Tilimpoz • Кыргыз тили @tilimpoz Channel on Telegram

Tilimpoz • Кыргыз тили

@tilimpoz


🇰🇬кыргызча

https://tilimpoz.taplink.ws

Tilimpoz • Кыргыз тили (Kyrgyz)

Tilimpoz - Кыргыз тили каналыnnTilimpoz – бу чатта Кыргыз тилинен достор менен бөлүшүп, маалымат алып, жаңы жамыслар менен танышууңуз мүмкүн. Биздин каналга келүү аркылуу, сиз Кыргыз тилиндеги сөздөрдү, ишараттарды же жана түрдү түшүнүүгө көмөктөө аласыз

Каналда сизге түшүнүүчү материалдар, сөздөрдин кыска маалыматы, жана башка кыргызча билгин түсүнүүчү материалдар берилет. Кыргыз тили менен кызыкты, абдан жаңы билимдерге келишүүгө болот. Каналдын тапшырмасында ар намык чат кыска маалыматтарга жетер, ондоо боюнча же сүноө продукцияларына карап табасыз

Tilimpoz каналына катышуу үчүн биздин сылтага барыңыз: https://tilimpoz.taplink.wsnnКыргыз тилинен максаттын сизге түшүндүрип берүүгө көмөкчү болгон бу чатка катышууңуз керек. Тилимизди көтөрүп, башкалар менен бөлүшүп, тармактарыңызды чоңдойго уктап, жеңиликтерге жетишиңизди күтөбүз. Tilimpoz каналы - биздин жаштарга жөнөтүп, башкалар менен абдан жакшы кыргыз тили билгисин каржылатуу керектелет.n

Tilimpoz • Кыргыз тили

10 Nov, 13:38


Жашыл-жемиштин кыргызча аталышы 🥒🥔🍆

🥒 огурец – бадыраң
🥗 тыква – ашкабак
🥗 кабачок – кабакча
🥬 капуста (керем) – капуста
🍅 помидор (батинча) – помидор
🍠 свекла – кызылча
🥗 редька – түрп
🥗 редис – чамгыр
🥗 репа – шалгам
🥔 картошка – картөшкө
🥕 морковь – сабиз
🧅 лук – пияз
🌶️ красный перец – калемпир
🥗 черный перец – мурч
🧄 чеснок – сарымсак
🫛 горох – буурчак
🫛 фасоль – төө буурчак
🫒 олива – зайтун
🥗 укроп – ашкөк
🥗 мята – жалбыз
🥗 базилик – райкан

#кыргызча #тилимпоз #кыргызтили #tilimpoz #tilimpozsozduk

Tilimpoz • Кыргыз тили

07 Nov, 07:54


🇰🇬 Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү

Ата-бабаларыбызды ар дайым эскерип, алардын бизге калтырган мурасы, руханий асыл баалуулугу үчүн урматтоо менен таазим кылабыз.

Өткөндөр даңкталмайын,
Тирүүлөр баркталбайт!

Көз карандысыз мамлекетибизге туруктуулук, бакубатчылык жана өнүгүү каалайбыз!

@bakaibank x @tilimpoz

Tilimpoz • Кыргыз тили

03 Nov, 15:07


🗣️🔊 Сүйлөгөн сөзүнө жараша адамга берилген мүнөздөмө:

Сары ооз
- сөз биле бербеген, жаш, турмуштун ысык-суугун көрө элек жаш бала.

Ачык ооз
- сөздү кармай албаган, оозуна келгенин айта берген, сөзге бекем эмес адам.

Бакан ооз
-ушакчы, айгак адам.

Кара ооз
- оозунан жакшы сөз чыкпаган адам.

Кери ооз
- тетири сүйлөп, ынтымакка кирбеген адам.

Жалаяк ооз
- ажылдап сүйлөп турган, сөз маанисин билбеген адам.

Ириген ооз
- оозунан уруштун, жаңжалдын сөзү чыгып, элди уруштуруп турган адам.

Бек ооз
- убадага бек турган адам.

Бок ооз
- сөгүнүп, уят сөздү көп айткна адам.

Оймок ооз
- анда-санда чоюлуп сүйлөгөн, сыпайы адам.

Алтын ооз
- нарктуу-барктуу сүйлөгөн, сөзмөр, чечен адам.

Арам ооз
- кутум сөз сүйлөп, эл бузган жаман адам.

Жазыктуу ооз
- туура эмес сөз сүйлөп жазыктуу, айыптуу, күнөөлүү болго адам.

Сасык ооз
- жаман сөзү менен элге жек көнүндүболгон адам.

Куру ооз
- жыйында сөз тийбей калган, же тамак тийбей калган адам.

📚💬 Сөз арасында адамды сүрөттөө үчүн колдонулган айкаштар. Кыргыз тилинин сөз байлыгы кең!

Tilimpoz • Кыргыз тили

03 Nov, 14:53


⁉️ Аягы м тыбышы менен бүткөн этишке -ып жалганса, айтылышындай созулуп жазылат.

Мисалы:

кап+ып=кабып эмес, каап
Ит каап алды.

📚 Кыргыз тилинин жазуу эрежелери

Tilimpoz • Кыргыз тили

02 Nov, 07:09


Жүрөк түрү ❤️

Эт жүрөк - эң сезимтал жүрөк.

Таш жүрөк - зөөкүрдүн жүрөгү.

Суу жүрөк - коркок жүрөк.

От жүрөк - сүйүп турган жүрөк.

Тоо жүрөк - кебелбеген баатыр жүрөк.

Муз жүрөк – жакшылыгы жок, мерез адамдын жүрөгү.

Чаң жүрөк - ар дайым начар ойлогон, жамандыкты издеген жүрөк.

Кыргыз сөз ортосунда адамды сүрөттөө үчүн колдонгон 🤔😊

Tilimpoz • Кыргыз тили

02 Nov, 06:53


⁉️ Үндүү тыбыш менен (а, о, у, э ж. б.) аяктаган буйрук этишке -ар уланса, созулуп айтылгандай жазылат.

Мисалы:
башта + ар = баштаар
иште + ар = иштээр

📚 Кыргыз тилинин жазуу эрежелери (2)

8,873

subscribers

647

photos

26

videos