𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣 @tandalgan_hadister Channel on Telegram

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

@tandalgan_hadister


КАЛИМА ТАЙЙИБА
НАМАЗ
ИЛИМ ЗИКИР
МУСУЛМАНДАРДЫ УРМАТТОО
ЫКЛАСТУУЛУК
ДАААВАТ-ДИН ЖЕТКИРУУ
@islamdinikg
@islamdinikg

Тандалган Хадистер (Kyrgyz)

Добро пожаловать в Telegram-канал Тандалган Хадистер, где вы найдете информацию о Калима Таййиба, Намазе, Илиме, Зикре и многом другом, что поможет мусульманам укрепить свою веру и практиковать исламские учения. Этот канал создан для всех тех, кто стремится узнать больше о вере, обрядов, обязанностях и добродетелях, предписанных исламом. Мы приглашаем вас присоединиться к нашему каналу и получать каждый день новые духовные знания. Присоединяйтесь к нам и узнавайте о вере вместе с нами!

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

26 Oct, 03:45


➣ Ну'ман Ибн Башир (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (ﷺ) айтат:

*⪻Жамаат менен (болуу) береке (ырайым), өзүнчө болуу - азап⪼*- деди. ⦅Ахмад⦆

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

25 Oct, 13:49


Ассаламу алейкум!

Сүйүктүү БИР ТУУГАНДАР 🇰🇬🇯🇴

Бул китеп тазалык жана намаз бөлүктөрүндө бир нече муьтамат фикх китептерине таянылып жазылды.

Китепти имамдарга жана жалпы жумурай-журтка арнап жаздык.

Ушул китебибизди жакындардарыңыздарга сунуштап койсоңуздар пайдалуу болот деген үмүттөбүз.

Бул китепти жазгандар:
🇰🇬🇯🇴🇰🇬🇯🇴🇰🇬🇯🇴🇰🇬🇯🇴🇰🇬
Султанбай уулу Нуралы
Марат уулу Эламан
Айдарбеков Нурумбет

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

23 Oct, 13:31


Эй адам баласы! Денең менен дүнүйөдө, жүрөгүң менен акыретте бол.🤍🌿

Абдуллах б. Умар р.а

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

16 Oct, 15:46


: 🗣️ Жалпы окурмандарыбыз үчүн жагымдуу ЖАҢЫЛЫК…

БААЛУУ КИТЕП дүкөнү, БААЛУУ басма үйү тарабынан уюштурулуп жаткан “Китепкөй өлкө” аталышындагы республикалык 2- онлайн китеп окуу конкурсун жарыялайт🥳

🎁 Байгелер:
1- орун Авто унаа
2- орун Дубайга жолдомо
3- орун 30 000 сом
4- орун 20 000 сом
5- орун 10 000 сом
6- орун 5 000 сом
7- 20- орунга чейин кызыктыруучу белектер берилет🤩🤩

📊 Конкурска катышуу үчүн “Ак- Каранын айкашы” китебинин 2- басылышын сатып алууңуз керек😊

📚 Китеп баасы:400сом

Катталуу үчүн байланыш номериңизди жана жашаган аймагыңызды комментарийге жазыңыз
Өзүбүз байланышабыз😊

📊 Сынак онлайн форматта 5- ноябрь күнү кечки саат 21:00 дө болуп өтөт. Катталуу учун ТОМОНКУ номерге байланышын ватсаптан

☎️* 223246494*
[ https://chat.whatsapp.com/H69DklAn2wV3Bqd7AMkKC4

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

30 Sep, 04:49


🟨 ЫЙЫК КУРАН 🟨

*قَالَ اللّٰهُ تَعَالَى: ... وَمَنْ يَكْفُرْ بِاللّٰهِ وَمَلٰٓئِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ وَالْيَوْمِ الْاٰخِرِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا. (سورة النساء، 136)*

*Аллах Таала айтты (аяттын мааниси):*

*“...Ким Аллахка, периштелерине, китептерине, элчилерине жана кыямат күнүнө ишенбесе ал узак адашууда”.*

🟨 (Ниса сүрөсү, 136-аят)

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

30 Sep, 04:49


Жакшы күндөрдүн биринде, Жараткандын буйругу менен

башыңыздан өткөн кыйынчылыктардын жана сыноолордун үзүрүн татасыз.

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

30 Sep, 04:49


Жана эскерткин!
Анткени эскертүү ыймандууларга пайда берет.
https://t.me/+_41loPfAYzg2ZDky
(Ыйык Куран, 51: 55)

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

30 Sep, 04:49


⭕️ • ХАДИС.

📚Айша апабыз (Алла андан ыраазы болсун) Алланын элчисинин (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт:

“Эгер намаз учурунда силердин кимдир бирөөңөрдү уйкусуроо баса баштаса, анда уйкусу канганча уктап алсын, анткени, чындыгында, эгерде силерден кимдир бирөө уйкусурап намаз окуй баштаса, анда ал өзү эмне деп жатканын билбей, Алладан кечирим сураймын деп жатып, өзүнө каргыш тилеп алуусу да мүмкүн”.

Бухарий, Муслим.
•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

30 Sep, 04:49


📌 Абу Хурайра, бир жолу пайгамбарыбыздан (ага Алланын салам, салаваттары болсун), адамдар андан: "Аялдын эн жакшысы кандай болгону?" -деп сурашат.

🌺Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам салаваттары болсун):🌺

🔹"Качан күйөсү аялына караганда, күйөсүн кубандырганы, күйөсү бир нерсени буйруса, ага баш ийгени, күйөөсүнө жакпаган нерседе, күйөөсүнө каршы чыкпаганы, ал кемчилдик өзүндө же байлыгында болсо да."🔹

📜 Ахмад 9658.

📌 Жана пайгамбарыбыз (ага Алланын салам салаваттары болсун) башка бир хадисинде:

🔹"Аялдардын эң жакшысы, сен аны караганында сени кубандырганы, сен ага буйрусан, ал сага баш ийгени жана сен жокто , өзүн жана байлыгыңды башкалардан (коргоп) сактаганы." -деп айткан.🔹

📜 Ат-Таялиси 2444. Ибн Джарир.

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

30 Sep, 04:49


⭕️ • ХАДИС.

📚 Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты:

“Ушак эмне экенин билесиңерби? Айтышты: Алла жана Анын элчиси билет. Айтты: “Бир тууганың жактырбаган нерселер менен аны эскерүүң”. Бирөө айтты: “Мен айткан сыпаттар анда болсочу? Айтты: “Сен айткан сыпаттар бир тууганыңда болсо, ушак мына ошол, ал эми айткан сыпаттар болбосо анда доомат кылдың”.

📚Муслим:2589, Абу Дауд:4864

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

27 Sep, 13:46


🔹Дүкөндөрдүн биринин эшигине "намаз убактысы келди" деп жазуунун ордуна "сенден мурун намазга кеттик, сен да шашыл" деп
жазылыптыр.


🔷Бир Аялдын кичинекей кызы каза болгондо көздөрү толо жаш менен жылмайып:
- Ал жакка (акыретке) барганымда бейиштин эшигин каксам, мени тосуп алган периштем бар эми.

«Кыйынчылыкка сабыр кылуунун ачкычы – бейиш».

ушак айтуудан мурун, көзүңүздү жумуп элестетиниз ,бир кесим эт чийки жана кызыл этти чайнап жатканыңызды элестетиңиз. жана тиштериңдин арасы канга толгон.

"Эгерде бул көрүнүш сага жаккан болсо, көзүңдү ач,
ушагыңды уланта бер».




🔹Балалыктын эң таттуу эскерүүлөрүнүн бири - бул сен түнү туш келген жайда уктап калсаң, таң эрте менен
сен өзүңдүн төшөгүңдө ойгоносуң.

«Оо, Раббим, мени(алар) наристе кезимде тарбиялап чоңойткондой, аларга ырайым кыл”.

КАНАЛ:АКЫРЕТТИК АМАЛДАР

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

27 Sep, 12:57


⭕️ • ХАДИС

📚Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты:

сатуучу жана сатып алуучу бири-биринен ажырап кеткенче тандоодо турушат. Эгерде айып-кемчиликтерди ачык баяндап, чындыкты айтышса, соодаларына береке берилет. Эгерде жалган айтып кемчиликтерди жашырышса, сооданын берекесинен куру калышат”.

🪧 Бухари  2079.

𝕋𝕒𝕟𝕕𝕒𝕝𝕘𝕒𝕟_𝕙𝕒𝕕𝕚𝕤𝕥𝕖𝕣

27 Sep, 12:57


⭕️АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ 15 СӨЗ

⭕️1. «Бисмиллах» – «Аллахтын ысымы менен баштаймын» Ар бир ишти баштаганда ушул сөздү айтуу менен баштайбыз.

⭕️2. «Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух» – «Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун». Мусулмандар өз ара салам бергенде айтылат. 

⭕️3. «Аллаху акбар» – «Аллах улук» Аллахты улуктоо жана Анын кудуреттүүлүгүн даңазалоо максатта айтылган сөз. 

⭕️4. «Субханаллах» – «Аллах айып-кемчиликтерден аруу». Аллахтын улуктугун, кудуреттүүлүгүн жана Анын ар бир кылган иш-аракети кемчиликсиз экендигин даңазалоодо айтылат. 

⭕️5. «Алхамдулиллах» – «Аллахка шүгүр, Аллахка мактоолор болсун». Аллах тараптан келген ар бир жакшылыкка шүгүрчүлүк келтиргенде айтылат.

⭕️6. «МашаАллах» – «Аллахтын каалаганы болду». Бул сөз бир нерсеге таң калганда, Аллахтын кудуреттүүлүгүн көргөндө, иш оңунан чыгып кубаныч келгенде айтылган сөз.

⭕️7. «ИншаАллах» – «Аллах кааласа, Кудай буйруса». Бир ишти баштоого ниет кылганда, бирөөгө убада бергенде, Аллахтан үмүт кылууда айтылат.

⭕️8. «Хасбуналлаху уа ниъмал вакиил» – «Бизге Аллах Өзү жетиштүү жана Ал эң жакшы Колдоочу жана Коргоочу». Адам бул сөздү аргасыз абалга, күтүүсүз кыйынчылыкка туш болгондо, кайгы-капага кабылганда айтат.

⭕️9. «Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожийм» – «Каргышка калган шайтандан коргоону Аллахтан сураймын». Азгырык ойлор келгенде, жаман ниеттер пайда болгондо, ачууланган кезде айтуу керек.

⭕️10. «Астагфируллах» – «Аллахтан күнөөлөрдү кечирүүсүн сураймын». Күнөө иш кылып, ага тообо кылган кезде, жаңылган, катачылык кылган кезде айтылат.

⭕️11. «Аамиин» – «Кабыл кыла көр». Дуба кылгандан кийин айтылат.

⭕️12. «Инна лиллахи уа инна илайхи роожиъуун» – «Чындыгында Биз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтабыз». Жакын адамын жоготкондо, адамдын башына балээ-кырсык түшкөндө, бир адамдын кайтыш болгону тууралуу кабарды укканда айтылат.

⭕️13. «Бааракаллаху фиика» – «Аллах сага береке берсин». Ыраазылык билдирүүдө, адамга жакшылык тилек айтууда, анын ийгилигине кубанууда же көз тийип кетүүдөн сактоо үчүн айтылат.

⭕️14. «Жазакаллаху хойрон» – «Аллах сизди жакшылык менен сыйласын». Бирөөгө ыраазылык, рахмат айтканда айтылган сөз. 

⭕️15. «Саллаллаху алейхи уа саллам» – «Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун». Пайгамбарыбыздын атын укканда же анын атын айтканда айтылат.

7,444

subscribers

405

photos

69

videos