Таалим, тарбия!
Эне болуу оңой эмес!
(Кээде жан дүйнөмө эргүү келип, улам жазгым келип калат, жазбай коюуга жүрөк чыдабайт, кадимкидей кыйналам, ооруйм, акыры жазып, черим жазылып ,кубанып калам.
Көпчүлүк аялдар өзүнө буюм алып, же көптөн бери көксөгөн алтын шакегин же сөйкөсүн алганда кандай сүйүнгөн болсо, мен ушундай жазып сүйүнөм, кээде ушундай эргүүлөр пайда боло калат, жаш баладай кудуңдап, жазуумда асманда эркин учкан куш сыяктуумун, көкөлөп бийик, бийик уча алам, чексиз шүгүр!)
Жумурткадан кыр издеп , адамдардын жакшы сапатын эмес ,жаман сапатын көрө калып, өзү менен алек болбой , бирөөлөрдүн жашоосу, иши менен алектенип, ушак менен жашаган адамдарды мурда көргөндө таң калган болсом, азыр ал адамдарды көргөн кезде боорум ооруйт. Анткени алар өмүрдүн кантип өтүп жатканын, эң кымбат болгон убакыттын баалуулугун байкабай калган адамдардын катарына кирет.
Жараткан ,аларды алты саны аман кылып жаратканы , эл катары мээ бергени менен, аң сезимин, даанакерлигин, адамдык касиетин, сыпаттарын кемитип коёбу?- айтор билбейм.
- Же болбосо ал адамдар - жалкоолуктун, өзүнө болгон баанын төмөндүгүнүн айынан , бирөөлөрдүн жашоосу менен жашайбы?
- Ким билсин.
Негизи жан дүйнөсүнө кам көргөн , дилге гүл өстүргөн адамдар ,ар бир нерседен жакшыны көрө билген инсандар жагат. Сыртын кооздоп ,сулуулаган менен, жан дүйнөгө, жүрөккө ,дилге маани бербей ,сулуулабай койсоң , заман менен тең өсө албай ,артта калсаң ,анда сен - куураган бир дарак сыяктуусуң, жакында отун болосуң ,андан башка сенден пайда жок .
Наалып , ыйлап, көз жашын көлдөтүп , бирөөлөрдөн үмүт кылып алгандар көбөйүүдө.
Тагдыр ташы кимге келип тийбеген?
Тагдырдын таштак жолунда- андай таштар алдыңа далай келип тиет чыгаар, бирок ошол таш келип тийген сайын тизгинди коё берип, жыгылып , тизең канай берсе анда кандай болот?
Жараткан кимди, кандай сыноо менен сынайт Өз эрки. Биз ошол ар бир сыноо үчүн да шүгүр айтып, башты тик көтөрүп жашай билсек экен.
Тагдыр ташы келип тийген кезде деле, колуңдагы тизгинди эки кол менен бекем кармап, кайра жанданып, изденип, түздөнүп, акылды, жүрөктү бир сыйра аңтарып, төңкөрүш жасап, табышмактуу алдыдагы эртеңди ойлоп , күн мурунтан кыжаалат болбой, бүгүн менен жашап, эртеңден үмүт кылуу гана туура. Каниет , чыдамкайлыкты өрчүтүп , өнүктүрүү зарыл. Татыктуу эне ушундай касиетке ээ.
Жашоо, тагдыр улуу даанышман, тарбиячы. Эгер өзүм билем деген девиз менен чуркай турган болсоң, баш ийбесең, текебердик кыла турган болсоң, акырын ноктосун салып, жоошутуп коёт тагдыр деген. Турмуш деген чоң дарыянын ал жээгинен бул жээгине уруласың, ыссыгына күйөсүң, муздагына тоңосун, нөшөрлөп жааган жамгырында кааласың, анда да баш ийбей турган болсоң, көтөрүп бир чабат тагдыр, өзүңө келе түшөсүң. Чапканда да өзүң кетирген каталарын үчүн чабат.
Андыктан, Жараткан алты саныбызды аман кылып берген соң, өмүрдүн аягы болбогондон кийин, келген сыноону татыктуу көтөрүп, канимет кыла билип, эмне үчүн нааразы болуп ,ыйлап, наалып отуру керек?
Айрыкча жаштар?
Эч ким даяр ашын алып келип бербейт, күнү күнү келсе ,бир тууган бир тууганга боор оорубай, ата балага кам көрбөй калган заманда жашап жатабыз, ар ким өзү менен өзү, ар бир адам өз казанына жан тарткан заман.
Кичинекей сыноо, кыйынчылык келсе эле бырылдап ыйлап албай, алдыны көздөй, үмүттүн шамын тизгинге бекем кармап, таштак жолдон чыгып, бетеге жактагы гүл бакчага бет алганды үйрөнөлү. Анын баары албетте илим, билим , изденүү аркылуу келет.
Жаркылдап , күлүп жайнап жашаганды билели , Кудай Таалам дагы кабак кашка карап бак, ийгилик , түшүнүк берет тура жашоодо.