Ким арам жолдо акча тапса, мисалы, уурдаса же пара алса же сүткорлук кылса же арак сатып акча тапса же ушуга окшогон күнөө жолдо иштеп акча тапса, кийин ошол акчасынан садака кылса же туугандарына жардам берсе же Аллах жолуна Анын ыраазылыгы үчүн деп бир бөлүгүн чыгарса же мечит курдурса, дегеле аны кандайдыр бир жакшылык жолго сарптаса, анда кыямат күнү Аллах анын бул кылган жакшылыгын жана садакасын кабыл кылбайт. Тескерисинче, аны ошол арам байлыгы менен кошо тозокко ыргытат. Анткени арам жолдо табылган акчаны адал жолго сарпташ менен Аллахтын ыраазылыгына жетүү мүмкүн эмес.
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech