ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТОСУУДАН САКТАН!
ШЕРИК КОШПО!
Жасалгалап көчөлөрдү, үйлөрдү,
Ээ жарыктык, элдер жүрөт камданып.
Жыл жаңырса бакыт кирип келчүдөй,
Өзүнчө эле кубанышат шаңданып.
Кыркып алып балатыны жапжашыл,
Бир күн үчүн курбан кылат, арман ай.
Канчалаган жыл өткөрүп бечара,
Араң өссө, анысына карабай.
Кызы жүрөт түкүнчөдөй кием деп,
Кембагалдар кийим издеп итеңдеп.
Балатыга барган күнү балага,
Башы катат, эне эмне берем деп.
Жаш баланы "аяз ата келет" деп,
"Ырдап берсең, момпосуйдан берет" деп.
Ал гана эмес, "тилек кылсаң ошону",
Ата-эне алдайт, "аяз ата берет" деп.
Оо, ата-эне, куруп калгыр, мусулман!,
"Алсызмын" деп шылтоо айтып кутулган.
Өзүң билбей, ким экениң унутуп,
Балдарыңдын этикаты бузулган.
Бул "жаңы жыл" каапырлардын майрамы,
Сен айтпачы, калп жомокту кайдагы!.
Билсең эгер, пайгамбардын хадисин,
Сен өзүңдү кимге окшоттуң? Пайдабы?!.
Кулак салгын, ал хадисти билбесең,
Уккун дагы, көкүрөккө түйүп ал.
"Ким өзүнү кайсы коомго окшотсо,
Анда ал да ошолордон" деген ал.
Кече кылып, каапырларча жыргаба,
Эй, мусулман! Ыйманыңдан сен тайып.
Шерик кошпо! Аллах Жалгыз, Улуу Зат,
Таваф кылып балатыны айланып.
АЛЛАХКА ШЕРИК КОШПО!
𝕋𝕖𝕝𝕖𝕘𝕣𝕒𝕞:⬇️
https://t.me/baktyluulukis1amda
𝕀𝕟𝕤𝕥𝕒𝕘𝕣𝕒𝕞:⬇️
https://www.instagram.com/baktyluulukislamda__?igsh=MWlxMXJkcnppa3c4dA==
𝕎𝕙𝕒𝕥𝕤𝕒𝕡𝕡 ⬇️ https://whatsapp.com/channel/0029VagWsNHCcW4zxr5hlu3P