Бейишке карай жол @beishkekarai Channel on Telegram

Бейишке карай жол

@beishkekarai


Ассалому аллейкум
Журокту Аллах учун таза сактаныз! Журок Аллахты суйуу учун жаралган💚 Аллах журоктордун ээси!💛 Куран угуп журогунузду эс алдырыныз!!! Куран угуп соопко ээ болунуз!Журок куранга ашык Журок куранга муктаж! 🕋 Суроолор болсо:@askbkva

Бейишке карай жол (Kyrgyz)

Бейишке карай жол Telegram каналы - бу Аллах жеңи ичиндеги ысыктуу жолдордун жайлап чыгуу үчүн курандардын ээсине суроо жасайт. Бу каналдын аталышы "Бейишке карай жол", учур кылган мааниси болсо, Аллах менен жолу кайрамыз. Бу канал аркылуу сиз курандарды окугуп, ал кандай жолу кайраятдыгыңыз тууралуу тарбиялоо аласыз.
"beishkekarai" каналына катышуунуз, Курандын сакталган жолунда жүргүнүз, менен Аллах менен түшүнүңүз. Сиздин журогуңуздун ээси менен кызыкташкан мындай каналдарды караган болсоно, сиз тек көңүл болгоду кайраят. Каналда ырымдуу суроолор бар. Сизден суроолордуу сурого жаткызылган! Иманыңызды жаңыртуу үчүн журогуңузду курандан кылып гана кайрынаныз, каналга катышып, суроолорго жауап бериңиз. Тонукта кызыктуу каалоо бар болсо, сулайымдуу суроолор жибериңиз.

Бейишке карай жол

19 Feb, 07:10


🤍😍

Бейишке карай жол

17 Feb, 13:30


🎞 МЫНДАЙ ЖЕРДЕ ЭЧ КАЧАН КАЛБА

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

14 Feb, 13:14


Кахф сүрөөсүн окудуңуздарбы?

Бейишке карай жол

14 Feb, 00:39


Жума маарек болсун🤲🤍

Бейишке карай жол

14 Feb, 00:35


🖇️

“Бүткүл дүйнөлүк китеп белекке берүү” күнү кут болсун!

Берген/алган китептериңерди “комментарийге” бөлүшүп койсоңор кубанам📖⤵️

Бейишке карай жол

13 Feb, 07:37


*БАРААТ ТҮНҮНДӨГҮ ИБАДАТ*

Шаабан айынын он бешинчи түнү Бараат Түнү болуп эсептелет. *Бул түнү жок дегенде бир Тасбих Намазы окулат.*

*Бараат Түнүндө сунушталган "нафил намазы" бар.*100 рекеттен турган бул намазды окуган адам ошол жылы өлсө, шейиттик даражага жетет.

Намазга мындай ниет кылынат: “Оо, Раббим! Сенин ыраазычылыгың үчүн намазга ниет кылдым. Мени Сенин кечиримиңе жана илахий пейзиңе жеткир. Жүрөктүн катуулугунан, дүйнө жана акыреттеги кыйынчылыктардан куткарып, бактылуулукка жеткендердин катарына кош.” Аллаху Акбар.

Ар бир ракатта Фатиха сүрөсүнөн кийин 10 Ихлас сүрөсү окулат, эки ракаттан бир салам берилет жана 100 ракатка толукталат.

Намаздан кийин төмөндөгү 11 дуба 14 жолу окулат (Аллаху Тааланын “Ху” ысымынын абжад эсебиндеги мааниси 11 жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ысымдарынан “Таха”нын абжад эсеби менен мааниси да 14 болгондуктан):

1. Истигфар: 14 жолу,

2. Салават: 14 жолу,

3. Фатиха сүрөсү (бисмилла менен): 14 жолу,

4. Аятал-Курси (бисмилла менен): 14 жолу,

5. Тообо сүрөсүнүн акыркы 2 аяты “Лакад жаа акум...” (бисмилла менен): 14 жолу,

6. 14 жолу “Йа Син, Йа Син...” деп айткан соң 1 Йасин сүрөсү. (Йасин сүрөсүндө 7 ачык, 7 көмүскө “мубин” бар, ушундайча ал дагы 14 болот),

7. Ихлас сүрөсү (бисмилла менен): 14 жолу,

8. Фалак сүрөсү (бисмилла менен): 14 жолу,

9. Нас сүрөсү (бисмилла менен): 14 жолу,

10. “Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла илаха иллаллаху валлаху акбар ва ла хавла ва ла куввата илла биллахил-ъалиййил-ъазим”: 14 жолу,

11. Салават (Салатул-Мунжия окуу дагы пазилеттүү): 14 жолу окулуп, дуба кылынат. (Дуба жана Ибадаттар, Алтын барак)

Бейишке карай жол

13 Feb, 04:32


Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) мынтип айткан:
“Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Шаабан айында кармагандай көп орозону башка айларда кармаган эмес”. (Бухарий, Муслим) эле

🤲🏻Оо, Раббым! Шаабан айынын шарапаты менен Рамазан айын биз үчүн берекелүү кыл, Омиин!

https://t.me/formulakg

Бейишке карай жол

11 Feb, 03:22


Аллахты унуттурганды сен да унут!

@joloochular

Бейишке карай жол

10 Feb, 06:35


📍Пайгамбарыбыз ﷺ дубасы:

 اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ عِلْمًا نَافِعًا، وَرِزْقًا طَيِّبًا، وَعَمَلًا مُتَقَبَّلًا

[Аллоохумма иннии асалука ъильман наафиъан, уа ризқон тоййибан, уа амалан мутақоббалан]

“Оо Аллахым! Мен Сенден пайдалуу илим, адал ырыскы, кабыл болгон амал сураймын”

Бул дубаны Пайгамбарыбыз ﷺ айрыкча багымдат намазынан кийин окуганы белгилүү

#дубалар
@joloochular

Бейишке карай жол

08 Feb, 14:35


🔴 ЖАМАН ОЙЛОР КЕЛГЕНДЕ УШУЛ ОКУЯНЫ ЭСТЕҢИЗ

Талха ибну Абдурахман өз заманында курайш уруусундагы эң берешен адамдардын бири болгон. Күндөрдүн биринде аялы ага: 

– Сенин досторуңдан өткөн начар адамдарды көрбөдүм, – дейт. Ошондо ал андан:

– Эмнеге? – деп себебин сурайт. 

– Алар сен байыган кезде жаныңдан чыкпай калышат. Эгер эч нерсеси жок калсаң, бирөөсү да жаныңа басып келип койбойт, – дейт.

Ошондо Талха аялына мындай деп айтты:

– Аллахка ант болсун! Бул алардын адептүүлүгүнөн. Алар колубузда бар кезде көп келишкени, биз аларды сыйлаганга шартыбыз болот. Ал эми колубузда жок кезде келишпегени, бизди ашыкча кыйналып калбасын дешет. («Адаб ад-Дунья уад-Диин», 180)
 
Караңыз, досторунун адамгерчиликке жатпаган туура эмес мамилесин жакшылыкка жооруду, алар кыянаттык кылса да алар тууралуу жакшы гана ойлоду. Бул анын жүрөгүнүн жана ойлорунун таза экендигин билдирет. Мындай кылуу чыныгы ыймандуу адамдын сыпаттарынан. Анткени ал жаман ойлоого миң себеп болуп турса да, жакшы ойлоонун бир жолун табат. Эч качан башкалар тууралуу жаман ойлоого жол бербейт. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Бейишке карай жол

07 Feb, 04:47


Жума күндөрү эмне үчүн Кахф сүрөсүн окушубуз зарыл?

Шейх Лябиб Нажиб айтат:

"Кээ бир аалымдар Жума күндөрү аль-Кахф сүрөсүнүн окулушунун акылмандуулугун бул сүрөдө баяндалган төрт окуяга байланыштуу деп айтышат. Ал окуялар:
- дини менен сыналган үңкүр ээлеринин (Асхаб-ы Кахф) окуясы;
- байлык менен сыналган эки бакча ээлеринин окуясы;
- илимге келген сыноо - Муса а.с. жана Хызыр а.с. окуясы ( Аз. Мусадан "Сенден да билимдүү адам барбы?"-деп сурашканда, жооп бере албай калат. Ошондо Аллах Таала аны Хызыр а.с менен сынайт)
- бийлик менен сыналган Аз. Зулкарнайндын а.с. окуясы.

Аалымдар айткан: " Адам ар күнү ушул төрт сыноонун бирине дуушар болот. Жана жума сайын "Кахф" сүрөсүн окуса, бул сыноолорго кантип туруштук берүүнү билет."

#котормо

@joloochular

Бейишке карай жол

07 Feb, 03:02


📍Таң намазына ойготуп, Өз үйүнө чакырып, жакшы күндүн берекесин насип кылган Раббыма шүгүрлөр болсун!

Раббысы эртең мененки багымдат намазына ойготкон пендесине Өз чакырыгын Бейиштин үнүн салып, караңгы түндөн жарык таңды сууруп чыккан Раббыңа таян - деп үн салгансыйт...Таң азандан куштар тынбай, жаңы күндүн кереметин даңктап, Жаратканды алкап, жашоону мактап жатышса, анан кантип, биз адамдар дагы бир жаркыраган күндүн көзүн көргөнүбүзгө сүйүнбөйлү...

Анан кантип, Жараткандын бизге берген жакшылык, ырыскы, нээматтарына кубанбайлы...

🤲🏻Бүгүнкү жума күнүнө жеткирген Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун.

🌹Жума маарек болсун жакшылар!

🧕Насиба Абдуллаева

https://t.me/formulakg

Бейишке карай жол

04 Feb, 02:42


Бейиштик адамга бейишке карай амалдарды кылуу жеңил болот экен.
Ал эми Тозоктук адамга тозоко карай амалдар жеңил болот дейт.

Эгер сизге бирөөнүн акысына кирүү же жалган айтуу жана башка терс амалдар жеңил болуп жатса ойлонуш керек экен🌧️

Бейишке карай жол

01 Feb, 07:09


🪐

Соот сымал коргойт ар бир тараптан,
Ар бириңе жоолук сонун жарашкан.
Баш таажыңар башыңардан түшпөсүн,
Белек кылып берген аны Жараткан.

🖊️ Каратаева Нуриза

~ бүгүн бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү экен.

Бейишке карай жол

01 Feb, 06:50


Дорогие сестры!
Поздравляю вас с Всемирным днём хиджаба! Пусть этот день станет напоминанием о вашей красоте, силе и преданности своим ценностям. Пусть хиджаб приносит вам уверенность, мир в душе и благословение во всех начинаниях. Желаю вам стойкости, гармонии, любви и поддержки близких. Пусть Аллах укрепит вас на этом пути и наполнит вашу жизнь счастьем и светом!

С праздником, ухти! ❤️

https://t.me/beishkekarai

Бейишке карай жол

01 Feb, 06:50


Кымбаттуу эже-сиңдилер!
Сиздерди Бүткүл дүйнөлүк хиджаб күнү менен куттуктайм! Бул күн сиздин сулуулугуңузду, күчүңүздү жана баалуулуктарыңызга берилгендигиңизди эскерткен күн болсун. Хиджаь сизге ишеним, жан дүйнө тынчтыгын жана бардык ишиңизге береке алып келсин. Сизге туруктуулукту, ынтымакты, сүйүүнү жана жакындарыңыздын колдоосун каалайм. Аллах сизди ушул жолдо бекемдеп, жашооңузду бакыт жана нур менен толтурсун!

Майрамыңыз менен, ухти! ❤️

https://t.me/beishkekarai

Бейишке карай жол

31 Jan, 19:09


Ассалому аллейкум буйруса активдүү болобуз,көп маалымат киргизгенге аракет кылабыз Ин Шаа Аллах🤲

Бейишке карай жол

31 Jan, 19:08


Шабан айы кут болсун🫶

Бейишке карай жол

22 Jan, 04:02


Бир адамдан: «Балдарыныздын адептүү, такыба
болушунун себеби эмнеде?» - деп сураганда ал мындай
деген экен: «Үйлөнгөнгө чейин жана балалуу болгонго
чейин мына ушул дубаны дайым айтып жүрчүмүн:

РОББИ ИЖЪАЛНИИ МУКЫИМАС СОЛААТИ УА МИН
ЗУРРИЙЯТИИ, РОББАНАА УА ТАКОББАЛЬ ДУЪА’И

«Оо, Раббим! Мени жана менин урпагымды намазды толук окугандардан кыл. Оо, Раббибиз! Дубамды кабыл кыл».(Ибрахим сүрөсү,40-аят)

Булак:tilmech

Бейишке карай жол

21 Jan, 12:40


Таратышып. Жардам колун сунуп коюуңуздар сураныч

Бейишке карай жол

16 Jan, 06:11


"Ок атышуу токтогондон кийинки биринчи күнү эмне кыласың?"

Түндүк Газадагы балдардын жалгыз кыялы бейпилдикте жашоо, жакындары менен биргеликте тынч өмүр сүрүү❤‍🩹

15-январдан баштап И$раиль жана ХАМАС ортосунда ок атышунуу токтотуу жана туткундар менен алмашуу боюнча макулдашуулар башталды. Бул жаңылык Палестина, Ливан, Сирия жана бүткүл дүйнө жүзүндө чоң кубаныч менен кабыл алынып жатат.

Ок атышунуу токтотуу толук тынчтык орногонун билдирбейт. Ошентсе да бул Газалыктардын кичинекей жеңиши. Жана алар бул жеңишке жалгыз кайраттуулугу, Аллахка болгон бекем ишеними, үмүтү менен жетип отурушат!

Аллах Таала Ыйык Жерлерде толук адилеттүүлүк орнотуусун, зулумдукка кабылгандардын абалын жеңилдетүүсүн, мусулман үммөтүнө жеңиш насип кылуусун тилейбиз! 🤲🏻

Бойкотту токтотпойбуз!
Дуба кылууну токтотпойбуз!




#freepalestine🇵🇸 #эркинпалестина🇵🇸

Бейишке карай жол

15 Jan, 19:01


🥹❤️‍🩹❤️

Бейишке карай жол

15 Jan, 19:00


Война в Газе закончилась. Хвала Аллаху! Сионисты вели переговоры о перемирии буквально под огнем палестинского сопротивления! Сионисты пошли на сделку, при которой палестинских узников будут выпускать в 10, в 15 раз больше, чем это было полгода назад, при прошлых условиях Нетаньяху. Сионисты уже вчера демонтировали свои блокпосты и начали отвод армии с оси Нитсарим. Это означает полный вывод оккупационных войск, и прекращение всех видов военных действий.

#палестина

🌐 Даруль-Фикр
💬 Чат в Telegrame

Бейишке карай жол

01 Jan, 10:12


🎥 РАЖАБ АЙЫ ТУУРАЛУУ КЕЛГЕН МААЛЫМАТТАРДЫН БААРЫ НЕГИЗСИЗ

Абдишүкүр ажы Нарматов

➤➤ https://t.me/tilmech

⚠️ Ражаб айынын биринчи күнү 1-январга (2025-ж.) туш келет. Жогорудагы видеону сөзсүз көрүңүз. Себеби бул ай туурасында көптөгөн негизсиз маалыматтар интернетте таркап жүрөт.

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз

Бейишке карай жол

30 Dec, 18:04


🎞 ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТОСУУ АЛЛАХТЫ СӨККӨНГӨ БАРАБАР

Садыбакас ажы Доолов

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

27 Dec, 04:48


Мен сабыр кылам. Билемин, Аллах сабыр кылган пенделерине кандай иштеринде болсун, аягын ийгилик эшиктерин ачып берет. Аллах сабырдуулар менен бирге...

Мен жашоомо ыраазымын. Билемин, Аллах" Ар Роззааку - Өтө чоң ырыскы берүүчү" шүгүр кылган пенделеринин ырыскысын ар тараптан кенен кылып, жашоосун берекеге толтурат...

Мен дуба кылууну токтотпоймун. Билемин, Аллах дуба менен жашообузга келелек кырсык- балээ, оорулардын жолун тосуп, сактап, келген сыноолордон жеңил чыгып кетүүдө жардам берет. Анткени Анын убадасы " Силер дуба кылгыла, Мен силерге жооп берейин " деген.

Мен намазымды эч качан таштабай окуп жүрүүнү Алладан көп - көп сураймын.Ал мени таштап кетүүсүнөн коркомун. Билемин, Аллах алдында бир гана намазым менен жүзүм жарык жолугам. Анын, " Мен силерди Мага моюн сунуп, ибадат кылууңар үчүн жараттым, Мага кайтасыңар, сабырдуулук менен намазыңарды окуп, Өзүңөрдү тозоктун отуну болуп калуудан сактангыла " деген сөздөрү кулагыма жаңырып турат...

📖 "Эң сонун ысымдар Аллатыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

" Ал Барру- Пенделерине жакшылыгын мол кылып берүүчү" Эгем менин! Жакшылыгыңдан үмүт, каарыңдан корккон, коркуу менен үмүттү жүрөгүмө толтургун Йа, Раббым! Ар бир күнүмдө билип - билбей кылган күнөөмдүн  эсебин эске салгын, берген нематтыңды сезип, шүгүр кылган денемди Өзүңө толук моюн сундургун. Өзүң кечирип, Өзүң ыраазы болуп күтүп алган кулуң мен болоюн!

🤲🏻Жума маарек болсун жакшылар!

🧕 Насиба Абдуллаева.

https://t.me/formulakg

Бейишке карай жол

25 Dec, 16:07


– 2025-ке ең ұлы мақсат?

– Бірде-бір намазды қаза етпеу.

Бейишке карай жол

23 Dec, 03:14


🎞 ЭМНЕГЕ СИЛЕРДИН ДИНИҢЕР УШУНДАЙ?

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

19 Dec, 15:36


"Гарри Поттер", "Том и Джерри", "Скуби-Ду", "Бэтмен" ж.б. өтө белгилүү кино жана мультфильмдердин тарткан компания тууралуу билчү белеңиз?

Ооба, тилекке каршы, алар да жөөттөр тарабынан негизделип, миңдеген бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себеп болуп жаткан заалым и$раилди колдогон ири компаниялардын бири...

Эмне кылышты билесиздер...

Таратыңыз! Башкаларга бул маалыматты жеткириңиз!
Бойкотту токтотпоңуз!

Бейишке карай жол

14 Dec, 13:38


🛐НАМАЗ ОКУП ЭМНЕ ТАПТЫҢ?!

Аллах Таала чоң атам менен чоң энемди  ырайымына алсын. Ошо кишилер басса - турса эскертип, кээде мактап, кээде урушуп, таң агаргандан баштап " тургула намаз окугула, кеч калды, болгула !" деп кайра - кайра айтып жатып намаз окуганды үйрөткөндөр эле... Атам кичүү баласы болгондуктан, мен чоң атам менен чоң энемдин колдорунда чоңойдум. Үйүбүз тоонун түбүндө күн кышында тийбейт, суугуна карабай, намаздын аба менен суудан да зарыл экенин кулагыма куюп, жети - сегиз жашымдан эле  чоң энем ээрчитип алып, даарат алса даарат алып, намаз окуса кошулуп окуп жүрүп,  жүрөгүмө орнотуп салыптыр жарыктык энем. Ушул күнгө чейин башыма келген оор сыноолордун курчоосунда калсам да, окуган намазымдын шарапаты менен жеңил өткөрүп, сынбадым. Азыр менде намаз калтыруу деген түшүнүк жок. Бир аз эле  ооруп калсам дароо " Оо, Раббым! Намазымдан ажыратпа, акыркы демиме чейин тилиме, денеме жеңил кыл, намазым менен Өзүңө жолугайын" деп дуба  кылам. Намаздын жашоом үчүн канчалык пайдасын ойлогон сайын, күн суукта эшик алдында чоң энемдин " Тургула намаз окугула !" деген чакырыгын эстеп ыраазы болуп, Алладан алардын билип - билбей кылган  күнөө - каталарын кечиришин тилеймин. ..

Намаз жашообузда эң маанилүү ибадат экенин Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи салам өлөөр алдыңда " Үммөтүм, үммөттүм, үммөттүм! Намазга бекем  болгула, намазыңарды өз убагында окугула, намазсыз бейишке кире албайсыңар, намазыңар жок Аллах алдында эч кимсиңер " деп эскертип кетти...

Намаз жөнүндө жаза берет, эскерте берет деп, намазга маани бербеген, кээде окуп, кээде таштап, анан баштаймын -  деп жүргөн туугандарым! Намаз окуп эмне таптың десеңиз:

Акылым менен Алланы таанып, жүрөгүм менен сезип, өзүмдүн ким экенимди билип,  жашоомдогу максатымды таптым. Дайыма кыжаалат болгон жүрөгүм тынчып, маанайым ачылып, башыма кандай сыноо келсе да стресс - депрессия дегенди жеңил чыккан жолду таптым. Жаман ойлор кетип, жашоого кызыгып,  караңгылап калган дүйнөмө жарык кирди, анткени Аллахты таптым. Сиз менен мен күтүп, чакырып, издеп жүргөн бакыттын сырын таптым. Мен бактылуумун.
"Ким Жаратканды тапса, ал бүт нерсени тапканы. Ким Аны жоготсо, ал бүт нерсени жоготкону."

Дегеним, жашоомдогу эң маанилүү, зарыл ишим деп намазды эсепте. Намазды өз убактысында берилүү, кунт коюу менен оку. Тамак ичүүнү унутуп калбаган сыяктуу намазды да унутпа. Намаз – сенин максатың,  үмүтүң,  жашооң,  өмүрүң болсун!

Эгер ушундай болсо, анда сүйүнө бер: сен Алланын  коргоодосуң, периштелер дубасындасың, дайыма ырыскың ашып- ташып турат, өмүрүң берекелүү болот.

“Аллахым мени да, менин урук-урпагымды да намаз окуучулардан кыл” (“Ибрахим” сүрөсү, 40-аят).

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

Бейишке карай жол

12 Dec, 13:35


➤➤ https://t.me/tilmech

Бейишке карай жол

08 Dec, 13:30


🌧️Алгачкы кар менен кошо жааган үмүт..

Мына бүгүн алгачкы жааган  кардын биринчи күнү. Баткен жергесинде көп жылдан бери кар жаабай эле кыштан чыгып кетебиз. Быйыл эл катары эле кар тоңдурган суугу менен жаап кирип келди. Негизи көбүнчө тереземден сыртка, асманга, жаратылышка  карап, Жараткандан жараткан кооздуктарына тафакур кылып, ойго салганды жакшы көрөм. Айланага көз чаптырсам эмнегедир баары үнсүз, тынч. Куураган дарактар,  сумсайып, жалбырактары саргайып, түшүп куурашы, жашоонун кандайдыр бир бөлүгү аяктаганынан кабар бергендей. Ушул күнгө чейинки басып өткөргөн  жолумда эмнелерди кылдым, эмне менен алек болдум көз алдыма тартылып, шурудай тизмектелип элестелди. Бул жылы  менин көп жылдан бери күрөшүп келген жашоодогу сыноолорго  Жараткандын мага күтпөгөн унутулгус жакшылыгы, сыйы болду,  канча шүгүр айтсам да аздык кылат. Оо, Раббым! .. дедим, Сага чексиз шүгүрлөр болсун, менин жакшы деп билген пландарым, каалоомдон, Сенин планың, каалооң эң жакшы, алгачкы жааган  кар менен кошо жааган үмүтүмдүн келечегинин  жарыгын мындан да  жакшысын  бересиң деп ишенемин, үмүт кылам!

Кичинемде, кар жаап турган  асманды карасам үлбүрөгөн кар бүртүкчөлөрү биринин артынан бири жаап, жүзүмө түшкөндө, бала кыялга оролгон таза аруу тилектерим менен көөпкө карап, өйдөгө карап учаар элем. Бала кезимде кыялкеч кыштарда жашаган болсом,  а азыр үмүттүү кыштарды өткөрүүдөмүн. Жааган аппак  кар кулагыма үнсүз шыбыроосу менен ар бир  кыштын тоңдурган суугу болгон менен артынан жылуулугу менен үмүтсүз жандыктарга  жыңы жашоонун багытына жол көрсөткөн  жазы бар.  Ар бир караңгы түндүн эртеңки жакшылыкка үмүт берген  таңы бар.

فَإِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا

"Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик келет "

إِنَّ مَعَ الْعُسْرِ يُسْرًا

"Аныгында, кыйындыкты улай жеңилдик келет."  - деген  Курандагы: Шарх сүрөсүнүн: 5-6 аяттарын)  мага эскертип турганын айткансыды. Жашоонун жаңы барактарын ачып, үмүт берген бул кыштын эң биринчи кары эле. Апаппак кар өлкөбүздү, жан дүйнөбүздүн кара тактарын тазалап, жууп кетсин...

Бүгүн жааган алгачкы карда мен ушуну ниет кылып, дуба кылдым...

👤Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

Бейишке карай жол

08 Dec, 04:50


Сыноо дүйнөнүн сынынан сени таптым оо , Раббым! 🤲❤️

Бейишке карай жол

06 Dec, 03:50


ЖУМА МААРЕК БОЛСУН 🤲

Бейишке карай жол

05 Dec, 08:53


🕯️

Бардык нерсе өз убагынан кечикпей келет.

А сен күтө алсаң болгону

Бейишке карай жол

02 Dec, 14:02


☝🏻Адат өзгөрсө - адам өзгөрөт

"Эрте турган - сергек, ырыскыга - теңдеш" дейт. Ар бир күндүн береке эшиктери багымдат намазы менен башталат. Эрте менен жаңы күндүн башталышында Жараткандан өзүңө, үй-бүлөңө, жакындарыңа дуба кылып, коргоо тиле.

Адам үйдөгү тарбиясына караганда, чөйрөсүндөгү адамдардан көбүрөөк таасир алат. Кесепети тие турган жаман достор менен эмес, шарапаты тие турган жакшы достор менен бол.

Телевизордон пайдасыз сериалдарды көрүп, телефон чукуп убактыңды коротпой, пайдалуу китеп окуп, пайдалуу кеп-кеңеш ук.

Болор-болбоско наалыбай, өзүңө тың, чечкиндүү бол. Өзүңдөн өйдөлөрдү эмес, өзүңдөн төмөндөргө карап, Жараткан берген жакшылыкты баалап, шүгүр кыл.

Башканы сындай бербей, өзүңдүн катаңды оңдо.

Канга сиңген жаман адаттардан арылып, жакшы адаттарга көнөлү...

О, Жараткан Аллах, жаман адаттан, жагымсыз ахлактан Өзүң арылт.

Жашообузга оң таасирин тийгизген жакшы адаттарды каныбызга сиңир.

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен.

Бейишке карай жол

29 Nov, 12:51


💔

Бейишке карай жол

29 Nov, 05:52


Жұма мүбәрәк болсын!

Жұма мұсылмандардың мейрамы.

отбасыңа немесе жақыныңа сыйлық алуды ұмытпадың ба?
🤔☺️

Бейишке карай жол

26 Nov, 10:11


*💖Ата-энем – түгөнгүс байлыгым*

Билесиңби, дүйнөдө эң жакшы, эч нерсеге алмаштыргыс эки инсан бар, алардын жакшылыгы эч качан түгөнбөйт, жакшылыгын эч качан милдет кылбайт. Сен экөөбүздү жакшы жашоого үйрөткөн, жакшы жолдо жүрүүгө багыт берген, жакшы адам болууга акыл-насаат айткан, жакшы тарбиясы менен сугарган бул адамдар - ата-энебиз.

Бардык адамдардан жамандык көрүшүң мүмкүн, бирок ата-эненин жамандыгын көрбөйсүң...

Ушул эки адамдын дуба-батасы, ушулардын урматы, ушулардын бар болгону үчүн биздин жо- лубуз ачык, ырыскыбыз мол...

Ушул адамдар болгону үчүн биздин күлкүбүз катуу, үнүбүз өктөм...

Ушул адамдар болгону үчүн башкалар бизге карайт, колдойт, жардам берет, сыйлайт...

Ушул адамдар болгону үчүн эртең менен бактылуу ойгонуп, кечинде бактылуу жатабыз...

Ушул адамдар болгону үчүн күлөбүз, ыйлайбыз, эркелейбиз...

🤲🏻О, Жараткан Аллах, түгөнгүс байлыгым болгон ата-энемдин өмүрүнө береке бер.

Биздин бактыбызга тең карып , тең жашап жакшылыктарыбызды көп - көп көрүүнү насип кыл !

🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен

Бейишке карай жол

26 Nov, 08:13


🎞 ЖАМАН ДОСТОН САК БОЛ

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

22 Nov, 14:44


Рамазан айына 98 күн қалды…

Рамазан айы – Құран оқитын ай, әліппе оқитын ай емес!

Қазірден әліппені бітіріп құранға түсейік!
Оразада оқимын деумен неше жылың өтіп кетті…

Бейишке карай жол

17 Nov, 08:19


🎞 ҮЙГӨ КӨЗ МОНЧОК ИЛҮҮ ШИРК

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

16 Nov, 13:19


🎞 КАРАҢГЫ ТҮНДӨ ОКУЛГАН ТАХАЖУД НАМАЗ АДАМДЫН ЖҮЗҮН ЖАРЫК КЫЛАТ

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

14 Nov, 18:34


Ассаламу алейкум кандайсыздар?Каналдын ачылганына бүгүн 4 жыл болуптур😊.4жылдан бери каналдын каталуучулары барбы?Пайдабыз тийип жатканына кубанычтабыз.☺️

Бейишке карай жол

12 Nov, 16:41


🎞 ХИЖАБГА ЖЕҢИЛ КАРАГАНДАРГА ЭСКЕРТҮҮ

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

12 Nov, 16:41


🎞 КЫЗЫКТУУ СУРОО-ЖООПТОР

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

10 Nov, 09:11


📒ДИЛИМДИ ОЙГОТУП, ОЙЛОНТКОН КИТЕП..

Эч качан эч нерсеге сыртынан карап тон пычпа дегени ушу тура. Соц тармактарда " Дилимдеги" китебинин жарыяларын, окурмандардын пикирлери карап, бул китеп жаштарга багытталган китепко, анан ичи аз- аздан эле сөздөр, сүрөттөр менен жазылган окшойт деп койгом. Китептин автору менен таанышып калып, анын жөнөкөйлүгү, ар окурманга болгон мамилеси, сыйын көрүп, кандай адам экени баалап, дилиндеги сөздөрүнө дагы да кызыгуум артып китебин алдырып окудум. Китепти сүйүп окуганды китеп сүйүнтөт, көңүл коюп окугандын көзүн ачат, кууп окуганга ийгиликтердин эшигин ачып берет дейт. Ар бир китеп өзүнчө аалам, ар биринен биз билбеген сырлары катылган. Бул китептен аты айтып тургандай дилиндеги сөздөрдү ар ким өз күндөлүгүнө суроо берип, жооп жазып, таап, өзүнө сабак алат деп ойлойм. Бир эле жаштарга эмес, бардык окурмандар окуй турган улуу аалымдардын, акылмандардын хиккя, баяндары негизинде жазылган сонун китеп болуптур. Азыркы күндө чарчаган, жаңылган жүрөгүбүздү эс алдырып, чаржайыт ойлорубузду оңдоп, жашообуздагы максатыбызга билүүбүзгө туура багыт берген, жашоо эрежебизди пландап, бактылуу жашоого жол көрсөткөн, айрыкча үй - бүлө кура турган жаштарыбызга аманатка бекем болууну, сүйүүнү баалап, кыянаттан алыс болуу, жоопкерчилик, милдеттерди мисал, сүрөттөр менен чагылдырып жеткирген китеп болуптур. ...

Китептен үзүндү:

📍 Тағдыр жана чечим

☝🏻Турмуш куруу тагдыр, талак берүү чечим.

☝🏻Ыйлоо - тагдыр, ал эми жылмаюу чечим.

☝🏻Жашооңдо бир инсандын болуусу тагдыр, аны барктап, кармап калуу чечим.

☝🏻Кимдир бирөөнү сүйүп калуу тагдыр, бирок аны арам же адал кылуу чечим.

☝🏻Кайсыл бир күнү өлүшүбүз тагдыр, бирок жакшы же жаман инсан болушубуз чечим.

☝🏻Ооба, тагдыр биздин колубузда эмес, бирок чечим өзүбүздүн колубузда.

☝🏻Тагдырды колго ала албайбыз, бирок чечим өз колубузда.

🤲🏻Алибек мырза сизге Аллах ыраазы болсун! Ишиңизге ийгилик каалайм, дагы да көптөгөн китептерди жазып, жалпы үммөттү ойготуп, ойлонтуп туура жолго түшүүсүнө себепчи болуңуз. Өмүрүңүздү берекелүү кылсын Жаратканым! Коомубуздун келечегин кең, жарык кылган сиздей жаштарыбыз көп болсун...!

@dilimdegi

Бейишке карай жол

09 Nov, 08:02


Мусулмандар үчүн апта ичиндеги эң ыйык күн кайсы?

Бейишке карай жол

08 Nov, 17:05


🎞 БАРГА ШҮГҮР КЫЛ

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

07 Nov, 16:35


Мені кешір деме!

Бейишке карай жол

07 Nov, 09:20


Жүректі жаралауға бір ғана сөз жеткілікті,
жараланған жүректі орнына келтіруге өмірің жетпейді

Халық даналығы
@kabylbek.ustaz

Бейишке карай жол

05 Nov, 12:16


Өмір - сынақтардан сабақ алу…

Бейишке карай жол

02 Nov, 14:14


🔴 КАНДАЙ АДАМ ЭКЕНИҢДИ ӨЛҮМ КЕЛГЕНДЕ БИЛЕСИҢ

Кумейл ибну Зияд айтты:

Күндөрдүн биринде Али ибну Абу Талиб, радыяллаху анху, менен бирге жолго чыктым. Качан биз көрүстөнгө жетейин деп калганда ал кабырларга карап мындай деди:

– Эй, кабыр ээлери! Эй, сыноо ээлери! Эй, жалгыздык ээлери! Силерде эмне жаңылыктар? Биздеги жаңылыктарды айта турган болсом, силер салган үйлөрдө башкалар жашап жатышат, силер топтогон байлыгыңардын баарысын бөлүп кетишти, балдарыңар болсо жетим калды, аялдарыңар болсо башкаларга турмушка чыгып кетишти. Бизде мына ушундай жаңылыктар болду. А силерде эмне жаңылыктар?

Андан соң мага кайрылып:

– Оо, Кумейл! Эгерде буларга сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилгенде мындай деп айтышмак: «Жол азыгыңарды камдагыла! Чындыгында эң жакшы азык – такыбалык экен».

Ошондо ал өзүн кармана албай ыйлады. Бир аздан кийин мага карап мындай деди:

– Оо, Кумейл! Кабыр – адамдын кылган иш-аракеттеринин сандыгы. Сен анын ичинде эмне бар экенин өлүм келгенде билесиң. («Канзуль Уъммал», 3/396)

Өлүм келгенде сен үчүн эң кымбат болгон бүткүл нерсе артыңда калат. Сен күн-түн дебей далбастап чогулткан байлыгың да калат. Сенин көзүңдү май бастырган бийлигиң да калат. Сен суктанган сулуулугуң топуракка айланат. Бүгүн атагың асманга жетип турса да, адамдардын баарысы сенин көзүңдү карап турушса да, эртең эле эч нерсе болбогондой унутуласың. Анткени бул жашоо канчалык узак сезилсе да ал өтө кыска, канчалык кооз көрүнсө да ал убактылуу, канчалык чындыктай сезилсе да ал азгырык. Бул дүйнө жашоосу дүрт этип күйүп, жалп этип өчкөн от сыяктуу. Ал чыныгы акырет жашоосунун жанында бир көз ирмемге барабар болгон убакыт сыяктуу. Мына ошондуктан бул дүйнө жана анын ичиндеги болгон бүткүл нерселер Аллахтын алдында чиркейдин канатына да тең келбейт. Акыретке барганда сенин таянган байлыгың, бийлигиң, бала-чакаң сага эч жардам бербейт. Акыретте сага жардам берген бир гана нерсе бар – ал сенин такыбалыгың, Аллахтан коркконуң жана Анын дини менен жашаганың. Бул убактылуу жашоодо динсиз жашап өтүү – түбөлүктүү акыретти жоготуу деген сөз. Андыктан азыртадан акыретке азыгыңды камда, такыбалыкты бекем карма!

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

Бейишке карай жол

30 Oct, 04:47


Ашуланғанда өзіңе сенбе,өйткені ол сен емессің.

Халық даналығы
@kabylbek.ustaz

Бейишке карай жол

27 Oct, 08:24


🎞 АДАМДЫ АЛЛАХ ГАНА КОРГОЙТ

t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

25 Oct, 09:10


🔴 ЖУМАГА ЭРТЕ КЕЛГЕНДЕРДИ ПЕРИШТЕЛЕР ЖАЗЫП ТУРУШАТ

Абу Умама, радыяллаху анху, айтат:
“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү мечиттердин эшиктеринде периштелер олтурушат. Аларда барактар бар, адамдарды (биринчи келгенине карап) жазып турушат. Имам (минбарга) чыккан кезде барактар жыйылат”. Мен: “Эй, Абу Умама! Имам (минбарга) чыккандан кийин келген адамга жума жокпу?” – деп сурадым. Ал: “Жок (ал жума окуйт), бирок ал барактарга жазылгандардан болбой калат” – деп айтты”. (Ахмад)

Абу Саид ал-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Жума күнү болгондо периштелер мечиттердин эшиктеринде олтурушуп алдыңкы келгенине карап жазып турушат. Биринчи келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы курмандык кылган адамдын сообун жазып турушат. Азанчы азан айтып, имам минбарга олтурганда алар жазып жаткан барактар жыйылат жана периштелер мечитке кирип, хутба угушат”. (Ахмад)

Бейишке карай жол

23 Oct, 13:54


Бұл хиджабтағы арулардың өмірі…

Бейишке карай жол

23 Oct, 10:02


Пайғамбарымыз ﷺ үйреткен таңғы және кешкі зікірлерді оқып, бес уақыт намазға бекем болған кісіге жын-пәленің ешқайсысы жоламайды. Көп “жын шығарушылардың” қорқытуы бос әңгіме ғана.

Бейишке карай жол

18 Oct, 15:17


🎞 АТА-ЭНЕҢ – СЕНИН БЕЙИШИҢ

▷ t.me/risalatkg

Бейишке карай жол

17 Oct, 13:57


Проблемаң көп болса тыңда!

Бейишке карай жол

16 Oct, 19:35


Кез келген нарсенін сыры
"сабырда";
Ауырганда сабыр етсен
"Шыдамдылык",
Аштыкка сабыр етсен "Ораза",
Адамдарга сабыр етсен
"Кенпейілділік",
Тілекте сабыр етсен "Дуга
(бата)",
Сезімге сабыр етсен "көз жасы",
Сагынышка сабыр етсен
"касырет",
Махаббатка сабыр етсен
"гашыктык" болады.
Маулана Жәләлуддин әр-Руми
(Алла оны ракымына бөлесін)

Бейишке карай жол

15 Oct, 18:26


☝️