Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀 @karazhandar Channel on Telegram

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

@karazhandar


•Жарыгыма...🌊

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀 (Kyrgyz)

Каналдын аталышы 'Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀'. Бул каналда сөздөрдүн маанилери, иштеп чыгуулары жана жазуу стили боюнча түшүнүштүң бар. Мындай контенттердин каналдын абоненттери үчүн жарыяланганы себебине, сөздүн билүү баарында ошондой маңызды болот. Аталышынан түшүндүк даналык натыйжалар болсо болот жана маанилердиң жана иштеп чыгуулардын ар бир иштеп чыгуулардын сабактарынан көп жеңилип жатат. Каналдын абоненттарын ар-бирди сөздөр жана маанилер тууралуу ар бир маалымат алып жатат жана өздөрү жазып чыгуу үчүн көп жеткиликке ээ болуп саналат.

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

09 Jan, 11:06


СИЗ КАНЧА ЖАШТАСЫЗ😇🕊️

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

08 Jan, 12:53


Тымызын аздектеймин седебимдей,
Тынчы жок жүрөгүмдүн тереңинде...
Тыйылбай сагынычым санаа тартат,
Тызылдайм эрке сезим элегинде...

Шурудай чачылгым бар тизмегинен,
Шуулдап, шамал өңдүү издейин дейм...
Күкүктөп, аккан суудай буулугам да,
Күтөмүн күү ойногон күз желинен...

Каректер каректерге кабылганда,
Кайыккан сезим даяр жалынганга...
Калп эле карап өтүп кайдыгердей,
Көндүм го, көздөрүңдү сагынганга...

✍🏻: Ж. Арыкова

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

08 Jan, 12:50


Турпатыма абай салып карасак,
Узун деле, кыска деле мага чак...
Бул куракта күлсөм дагы жаңыртып,
Жалын коштоп, сүйсөм дагы жарашат...

✍🏻: Ч. Орозалиева

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

07 Jan, 12:31


Тагдыр корооңо таш ыргытса, гүлзарыңа да түшөт...)

#китептенүзүндү

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

06 Jan, 08:00


“Билип турам,керектүүсүн табаарың,
Суранаарым,муңайбасын жамалың…
А мен болсо,такыр сендик эмесмин!”—деп айтты эле эң керектүү адамым…

—Саид Султан-Али

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

06 Jan, 07:59


Канча жумшак болгон менен мүнөзүм,
Кайра ошончо ташмын, сары санаамын.

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

06 Jan, 07:59


Баарын өз убагында жасоо керек...
Кечээ эрте болсо, эртең кеч болот...)

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

06 Jan, 07:39


Улуу күчтүн агымын бууп жөнөтпөй,
Жан дүйнөгө камаштан не табабыз.
Турмуш деген ушунчалык жөнөкөй,
Биз өзүбүз татаал кылып алабыз...🕊
©Нуржигит Кадырбеков

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

06 Jan, 07:35


Жүргөнүмдө өзүмдү өзүм жемелеп,
Дүйнө таптым, сендей асыл керемет.
Жүрөгүмдөн арман кетип жоголду,
Жүрөгүмдүн бар бүтүнүн сен ээлеп.
—Бектурсун Адиев

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

05 Jan, 16:38


Сага эми жолукса дейм мендей бирөө,
Болбосо менден жакшы, менден эстүү, менден сулуу...)

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

05 Jan, 16:36


Тегиз эле деп жүрсөм телегейим,
Тетик болуп чачылды ээлегеним.
Бардык дүйнө мүлкүмдү берем сага,
Бакытымды бер тагдыр келе, менин!
Узап эле кетишти, узап эле,
Убагында болгондор мага жакын.
Убактылуу турбайбы көрсө баары,
Убакыттын билбепмин таразасын.
Жакындабай, кеткендер кетти — дедим,
Жараландым, тагдырдан тепки жедим.
Ушул күздө аябай жүдөй түштүм,
Ушу куса түбүмө жетти, менин.

Жараланып жан дүйнөң, жараң канайт,
Араң тапкан сүйүүң кеткенде анан.
Ак жоолугун башканын ыраа көрүп,
Ак сүйүүңө жете албай кеткен жаман.
Жашооң түгүл түгөнүп калат тура,
Жашоодогу сүйүүңө жеткенче, араң…

Башаламан.
Жок такыр менде план,
Азыр кайда барамын? Эмне кылам?
Чар тарабым түпөйүл жол болууда,
баары , баары акырын жоголууда.
Төбөмдөгү түйшүгүм оор болууда,
Баё, таза көңүлүм кордолууда.
Балалыкты, баягы жашоомду ойлоп,
Баратамын кайгырып жолдо мына…
Жан дүйнөмдүн тоолору кулап атат,
Жакшы адамдар! Жанында болбогула.

—Бектурсун Адиев

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

05 Jan, 06:59


көп нерсе адамга зыян окшойт:

Тандоо көп болсо, башың адашат
Каалоо көп болсо, напсиң семирет
Баалоо көп болсо, көзүң май басат
Жектөө көп болсо, сөзүң алсырайт
Сүйүү көп болсо, баасын жоготот
Күтүү көп болсо, артын муң басат
Сагынычтын көптүгү ден соолуктун уурдалганы
Байлыктын көптүгү тынч уйкуңдун бузулганы
Анан эң арманы - баарлашууга мүмкүнчүлүк көп, бирок баарлашарга пикирлеш жок…

#диби_деди

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

03 Jan, 20:51


Эси-дартымдын баарын ээлегидей сенден эмне таптым деп өзүмө суроо салдым. Андан бери көп убакыт өтсө да унутулбаганыңа, оюмдан чыкпаганыңа түшүнө албадым. Мени эбак унутуп, өз жашооңду жашап жатканыңды ойлоп, мен сенден эмне тапканымды санагым келди. Жылдыздуу көзүң, жылуу мамилең, жумшак сүйлөгөнүң анан аяр тигиле караган каректериң көз алдыман жылбай койду… китепке каарман кылсам, суналган боюңа, шадылуу колдоруңа, жарашыктуу жылмайган жүзүңө, боорукер жүрөгүңө көбү ашык болмок да…анан батына албаган тартынчаактыгыңа, коркоктугуңа, чечкинсиздигиңе андан көбү ачууланмактыр.
Мен да бир ашык болуп, бир ачууланып жашап келем…

#бүтпөс_романым

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

03 Jan, 14:58


Бир убакта аялым суроо берип:
"Канча кызга ашыгып ыр арнадың?"
—десе, дедим: "Кыз, кыз деп жүрдүм, бирок,
кыздар менен мамиле кура албадым.
Узак туруп койчумун жакшы көрүп,
урматы үчүн бир жакшы чыгарманын.
Кыздарга не, ыр болсо болду экен да,
укпайт алар акындын муң арманын"
— деп жооп берип өзүнө суроо узаттым:
"Канча жигит артыңдан жүгүрдү экен?"
— десем, деди: "Жүгүрдү, жүгүрүшкөн,
сен «так что» Кудайга шүгүр десең!
Жакшынакай түшүнгөн аялың бар,
Жаратканга чын эле шүгүр де сен!"
— деп сүйлөндү, байкушкум, мындай дедим:
Күйөөсүнүн башкага ыр жазганы,
кайсы аялга тим эле жакмак — дедим.
Сен болбосоң Бектурсун кайда барып,
кимден, кантип бакытын тапмак — дедим.
Сени берген көктөгү Кудайыма,
сага жана тагдырга рахмат — дедим.

—Бектурсун Адиев

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

03 Jan, 14:10


Күндөр, айлар, жылдар алмашат. Бизди жандап жүргөн жакындарыбыз алмашат. Бир күнү сөзсүз кайрадан кезигебиз. Жер тоголок, жүзмө жүз барибир кез келебиз.

с.Рустам Абилов

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

26 Dec, 11:10


СИЗДИН ТУУЛГАН АЙЫҢЫЗ КАЧАН😇💭

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

24 Dec, 11:35


Сүйүүдөн
“2” алуу же “5” алуу
тагдырбы же тандообу?

#диби_деди

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

23 Dec, 16:03


Апанын кадырын билиш үчүн кээде алыстарга кетиш керек окшойт...)

—Нуржигит Кадырбеков

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

22 Dec, 18:44


رَّبِّ اَدۡخِلۡنِیۡ مُدۡخَلَ صِدۡقٍ وَّاَخۡرِجۡنِیۡ مُخۡرَجَ صِدۡقٍ وَّاجۡعَلۡ لِّیۡ مِنۡ لَّدُنۡکَ سُلۡطٰنًا نَّصِیۡرًا
ОКУЛУШУ:РАББИ АДХИЛНИЙ МУДХАЛА СИДКИН ВА АХРИЖНИЙ МУХРАЖА СИДКИН ВАЖЪАЛ-ЛИЙ МИЛЛАДУНКА СУЛТААНАН-НАСИЙРАА. (17:81)

Котормосу: Эй, Раббим! Мени ушундай киргизгин: менин киришим акыйкат менен болсун жана мени ушундай чыгаргын: менин чыгышым акыйкат менен болсун жана мага Өз алдыңдан күчтүү жардамчы тартуулагын. («Бани Исрааийл» сүрөөсү:81)

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

22 Dec, 18:41


Окууларыңызга, эртеңки башталчу экзамендериңизге ийгилик каалайм!🕊
Ийгиликтүү тапшырып алыңыздар🤲🏻🌷

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

22 Dec, 18:39


"Робби яссир уа ләә ту'ассир, уә тәммим бил-хайр" деп айт

رَبّ يَسّرْ وَلَا تُعَسّر وَ تَمّمْ بِالخَيْر

~Раббым! Ісімді жеңілдет және қиындата көрме. Бастаған ісімнің қайырлы аяқталуын нәсіп ет!~

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

22 Dec, 16:21


Азабың да,
Жыргалың да,
Бир берилген дүнүйө.

#диби_деди

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

21 Dec, 19:25


Жаратканым, Сүйүүң менен жүрөгүмдү корголо,
Жаратылган пенделерге байлап мени кордобо!



— Куткелди Шабданбеков

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

21 Dec, 19:25


Жаратканды эстебеген адамдан дос тутпагын,
Нак ошолор арттырышат акыретте бушманың.
«Жаным сага курман болсун» – деп жалынган досторуң,
Кандай жаман болуп чыкса жака жырткан душманың.



— Куткелди Шабданбеков




«Оо, куураган башым ай! Баланчаны дос кылбай эле койсом болмок экен! Мага келген эскертүүдөн ( Курандан ) мени адаштырган ошол ( досум деген адам ) эмеспи!...»

[ "Зухруф" сүрөөсү, 28-29 – аяттар ]




«Өз ара дос болуп жүргөндөр ошол Кыямат күнү бири-бирине кас-душман болушат. ( Аллах Тааланын жолунда достошкон ) такыбалардын жөнү бөлөк ( такыба достор гана акырет күнү душман болушпайт )»

[ "Фуркан" сүрөөсү, 67 – аят ]

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

17 Dec, 16:15


Тагдыр мага бересе эле бир сүйүү,
Өзүң менен кайтарыптыр карызды...


—А. Абдыкеримова

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

16 Dec, 16:28


Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм...🕊

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

16 Dec, 16:27


Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым...)

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

16 Dec, 16:23


«Робби зидни илмә» деп айт

رَبِّ زِدْني عِلمًا

~ Раббым, білімімді арттыр ~

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

15 Dec, 18:11


🌖

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

14 Dec, 16:12


Сүйүшкөндөр жолугушту,
сүйүнүшүп тигинде…
Сүйлөшүүдө жүрөктөрү,
сүйүүнүн бал тилинде…

Биз канчага сүйрөлөбүз,
кусанын курч мизинде?

«Чоочунбуз да, биз баары бир,
сени менен ишим не?!»
— деген менен,
сага болгон тартылуу бар ичимде.

—Бектурсун Адиев

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

13 Dec, 15:48


Силерди таштап кеткендер силерди алсыратуу үчүн эмес, тескерисинче, алда канча күчтөнтүп, жаңылантуу үчүн ташташат...

#китептенүзүндү

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

06 Dec, 14:41


«… жок,
жок,
жок, сен келбейсиң…
Кеткенсиң алдагачан.
Келет — деп, өзүмдү өзүм,
жөн эле алдап атам…

Ачылар күнү барбы?
мендеги бул кабактын…
Аясаң боло мени,
аябай муңга баттым»
— деп жазып куса сабын,
дептерди булгап аттым…

—Бектурсун Адиев

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

30 Nov, 19:23


Бул дүйнө жоктуктун дүйнөсү. Бар дегениң да жок, жок дегениң да жок. Бирок адамдар баары бар деп ойлошот. Ал тургай, бардыгын өзүмдүкү деп ойлошот. Алар дүнүйөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, бул дүйнөдө бар нерседен баш тартсам, баары бүтөт деген пикирди карманып алышат.
Бирок, бул дүйнө түш сыяктуу...)

#китептенүзүндү

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

30 Nov, 19:08


Анткени көрө албастыктын оту бир жолу тийсе, ал бир да жерин калтырбай өрттөп, бүт жүрөктү каптайт.
#китептенүзүндү

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

30 Nov, 19:06


Андагы момундук текебердикти басып турчу...

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

25 Nov, 10:00


СИЗДИН ТУУЛГАН АЙЫҢЫЗ КАЧАН😇💭

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

24 Nov, 10:03


Жаратканым жакшыны жазганына күмөнүм жок…
🤲🏻

#бүтпөс_романым
#диби_деди

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

23 Nov, 15:24


Аллахка каршы чыккан шайтандын колунан баары келет деп ишенесиң, бирок
Аллахтын уруксаты менен боло турган нерсеге эмне үчүн ишенбейсиң?


#китептенүзүндү

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

23 Nov, 15:16


Сүйөт окшойм....

Билгизбей башым буруп, сен жакты карап алам.
Бир өмүр тиктесем да, моокумум тарабаган.
Мен сени сүйөт окшойм...
Ашыгын айтууга да баладай жарабаган...

Калп эле күлүп алып, жаныңда жүрө берсем,
Таптакыр тааныш эмес, болосуң билем эртең.
Мен сени сүйөт окшойм билип алчы,
Жүрөктү ээнсиретпей жаныңа ала кетсең.
-qais

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

21 Nov, 10:10


💕ЖАКШЫ КӨРГӨН АДАМЫҢЫЗДЫН АТЫНЫН БАШ ТАМГАСЫ КАНДАЙ😉❤️

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

20 Nov, 16:11


Сезимсиз жашап жүргөнүмө көп болуптур.Эмне эле жашоонун даамы сезилбейт деп ич ичтен жеп аткан,түбү көрүнбөгөн суроонун жообу ушул тура деп болжодум өзүмчө.

Сезимсиз жашоо.
Эгер бул кейипти чыгармачыл бир адам кийсе анын жашоосу ошол жерде бүтмөк.Анткени чыгармачылык- сезимдер.Же сезимдер - чыгармачылык.

Качантан бери сезимсизмин билбейм.Канча ай ушинтип жашадым,канча күн,же канча жыл...

Мен бүгүн сезимдүү биринин жашоосун көрдүм.Көрүп алып шолоктоп чыктым.Бул мөлтүр жаш узак убакыттан бери биринчи жолу сезимдерден чыгып атканын жашка жуулуп бүткөн жүзүмдү артып атып байкадым.

Анан,эски сезимдүү күндөрүмдү сагындым.Эски сезимдеримди сагындым.Сезимдүү жашоонун канчалык "түстүү"экенин эски сезимдеримдин элесинде көз алдыма тарта баштадым...

Сезгим келди менин да.Сезилгим келди.Азыр да сезим менен жашагым келди.Адам сыяктуу жашасам дедим жашоону...

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

18 Nov, 03:47


Сен болуп алгач менин жактырганым,
Сен бар үчүн бакыттын шаарындамын.
Жүрөгүмдө бийлик кылып сен турганда,
Карай албайм көздөрүн башка адамдын.

___Чотоев

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

16 Nov, 07:13


Миң ирет көрүп алган көрктүүдөн,
Бир ирет көрбөй алган тектүү артык.

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

15 Nov, 18:07


Шүгүр кылуубузга көптөгөн себептерибиз бар...❤️‍🩹

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

08 Nov, 15:24


Достун жакшысы - сени эле эмес, сен жок жерде аброюңду да жалгыз койбогону.

с.Рустам Абилов

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

06 Nov, 12:33


Биринде көңүл таштай,
Биринде көңүл жаздай.
Кечигип сүйүнүчтөр,
Кетүүдө өмүр актай.
Кербендер өткөн жерден,
Керемет көктөм жерден,
Келетам көңүл таппай...

—Жеңишбек Жумакадыр

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

02 Nov, 10:00


📜🕊

Кыз, сен адемисиң!
Сенин ар бир күнүң кооз болушун жана ар бир күндү жаркырата жашашыңды ушунчалык каалайм. Бир күнү бара жаткан жолуң - бир учурдагы кыялың болгонуна шүгүр айтып, көзүңдөн жаш тегеринсин…
Азыркыңа да шүгүр

#диби_деди

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

01 Nov, 13:15


Туш тараптан тузактап, ороп, каптап,
Турмушуң төбө кандап, жатса таптап.
Жардам күтпө, жалынып ким бирөөгө,
Жаныңды өзүң жүргүн өзүң «саптап».


— Куткелди Шабданбеков

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

29 Oct, 15:29


Жаратканым!
Жан дүйнөм киргилденсе, булганса,
Жаңы туулган наристедей тазала.
Калыбыңа салынбаса кайсар баш,
Какта отко... суукка тоңдур... жазала.
А бирок...
Мен мындайга чыдабасмын эч качан,
Мээримиңден сырт калтырган жазаңа.



— Куткелди Шабданбеков

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

27 Oct, 14:09


"Уккандарыңа жана көргөндөрүңө дароо ишенбе.

Себеби укканыңдын артында башка үн, көргөнүңдүн артында башка көрүнүш болот. “Уккан нерсенин баарына дароо ишенип, аны башкаларга ошол замат айтуу күнөө экенин" Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат".
#китептенүзүндү

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

27 Oct, 14:05


Бирөөгө айтып жүргөн акылың кээде өзүңө керек болот...)

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

19 Oct, 14:50


Таптым сени таңда ырдаган
Булбулдардын ырынан.
Түбөлүктүн түбүн көрдүм,
Ырдап айткан сырынан.
Чексиздикке моюн сунуп
Бул жалгандын кырынан,
Ак сүйүүнүн АКтыгына
Тизе бүгүп, сыйынгам!

Таптым сени наристенин
Ыңаалаган ыйынан.
Ыргагына батпай кетип,
Ташып жаткан бугунан:
- Эй, Адамзат, уккун мени!
Көңүл коюп угуп ал!
Мен - сүйүүнүн жарчысымын! -
Деген укмуш ыр угам!

Таптым сени ээн талаада
Кеңирсиген белестен.
Бар жеринде бажырайып
Кызыл-кызыл гүл өскөн.
Торгой сайрап асманында
Тоо гүлүнө ашыгып,
Күү черткенде ыргалышып
Гүлдөр вальсын бийлешкен.

Таптым сени акылмандын
Айткан жомок сөзүнөн.
Жомоктогу алма-бактын
Бышып турган кезинен.
Ал бакчаны издеп жүргөн
Жолоочунун изинен.
Таптым сени куса болуп
Араң жүргөн өзүмөн!

— Аскат Жетиген

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

17 Oct, 16:21


Сен баарын жасай аласыңбы билбейм, бирок сен мага эң камкорум болчудай туюласың…

#бүтпөс_романым
#диби_деди

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

15 Oct, 14:06


Ар кимдин ашыгы көп,
Ай күндүн жазыгы көп.
Айтылып калар сенсиң
Акындын ашыгы деп,
Акындын асылы деп.

—Баян Акматов

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

15 Oct, 14:06


«Дүнүйө» деп жүргөн кезде топурап,
Дүмпүйгөн бир болобуз биз топурак.



— К. Шабданбеков

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

15 Oct, 03:58


Эгер жашап жатам деген жашооң – бул жөн гана түш болсочу?

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

13 Oct, 14:52


Жанга кубат болууга сенден бөлөк,
Жүрөк анан кимди барып издемек?
Кокус бирөө кагып келсе эшигин,
«Кокуй, мунуң деги өзү ким?» – демек.
Астанасын чоочунга аттаттырсам,
Анда дүйнөм ошол замат кирдемек.
Кимге төрүн беришти билбеген соң,
Кантип анан ак-караны иргемек?



— Куткелди Шабданбеков




***




Пенде үчүн эмес

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

11 Oct, 19:30


Өмүрдүн эртеңине шаша берип,
Өкүнүч, муңдан башка эмне таптык?

— Э. Иманалиев

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

11 Oct, 15:58


Сабырдуулугуң үчүн эмне берээрин билгениңде, өз сыноолоруңа ашык болмоксуң...
✍🏻: Бекиева Сабира

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

08 Oct, 16:09


Сен эмнеге өмүрдө көп налыйсың?
Мен өмүрдү муңу менен сүйүп жүрсөм
🕊
✍🏻:@osmnvvva

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

04 Oct, 17:48


Калп күлүп, жанымда жүрүп, жүрөккө кирип, сырымды билип, ичинен тилип кеткендерден сакта Аллахым...🤲🏻🌷

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

04 Oct, 17:43


🕊
Өмүрдө өзүң тандаган кээ бир тандоолоруң өзүң үчүн кайырсыз болуп калышы мүмкүн, бирок мажбурлуу түрдө тандаган тандоолор сиз үчүн кайырлуу болот...)

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

04 Oct, 15:12


💌
Мага жагат,
сенден келген катты окуу.
Ар тамгадан курап алып сүйүүнү
Ар сөзүңдөн
канат байлап бутума,
Үмүт коштоп сүйүнүү…

Көп-көп жазчы.
Абалыңды билдиргиң.
Мени жөндөйт,
Сенин гана билдирүүң…

#бүтпөс_романым
#диби_деди

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

02 Oct, 16:40


Ким бирөөгө сен жөнүндө айтып бергенде башкача бир жылуу сезимге оролом.
Бу жылуулук өчпөшүн тилегеним, тилеген…


#бүтпөс_романым

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

01 Oct, 17:17


<<<Үмүтүмсүң бакытка жетелеген.

Бул тирүүлүктө менде бар болгонуң өзү шооласын чачат мен тарапка.Кээде,нурга бөлөп,тим эле жаркыратып жиберет.
А кээде,булуттан чыккан күнгө окшойсуң.
Жарыгың да,нуруң да,жылуулугуң да бөтөнчө.Эч кимге окшобогон.

Сени эстегенде күздүн суугунан үшүбөй калам.Мемиреп чийиндеги аюудай уйкуга кетем,жылуулукка оронуп алып.

Байкатпай даарылайсың жарааттарымды.Аны өзүң да байкабасаң керек дейм.Мен да кийин байкадым...

Сени "күнүм" дейинби,же "жарыгым"дейинби?.Мейли,болсун,экөөн да айта берем,экөөсү да жарашат сага.Себеби сен,дүйнөмдү жаркыраткан күнүмсүң.

Бактыма бар бол!
Бар бололу бири - бирибизде.


✍🏼: Aizada Muratalieva

Жүрөктөн чыккан сөздөр🫀

29 Sep, 18:30


Ал менин бакытым, бирок ал муну билбейт...🪐
@karazhandar