БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ @formulakg Channel on Telegram

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

@formulakg


Formula.KG - Бактыңыздын багыты!

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ (Kyrgyz)

Добро пожаловать в Telegram канал "БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ"! Этот канал создан для всех ценителей красоты и здоровья. Здесь вы найдете уникальные формулы и советы о том, как сделать вашу жизнь более здоровой и красивой. Формулы, которые мы предлагаем, основаны на традиционных методах и современных научных исследованиях. Мы уделяем особое внимание качеству и эффективности каждой формулы, чтобы убедиться, что вы получаете только лучшее. Наш канал "БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ" - это не просто еще один косметический канал. Мы стремимся помочь вам найти правильные решения для вашей кожи, волос и всего организма. Мы предлагаем реальные решения для реальных проблем, и наша цель - сделать вашу жизнь лучше. Присоединяйтесь к нам на канале "БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ" и начните путь к здоровой и красивой жизни уже сегодня! Подпишитесь на наш канал @formulakg и будьте в курсе всех новостей и обновлений. Вместе мы сможем достичь идеального баланса красоты и здоровья!

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

09 Feb, 03:23


KFC жана Pizza Hut фирмаларынын Түркиядагы филиалдары банкрот болгонун жарыялап, 537 филиалын жапты. 7000 адам жумушсуз калды.

Жакынкы күндөрдө аталган бренддер Түркиядан кетүү чечиминен алышат деп күтүлүүдө. Ал жакта иштеген кызматкерлер акыркы айлардагы эмгек акысын ала албай жатышканын айтып, митингге чыгышты.

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

07 Feb, 01:08


📍Таң намазына ойготуп, Өз үйүнө чакырып, жакшы күндүн берекесин насип кылган Раббыма шүгүрлөр болсун!

Раббысы эртең мененки багымдат намазына ойготкон пендесине Өз чакырыгын Бейиштин үнүн салып, караңгы түндөн жарык таңды сууруп чыккан Раббыңа таян - деп үн салгансыйт...Таң азандан куштар тынбай, жаңы күндүн кереметин даңктап, Жаратканды алкап, жашоону мактап жатышса, анан кантип, биз адамдар дагы бир жаркыраган күндүн көзүн көргөнүбүзгө сүйүнбөйлү...

Анан кантип, Жараткандын бизге берген жакшылык, ырыскы, нээматтарына кубанбайлы...

🤲🏻Бүгүнкү жума күнүнө жеткирген Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун.

🌹Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

05 Feb, 11:30


📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚

📍Бүгүн "Мухтасар Ал-Кудуурий" китебинен, кезектеги сабагыбыз уланат.

📖Тема: Ижара маселелери.

👨‍🏫Устаз: Уларбек Ташболотов.

Убактысы: кечки саат: 20:00.

📲Бөлүшүңүз:

🔗Биздин телеграмм каналыбыз⤵️:
https://t.me/ilimnurusabaktar

🔗Ватсап группабыз⤵️:
https://chat.whatsapp.com/KtCm3SWFAKrIh8j7SyjEEp

🔗Ватсап каналыбыз⤵️:
https://whatsapp.com/channel/0029VasSYOT1t90UZFy1261j

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

05 Feb, 05:55


Балдарыма болсо бир даана китеп сатып алып келбепмин.Ушунчалык наадан ата боломбу? Сизге жалган мага чын, ата болуп бир да жолу мектепке чогулушка барбапмын.  Дайыма апасы барат. Бир нерселерди айтып келет. Чынын айтсам чогулушта эмне кеп болду маани берип кызыкпапмын. Ушундай да боломбу. Келинчегим мектептеги чогулуштан эмнелерди айтып келгендигин канчалык аракет кылсам да такыр эсте албай койдум. Бирок.  мектепке   сиз айткандан кийин ойлосом болоор болбос. айтууга арзыбас берген акчаларымдын баарын эстедим.  Өзүмдөн-өзүм уялып кеттим. Ошол жерде шарттан пайдаланып бала тарбиясында мени аябай кыйнап жаткан суроону узатып калуу кыялыма кылт этти. Ал да болсо чоң уулумдун кылыгы болчу. Акыркы убактары ал такыр апасынын да, менин да сөзүмү укпай калган болчу. “Азыр келемин” деп   кеч кирери менен чыгып кетип, түн бир оокумда келет. Сураштырсам, досторум менен тигинин, мунун үйүндө олтурдук деп жооп берет. Иши кылса чоңубузга байланыштуу   мугалимдерден арыз угуп, түзүгүрөөк тарбия бере албай жүдөп жаткан болчубуз. Ошону кантсек болот таризинде суроо сундум сизге.
-Баланыз өткөөл куракта экен. Аны туура түшүнүп чөйрөсүнө маани бериңиз. Чоң адамга деле чөйрө чоң таасир берет- деген жооп алдым. Ошол жылы уулубузду келинчегим экөөбүз кеңешип олтуруп, районубуздагы эң жакшы делген  лицейге окууга киргиздик. Айтсам ишенбейсиз. Уулубуз сентябрдан эле өзгөрө баштады. Колунан китепти көрө баштадык. Аптасына бир жолу үйгө келсе да. эртең кетпейсиңби дегенибизге болбой лицейге  жекшемби күнү жөнөйт. Ошентип лицейден жакшы баалар менен бүттү. Бирок биз каалаган окуу жайга кире албады. Бир жыл кайрадан ЖРТга даярдоо боюнча  мугалимдерден кошумча билим алып жатты. Кудай сунуп кийинки жылы Бишкек шаарындагы ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясына окууга кирип. аны аяктады.  Азыр күч түзүмдөрүндө  иштеп жатат.Ким билсин балким мен ошол күнү отурушка барбаганда ата-бала мамилеси такыр башка нукка бурулуп кетиши мүмкүн эле. Андыктан агай ушул катым аркылуу сизге дагы бир ирет ыраазычылык айтып коюууну туура таптым. Анан дагы бир нерсе мен бул катымда биздин айылдагы мектепте  өз кесибин чындап сүйгөн эжей-агайлар эмгектенишээрин баса белгилегим келет.Тек гана биз ата-энелер балдарыбыздын билими  мугалимдерге гана керек сыяктуу тарбия ишинде  аларга жардам бербейт экенбиз. Ушуну өзгөчө айткым келет.  Баса, мен азыр такыр өзгөргөнмүн. Бала тарбиясына башкача көз караштамын. Баягы катуу кол, бакырчаак аталыгым акырындык менен калып кетип жатат. Азыр уул-кыздарыма көбүрөөк убакыт бөлүп, алардын илимдүү, билимдүү болуусуна аракет жасап  келемин.Азыр калган уул -кыздарым айылдагы эле мектепте мыкты окуп жатышат. Чама-чаркым келе калганда мектептеги иш  чараларга  демөөрчүлк кылып да коемун  Ушундай ишке себепчи болгон сизге дагы бир жолу ырахмат агай.
Мурзарахим. Ноокат району.  Жаңы-Ноокат айылы.

👤Автор: Нуркамил Абдуллаев.

📘 “Шоктугунан коркпо” аттуу китебинен алынды.

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

05 Feb, 05:55


📧АГАЙГА КАТ

ЧӨЙРӨСҮНӨ КАРАДЫМ, СИЗГЕ ЫРАХМАТ  АЙТАМЫН.

-Ассаламу  алейкум агай,  амансызбы? Замандаш, анан калса тең-туш болгонума карабай агай деп кеп баштадым. Туура кабыл аласыз деген ойдомун. Менин сизге ватсап аркылуу жазган бул катымда катасы аябай көп. Аны  туура түшүнөсүз деген ишеничтемин. Анткени  мектепте жакшы окуган эмесмин. Ал үчүн али күнгө чейин өкүнөм. Ушул жазгандарымды макала кылып өзүңүз иштеген газетагабы,  китеп жазсаңыз агабы   кыстара кетсеңиз жакшы болмок. Балким аны окуган окурмандар бала тарбиясында мендей каталарга  жол бербей калса ажеп эмес. Эми кепти көп созбой максатыма  өтөйүн. Ошол күнкү сиз  келген  отурушта чындап эле турмушта  билбеген,  таназарга илбеген көп нерселерге маани бербей,  кайдыгер экенимди аңдап билдим. Кыскарта айтканымда  ушул күнгө чейин төрт балалуу болгонума сыймыктанып, анан калса машырканып эле жүрүпмүн. Көрсө, ким айтмакчы аталыктын “А” сына ылайык иш аткарбапмын.  Балким  сиз ал отурушту  унутуп калсаңыз керек.  Мындан көп жыл мурда достордун  кезектеги аш отурушуна сизди келээрин айтышты.  Ачыгын эле айтайын, жактырбадым. Анткени биздин аш  көбүнчө айылдагы анча-мынча маселелердин чечилишин талкууламыш болуп,  саясат-маясаттан кеп уруп, азына арада карта ойноп, түн бир оокумга чейин бака-шака  болуп, иши кылса  ушундай “программа” менен өтчү. Анын үстүнө баарыбыз алаканыбыз калың, табышыбыз күч балдарбыз. Бирөөбүз мал базарда иштейт. Экинчибиздин райборбордо дүкөнү бар. Дагы бирибиз жеке нотариус.  Мен болсо касапчылык кыламын.  Үч-төрт жигиттерибиз болсо бышыкчылык башталгандан баштап, кеч күзгө чейин Россияга мөмө-жемиш жиберишет. Эми ошондойлордун башын бириктирген аптада бир болчу ашыбызга агайдын келип, баш оорутуп, сабак өтүшүн чындыгында  каалабадым.  А тургай агайлардан дагы деле кутула элекпизби?  Бул эмне кылганың?  Жөн эле отуралычы. Болбосо мен барбаймын  деп  жоро башчыбызга да сүйлөндүм.  Ал :“Келгениңде көрөсүң. Келе бер.”-деп кутулду. Биздин ошондогу ашыбыз Ноокаттагы   аты Орто Азияга чейин угулган айтылуу  “Сахаба” эс алуу багындагы чайханалардын биринде өттү.
“Ар бир иш ниетке жараша болот эмеспи. Уруксат берсеңиздер бүгүн мында  жалаң аталар отурат. Андыктан отурушубуз баарыбыз үчүн пайдалуу, анан жугумдуу болсун деген ниетте “Аталар сааты” деп коелу” -дедиңиз сизге сөз берилгенде. Чындыгында да ошол күнкү ашыбыз, ниетибизге жараша биз-аталар үчүн абдан пайдалуу болду. Бала тарбиясында кетирип жаткан  көптөгөн каталарыбызды түшүндүк. Башкаларды билбеймин, ошол олутурушта мага эки нерсе аябай таасир берди.
-... Ооба. Аталар перзенттерин тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылуу керек. Көпчүлүк ата-энелерге бул жагынан сөз жок. Аныңарга ырахмат. Бирок, тарбия жаатына келгенде айтылчу көйгөйлөр абдан көп. Маселен, мала базарда иш кылган аталар бар. Алар тыйын табуу үчүн мал базардан бир да күн кеч калбайт. Тескерисинче эрте барат. Анын мындай тиричилигин тыңдоо үчүн  тырышып жаткан аракети эң жакшы. Алкоого алаарлык. Өкүнүчтүүсү ошол эле атаны  эртең анын жолун улай турчу перзенттеринин    мектепте өткөн чогулушуна чакырса аны-муну  шылтоо айтып, барбайт Же болбосо балдарын “ Китеп окубайсың!” деп жемелеген аталар четтен чыгат. Өздөрүнөн сураштыра келсең, балдарга адабий китеп сатып бермек турсун,  мектепти бүткөндөн бери бир да китеп барактабаган болуп чыгат. Анан ошондой аталардын балдарына “Китеп окубайсың!” деп кине коюууга аксы барбы жокпу? -  дедиңиз кеп арасында.
Чынын айтсам сөздөрүңүз башкаларга эмес, мага айтылып жаткандай сезилип кетти. Заматта ойлор оромуна оролуп калдым.  Ар бир сөзүңүздү уккан сыяктуу башымды ийкеп олтурганым менен ичимде өзүмө-өзү  эсеп-кысап бере баштадым. Сиз “жемелеген” деп жумшартып айттыңыз. А мен болсо балдарды “окубайсың” деп жемелеп олтурбаймын, керек болсо келтектеп саламын. Байкуш балдарымдын менин ачуум келгенде бөжүрөйүп үйдүн бурчунда тургандарын көз алдыма элестеп кетти. Жүрөгүм тызылдап чыкты. Андан ары ойлор дагы эзе баштады. 43 жашка келипмин.Ушуга  чейин өзүмө канчалаган пачке-пачке тамеки сатып алдым.

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

02 Feb, 05:35


📍Бир киши "Бир өмүр издедим, же чаңыны таппадым, же изини таппадым." дегенде дервиш "Же Алла Таала бизди насибибизге жиберет же насибибизди бизге жиберет. Насиптин изи жок, анын уруксаты бар. " деп жооп берген экен.

📍Эшек менен карышкыр талашып кетет. Арстан карышкырды жазалайт. Күнөөлүү болгону үчүн эмес, эшекке теңелгендиги үчүн.

📍Жамандык кире албаган жалгыз жер бул пешене менен жайнамаздын ортосу.

📍Жан дүйнөңдү таза карма, жүрөгүңдүн ээси келгенде уят болуп калба.
Өзү муктаж болсо дагы башкаларга жардам бере алган адамдан өткөн бай адамды көрбөдүм.
-Аз. Умар (РА)

📍Аз. Юсуф (АС)ды өлтүрөбүз дедилер эле өлтүрө албадылар. Кулчулукка саттылар, бирок султан болду. Эгер Алла Таала кааласа 10 жылда болбогон нерсени 1 жылда болтуруп коёт. Сабырдуулук бул адамдын жан дүйнөсүнүн кыбыласы.

📍Баары таандык болгон жерде пайдалуу болот. Эгер кайык жээкте кала турган болсо, анда ал чирип кетет, эгер сууда кала турган болсо көп убакыт кызмат кылат.

📍Адамдар Аз. Иса (АС)дан "Өлүктү тирилтүүдөн дагы оор иш барбы?" деп сураганда Алланын Пайгамбары "Түшүнбөгөнгө түшүндүрүү." деп жооп берген экен.

📍Адамдардын ким экенин билген сайын эмне үчүн Нух (АС) кемесин жаныбарларга толтурганын түшүнөсүң.

📍Мевляна мындай дейт "Бир байкуштун кайгысын угуу үчүн байкуш кулак керек. Себеби окшош азапты көргөндөр гана бири-бирин түшүнө алат. "

📍Маселе тирүүлүгүндө колдоп кубаттоо , өлгөнүндө табытын көтөрүү бул сүннөт.

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

01 Feb, 04:52


🧕ЖООЛУГУҢ МЕНЕН СЫЙМЫКТАН.

✍🏻Жеңишбек агайыбыз айткандай "тим кой, алардын чачы, жүзү, сулуулугу, көздөрү ырларда айтылса,  сенин жоолугуң түбөлүк бакыттын жолун көрсөткөн  Куранда айтылган. Түрдүү - түмөн жасануучу нерселер, атыр - упалар, алар канчалык көп болсо да күнөөлөр соолуткан жүздү жарык жылдыздуу  кыла албайт ' ...

Жоолугуң менен сыймыктан менин нурлуу жүздүү  апам, эжем, сиңдим! Ата - энеңдин, байкеңдин, иниңдин короосунда үзүлбөгөн назик гүлдөйсүң. Сенин сулуулугуң бир гана күйөөң үчүн, кайын - журтуңдун сыйлуу келини, балдарың үчүн жүздөгөн устаздан артык тарбия берген медресесиң. Сен адамзаттын багынын кооздугусуң. Сенин жоолугуң үй - бүлөңө береке - кутун алып келет.  Сен атаңды, байкеңди, иниңди, күйөөңдү, балдарыңды" БЕЙИШКЕ " жетелеген нурлуу АЯЛ ЗАТЫСЫҢ! Жоолугуңа адебиң, кулук - мүнөзүң дал келип, уят - намысыңды жашырган жоолугуң,  периштелер даражасына жеткирсин.

Жоолугуңа жараша жоругуң дал келгендей болсун. Шариятта бардык нерсе ниетке жараша кабыл алынат. Калыс Аллахтын алдында ниетиң туура келбесе тооду томорсоңда эч качан жакшылыгын көрбөйсүң. Аллага шүгүрлөр болсун азыркы күндө оронгондор көбөйдү, бирок оронуп тороло албай, жоолуктун максатын унутуп коюп жатабыз. Жоолукту  бекеринен ыйбаалуулукка байланыштырбайт. Оромолуң  уяттуу, ыйбаалуу кылбаса өзүңө жакшылап үңүлүп, изденишиң керек болуп турат. Ички дүйнөңдө өзгөрүү болбой, оронуп алганыңдын канчалык пайдасы бар? Дегеним, сырткы кебетеңди ороп алганыңдын максаты эмне? Ниетиң кандай? Эгер сен баягыдай эле чоочун эркек кишилер менен шарактап шеринелеп жүрсөң.
Сен баягыдай эле тойлордо эл чордонунда бийлеп, ырдап жүрсөң...
Сен баягыдай эле мусулман аялзатынын адебине туура келбеген адаттардан арыла албай жатсаң...  кийими бар, кийими жоктон айырмаң жок...

🌹Урматтуу апалар, эжелер, сиңдилер! Бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү менен баарыңыздарды куттуктайбыз!  Биз, аялзаты бири - бирибизге күзгүбүз, эскертүүчүбүз. Жамынсак  ыйманыбызды кошо толук жамынып, шариятка дал келгендей жамынып, үлгү бололу.  Бул күндө бири - бирибизге белек берип, жоолук жаңыртып,  канчалардын жакшылык жолуна түшүүсүнө себепчи бололу!

🧕 Автор: Насиба Абдуллвева

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

31 Jan, 01:10


💫«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат».

(Бухари, БадулХолк, 11; Муслим, Сыям 1,2,4,5).

للّهُمّ بلّغنا رمضان

"Аллахумма баллигнаа рамадаан ".

Котормосу: "Оо, Аллах! Бизди Рамазан айына жеткир! "..

Рамазан биз сени сагындык! Ин шаа Аллах саналуу күндөр калды. Оо Аллахым насибибизди Рамазандын куттуу күндөрүнө, тагдырыбыздын жакшылыгын  Сенин каалооңо аманат кылдык, бул улуу айды биздин эки дүйнөбүзгө пайдалуу  көрктүү кыл.. Омиин!

Жума маарек жакшылар!

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

28 Jan, 16:25


😊🤲Кээ бир инсандар бейишти  самаган, кээ бир инсандар бар бейиш аларды самаган дейт.  Ошолсыңары  кимде - ким рамазан айын күтүп, сагынып, ниет кылган болсо, рамазан да аны күтүп, сыйынан насип кылат ин шаа Аллах!

Рамазан биз сени сагындык! Жаратканым сага жетип, берекелүү нуруңдан суугарулууну насип кылсын!

اللّهُمّ بلّغنا رمضان

"Аллахумма баллигнаа рамадаан ".

Котормосу: "Оо, Аллах! Бизди Рамазан вйына жеткир! ".. Амиин!


https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

27 Jan, 17:10


Ассаламу алайкум уа рохматтулохи уа барокатух! Түнүбүз бейпил болсун жакшылар. Ыйык түндөрдө кылган дуба - тилектерибиз кабыл болсун. 🤲❤️

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

24 Jan, 06:41


📚•БАГЫТ•КИТЕП ДҮКӨНҮ
🔹ТУУРА БАГЫТТЫ ТАНДА!

АДРЕС: Бишкек шаары
📍Эски борбордук мечит: ГОГОЛЬ көчөсү 55/3
📍Дордой:ИБРАИМОВ көчөсү 22/2

📍Ош шаары:
РАИМБЕКОВ көчөсү 22
БАЙЛАНЫШ НОМЕРЛЕРИ:

Бишкек шаары:
+996 226 111 029

Ош шаары:
+996 702 785 959

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

24 Jan, 02:10


😊КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ, ӨМҮР ӨТӨ КЫСКА

Эгер адамдар көңүлүңдү оорутуп, жүрөгүңдү жаралап сындырган болсо, эч качан капа болбо! Эгер билсең "Ар Рохмаан - Мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү " болгон Коодыр Зат " Мен көңүлү сынган жүрөктөрдүн мекениндемин" дебедиби?! Демек, анда неге капа болосуң эй, менин алсыз жаным. Күн сыяктуу күйүп жарык бергиң келсе, түн сыяктуу караңгы дүйнөгө жетелеген напсиңди кечирип, кечирим берип, кечирим сурап отко жагып күл кыл!

Хасан Басрийден сурадылар:

- Эмне үчүн адамдардын айткан сөздөрүнө көңүлүңүз ооруп, капа болбойсуз?

- Төрөлгөнүмдө бир өзүм төрөлдүм, өлгөнүмдө да бир өзүм өлөмүн. Кабырга да өзүм жалгыз барамын. Аллах Таалага жолукканда да эсеп - кысапты өзүм беремин. Ушундай экен, адамдардын айткан сөздөрүнөн мага эмне пайда?

Менин эң жакшы көргөнүм кечирип, кечиримдүү болу болсо, эң жаман көргөнүм таарынып, таарынткан, эң баалаганым чынчылдык, туруктуулук, жоопкерчиликтүү болсо, эң коркконум жалган сүйлөө, аманатка кыянат кылуу. Бул сыпаттар Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи саламдын асыл сыпаттары. Бул сыпаттарды кадимкидей ар бир жолуккан жүздөрдөн, көздөрдөн, жүрөктөрдөн издеймин, таппаймын, таарынамын. Бул сыпаттарды жашообузга эреже кылсак туура жолго багыт алган, жакшылыкка чыйыр салган жол болот эле...

Кечирип, кечирим берүү, кечирим суроо ар кимдин эле колунан келе бербейт. Көрсө, маселе жүрөктө турбайбы. Алла Таала кимдин жүрөгүн жумшак, кечиримдүү кылып койсо, аманчылыкта тынч жашайт; чындыкты табат, жек көрүү, кастык деген оорулар менен оорубайт. Кек сактоо, өч алуудан ат чабым оолак болот. ..

Ошондуктан, кечиримдүү бол бир тууганым: жашоо ансыз да – өтө кыска. Күндөр учкан куштай өтүп, бүтүп, кетип эле жатат. Жакында бул дүйнөдө кылгандарыбызга эсеп-кысап берүү үчүн Алланын алдына жөнөйбүз. Кайсы бир пенденин акысын жеп, же аны ушактап, көңүлүн оорутуп, же ага кек сактап, же аны жек көрүп, анан ошол абалда Алланын алдына барбайлы, мүмкүн ал Алланын сүйүктүү пендесидир. ..

Аллахым "Ал Гоффууру- Толук кечирүүчү" ысмыңдын нурун жүрөгүбүзгө толтургун, пейлибиз кенен болсун, бири - бирибизге болгон ишенимибиз терең, ынтымагыбыз бекем, түшүнүп - түшүндүрүп кечирип, кечирилген абалда Өзүңө жоолугууну насип кыл!

🌹Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

22 Jan, 04:53


Күндүн суугуна карабай көөдөндө жаз жашасын! Аруу таңыбыз куттуу болуп, таң калтырып биз күткөн тилектер орундалсын, бүгүнкү күнүңүздөр көңүлдүү өтсүн Жараткандын жакшы көргөн жакшылары омиин!

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

21 Jan, 04:58


📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

" Ар Рохмаан - Мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү" болгон Раббым, биз Сенин Мээримиңе муктажбыз. Билебиз биздин көөдөнүбүзгө катылган сырлардын баарын Өзүң билип, көрүп, сезип турасың. Жүрөгүбүзгө  Исламдын тынчтыгын ач, үй-бүлөбүз, балдарыбыз, жакындарыбыз менен толук дин менен жашоону насип кыл. Жүрөгүбүздүн шыпаасы болгон Раббым. Бүгүн мээримиң менен ойгондук, сага кол ачтык, жүрөгүбүздү сага бурдук, бизди сенсиз калтырба, бизди туура жолуңдан ажыратпа, сүйүүңдөн ажыратпа...! Омиин!

🧕Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

18 Jan, 07:44


Үмүттү берген да, жүрөгүңө салган да, күтүлбөгөндө гүлүн ачкан да Аллах ин шаа Аллах баары жакшы болот!

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

17 Jan, 04:10


🥹ДААВАТЧЫ ЧОҢ АТАМ..

Раматылык чоң атамдын бир тууган иниси үйүбүзгө келип, чоң атамды ар жума күнү зыярат кылып турчу. Анын дасторкондо олтуруп тамактанган адеби мени суктандырчу. Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи саламдын сүннөтүн бекем карманган. Тамакты баштаганда атайын дубаларын угуза айтып, бизге да үйрөнгүлө - деп " бисмиллах " менен баштап, алхамдулиллах менен бүтүрөт. Кызыгы, ар жеген тамагын, ичкен чайын үч бөлүп, бисмиллах, йа, шыфаа, алхамдулиллах - деп эле кайталап айта берет. Көрсө жеген тамакта Алланын ысымы менен желсе, денебизге да рухубузга шыпаа, күч- кубат болот экен. Жашы сексенге таяп калса да, тиштери апакай түшкөн эмес, көзү да курч, кулагы да жакшы угат, буту - колу да оорубай тың кыймылдайт. Жараткандын коногу болсоң, сени бул дүйнөдө эле бейиштин коногу кылып сыйлап койот тура. Үйү мечитке жакын болгондуктан, жөө басып, беш убак намазын мечитте окуп, экинчи үйү кылып алган. Күчү жеткенче тазалап- жыйнап, дааратка суу даярдап, келген - кеткен адамдардын бут кийимдерин түзөп, жашоосунун ар бир күнүн Жараткандын ыраазылыгына, жолуна арнап ушундай өткөрөт. Дааватчылар анын сыйлуу коногу, алар менен даават кылып, илими алат, ибадаттарын толуктайт. Намаз, Куран, зикир, дубага бекем болгон инсандарды Аллах ушунтип бактылуу карылыкты берип койот экен. Өтөөр кезинде да акыркы деминде намаз, Кураны, зикири менен Аллах " мен сага ыраазымын кулум, кел менин кучагыма " деп күтүп алгандай жылмайган абалда жан берди...

Жаратканым кандай максатта жараткан болсо ошондой жашоону, ушундай жашоону, өлүмдү насип кылсын!

🌹Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

14 Jan, 04:36


💖КИЧИПЕЙИЛ, ЖӨНӨКӨЙ БОЛ, АЛЛА ДАРАЖАҢДЫ КӨТӨРӨТ

Жазандын муфтийи шейх Мухаммад Шаами Шайбанын үйүнө конокко бардым. Мага анын кичипейилдиги аябай таасир берди. Ал жерге адамдар кудум аарылар балга үйүлгөндөй чогулушат экен. Бири келип, экинчиси кетүүдө. Шейх карыларга атасындай, куракташтарга досундай, кичүүлөргө баласындай мамиле жасап жатты. Бул аалымдан сүйүктүү пайгамбарыбыздын (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мыкты мүнөзүн көрө алдым.

Ошол эле учурда ал эл үчүн жооп бере турган, эл маселесин чече турган жооптуу кызматта иштейт. Баарын тартиби менен, мыйзамы менен аткарып жатат. Жалпыга жалпыдай, жалгызга жалгыздай өкүм чыгарат. Мындай кызматтагы адамдардын керкейгени көп. А бул кишинин кичипейилдиги жана жумшактыгы, элге жакындыгы мага өзгөчө жакты.

Сага да ушуну насаат кылмакчымын: адамдарга жа- кын бол, бой көтөрүү, менменсинүү, текеберлик кө-шөгө- сүн сыйрып сал. Анткени өзүн көтөргөндү Алла түшүрөт; өзүн төмөндөткөндү Алла көтөрөт.

📘"Бакыттын сырын ачтым" китебинен.

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

13 Jan, 04:08


📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

"Ар Рокииб- Бардык нерселердин көрүп -билип туруучу " жүрөктөрдүн Ээси болгон Раббым менин! Жүрөгүмдү Сага ачтым, мойнумду Сага сундум, ичимдеги сырларымды бир гана Өзүңө айтып, төгүлөмүн. Мага эмне жакшы, эмне жаман Өзүң билесиң. Мени барда, жокто таштап койбо оо, Раббым. Билемин бул күндөр да өтөт, кетет, бүтөт. Бир күн келет мени да гүлдөрүм ачаар. Болгону сыноомду жеңил, сабырыма күч - кубат бер. Мени барда  жокто жалгыз калтырба оо, Раббым! Жараткан Өзүңсүң, мен алсыз кулуңмун. Кырк жылдап колум канаса да, ооруган жүрөгүмдү тынчтантып, жаракасын бир гана Өзүң бүтөйсүң. Мени барда, жокто адаштырба оо, Раббым! Омиин...

🧕Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

11 Jan, 14:55


🤲🏻ЭКИ ДҮЙНӨМДҮ КЕРЕМЕТ КЫЛГАН ДУБА.

Оо, Аллахым! Курандын урматынан ырайым кыл, аны мага жол көрсөтүүчү, туура жолго багыттоочу жана нур кыл.

Оо, Аллахым! Курандан унуткан жеримди эсиме сал, билбегенимди билдир, күнү-түнү тилават кылууну насип кыл.

Оо, бүткүл ааламдардын Раббиси! Акыретте Куранды мага шафатчы жана далил кыла көр.

Оо, Аллахым! Куран менен динимди, дүнүйөмдү, жашоомду, акыреттимди оңдо. Жашоомдо жакшылыктарды мол кылып, жаман өлүмдөн сакта.

Оо,  Аллахым! Өмүрүмдүн акырын жакшы саалих  амал кылуучулардан кылып, эң бактылуу күнүмдүү Өзүң менен жолуктурган күн кыл.

Оо, Аллахым! Пастыктан, шерменделиктен Өзүң сактап, бактылуулукту жана жакшылыгыңды арттырып жакшы өлүмдү насип кыл.

Оо, Аллахым! Мен сенден жакшылыкты, жакшы дубаны, ийгиликке жетүүнү, пайдалуу илимди, саалих амалды, чексиз соопторду, бактылуу жашоону жана жакшы өлүмдү насип кылууңду суранам.

Оо, Аллахым! Мени исламга бекем кыл, сообумду көбөйт, ыйманымды кубаттандыр, даражамды көтөр.

Оо, Аллах! Окуган намаздарымды кабыл кылып, күнөөлөрүмдү кечирип, эң бийик даражадагы бейишиңди насип кыла көр.

Оо, Аллахым! Мага мээримиңди төгүп, бүткүл жакшылыктарга жеткирип, тозок отунан сакта.

Оо, Аллахым! Бардык иштеримдин аягын ийгилик менен бүтүрүп, дүнүйө шерменделигинен жана акырет азабынан сакта.

Оо, Аллахым! Бизге зулум кылгандардан Өзүң өч ал, душмандардан Өзүң куткар жана динибизге мусибат жеткирбе. Дүнүйө махабатын жүрөгүбүзгө салба, максат үчүн илим алуучулардан кылба. Кайсы бир адамга кор кылба, кайсы бир адамга көз каранды кылба, Өзүңөн башкага муктаж кылба! Амиин!

👤Хамза Алиев

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

07 Jan, 05:11


🤲🏻РАББЫМ МЕНИ УНУТКАН ЖОК.

Мен унуткан Раббым мени эч качан унуткан жок. Менин бирден - бир тилегим Рабымдын барлыгын, бирлигин тилим менен айтып, жүрөгүм менен сезип, көөдөнүм менен көрүү эле. Анын  убадасы кандай гана керемет. Ал мындай деди " Ойлонбо эй, Менин алсыз пендем, Мени ичиңден изде. Дартың өзүңдө, дабасы да өзүңдө. Жүрөгүңдү кара, тыңша. Мен бармын, жүрөгүң менен карасаң, Мени көрөсүң, сезесиң, угасың, тааныйсың. Жалгыз башыңа келген кыйынчылыктардан түңүлүп, үмүтүң өчүп, эч бир жарыкты көрбөй, чечими жоктой сени чөктүрүп жатса да эч качан үмүтсүз болбо! Алланын ырайымынан үмүт үзбө - деген сөздөрүмдү эсте! Сага үмүттү берген да, жүрөгүңө үмүттү салганда Өзүммүн. "Ал Фаттаах- Бардык жабык эшиктерди ачуучу" ысмыма таянып, Менден жардам сура. Мен сени менен биргемин." ...

Ар бир үмүт дуба, ишеним менен аракет менен гүлүн ачат. Дуба кылууну токтотпо.

Жаратканым Сага терең ишеним менен байлаган үмүтүбүздүн жарыгын өчүрбө!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

02 Jan, 04:45


МЕВЛАНАНЫН СӨЗДӨРҮ

📕 Коркуу- Жараткандан коркпогондор үчүн.

📕 Адеп киймин кийбегенди, жоолук диндар кылалбайт.

📕 Гүл, тикендин достугуна сабыр кылганы үчүн жумшак болуп кооз түсдө кулпунуп турат.

📕 Дүйнөдө бир мусулман үшүсө, сенин жылынганга акың жок!

📕 Амал кылынбастан айтылган насаат сөздөр, карызга алынган кооз кийимдей.

📕 Ушундай бир даарат ал, эч качан бузулбасын. Ушундай бир намаз оку, эч качан бүтпөсүн. Ашыгың үчүн беш убакыт намаз жетеби?..

📕 Оо, бир тууганым! Ой жүгүртүүң аркылуу чыныгы жашоону табышың керек... Ой жүгүртүүң гүл болсо, сен анда гүлдүн бакчасындасың. Ой жүгүртүүң тикен болсо, анда сен мештин ичинде бир отунсуң.

📕 Эгер урук топуракка түшсө,аны "өлдү" дегенге болобу?
Менин жаназамда "Айрылдык" деп ыйлабагыла. Билгиниң, мен үчүн ал убакыт бөлүнүү эмес, Жаратуучум менен жолугуу убакытым.

📕 Бардык нерсе өзүнүн убактысында болот. Гүлдөр кеч ачылбайт, Күн да эрте чыкпайт. Шашылба, күт! Сеники болгон нерсе сөзсүз сага кайтып келет.

📕 Менин өлүмүм- менин төрөлгөн күнүм.

📕 Үйүңдү конок келе тургандай, жүрөгүңдү өлүм келе тургандай таза карма.

📕 Бул дүйнөнү таштап кетүү, саякаттардын эң жакшысы.

📕 Өзүң кандай көрүнсөң, өлүм сага ошондой көрүнөт.

Которгон:
КР эл акыны
Жеңишбек Жумакадыр

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

01 Jan, 12:10


📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚

📍Бүгүн "Мухтасар Ал-Кудуурий" китебинен, кезектеги сабагыбыз уланат.

📖Тема: Ижара маселелери.

👨‍🏫Устаз: Уларбек Ташболотов.

Убактысы: кечки саат: 20:00.

📲Бөлүшүңүз:

🔗Биздин телеграмм каналыбыз⤵️:
https://t.me/ilimnurusabaktar

🔗Ватсап группабыз⤵️:
https://chat.whatsapp.com/KtCm3SWFAKrIh8j7SyjEEp

🔗Ватсап каналыбыз⤵️:
https://whatsapp.com/channel/0029VasSYOT1t90UZFy1261j

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

01 Jan, 06:44


Ражаб айы – Ыйык Рамазандын кабарчысы. Ай көрүнгөндө Алланын элчиси (ага Аллахтын салам жана салаваты болсун) Рамазанга даярдык көрүүнү буйруп, төмөнкү дубаны айтууга чакырган:

«Оо, Аллах, Ражаб жана Шаабан айларында бизди Өзүң колдоп, Рамазанга аман-эсен жеткире көр” (Шу'абильИмаан и ИбнусСунни).

Рамазан менен Ражаб айынын ортосун бир гана ай бөлүп турат. Андыктан мусулмандар Ыйык Рамазан айына азыртадан кам көрүп башташы керек. Бул айда жакшы иштерди көбүрөөк жасап,  башка айлардан өзгөчөлөнтүп, бир күндү белгилебестен, нафил орозо кармап, көбүрөөк ибадат кылган жакшы...

Шүгүр кандай сонун немат, кандай сонун жакшылык. Өмүр жолумда шүгүр нематтын сапарыма ажырагыс жолдош кыл, оо Раббым! Касиеттүү күндөрдүн кутунан көп - көп жакшы амалдарды кылууга, күч - кубат берсин Жаратканым!🤲🏻🌹💖

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

31 Dec, 04:06


🤲🏻ЖАҢЫ ЖЫЛГА ТИЛЕК БАЙЛАП ЭМЕС, ӨЗҮҢӨРГӨ, ЖАРАТКАНГА ИШЕҢГИЛЕ!

Жыл жыйынтыгы бир жылга биздин өмүрүбүздүн азайышы.Умар (андан Аллах ыраазы болсун): "Эң акылдуу адам өзүнөн эсеп - кысап алган " - деп айткан. Ар ким өзүнө " Бул жылы өзүм үчүн, башкалар үчүн, акыретим үчүн, Аллах үчүн эмне кылдым " деп суроо берсин. Изилдөөлөргө караганда убакыт сегиз саатка кыскарыптыр. Бул дегени өмүрүбүздүн  сегиз саатын жоготтук. Бир көрүшкөн адамым менен кечээ эле көрүшкөндөй тез өттү дейсиз... Жылдар айга, айлар жумага, жумалар күнгө, күндөр саатка, сааттар минуттай тез өтүп жатты, шаштырган, шашылган эле адамдар... "Убакыт жок, бошобой калдым, анан, эртең  " деп  кээ бирөөсүн күттүрүп, дагы башкасын жоготуп, мамилелер сууп, аралыктар алыстап, жашообуздан береке кеткен замандын деңизинде кемебиздин ылдамдыгынан кайда кетип жатканыбызда да өзүбүз билбейбиз..

Бирок, бул жыл мен үчүн жемиштүү жыл болду. Жараткан " Эртең дебе" китебимдин ырыскысын кенен ачып берип, бир тараптан айланам жарык жүздүү, таза ойлуу, ийгилик эшиктерине ачкыч болгон  жакшы инсандарга толду, жаңы кадамдар, жаңы достор. Бир тараптан пайдасын көрүп, туура жолго түшкөндөр, дуба - тилектер менин жылдап күрөшүп келген сыноомдун сыйы болду алхамдулиллах!

Айтарым, жаңы жылга тилек байлап эмес,  өзүңөргө, Жаратканга ишенгиле. Бир күн болсо да, Жаратканга жаккан иштердин артынан чуркагыла.  Жаңы жылда болгону сандар  гана өзгөрөт. Уабакыттын тез өтүшү эмес, өмүрүбүздүн азайышы ойлондурсун.  Эгер биз өзүбүздү өзгөртбөсөк жылдардын, айлардын, күндөрдүн өтүшүнөн эч кандай пайда жок..

Жаңы жашоону, жаңы ийгиликке жетүүнүн сааты, күнү жок, ал сенин өзүңө көз каранды. Ошондуктан жашоонун кандай соккусу болбосун,  колуңду таштап, артка караба. Жашоо канчалык сизди сындырбасын, сыноо дүйнөнүн сырларын ачып, жакшылыктын эшиктерин ачып берет. Бул менин жашоо тажырыйбамдан өттү. Башыма келген сыноолор канчалык мен үчүн караңгылыгы ачылбаган жамгырлуу  күндө жашадым дегеним менен, Жараткандын ырахмат жамгырындай жааган нематы менен суугарылдым. Мен үчүн бул эң кубана турган сыйлык, жүрөгүмдө бейиштин үмүтү, тозоктун коркусу жашайт. Жаратканга шүгүрлөр болсун.

Жашоо тайманбас, эр жүрөк,  көк, аракетчил адамдарды жакшы көрөт. Өмүр - көз жаш төгүү,  таарынып, кек сактоо, өзгөрлөрдүн бакытына суктануу, ийгиликти күтүү, жашоонун өзүнөн - өзү өзгөрүшүн күтүү үчүн кыскалык кылат.

Тирүү адамда көп мүмкүнчүлүк болот. Кыска өмүрдүн кыска жолунда,  кыска көз ирмемдерде жакындарыңызды барлыгыңыз менен баалап, бааланып, сыйлап, сыйланып, сүйүп, сүйүлүп, сүйүнтүп, сүйдүрүп, кучактап, кучакталып мээримдин өчпөгөн жылуулугу менен жан дүйнөлөрдү жылытып, бир күн болсо да бир кылым жашагандай жүрөктөргө жакшы сөздүн үрөнүн себиңиз.

Демек, бул  кыска өмүрдү сый менен өткөр.Бүгүнкү адам эртең топурак. Бир үйдө канча жан болсоң, бири-бириңе коноксуң.Сыйлашсаң тирүүңдө сыйлаш, өлгөндөн кийин ыйлаганда не...?

Акыркы сөзүм, мына - мына эшигибизди каккылап, биз күтүп, биз сагынып, биз майрамдай турган момундардын олжосу болгон касиеттүү Рамазан айынын үрөнүн чачкан Ражаб айы кирип калды. Акыретибиздин үрөнүн жакшы эгип, шаабан айында жакшы суугарып, Рамазанда  түшүмүн жакшы жыйнап алууну Жараткандан сурап, дуба кылалы!

اللّهُمّ بلّغنا رمضان

"Аллахумма баллигнаа рамадаан ".

Мааниси: "Оо, Аллах! Бизди Рамазан айына жеткир! "..

🧕Автор: Насиба  Абдуллаева.

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

27 Dec, 04:36


Мен сабыр кылам. Билемин, Аллах сабыр кылган пенделерине кандай иштеринде болсун, аягын ийгилик эшиктерин ачып берет. Аллах сабырдуулар менен бирге...

Мен жашоомо ыраазымын. Билемин, Аллах" Ар Роззааку - Өтө чоң ырыскы берүүчү" шүгүр кылган пенделеринин ырыскысын ар тараптан кенен кылып, жашоосун берекеге толтурат...

Мен дуба кылууну токтотпоймун. Билемин, Аллах дуба менен жашообузга келелек кырсык- балээ, оорулардын жолун тосуп, сактап, келген сыноолордон жеңил чыгып кетүүдө жардам берет. Анткени Анын убадасы " Силер дуба кылгыла, Мен силерге жооп берейин " деген.

Мен намазымды эч качан таштабай окуп жүрүүнү Алладан көп - көп сураймын.Ал мени таштап кетүүсүнөн коркомун. Билемин, Аллах алдында бир гана намазым менен жүзүм жарык жолугам. Анын, " Мен силерди Мага моюн сунуп, ибадат кылууңар үчүн жараттым, Мага кайтасыңар, сабырдуулук менен намазыңарды окуп, Өзүңөрдү тозоктун отуну болуп калуудан сактангыла " деген сөздөрү кулагыма жаңырып турат...

📖 "Эң сонун ысымдар Аллатыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

" Ал Барру- Пенделерине жакшылыгын мол кылып берүүчү" Эгем менин! Жакшылыгыңдан үмүт, каарыңдан корккон, коркуу менен үмүттү жүрөгүмө толтургун Йа, Раббым! Ар бир күнүмдө билип - билбей кылган күнөөмдүн  эсебин эске салгын, берген нематтыңды сезип, шүгүр кылган денемди Өзүңө толук моюн сундургун. Өзүң кечирип, Өзүң ыраазы болуп күтүп алган кулуң мен болоюн!

🤲🏻Жума маарек болсун жакшылар!

🧕 Насиба Абдуллаева.

https://t.me/formulakg

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

24 Dec, 04:46


📖 "Эң сонун ысымдар Аллахка таандык. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

"Ал Хаййу - Түбөлүк тирүү" Эгем менин!Пенделери үчүн Мээрими чексиз, ырайымы түгөнбөгөн түбөлүктүүлүктүн Ээси болгон Жаратканым! Мен жакшы деп план, максат койгон иштерим мен үчүн эки дүйнөмө пайда алып келген иштерден болсо жолун ачык, жеңил, ооматтуу ийгиликтүү кылгын. А, тескерисинче жаңылып жаткан болсом менден алыс кыл, жакшысына багыт бергин. Сен мага жетиштүүсүң Амиин...!

🌹Кутман күн жакшылар, бүгүнкү күнүбүз берекелүү болсун!

🧕Насиба Абдуллаева.

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

23 Dec, 14:30


📍Ассаламу алайкум уа рохматтулохи уа барокатух!

Урматтуу, агалар , инилер сиздер үчүн сонун жаңылык!

Илим алуу бешиктен кабырга чейин. Мүмкүнчүлүк заманда илим  арыгыбыздан агып, ийгилик корообуздан баш багып турганда күндөрүбүздү, убактыбызды туура пайдаланып илим алып калалы !

  📖Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөндөр жана үйрөткөндөр» (Бухарий)

📍" ИЛИМ НУРУ" ОНЛАЙН ОКУУ БОРБОРУ

📍КУРАНДЫ ТАМГАДАН ЭҢ МЫКТЫ, ТЕЗ УБАКЫТТА ЖАНА ОҢОЙ ҮЙРӨНҮҮНҮ КААЛАГАН АГА - ИНИЛЕРГЕ ОНЛАЙН КУРСУНА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ.

📍САБАКТАР ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА ТЕЛЕГРАМ, ZOOM ПЛАТФОРМАЛАРЫНАН БОЛОТ.

📍 ЖУМАСЫНА ЭКИ ЖОЛУ , БИР СААТТАН БОЛОТ. ЖУМА, ДҮЙШӨМБҮ КҮНДӨРҮ.
СААТ :19:00 башталат.

📍САБАК, БИР ЭЛЕ ТАМГАЛАРДЫ ҮЙРӨНҮҮДӨН СЫРТКАРЫ, АДЕП- АХЛАК, ТААЛИМ- ТАРБИЯ ЖААТЫНДА ДА ӨТҮЛӨТ.

📍ТӨЛӨМ БААСЫ : 1000 СОМ .

📍САБАК ӨТҮҮЧҮ:  Египет Республикасынын айтылуу Ал-Азхар университетинин студенти, Арген Сыдык уулу..

📍Катталуу үчүн:

@aliyaoroz

@Gylya_69

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

22 Dec, 05:43


Оо, Раббым менин!

Ишимдин ийгилигин, ниетимдин тууралыгын, жолумдун ачыктыгын, келечегимдин жарыгын Сага тапшырдым. Жашоомо жакшы инсандардын жарыгы менен жакшылык эшиктерин ачып, жакшы амалдарды көп - көп кылууну насип кыл. Көралбас көздөрдөн, жамандыкка толгон жүрөктөрдөн, ууга толгон сөздөн Өзүңө паана тилеймин. Мени жаман адамдардын жамандыгынан сакта. Өмүрүмдү ушундай берекелүү кылгын, жашаганым эмес жасаган иштерим жамгырдай ар бир жүрөккө эгилген үрөн болсун, эки дүйнөмдү бейиш кылган ырыскымдын эшиктерин ачып берсин... Амиин!

🧕Насиба Абдуллаева.

https://chat.whatsapp.com/E1U0nAhDIXJ5LPXy2AtTHX

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

17 Dec, 07:36


📚•БАГЫТ•КИТЕП ДҮКӨНҮ
🔹ТУУРА БАГЫТТЫ ТАНДА!

АДРЕС: Бишкек шаары
📍Эски борбордук мечит: ГОГОЛЬ көчөсү 55/3
📍Дордой:ИБРАИМОВ көчөсү 22/2

📍Ош шаары:
РАИМБЕКОВ көчөсү 22
БАЙЛАНЫШ НОМЕРЛЕРИ:

Бишкек шаары:
+996 226 111 029

Ош шаары:
+996 702 785 959

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

17 Dec, 07:31


🛐Жайнамаз

Жайнамаз бирөөлөр үчүн башка буюмдар сыяктуу эле сатып пайдасын көрө турган бир метр кездеме.

Бирөөлөр үчүн бир жылда эки жолу орозо айтта жана курбан айтта көчүгүнө сыз өтпөөсү үчүн алдына салып отура турган көлдөлөң.

Бирөөлөр үчүн аптасына бир жолу жума намазда пайдалана турган жайнамаз.

А бирөөлөр үчүн күнүнө беш жолу Жараткан Раббисине жолугуу үчүн алып бара турган кадимки учуучу килемдей маанилүү, зарыл буюм.

Бүт дүйнөнү кыдырган буттар бар, бирок ушул бир метр кездеменин үстүнө чыга албайт...

Том-том китептерди жазууга жеткен, эчендеген илимий ачылыштарды ачкан баштар бар, бирок ушул бир метр кездеменин үстүнө чекесин тийгизе албайт...

Бийик падышалык тактыларда, жумшак креслолордо жылдап, же өмүр бою отургандар бар, бирок ушул эки метр кездеменин үстүнө отура албайт...

Анткени, жайнамазга олтурууну ар бир эле пендеге насип кыла бербейт, Аллах каалаган, сүйгөн пенделерине насип кылат...

О, Жараткан Аллах, эч бир үйдө жайнамаз жетимсиребесин.

Менин жайнамазымды мага жолдош кыл.

Жайнамазымды бут койгон жери менен маңдайым тийген жери сүзүлүп, жыртылган жайнамаздардан кылгын.

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

📘"Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

13 Dec, 02:17


🛐НАМАЗ ОКУП ЭМНЕ ТАПТЫҢ?!

Аллах Таала чоң атам менен чоң энемди  ырайымына алсын. Ошо кишилер басса - турса эскертип, кээде мактап, кээде урушуп, таң агаргандан баштап " тургула намаз окугула, кеч калды, болгула !" деп кайра - кайра айтып жатып намаз окуганды үйрөткөндөр эле... Атам кичүү баласы болгондуктан, мен чоң атам менен чоң энемдин колдорунда чоңойдум. Үйүбүз тоонун түбүндө күн кышында тийбейт, суугуна карабай, намаздын аба менен суудан да зарыл экенин кулагыма куюп, жети - сегиз жашымдан эле  чоң энем ээрчитип алып, даарат алса даарат алып, намаз окуса кошулуп окуп жүрүп,  жүрөгүмө орнотуп салыптыр жарыктык энем. Ушул күнгө чейин башыма келген оор сыноолордун курчоосунда калсам да, окуган намазымдын шарапаты менен жеңил өткөрүп, сынбадым. Азыр менде намаз калтыруу деген түшүнүк жок. Бир аз эле  ооруп калсам дароо " Оо, Раббым! Намазымдан ажыратпа, акыркы демиме чейин тилиме, денеме жеңил кыл, намазым менен Өзүңө жолугайын" деп дуба  кылам. Намаздын жашоом үчүн канчалык пайдасын ойлогон сайын, күн суукта эшик алдында чоң энемдин " Тургула намаз окугула !" деген чакырыгын эстеп ыраазы болуп, Алладан алардын билип - билбей кылган  күнөө - каталарын кечиришин тилеймин. ..

Намаз жашообузда эң маанилүү ибадат экенин Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи салам өлөөр алдыңда " Үммөтүм, үммөттүм, үммөттүм! Намазга бекем  болгула, намазыңарды өз убагында окугула, намазсыз бейишке кире албайсыңар, намазыңар жок Аллах алдында эч кимсиңер " деп эскертип кетти...

Намаз жөнүндө жаза берет, эскерте берет деп, намазга маани бербеген, кээде окуп, кээде таштап, анан баштаймын -  деп жүргөн туугандарым! Намаз окуп эмне таптың десеңиз:

Акылым менен Алланы таанып, жүрөгүм менен сезип, өзүмдүн ким экенимди билип,  жашоомдогу максатымды таптым. Дайыма кыжаалат болгон жүрөгүм тынчып, маанайым ачылып, башыма кандай сыноо келсе да стресс - депрессия дегенди жеңил чыккан жолду таптым. Жаман ойлор кетип, жашоого кызыгып,  караңгылап калган дүйнөмө жарык кирди, анткени Аллахты таптым. Сиз менен мен күтүп, чакырып, издеп жүргөн бакыттын сырын таптым. Мен бактылуумун.
"Ким Жаратканды тапса, ал бүт нерсени тапканы. Ким Аны жоготсо, ал бүт нерсени жоготкону."

Дегеним, жашоомдогу эң маанилүү, зарыл ишим деп намазды эсепте. Намазды өз убактысында берилүү, кунт коюу менен оку. Тамак ичүүнү унутуп калбаган сыяктуу намазды да унутпа. Намаз – сенин максатың,  үмүтүң,  жашооң,  өмүрүң болсун!

Эгер ушундай болсо, анда сүйүнө бер: сен Алланын  коргоодосуң, периштелер дубасындасың, дайыма ырыскың ашып- ташып турат, өмүрүң берекелүү болот.

“Аллахым мени да, менин урук-урпагымды да намаз окуучулардан кыл” (“Ибрахим” сүрөсү, 40-аят).

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

11 Dec, 03:42


📍Фатиха сүрөөсүн туура окуу.

📍Жакындарыңыз менен бөлүшүңүз⤵️:

https://t.me/ilimnurusabaktar

📍https://www.instagram.com/ular_fikh?igsh=MWl4ZHl0dTQ5OThrdw==

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

10 Dec, 05:00


☝🏻Жыргалчылыкта  Аллахты  эсте, Ал  сени кыйынчылыкта  эстейт...

Кыйынчылык  башка  түшкөндө  Кудайды  баары эстейт. Кеме  чөгүп  баратканда, учак  кулаганда Кудайлабаган  киши  болбойт.

“Силер  Мени  эстегиле,  Мен  силерди  эстейм”  дейт Аллах  Таала.  Аллахты  жыргалда  да,  кууралда  да, барчылыкта  да,  жокчулукта  да, кубанычта  да, кайгыда  да эстеп, кайрылып,  дуба  кылып, тилеп  туруубуз  керек.

Туруп,  отуруп,  жатып,  айтор  кандай  абалда болбосун  Аллахты  эстеген  адамды  Аллах  Таала  да  ар дайым  эстейт,  жалгыз,  жардамсыз,  колдоосуз калтырбайт.

Аллахтын  буйругун  аткарган, Анын  сүйүктүү пайгамбарларынын  бири  Юнус  пайгамбарды  кит  жутуп алып, түндүн,  деӊиз  түбүнүн,  киттин  ичинин, ушул  үч кабат  караӊгылыкта  кысылып, жаны  кекиртегине  келип: “Оо,  Аллах,  Сенден  башка  сыйынып,  жалбара  турган кудай  жок, Сен  бардык  кемчиликтерден  тазасыӊ,  мен өзүнөөзү  залым  кылуучулардан  болдум”  деп  жалбарды. Аллах  Таала  анын  үнүн  укту,  аны  эстеди. Анткени  ал башына  балээ  келе  электе  Аллахты  эстейт  эле.  Кит деӊиздин  жээгине  чыгып  аны  бүркүп  таштады. Аллахтын  кудурети  менен деӊиз  жээгинде  өсүп  калган ашкабактын  жалбырагына  саялады,  андан  күч- кубат алды,  дене - бою жазылды, өзүнө  келди.

Аллахты  дайыма  эстеп, зикир  кыл. Ар  бир  жакшы ишиӊди  Аллахтын  аты  менен  баштап,  Ага  мактоо  айтуу менен  бүтүр.

☝🏻Сен  Аллахты  эстесеӊ, Аллах  сени эстейт.

👤Автор: Алайчы Сеитбеков.

📔"Аял сен асылсың" китебинен.

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

08 Dec, 13:28


🌧️Алгачкы кар менен кошо жааган үмүт..

Мына бүгүн алгачкы жааган  кардын биринчи күнү. Баткен жергесинде көп жылдан бери кар жаабай эле кыштан чыгып кетебиз. Быйыл эл катары эле кар тоңдурган суугу менен жаап кирип келди. Негизи көбүнчө тереземден сыртка, асманга, жаратылышка  карап, Жараткандан жараткан кооздуктарына тафакур кылып, ойго салганды жакшы көрөм. Айланага көз чаптырсам эмнегедир баары үнсүз, тынч. Куураган дарактар,  сумсайып, жалбырактары саргайып, түшүп куурашы, жашоонун кандайдыр бир бөлүгү аяктаганынан кабар бергендей. Ушул күнгө чейинки басып өткөргөн  жолумда эмнелерди кылдым, эмне менен алек болдум көз алдыма тартылып, шурудай тизмектелип элестелди. Бул жылы  менин көп жылдан бери күрөшүп келген жашоодогу сыноолорго  Жараткандын мага күтпөгөн унутулгус жакшылыгы, сыйы болду,  канча шүгүр айтсам да аздык кылат. Оо, Раббым! .. дедим, Сага чексиз шүгүрлөр болсун, менин жакшы деп билген пландарым, каалоомдон, Сенин планың, каалооң эң жакшы, алгачкы жааган  кар менен кошо жааган үмүтүмдүн келечегинин  жарыгын мындан да  жакшысын  бересиң деп ишенемин, үмүт кылам!

Кичинемде, кар жаап турган  асманды карасам үлбүрөгөн кар бүртүкчөлөрү биринин артынан бири жаап, жүзүмө түшкөндө, бала кыялга оролгон таза аруу тилектерим менен көөпкө карап, өйдөгө карап учаар элем. Бала кезимде кыялкеч кыштарда жашаган болсом,  а азыр үмүттүү кыштарды өткөрүүдөмүн. Жааган аппак  кар кулагыма үнсүз шыбыроосу менен ар бир  кыштын тоңдурган суугу болгон менен артынан жылуулугу менен үмүтсүз жандыктарга  жыңы жашоонун багытына жол көрсөткөн  жазы бар.  Ар бир караңгы түндүн эртеңки жакшылыкка үмүт берген  таңы бар.

فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا

"Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик келет "

إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا

"Аныгында, кыйындыкты улай жеңилдик келет."  - деген  Курандагы: Шарх сүрөсүнүн: 5-6 аяттарын)  мага эскертип турганын айткансыды. Жашоонун жаңы барактарын ачып, үмүт берген бул кыштын эң биринчи кары эле. Апаппак кар өлкөбүздү, жан дүйнөбүздүн кара тактарын тазалап, жууп кетсин...

Бүгүн жааган алгачкы карда мен ушуну ниет кылып, дуба кылдым...

👤Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

08 Dec, 04:05


Сыноо дүйнөнүн сынынан сени таптым оо , Раббым! 🤲❤️

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

05 Dec, 07:37


📍Ассаламу алайкум уа рохматтулохи уа барокатух!

📍"ЯСИНА АКЕДЕМИЯ" ИЛИМ БОРБОРУ

☝🏻КУРАНДЫ ОКУП БИЛГЕН  ЖАЛПЫ ЭЖЕ - СИҢДИЛЕРГЕ "БАКАРА" СҮРӨСҮН ТАСКИХ ТАЛДОО  ОНЛАЙН КУРСУНА КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ.

📍САБАКТАР ОНЛАЙН ФОРМАТЫНДА ТЕЛЕГРАМДА ТҮЗ ЭФИР АРКЫЛУУ ӨТҮЛӨТ .

📍ЖУМАСЫНА ТӨРТ ЖОЛУ , БИР СААТТАН БОЛОТ.

СААТ: 22:00

📍КУРС ҮЧ АЙГА СОЗУЛАТ.

САБАК 5- ДЕКАБРДА БАШТАЛАТ.

📍ТӨЛӨМ БААСЫ : 200 СОМ .

📍САБАК ӨТҮҮЧҮ  АСЯ  УСТАЗА

Бул курста эмнелерди үйрөнөсүз?

📌”Бакара” сүрөөсүнүн ар бир аятын тажвид эрежеси менен талдап,

ар бир тамганы махражы менен туура чыгарып окуганды үйрөнөсүз!

ТАЛАПТАР:

🔹Бекем ниет менен баштоо, жоопкерчилик алып окуу.

🔹Куранды тажвид эрежеси менен окуганды билүү жана эреже менен талдаганды билүү.

🔹 Сөзсүз тажвид илимин бүткөн болуш керек.

🔖Сабактын өтүлүү тартиби:

🔰Кун сайын жазуу түрүндө тапшырма жөнөтөсүздөр.

🔰Устаза текшерип баалап турат.

🔰Кайтарым байланыш 100%

📲 Катталуу боюнча номери: 0773 88 23 03

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

26 Nov, 09:18


*💖Ата-энем – түгөнгүс байлыгым*

Билесиңби, дүйнөдө эң жакшы, эч нерсеге алмаштыргыс эки инсан бар, алардын жакшылыгы эч качан түгөнбөйт, жакшылыгын эч качан милдет кылбайт. Сен экөөбүздү жакшы жашоого үйрөткөн, жакшы жолдо жүрүүгө багыт берген, жакшы адам болууга акыл-насаат айткан, жакшы тарбиясы менен сугарган бул адамдар - ата-энебиз.

Бардык адамдардан жамандык көрүшүң мүмкүн, бирок ата-эненин жамандыгын көрбөйсүң...

Ушул эки адамдын дуба-батасы, ушулардын урматы, ушулардын бар болгону үчүн биздин жо- лубуз ачык, ырыскыбыз мол...

Ушул адамдар болгону үчүн биздин күлкүбүз катуу, үнүбүз өктөм...

Ушул адамдар болгону үчүн башкалар бизге карайт, колдойт, жардам берет, сыйлайт...

Ушул адамдар болгону үчүн эртең менен бактылуу ойгонуп, кечинде бактылуу жатабыз...

Ушул адамдар болгону үчүн күлөбүз, ыйлайбыз, эркелейбиз...

🤲🏻О, Жараткан Аллах, түгөнгүс байлыгым болгон ата-энемдин өмүрүнө береке бер.

Биздин бактыбызга тең карып , тең жашап жакшылыктарыбызды көп - көп көрүүнү насип кыл !

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

25 Nov, 06:49


Шүгүр нематтын тилиме айттырып, жүрөгүмө сездирген Раббым шүгүрлөр болсун!

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

24 Nov, 16:25


🥹Кеч окулган намаз

Өмүр бою намаз, орозосун калтырбай Кудайга кулчулук кылган киши болгон экен. Болгон кемчилиги намазын дайыма кечиктирип, кээде акыркы убагында, кээде убагын өткөзүп окуйт экен.

Бир күнү ажалы жетип дүйнөдөн өтүптүр.

Сен тозоко татыктуусуң! - деп, периштелер аны тозокко алып жөнөйт.

Мен өмүр бою намаз, орозомду калтырбадым го..? - деп жалдырайт тиги.

Периштелер ага кулак салбай тозокко жакындайт.

Намазым... намазым..! - деп кыйкырган кишини тозокко эми ыргытмакчы болгондо, ак кийимчен киши пайда болуп аны периштелердин колунан алып бейишке карай алып жөнөйт. Тиги бечара сүйүнүп:

Сен кимсиң? - деп сурайт:

Мен сенин намазыңмын,- дейт ак кийимчен.

Эртерээк келсең болбойбу, ооз-мурдума учук чыгып өлө турган болгондо келдиң го... — деп, нааразы болот тиги.

Эрте эле келмекмин. Бирок сен дайыма мени кечиктирип окуйт эмес белең. Ошого мен да бир аз "кармалып" калдым, - дейт ак кийимчен киши.

Тиги бул дүйнөдө намазды кечиктирип окутканына өкүнүп башына ургулай баштайт да чочуп ойгонуп кетет. Көрсө жанатан беркинин баары түшү экен.

Эмне жинди болдуңбу, жанатан бери башы көзүңө чапкылайсың? - деп кемпири маңдайында отурат.

Чыкпаган жеринен тер чыккан абышка "у-ФФ" деп үшкүрүп отуруп калат. Ошондон кийин абышка намазын өз убактысында, жамаат менен чогуу окуп калыптыр...

О, Жараткан Аллах, намазын кечиктирип окугандардын абалы ушундай болсо, намазын каза кылып, намазга кайдыгер жүргөн,  андан да коркунучтуусу намазы жок туугандарыбыздын абалы кандай болот экен...?!

Оо, Раббым! Намазыбызды өз убактысында, калтырбай, казасыз окуучу пенделерден кыл!

Кыямат күнү намазыбызды бизге колдоочу, өлүмүбүзгө жолдош, кабырыбызга нур кыл..

Окуган намазыбыз бизди жаман, күнөө иштерден тыюучу тирүү намаз болсун.

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

📕 "Эртең дебе" китебинен.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

24 Nov, 03:26


Бисмиллахир Рохманир Рахим.
Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун.
Пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун.

«Эң чоң байлык – бул акыл.
Эң чоң жакырчылык – бул келесоолук.
Эң чоң наадандык – бул текебердик.
Эң чоң артыкчылык – жакшы адеп-ахлак.
Акмак ​​менен достошпо, анткени ал акмак сага жардам берүүгө аракет кылат, бирок сага зыян келтирет.

Жалганчы менен да дос болбо, анткени ал алысты жакын, жакынды алыс кылып көрсөтөт.
Сараңга да жакындаба, анткени сараң сага эң керектүү болгон нерсени бербейт.
Жаман менен дос болбо. Анткени жаман адам сени арзан эле сатып кетет”.

Али ибн Абу Талиб,
Аллах андан ыраазы болсун

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

23 Nov, 09:10


📍Ассаламу алайкум рохматтулоохи ва барокатух!

✈️Умра, кичи ажылык сапарына устаз Алайчы Сеитбеков менен бирге барууну каалайсызбы?

📍Анда:

🕋2025-жылды эстен кеткис ибадаттар менен баштаңыз!

🔹Пайдалуу сабактар,

🔹Эстен кеткис саякаттар,

🔹Кемчиликсиз, так ибадаттар.

☝🏻Умра амалын аткаруу өтө сооптуу иштерден. Ошондуктан мүмкүнчүлүк, шарты бар адамга өмүрүндө бир жолу Умра амалын аткаруу сүннөт. Умра кылууда биздин дүйнө жашообузга жана акыретибизге пайдалуу болгон көптөгөн амалдар бар. Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васаллам бир хадисинде: “Ажы жана Умра кылуучулар – Алланын коноктору” – деп айткан. Дагы бир ушул маанидеги хадисте: “Ажы жана Умра кылуучулар – Алланын коноктору. Эгер алар дуба кылса, Алла кабыл кылат. Эгер кайсы бир тилегин сурашса, Алла берет. Эгер күнөөлөрү үчүн кечирим тилешсе, Алла кечирет”.

😊Демек, Алланын Өзүнө конок болуп кетүү ар бир мусулманга сыймык. Катталууга шашылыңыз, биз менен биргеликте Алланын коногу болуп кетиңиз.

🔊ЭСКЕРТҮҮ: Орундар чектелүү, андыктан кеч калбаңыз…

📍Суроолор боюнча байланыш номерлер:

☎️:Эркектер үчүн :0772 44-39-93,
Аялдар үчүн: 0777 20-50-20

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

23 Nov, 04:02


☀️ҮМҮТ..

Үмүт пардасы шамалга желбиреп, кээде ачылып, кээде жабылып, тереземди канча аарчысам да, келечекке жарык берген күн нурун таппаймын. Максатыма жол салган кыялым канча бийик болсо да  жетпей келем. Ооба, кээде жашообузда ушундай учурлар болот, жардан өйдөгө канчалык аракет кылып, жөрмөлөп кол сунган сайын артка кулайсың. "Ансыз жашай албаймын" дейсиң, убакыт өтүп, жаңы адамдар менен толукталат. "Баары бүттү, өлдүм" дейсиң, жаңы күндүн таңында көзүң ачык, тирүүлүк улана берет. "Бул оорудан эч качан айыкпаймын го" дейсиң, ичээр сууң түгөнбөсө, күтүлбөгөн жактан шыпаа болуп, айыгып, жашооңдун жаңы күнү баштала берет. Анткени, жашоо мыйзамы ушундай, Аллах насип кылгандай, каалагандай болот. Биз моюн сунабыз. Анын, планы, бизди кандай гана соккулары менен сындырбасын, тайдырбасын, чарасыз калтырбасын, бизге сезилбеген эки дүйнө жакшылыгын ачып бере турган эшиктерге алып барат.

📍Аллах Таала минтип айткан:
"Силерди жакшылык менен жана жамандык менен сынайбыз жана бизге кайтасыңар". (Анбия сүрөөсү, 35- аят)

☝🏻Жаратканым пилге жүктөгөн жүктү кумурскага жүктөбөйт. Сыноо канчалык оор болбосун, пендесинин ыйманына, деңгээлине, күчүнө жараша болот. Аллах Мээримдүү, Ырайымдуу. Ал ар бир нерсени өз өлчөмү, өз сааты, күнүнө чейин ченеп жараткан. "Ал - Холик", "Жаратуучу". Бардык жаратылган жансыз - жандуунун Ээси. Ал "Баариу" - "Жан берүүчү". "Бол!"- десе, баары заматта болуп, заматта айыгып, заматта чечилип, заматта бүтүп, заматта ишке ашырылат. Анын каалоосусуз бир кыпын чаң да өз ордунан жылбайт.

📍 Эгер билсең, шайтан адамдын кайгырганын жакшы көрөт. Себеби кайгы менен Аллахка болгон үмүтүн үзүп, Ага болгон ыйманын жоготкусу келет жана Ага карай жолун тоскусу келет. Пайгамбарыбыз ﷺ да Аллахтан дайым дуба кылып: «О, Аллахым! Мен кайгы-капалыктан сактооңду сураймын» – деп сураган. Аллах Таала да Ыйык Куранда мусулмандарга карата: «Алсырабагыла жана кайгырып капаланбагыла. Албетте, бир кыйынчылыктан кийин эки жеңилдик болот" – деп эскерткен.

Шайтан адамга ар кандай ой салып, кайгыртып, капалантып, жүрөгүн алсыратат, эркин жоготот, кайратын мокотот жана максатына карай аракетин токтотот. Мына ошол себептен ыймандуу адамдын капалануусу шайтанга табылгыс кубаныч. Ал дайым аны болбогон нерсе үчүн капаланууга, түбү жок пайдасыз ойлорду ойлонууга түртөт.

🤗Эч качан үмүтсүз болбо. Аллах биз менен. "Жүз күндүк кыйынчылык болсо да, сен күтпөгөндө бир күндүк жакшылык баарын унуттуруп коёт".

📍Аллах Таала минтип айткан: "О, Мухаммад! Өздөрүнүн напсисине зулумдук кылып, күнөө кылган пенделериме айткын: Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө! Чынында, Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Албетте Аллах Кечиримдүү жана Мээримдүү" (Зумар сүрөөсү 53-аят).

👤Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

22 Nov, 04:34


🤲🏻Оо, менин сүйүктүү Раббым!

Мен Сага чарасыз абалда, жакшылыгыңа үмүт байлап, терең ишеним менен алдыңа келдим. Мени дүйнө түйшүгү чарчатты, өтө алсызмын. Сага жүзүмдү бурдум, башымды саждаңа коюп, моюн сундум, колумду көтөрүп Сага сундум. Сага менин ичимдеги бардык сырларым жетип барсын. Мага сыноо келди, сыноодон сынып, өзүмдү жоготуп койбоюун. Өзүң жардам бер.  Мен Юсуф алейхи салам эмесмин, кудук чуңкур,  Мен Ибрахим алейхис салам эмесмин, бул от мени күйгүзүп коёт. Мен Якуб алейхи салам эмесмин бул кайгы мен кууратып жок кылат. Мен Ильяз алейхи салам эмесмин бул караңгы мени бууп коёт. Кулаган, күчсүз кулуңа күтүлбөгөн жакшылыктар эшигин ачып кубантыр оо, Раббым!

🤲🏻Бүгүнкү улуу күндүн урматына биздин дуба- тилектерибизди кабыл кыл Раббым! Жума маарек болсун жакшылар!

🧕 Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

21 Nov, 03:59


😥Көз жаш

Эч кимге дартыңды айтпа, өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы бирөөнүкүнө батмак беле? Убактылуу жаратылгандарга эмес, түбөлүктүү Жаратканга таян. Жүрөгүңдүн дартын бир гана дайыма уга турган "Ас-Самиъ" бардык жашыруун жана ачык дабыштарды, сырларды Угуучуга айт...

Сырларыңдын түйүнүн чечип, чечимин жүрөгүңө салып, туура жолго багыт бере турган "Ар-Рашид" туура жолду көрсөтүүчү бардык жүрөктөрдүн Ээси болгон Жаратканга жалбарып дуба кыл!

Жаздыгыңа көз жаш төккөнчө, бир тамчы болсо да жайнамазда башыңды саждага коюп, Аллах үчүн көз жашыңды төгүп, ичиндеги бардык көйгөйлөрүңдү айтып, жеңилдик сура...

Океандын суусу өчүрө албаган тозок отун, Жараткандан коркуп аккан бир эле тамчы көз жаш өчүрө алат. "Булут ыйлабаса жер кайдан көгөрмөк" дегендей, көз жаш болбосо дуба кайдан кабыл болсун.

Эмне үчүн ыйлабайбыз? Анткени жүрөгүбүз күнөөнүн көптүгүнөн катып калган. Эмне үчүн күнөөнү көп кылабыз? Анткени өлүмдү эстебейбиз. Эмне үчүн өлүмдү эстебейбиз? Анткени бул дүйнө жашоосуна алданып калганбыз. Бул дүйнөгө эмне үчун алдандык? Анткени үмүтүбүз узун, пландарыбыз көп...

Бирок...

О, Жараткан Аллах, ыйлабаган көздөн, ойгонбогон жүрөктөн сакта.

Дүйнө үчүн, дайынсыз сүйүү үчүн көз жаш төккөндөрдөн эмес, акырет жашоосу үчүн көз жаш төккөндөрдөн кылгын.

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

📕 "Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

19 Nov, 08:39


🤲🏻Табияттан алган үч сабак

"Гүлдөй болуп айланага жыпар жыт, кооздук тартуулайлы. Топурактай сизди кадырлаган инсан өзү келет", — дептир Шамс Тебризи.

📍Биринчи сабак: бал аарыдан алынчу сабак. Учканы жарыктык, конгону кооздук, көргөнү сулуулук, бергени жылуулук. Жашоо бакчасында сөздөрдүн, иштердин, мамилелердин жакшысын кылып, башкалардын жүрөгүнө уу сеппей, гүл эгели. Башкалар бизди эстегенде кубансын, жолубузду карап күтсүн, сүйлөшүүгө шашылсын...

Бири-бирибизге Жараткандын улуктугун, жакшылыгын эстетип, жакшы жолго чакырып, жаман жолдон кайтарып туралы.

📍Экинчи сабак: курма дарагынан алынчу сабак. Жалбырагы да, мөмөсү да тээ бийиктикте. Майда-чүйдө менен иши жок. Жалбырагы түшүп жерди бытыратпайт. Жакшыга да, жаманга да көлөкөсүн аябайт. Акмак таш ыргытса, ал бышкан мөмөсүн ыргытат. Адамдарга айрыкча, аңкоо, наадандар менен мамиле кылууда ушундай бийик болгон жакшы. Бурулуп карабай, айтканына жооп кайтарбай, кечиримдүү болуп, көңүл бурбай, алдыга баса берели.

📍Үчүнчү сабак: кумурскадан алынчу сабак. Тамактын тазасын жеп, аз эс алып, көп иш кылган, аракетчил, мээнеткеч, көздөгөн жерине көктүк менен жеткен, өзүнө берилген жумушту жоопкерчиликтүү аткарган, багыты бир жолго гана багытталган кумурскадан алчу сабактар көп. Алдыга максат коёлу, анан ага жетүүгө тырышалы. Балким жүз жолу артка кетишибиз мүмкүн, бирок жүз биринчисинде эмне үчүн алдыга кетүүгө болбосун...

О, Жараткан Аллах, бал аарыдай пайдалуу, оозунан балдай таттуу сөз чыккан, жакшы мүнөздүү адамдардан кыл!

Курма дарагындай бийик, эч кимге зыян жеткирбеген сабырдуу пенделерине кош.

Кумурскадай мээнеткеч, аракетчил кыл.

🧕Автор: Насиба Абдуллаева

📕 "Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

16 Nov, 06:11


Күз айынын акыркы күндөрүнөн көз ирмемдериннен айланама карап, тафакур кылып, ойго салдым. Укаланып жерде жаткан чирик жалбырактарды учуруп жок кылгын шамалдын ызгырыгына термелип, ой - жүгүрттүм да ..тереземе карап, Жараткандан" чирик жалбырак  сымал  мүнөзүмдү күүп жок кылгын, сырткы келбетимди кооз кылгандай, ички дүйнөмдү,  кулк - мүнөзүмдү чырайлуу кылгын, сүйлөгөн, жазган сөздөрүм амалыма дал келсин, мусулман деген атыбызды жүрөгүмдүн  күзгүсүнөн карап, башкаларга үлгү, суктанган, ээрчиген суйүктүү кулдарыңдын катарында болууну насип кылгын! " деп дуба кылдым....

Жашоодо ар бир  күнүңдү  күлүп, кубанып тосуп, кылган жумушуңду ибадаттарыңды өз убагында аткарып,  ырахат алып жашоону кааласаң ден соолугуңа көңүл бур...

Момун амалы менен жете албаган соопту  даражага чырайлуу кулк - мүнөзү менен жетет. Динибиздин эшиктерин ача турган ачкычы да адеп - ахлак. Жакшы мусулман болбоңуз эң мыкты мусулман болуңуз...

Адамды жакшы көрүүнү кааласаң сыртына карап эмес,  ички дүйнөсүнө карап жакшы көр. Себеби баары эле көргөнүн сүйөт, сен көпчүлүк көрбөгөнүн сүй. Эгер сүйүүнүн даамын таткың келсе, сыртына эмес жүрөгүнө ашык бол, ошондо бактылуу болосуң. Анткени адамдын адамдык сыпаты жүрөктө  гана катылган. Эгер билсеңиз Жаратканда пендесинин жүрөгүнө карайт. Илим амал менен мөмөлөсө, чырайлуу адеп - ахлак,  кулк - мүнөз периштелер даражасына жеткирет. Мусулман жүзүндөгү сулуулугу менен эмес, ички сулуулугу менен башкаларга күзгү, үлгү болот.

📍Аиша, радияллаху анха, айтты: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтчу эле: «О, Аллах! Менин келбетимди кооз кылып жаратканыңдай эле кулк-мүнөзүмдү да кооз кыл». (Ахмад)

🧕Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

15 Nov, 03:34


📖 "Эң сонун ысымдар Аллахтыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

Оо, Раббым! Жашоомду Өз ырайымың менен кооздоп, жакшылыкка толтур. Ар бир күнүмдө алган демим, кадамым, ниетимди Сага жаккандай ибадатка айландыр.Аз болсо да амалдарым токтоп калбай уланып турсун, даражасын жогору кыл, берекеси менен эки дүйнөмө пайдалуу кыл. Үй-бүлөм, жакын, досторум менен мамилемди жакшыртып, ортобуздагы ынтымак, сый-урматты бекемде. Жашоомду, жүрөгүмдү сүйүү, махабат, мээримге бөлө. Ар бир кадамым да Сенин барлыгыңды, бирлигиңди, ырахматыңды сезүүнү каалаймын. Жан дүйнөмдү "Ан Нуур- Ааламдарга, жан дүйнөгө нур чачуучу" ысмың менен тазартып, такыбалардан кыл. Бүгүнкү жума күндүн урматына дубаларбызды кабыл кыл. Амиин ...!

🌹Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Насиба Абдуллаева

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

11 Nov, 03:52


Оо, Аллахым!

Динимди, дилимди караңгылардын касынан, көзүнөн, сөзүнөн сактай көр! Диним менин коргоочуум, жакыр болгон жан дүйнөмдү тынчтыкка, бейпилдикке, адилеттүүлүккө, чындыкка жол табууга жалгыз жарык берген шам чырак. Менин дүйнөмдү ушундай кыл, бул менин эки дүйнөмдүн киреше булагы. Менин акырет  жашоомо даяр кыл, бул менин акыркы аялдамам. Жашоомдо ар кандай жакшылыктар, кыйынчылыктар болот. Мени адаштырба. Канча өмүр берсең да ар бир демим, таңым, күнүм, түнүм Сени менен бирге болсун. Амиин!

🧕Насиба Абдуллаева

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

09 Nov, 04:12


📒ДИЛИМДИ ОЙГОТУП, ОЙЛОНТКОН КИТЕП..

Эч качан эч нерсеге сыртынан карап тон пычпа дегени ушу тура. Соц тармактарда " Дилимдеги" китебинин жарыяларын, окурмандардын пикирлери карап, бул китеп жаштарга багытталган китепко, анан ичи аз- аздан эле сөздөр, сүрөттөр менен жазылган окшойт деп койгом. Китептин автору менен таанышып калып, анын жөнөкөйлүгү, ар окурманга болгон мамилеси, сыйын көрүп, кандай адам экени баалап, дилиндеги сөздөрүнө дагы да кызыгуум артып китебин алдырып окудум. Китепти сүйүп окуганды китеп сүйүнтөт, көңүл коюп окугандын көзүн ачат, кууп окуганга ийгиликтердин эшигин ачып берет дейт. Ар бир китеп өзүнчө аалам, ар биринен биз билбеген сырлары катылган. Бул китептен аты айтып тургандай дилиндеги сөздөрдү ар ким өз күндөлүгүнө суроо берип, жооп жазып, таап, өзүнө сабак алат деп ойлойм. Бир эле жаштарга эмес, бардык окурмандар окуй турган улуу аалымдардын, акылмандардын хиккя, баяндары негизинде жазылган сонун китеп болуптур. Азыркы күндө чарчаган, жаңылган жүрөгүбүздү эс алдырып, чаржайыт ойлорубузду оңдоп, жашообуздагы максатыбызга билүүбүзгө туура багыт берген, жашоо эрежебизди пландап, бактылуу жашоого жол көрсөткөн, айрыкча үй - бүлө кура турган жаштарыбызга аманатка бекем болууну, сүйүүнү баалап, кыянаттан алыс болуу, жоопкерчилик, милдеттерди мисал, сүрөттөр менен чагылдырып жеткирген китеп болуптур. ...

Китептен үзүндү:

📍 Тағдыр жана чечим

☝🏻Турмуш куруу тагдыр, талак берүү чечим.

☝🏻Ыйлоо - тагдыр, ал эми жылмаюу чечим.

☝🏻Жашооңдо бир инсандын болуусу тагдыр, аны барктап, кармап калуу чечим.

☝🏻Кимдир бирөөнү сүйүп калуу тагдыр, бирок аны арам же адал кылуу чечим.

☝🏻Кайсыл бир күнү өлүшүбүз тагдыр, бирок жакшы же жаман инсан болушубуз чечим.

☝🏻Ооба, тагдыр биздин колубузда эмес, бирок чечим өзүбүздүн колубузда.

☝🏻Тагдырды колго ала албайбыз, бирок чечим өз колубузда.

🤲🏻Алибек мырза сизге Аллах ыраазы болсун! Ишиңизге ийгилик каалайм, дагы да көптөгөн китептерди жазып, жалпы үммөттү ойготуп, ойлонтуп туура жолго түшүүсүнө себепчи болуңуз. Өмүрүңүздү берекелүү кылсын Жаратканым! Коомубуздун келечегин кең, жарык кылган сиздей жаштарыбыз көп болсун...!

@dilimdegi
@dilimdegi
@dilimdegi
https://www.instagram.com/reel/DCIukj0oXi5/?igsh=MW9lY2NuYTN6OTJjYg==

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

08 Nov, 03:26


Ассаламу алайкум! Алоо, ата, кандайсыз, ден соолук жакшысыздарбы?

- Ооба, жакшы, жакшы. Кызым мен азыр бош эмесмин, досторум менен тойдо жүрөм. Анан чаламын. Түт...түт ..түт..

Ассаламу алайкум! Алоо, апоо кандайсыз, ден соолук, жакшысызбы?

- Оо, кызым жакшы, жакшы. Мен бир туугандар менен кафеге олтурабыз ошого жөнөп жатам. Анан келгенде чаламын. Түт ..түт .түт ..

Ассаламу алайкум!
Алоо, ага кандайсыз, ден соолук, иштериңиз, чарчабай иштеп жүрөсүзбү?

- Угуп жатам, аа жакшы, рахмат. Азыр, бир жыйында олтурам. Анан чаламын э.... түт... түт.. түт...

Ассаламу алайкум!
Алоо, эже кандайсыздар, ден соолук, балдарыңыз жакшыбы!

- Жакшы, жакшы рахмат. Азыр балдарыма тамагын берип, окууларына жөнөтүп бошойун анан чалам э.. түт... түт.. түт...

Ассаламу алайкум!
Алоо, досум кандайсың, ден соолук, ыймандар, барсыңбы, бир сүйлөшөлү?

- Жакшы, жакшы, бармын досум жолдо кете жатамын ишке, бошогондо өзүм чалайын э... түт.. түт.. түт..

Силерди эч болбосо телефондо болсо да зыярат кылып, жума күнү менин куттуктап, сурап койоюун дегем.....😒

Мындай көрүнүштөр баарыбызда эле болуп жатат сыягы .. Ушундай заман болуп калды шашкан, шашылган эле адамдар, анан, кийин, эртең чалам да, бошогондо жазам да, сурап  койом да, жооп берем да убакыт болгондо - деп жатып, күндөр - айларга, айлар - жылдарга алмашып жашообузга жарык берген канча жакындарыбызды жоготуп, аралыктар алыстап барат...кээде күлүктөй карматпай чаап чуркаган күндөрүбүзгө карап коркуп кетем. Бири - бирибизди жолукпай, жүздөшпөй жоготуп алабызбы деп. Жашоо ансыз деле кыска. " Аттиң ай! Ошондо жооп берип, сурап койбопун, кабар албапмын " деген күндөр келгенче, тез - тез шаштырган тирүүлүкдө бири - бирибизди тез - тез жоктоп,  кадырлап, барктап, коргоп, колдоп,  сыйлашып калалы... түт.. түт... түт...деген чакырык бир күн албай, чалбай калышы мүмкүн...

😊Жума маарек болсун, мен силерди жакшы көрөм жакындарым, жакшыларым!

Жакшы көргөн жакындарыңызга жөнөтүп койуңуз..

🧕Автор :Насиба Абдуллаева

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

07 Nov, 04:34


📍Бекер бейиш турса, тозокту сатып алба!

Бейиш бекер... Тозок акылуу...

Мечитке барсаң, сенден эч ким акча сурабайт... Казиного бекер кирип көрчү...

Бул бир эле мисал. Аракка, казиного, кумарга, зынага, тамекиге, насбайга канча акча коротуп жатасың? Ар ким өзү эсептеп көрсүн. Эсептеп канча болсо, "ушунча акчага тозокту сатып алыпмын" деп айтсын. Ооба, уялбай, кыйналбай эле айтсын. Анткени бул чындык.

Бейиштин сыпатына бир аз көңүл буралы. Бейиште оору-сыркоо болбойт. Кайгы-капа деген түшүнүктүн өзү жок. Адамдардын баарынын жүрөгү бир жүрөктөй таза. Баары бир жашта, баары сулуу, баары келбеттүү... Негизгиси бейиште өлүм болбойт. Андагынын баары түбөлүктүү... Андан да негизгиси анда Аллахтын ыраазылыгы бар... Кызыгы ушунун баары бекер десең...

А тозокчу... Тозок өтө коркунучтуу... Кудай сактасын... Тозоктун сыпатын айтпай эле коёюн. Тозок деген тозок... Аны аты эле айтып турат... Таң калыштуусу ошол тозокту биз жан талашып сатып алганыбызда... Акча коротуп, акча го жерге кирсин, убакыт, жаштык, атүгүл, бүтүндөй өмүрдү ошол үчүн коротуп жатпайбызбы...

Келгиле, бекер бейиш турса, тозокту сатып алуучулардан болбойлу. Ойлонолу, ойгонолу, эртерээк ойлонуп, эртерээк ойгонбосок убакыт бизди күтпөйт...

О, Жараткан Аллах, бизди тозокко алып барчу иштерден Өзүң сакта!

Бейишке алып бара турган иштерди аткарууну Өзүң жеңил кылгын!

Бекер бейиштен качып, тозокту сатып алчулардын катарына кошпо!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

05 Nov, 16:18


Намазым менен жашоом маңыздуу оо, Раббым Сага чексиз шүгүрлөр болсун!

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

02 Nov, 05:10


🥹НАМАЗСЫЗ ЖАШООДОН ӨЗҮҢ САКТА!

Оо, Раббым! Намазым жок Сенин алдыңда мен эч киммин. Тирүү болуп, Өз жаратуучусун тааныбай, өлүк болуп жашоодон Өзүң сакта! Намазым менен Сени таанып, Сени таптым, Сага жакын болуп, өзүмдү таанып, жашоодогу максатымды билдим. Өмүрүмдүн жолу - кыска, акыреттин жолу - узун. Ал жолдордо бизди түбөлүк жакшылыктарга жетүү үчүн, намазымды өзүм менен кошо кете турган жолдош кыл. Бул дүйнөдө билип - билбей адам акысына кирген иштерди кылуудан сакта, акыретте бир өмүрлүк окуган намазымды куру жайнамазымды колума кармап жолугуудан Өзүң сакта! Сага моюн сунуп, саждага койгон башымдын издерин" намаз" аттуу документиме мөөр кыл. Бул дүйнөдө "намаз" аттуу документимди жоготуп алуудан Өзүң сакта!

🤲🏻"Оо, Раббым, мени жана менин үй-бүлөм бүлөмдү, балдарыбызды, жакын- бир туугандарыбызды намазды таштабай толук аткарып, акыретте жарык жүз менен "Ас Соолат - намаз окугандар кирген бейишине" чогу кирүүнү насип кылгын.Оо, Раббим, дубамды кабыл кыл"

🧕Насиба Абдуллаева

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

01 Nov, 04:09


күндүн көзү чыгып, нуру жерди каптайт...азыр эле кыямат кайым болгондой, жашоо бүткөндөй болуп жаткан жер бети таптаза, жапжашыл болуп, мурдагыдан далай кооз көрүнөт...

👤Автор: Алайчы Сеитбеков.

📔"ЧЕЧИМ" китебинен.

https://chat.whatsapp.com/Ik31p9mha4wJJt4ST4WNFm

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

01 Nov, 04:09


📍КӨЙГӨЙЛӨР..

"Туулдуң калдың балээге" дейт кыргыз. Айтса айтпаса, адам пенде Жараткан анын бешенесине жазган мурду башынан аягына чейин жыргап куунап өткөрө албайт. Өмүр кыска болгону менен далай ашуу, далай бели бар. Жашоо көйгөйлөр менен коштолот. Ансыз жашоо жашоо болмок эмес Жашоонун ачуусун да таттуусун да чогуу таткан адам гана жашоонун баркын, жашоодогу максатын билет. Кууралы болбосо жыргалдын баркын ким билмек. Кайгысы болбосо кубанычы кайдан болмок...

Адам пенденин жашоосундагу бардык көйгөйлөрү ага жаман сезилгени менен, кандайдыр бир жакшылыктын ачкычы экени маалым. Бирок, муну көпчүлүк аңдай албайт. Башына түшкөн кандай көйгөй болбосун, аны дароо жамандык деп билет. Жок, бул жөн гана Аллахтын сыноосу. Адам атадан бери карай канча адам жашап, ошонун баарынын башына келген жөнөкө эле сыноо. Аны оорлотуп, кыйындатып, татаалдатып, бүтпөс кылып узартып алган адамдын өзү.

📖"Силерди коркунуч, ачкалык, мал-мүлкүңөрдү тоют-түшүмүңөрдү азайтуу, жакындарңдан айрылтуу сыяктуу иштер менен сынайбыз. Мына ушундай иштерде сабырдуу болгондорго сүйүнчү бар..." дейт Аллах Таала..

Көйгөйлөрдүн жакшысы жок, бирок адамдардын кээси аны оңой чечет, кээси чече албайт. Кеп көйгөйдө эмес, кеп аны кантип чечип, андан кантип чыгууда. А бул жеңил эмес. Эгер чечим туура эмес болсо, көйгөй мурдагыдан да көбөйүп андан да чоңураагы пайда болот. А эгер чечим туура болса, көйгөй дароо чечилет, кайгы кубанычка, ый күлкүгө, мээнет дөөлөткө айланат..

Бул китептен биз көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун үйрөнөбүз. Туура чечим кайгыны кубанычка, согушту тынчтыкка, келишпөөчүлүктү биримдикке, ачкачылыкты токчулукка, ооруну дабага айландырат.

Китептин башталышында эле көйгөйлөрдүн чечүүнүн бир канча жолуна токтолуп анан андан ары жылалы...

📍Бардык көйгөйлөрдү чечүүнүн биринчи ачкычы көйгөйдү убагында көрө билүү, аны моюнга алуу. Көйгөй денедеги жаракат сыяктуу убагында дарылабасаң, ырбай берет,

📍Көйгөйлөрдүн мындан оор, мындан жаман болуп калбаганына Жараткан Аллахка шүгүр кылып мактоо айт бул сага көйгөйдөн бат чыгууга жардам берет:

📍 Чечим чыгаруудан мурда көйгөйүңдөн алып чыгуучу жолдордун бир канчасын карап көр. Акырында жеңилин жана кийин башка көйгөйгө кириптер кылбай турганын танда..

📍Аллахтын каалоосу менен ар бир көйгөйдөн чыга турган эшик бар экенине бекем ишен,

📍Тагдырдын жакшысы да, жаманы да Аллахтан болоруна, бешенеге жазылганды көрбөскө чара жок экенине ишенип, моюн сун "Аллах бизге жазган нерсе гана болот..."

📍Эч качан жакшылыктан үмүтүңдү үзбө, үмүтсүздүк сага зыянын гана тийгизет:

📍Акылдуу, тажрыйбалуу көптү көрүп, көптү билген адамдар менен кеңеш. Бул Аллахтын буйругу: "Алар менен иштериңде кеңеш....

📍Шашылба, ар бир чечимдин натыйжасына көз сал. Бир көйгөйдөн чыгарып, экинчи көйгөйгө киргизип коё турган чечимден сак бол;

📍Жакшы пикир кылуу үчүн ордуңду өңгөрт.. Акылыңа акыл оюңа ой кошо турган жерге бар. Акпаган көлчүк бузулган сыяктуу бир оруңдан жылбаган адамдын пикири бузулат:

📍Башыңа келген балэ кырсык мүшкүл көйгөйлөрдүн себебинен сооп сыйга ээ болоруңду унутпа. Кыйынчылыкка сабыр кылуу даражаңды көтөрөт.

📍Көйгөйлөрдөн жеңип чыгаруучу негизги жол - ыйман, ишеним. Аллахтын мээрине, кудуретине ишен жана үмүт кыл, Аллахтын жардамы болоруна күмөн санаба. Дарт, арманыңды Аллахка айт. Дуба кыл;

📍"Сабыр жана намаз аркылуу жардам сура". Сабыр менен кулпулар ачылат, оорчулук жеңилдейт, жүрөк тынчтанат. Намаз менен караңгы жолго нур чачырайт, көйгөйлөр чечилет, Жараткан ыраазы болот:

📍Эртең менен жана кечинде айтылчу зикрлерди унутпа. Бул сенин эртеден кечке, же кечтен таң атканча жамандыктан коргогон коргонуң болот,

📍Бардык көйгөй мүшкүлдөрдү бороон-чапкынга окшот. Алгач күн бүркөлөт булуттар топтолот, жамгыр себелейт .....анан чагылган чартылдап, күн күркүрөйт, жамгыр нөшөрлөп, шамал согуп, алай-дүлөй болот....анан жамгыр басаңдайт, шамал токтойт, булуттар тарайт.

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

30 Oct, 07:53


📍Өлүмдү эскерткен аят

"Инна лиллаахи ва инна илайхи рожиъуун". "Чынында баарыбыз Аллахка таандыкпыз жана Аллахка кайтуучубуз" деген маанидеги бул аятты көбүнчө жакынынан ажыраган бирөөгө анын көңүлүн көтөрүү үчүн айтып жүрүшкөнүн угабыз. Бул аятка тереңирээк ой жүгүртсөк, ичинде көп нерсе катылган. Ушул аяттын өзү эле биздин ким экенибизди, кайдан келип, кайда барарыбызды, жаратылуудагы максатыбызды ачык билдирип турат. Бул аятты жакынынан айрылып, кайгырып турган адамга айтуунун максаты да ошол. Ага акыретти эстетип, сен дагы, мен дагы акыры бир күн сенин жакының кеткен жакка барабыз дегенди билдирип коюу.
Бул аяттан Аллах Тааланын: "Эй, пендем! Мен сени жараттым, сен Мага таандыксың, сага берилген өмүрүң, ден соолугуң, мал-мүлкүң, бала-чакаң, кыскасы сен өзүңдүкү деп ойлогон нерсенин баары Меники. Күндөрдүн биринде Мен сага берген ошол нерсенин баарын кайра Мага калтырып, өзүң да Менин алдыма келесиң" деген сөзүн угабыз.

Ошон үчүн бул аятты жүрөгүбүздүн түбүнө сактап, саат сайын, мүнөт сайын эстеп турушубуз зарыл. Бардык нерсенин башталышы бар, бүтүшү бар. Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтып барабыз...

О, Жараткан Аллах, биздин жүрөгүбүздөн акыры келе турган өлүм чындыгын чыгарбагын!

Өлүмдү унутуп, өлбөчүдөй жашоодон Өзүң сакта!

Баарыбыз Өзүңө таандык экенибизди, баарыбыз эртедир-кечтир Өзүңдүн алдыңа барарыбызды билип жүрө турган пенделерден кыл!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

29 Oct, 03:09


📚СООЛУБАС ГҮЛДӨР

Пайгамбарыбыз (Аллах андан ыраазы болуп, ырайымдуулугун берсин!) айтты: «Белектер ортоңордогу сүйүүнү күчөтөт, андыктан бири-бириңерди сүйүү жана ортоңордогу байланышты чыңдоо үчүн, белек тартуулоого аракет кылгыла». (Бухари)

🫠Белек берип, белек алган кандай жакшы. Берген адамдын жүрөгүн жумшартып, алган адамдын дубасы менен көгөрөсүң. Китеп белек кылып кубандырчы жакыным, ар окуганда сени эстеп дуба кылайын дегендей белектердин эң жакшысы китептир. Китеп - бул соолубас гүлдөр. Анын ар бири  жүрөккө эгилген үрөн болуп, жан дүйнөбүзгө азык, акылыбызды деңиздей сырга толгон тамчылары менен суугарып, ойлорубузду оңолтуп,  жакшы жашоонун көзүн ачып, адамдык сыпатыбызды тарбиялап, түбөлүк досубуз болот.

Китеп окуган адамдын ой жүгүртүүсү жогору, дүйнө таанымы кенен болот. Жашоодо " эмнеге, эмне үчүн, болот- болбойт? " деген жашоо эрежелерине суроолорго жооп таба баштайсыз. Азыркы күндө интернет ааламында ойлорубуз, жүрөктөрүбүз ууланган, ойлорубуз кыска, сабырсыз, жашоого жеңил карап, жеңилин издеп, жашообузду көрктөндүргөн " каниет" деген дөөлөттүү жоготтук. Эч болбосо күнүгө төрт - беш бет китеп окуганды адат кылыңыз. Айрыкча  уктаар алдында окусаңыз стресстен, негатив жаман ойлордон арылып, жүрөгүңүз тынчтанып, жан дүйнөңүз эс алып жакшы уктайсыз. Эртең менен окусаңыз эс алган жүргүңүзгө бат сиңип, эсиңизде жакшы калат. Сөз байлыгыңыз көбөйүп, билимдүү болосуз. Өзүңүзгө ишенимдүү болуп, адамдар менен  сүйлөшкөндө сөздөрдүн гүлүн терип, терең түшүнүк алып, түшүнүк бересиз....

Жакшылыктарда, тойлордо, туулган күндөрдө бир нече күндүк гүлдөрдү эмес, бир өмүрлүк эч соолубаган китеп гүлдөрүн белек кылганды адат кылалы. ..

🧕Насиба Абдуллаева

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

25 Oct, 03:41


📍Жашоонун оңою жана кыйыны...

Үйлөнүү оңой, бирок үй бүлө куруп, "тур + муш" деген татаал жолдун учугун үзбөй улап кетүү кыйын...

Ата болуу оңой, бирок балага татыктуу аталык кылып, "атаңа ырахмат" деген алкоо уга турган балдарды тарбиялап калтыруу кыйын...

Аял болуу оңой, бирок күйөөсүнүн акысын толук берип, уул-кызды татыктуу тарбиялап сүйкүмдүү жар болуу кыйын...

Бай болуу оңой, бирок байлыкты туура пайдаланып, Абдурахман бин Ауф сыяктуу байлыгынын себеби менен бейишке жөрмөлөп кире тургандай бай болуу кыйын...
Мындайды санай берсең ондоп саналат. Айтайын дегеним, жашоонун жеңилин да, оорун да көтөрүп, адам деген атка татыктуу жашап өтүүнүн өзү жеңил эмес. Жеңил эмес дегеним Аллах Таала бул жашоону ушундай оор, татаал кылды деген сөз эмес. Жашоону биз өзүбүз татаалдатабыз. Бул дүйнө жашоосу биз сыноодон өтүү үчүн эле келген, бир көз ирмемдик эле жашоо экенин билбейбиз. Түбөлүк калчудай, жан далбастап, жанды жанга уруп жүрүп өтүп кетебиз...

А эгер жашоонун жеңилин жеңилдей, оорун оордой кабылдап, чыныгы адамдык сыпатыбызды жоготпой жашай берсек. Бул дүйнөдө пенде аткара албай турган нерсени Аллах моюнга жүктөгөн эмес...

О, Жараткан Аллах, бизге берген өмүрүңдү татыктуу жашап өтүүнү насип кыл! Адам деген атыбызга татыктуу кылгын!

Бул дүйнө жашоосундагы максатыбызды билдир!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

23 Oct, 03:47


Бүгүнкү күнүбүз, сапарыбыз да рахматы жааган жамгыр менен башталды. Жамгырдын себеби менен кылган дуба тилектерибиз кабыл болсун. Кутман таң жакшылар!😊🤲🏻💞

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

22 Oct, 04:24


🌧️Жамгырдан Жаратуучуңду тааны

Жамгырды жазбаган акын, тартпаган сүрөтчү, сүрөттөбөгөн сөзмөр болбосо керек. Кайгыга да, кубанычка да, табышууга да, ажырашууга да жамгырды күбөгө тартып, аны өзүбүздүн жан шеригибиз деп билебиз. Жамгыр жааганда сезимдерибиз күчөйт. Акындын илхамы келет.

Азыр да сыртта жамгыр жаап, менин тереземе анда-санда тыпылдап тийип жатат. Жамгырды көрүп, анын үнүн угуп Жараткандын улуктугуна тан берип отурамын.

Куранда минтип айтылган: "Аллах шамал желдирип, булуттарды козгойт. Анан аларды Өзү каалагандай жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Качан жамгырды каалаган пенделерине жеткиргенде алар сүйүнүп калышат" (Рум, 48-аят).

Жамгыр тууралуу кызыктардан айтып берейин: жамгырдын тамчылары асмандан жерге түшкөнге чейин бири-бирине урунбайт экен. Адатта асмандан жерге кулаган нерсе жердин тартылуу күчүнө моюн сунуп, салмагына жараша улам ылдамдап кетээри белгилүү. Бирок жамгырдын тамчылары андай эмес, алар жерге келип түшкөнчө бирдей ылдамдыкта болот.

Кудай сактасын, жамгыр тамчысынын көлөмү азыр биз көрүп жүргөн тамчыдан бир аз эле чоң болсо жана асмандан кулаган ылдамдыгы улам күчөсө, анда жамгыр тамчылары биздин денебизди октой эле көзөп өтмөк экен.

Ушуларды ойлоп отуруп жамгырды жамгыр кылып бизге жаадырып, ал аркылуу жерден бизге ырыскы чыгарып берип жаткан Аллахты дагы бир жолу эстеп, дагы бир жолу шүгүр кылдым.

Сиздер да жамгыр жааганда Аллахка шүгүр кылууну унутпаңыздар. Баса, жамгыр жаап жаткан учурда кылынган дуба кабыл болот деген хадис да бар. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Эки учурдагы дубаны Аллах кабыл кылат: Азан айтылгандагы ана жамгыр жаагандагы" - деген.
Келиңиздер, жамгыр жааганда качанкы жапайы сүйүүбүздү эстеп, качанкы өткөн күндөрдү ойлоп эле тим болбой, жамгырды бизге ырайымы менен жаадырып жаткан Аллахты эстеп, ага шүгүр, Андан жакшылык тилеп дуба кылалы!

Жамгыр жааганда: "Аллахумма саййибан-наафиъа" - деп дуба кылуу жакшы. Мааниси: "Аллахым, бизге пайдалуу жамгыр жаадыр". Ал эми жамгыр жаап бүткөндө: "Мутирнаа би фазлиллаахи ва рохматихи" - деп айткан оң. Мааниси: "Аллахтын ырайымы жана берекеси менен бизге жамгыр жаады".

О, Жараткан Аллах, биздин кирдеген жан дүйнөбүздү жамгыр суусу менен жууп тазала!

Кирдеген кийимди суу менен жууп тазалагандай биздин пейилибизди тазала!

Ыкшыган отту суу сээп өчүргөндөй, жасап жаткан күнөөлөрүбүздү бизден өчүрүп, бизди таза, ыймандуу пенделериңдин катарына кош!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

20 Oct, 16:33


https://t.me/arabicusta

🤲🏻Ассаламу алайкум. Урматтуу арап тилин үйрөнүүгө кызыккан бир туугандар, диний окуу жайлардын жана медреселердин студенттери. Биздин “Бейиштин тили арап тили” деп аталган телеграмм каналыбызга катталып, арап тилин, сарф, нахву, сүйлөмдөрдү талдоо сабактарын, оозеки жана жазуу котомолорун, арапча сүйлөмдөрдү адабий кыргыз тилине так которууну үйрөткөн сабактарды көрсөңүздөр болот. Ар ким өзү кызыккан, өзүнө тиешелүү сабактарды көрүп пайдалана берсе болот. Кээ бир көлөмү чоң сабактарды murasmedia ютуб каналына жүктөп, бул жакка шилтемесин чыгарып койобуз. Шилтеме аркылуу кирип көрсөңөрүздөр да болот, же ютуб каналына катталып алыңыздар. Анан бул группаны башка арап тилине кызыккандарга таратып коюңуздар, катарыбыз көбөйө берсин. Жакшылыкка баарыбыз шериктеш бололу. Аллах Таала илимиңиздерге береке берсин.

☝🏻Баса, сабактардын баарын арап тилинин грамматикасы боюнча көрүнүктүү адис, Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Алайчы Сеитбеков устазыбыз өтөт.

📍Эскертүү: Сабактар акысыз.
Каалоочулар төмөнкү шилтемени басып кирсеңиздер болот.👇👇👇

https://t.me/arabicusta

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

20 Oct, 08:00


Ин шаа Аллах, баары жакшы болот буйурса 🤲❤️

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

18 Oct, 04:26


📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

"Ар Рокииб- Бардык нерселердин көрүп -билип туруучу " жүрөктөрдүн Ээси болгон Раббым менин! Бизди амалы жок жүрөгү таза дегендерден эмес, Сенин ыйман нуруң менен суугарылган жүрөгү таза адамдардан кыл. Сөзүндө эмес, жүрөгүндө Исламды алып жүргөндөрдөн кыл. Сөз менен эмес, адеби менен амалы дал келип, үлгү, күзгү болгондордон кыл. Бизге ыйманыбызды түбөлүктүү, ыклас - ишенибизди терең кылгын, шайтандык жол менен саждадан качкандардан эмес, сажда Сага толук моюн сунуп, периштелер дубасы менен сый-урматка ээ болуп, намаз менен жан тапкандардан кыл. Амиин!

🍁Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

17 Oct, 06:32


🤲🏻РАББЫҢДЫ КАЧАН ТААНЫЙСЫҢ?!

Беш убак намазды баштай албай " эртең, анан, убагы келгенде, насип кылса окуп калаармын " деп өзүнү алдоо сезимдерине  жетеленип кыйналып жүргөн жакындарыма, досторума ушул күнгө чейин көп эле  намаз окугула деп эскертип, жазып келдим. Ойлоп көрсөм эмне үчүн  намаз окубайсың деп айтуудан мурда эмне үчүн Раббыңды танууга аракет кылбай жатасың деп айтсам туура болчуудай. Анткени, Раббысына тааныган адамга намаз оку деш, суусаган адамга барып суу ич дегендей болот. Эмне үчүн Раббысыны таануу керек? Анткени, инсан  Раббысыны тааныса, өзүнү тааныйт, өзүнү тааныган адам жашоодогу максатын билет. Анан Аны сүйөт, сүйсө ишенет, ишенсе Ага катуу байланат да " Оо, Раббым! Мен Сенин кандай гана буйруктарың болсо даярмын !" деп намазын кемтиксиз өз убагында окуй баштайт. Мен билемин Раббыңыздын атын укканда сиздин жүрөгүңүздө жок дегенде кыпындай болсо да Ага болгон коркуу, ишеним, үмүт деген жашайт. Анткени сиз мусулмансыз бир тууганым! Ошон үчүн намазды бүгүндөн баштаңыз. Менин сиздер үчүн эки жакшы кабарым бар десем жаңылышпайм. Балким сизге пайдасы тийип намаз окуп калууңузга себепчи болуп калсам...

📍Биринчи жакшы кабар .Эгер сиз беш убак намаз окусаңыз, чоң күнөөлөрдү кылбасаңыз, бул беш убак аралыгындагы майда күнөөлөрүңүз  жуула баштайт..Анткени, Аллах Таала намазга турган пендесинин рүкүдө, саждада баш койгон учурда периштелерге күбө болгула " бул пендем мага моюн сунуп намазын окуп жатат, күнөөлөрүн алып салгыла " деп айтат. Майда күнөөлөрдөн арыла баштаган жүрөк тазарып, дене эс алып, ар бир күндүн таңынан, түнүнө чейин Аллахтын коргоосунда, периштелердин дубасында болосуз.

📍Экинчи жакшы кабар. Намаз окусаңыз, бул жакшы  ниетиңиз менен намаз аралыгындагы  кылган иштериңиздин баары ибадат өкүмүндө болот. Алган демиңизден баштап, баскан кадамыңыз, уктаганыңыз, жеген тамагыңыз, окууга, ишке барган жөн гана күнүмдүк жашооңуздун ар бир минут, сааттарына сооптор жазыла баштайт.

🤔Эми  ойлонуп көрүңүз, өмүрүңүз түгөнүп, карыган кезде өтүнүшкө назар  салып"аттиң ай, жаштыгымда күчүмдүн барында окуп албапмын "- деп өкүнүүнү каалайт белеңиз же ар бир баскан кадамынызга сооптор жазылып, күнөөлөрүңүз өчүрүлүп, акыркы демиңизди келмеңиз, намазыңыз менен Жаратканга жолугууну каалайт белеңиз. Бир күнүбүздө бир сааттык буйрукка кайдыгер болбойлу.. Жаназа намазыңыз окулганча намазыныңызды окуп калыңыз. Жөн гана бир эле саамга көзүңүздү жумуп " азыр же эртең же балким бир күн, көзүм ачылбай калды. Ошондо Жаратканга жолукканда эмне деп жооп берем, акбалыма кандай болот?!" - деген суроону кайра - кайра бериңиз. Балким жүрөгүңүз ойгонуп калаар...

🤲🏻Жаратканым окуган намазыбызды тирүү, акыркы демибизге чейин бирге кылып,  түбөлүктүү сапарыбызга жолдош кылсын. Амиин!

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

15 Oct, 13:41


Амиин🤲❤️

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

14 Oct, 03:36


"Алланы эскерүү менен жүрөктөр
тынчтанат эмеспи?!"

(Куран; Раъд сүрөсү, 28-аят)

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

12 Oct, 03:53


🤲🏻Аллахтын көркөм ысымы менен дуба кылалы

"Аллахтын көркөм ысымдары бар. Ошол ысымдары менен Ага дуба кылгыла" (Аъраф, 180-аят).

"Ал-Латиф" - иште же мамиледе өтө жумшак, өтө терең илимдүү, сырларды билүүчү. Өзүңдүн "лутф" жумшактык сыпатың менен биздин жашообузду берекелүү кыл. Бул сыпатыңдан бизге да үлүш бергин. Биз дагы бири-бирибиз менен жумшак мамиледе бололу.

"Ал-Мухаймин" - Макулуктардын үстүнөн көзөмөлдөп, бардык нерсени билими менен камтып туруучу. Менин жүрөгүмдө, оюмда, ниетимде, акылымда эмнелер бар Өзүң билүүчүсүң, Сага жакпаган иштерге билип-билбей кадам коюп жаткан болсом, Өзүң туура багыт берип, адашуудан Өзүң сакта!

"Ал-Азиз" - Ызаттуулуктун жана Кудуреттүүлүктүн ээси. Мени эч кимге кор кылдырба. Ызат-урматымды сакта. Пендеге жалдыратпай Өзүңө жалбара турган адамдардан кылгын!


🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

11 Oct, 03:47


😊ҮЧ МҮНӨТТӨ СИЗДИ ЖЫЛМАЙТКАН ЗИКИР..

Өмүр  жолубузда бизге  эч качан оорубай, кыйналбай, чарчабай, ыйлабай, капа болбой жашоо кечиресиз - деп эч кимге убада берилген эмес. Бул дүйнөнүн жашоо мыйзамы ушундай ар кандай жагдайлар болуп турат. Бизге бир аз күлкү тартууласа, албетте  бир күн бизди  абдан ыйлатат! Бүгүн ыраазы болуп шүгүр дегенде, эртең күтүлбөгөн соккусу менен капа кылат.Эгер биздин жакшы жашообуз  үчүн бир нерселер колдонуу үчүн берилсе, бир күн биз аны көп убакытка жоготобуз. Үйүбүз берекеге толуп, иштерибиз өз орду менен болсо, бир күн банкрот болуп, үй чырга айланат. Бүгүн кубаныч күнү болсо, кайгы күнү сөзсүз жакын жерде катылган!»

Ошондой болсо да эч кабыл алалбай, жүрөгүңүз кысылып, алдан тайып күчүңүз жетпей жатабы? Анда жөн гана мени тыңдаңыз. Көзүңүздү жумуп, үч мүнөткө оозуңузду ачпай, көр- тириликтин баарын унутуп, өзүңүздө жок нерселерге эмес, бар нерселериңизди көз алдыңыздан өткөрүп "Аллхамдулилллах!" - деп ичиңизден кайталап жылмайыңыз. Мисалы, ден соолугуңуз чың болгону үчүн, анткени ден соолугу үчүн бар байлыгын берүүгө даяр болгон оорукчандар бар. Ар бир күнгө ойгонуп, дем алып, дем чыгарып жашап, мүмкүнчүлүгүңүз бар үчүн жылмайыңыз койуңуз. Анткени, бул дүйнөгө келип   жакшы иштерди көп - көп кылсам кана - деп арман кылгандардын саны канча. Намаз, Куран окуп, дубага көтөргөн колдоруңуз бар, өзүңүздү таанып,  жүрөгүңүз менен Жаратуучусун тааныган акылыңыз бар үчүн жылмайыңыз. Анткени, мусулман болуп жаралып, мусулман болуп жашай албай, өзүн тааныбай, жашоодогу максатын билбей адашып жашагандар толтура. Бул жөн гана үч мүнөт сизди жылмайтып, жумшак мамыкта эки саат эс алгандай жүрөгүңүздү тынчтантып, шүгүр нематтын ойготоору анык, бугу бөркүңөрдөй ишенгиле! Раббымдын берген нематтарын көрүп, сезип шүгүр кылып жашоо кандай гана табылгыс бакыт билгенге.

😊Мына эми, үч мүнөттө сиз  эс алып калдыңыз, тим эле уйкудан жаңы ойгонгондойсуз. Эми кең дүйнөнү тар кылган жан дүйнөңүздү жарган шүгүр нематтын көп - көп кайталап, сергек кыймылдап ишиңизди улантыңыз. Мындан кийин жашооңузда, жан дүйнөңүздө өзгөрүүлөр болгонун көзүңүз менен көрүп, анан мага ыраазылыгыңызды айтып сөзсүз жылмаясыз...

🤲🏻Алхамдулиллах! Шүгүр нематтын жүрөгүмө сездирип, айттырып, жеткиргенге себепчи кылган Раббыма чексиз шүгүрлөр болсун деймин!

🌹Жума маарек болсун!

🧕Автор, Насиба Абдуллаева

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

10 Oct, 04:21


🥹Ал мени таштап кетпесе экен...

Башында аны менен эч жолуккум келбейт эле. Ал мага жакындап келе жатканда эптеп шылтоо таап андан качар элем. Бирөө-жарым ал жөнүндө айтып калса, укпаганга аракет жасайт элем. Ал жөнүндө сөз болгон жерден секин жылып кетчүмүн. Аны такыр ойлогум келчү эмес. Менин жашоомо анын такыр кереги жоктой сезилчү. Ансыз мага жашоо жеңил эмеспи деп ойлочумун...

Бирок, андай болбоду. Мен ансыз бактылуу боло албастыгымды кечирээк сездим. Бирок, кеч болсо да, эч болбогондон жакшы деп сүйүнүп жүрөм. Эми мен аны чыдамсыздык менен күтөм. Ал жакындап калганда кадимкидей жасанып, жуунуп-таранып чыдамсыздык менен күтөм. Анан ал келгенде аны менен беш мүнөт чогуу болом да, кадимкидей жеңилдеп калам. Андан күч-кубат алам. Эми ансыз менин жашоом караңгы. Мен эми ансыз жашай албасымды бөркүмдөй сезип жүрөм...

Коркконум, ал мени таштап кетпесе экен. Угушумда ал көп адамдарды таштап кетет экен. Мени да ошолордун бириндей таштап кетеби деп корком. Мени таштабачы, Кыяматка чейин менин жанымда болчу деп жалбарам кээде...

Мен сени менен бактылуу болдум, сени менен жан дүйнөм тынчыды, эми мени таштай көрбө, менин жан курбум НАМАЗЫМ...

Мени менен бул дүйнөдө чогуу бол, кабырда бирге жат, кыяматта бирге тур, менин зарыгып тапкан жолдошум НАМАЗЫМ...

Оо, Жараткан Аллах, мени намазымдан ажырата көрбө!

Бул дүйнөдөн бир да намазымды калтырбай окуп өтүүнү насип кыл!

Намазымды кабырда нур, акыретте шапаат колдоочу кыл!

🧕Автор : Насиба Абдуллаева.

📕"Эртең дебе" китебинен.

Китепти сатып алууну каалагандар ушул номерлерге кайрылсаңыздар болот.

Кыргызстан боюнча
+996 226 111 029

Россия боюнча:
+7 964 568-68-08

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907