Таасирдүү сөздөр 🍃 @iygilikti_bagyndyrabyz Channel on Telegram

Таасирдүү сөздөр 🍃

@iygilikti_bagyndyrabyz


Мотивациялар
💦Цитаталар
Афоризмдер
💦 Сүрөттөр сүйлөйт

Ийгилик сага келбейт,сен ага барышың керек!🤓
Ийгиликке тынымсыз кылынган аракет жана ишенимдин жардамында жете аласың!

⚠️Каналга катталыңыздар жана досторуңуздар менен бөлүшүүнү унутпаңыздар!

Таасирдүү сөздөр 🍃 (Kyrgyz)

Кыргыз тилинде ошол тааныстыктың аралык карап чыгууы болгон Таасирдүү сөздөр 🍃 каналына катышуу аркылы жашоо жолунда көмөкчү болуп укугуз. Бул каналда сизге мотивациялар, цитаталар, афоризмдер менен башка жана сүрөттөр сүйлөйт. Ийгилик турган ишенимди кеңейтүү менен жеңишиңизге катышышыңыз керек! Каналга катылыңыз жана досторлоруңуз менен бөлүшүүнү унутпоо!

Таасирдүү сөздөр 🍃

20 Nov, 01:17


Урматтуу мусулман бир туугандарым! 🤗

Дил маектин эң негизги коногу: Устазыбыз Садыбакас ажы Доолов 👤

Бул “Жан дүйнө азыгынын" эң негизги максаты ⤵️

Адамзатка руханий азык берүү
Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр
Үйлөнүүгө даярдануу
Ыйманды күчөтүү

Ичиңиздеги тынчтык издеп жаткан сурооңузга жооп табуу ж.б. көптөгөн пайдалуу програмалар коштолот: ⤵️

Жарманке
Суроо-жооптор
Баалуу белектер

📌Адрес: Ош шаарындагы
“Кыргызстан” кинотеатрындп болуп өтөт.

Башталуу убактысы :
Саат 10:00дө 📌

Жан дүйнө азыгына катталуу үчүн реквизиттер:
Алдынкы орунга 400 с💵
Стандарт орундар 300 с 💵

Реквизит;
225557253 М Банк Шабданбек а деп чыгат ,салып чекти жана өздүгүңүздү жазып жөнөтүңүз 📌

Жана эң негизгиси - маалыматты башка досторуңузга, кимге жакшылык каласаңыз, ошол инсандарга сөзсүз жибериңиз ..!

Таасирдүү сөздөр 🍃

20 Nov, 01:14


Көз жаш

Эч кимге дартыңды айтпа, өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы бирөөнүкүнө батмак беле? Убактылуу жаратылгандарга эмес, түбөлүктүү Жаратканга таян. Жүрөгүңдүн дартын бир гана дайыма уга турган "Ас-Самиъ" бардык жашыруун жана ачык дабыштарды, сырларды Угуучуга айт...

Сырларыңдын түйүнүн чечип, чечимин жүрөгүңө салып, туура жолго багыт бере турган "Ар-Рашид" туура жолду көрсөтүүчү бардык жүрөктөрдүн Ээси болгон Жаратканга жалбарып дуба кыл!

Жаздыгыңа көз жаш төккөнчө, бир тамчы болсо да жайнамазда башыңды саждага коюп, Аллах үчүн көз жашыңды төгүп, ичиндеги бардык көйгөйлөрүңдү айтып, жеңилдик сура...

Океандын суусу өчүрө албаган тозок отун, Жараткандан коркуп аккан бир эле тамчы көз жаш өчүрө алат. "Булут ыйлабаса жер кайдан көгөрмөк" дегендей, көз жаш болбосо дуба кайдан кабыл болсун.

Эмне үчүн ыйлабайбыз? Анткени жүрөгүбүз күнөөнүн көптүгүнөн катып калган. Эмне үчүн күнөөнү көп кылабыз? Анткени өлүмдү эстебейбиз. Эмне үчүн өлүмдү эстебейбиз? Анткени бул дүйнө жашоосуна алданып калганбыз. Бул дүйнөгө эмне үчун алдандык? Анткени үмүтүбүз узун, пландарыбыз көп...

Бирок...

О, Жараткан Аллах, ыйлабаган көздөн, ойгонбогон жүрөктөн сакта.

Дүйнө үчүн, дайынсыз сүйүү үчүн көз жаш төккөндөрдөн эмес, акырет жашоосу үчүн көз жаш төккөндөрдөн кылгын.

~ "Эртең дебе" китебинен

Таасирдүү сөздөр 🍃

19 Nov, 01:28


😎 Мерстин ачкычын сизге тапшыруу насип кылсын.

📊 Конкурска катышуу үчүн “Ак- Каранын айкашы” китебинин 2- басылышын сатып алууңуз керек😊

Китепти алып конкурска катталуу үчүн байланыш номериңизди жана жашаган аймагыңызды комментарийге жазыңыз
Өзүбүз сизге байланышабыз😊

📊 Сынак онлайн форматта 5-декабрь күнү кечки саат 21:00 дө болуп өтөт.

Китепти сатып алуу жана катталуу үчүн төмөнкү WhatsApp номерине кайрылыңыздар:
http://wa.me/770733636

Таасирдүү сөздөр 🍃

19 Nov, 01:27


https://www.instagram.com/p/DCbQniiN0Zt/?igsh=bHQ5MjZreXc5bW83

Куран тууралуу дагы кандай маалыматтарды билесиздер? Жаза кетиңиздер.

Таасирдүү сөздөр 🍃

18 Nov, 03:10


Китепти сатып алуу үчүн төмөнкү ватсап номерге байланышыңыз:
http://wa.me/770733636

Таасирдүү сөздөр 🍃

18 Nov, 03:10


Табияттан алган үч сабак

"Гүлдөй болуп айланага жыпар жыт, кооздук тартуулайлы. Топурактай сизди кадырлаган инсан өзү келет", — дептир Шамс Тебризи.

Биринчи сабак: бал аарыдан алынчу сабак. Учканы жарыктык, конгону кооздук, көргөнү сулуулук, бергени жылуулук. Жашоо бакчасында сөздөрдүн, иштердин, мамилелердин жакшысын кылып, башкалардын жүрөгүнө уу сеппей, гүл эгели. Башкалар бизди эстегенде кубансын, жолубузду карап күтсүн, сүйлөшүүгө шашылсын...

Бири-бирибизге Жараткандын улуктугун, жакшылыгын эстетип, жакшы жолго чакырып, жаман жолдон кайтарып туралы.

Экинчи сабак: курма дарагынан алынчу сабак. Жалбырагы да, мөмөсү да тээ бийиктикте. Майда-чүйдө менен иши жок. Жалбырагы түшүп жерди бытыратпайт. Жакшыга да, жаманга да көлөкөсүн аябайт. Акмак таш ыргытса, ал бышкан мөмөсүн ыргытат. Адамдарга айрыкча, аңкоо, наадандар менен мамиле кылууда ушундай бийик болгон жакшы. Бурулуп карабай, айтканына жооп кайтарбай, кечиримдүү болуп, көңүл бурбай, алдыга баса берели.

Үчүнчү сабак: кумурскадан алынчу сабак. Тамактын тазасын жеп, аз эс алып, көп иш кылган, аракетчил, мээнеткеч, көздөгөн жерине көктүк менен жеткен, өзүнө берилген жумушту жоопкерчиликтүү аткарган, багыты бир жолго гана багытталган кумурскадан алчу сабактар көп. Алдыга максат коёлу, анан ага жетүүгө тырышалы. Балким жүз жолу артка кетишибиз мүмкүн, бирок жүз биринчисинде эмне үчүн алдыга кетүүгө болбосун...

О, Жараткан Аллах, бал аарыдай пайдалуу, оозунан балдай таттуу сөз чыккан, жакшы мүнөздүү адамдардан кыл!

Курма дарагындай бийик, эч кимге зыян жеткирбеген сабырдуу пенделерине кош.

Кумурскадай мээнеткеч, аракетчил кыл.

~ "Эртең дебе" китебинен

Таасирдүү сөздөр 🍃

18 Nov, 03:08


Аллохумма икфинии бихалаалика аънхароомик, ва агнинии бифодлика аънман сиваак.

اللهُمَّ اكْفِنِي بِحَلالِكَ عَنْ حَرامكْ، وَأَغْنِني بِفَضْلِكَ عَمَّنْ سِواك.

Оо, Аллахым! Арамдан алыс кылып, адал ырыскыңды мага жетиштүү кыл! Пазилетиң менен Өзүңдөн башкага муктаж кылба!


Башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыз)

Таасирдүү сөздөр 🍃

16 Nov, 04:46


https://t.me/+VNi3A-S0MrM3OWYy

Таасирдүү сөздөр 🍃

16 Nov, 04:43


Китепти сатып алуу үчүн төмөнкү ватсап номерге байланышыңыз:
http://wa.me/770733636

9,125

subscribers

1,523

photos

261

videos