин ким бизге айтат - бирөө жакшы десе экинчиси жаман дейт;
➡️ Хадисте АР БИР бидаат адашуу деп келди;
➡️ Жакшы бидаат дегенге келтирип жатышкан далилдердин баары бидаат эмес, сүннөттө бар нерселер, бидаат дегенге кажет жок.

📲 https://t.me/islamjolu/5007

ИсламЖолу

11 Nov, 09:40


Жакшы бидаат жана жаман бидаат деп бөлүү туурабы? – Муфтий Шейх Ибн Баз

🌐 https://islamjolu.kg/?p=3487

СУРОО. Жакшы бидаат жана жаман бидаат тууралуу узун суроосу бар экен. Айтат: “Жакшы жана жаман бидааттар деген барбы? Кээ бир бидааттар динге зыяны жок деген чынбы? Мазхаб ээлери бидаат тууралуу эмне деп айтышат? Кай бир аалымдар кээ бир бидаатты уруксат берген деген туурабы? Себеби биз бир киши менен сүйлөшүп, анын кылып жаткан иши бидаат экендигин ага жеткизели деп «Ар бир бидаат адашуу» десек, «Мунун динге зыяны жок, кыла берсе болот», — деп жооп берип койду. Сөз намаздан кийин имам жамаат менен чогу дуа кылуу тууралуу болуп жатат. Эгер аны кылбай койсо, адамдар аны урушат экен. Мындан тышкары дагы көптөгөн бидааттарды айтпай эле койгондо. Ушул маселени бизге кененирээк түшүндүрүп берсеңиз. Аллах сизден ыраазы болсун жана өз ишиңизди ийгиликтүү аткарууга жардам берсин. Ас-салам алейкум ва рахматуллахи ва баракатух”.

❗️ ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Ибн Баз (Аллахтын ага ырайымы болсун) айтты:

Бидааттын баары адашуу, анын жакшысы болбойт. Пайгамбар ﷺ айткандай: «Ар бир бидаат адашуу» (Абу Дауд: 4607; Ибн Мажа: 42. Сахих хадис). Бул улуу сөз. Бул чоң эреже. Бардык бидаат адашуу.

Бидаат – деп Аллах уруксат бербеген, адамдар динге жаңылык кылып киргизип салган нерселер айтылат. Бидааттын мисалдары:

- эки сажда ортосунда колду көтөрүү;
- намаздын аягында же саламдан кийин колду көтөрүү;
- мавлид кечелерин өткөзүү;
- мүрзөлөрдүн үстүнө күмбөздөрдү куруу;
- мүрзөлөрдүн үстүнө мечиттерди куруу;
- ж.б. Аллах уруксат бербеген нерселер.

⚠️ Демек эреже: адамдар динге киргизип, аны “кулчулук”, “сооп иш”, “ибадат” деп атаган, бирок анын динде негизи жана далили болбогон ар бир жаңылык – бидаат деп аталат.

Адамдар “жакшы бидаат” деп атап, бирок чындыгында бидаат эмес болгон нерселер бар. Мисалы:

- Мечиттерди цемент менен куруу.
- Медреселер.
- Жакыр адамдар баш калкалай турган жерлер (рибат).
- ж.б.

Цемент жаңы нерсе, бирок ал диндеги бидаат деп эсептелбейт. Себеби Пайгамбар ﷺ мечиттерди курууга буюрган, мейли ылай, кирпич, таш, жыгач менен болобу же цемент менен болобу. Бул нерселер бидаат эмес.

Ал эми тил жагынан бул нерселерди бидаат деп адамдар аташы мүмкүн (بدعة – “бидъа” араб тилинде “жаңы нерсе” дегенди билгизет). Ага чейин андай нерсе болбогон жаңылык деген мааниде. Пайгамбар ﷺ илим таркатууну, мечиттерди курууну ж.б. адамдарга пайда берчү нерселерди буюрган. Мечиттерди цемент менен курушсун, медресе салышсын, муктаждарга, мухажирлерге үй куруп беришсин – мунун баары Шариатта уруксат. Алар бидаат деп аталбайт. Себеби мусулмандарга жакшылык кылууну Аллах Таала Өзү буюрган. Мусулмандарга пайда берүү, кедей-кембагалдарга жакшылык кылуу, нааданды үйрөтүү – мейли ал мечитте болсун же медреседе болсун – мунун баары бидаат эмес. Пайгамбар ﷺ эскертип, кайтарып кеткен бидаат бул эмес.

Булар лексикология жагынан “бидаат” деп аталышы мүмкүн. М: Умар (радияЛлаху анху) адамдарды бир имамдын артынан чогу таравих окууну түзүп, “кандай гана жакшы бидаат” деп атаган сыяктуу. Алгач Пайгамбардын ﷺ доорунда адамдар кичине жамааттар болуп, өз өзүнчө таравих окуп келишкен. Анан Пайгамбар ﷺ баарын бир жамаатка чогултуп, алар менен таравих окуйт. Бирок, үч күндөн кийин, «Бул түнкү намаз (таравих) силерге парз болуп калабы деп корком», — деп анысын таштайт. Аны жамаат менен бирге окуусун токтотуп койгонунун себеби – (адамдар көп чогула бергендиктен) Аллах бул намазды үммөткө парз кылып коёбу деп чочулаганы. Кийин (Пайгамбар ﷺ өлүп, парз болуп калуу коркунучу кеткен соң) Умар кайрадан адамдарды бир имамдын артынан чогултуп, “бул кандай гана жакшы бидаат” деп айтты. Араб тилинде жаңы нерсе бидаат делет. Албетте, динде ал бидаат эмес, тескерисинче, таравих намазы сүннөт, аны Пайгамбарыбыз ﷺ өзү окуган жана үммөтүн окууга кызыктырган.

ИсламЖолу

11 Nov, 09:40


Ошондой эле илим окутууга арналган медресе, институт, куран жаттатуу мектептери ж.б. жерлер. Ар ким аларды ар кандай аташы мүмкүн. Айтыла турган нерсе, адамдарды илимге кызыктыруу жана окутуу үчүн, таалим аспаптары менен жабдыкталган бөлмөлөргө чогултуу – бул бидаат эмес. Тескерисинче бул жакшылык жана такыбалык иштеринде кызматташууга кирет. Мусулмандарга бул пайда берет.

Пайгамбардын ﷺ башка хадисинде «Ким Исламда жакшы сүннөт (сунна хасана) баштаса – ага анын сообу жазылат жана андан кийинки аны аткаргандардын сообу жазылат, алардын сообунан эч нерсе кемибестен» (Муслим: 1017), — делет. Бул жерде “сунна хасана” (жакшы сүннөт) деген сөздүн мааниси – жакшы адат, б.а. Исламдагы бар эле сүннөттү ачыкка чыгарса, адамдар кылбай же билбей жаткан ибадатты үйрөтүп, аны ачыкка чыгаруу. Ким адамдарга ошол сүннөттү чыгарып, аны үйрөтүп кетсе, баштап кетсе – сүннөттү тирилткен үчүн ага чоң ажр-сыйлык бар.

“Жакшы сүннөт” дегендин мааниси – динге Аллах уруксат бербеген жаңылык бидаат киргизүү дегендик эмес! Динге жаңылык киргизүү туура эмес экендигин Аллах Куранда баяндап: «Же Аллах уруксат бербеген нерсени, алар үчүн динде шариат кылып түзүп берчү өзүнүн шериктери барбы?!» (Куран, аш-Шуураа 42:21), — деген. Пайгамбар ﷺ болсо: «Ким биздин ишибизге (динибизге) анда жок нерсени киргизген болсо – ал кайтарылат (кабыл болбойт)!», — деген. Жаңылык киргизүү күнөө иш.

Ал эми адамдар билбей жүргөн сүннөттү чыгарып, адамдарга аны үйрөтүү – бул сүннөт. «Ким Исламда жакшы сүннөт баштаса …» дегендин мааниси ушул.

Бул хадистин тарыхы да ушул нерсеге далил. Пайгамбар ﷺ бир күнү адамдарды садака берүүгө үндөйт. Ошондо (биринчилерден болуп) бир адам, эптеп көтөрө алгандай, (чоң) бир кап алып келип, Пайгамбардын ﷺ алдына коёт. Аны көргөн башка адамдар шыктанып, алар да четинен садакаларын алып келе башташат. Ошондо Пайгамбар ﷺ «Ким Исламда жакшы сүннөт баштаса …», — деп айтат, б.а. садаканы баштап берди, башкалар аны туурап садака бере башташты. Ооба.

🌐 Булак: https://binbaz.org.sa/fatwas/13395/هل-توجد-بدعة-حسنة


🌐 http://islamjolu.kg/3487-жакшы-бидаат


#фетва_ибн_баз #манхаж #бидаат

📲 https://t.me/islamjolu/4062

ИсламЖолу

07 Nov, 04:38


https://youtu.be/bBLbJVzo1u8?feature=shared

ИсламЖолу

01 Nov, 08:17


Исламжолунун Вотсаптагы каналы

https://whatsapp.com/channel/0029VaCCq7gEKyZQdhxdIz14

ИсламЖолу

31 Oct, 14:40


Live stream finished (29 minutes)

ИсламЖолу

31 Oct, 14:11


Live stream started

ИсламЖолу

30 Oct, 05:18


🎙 Онлайн дарс 📣

Үй-бүлөгө тийиштүү насааттар

№77 - сабак

Тема: "Чондоруна шылтап (алар жооп берет) деп катасын таштабагандар тууралуу"

Среда, 30-окт. Саат 20:10❗️
(Бишкек убактысы менен)

Устаз: Бакай Мамбетказиев

✉️ Сабакка тиешелүү суроолорду түз эфирде же бул жерден (@surooberuu_bot) алдын ала берсеңиз болот

🚀 Сабак онлайн 👇 бул жерде өтмөкчү
https://t.me/islamjolu

ИсламЖолу

30 Oct, 04:05


"Бул Аллахтын жаратканы. Эми Андан башкалар эмне жаратыптыр, мага көрсөткүлөчү!" (Куран 31:11)

https://t.me/islamjolu/4998

ИсламЖолу

21 Oct, 09:51


Хадисте "Ар бир мусулманга илим алуу парз", - деп келет. Ал үчүн медреседе окуш шартпы?

❗️ Шарт эмес. Илимдин жолдору көп:

1️⃣ Туура акыйдадагы аалымдын же шакиртинин апталык сабагына катышуу;
2️⃣ Же аудиосабагын угуу;
3️⃣ Үйдө диний китептерди окуу же окуу үчүн башкалар менен чогулуу (кайсыл китептерден баштайлы деп илим ээлери менен кеңешкен соң)
ж.б.

#турмуш #илим

📲 https://t.me/islamjolu/4997

ИсламЖолу

20 Oct, 07:04


КАРА ЗИРЕ  (ар. الحبة السوداء,  сейдана, черный тминь)

   Хадисте Пайгамбар ﷺ айтты: "Кара зиреде өлүмдөн башка бардык ооруларга шыпаа бар" 📖 (Бухари: 5688; Муслим: 2215).

Кара зирени табыпчылыкка кантип колдонуу керек:

⚫️ Данын оозго салып чайноо;

🫙 Порошок кылып ичүү (❗️көңүл буруңуз: майдаланган дан көпкө сакталбайт, эфир майлары учуп кетип дарылык касиети азайып калат;  ошондуктан майдалаар менен 2-3 күнгө калтырбай колдонгонуңуз жакшы);

☕️🫖 Кадимки чай сыяктуу демдеп ичүү (тминный чай);

🧉 Майын ичүү, ооруган жерге сүртүү, мурунга тамызуу.

#медицина #тыбб_набавий

📲 https://t.me/islamjolu/4996

ИсламЖолу

15 Oct, 10:16


Ширктин пайда болуу себеби — эстеликтер. Толугу менен макала бул жерде:
👇👇👇
https://t.me/islamjolu/3459

ИсламЖолу

15 Oct, 10:04


Эмнеге мүрзөнүн үстүнө таштан, темирден эстелик тургузууну Шариат тыят?
❗️ Себеби:
1️⃣ Тарыхта эң алгач ширк эстеликтен башталган эмеспи. Маркумду сыйлайбыз деп улуктап отуруп, аягы ага сыйынып калышкан. Ошол жолду жабыш үчүн.
2️⃣ Өлүк чирип, топуракка айланган соң, адамдар ал жерди 40-50 жылдан кийин кайта пайдаланышы керек: эгинге, турак-жайга ж.б. Таш жана темир болсо жүз жылдап тура берет.

#турмуш

📲 https://t.me/islamjolu/4994

ИсламЖолу

15 Oct, 09:18


Президент Садыр Жапаров: "Уулум Дастанды көмөгөндө, мүрзөсүнө жыгач эле сайып койгонмун"

Толугу менен (Ала-Тоо24): https://youtu.be/uJ6Amzr8Z7Y

ИсламЖолу

15 Oct, 08:47


🇰🇬 КАБАР. Президент С.Жапаров мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери жарлыгына кол койду. Президенттин сунушу боюнча эстеликтер
- таштан,
- граниттен,
- мрамордон,
- металлдан жасалбаш керек.
- Бир гана жыгачтан уруксат, 0.7м бийиктикте.
- О.э. монументтерди, статуяларды, эстеликтерди, мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат.

🤲 Жараткан Аллах эл башчыбыздан ыраазы болсун!




-= Тиешелүү материалдар =-

🌐 Устаз Бакай Мамбетказиев: "Түшүнүгүбүз Президенттин түшүнүгүндөй болгондо" (кабырларга эстеликтерди куруу тууралуу)

▶️ "Көрүстөндөр көйгөйү" - Ала-Тоо 24

👤 ХХ-кылымдын залкар аалымдарынын бири Шейх Альбани кандай көмүлгөн. Кабырынын сүрөтү.

#кабыр #президент

📲 https://t.me/islamjolu/4992

ИсламЖолу

10 Oct, 06:25


‘Абдуллах ибн ‘Амр ибн аль-‘Ас риваят кылат, Расулаллах صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ айтты дейт:

منْ قَامَ بِعَشْرِ آيَاتٍ لَمْ يُكْتَبْ مِنَ الغَافِلِينَ وَمَنْ قَامَ بِمِائَةِ آيَةٍ كُتِبَ مِنَ القَانِتِينَ وَمَنْ قَامَ بِأَلْفِ آيَةٍ كُتِبَ مِنَ المُقَنْطِرِينَ

Ким (түнкү) намазында он аят окуса - гофил[1] эмес деп жазылат. Ким (түнкү) намазында жүз аят окуса - конит[2] деп жазылат. Ким (түнкү) намазында миң аят окуса - муконтир[3] деп жазылат.

📚 (Абу Дауд 1398. Шейх Альбани хадисти сахих деди)

[1] Гофил — кайдыгер адам;
[2] Конит — Аллахка дайым моюн сунуучу;
[3] Муконтир — чоң байлыктын ээси. Бул жердеги мааниси "чоң сооптун ээси".

#хадис #тахажжуд

📲 https://t.me/islamjolu/4991

ИсламЖолу

07 Oct, 03:12


Эч кимге зыян бербестен жол эрежесин бузсам болобу?
Андай кылбаган жакшы. Себеби:
1️⃣ Биз жол эрежесин сактап мамлекет башчыларга баш ийген үчүн сооп алабыз;
2️⃣ Эрежени бузсак башка айдоочуларга жаман үлгү болуп беребиз;
3️⃣ Эч кимге зыяны жок деп ойлоп, кырсыкка кабылгандар канча.
#турмуш

📲 https://t.me/islamjolu/4990

ИсламЖолу

06 Oct, 14:47


https://youtube.com/shorts/MILJpUGCbhQ?si=Gy0FNyKUxl9hJtTr

ИсламЖолу

30 Sep, 09:19


Көчөдө турган кайыр сурагандарга садака берсем болобу?
💸 Чын эле муктаж экенин билсеңиз, ооба. Андан жакшысы сиздин тууган же кошуналар арасында анык муктаждар болсо, ошолорго бериңиз. Кайырчылардын арасында аферист алдамчылар, тилемчиликти кесип кылып алгандар толтура.
#турмуш

https://t.me/islamjolu/4988

ИсламЖолу

30 Sep, 07:05


https://youtube.com/shorts/BgfqHNz-794?feature=share

ИсламЖолу

30 Sep, 03:19


Самуро ибн Жундуб (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Аллахка эң сүйкүмдүү төрт сөз бар:
Субханаллах (سُبْحانَ اللهِ),
Альхамду лиЛлях (الْحَمْدُ لِلَّهِ),
Ля иляха илляЛлаху (لا إلَهَ إلَّا اللَّهُ),
Аллаху акбар (اللَّهُ أكْبَرُ).
Кайсынысынан баштасаң да сага зыяны жок.

Балаңа Йасар (Жеңилдик), Рабах (Киреше), Нажих (Ийгилик), Афлах (Ийгиликтүү) деген ысымдарды койбо. Себеби: "Ал бул жакта барбы?", - десең, ал жок болсо, "Жок", - деп [сага жооп берилет]
».

📚 (Муслим: 2137)

#хадис #зикр_дуа #адеп #ысым

📲 https://t.me/islamjolu/4986

ИсламЖолу

18 Sep, 04:47


https://youtu.be/RuPohdvgfTw?si=agNJafhZ9_mBfjqb

ИсламЖолу

13 Sep, 15:22


ИсламЖолу pinned «Мавлид (Пайгамбар Мухаммеддин ﷺ туулган күнүн) тосуу боюнча макалалар 🇸🇦 Сауд Аравиясынын Фетва Берүү боюнча Комитетинин токтому (Мавлидди даават кылуу үчүн колдонуу болобу?) https://t.me/islamjolu/2878 🗡 Мавлид майрамынын чыгуу тарыхы (кыска) https://…»

ИсламЖолу

13 Sep, 15:21


Мавлид (Пайгамбар Мухаммеддин ﷺ туулган күнүн) тосуу боюнча макалалар

🇸🇦 Сауд Аравиясынын Фетва Берүү боюнча Комитетинин токтому (Мавлидди даават кылуу үчүн колдонуу болобу?)
https://t.me/islamjolu/2878

🗡 Мавлид майрамынын чыгуу тарыхы (кыска)
https://t.me/islamjolu/182

⚔️ Мавлиддин тарыхы – Шейх Абдуль-Мухсин аль-Аббад (макала)
https://t.me/islamjolu/4264

📜 Ханафи мазхабында мавлид тосуу деген барбы?
https://t.me/islamjolu/194

Мавлид, Бараат, Ашура кечелери майрамга киреби?
https://t.me/islamjolu/335

⛪️ Христиандар да Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилейбиз деп диндерине бидаат киргизишип, бара-бара адашып кетишти
https://t.me/islamjolu/3452

🚫 Мавлидди кимдер майрамдашты? (эскертүү пост)
https://t.me/islamjolu/184

📝 Мавлид өткөрүү бидааты.pdf (макала)
https://t.me/sunnotko_bagyt/507

💿 Мавлид өткөзүү Пайгамбарды ﷺ сүйүүнүн белгисиби? - устаз Бакай Мамбетказиев
https://youtu.be/I3loW4Xc99A

#топтому #мавлид

📲 https://t.me/islamjolu/4266

ИсламЖолу

11 Sep, 16:36


Live stream finished (54 minutes)

ИсламЖолу

11 Sep, 15:41


Live stream started

ИсламЖолу

11 Sep, 10:20


🎙 Онлайн дарс 📣

Үй-бүлөгө тийиштүү насааттар

№76 - сабак

Тема: "Исламдагы никабдын (паранжанын) жана дааваттын орду"

Среда, 11-сент. Саат 21:40❗️
(Бишкек убактысы менен)

Устаз: Бакай Мамбетказиев

✉️ Сабакка тиешелүү суроолорду түз эфирде же бул жерден (@surooberuu_bot) алдын ала берсеңиз болот

🚀 Сабак онлайн 👇 бул жерде өтмөкчү
https://t.me/islamjolu

ИсламЖолу

11 Sep, 09:51


🇰🇬 КАБАР. Бишкек. Сентябрь-2024. Дин иштери комиссиясы жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, ал коомдо катуу талкууга алынууда. Анын маңызы:
- коомдук жерлерде паранжа (никаб) тагынууга тыюу салуу;
- үйлөрдү кыдырып, адамдарды динге үгүттөөгө тыюу салуу;
- саясий партияларда диний маанилерди колдонбоо, диний кишилер болбоо ж.б.

Бул долбоор биринчи кезекте коомдо "дааватчы" деп аталгандарды өз ичине камтып кетүүдө. Себеби таблиг жамаатынын системасынын негизги принциптеринин бири - үймө үй кыдыруу (гаж, жауля). Муну алар сүннөт дешет.
Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан Дин комиссиясынын айтымында, алар Кыргызстан Уламалар Кеңешинен "Үймө үй кыдыруу - бул Индия, Пакистан, Европадан келген дин таркатуу ыкмасы, андан сактануу керек", - деген фетва алышкандыгын айтууда.
Коомдо ача пикирлер пайда болду. Талкуулар көбөйүүдө.

https://t.me/islamjolu/4978

ИсламЖолу

08 Sep, 08:34


#лгбт #үй_бүлө #таухид

ИсламЖолу

16 Aug, 12:04


Абдуллах ибн аш-Шиххир (радияЛлаху анху) риваят кылат:

« أَتَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ يَقْرَأُ: {أَلْهَاكُمُ التَّكَاثُرُ}. قَالَ: يَقُولُ ابْنُ آدَمَ: مَالِي مَالِي، قَالَ: وَهَلْ لَكَ يَا ابْنَ آدَمَ مِنْ مَالِكَ إِلَّا مَا أَكَلْتَ فَأَفْنَيْتَ، أَوْ لَبِسْتَ فَأَبْلَيْتَ، أَوْ تَصَدَّقْتَ فَأَمْضَيْتَ ؟».

Мен Пайгамбарга ﷺ келсем, ал "Альхаакум ат-Такаасур" сүрөсүн окуп жатыптыр. [Окуп бүткөн соң] айтты: «Адам баласы "Менин байлыгым, байлыгым!", - дейт. Бирок, оо, адам баласы, байлыгыңдан сага жеп-ичкен тамагың, ал ошентип жоголот; кийген кийимиң, ал эскирип бүтөт; же садака берип, өзүңө сактап калганың гана калат
📚 (Муслим: 2958)


<< Түшүндүрмө >>

Адам байлык чогултат, бирок байлыгынан анын өзүнө:
- жеген тамагы,
- кийген кийими,
- садака кылып Акыретине сактап койгону гана тиешелүү.
Калган байлыгы мураскорлоруна, башка адамдарга калат.

#садака #зухд #тафсир

📲 https://t.me/islamjolu/4976

ИсламЖолу

14 Aug, 16:50


Live stream finished (39 minutes)