Күнүгө эртең менен апам мени ойготуп, бирге чай ичип атканбыз. Бүгүн ойготподу, өзүм турсам, апам жумушка кеткен экен. Мага күн тийбесин деп, терезенин пардасын да ачпаптыр, үйгө бирөө кирип келбесин деп, эшикти жаап, сыртынан таш менен бастырып кетиптир, столдун үстүн карасам сүттүн каймагын алып, өзү жебей, мага таштап кетиптир, жада калса телефонумду да зарядкага сайып кетиптир. Бул кенедей эле нерселер, бирок мен үчүн өтө чоң мааниге ээ. Анткени өзүнчө жашаганда, эч ким апамчалык мага боор тартып, мээрим төкпөсүнө түшүндүм. Анан кантип апаңа бул дүйнөдөгү бардык жакшылыкты каалабайсың ? Кантип апаңа бул жашоодо да, кийинки жашоодо да пайдалуу болууну каалабайсың ?
Ооба, мени урушкан учурлар болот. Бирок ошого мен өзүм жеткизем. Апамдын тагдыры өзүнчө эле кино, ошондуктан башка адамдарды коёюн, жада калса бир туугандарым туура эмес сүйлөсө урушуп кетем. Апамдын бир дагы жолу бирөөгө "жалоб" айтып, ыйлаганын көргөн эмесмин. Аябай тазалыктуу, мээримдүү, убакытка так жүргөн, жароокер адам(ышыгылып сөз байлыгым жетпейт, апамды сүрөттөп беришке). Өткөндө айтып коёт: "Жеңеңди жаш кыз кезинде апасы аябай эле жумуш кылдыртчу экен да, суукта сайга барып отун ташып келчү экен, мал жайлачу экен. Ошону эстеген сайын бир чети кудагыйыма ачуум келип кетет. Кызды деген аяш керек да?!"-деп коёт. Анан түшүндүм, эмнеге апам бизден мурун жеңемди аяп турганын. Жеңем жумуш кылып жүрсө, "ай шашпай жасайсың, бас баланы эмизгенче уктап эс алып ал" деп, башка бөлмөгө киргизип ийет😊. Жеңем туугандарга кызмат кылганы барса, апам бир аз эле оокатын кылдырып, ээрчитип ала келет, таштап койбойт эч качан. Кыш келген сайын баарыбызга жылуу байпактардан эки-үчтөн алып берет, бирөөбүздү да унутуп койбойт, жеңемдер шаарда болсо дагы, салып жиберет. Неберелерине да мээримдүү, келген сайын кийим сатып берип, оозунан чыккан нерсенин алып берет. Апам бирөөгө тийишпейт, бирок бирөө жалаа жаап, тийишсе аябай жаман абалга салып салат. Ошо жагын мен тартсам керек)
Эмне болсо да, ата-энебиз эки дүйнө бактылуу болсун. Биздин сыйыбызды, жакшы жактарыбызды көрүп, бактылуу карылыкты Аллахым насип кылсын❤️✨