Alleya🕊️ @alleya1 Channel on Telegram

Alleya🕊️

@alleya1


Сүйүүнүн, бакыттын, эскерүүлөрдүн аллеясы.
Күндөлүгүм✍️

Alleya🕊️ (Kyrgyz)

Аллея - бул тасмалардын, бакыттын жана эскерүүлөрдүн окупайы азыктар сактайт. Бул аллеяда күндөлүктөгүм жана сүйүүлөрдүн түшүнчөлөрү көрүнөт. Alleya тилкелер аркылуу жана көркөмдү багыт кылып жаткан тасмалар аркылуу көңүл болуп жашайт. Аллея1 каналы бүгүнкүгү күндөлүктөгүмдү жеткирүүгө, сүйүүлөрдүн белеги менен танышууга жардам берет. Каналга кошулуңуз жана тасмалардын магиясына кирип, күндөлүктөгүңүздү жана сүйүүлөрүңүздү бөлүшүңүз.

Alleya🕊️

08 Feb, 12:55


Кутман кеч, кыздар💛
Стамбулдан келе турган тональный крем боюнча сурагандар көп болду. Майлуу, комби, акне, постакнеден жабыркаган терилер үчүн тональный кремдер жолго чыкты. Алууну каалагандарга ссылка:

https://wa.me/+905461456845

Alleya🕊️

23 Jan, 10:06


Султанахмет🤍

Alleya🕊️

23 Jan, 10:05


Баалар🎀

Alleya🕊️

23 Jan, 10:04


“Галата мунарасына чыга кетсемби?”-деп, билет саткан жерге келдим. Кезек күтүп тургам, анан “Ким менен Галатага бирге чыксаң, ошол адам менен баш кошосуң”-деген сөз (түрктөрдүн ишеними) эсиме түштү. “Кийинкисинде чыгам”-деп, мунарага чыкпай кетип калдым😂

Alleya🕊️

10 Jan, 14:00


Вишлист проектинен түшкөн акча Элмира эжеге которулат. Инстаграмдагы акыркы посттон көрсөңөр болот🫶🏻

Alleya🕊️

10 Jan, 10:05


Бүгүн вишлист түзүүнү каалагандар үчүн телеграм канал ачылат.
- Вишлистти туура түзүү техникалары
- Психологиялык установкалар
- Ниет, амал
темаларында 3 күндүк марафон өткөрүлөт.
Каналга катталуу баасы 500 сом (түшкөн акча кайрымдуулукка жумшалат, ошол себептен арзан баада).

Жаңы маалымат алуу аркылуу кайрымдуулук жаса!❤️

Катталуу үчүн шилтеме: https://wa.me/+905461456845

“Вишлист”-деп жазсаңыз, сизге автоматтык түрдө реквизиттер жиберилет.

Урматым менен Шайыр Байышбек.

Alleya🕊️

10 Jan, 08:53


2024 эч кандай вишлист түзгөн жокмун. “Магистратурамды ийгиликтүү аяктап алайын”,-деп өзүмдү тынч койдум😅
Жылдын ортосунда ооруп, үйдө жаттым. Вишлист түзүп алсам, өзүмдү жемекмин “Пландар аткарылбай калды”-деп. Ошол себептен тревожный абалда жүргөндөргө вишлист сунушталбайт.
Оору менен күрөшкөндөр өзүн максималдуу түрдө эркин жана тынч койсун. Мээни кыйнабагыла. Эс алгыла. “Айыксам баарын жасайм”-деген сөздү көп айткыла. Ал эми ден соолугу жайында болгон ар бириңер сөзсүз январдын соңуна чейин вишлистти түзүп алгыла.

Alleya🕊️

10 Jan, 08:43


2022. Январь.
Вишлист түздүм. Биринчи жолу. Вишлистимде ушул 10 сүрөт бар эле.
2023. Декабрь.
Вишлистти таап алдым: ичиндеги бардык каалоом аткарылыптыр.
Силер да вишлист түзүп алып, катып койгула. Жылдар өткөн соң көрөсүңөр.

P.S. Вишлист түзүүнүн эрежелери бар. Туура түзүлгөн вишлист маанилүү🎀

Alleya🕊️

21 Dec, 11:55


Күндөлүккө жазмалап 1 саат отурдум. Бир аз башым ооругансып турду эле. Жазып бүткөн соң, маанайым көтөрүлүп, баш оору жоголуп кетти.
Күндөлүк тутуунун дагы бир артыкчылыгы…

Alleya🕊️

20 Dec, 19:31


Чоң энемдин 21 жашындагы, менин 18 жашымдагы сүрөтүм.
Күлбөй турсам, чоң энемдин көчүрмөсү экем. Эми байкап жатпаймынбы. Бет түзүлүшүм, кашы-көщүм, ооз-мурдума чейин окшош экем. “Атама да, апама да окшошпойм. Кимди тарткам?”-деп калчу элем. Чоң энемдин келбетин алыптырмын)

Alleya🕊️

20 Dec, 19:24


Бүгүн кызык окуя болду. Сыртта болчумун жумуштарым менен. Жанымдан ичимдик ичип, араң басып бараткан киши өтүп баратып, мага карап 15 секунддай карап туруп калды. “Иий, эми сөгүп кирбесе экен”-деп ичимде кыжалатчылык. Ары-бери болуп, бутунда араң турду да, колун көкүрөгүнө коюп “Ассалому алейкум”-дейт.
- Ва алейкум ассалом,-деп ичимден күлүп калдым.
Ичибизден тыянак чыгарып коймой адатыбыз бар да. Жоолуктагы кызды көрүп, саламдашуу сүннөт экенин эстеп кеткен окшойт😅

Alleya🕊️

19 Dec, 03:55


Жаңылыгым менен бөлүшүп салгым келип, кайра өзүмдү “Кой”-деп жатам)
“Ишке аша берсин, анан айталы”-деп

Alleya🕊️

20 Nov, 18:07


Жашоо кээде жаман адамдар менен сынайт. “Жакшынын баркын билсин”,-деп…

Alleya🕊️

08 Nov, 04:18


Иий баса, баш байге - күзгү Ташкентке жолдомо🍂

Alleya🕊️

05 Nov, 01:28


Шелбим чоңоюп калды. Тез эле)
Мага алгач келгендеги сүрөт-видеолорун карап, ичим эзилип отурам…
Мый-мый деле жаш баладай эле болот экен да. Эркелеп, таарынып, ойноп жүрсө ого бетер жакшы көрүп кетем🤎

Alleya🕊️

21 Oct, 05:20


Кечээ кечинде үйгө келе жатып, жаныбызда бир нече унаа кагышыптыр. Ары жакта бир кыздын ыйлап жатканын көрдүм. Телефондо бирөөгө чалып жатты. Тез жардам унаасы, ГАИ кызматкерлери, топтолгон эл…
Жүрөгүм зырт этти.
Ар бир жашап жаткан күнүбүзгө шүгүр кылышыбыз керек. Болбогон нерсеге таарынып, урушкандарыбыз бир тыйын.🍂

Alleya🕊️

17 Sep, 08:27


Мен үчүн норма болгон “не нормалар”:

- Тойсуз “той”. Өмүрүңдө эч көрбөгөн, атын укпаган, кыйын кездерде колун сунбаган туугандарды чогултуп, эл көрсүн, конверт үчүн чоң той жасоонун ордуна, чындап жакын көргөн 10-15 адамдын арасында белгилөө - it's OK

- Жалгыз жашоо. Адам кааласа жалгыз жашайт, кааласа үй-бүлө курат. Кааласа балалуу болот, каалабаса, чайлд фри. Өзүнө кандай жашоо жакса, кандай жашоо “комфорт” тартууласа, ошону тандасын.

- Ажырашуу. Сен тандаган адам убакыт өтүп бейтаанышка айлануусу, сезимдер жоголуусу, сый жоголуусу толук мүмкүн. Бир үйдө эки квартирант сыяктуу жашап, жашоону караңгылатуунун ордуна, бири-бирин “бошотуп”, өз жашоосун курганы оң.

- Бала багып алуу. Балаң болсо да, болбосо да, башка бала багып алуу, ага үй-бүлө болуу, багыт берүү - respect.

Шайыр Байышбек

Alleya🕊️

25 Jul, 18:08


- Кызык…
- Эмне кызык?
- Ошончо көйгөй, кыйынчылыкта ыйлабай, бүгүн күн суук деп 2 саат ыйлаганың…

Alleya🕊️

12 Jun, 22:02


Унутсаңчы! Мүмкүн азыр атадыр?
Башка айымга жүргөн чыгар атап ыр.
Куруп алып кыялыңда махабат,
Адал болуу сүйүү эмес, катадыр?


✍️ Шайыр Байышбек

Alleya🕊️

31 May, 22:47


Мага аял кандай болорун үйрөтүүнүн ордуна, эркек кандай болорун көрсөтсөң, мен өз ордумду өзүм таап алмакмын.

“Аял өзүнө кароо керек!”-дегендин ордуна, “Сен үчүн бардык шартты түзүп берем”-десең, мен ошол шартты өзүмө жана балдарыбызга түзүү үчүн мынчалык жүдөмөк эмесмин.

“Аял эрин угуу керек!”-дегендин ордуна, “Мен сенин да оюңду уккум келди. Сен кандай ойлойсуң?”-десең, менин оюм менен эсептешкениң үчүн сага деген сыйым күчөмөк.

“Аял ажылдап, кыйкырбаш керек”-дегендин ордуна, “Мен сени сүйөм, мен сени сыйлайм, мен сени колдойм”-десең, уксаң, мени угууң үчүн кыйкырууну тандабайт элем.

“Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?”-дегендин ордуна, аялды көрсөңөр, өзгөртүүгө аракет кылбасаңар, коргосоңор. Аял качан жаман “катын” болот? Ишенген эр’инен коргоо таба албаганда. “Демек өзүмдү өзүм коргойм” позициясына өтөт.

Жакшы кызды жакшы бойдон сактоо да, жаман “катынга” айлантуу да 89% силерден көз каранды, эрлер.

P.S. “Эр” сөзү “күйөө” маанисинде эмес, эркек маанисинде колдонулду. (Мисал: эр эңиш, эр жигит).

Alleya🕊️

22 May, 19:47


Golden retriever менен black cat мамилеси жөнүндө инстаграмга сторис жүктөдүм. Окуй электер окусаңар болот

Alleya🕊️

22 May, 16:11


“Ийгиликсизмин”-деп кетип калган жок. Максаты белгилүү. Баш тартпады.
Сен да баш тартпа. Ийгиликсиздиктер сени курчутат, өстүрөт. Ар бир ийгилик эмгек талап кылат. Максатың белгилүү болсун. 15 жолу ийгиликсиздик болсо, 16сында ийгилик болот. 99 жолу ийгиликсиздик болсо, 100үндө ийгилик болот. Эң башкысы баш тартпа.

Alleya🕊️

22 May, 16:08


Университеттин бош аудиториясында отурам сабак башталуусун күтүп. Жаныбызда баскетбол аянтчасы бар. 10 жаштардагы бир бала жалгыз ойноп жүрөт. Топту себетке (корзина, кольцо) түшүрө албай убара. 5,10,15 жолу аракет кылды. Ийгиликсиз.
16-жолкусунда топ баскетбол себетине түштү. Мыйыгынан жылмайып койду. Дене тили өзү менен сыймыктанып жатканын көрсөтүп жатты. Башын жогору көтөрү, эки жагына каранып “көрдүңөрбү?”-дегенсип турду. Айланасында эч ким жок эле.
17-жолу атты топту. Дагы себетке түштү. 18-19-20…

Alleya🕊️

17 May, 21:25


Түрк кыздарынын (жаш балдар) көзүнө башкача көрүнөбүз)

Alleya🕊️

17 May, 21:25


Метродо баратам. Кичинекей кыз ата-энеси менен баратат. Тили да аябай ширин. 3-4 жашында болсо керек.
- Апа, күн уктап калыптыр.
- Ооба, күн уктады. Эртең кайра ойгонот.
- Ата, карасаң, күн уктап калыптыр. Коркуп жатам.
- Коркпо кызым, атаң коргойт сени. Ата ким?
- Ата супергерой!
Анан мага карады. Жылмайып койдум, ал да жылмайды.
- Апа, карасаң, көздөрү биздикине окшобойт экен. Кичинекей экен көздөрү.
- Турист да ал кыз.
- Көздөрү жактыыы, апа,-деп жаныма келип чыпалагын чыпалагыма тийгизип, көзүн кысып тийишип коёт. Колумдан кармагысы келди окшойт. 3-4 аялдама чыпалактарыбыз менен ойноп келдик. Коштошуп, бактылуу болуп чыгып кетти😂💙

Alleya🕊️

15 May, 14:30


Документалдуу тасмада Саймондун курмандыгы болгон айымдар биригип, анын кармалуусуна себеп болушат. Саймон Израиль жараны болгондуктан, Израиль өкмөтү ага болгону 15 ай түрмө жазасы берген. 5 айдан соң эркиндикке чыккан. Учурда Израилде бизнес-консультант болуп алыптыр. Күлдүм аябай)
Жабыр тарткан айымдар азырга чейин кредитин төлөп жатышат. Алдамчылыгы үчүн жаза алган эмес (Адилеттүүлүктүн жоктугу ай!)
Сөзсүз айымдар көрүүсү керек болгон тасма. Мамиледе кандай манипуляция, тактикалар колдонулат, мындай торго түшпөө үчүн эмне кылуу керек, билип аласыңар. Кымбат баалуу белек аларда ойлонуу керек “Мунун кирешеси кайдан? Адал жол менен таап жатабы?”-деп.
“Белек берет, демек сүйөт”-деген ой туура эмес.

Урматым менен Шайыр❤️

Alleya🕊️

15 May, 14:23


Документалдуу тасма көрдүм. Аталышы “Аферист из Tinder” (түркчө көрдүм “Tinder avcısı”).
Документалдуу тасма көркөм тасмалардан айырмаланат. Болуп өткөн окуялар чагылдырылат.
Тиндерди кыска, узак убакытка мамиле издегендер колдонот. Бири-биринин баракчасын карайт, жакса жолугушууга чакырышат. Үйлөнгөндөр бар, алдангандар бар.
Документалдуу тасма алдангандар жөнүндө.
Саймон аттуу миллиардер тиндерде өзүнө түгөй издейт. Баракчасынан анын колунда бар, саякатты сүйгөн адам экендигин байкаса болот. Айымдарга өзүн бриллиант бизнестин CEO’су катары таанытат. Алгачкы жолугушууга башка өлкөдөгү 5 жылдыздуу отелдин ресторанына чакырат. Айымдарды жеке учак менен алып барат. Джентельмен сыяктуу мамиле жасайт. Көңүл бурат. Белектер берет. Гүлдөр жиберет. Эрте менен “Кутман таң”, кечинде “Бейпил түн” билдирүүсүн жазат. Бир эмес, ондогон айымга.
Максаты эмне?)
Бай көрүнгөн Саймон миллиардер эмес, мошенник)
Тиндерден кезектеги курмандыгын табат, “ухаживать этет”, жаштардын тили менен айтканда, Jet’терде алып жүрөт, кымбат баалуу белек берет. 1 айдан соң “Сага ашыкмын” дейт. Бир аз убакыттан соң “Башым балээде. Акча керек. Мен үчүн кредит ал”,-дейт. Айымдар кредит алат. Алгач 10 миң $, анан 20 миң… 250 миң $…
Мындай жол менен жүздөгөн айымдарды, эркектерди алдайт.
2017-2019-жыл аралыгында эле 10 млн. $ акчага алдап кеткен.
Киреше булагы: айымдар эле🤓

Alleya🕊️

15 May, 12:21


Келдим кайра💕

Alleya🕊️

18 Feb, 07:29


-Кышты жакшы көрөм.
-Кышты эмес, кыштагы балалыкты жакшы көрсөң керек.
-Балалыкты?
- Эсиңдеби? Тизеге чейин кар жаап, кыш чилдеси түшүп, жарыктар өчкөн кезде, темир мешти тегерене отуруп, атаңдын аңгемесин угуп, бир туугандарың менен тартышчусуң. Апаң сырттан уй саап киргенде аны да аңгемеге тартып, алардын сүйүү баянын укчусуң. Бир күнү кезек менен жомок айтып чыксаңар, экинчи күнү күлкүлүү окуяларды айтмай. Үчүнчү күнү шамдын көлөкөсүнө жан-жаныбарларды түшүрүп ойномой эле. Эрте менен атаң мешке от жагып, апаң чай кайнатып ойготчу. Тандырга жабылган нанды мешке кактап, каймак менен жеп алчусуңар. Кыш балалыгыңды эске салат…