Ата-эне балдарын кордобой, коргогонго милдеттүү...
Кечээ өзү "Good wife", кыргызчасы жакшы аял деген Пакистандык айымдын мемуарын окуп баштагам. Биз таанып билип жүргөн биздин коомдогу айымдардын да тагдырына окшош болгондукубу, көзүмдү албай окуп жатып, түнкү 1де араң уктагам.
Самра, өзү Пакистандык, бирок ата-энеси менен Абу-Дабиде чоңоюп, 4 кыздын улуусу болот. Ата-энеси жогорку окуу жайынан окутабыз, сонун келечегиң болот деп үмүттөнүп, чоңойтуп, 17 жашка чыкканда жакшы жерлерден окуткан кымбат, андан көрө Канадада жашаган түбү Пакистандык жигитке турмушка берели, Канадада сонун келечегиң болот, окутуп алабыз деди деп күйөөгө беришет экен.
Самра башка баардык кыздардай, кичинесинен айланасындагы тууган чоң эркектерден түрдүү ыдык көрүп, ыза болуп, ыдык көрдүм деп арызданса апасы, "сен эрте чоңоюп жатасың" деп тескерисинче кызын күнөөлөгөнсүп жээрип, эч бири заман кызын колдобоптур, тескерисинче күйөө таап берип кутулайын дептир.
Бизде да кыздар үйдө тууган, тааныштардан ыдык көргөндө энеси күйөөсүн, эл эмне дейтти тандап ыдык көргөн кыздарынын таламын талашпаган учур өтө көп кездешет го (мен бул темада эмне деген кат алдым), окуп жатып ар бир ыдык көрүп, ыдык көрсөткөн айбандар жазасын албай калганын эстеп бир топ капа болдум...
Китептин азыр башындагы 50-бетинде эле жүрөм, бирок канча ата-эне баласынын каалоо-тилеги менен эсептешпей, баласын тааныбай, эл кандай кылса ошондой кылалы деп элдин балдары кылып тарбиялап, балдарынын жашоосун жакшыртпай тескерисинде тагдырына балта чапкан.
Ата-энелердин баары бизди куурап төрөп-чоңойткон деп деле кир жугузбайбыз, бирок акыл тунуп, өзүң ата-эне болгондо айланаңдагы ата-энелердин канчасы балдарына оюнда жакшылык каалап жатам деген үмүт менен тескерисинче балдарын баткакка тыкканы орсоюп көрүнүп калат экен...
Мен өспүрүм кезде да куда түшөлү деп үйдөгүлөргө кайрылгандар болот эле, мектепти жаңы бүткөн жылы бир таанышыбыз, "балабыз баланча жерде IT тармагында иштейт, 30га чыкты, эми үйлөнөйүн деп жатат" деп үйдөгүлөргө кайрылышканда, 30га чыгып өз башына кыз таап үйлөнө албай ата-энесине кыз издетип жүргөн киши менен таанышпайм дептирмин.
Өзүмдүн эсимде жок, өткөндө үйдөгүлөр айтып тамашалап, эстеп бир күлүп алдык. А менин үй-бүлөм кудалап деген нерсеге каршы эле, иним экөөбүзгө тең түйгөйдү өзүң таап баш кошосуң деген түшүнүк менен чоңойгонбуз... а бирок канча жаштар андай мүмкүнчүлүгү болгон эмес, кыргызда эле эмес, Пакистан сымал дагы канча өлкөдө...