Хадистер📜 @akmatbekovich010 Channel on Telegram

Хадистер📜

@akmatbekovich010


🌟ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ МУХАММАДУР РАСУЛУЛЛАХ 🌟
🕊_Суроо - жооп.
🌸_Хадистер. 📚
🕊_Видео суроттор. 🎥🏞
🌸_Баяндар. 🔊
🕊_Дубаалар. 🤲
🌸_Сүрөөлөр. 🌙
🕊_Жүрөкө жакын сөздөр. 💬

🌟БИЗ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУНУЗ 🌟

❤️Владельц akmatbekov Aktan
@amanatm99

Хадистер📜 (Kyrgyz)

Хадистер📜 - бул каналда Суроолор, видео суроттор, баяндар, дубаалар, сүрөөлөр жана жүрөкө жакын сөздөр боюнча билгилер алсаңыз. Бул канал сизге көп жана пайдалу кылышы мүмкүн, сүйүүлүк менен жакшы катышылат. Каналдын владелецинин аты Akmatbekov Aktan жана телефон номери @amanatm99. Жакшылыктар менен аракет кылыңыз, Хадистер📜 каналы менен бирге болсоңуз!

Хадистер📜

26 Dec, 17:57


ХАДИС


🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼🌼


عَنْ مُغِيْرَةَ رَضِىَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَامَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ حَتَّى تَوَرَّمَتْ قَدَمَاهُ فَقِيْلَ لَهُ: غَفَرَ اللَّهُ لَكَ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ، قَالَ أَفَلاَ أَكُوْنُ عَبْدًا شَكُوْرًا؟.


🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸

Мугира ( разияллооху анху) дан риваят: "Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) намазда узакка чейин кыям кылгандыктан буттары шишип кетчү. Бирөөлөр сурашты : «Сиздин мурдагы жана кийинки күнөөлөрүңүздү Аллах Таала кечирген го ( эмне мынча кыйналасыз?)» Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) ага жооп берди: «Мен ( Аллахка) шүгүрчүл пенде болбошум керекпи? »
( Бухари) .

Хадистер📜

22 Dec, 15:50


https://chat.whatsapp.com/Dglcx3ZF42oLD70c4IlauU

https://chat.whatsapp.com/Lamr5NT312C8UwFfhlCObC


https://chat.whatsapp.com/L4MsjEawUsx48fIrUbMz3z

Перейдите по ссылке, чтобы вступить в мою группу в WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/L4MsjEawUsx48fIrUbMz3z



Айымдарга гана тийешелүү суроо жана жооп , өтүлөт
Эскертүү : Эркек мырзалар катталууга болбойт Аманат

Хадистер📜

17 Dec, 16:32


https://t.me/amanatm99

Хадистер📜

17 Dec, 16:31


Эмнеге адам кедей болсо дагы аны менен көп адамдар жакшы көрөт .


Анткени анын жан дүйнөсү таза болгондуктан ал алла таллага жакшы көрүнөт .

Сиз да кедей болбой алла таллага жакшы көрүнүшүңүз болот.Андыкта сиз мусулмандар динин ыйык тутуп ага каршылык кылбооңуз керек .

Хадистер📜

16 Dec, 03:24


🤍Мактоо- Таспих- Тесме чооң , эскертүүлөр :

Хадистер📜

15 Dec, 19:56


تسابيح - تسبيح - السبحة - أذكار عظيمة:

سُبْحَانَ اللَّهِ
سُبْحَانَ اللَّهِ وَبِحَمْدِهِ
سُبْحَانَ اللَّهِ وَالْحَمْدُ لِلَّهِ
سُبْحَانَ اللهِ العَظِيمِ وَبِحَمْدِهِ
سُبْحَانَ اللَّهِ وَبِحَمْدِهِ ، سُبْحَانَ اللَّهِ الْعَظِيمِ
لا حَوْلَ وَلا قُوَّةَ إِلا بِاللَّهِ
الْحَمْدُ للّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ
لَا إلَه إلّا اللهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلُّ شَيْءِ قَدِيرِ.
الْلَّهُم صَلِّ وَسَلِم وَبَارِك عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّد
أستغفر الله
سُبْحَانَ الْلَّهِ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ، وَلَا إِلَهَ إِلَّا الْلَّهُ، وَالْلَّهُ أَكْبَرُ
لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ
الْلَّهُ أَكْبَرُ
الْحَمْدُ لِلَّهِ حَمْدًا كَثِيرًا طَيِّبًا مُبَارَكًا فِيهِ.
سُبْحَانَ اللَّهِ ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ ، وَلا إِلَهَ إِلا اللَّهُ ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي ، اللَّهُمَّ ارْحَمْنِي ، اللَّهُمَّ ارْزُقْنِي.

اللَّهُ أَكْبَرُ كَبِيرًا ، وَالْحَمْدُ لِلَّهِ كَثِيرًا ، وَسُبْحَانَ اللَّهِ بُكْرَةً وَأَصِيلاً.

Хадистер📜

15 Dec, 15:30


🕊Дуба кылуунун формуласы:
بسم الله الرحمن الرحيم
1) Алгач Аллах Таалага мактоо айтуу.
2) Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.вга салават айтуу.
3) Күнөөлөрүбүздүн кечирилишин суроо.
4) Аллахтан акыреттеги жагдайыбызды женилдетишин суроо.
5) Өз дубаңызды чын ихлас менен айтуу.
6) "Роббана- атина" дубасын айтуу
7) Салават айтуу
8) "Аминь" деп бүтүрүү


Билип жүрөлү

Хадистер📜

15 Dec, 04:41


ХАДИС
🌀🩵🌀🩵🌀🩵🌀🩵🌀🩵🌀🩵🌀🩵



عَنْ أَبِىْ هُرَيْرَةَ رَضِىَ اللُه عَنْهُ قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللِه صَلَّى اللُه عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ أَفْضَلُ الصَّيَامِ بَعْدَ رَمَضَانَ ، شَهْرُ اللِه الْمُحَرَّمُ ، وَ أَفْضَلُ الصَّلاَةِ بَعْدَ الْفَرِيْضَةِ ، صَلَوةُ اللَّيْلِ . رواه مسلم ، باب فضل صوم المحرم ، رقم: ٢٧٥٥.



🌐💙🌐💙🌐💙🌐💙🌐💙🌐💙🌐💙


Абу Хурайра р.а дан риваят :" Пайгамбар с.а.в :" Орозо айынан кийинки эң жакшы орозо-МУХАРРАМ айындагы орозо , парз намаздардан кийинки эң жакшы намаз - түнкү ( ТАХАЖЖУД ) намазы "- деди.


💠🩵💠🩵💠🩵💠🩵💠🩵💠🩵💠🩵
https://chat.whatsapp.com/Lamr5NT312C8UwFfhlCObC

Хадистер📜

14 Dec, 14:52


Аллах Всевышний сказал:

«(В День воскресения) занимающиеся ростовщичеством восстанут только как тот, кого шайтан своим прикосновением привёл к безумию. Это потому, что они говорят: «Торговля подобна ростовщичеству», - однако Аллах разрешил торговлю, а ростовщичество запретил. Тому из ростовщиков), кто прекратит (заниматься этим), получив увещание от своего Господа, простится прошлое,[2313] и Аллаху (решать, как поступить с) ним, а те, которые вернутся (к этому), окажутся в Огне и останутся) в нём навечно.
Аллах уничтожит рост и увеличит милостыню,[2314] и Аллах не любит любого неблагодарного грешника.
Поистине, тем, которые уверовали, и совершали праведные дела, и творили Намаз, и давали закят, (уготована) их награда у их Господа, и нечего им бояться и не будут они печалиться.
О те, кто уверовал! Побойтесь Аллаха и откажитесь от (причитающейся вам) лихвы,[2315] если вы (действительно) верующие». («Корова», 275-278)
Что же касается достоверных хадисов, относящихся к этой главе, то они многочисленны и известны и одним из них является хадис Абу Хурайры, который приводится в предыдущей главе.
1615 Сообщается, что Ибн Мас'уд, да будет доволен им Аллах, сказал:
Посланник Аллаха, да благословит его Аллах и да приветствует, проклял берущего в долг у ростовщика и занимающегося ростовщичеством. (Муслим).

Хадистер📜

13 Dec, 11:59


Убакыт өтсө сүйүнөсүн, бирок жаштыгың өткөнүн байкабайсын…!🥀

https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy

Хадистер📜

13 Dec, 11:52


ЗИКИРЛЕР:

1. АЛЛООХУММА СОЛЛИ АЛАА
МУХАММАД (100 жолу)
МААНИСИ: 00, АЛЛАХ! МУХАММАД (С.а.в) ГА САЛАВАТТАР БОЛСУН

2.АСТАГФИРУЛЛООХ (100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАДАН КЕЧИРИМ СУРАЙМЫН!

3.СУБХААНАЛЛООХ (100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАХ БААРДЫК
АЙЫП-КЕМЧИЛИКТЕРДЕН ТАЗА!

4.АЛХАМДУЛИЛЛААХ (100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАГА ШУГУРЛОР БОЛСУН!

5.ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛООХ
(100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАХТАН БАШКА
СЫЙЫНУУГА ТАТЫКТУУ ЗАТ ЖО

6.АЛЛООХУ АКБАР (100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАХ УЛУК!

7.ЛАА ХАУЛА ВА ЛАА КУВВАТА
ИЛЛАА БИЛЛААХ (100 жолу)
МААНИСИ: КУЧ, КУДУРЕТ АЛЛА ТААЛАГА ГАНА ТИЕШЕЛУУ!

Кандай гана абалда болбогула Аллах Тааланы эстеп тургула 🤍.

https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy

Хадистер📜

12 Dec, 03:34


📍📍📝📍📍📝📍📍📝📍📍عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلّى الله عليه و سلّم: من حسن إسلام المرء تركهه ما لا يعنيه.رواه الترمذى و قال : هذا حديث غريب، باب حديث من حسن إسلام المرء....،رقم 2317

Абу Хурайра ( разияллооху анху) риваят кылат: "Расуулуллох( саллаллооху алайхи ва саллам): *" Пайдасыз сөздү сүйлөбөй койуу ,кишинин исламынын кооздугу"* ‐ деди.( Тирмизи).

Пайдасы: Хадистин мааниси,курулай сөздөрдөн жана пайдасыз иштерден оолактануу, ыймандын кооздугунун белгиси.Адамдын Исламынын сулуулугу да ушунда катылган.

Хадистер📜

11 Dec, 17:07


Кыйынчылык учурда гана Алланы эстеген пенде болбогула

Хадистер📜

10 Dec, 19:16


Пендеңди кечир Жараткан,
Шүгүрсүз болуп бараткан.
Намазын пендең таштады,
Күнөөгө батып баштады.
Кийими бүтүн, карды ток,
Мечитти көздөй баспады.
Ырыскы берсең мен деди,
Күрөшүп эркин жеңбеди.
Чөнтөккө акча түшкөндө,
Өзгөлөр менден кем деди.
Билсе да кылды күнөөнү,
Бакырып сөгүп бирөөнү.
Ошентип жүрүп акыры,
Табылбай калды түнөгү.
Барды да алды дааратын,
Башын коюп саждага.
Ыйлады айтып жараатын,
Айта албай аны башкага.
Айттым бүткүл бейнемди,
Айтайын дагы эмнемди.
Кечире көр Жараткан,
Эки жүздүү пендеңди.

https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy

Хадистер📜

10 Dec, 18:55


https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy

Хадистер📜

10 Dec, 11:06


Психолог Хузаймий айтат:

كل شيء بدايتها لا ترضي الله نهايتها لم ترضيك.

Ар нерсенин башаты Алланы ыраазы кылбай турган болсо, соңу сени ыраазы кылбайт.

https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy

Хадистер📜

08 Dec, 11:23


Рабби йассир ва ля туассир. Рабби тамим биль-хайр.

Оо, Роббим Жеңил кылгын, оор кылба! Жакшылык менен бүтүргүн

https://t.me/nukura_kyrgyz_balasy

Хадистер📜

03 Dec, 09:22


ЗИКИРЛЕР:

1. АЛЛООХУММА СОЛЛИ АЛАА
МУХАММАД (100 жолу)
МААНИСИ: 00, АЛЛАХ! МУХАММАД (С.а.в) ГА САЛАВАТТАР БОЛСУН

2.АСТАГФИРУЛЛООХ (100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАДАН КЕЧИРИМ СУРАЙМЫН!

3.СУБХААНАЛЛООХ (100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАХ БААРДЫК
АЙЫП-КЕМЧИЛИКТЕРДЕН ТАЗА!

4.АЛХАМДУЛИЛЛААХ (100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАГА ШУГУРЛОР БОЛСУН!

5.ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛООХ
(100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАХТАН БАШКА
СЫЙЫНУУГА ТАТЫКТУУ ЗАТ ЖО

6.АЛЛООХУ АКБАР (100 жолу)
МААНИСИ: АЛЛАХ УЛУК!

7.ЛАА ХАУЛА ВА ЛАА КУВВАТА
ИЛЛАА БИЛЛААХ (100 жолу)
МААНИСИ: КУЧ, КУДУРЕТ АЛЛА ТААЛАГА ГАНА ТИЕШЕЛУУ!

Кандай гана абалда болбогула Аллах Тааланы эстеп тургула 🤍.

Хадистер📜

30 Nov, 14:32


https://t.me/+yLYZ40p22ZtlZTBi

Хадистер📜

30 Nov, 14:19


ХАДИС
💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙



عَنْ أَبِىْ هُرَيْرَةَ رَضِىَ اللُه عَنْهُ أَنَّ النَّبِىَّ صَلَّى اللُه عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ : لَمَّا خَلَقَ اللُه الْخَلْقَ ، كَتَبَ فِىْ كِتَابِهِ ، فَهُوَ عِنْدَهُ فَوْقَ الْعَرْشِ : إِنَّ رَحْمَتِىْ تَغْلِبُ غَضَبِىْ . رواه مسلم ، باب فى سعة رحمة الله تعالى ....، رقم:٦٩٦



Абу Хурайра р.а дан риваят:"Пайгамбар с.а.в :"АЛЛА ТААЛА бардык макулуктарды жараткан соң арштын үстүндө турган " Лавхул- Махфуз " ( Китебине ) " Албетте , Менин ырайымдуулугум ачуумдан үстөмдүк кылат" деп жазып койгон "- деди.

Хадистер📜

30 Nov, 05:23


[10.11.2024]
⠀⠀

اللهم لا تجعل الدنيا أڪبر همنا

Оо Аллахым, дүйнөнү биздин эң негизги түйшүгүбүз кылба…

⠀⠀⠀⠀

Хадистер📜

30 Nov, 04:11


ХАДИС
💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙💠💙



عَنْ أَبِىْ هُرَيْرَةَ رَضِىَ اللُه عَنْهُ أَنَّ النَّبِىَّ صَلَّى اللُه عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ : لَمَّا خَلَقَ اللُه الْخَلْقَ ، كَتَبَ فِىْ كِتَابِهِ ، فَهُوَ عِنْدَهُ فَوْقَ الْعَرْشِ : إِنَّ رَحْمَتِىْ تَغْلِبُ غَضَبِىْ . رواه مسلم ، باب فى سعة رحمة الله تعالى ....، رقم:٦٩٦



Абу Хурайра р.а дан риваят:"Пайгамбар с.а.в :"АЛЛА ТААЛА бардык макулуктарды жараткан соң арштын үстүндө турган " Лавхул- Махфуз " ( Китебине ) " Албетте , Менин ырайымдуулугум ачуумдан үстөмдүк кылат" деп жазып койгон "- деди.

Хадистер📜

30 Nov, 04:03


عَنْ الْمِقْدَادِ ابْنِ الْأَسْوَدِ قَالَ قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ إِذَا رَأَيْتُمْ الْمَدَّاحِيْنَ فَاحْقُوا فِي وُجُوهِهِمْ التَرابَ (رواه مسلم)

Микдад ибни Асвад айтат: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: Эгер бир киши бир кишини мактап жатканын көрсөңөр анын бетине топурак чачкыла.

Хадистер📜

29 Nov, 17:16


"Алла кимге жакшылык бергиси келсе, аны дининде керектүү болгон баарын билдирип, дүйнө кызыгын жүрөгүнө салбай, өз айыптарын өзүнө көрсөтүп коёт" (Олуялардын сөздөрүнөн).

Хадистер📜

29 Nov, 17:09


Аллахым айтат экен :Бир болот менин каалоом, бир болот сенин каалооң бирок  билгин барибир болот менин каалоом...! 🥰
Ошол себебтен эч капаланбаңыз жакшым🫠Аллахка болгон чыныгы ишеним мн бирге табакал кылып, жүрөгүңүздү Аллахка тапшырып коюнуз 🤗албетте дуа кылууну таштабаңыз "Момундун куралы Дуа" 🤲 Аллахым мн сүйлөшкөн кандай сонун ээ ❤️мындай керемет сезимди сиздерге да каалайм❤‍🩹🫴🫶

Хадистер📜

28 Nov, 15:19


Олуялар күн батканда, түндүн киришине көп күткөндөй, өтө сүйүнүп мындай деп айтышат эле:
"Сүйгөн, сүйгөнүнө жетти".

Себеби түндө, капилет ээлери уктап жатышканда, олуялар ибадатка жалгыз калып, Жаратканы менен сырдашат эле.
Түнкү ибадаттын даамын сезген адам, кантип кийинки түндү таштап коет!? Бирок бул даражага жеткенге чейин алар, напсисин көп жылдар боюу тарбиялашкан.
Табииндердин бири айтат: "Мен напсим менен жыйырма жыл алыштым, кийин жыйырма жыл ибадатымдын ырахатын таптым". Б.а. жыйырма жыл, напси талап кылган нерсенин баарын тосуп, ибадатка өтө чоң маани бергендиктен, акыры напси алсырап өзүн тапшырган. Андан кийин ибадаттын сырлары сыйлык болду.

Хадистер📜

28 Nov, 02:00


*ХАДИС*


*عن علي رضى الله عنه قال: قال رسول الله صَلَّى اللّه عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الدّعاء سلاح المؤمن و عماالدّين و نور السّموات والأرض.*

АЛИ (р.а)дан риваят: Пайгамбар (с а в): *"Дуба - момундун куралы,диндин түркүгү,асман жердин нуру"* - деди.

_ХАКИМ_

Хадистер📜

28 Nov, 01:49


*ХАДИС*

🌴🌳🌴🌳🌴🌳🌴🌳🌴🌳

عن ابي هريرة (ر ض ع)قال قال رسول الله (ص ع و) *من قال جين يصبح و جين يمسي: سبحان الله وبحمده ماءة مرة، لم يات احد يوم القيامة بافضل مما جاء به الا احد قال مثل ماقال او زاد عليه..رواه مسلم باب*.فضل انتهنيل و ازتسبيح،الدعاء رقم فه غ6743 و عند ابي داودسبحان الله العظيم و بحمده . باب ما يقول اذا اصبح رقم5091

Абу Хурайра (р д анху) дан риваят. Пайгамбарыбыз ( с а в) айтат. *"Кимде-ким эртең менен жана кечинде. *"Субханаллоохи ва бихамдихи"*келимесин 100 жолу окуса, Кыямат күнү андан өткөн (амал жагынан) пенде табылбайт. Бирок ким ошол келимелерди ошончо же андан көбүрөөк айткан болсо, ошол гана жетиши мүмкүн. Дагы бир хадисте *"Субханаллоохил Азиим бихамдихи"* деп келген. (Муслим)

Хадистер📜

23 Nov, 14:28


Артыңыздан кете берем,
Бакытка жетелесеңиз😊❤️

Хадистер📜

22 Nov, 11:29


النبي عليه الصلوة و السلام أنه قال مكتوبٌ حَوْلَ الْعَرْشِ قَبْلَ خَلْقَ آدَمَ

سنة و إنِّي لَعَفَّارٌ لِمَنْ تَابَ وَآمَن و عمل صالحا (تنبيح الغافلين) عليه الصلوة و السلام بأربعة ألاف .

Али ибни Аби Тоолиб (р.а) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: Адам атанын жаралуусунан 4000 жыл илгери: Арштын айланасына жазылган: «ким ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасап, тооба кылса анын тообасы кабыл кылып күнөөлөрүн кечиремин» деди.

Хадистер📜

21 Nov, 10:22


💕ЖАКШЫ КӨРГӨН АДАМЫҢЫЗДЫН АТЫНЫН БАШ ТАМГАСЫ КАНДАЙ😉❤️

Хадистер📜

20 Nov, 14:35


*АЗИРЕТИ АБУ БАКР СЫДДЫКТЫН (Р.А.) СӨЗДӨРҮНӨН*

*Жазасы эң бат берилген күнөө – бул адамдарга зулум кылуу жана тууган-урук менен мамилени үзүү.*

*Зулумдук көргөн адамдын каргышынан корк.*

*Жакшы иштерди кыла бер, жамандыктан алыс бол.*

*Кимде төрт нерсе болсо, ал Аллахтын пенделеринин эң жакшысы болот:*

*тообо кылганды көргөндө сүйүнүү, күнөөкөрлөр үчүн истигфар айтуу, адамдарды жакшылыкка үндөө, жакшылык кылгандарга жакшылыкта жардам берүү.*

*Сабыр кыл, анткени баардык нерсенин башталышы сабыр.*

*Өлүм - өзүнөн мурунку абалдардын эң оору жана акыреттин эң жеңил абалы.*

*Эмнени жана качан айта турганыңды жакшылап ойлон.*

*Акыйкатта, Аллах Таала сенин сыртыңды көргөндөй ичкиңди да көрөт. Сак болгула, силердин үстүңөрдө Аллахтын кароолчулары бар.*

*Эңсөө жана арзуудан, ач көздүктөн жана каардан сактан. Албетте, алардан өздөрүн коргой алгандар ийгиликке жетет.*

*Кимде ким зулумдук кылса, убадасын бузса, куулук кылса, кыянаттык кылса да өзүнө зыян келтирет.*

*Дин боюнча бир тууганына жардам берип, дубасына аны шерик кылган адамды Аллах мээрими менен мамиле кылсын.*

*Биз (сахабалар) бир арамга түшүп калуудан коркуп, адалдын жетимиш түрүн таштачубуз.*

*Көп сөз сүйлөө көбүн унуттурат.* *Канчалык көп сөз айтсаң да, эсинде гана калганы сенин сөздөрүң.*

*Кошунаң менен талашып-тартышпа.* *Себеби башкалар кетет кошунаң калат.*

*Акылдуу адамдан да, акылдуу адам болот.*

*Аллах Тааланы көрүп тургандай ибадат кыл.*

Хадистер📜

20 Nov, 04:13


❀̤Б̤е̤й̤и̤ш̤т̤и̤н̤ ̤А̤ч̤к̤ы̤ч̤ы̤ ̤ ̤Н̤А̤М̤А̤З❀: https://t.me/amanatm99

Хадистер📜

20 Nov, 03:26


اللَّهُمَّ لاَ تَقْتُلْنَا بِغَضَبِكَ وَ لا تُمْلِكْنَا بِعَذَابِكَ وَ عَافِنَا قَبْلَ ذَلِكَ (ترمذي)

Окулушу:
Аллоохумма лаа тактулнаа бигозабика, ва лаа тухликнаа би-ъазаабика. Ва ъаафинаа кобла заалика. (Тирмизи)

Мааниси:
Оо, Аллах! Сен бизди ачууланып өлтүрбөгүн, азап берип жок кылбагын жана мындан мурда бизге тынчтык бергин

Хадистер📜

20 Nov, 03:23


*ДАГЫ БИР ТАҢДЫ КӨРСӨТКӨНҮНӨ АЛЛАХКА БЕЙ ЭСЕП ШҮГҮРЛӨР БОЛСУН ❤️❤️❤️❤️! БҮГҮНКҮ КҮНҮҢҮЗДӨР ЖАКШЫЛЫККА ТОЛСУН ЖАНА БЕРЕКЕЛҮҮ БОЛСУН,АМИИН ЙАА РОББАЛЬ ААЛАМИИН*

*БҮГҮН миладий жыл санагы боюнча 20-ноябрь2024-жыл.*

Хижрий жыл санагы боюнча Жумадул аввал айынын 18-күнү, 1️⃣4️⃣4️⃣6️⃣жыл

Хадистер📜

19 Nov, 17:01


🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺🌷🌺

Хадис

عن عمران بن حصين رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: « يخرج قوم من النار بشفاعة محمد صلى الله عليه وسلم فيدخلون الجنة يسمون الجهنميين.»

Имран Бин Хусайн (р.а)дан риваят : Пайгамбар (с.а.в):*« Мухаммад (с.а.в)дын шапаатынын себебинен бир топ киши тозоктон чыгып, бейишке кирет .Алардын „тозокулар“ деген кошумча аттары болот»* деген.

Бухари
https://chat.whatsapp.com/L4MsjEawUsx48fIrUbMz3z


https://chat.whatsapp.com/Lamr5NT312C8UwFfhlCObC

https://chat.whatsapp.com/Dglcx3ZF42oLD70c4IlauU

Хадистер📜

19 Nov, 17:01


💫🕋💫🕋💫🕋💫

Уйку адептери:

🕋 1- Биринчиден, мусулман адам эч бир себепсиз уйкуну кечиктирбөө керек. Болушунча эрте уктоо түнкү тахажжуд жана таңкы багымдат намазын окууну жеңилдетет. Абу Барза (Алла андан ыраазы болсун), Алланын Элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) куптанды окуудан мурун уктоону жана андан кийин сүйлөшүп олтурууну жактырбаганын айткан.

🕋 2- Сүннөт боюнча уктаардын алдында намаздын алдындагыдай эле даарат алып, тишти мисвак менен тазалаган оң.

🕋 3- Уктоого баш койгондо оң каптал менен жатуу керек. Бул тууралуу: “Дааратчан төшөгүңө уктоо үчүн жатсаң анда оң капталың менен колуңду жазданып жат” деген бир топ хадистер бар." Курсак менен көмкөрөсүнөн жатууга тыюу салынат. Пайгамбарыбыз көмкөрөсүнөн жатууну Аллах жакышы көрбөйт деп айткан.

🕋 4- Мүмкүн болушунча жүзүбүздү кыбыла тарапка буруп жатуу. Кыбыланы тээп жатууга болбойт.

🕋 5- Уктоо алдында уйку дубасын окуу.Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: "Уктоо үчүн төшөккө жатсаң анда намазга даарат алганыңдай даарат алгын жана оң капталың менен жатып бул сөздөрдү айткын: Оо Кудайым! Напсимди Сага моюн сундурдум, ишимди Сага тапшырдым, азабыңдан коркуп, кечиримиңе үмүттөнөм, баш калкалоо Сага гана болот, кутулууну Сен гана бересиң, түшүргөн китебиңе жана жөнөткөн элчиңе ишендим”. (Бухарий 6311).

Ал-Бара бин Азибдин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) уктоого камынган кезде ал оң капталына жатчу да, анан минтип айтчу: “О, Аллах мен өзүмдү Сага тапшырдым (Сага толук моюн сундум), жүзүмдү сага бурдум (бүткүл турпатым менен тооба кылдым), иштеримди Сага тапшырдым (иштеримдин чечилишин Сага тапшырдым) жана сенин алдыңда корккондугумдан жана өз ыктырым менен Сага тобокел кылдым. Сенден качуунун жана кутулуунун Өзүңдөн (тиленүүдөн) башка жолу жок! Сенин түшүргөн Китебиңе (Ыйык Куранга), Сенин жиберген Пайгамбарыңа (Мухаммад алайхи саламга) ыйман келтирдим! “Аллахума, инниасламту анфси, илай-ка, ка важжтаху важхи илай-ка, ва фаватту амри илай-ка ва алжа’ту захри илай-ка рагбатан ва рахбатан илай-ка. Лаа малжа’а ва лаа манжа мин-ка илла илай-к! Аманту биКитаби-ка аллази анзалта ва-набиййи-ка аллази арсалта”. Андан соң Ал-Бара бин Азиб Пайгамбарыбыздын минтип кошумчалаганын айтат: Ушуну сен ар кечинде айтуучу өзүңдүн эң акыркы сөзүң кылып алгын” (Бухарий, Муслим). Хузайфанын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам жана салавататры болсун) түнү уктоого камынып, жуурканына кирип жаткан кезде, оң алаканын оң жагына төшөп, анан мындай дечү: “О, Аллах, Сенин ысымың менен өлөмүн жана Сенин ысымың менен тирилемин” (Би-сми-ка, Аллахума, амуту ва ахйа). Анан ал ойгонгон кезде минтип айтчу: “Бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилткен Аллахка мактоолор болсун, кайра тирилгенден кийин Ага кайтып барабыз!” (Ал-хамду ли-Ллахи аллазии ахйа-на мин ба’да ма амата-на, ва илай-хи-н-нушуурур!) (Бухарий).

🕋 6- Уктаардын алдында, ошондой эле, «аль-Курси», «аль-Ихляс», «аль-Фалак» жана «ан-Нас», «Аль-Кафирун», «аль-Мүлк» сүрөлөрүн жана «аль-Бакара» сүрөсүнүн акыркы 2 аятын окуса болот. Пайгамбарыбыз бул сүрөлөрдү окуган соң 2 алаканына үйлөп, жүзүнөн баштап бүт денесин 3 ирет сүртчү. Алла Элчисинин хадистеринде айтылгандай, жогорудагы сүрөлөрдү окуган адамга таң аткыча эч кандай зыян келбейт жана башка көптөгөн зыяндардан сактайт. Мисалы, уктоо алдында “Аль-Мүлк” сүрөсүн окуу кабыр азабына калканыч болот. Ал эми «аль-Курсини» окуган адамга шайтан жакындай албайт.Истигфар айтууну да унутпоо зарыл. Анткени бул амал менен адам бейиште жогорку тепкичке жетет.

🕋 7-Уктардын алдын өзүңдөн өзүң 1 күндүн отчетун алып, кетирген күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим тилөө маанилүү. Ал эми кимдир-бирөө сени капа кылган болсо, аларды сен да кечирип, экинчи ирет бул негативдүү ойлордон өзүңдү бошотуу адамдын өзүнө эле пайда келтирет.
💫💫💫💫💫💫
ИншаАллах, уйкуга да олуттуу көңүл буруп, анын сүннөттөрүн аткаруу менен денебизди, жан дүйнөбүздү эс алдырып, 2 дүйнөдө тең жеңишке жетишкен болобуз.

Хадистер📜

19 Nov, 08:57


*АЗИРЕТИ АБУ БАКРДЫН (Р.А.) ПАЗИЛЕТИ*

*Ахкаф сүрөсүнүн 15-аятында мындай деп айтылат:*

*«...Ал качан баралына жетип, кырк жашка чыкканда: «Оо, Раббим! Мени ийгиликке жеткиз, мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылайын, сен ыраазы боло турган жакшы амалдарды кылайын. Менин жана урпактарымдын абалын жакшырт.*

*Албетте, мен сага (күнөөлөрүмдөн) тооба кылдым жана: «Мен чыныгы мусулмандарданмын» деп айтат».*

*Ибн Аббас риваят кылат, бул аят Азирети Абу Бакр (р.а.) жөнүндө түшүрүлгөн. Бул аят Азирети Абу Бакрдын (р.а.) абалын баяндап, анын биографиясына айланган.*

*Азирети Абу Бакр (радыйаллаху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) кырк жашына жакындап калганда ыйман келтирип, эң алгачкы мусулман болгон кишилерден.*

*Кырк жашка чыкканда Аллах Тааланын өзүнө жана ата-энесине берген жакшылыктарына, өзгөчө Исламдын баалуулуктарына шүгүр кылууга ийгиликтүү болуу үчүн дуба кылат.*

*Абу Бакр кандай жакшылыкты кааласа, Аллах Таала ага жардам берип, аны ошол жакшылыкта ийгиликке жеткирген.*

*Аллах Таала ыраазы болгон амалда ийгилике жетүү үчүн жасалган дубалары кабыл болот. Эң алгачкы болуп, Азирети Абу Бакр (р.а.) Аллахтын ыраазычылыгы үчүн тогуз кулду азат кылды. Билал Хабаши жана Амир бин Фухайра да ал кулдардын арасында эле. Мал-мүлкүн жакшылыкка сарп кылуунун артыкчылыгы Абу Бакрга башкаларга караганда көбүрөөк берилген.*

*Аллах Таала, анын урпагына кылган дубасы кабыл болот жана анын бардык балдары ыйман келтиришти. Апасы менен атасы да исламды кабыл алышкан.*

*Атасы Абу Кухафе, апасы Уммул-Хайр, уулу Абдуррахман жана анын уулу Абу Атик Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сухбатынын урмат-сыйына ээ болушкан.*

*Сахабалардын эч кимисине Абу Бакрдын даражасы берилген эмес. Бирок, сахабалардын баары ушундай жакшылык жана туура багытта болушкан.*

*Ахкаф сүрөсүнүн 16-аятында мындай деп билдирилет:*

*«Булар бейиш ээлеринен болгон адамдар, биз алардын эң жакшы амалдарын кабыл кылабыз жана күнөөлөрүн кечиребиз...»*

Хадистер📜

13 Nov, 09:48


Ислам Тарыхында биринчи жолу калкты каттоого алган башчы ким ?

Хадистер📜

12 Nov, 03:20


Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Намаз окуу, Роббиңди ыраазы кылат, Пайгамбарлардын сүннөтү, периштелердин жакшы көргөн ибадаты, Аллахты таанытуучу нур, ыймандын негизи, дубанын кабыл кылдыруучусу, малга жана кесипке береке келтирүүчү, душманга курал-жарак, шайтанды кордоочу, жан алгыч периште менен намаз окуган адамдын ортосундагы шапаат кылуучу, гөргө барганда кыямат күнгө чейин жарык берүүчү нур, кыямат күнү башында көлөкө кылуучу, башына таажы, денесине кийим, Тозоктун ысыгын тосуучу парда, Роббинин астына барганда күбө, таразасын басуучу, Тозоктун үстүндөгү тартылган көпүрөөдөн өткөрүүчү, Бейиштин ачкычы».

Хадистер📜

12 Nov, 03:20


Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат: Кыямат күнү болгондо Тозоктон бир нерсе чыгат анын аты Хариш, ал чаяндын балдарынан болот, анын узундугу асман менен жердин алыстыгындай, туурасы батыш менен чыгыштын кендигиндей, Жабраил (а.с) андан сурайт: «Сен кайсыл жака барасын, жана сага ким керек? Кимди издейсин»? дегенде, ал жооп берет: «Мен беш түрдөгү адамдарды издеймин» деди.

1. Намаз окубаган адамдарды.

2. Малынан зекет бербегендерди.

3. Ата-энесин нааразы кылгандарды.

4. Арак ичкендерди.

5. Мечиттин ичинде дүйнө сөзүн сүйлөгөндөрдү, ушул беш адам менин тамагым болот деп, ушул беш түрдөгү адамдарды терип алат.

Хадистер📜

12 Nov, 01:36


Ассаламу ъалайкум жамаат кутман тан берекелуу кун намаздан дубадан садакадан зикирден башталат 🌹

Хадистер📜

11 Nov, 01:22


АС САЛЯМУ АЛЯЙКУМ УРМАТТУУ ЖАМААТ, КУТМАН ТАҢ, БЕРЕКЕЛҮҮ КҮН ДУБАДАН, НАМАЗДАН, САДАКАДАН БАШТАЛАТ!

Хадистер📜

10 Nov, 16:09


Жараткандын кечиримине ээ болуу учун окула турган дуба;

رَبَّنَا إِنَّنَا آمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ

Роббанаа иннанаа ааманнаа фагфир - ланаа зунуубанаа уа кинаа?азаабан-наар.


Мааниси: Оо , Жараткан Роббибиз! Биз Жалгыз Озуно ишенип ыйман келтирдик. Куноодорубузду кечире кор,бизди тозок отунан сактай кор.

Хадистер📜

10 Nov, 10:35


Хадис

عن عمران بن حصين رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: « يخرج قوم من النار بشفاعة محمد صلى الله عليه وسلم فيدخلون الجنة يسمون الجهنميين.»

Имран Бин Хусайн (р.а)дан риваят : Пайгамбар (с.а.в):*« Мухаммад (с.а.в)дын шапаатынын себебинен бир топ киши тозоктон чыгып, бейишке кирет .Алардын „тозокулар“ деген кошумча аттары болот»* деген.

Бухари

Хадистер📜

10 Nov, 10:34


#турмуш_сабактары

ЖАРДЫ ЖАШОО

Күндөрдүн биринде бир бай өз баласын айыл жашоосу менен тааныштырып,аз да болсо кедейлердин абалын көрсөтөйүн деп сапарга чыгат. Ата-бала чындап эле өтө кембагал жашаган үйдө бир нече күн түнөшөт.Үйгө кайтаар мезгилде атасы баласынан сапар жыктыбы деп сурайт.
-Сонун болду, атаке!- деп жооп берет жаша бала.
-Сен кедей-кембагал адамдар кандай жашоо кечирип жатканын көрдүңбү?
-Ооба!
-Анда айтчы,кандай тыянак чыгардың?
Анда зээндүү баласы:
-Менин байкоом төмөндөгүчө болду: бизде бир эле ит бар, ал эми буларда төртөө экен. Мышыктардын санын айтпай эле койоюн!
Биздин бассейнибиз короонун жарымына чейин созулса, булардын өзөнүнүн арты көрүнбөйт экен.
Биздин үйдө кымбат баалуу шам чырактар турган менен, булардын түнү чыккан жылдызына тең келбейт. Биздин үй чектелүү гана бир жерде, ал эми булардын талаалары биздикинен да кенен экен. Биз тамакты сатып алып жеген учурда,булар аны өстүрүп жешет экен.
Бизди –коңгуроо, а буларды болсо күн менен короз ойготот экен. Биз табиятты көрүү үчүн зоопаркка акча берип жаткан учурда, булар ошол табият арасында жашап жатышат. Бизди дубалдар, ал эми буларды аалам коргоп тургандай.
Атасы эмне дээрин билбей калды.
Бир аздан соң баласы:
-Рахмат, атаке, чындыгында биз канчалык жарды жашагандыгыбызды көрсөтүп койдуңуз,- деп кошумчалады.

Болгонго шүгүр кылып жашайлы, анткени сиздин эле жашооңузду бирөө кыялданып жүргөндүр!
Которгон: Нуриет Абдулазиз

Хадистер📜

09 Nov, 08:15


Мусулмандар үчүн апта ичиндеги эң ыйык күн кайсы?

Хадистер📜

06 Nov, 23:36


18 жашында үйлөнүү жетишкендик болбогондой эле, отузга чыгып жумушсуз болуу да ийгиликсиздикти билдирбейт.

Жашоодо баары эле дайыма биз каалагандай боло бербейт. Кээде башкалар өнүгүп, өсүп жаткандай, сенден
башкасынын баары окуп, иштеп, турмуш куруп кеткендей сезиле берет ко.

Анан социалдык тармактагы ар кандай коучтарды, ишкерлерди, блогерлерди карап, ошолордун сөздөрүн уксак эле биз дагы ошондой болуп кете тургандай боло беребиз.

Бирок бир нерсе бар да. Айрым нерселер жөн гана насип. Жумушуң, түгөйүң, ырыскыңда насип…

А башкаларга насип болгон нерсеге, башкалардын ырыскыларына суктануу, бизде да ошолордукундай болуусун каалоо канчалык деңгээлде туура?

Кээ бирөөлөр 20 жашында үйлүү болсо же байып кетсе эле, бизде дагы ошондой болсо дейбиз. Башкаларга окшошконго аракет кылабыз.

А чынында Кудай баарыбызды өзгөчө кылып жаратып, ар бирибизге өзгөчө ырыскы насип кылган да. Эмнеге өзүбүздүн өзгөчө экенибизди кабыл албай, баарына окшош болгубуз келе берет?

Хадистер📜

06 Nov, 16:30


*Бекер бейиш турса, тозокту сатып алба!*

Бейиш бекер... Тозок акылуу...

Мечитке барсаң, сенден эч ким акча сурабайт... Казиного бекер кирип көрчү...

Бул бир эле мисал. Аракка, казиного, кумарга, зынага, тамекиге, насбайга канча акча коротуп жатасың? Ар ким өзү эсептеп көрсүн. Эсептеп канча болсо, "ушунча акчага тозокту сатып алыпмын" деп айтсын. Ооба, уялбай, кыйналбай эле айтсын. Анткени бул чындык.

Бейиштин сыпатына бир аз көңүл буралы. Бейиште оору-сыркоо болбойт. Кайгы-капа деген түшүнүктүн өзү жок. Адамдардын баарынын жүрөгү бир жүрөктөй таза. Баары бир жашта, баары сулуу, баары келбеттүү... Негизгиси бейиште өлүм болбойт. Андагынын баары түбөлүктүү... Андан да негизгиси анда Аллахтын ыраазылыгы бар... Кызыгы ушунун баары бекер десең...

А тозокчу... Тозок өтө коркунучтуу... Кудай сактасын... Тозоктун сыпатын айтпай эле коёюн. Тозок деген тозок... Аны аты эле айтып турат... Таң калыштуусу ошол тозокту биз жан талашып сатып алганыбызда... Акча коротуп, акча го жерге кирсин, убакыт, жаштык, атүгүл, бүтүндөй өмүрдү ошол үчүн коротуп жатпайбызбы...

Келгиле, бекер бейиш турса, тозокту сатып алуучулардан болбойлу. Ойлонолу, ойгонолу, эртерээк ойлонуп, эртерээк ойгонбосок убакыт бизди күтпөйт...

О, Жараткан Аллах, бизди тозокко алып барчу иштерден Өзүң сакта!

Бейишке алып бара турган иштерди аткарууну Өзүң жеңил кылгын!

Бекер бейиштен качып, тозокту сатып алчулардын катарына кошпо!

~ "Эртең дебе" китебинен

Aiko 🌸

https://t.me/amanatm99

Хадистер📜

05 Nov, 15:01


💫🕋💫🕋💫🕋💫🕋

Уйку адептери:

🕋 1- Биринчиден, мусулман адам эч бир себепсиз уйкуну кечиктирбөө керек. Болушунча эрте уктоо түнкү тахажжуд жана таңкы багымдат намазын окууну жеңилдетет. Абу Барза (Алла андан ыраазы болсун), Алланын Элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) куптанды окуудан мурун уктоону жана андан кийин сүйлөшүп олтурууну жактырбаганын айткан.

🕋 2- Сүннөт боюнча уктаардын алдында намаздын алдындагыдай эле даарат алып, тишти мисвак менен тазалаган оң.

🕋 3- Уктоого баш койгондо оң каптал менен жатуу керек. Бул тууралуу: “Дааратчан төшөгүңө уктоо үчүн жатсаң анда оң капталың менен колуңду жазданып жат” деген бир топ хадистер бар." Курсак менен көмкөрөсүнөн жатууга тыюу салынат. Пайгамбарыбыз көмкөрөсүнөн жатууну Аллах жакышы көрбөйт деп айткан.

🕋 4- Мүмкүн болушунча жүзүбүздү кыбыла тарапка буруп жатуу. Кыбыланы тээп жатууга болбойт.

🕋 5- Уктоо алдында уйку дубасын окуу.Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: "Уктоо үчүн төшөккө жатсаң анда намазга даарат алганыңдай даарат алгын жана оң капталың менен жатып бул сөздөрдү айткын: Оо Кудайым! Напсимди Сага моюн сундурдум, ишимди Сага тапшырдым, азабыңдан коркуп, кечиримиңе үмүттөнөм, баш калкалоо Сага гана болот, кутулууну Сен гана бересиң, түшүргөн китебиңе жана жөнөткөн элчиңе ишендим”. (Бухарий 6311).

Ал-Бара бин Азибдин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) уктоого камынган кезде ал оң капталына жатчу да, анан минтип айтчу: “О, Аллах мен өзүмдү Сага тапшырдым (Сага толук моюн сундум), жүзүмдү сага бурдум (бүткүл турпатым менен тооба кылдым), иштеримди Сага тапшырдым (иштеримдин чечилишин Сага тапшырдым) жана сенин алдыңда корккондугумдан жана өз ыктырым менен Сага тобокел кылдым. Сенден качуунун жана кутулуунун Өзүңдөн (тиленүүдөн) башка жолу жок! Сенин түшүргөн Китебиңе (Ыйык Куранга), Сенин жиберген Пайгамбарыңа (Мухаммад алайхи саламга) ыйман келтирдим! “Аллахума, инниасламту анфси, илай-ка, ка важжтаху важхи илай-ка, ва фаватту амри илай-ка ва алжа’ту захри илай-ка рагбатан ва рахбатан илай-ка. Лаа малжа’а ва лаа манжа мин-ка илла илай-к! Аманту биКитаби-ка аллази анзалта ва-набиййи-ка аллази арсалта”. Андан соң Ал-Бара бин Азиб Пайгамбарыбыздын минтип кошумчалаганын айтат: Ушуну сен ар кечинде айтуучу өзүңдүн эң акыркы сөзүң кылып алгын” (Бухарий, Муслим). Хузайфанын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам жана салавататры болсун) түнү уктоого камынып, жуурканына кирип жаткан кезде, оң алаканын оң жагына төшөп, анан мындай дечү: “О, Аллах, Сенин ысымың менен өлөмүн жана Сенин ысымың менен тирилемин” (Би-сми-ка, Аллахума, амуту ва ахйа). Анан ал ойгонгон кезде минтип айтчу: “Бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилткен Аллахка мактоолор болсун, кайра тирилгенден кийин Ага кайтып барабыз!” (Ал-хамду ли-Ллахи аллазии ахйа-на мин ба’да ма амата-на, ва илай-хи-н-нушуурур!) (Бухарий).

🕋 6- Уктаардын алдында, ошондой эле, «аль-Курси», «аль-Ихляс», «аль-Фалак» жана «ан-Нас», «Аль-Кафирун», «аль-Мүлк» сүрөлөрүн жана «аль-Бакара» сүрөсүнүн акыркы 2 аятын окуса болот. Пайгамбарыбыз бул сүрөлөрдү окуган соң 2 алаканына үйлөп, жүзүнөн баштап бүт денесин 3 ирет сүртчү. Алла Элчисинин хадистеринде айтылгандай, жогорудагы сүрөлөрдү окуган адамга таң аткыча эч кандай зыян келбейт жана башка көптөгөн зыяндардан сактайт. Мисалы, уктоо алдында “Аль-Мүлк” сүрөсүн окуу кабыр азабына калканыч болот. Ал эми «аль-Курсини» окуган адамга шайтан жакындай албайт.Истигфар айтууну да унутпоо зарыл. Анткени бул амал менен адам бейиште жогорку тепкичке жетет.

🕋 7-Уктардын алдын өзүңдөн өзүң 1 күндүн отчетун алып, кетирген күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим тилөө маанилүү. Ал эми кимдир-бирөө сени капа кылган болсо, аларды сен да кечирип, экинчи ирет бул негативдүү ойлордон өзүңдү бошотуу адамдын өзүнө эле пайда келтирет.
💫💫💫💫💫💫
ИншаАллах, уйкуга да олуттуу көңүл буруп, анын сүннөттөрүн аткаруу менен денебизди, жан дүйнөбүздү эс алдырып, 2 дүйнөдө тең жеңишке жетишкен болобуз.

Хадистер📜

05 Nov, 14:16


ТООБО ТУУРАЛУУ

Тообо бул- Куноодон Алланын тат-ибадатына кайтуу болуп эсептелет . Негизинен эки турго болунот :
1)- Алла менен пенде ортосундагы тообо
2)- Пенде менен пенде ортосундагы тообо
1)- Алла менен пенде ортосундагы тообо уч шарт менен кабыл алынат:
1)- Кылган жамандыгына жакындабоо
2)- Ал кылган жамандыгына окунуу
3)- Ал жамандыка экинчи жолуу кайтпайм деп каттуу ниет кылуу. Эгерде ушул уч шарттын бири жок болсо , анда Алла менен пенде ортосундагы тообо кабыл кылынбайт. Ал эми пенде менен пенде ортосундагы тообонун торт шарты бар, учоо жогорудагылар болсо , ал эми тортунчусу пенденин акын кайтаруу болот , эгерде малын алган болсо кайтарат же ар намысына тийген болсо ,ээсинен кечирим сурайт же куноосуно истигфар айтат. Улуу Курани Карим жана хадистер , уммоттун ижмасы корсоткондой эгерде бир киши куноо жамандык кылса , ал жамандыгына тообо кылышы ваажип болот. Улуу Алла Таала:
قَالَ الله تَعَالَى : ? وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعاً أَيُّهَ الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ? [ النور (31) ] .
• (Аллага тообо кылгыла Оо момундар мумкун женишке жететтирсинер ) деп айтат. Бул жерде улуу Алла Тааланын " Мумкун " деген нерсеси " Анык болот " экендигин корсотот, себеби улуу Алла Таала бир нерсеге убада берсе созсуз аткарат. Ошондой эле жогорудагы аят чон кичине куноолорго тообо кылыш ваажип экендигин корсотот. Башка аятта :
وَقالَ تَعَالَى : ? فَقُلْتُ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ إِنَّهُ كَانَ غَفَّاراً ? [ نوح (10)] .
( Жаратканынарга тообо кылгыла , албетте ал кечиримдуу деп айттым ) деп айтат. Бул аятта баардык куноолорго истигфар айтып Алладан куноо учун кечирим суроону корсотот. Башка аятта:
وَقالَ تَعَالَى : ? يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا تُوبُوا إِلَى اللَّهِ تَوْبَةً نَصُوحا ? [ التحريم (8) ] .
( Оо ыйман келтиргендер Аллага чын журоктон тообо кылгыла ) деп айтат. Улуу сахаба Умар (ра ) : " Чын журоктон кылынган тообо – пенде бир жамандыгына тообо кылып, ал ишине экинчи жолу кайтпашы болот , желинден чыккан сут, кайра желинге кайтпаган сыяктуу" деп айтат.
[13] وعن أبي هريرةَ ( قَالَ : سمعْتُ رسولَ الله ( يقول : « والله إنِّي لأَسْتَغْفِرُ الله وأَتُوبُ إِلَيْه في اليَوْمِ أَكْثَرَ مِنْ سَبْعِينَ مَرَّةً » . رواه البخاري .
Улуу пайгамбарыбыз (сав) : " Мен бир кундо Аллага жетимиш коп жолу тообо кылып , истигфар айтам " деп айтат. Бул хадис уммотту Аллага коп истигфар айтып тообо кылууга чакырат. Башка хадисте улуу пайгамбарыбыз :
- خادِمِ رسولِ الله ( - ( قَالَ : قَالَ رَسُولُ الله ( : « للهُ أفْرَحُ بِتَوْبَةِ عَبْدِهِ مِنْ أَحَدِكُمْ سَقَطَ عَلَى بَعِيرهِ وقد أضلَّهُ في أرضٍ فَلاةٍ » . مُتَّفَقٌ عليه .
• " Алла пендесинин тообосу менен силердин биринер чолдо тоосун жоготуп жиберип кайра табып алып суйунгондой суйунот " деп айтат. Бул хадис Алланын пендеси куноо кылып тообо кылганда Алла Таала аябай суйунот экендигин корсотот. Башка хадисте :
قَالَ : « إنَّ الله تَعَالَى يَبْسُطُ يَدَهُ بالليلِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ ، ويَبْسُطُ يَدَهُ بالنَّهَارِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ اللَّيلِ ، حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِها » . رواه مسلم .
( Албетте Алла кундузу куноо кылган пендесине тообо кылышы учун туну колун жайат , жана туну куноо кылган пендесине тообо кылышы учун кундузу колун жайат ) деп айтат. Башка хадисте :
[17] وعن أبي هُريرةَ ( قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ ( : « مَنْ تَابَ قَبْلَ أنْ تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِها تَابَ اللهُ عَلَيهِ » . رواه مسلم .
( Ким кун батыштан чыкканга чейин тообо кылса , Алла анын тообосун кабыл кылат) деп айтат. Башка хадисте :
[18] وعن أبي عبد الرحمن عبد الله بنِ عمَرَ بنِ الخطابِ رضيَ اللهُ عنهما عن النَّبي ( ، قَالَ : « إِنَّ الله ( يَقْبَلُ تَوبَةَ العَبْدِ مَا لَمْ يُغَرْغِرْ » . رواه الترمذي ، وَقالَ : « حديث حسن » .
( Алла пендесинин тообосун оозуна гаргара келип калганга чейин кабыл кылат " деп айтат. Гаргара бул- адамдын жаны тамагына келип калышы болот. Бухарий Муслим рываят кылган хадисте :" Бир киши жуз кишини олтуруп , андан кийин мага тообо барбы ? деп айтканда , тообо бар деп айтылды, жана кыссанын акырында анын тообосу кабыл алынып бейишке кирди".

Хадистер📜

05 Nov, 14:16


Бул хадисте пенде канчалык куноо кылбасын улуу Алланын кечирими ото чон экендигин корсотот. Улуу пайгамбарыбыз :
وَيَتْوبُ اللهُ عَلَى مَنْ تَابَ » . مُتَّفَقٌ عليه .
(Алла тообо кылгандын тообосун кабыл кылат) деп айтат. Башка хадисте :
( Баардык адам баласы ката кылуучу, ката кылуучулардын эн жакшысы тообо кылуучулар ) деп айтат. Башка хадисте : " Катасына тообо кылуучу куноосу жок сыяктуу " деп айтат, демек пенде канчалык ката кылбасын эч качан улуу Алланын кечириминен умут узбошу керек , улуу Алла Таала кечиримдуу, боорукер зат , улуу созундо :
. قال تعالى : ? قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَى أَنفُسِهِمْ لا تَقْنَطُوا مِن رَّحْمَةِ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعاً إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ ? [ الزمر (53) ] .
( Оо жандарына жамандык кылган менин кулдарым , Алланын мээриминен умут узбогуло , Алла баардык куноону кечирет, Алла кечиримдуу , боорукер зат " деп айтат.

📘" НАЖААТ ЖОЛУ" КИТЕБИНЕН

АВТОР : МАМЫТОВ ЭМИЛ.👇👇

https://youtube.com/post/UgkxAqwJayE4TnJ9KYe4uy6lxaBu-fbQBJ8X?si=-pF0MvX40gvv0rfk

Хадистер📜

05 Nov, 10:33


БАЛДАРЫҢЫЗГА ЫР ЫРДАГАНДЫ ЭМЕС, КУРАН ОКУУНУ ҮЙРӨТҮҢҮЗ...

БАЛДАРДЫ МЕЧИТТЕ НАМАЗ ОКУГАНДЫ ҮЙРӨТҮҢҮЗ, ТОЙДО БИЙЛЕГЕНДИ ЭМЕС...

КЫЗДАРЫНЫЗГА МОДЕЛЬДИ ТУУРАГАНДЫ ЭМЕС, ХИДЖАБ КИЙГЕНДИ ҮЙРӨТҮҢҮЗ...

БАЛДАРЫҢЫЗГА АТАКТУУЛАРДЫН АТЫН ЭМЕС, АЛЛАХТЫН АТЫН ҮЙРӨТҮҢҮЗ...

БАЛДАРЫҢЫЗГА ЖӨӨ ЖОМОКТОРДУ ЭМЕС, ПАЙГАМБАРЛАР ЖАНА САХАБАЛАРДЫН ОКУЯЛАРЫН АЙТКЫҢЫЗДАР...

Хадистер📜

05 Nov, 05:42


Кандай жигитке турмушка чыгуу керек📚


Жашоосундагы эң маанилүү кез болуп саналган жар тандоо учурунда пайдалануу үчүн кыздарга арналган китеп🌷

93 бет
Автор: Абдулвахид Каныбек уулу

Хадистер📜

05 Nov, 05:15


ЖАМГЫР ЖААГАНДА айтылуучу ДУБА: 🌧️🌦️💦🤍🤲🏼

اللَّهُمَّ صَيِّبًا نَافِعًا، اللَّهُمَّ صَيِّبًا هَنِيئًا، اللهم لا تقتلنا بغضبك، ولا تهلكنا بعذابك، وعافنا قبل ذلك🤲🏼

Хадистер📜

04 Nov, 11:42


Күндөрүбүз кээде кулатып, бирде кубантып жашоо эрежеси ушундай нукта улана берет экен. Убактылуу дүйнөнөдө баары убактылуу. Бул жыл мен үчүн жылдап күрөшүп келген жылмаюум үчүн күтүлбөгөн ийгиликтердин эшигин ачып берди Алхамдулиллах! Бардык нерсе өз убагы болот тура. Биздин пландан Алланын планы эң жакшы. Ин шаа Аллах, жакшы күндөр алдыда....момун пенденин жашоосуна келгени да кеткени да, жоготкону да, бүткөнү да бардыгы жакшылык... Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи салам таң калып, сүйүнчүлөп айткан ушул ыйманды жүрөгүбүзгө толтуруп , бекем кылсын Раббым..!🥰🤲🏻💖🌹


Aiko 🌸
https://t.me/amanatm99

Хадистер📜

04 Nov, 10:44


Мусулмандар учурда алсызбыз. Ото эле. Баарыбыз дуага муктажбыз. Качан дуабызда "Кабыл болот бекен? -деп ,шек кетирсек,анда кабыл болбойт. Ошол себептуу " Аллах менин дуамды ар дайым, кайда болсом да, кандай болсом да , созсуз кабыл кылат "-десек, анда болду, кабыл болгону ушул. Кайсыл бир нерсеге дуа кылайын деп жургонсун, намаздын артынан унутуп калып жатасын,анда кандай абалда турсан, ошол жерден эле алакан жайып, Аллахтан сура. Себеби Аллах ар дайым дуанды кабыл кылат. Кайсыл бир убакта дуа эшиктери ачылып, анан жабылып калбайт, ал биздин ишенимге (якин) жараша. Ооба, кээ бирки учурлар бар, дуа кабыл болчу, анда да созсуз кабыл болот. Болгону биз, "Менин дуам ар дайым ошол учурда кабыл болгондой кабыл болоот" деп ишенишибиз керек.


https://t.me/amanatm99

Хадистер📜

04 Nov, 10:28


*ХАДИС*
عن البراء رضي الله عنه قال قال رسول الله صلّى الله عليه و سلّم زينوا القرآن بأصواتكم فإنّ الصوت الحسن يزيد القرآن حسنا.رواه الحاكم 575/1

Баро( разияллооху анху) дан риваят: Пайгамбар ( саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: *"Кооз үнүңор менен Куранды көркөмдөгүлө, себеби кооз үн Курандын көркөмдүгүн ашырат"*.
( Хаким)

Хадистер📜

04 Nov, 09:05


Кимде премиум болсо голос берип койуңуздарчы

Хадистер📜

03 Nov, 03:58


Хадис



عَنْ أَبِي هُرَيْرَتَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنْ
رَسُولِ الله صَلّى الله عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ أَنْهُ قَالَ: مَنْ قَعَدَ مُقْعَدَّا لَمْ يَذْكُرِا للهَ فِيهِ كَانَتْ عَلَيْهِ مِنَ اللهِ تِرَةٌوَ مَنْ اِضْطَجَعَ مَضْجَعَا لاَ يَزْكُرُ اللهَ فِيهِ كَانَتْ عَلَيْهِ مِنَ اللهِ تِرَةٌ.رواه ابو دافد، باب كراهية أن يقوم الرجل من مجلسه و لا يذكر الله رقم 4856

Абу Хурайра р.з. дан риваят:Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)айтты:«Ким бир жерге олтурганда Аллахтын зикирин кылбаса,ушул олтурушу өкүнүч болот.Ал эми ким жатса,бирок, Аллахтын зикирин кылбаса, ага дагы өкүнүч болот».
Абу Дауд

Хадистер📜

03 Nov, 03:19


ДАГЫ БИР ТАҢДЫ КӨРСӨТКӨНҮНӨ АЛЛАХКА БЕЙ ЭСЕП ШҮГҮРЛӨР БОЛСУН ❤️❤️❤️❤️! БҮГҮНКҮ КҮНҮҢҮЗДӨР ЖАКШЫЛЫККА ТОЛСУН ЖАНА БЕРЕКЕЛҮҮ БОЛСУН,АМИИН ЙАА РОББАЛЬ ААЛАМИИН

БҮГҮН миладий жыл санагы боюнча 3-ноябрь2024-жыл.

Хижрий жыл санагы боюнча Жумадул аввал айынын 2-күнү, 1️⃣4️⃣4️⃣6️⃣жыл

Хадистер📜

03 Nov, 00:25


Аялзатынын бейнеси📚

Бул китеп Мусулман аялдын Жаратуучусу менен болгон, өзү менен, ата-энеси, күйөөсү, балдары менен , коом менен болгон мамилесин баяндайт...


296 бет
Которгон: Дилрабо Расулибилла кызы

Хадистер📜

03 Nov, 00:21


"Жакшылыкка жамандык айып болот. Жаманга шерик болгон майып болот".

"Эгер Жараткан жан дүйнөңө кирүүсүн каала- саң, напсиңе кул болбо!"

"Эгер Жаратканга жакындоонун даамын татса- ңар, алыстоонун да азабын билмексиңер" (Олуялардын сөздөрүнөн).

Хадистер📜

03 Nov, 00:21


Адам баласы үчүн эң коркунучтуу нерсе тууралуу сурашканда. Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа ﷺ: «Пенденин ыйманы анын жүрөгү таза болмоюнча бекемделбейт. Тилди сактамайынча жүрөк тазаланбайт» - деп айткан.

Хадистер📜

28 Oct, 10:12


💭СИЗ КАНЧА ЖАШТАСЫЗ🌸

Хадистер📜

28 Oct, 10:12


https://t.me/amanatm99

Хадистер📜

27 Oct, 11:46


УРМАТТУУ МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР ,БИЗ ЭСКЕРТТИК ,ЭМИ ОЗУНУЗДУ САКТАШ ,САКТАБАШ СИЗДИН КОЛУНУЗДА. ЖАСАЛМА СУУСУНДУКТАРДЫ ИЧУУДОН ТЫЙЫЛЫНЫЗДАР.ТЕЗ БЫШУУЧУ ТАМАК-АШТЫ ТАКЫР ЖЕБЕНИЗДЕР!!! СОГУШСУЗ АЛСЫРАП ,СОГУШСУЗ КЫРЫЛУУГА УЧУРАП ЖАТАБЫЗ.АБАЙЛАНЫЗДАР. ОЗУНУЗДОРДУ ОЗУНУЗДОР САКТАП ,АБАЙЛАБАСАНЫЗДАР ,ЭЧ КИМ СИЗДЕРДИ САКТАБАЙТ. АЛЛАХ АРАМ ,ЗЫЯНДУУ НЕРСЕЛЕРДИ ЖЕП ,ИЧУУБУЗГО АРАМ ,МАКРУХ ДЕП ЧЕК КОЮП ТЫЙГАН.КРАСКАГА БОЕЛГОН МАРМЕЛАДДАРДЫ ,ШОКОЛАДДАРДЫ ,ЖЕЛАТИН КОШУЛГАН ТАТТУУЛАРДЫ ЖЕБЕНИЗДЕР!!!ЗЫЯНЫН ОЗУНУЗДОР КОРОСУЗДОР! ЖОГОТКОН ДЕН СООЛУКТУ КАЙРА КУДАЙ ЖАРАТКАНДАЙ КАЛЫБЫНА ТОЛУК КЕЛТИРУУ КЫЙЫН ЖАНА МУМКУН ЭМЕС!!! УШУЛ МААЛЫМАТТЫ БАРДЫК КОНТАКТТАРГА ТАРАТЫНЫЗДАР АЛЛАХ ЫРААЗЫЛЫГЫ УЧУН!!! СИЗДЕРДИ ТЕРЕН УРМАТТАП ,ЖАНА ТАЗА ДЕН СООЛУК ,УЗАК ОМУР КААЛАП МУСУЛМАН БИР ТУУГАНЫНЫЗДАР...
Топук кылып жашайм ушул күндөргө,
Эмне жетсин эсен аман жүргөнгө.
Бактылуу күн качан келет дебегин,
Эң бактылуу кундөр ушул билгенге....

Нияз Сариев...



Айягына чейин окунуздар
Урматтуу момун мусульман Бир Туугандарымм😢

Хадистер📜

27 Oct, 11:13


🟩 ХАДИС 🟩

*قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: كُلُّ مُسْكِرٍ حَرَامٌ. (ق)*

*Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айтты:*

*“Мас кылуучу нерселердин баары арам”.*

🟩 (Муттавакун алайх; Сахих Бухари жана Муслим)

Хадистер📜

27 Oct, 11:13


Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: Аалым кишинин уктап жатканы да, илимсиз кишинин ибадатынан жогору турат. (Мухажул-Мутаалимин).

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат: «Бир адам баласын дин илимин үйрөнүү үчүн бир аалым кишинин алдына койсо, ал бала Бисмилла хиррохмааниррохим деп сабак баштаган күндөн Аллах-Таала төрт кишиге тозок эшигин бекитет».

1. Илим үйрөнгөн балага.

2. Ошол баланын атасына.

3. Ошол баланын энесине.

4. Ошол баланын устазына.

Хадистер📜

27 Oct, 08:18


🟩 ХАДИС 🟩

*قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: يَقُولُ ابْنُ آدَمَ مَالِي مَالِي وَهَلْ لَكَ مِنْ مَالِكَ إِلَّا مَا تَصَدَّقْتَ فَأَمْضَيْتَ أَوْ أَكَلْتَ فَأَفْنَيْتَ أَوْ لَبِسْتَ فَأَبْلَيْتَ. (ت)*

*Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айтты:*

*“Адам баласы ‘менин малым, менин малым’ деп айтат.* *Садака берип, акыретке калтырган, же (ысырап кылбай) жеген, кийген жана эскирген нерселериңден башка (өзүңөргө пайдалуу) байлыгың барбы?”*

🟩 (Сунан Тирмизи)

Хадистер📜

27 Oct, 07:30


و قال عليه الصلوة و السلام من انفق درهما على طالب العلم فكأنما أتفق مثل جبل أحد من الذهب الأحمر في سبيل الله.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Ким илим окуп жүргөн адамга бир тыйын кайыр кылса! Аллах жолунда «Ухуд» тоодой, кызыл алтын нафака кылгандай болот».

Хадистер📜

26 Oct, 07:44


БАКЫТ деген сөз "Куранда бир жолу гана айтылган"

Бакыт Бейиште гана ,
Аны бул дүйнөдөн издебе!

(11:108)

Хадистер📜

25 Oct, 10:41


*АСР НАМАЗЫНА АЗАН БОЛГОНДО 3 ЖОЛУ АЙТЫЛУУЧУ ДУБА*

🌟➡️1️⃣
*"بِسْمِ اللهِ الَّذِي لاَ يَضُرُّ مَعَ اسْمِهِ شَيْءٌ فِي الأَرْضِ وَلاَ فِي السَّمَاءِ وَ هُوَ السَّمِيعُ العَلِيمُ"*

Окулушу:
*"Бисмиллаахил лазии лаа ядурру маъасмихии шай-ун фил-арди ва лаа фиссамааи ва хувассамииъул ъалиим*".

Мааниси:
*"Ушундай Алла Тааланын аты менен баштаймын, Анын аты менен жерде да, асманда да эч бир нерсе зыян жеткире албайт. Ал Зат Угуучу, Билүүчү"*

🌟▶️2️⃣
*"أَعُوذُ بِكَلِمَاتِ اللهِ التَّامَّاتِ مِنْ شَرِّ مَا خَلَقَ"*
Окулушу:
"Аъуузу бикалимаатиллаахит-тааммати мин шарри маа холак"

Мааниси:
*"Мен Алла Тааланын толук болгон сөздөрүнүн жардамы аркылуу Анын жараткандарынын жамандыгынан сактанамын

🌟▶️3️⃣
*"أَعُوذُ بِكَلِمَاتِ اللهِ التَّامَّةِ مِنْ شَرِّ كُلِّ شَيْطَانٍ وَ هَامَّةٍ وَ مِنْ كُلِّ عَيْنٍ لَامَّةٍ".*
Окулушу:
*"Аъуузу бикалимаатиллаахит-тааммати мин шарри кулли шайтоонин ва хаамматин ва мин кулли ъайнин лаамматин*."

Мааниси:
*Мен Алла Тааланын толук сөздөрү аркылуу ар бир шайтандан жана ар бир заардуу нерселердин жамандыгынан жана жаман көздөрдөн сактанамын.*

Хадистер📜

25 Oct, 10:22


واقوا الله و لا تشركوا بِهِ شَيْئًا و با والدين احسانا) (سورة النساء)

Аллах-Таала буйурган «Жалгыз Аллахтын озуно гана ибадат кылгыла, Аллах-Таалага буттарды жана башка нерселерди шерик кылбагыла! Жана ата-эненерге жакшылык кылгыла! Себеби: Дүйнөгө келүүнөргө, жашоонорго ата-эненер себеп болгон».

Хадистер📜

24 Oct, 10:03


https://t.me/amanatm99

Хадистер📜

24 Oct, 07:57


Багы барлардын 3 белгиси бар: Адалдан жейт. Илим үйрөнүү жыйындарына катышат. Беш маал намазды жамаат менен окуйт.

Жаман амалдуулардын 3 белгиси бар: Аллахтын буйруктарын орундоодо жалкоолук кылат. Айланасындагылардын баарына зыяны тийет. Өзүнө жакшылык кылгандарга жамандык менен жооп берет.

Күнөөкөрлөрдүн 3 белгиси бар: Көп жаңылат жана ката кетирет. Убактысын оюн-зоок, бий жана музыка менен өткөрөт. Унутчаак болот.

Опасыздын 3 белгиси бар: Тууган-уруктарын тажатат. Кошунасына кордук көргөзөт. Күнөө кылууну жакшы көрөт.

Аллаху таала жүзүн бургандардын 3 белгиси болот: Калпты көп сүйлөйт. Жалган сөз менен көп ант берет. Элге кыйынчылык тарттырат.

Достун 3 белгиси бар: Мал-мүлкүн сага курман кылат. Напсин сага курман кылат. Сенин сырыңды сактап жүрөт.

Ыймансыздын да 3 белгиси бар: Дининде күмөндөнөт. Аллаху тааланын досторун өзүнө душман деп билет. Раббине моюн сунбайт жана ибадат кылбайт.

Хадистер📜

24 Oct, 07:53


Момундун 3 белгиси болот: Намаз окуу, орозо кармоо жана садага берүү.

Риякордун (бир нерсени эл көрсүн үчүн кылган кишинин) 3 белгиси бар: Адамдардын жанында намазынын руку жана саждаларын толук орундайт, эч ким көрбөгөн жерде эч бир рукуну толук орундабайт. Мактаган кезде берилип ибадат кылат. Адамдардын арасында Аллаху тааланы көп зикир кылат.

Заалымдын 3 белгиси бар: Өзүнөн төмөн тургандарга кысым көрсөтөт. Күчү жеткенче элдин мал-мүлкүн кыйнап тартып алат. Жеп-ичүүдөн жана кийинүүдөн эч нерсени аябайт.

Сараңдардын 3 белгиси болот: Жанында болгон адамдын бетине кошоматтанат. Алыстаганда артынан гыйбат айтат. Башкалардын башына кыйынчылык түшсө кубанат.

Хадистер📜

23 Oct, 10:50


Илим жугуш үчүн ушуларды аткарып жүрүү зарыл:

1)Мугалимге сый урмат
2)Ниетти туздоо
(Аллах раазычылыгы үчүн)

3) Көздү сактоо
4) Мугалим айткан нерсени кылуу
5)Илимдуулорго кызмат кылуу
6) Кайталай берүү
7)Ар бир үйрөнгөн билимге Кудайга шүгүр айтуу
8)Амал кылсам деп дуба кылуу, чечим,жана талап!
9)Билгенин башкага жеткируу (балдарга,подушкага мейли мал болсо деле)
10)Уйкуну ирээтке келтирүү
11)Тамакты аз жео
12)Талашып тартышуудан качуу!
13) Таза абага чыгуу жана витаминдерди ичуу
(Грец.орех, мейиз,омега ,кальций,магний ,Глицин форте итд)

14) Кошумча китеп окуу

15) Тапшырмаларды аткаруу
16)Сабыр жана өжөрлүк
17) Баштаган нерсени таштабоо
18)Аз нерсеге раазы болуп үмүтүн узбоо

19) Зикир кылуу,салават окуу

20) Көп дуба кылуу

21) Жөнөкөй болуу ,мен билем деген нерсени алып салып,мен билбейм деген позицияны кармоо!

Хадистер📜

23 Oct, 09:22


بِسْــــــــــــــــــــــمِ ﷲِالرَّحْمَنِ الرَّحِيم🤍


Суйуу бул Аллах берген неьматтардын бири)
Сиз бирөөнү суйсөңүз .анда )
Ал инсан м-н болгон кемчиликтери м-н кошо сүйүңүз). ЖАКШЫНАМ.......!

Хадистер📜

22 Oct, 19:42


https://t.me/sizjakhsyadamsyz

Хадистер📜

22 Oct, 19:33


Тункусун уктай албай кыйналган адамдар окуй турган дуа.

Дарыгерлер жазып берген дарыларга карабастан тун ичинде уктай албаган адамдарга бул дуба сунуш кылынат.
Мындай оорууга чалдыккан адам алгач "Хашр" Суроосундогу акыркы 4 аятты окуйт. Андан кийин "Асхабу кахфтын " ысымдарын айтса, Аллахтын уруксаты менен шыфаа табат.


Асхабу Кахфтын ысымдары.

يمليخا مكثلينا مثلينا مرنوش دبرنوش شاذانوش كفشططيوش قطمير

Ямлихаа, Максалиина, Мис-лиина, Марнууш, Дабарнууш, Шаазаанууш, Кафаштатоййууш, Кытмиир

Хадистер📜

22 Oct, 12:00


Колду жуу берекеге себеп

Салман Фаарисий (р.а) айтат: «Мен Тавратта окудум: «Тамак жеп бүткөндөн кийин колду жууш берекеге себеп». Мен Пайгамбарыбыздан (с.а.в) (ушул жөнүндө) сураганымда Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деп жооп берди: «Тамактан мурда жана тамактан кийин колду жууш берекеге себеп»

(Шамааил 13)
https://t.me/amanatm99

Хадистер📜

22 Oct, 11:58


ХАДИС



عن اسامة بن زيد (ر ض ع) قال: قال رسول الله (ص ع و) *"من صنع اليه معروف فقال لفاعله: جزاك الله خيرا فقد ابلغ في الثناء"*

Усама бин Зайд (р д анхума) баяндайт. Алланын Элчиси (с а в) мындай деген: *"Бирөөдөн жакшылык көргөн адам жакшылык кылган кишиге "Жазакаллааху хойрон (Алла сага мунун жакшылыгын буйрусун!)"* деп айтса, эң сонун алкаган болуп саналат". (Тирмизии, Бирр 87)

Хадистер📜

21 Oct, 03:24


‏متى ذكرته بلسانك فأنت تائب
ومتى ذكرته بقلبك فأنت سالك
ومتى ذكرته بسرك فأنت عارف

الإمام عبد القادر الجيلاني

Качан Аллахты тилиң менен эстесең, анда сен тообо кылуучусуң
Качан Аллахты жүрөгүң менен эстесең, анда сен Ага жүздөнүүчүсүң
Качан Аллахты түпкүрүңдө эстесең, анда сен Аны таануучусуң

Имам Абдул-Кодир Ал-Жейланий

https://chat.whatsapp.com/Ioag08MMkwn27RgtWj7Xfx

Катталып, бөлүшүп коюңуздар

Хадистер📜

21 Oct, 00:28


"Сөз беремин, талашып-тартышпаган, өзүнүкү туура болсо да тили менен эч бир адамды таарынтпаган, тамаша же болбосо жанындагыларды күлдүрүү максатында жалган сүйлөбөгөн, жакшы мүнөздүү мусулман Жаннатка кирет.” [Тирмизи]

"Ушул алты нерсени аткарган адамдын Жаннатка кире тургандыгына кепил боломун: Сүйлөгөндө чын сүйлөгөн, берген сөзүн орундаткан, аманатка көңүл бурган, намысын коргогон, көздөрүн харамдан сактаган, колдорун жамандыктан тарткан адам.” [И. Ахмед]

Хадистер📜

20 Oct, 17:01


*Бүчүр менен гүл ачса*
*Шүгүр менен күн батса*
*Аллах сүйгөн пендеси*
*Сиз болосуз буюрса*
🤲💖💖💖
Хузайфа ибн Яман разияллоху анхудан рываят:
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи васаллам) жатаар убакта ушул дубаны окуган

*,,Бисмикаллохумма амууту ва ахйаа"*

Котормосу:
*,,Оо,Аллах сенин атың менен гана өлөмүн жана сенин атың менен гана кайрадан тирилемин"*
(Бухари, Тирмизий, Абу Дауд)

*ЫЙМАНДА ЖАТЫҢЫЗДАР*
💖💖💖💖
*АЛЛАХГА АМАНАТСЫЗДАР*
🤲🤲🤲🤲
*ТҮНҮҢҮЗДӨР БЕЙПИЛ БОЛСУН*
*ТҮШҮҢҮЗДӨР БЕЙИШ БОЛСУН*
🕊️☄️🕊️☄️🕊️
*Ассаламу алайкум уа рахматуллахи уа барокатух*
https://chat.whatsapp.com/ElqIwnAGYBb05jl4raJV46

6,843

subscribers

469

photos

1,162

videos