•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚 @ilim_kabarchy Channel on Telegram

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

@ilim_kabarchy


•ТЕСТ📋
•𝐗𝐀ДИ𝐂𝐓𝐄𝐏•𝐀Я𝐓𝐓𝐀𝐏📚
•𝐓𝐀𝐂И𝐏ДҮҮ ВИД𝐄𝐎 Б𝐀Я𝐇Д𝐀𝐏.⚖️

ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚 (Russian)

Добро пожаловать в канал 'ИЛИМ КАБАРЧЫ'! Если вы увлечены знанием и образованием, то этот канал идеально подходит для вас. Здесь вы найдете увлекательные статьи, обзоры книг, новости из мира науки и многое другое. Наша цель - делиться уникальной информацией и вдохновлять на дальнейшие исследования. Присоединяйтесь к нам и окунитесь в увлекательный мир знаний и образования!📚✉️

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Jan, 14:32


📌ТИЛГЕ ЖЕҢИЛ, СООБУ ООР ИХЛАС СҮРӨСҮ

• Ихлас сүрөсүн окуу Курани Каримдин үчтөн бирин окууга барабар.
{Бухари}

• Эртең менин жана кечинде үч жолу Ихлас жана Муаввизатайнды ( Фалак менен Нас сүрөөлөрүн) оуу балээ жана кыйынчылыктардан коргойт.
{Тирмизи}

• Үйүнө кирип жатып Ихласты окуган адам кедейлик көрбөйт.
{Куртуби}

• Ихласты окуп жүргөн мусулман адамга Бейиш важип болот.
{Насаи}

• Бир адам сапарга чыгып жатып 11 жолу Ихласты окуса Аллах Таала сапардан кайтып келгенге чейин анын үйүн коргойт
{И.Нажжар}

• Жатар алдында Фатиха менен Ихласты окуган Адам өлүмдөн башка бардак нерседен коргонгон болот.
{Бухарий}

• 50 жолу Ихлас сүрөсүн окуган мусульман 50 жылдык күнөөсү кечирилет .
{Дарми}

• Он жолу Ихласты окуган адамга бейиште бир хан сарай берилет.
{И.Ахмед}

• Ихлас сүрөсүн дайыма окуган адамдын жаны кыйналбай , женил чыгат.
{ И.Ахмад}

• Ихлас сүрөсүн чын жүрөктөн окуган адамга тозок оту арам кылынат .
{Насаи}

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

17 Jan, 18:02


📌Эмне учун намаз окушуңуз керек?

• Намаз- шайтанды кор кылат.
{ шайтандын эн башкы максаты пендени ибадаттан алыстатуу }

• Намаз момун учун Нур
{ Адам намазда турганда Аллахтын назары ал адамга түшөт}

• Намаз эн жакшы курош.
{ Нафсыңыз менен болгон курош }

• Намаз жүрөктүн нуру.
{ Кимде ким жүрөгүн нурдуу кылам десе намаз окусун }

• Дуба кабыл болот.
{ Ар бир намаздан кийин окулуучу дубаларды Аллах сөзсүз кабыл кылат }

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

17 Jan, 18:02


📌 Намазды кимдер окуйт?

• Намазды - Акылдуулар окуйт ,
• Намазды - Алланы сүйгөндөр окуйт.
• Намазды - Өлгөндөн кийинки жашоого ишенгендер окуйт,
• Намазды - Алланы тааныгандар окуйт.
• Намазды - Озун тааныгандар окуйт,
• Намазды - Аллах кимге
• Намазды - Тофик берсе ошол окуйт.
• Намазды - Билип журунуз ибадаттардын эн абзели,

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

12 Jan, 15:50


📌БЕШ НАМАЗДЫН - БЕШ ПАЙДАСЫ

Багымдат намазы - өлүм азабын сездирбейт.

Бешим намазы - махшар майданындагы кыйынчылыктан куткарат .

Асыр намазы - күнүмдүк күнөөлөрүнөн арылат.

Шам намазы - сирот көпүрөсүнүн өтүүгө жардам берет .

Куптан намазы - өлүмдөн кийинки , түбөлүк азаптан куткарат.

Албетте намаз бузукулуктан жана күнөөдөн сактайт. {Анкабут 45}

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

10 Jan, 14:57


🍂НАМАЗДАН КИЙИН ОКУЛА ТУРЧУ СҮРӨЛӨР🍂

Багымдаттан кийин - "Ясин"

Кимде - ким эртен менен "Ясин" суроосун окуса, ал адамдын ошол кундогу зарылчылыктары аткарылат

Бешимден кийин -"Ар - Рохман"

Рохман суроосу - жашоону женил кылат, ыйманды бекемдейт, журокту тынчтандырат


Асырдан кийин - " Наба"

Асырдан кийин " Наба " суроосун окуган адамдын ырыскысы кобойот. Кыямат куну бейиштин муздак шербети тартууланат. Аллахка жакындап,кыяматта ширктен башка куноонун баарын кечирет.

Шамдан сон - " Вакиьа"

Бул - байлыктын суроосу. Бул дуйно жана акыреттин байлыгынын суроосу . Кечиндеси окуган адамга кедейлик келбейт

Куптандан сон - "Мулк".

Мулк суроосун дайыма кечинде окуган адам кабыр азабынан сак болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Мулк суроосун окумайынча уктабайт эле.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

08 Jan, 13:21


~ КАНДАЙ АЯЛГА ҮЙЛӨНҮҮ КЕРЕК ~

Жубай тандоодо эн биринчи динзарлыгына кароо зарыл!
Бул тууралуу Аллахтын элчиси с.а.в -" аялдын 4 нерсенине карап үйлөнгүлө: байлыгына, ата - дегенине, сулуулугуна жана динине карап . А сен динди карманганына умтулгун, жакшылыктарга жетесин" деп айткан.
{ Абу Даьуд Насааьи }

Жубай тандоодо көп балалуу болууну каалаган аялзатына үйлөнүү керек, бул сүннөт болгон иштерден.
Бул тууралуу: "Анас ибну Малик р.а рываят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в айткан :" силер көр бала төрөй турган жана күйөөсүн жакшы көргөн аялга үйлөнгуло ! Кыямат күнү мен үммөтүмдүн көптүгү менен сыймыктанамын" дейт.
{Бухарий Муслим}

Эгер мүмкүнчүлүк болсо мурда турмушка чыкпаган кызга сүйлөнүү сүннөт.
Бул тууралуу: Пайгамбарыбыз с.а.в Жаабирге р.а -" кызга үйлөнбөдүңбү?! Сен аны эркелетип, ал да сени эркелетмек " - деген.
{ Бухарий Муслим }

Көңүлгө жаккан сулуу аялга үйлөнүү. Эгерде динди карманган аял болсо сулуураагына үйлөнүү абзел. Анткени көңүлүнө жаккан сулуу аялга үйлөнүү адамдын көңүлүн тынчтаттат, көздү күнөөдөн сактайт жана ортодо сүйүнүү пайда кылат.
Бул тууралуу: Мугиийра ибну Шуьба р.а үйлөнүү үчүн бир аялга жуучу жоноткондо, Пайгамбарыбыз с.а.в ага:" Аны бир көргүн , чындыгында аны көргөнүң - экөөңөрдүн ортонорго сүйүнүү пайда кылуучу эң абзел иш " - деп айткан.
{ Бухарий Муслим }

✍🏻:@sa1iha_kg
👥:https://t.me/sal1ha_kg

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

08 Jan, 11:29


~ УШУЛ СЫПАТТРЫ БАР ЭРКЕКЕ ТУРМУШКА ЧЫКПА! ~

Даюс
Аялын жана үй бүлөсүн башка эркектерден кызганбаган эркеке.

Муджрим
Кумар ойундарынан акча тапкан эркеке.

Мусриф
Тапкан акчасын ойлобостон ар жакка чача берген эркеке.

Бахил
Конок күткөнүдү жактырбаган, тапкан акчасын уй бүлөсүнө санап берген эркеке.

Аль- Каззаб
Ар бир сөзүндө жалганы бар эркеке

Арази
Айланасына убакыт бөлүп, бирок үй - бүлөсүнө келгенде шылтоо издеген эркеке.

✍🏻: @sa1iha_kg
👥: https://t.me/sal1ha_kg

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

04 Jan, 16:05


⚜️Адам табиятына туура келбеген жооруктарды,күнөөлөрдү көзүбүзгө жакшы көрүнүш катары көргөзүп, шайтан акырындык менен азгырып отуруп,биздин айлана чөйрөбүзгө, коомубузга ,керек болсо үйүбүзгө чейин тамырлаган.

Ошол себептен азыр, шарият жолунда,ислам,ыйман,адеп ахлак менен жашоо аң сезимибизге татаал , аябай эле оор сыяктуу болуп көрүнөт.Чындыгында кыйынчылыксыз жеңил,жакшы жашоо динде.

"ЭРКИН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ" китебимден үзүндү.

𝓘𝓵𝓲𝓶 𝓚𝓪𝓫𝓪𝓻𝓬𝓱𝔂
•┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

28 Dec, 13:10


БАКЫТКА БАГЫТ БЕРГЕН 4 САНЫ

Төрт адамды эч качан таштап койбо :ата-эненди, аялыңды, балдарынды, досторунду

Төрт нерсе менен сулуулан: сабыр, жумшактык, илим, берешендик

Төрт нерсеге кыянаттык кылба: Пайгамбарыңа, диниңе, мекениңе , Аллага

Төрт нерседен алыс бол: арактан, кумардан, сүткор- дуктан, зынадан

Төрт нерседен сактан: шайтандан, напсинин азгы- рыгынан, шахваттан, жаман достон

Төрт адамга таш боордук кылба: жетимге, мусапыр- га, кедейге, ооруп жаткан адамга

Төрт адамга суук маиле кылба: атаңа, апаңа, ага- иниңе, эже-карындашыңа

Төрт адамдын ачуусуна тийбе: аалымдын, муга- лимдин, такыба адамдын, карыянын

Төрт нерсени аткарба: бой көтөрбө, текеберденбе, көрө албастык кылба, кек сактаба

Төрт адам менен дос болбо: жалганчы, ууру, көрө албас, менменсинген адам

Төрт нерсени такыр үзбөй аткар: намазды, Куран окууну, зикр кылууну, туугандар менен карым-катнашты

✍🏻:@sa1iha_kg

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

27 Dec, 17:20


Суроолорум кыйын эмес бекен?

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

27 Dec, 10:18


Аллах Тала сүйгөн 6 сыпат...

• Тообаны көп кылган адамды.
Чындыгында, Аллах төлөөлөрдү кабыл алуучу мээримдүү.
{ат-тавба}

• Тобокел кылган адамды.
Аллахка тобокел кыл! Аллах озуно тобокел кылгандарды сүйөт.
{Ал - Имрон }

• Ихсан кылган адамды Аллахка - жакшылык кылуучуларды сүйөт .
{Ал - имрон }

• Такыбаа болгон адамды.
Чындыгында Аллах - такыбаларды жакшы көрөт. {Ат - тавба}

• Сабырдуу болгон адамды.
Аллах сабырдууларды сүйөт. {Ал-имран 146}

• Адилеттүүлүк кылган адамды.
Акыйкатта , Аллах - адилеттүүлөрбу сүйөт
{Ал - маида}

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

27 Dec, 10:18


Аллах кимди туура жолго салууну кааласа, анын көкүрөгүн исламга кенен кылып койот.

(Анъам сүрөсү : 125 аят )

Ушул аятты Расулуллах с.а.в тилават кылып мындай дейт:

Пайгамбарыбыз:
- Акыйкат, эгерде нур жүрөккө кетсе, жүрөк кеңейет.

Сахабалар кызыгып Пайгамбарыбызга суроо узатышты:
- Мунун билгиси кандай болот ?

Ошондо Пайгамбарыбыз:
- Жалганчы дүйнөдөн алыстоо, түбөлүктүү дүйнөгө кайтуу, өлүмдөн мурда ага даярдык көрүү . - деп жооп берди)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

26 Dec, 10:01


СИЗДИН ТУУЛГАН АЙЫҢЫЗ КАЧАН😇💭

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

25 Dec, 15:49


Төрт нерсени төрт нерсе менен жууп туруңуздар:

-Жүзүңүздү көз жаш менен
-Тилиңизди зикир менен
-Жүрөгүңүздү такыбалык менен
-Күнөөлөрүңүздү тооба менен.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

25 Dec, 15:47


ЖҮРӨКТҮ АЛТЫ НЕРСЕ ӨЛТҮРӨТ

Хасан Басри, рахимахуллах, айтты:

– Адамдын жүрөгүнүн бузулушу алты нерседен пайда болот:

➀ Тообо кылам деген үмүттө күнөө кыла беришет.

➁ Илим алышат, бирок ага амал кылышпайт.

➂ Эгерде илимине амал кылышса, анда чын ыкластан кылышпайт.

➃ Аллахтын берген ырыскысын жешет, бирок Ага шүгүр кылышпайт.

➄ Аллахтын ага берген ырыскысына эч качан ыраазы болушпайт.

➅ Өлгөндөрүн көмүшөт, бирок өлүмдөн сабак алышпайт.

📖 {“Аль-Калим ат-Тайиб”, 234}

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

22 Dec, 15:57


Аллахты зикир кылуу сөздөрү •
Жана алардын мааниси•

Истигфар (استغفار), АстагфирулЛах (أستغفر الله) - "Аллахым мени кечир"

• Истиаза (استعاذة), Аъузу билЛах (أعوذ بالله) - "Аллахка кайрылам"

• Такбир (تكبير), Аллаху Акбар (ﷲ اكبر) - "Аллах Улук"

• Тасбих (تسبيح), СубханалЛах (سبحان الله) - "Ыйык Аллах".

• Тахлил (تهليل), Ла Ильяха иллалЛах (لا إله إلا الله) - "Лаа илааха иллаллох".

• Тахмид (تحميد), Аль-Хамду лилЛах (الحمد لله) - "Аллахка мактоолор болсун."

Билип жүрөлү!🫀)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

21 Dec, 17:02


⚜️ "Балдарыбыз өзүбүз каалаган эмес,үйрөнгөн тарбиябызды алат."

⚜️"Өзүбүздү өзгөртпөй,өзгөнүн өзгөрүүсүнө себеп боло албайбыз."

✍🏻<<ЭРКИН ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ>> китебинен.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

20 Dec, 17:30


Амансыздарбы урматтууларым ?

Аллах Таала пенделерин кабардар көрүүчү!

Жашообузда болуп жаткан адилетсиздик,фитналарга көз жумуп жашай албай, дин душмандарынын адам заттын табиятына туура келбеген, иш аракеттерине ,саясатына каршы жооп катары, китеп жазууну Аллах Тааланын каалосу менен баштадым.

Китеп толук жазылып жарык көрүүсү үчүн ,Жараткан Аллах Таалага дуба кылып турушуңуздарды суранам.


⚜️Урматым менен Илим Кабарчы диний баракчасынын админи Сейитбек Абдуразак уулу.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

19 Dec, 05:09


Эгерде Аллах Таала дубаңызды кабыл кылсын десеңиз

Анда ушул хадиске амал кылыңыз: “ Умму Сулайм р.а айтты - Оо, Аллахтын Элчиси! Мага бир сөз үйрөтүңүз, мен аны намаз окуганда жана дуба кылганда айтсам, Аллах менин дубамды кабыл кылсын.

Пайгамбарыбыз с.а.в ойлонду да мындай деди :

10 жолу СубханАллах ,
10 жолу Алхамдулиллах ,
10 жолу Аллаху Акбар деп айт
Андан соң Аллахтан каалаган нерсеңди сура !

Ошондо Аллах: ооба , ооба б.а дубанды кабыл кылдым, кабыл кылдым Дейт!

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Dec, 18:10


Аллахка жакындатуучу 12 жөнөкөй амал

• Көбүрөөк жылмайыңыз.
• Намазды өз убагында окуңуз.
• Денеңизди таза кармаңыз .
• Кун сайын Куран окуңуз .
• Ушактан алыс болунуз .
• Оорулууларга, кошунага кам көрүңүз .
• Таңкы жана кечки зикирлерди чалыңыз .
• Дүйшөмбү, бейшемби куну орозо тутунуз.
• Ата-энеге, улууларга Урмат көрсөтүңүз
• Сабырдуу болуңуз.
• Кечиримдүү болуңуз.
• Садака бериңиз.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Dec, 18:09


БЕШ НАМАЗДЫН, БЕШ ПАЙДАСЫ...

Багымдат-намазы өлүм азабын сездирбейт.

Бешим-махшар майданындагы кыйынчылыктан куткарат.

Асыр-намазы күнүмдүк күнөөлөрунон арылат.

Шам-намазы сирот көпүрөсүнүн өтүүгө жардам берет.

Куптан-түбөлүк азаптан куткарат.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Dec, 18:09


Уйкуну жакшы көрүп намазга, турбай жүргөн күндөрүн өтөөр....
Бирок бир кун келет , уйкуну койуп, туруп намаз окууну каалайсың....



Бирок, ошол учурда кечиккениңди билесиң...! 💔

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Dec, 12:38


https://www.instagram.com/reel/DDt7v9qMo57/?igsh=MXg5cjJteTEzeXp5ag==

🛜Инстаграм баракчабызга жаңы видеобаян чыкты!

🌐Шилтеме аркылуу кирип көрүңүздөр!

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

14 Dec, 16:45


Аллахтын сага сыноо бергени,
Үнүңдү уккусу келгени.
Сага дуба кылууга мүмкүндүк бергени,
Дубаңа жооп бергиси келгени.


✍🏻:@sol1ha_kg

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

14 Dec, 16:45


Сыноо биз үчүн, мына ушул нерсени айтуу үчүн келет:

"Мен сени жакшы көрөмүн" мага кайткын эй пендем!

Мен сени"Тозок" үчүн жаратпадым, Мен сени "Бейишим" үчүн жараттым!

Мага жакындата турган жакшы амалдарды жаса!
Бейишимде коногум болууң үчүн!

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

13 Dec, 01:58


🕊Бактылуулуктун ачкычтары🕊

Ден соолукта болууну каалайсыңбы? Орозо карма!
Жүзүң нурдуу болуусун каалайсыңбы? Түндө ибаадат кыл!
Кыйынчылыктардын кетүүсүн каалайсыңбы? Куран оку!
Бактылуу болууну каалайсыңбы? Намазды өз убактында оку!
Жеңилдөөнү каалайсыңбы? Күнөөлөрүңдүн кечирилүүсүн тиле!
Кайгы-кападан кутулууну каалайсыңбы? Дуа кыл!
Кыйынчылыктардан арылууну каалайсыңбы? “Лаа хавла ва лаа куввата иллаабиллаахи” деп айт!
Жыргалчылык, жакшылыкты каалайсыңбы? Пайгамбарыбызга (Саллаллаху алайхи васаллам) салам-салаваттарды айт!
Сооп алууну каалайсыңбы? Анда бул кабарды туугандарыңа, досторуңа жеткиргин...!)

✍🏻:@sol1ha_kg

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

12 Dec, 15:00


• Хикая •

Бир күнү эки шайтан жолугуп калышты. Бири өтө семиз, экинчиси болсо өтө арыктаган экен, семиз шайтан экинчисинен бул кандай акыбал экенин сурады. Азып-тозуп арыктап кеткен шайтан « Мен бир инсанга шерик болот элем , ал ар бир ишти баштоодон мурда Аллахтын ысымын тилине алат экен. Тамак жесе да, суу ичсе да, жатса да, турса да, Аллахтын атын зикир кылат экен , мага ал жеген тамактан ичкен суусунан эч кандай тийбейт, насип кылбайт. Ушул себептен бул абалда калдым деди. Экинчи шайтан болсо шерик болгон кишиси эч бир иште Аллахтын атын тилине албастыгы себептен, семирип жатканын айтты...)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

07 Dec, 20:30


Пайгамбарыбыз с.а.в айтты:

- Кимде ким ар бир намаздан кийин аят Аль - Курси сүрөсүн окуса, анда анын бейишке кирүүсүнө өлүм эле тоскоолдук болуп калат - деди.....

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

07 Dec, 20:30


- Эй, Фатима! Тур намазыңды оку. Эч качан атам Пайгамбар экен деп, кабатыр болбой койбо. Эгер Аллахтын рахматы болбосо, мен да эч нерсе кыла албаймын!"

Эй, бейнамаз тууганым! Сен кимге ишенип кабатыр болбой намаз окубай жүрөсүң?!

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

07 Dec, 19:28


ЧЫНЫГЫ БАРКТУУЛУЛУК ЖӨНӨКӨЙЛҮКТӨ

Жөнөкөйлүк – адамдагы асыл сыпаттардан жана диндеги эң улуу ибадаттардан болуп саналат. Айша энебиз айтты:
«Чындыгында, силер эң жакшы ибадатка кайдыгерлик кыласыңар, ал – жөнөкөйлүк»

("Аз-Зухд", 393)

Жөнөкөйлүк адамдын баркын бул дүйнөдө жана акыретте, Аллахтын жана адамдардын алдында көтөрөт. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ким Аллах үчүн кичипейил болсо, Аллах анын (даражасын) көтөрөт»


(Сахих Муслим)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

23 Nov, 16:47


Айрымдар Аллахтан бир
нарсе умут этип ибадат кылышат.

Бул -соодагерлердин ибадаты.

Айрымдар коркуп Ибадат кылышат .Бул кулдардын ибадаты.

Айрымдар болсо АЛЛАХКА шугур кылуу иреттинде ибадат кылышат. Бул болсо -эркин инсандын ибадаты.
Мына эн пазилеттуу Ибадат ушул.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

23 Nov, 16:46


БЕШ УБАКЫТ НАМАЗ МУСУЛМАНДАР ҮЧҮН ПАРЗ

Жабраил алейхиссалам, Хатамул Анбия Мухаммад Мустафа саллаллаху алейхи васалламга өзүнүн милдетин тапшырып жатып, даарат алып жана даарат алдырып, эки рекет намазды чогуу окуу менен даарат жанан намазды үйрөткөн.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) пайгамбарлыгын биринчилерден болуп тастыктаган жубайы Хадичатул Кубра разияллаху анхага үйрөтүп, даарат алдырган. Андан соң имам болуп, азирети Хадича разияллаху анха менен эки рекет намаз окушту.

Бул мусулмандардын жамаат менен окулган алгачкы намазы.

Беш убакыт намаз хижраттан 18 ай мурда, Миъражда парз болгон.

Ага чейин: “Андай болсо, айткандарына сабыр кыл. Күндүн чыгышынан жана батышынан мурун Раббиңди зикир кыл. Күн чыга электе жана батканга чейин, түн ичинде тасбих айт, күндүз айланаңдагы ырахатка жетүүң үчүн” – деп Таха сүрөсүнүн, 130-аятынын маанисинде да, күн чыккандан жана батуусунан мурун, түнү намаз окуу парз болгону айтылып жатат.

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Миъражындан кийин түшүрүлгөн Ниса сүрөсүнүн 103-аятында: “Намаз мусулмандарга белгилүү убакыттарда парз болот” – деген маанидеги аяттын окүмүнө ылайык, намаз момундарга белгилүү убакыттарда парз болуп саналат.

Парз болушу жана аткаруу убактысы Китабуллах (Аллахтын китеби) менен белгиленген жана Расуулуллахтын сүннөтү жана Ижмаи Үммөт Хабибуллах менен бекитилген.

“Намазды күн баткандан түндүн караңгылыгына чейин жакшылап оку жана багымдат намазын оку. Күмөнсүз багымдат намазы күбөлөнгөн” Исра сүрөсүнүн 78-аятында беш убак намаз окуу буйрулган.

Аятта айтылган; “лидулуукиш-шамси” бешим жана аср намазы, “гасакил-лайли” шам жана куптан намазы, “куранал-фажр” багымдан намазы.

Ошентип, Аллах Таала аял-эркек жана бардык мусулмандарга, күнү-түнү беш маал намаз окууну парз кылды.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

23 Nov, 04:37


Ең көп сураш керек болгон дуба

اللَّهُمَّ احْسِن خُلُقِي

„Аллахумма ахсин хулуки"

Аллахым, мүнөзүмдү жакшырта көр!

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

20 Nov, 13:48


АЗИРЕТИ АБУ БАКР СЫДДЫКТЫН (Р.А.) СӨЗДӨРҮНӨН

Жазасы эң бат берилген күнөө – бул адамдарга зулум кылуу жана тууган-урук менен мамилени үзүү.

Зулумдук көргөн адамдын каргышынан корк.

Жакшы иштерди кыла бер, жамандыктан алыс бол.

Кимде төрт нерсе болсо, ал Аллахтын пенделеринин эң жакшысы болот:

тообо кылганды көргөндө сүйүнүү, күнөөкөрлөр үчүн истигфар айтуу, адамдарды жакшылыкка үндөө, жакшылык кылгандарга жакшылыкта жардам берүү.

Сабыр кыл, анткени баардык нерсенин башталышы сабыр.

Өлүм - өзүнөн мурунку абалдардын эң оору жана акыреттин эң жеңил абалы.

Эмнени жана качан айта турганыңды жакшылап ойлон.

Акыйкатта, Аллах Таала сенин сыртыңды көргөндөй ичкиңди да көрөт. Сак болгула, силердин үстүңөрдө Аллахтын кароолчулары бар.

Эңсөө жана арзуудан, ач көздүктөн жана каардан сактан. Албетте, алардан өздөрүн коргой алгандар ийгиликке жетет.

Кимде ким зулумдук кылса, убадасын бузса, куулук кылса, кыянаттык кылса да өзүнө зыян келтирет.

Дин боюнча бир тууганына жардам берип, дубасына аны шерик кылган адамды Аллах мээрими менен мамиле кылсын.

Биз (сахабалар) бир арамга түшүп калуудан коркуп, адалдын жетимиш түрүн таштачубуз.

Көп сөз сүйлөө көбүн унуттурат. Канчалык көп сөз айтсаң да, эсинде гана калганы сенин сөздөрүң.

Кошунаң менен талашып-тартышпа. Себеби башкалар кетет кошунаң калат.

Акылдуу адамдан да, акылдуу адам болот.

Аллах Тааланы көрүп тургандай ибадат кыл.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

14 Nov, 16:46


🔸• ХАДИС •🔸

قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: اِسْتَكْثِرُوا مِنَ الْإِخْوَانِ فَإِنَّ لِكُلِّ مُؤْمِنٍ شَفَاعَةً يَوْمَ الْقِيَامَةِ. (الجامع الصغير)

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат: «Ыймандуу бир туугандарыңарды көбөйткүлө.
Анткени ар бир (кемчиликсиз жана салих) момун Кыямат күнү шапаат кылууга акысы бар».

(Суюти, аль-Жамиус-Сагир)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

14 Nov, 16:44


⚜️ЖАРАТКАН АЛЛАХ ТААЛА АЙТАТ:

Эй, жай баракат тынчтанган жан!

ارْجِعِي إِلَى رَبِّكِ رَاضِيَةً مَرْضِيَّةً

Өз Эгеңдин алдына Ал сенден ыраазы болуучу жана сен Андан ыраазы болгон абалда кайтып баргын.
فَادْخُلِي فِي عِبَادِي

Менин сүйүктүү пенделеримдин арасына кирип кошулуп.
وَادْخُلِي جَنَّتِي
Бейишиме киргин!

<<Аль Фаджр сүрөөсү>>

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

14 Nov, 16:43


Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва баракатух!)
Амансыздарбы Мухаммад ﷺ дын сүйүктүү үммөттөрү!?

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

31 Oct, 14:38


🍂 ХАДИС🍂

Умар бин Хаттаб (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин уккам:

«Ким Аллага жана Кыямат күнүнө ишенип өлген болсо, ага «Бейиштин сегиз дарбазасынын кайсынысынан кааласаң, ошонусунан кир» делинет» - деди.


{Муснад Ахмад, Мажма'у завааид}

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

31 Oct, 14:35


🍂ХАДИС🍂

Абдулло бин Масуд (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам):

«Инсандын жүрөгүнө шайтандан бир ой, жана периштеден бир ой келет. Шайтандан келген ой жаман иштерге, күнөөнү жасоого шыктандырып, чындыкты жалганга чыгарууга үндейт. А периштеден келген ой жакшы иштерди жасоого шыктандырып, акыйкатты бекемдөөгө үндөйт. Кимдин жүрөгүнө жакшы ой келсе, аны Алладан экенин билип, Ага мактоолорду айтсын. Ал эми кимге жаман ой келсе, таш бараңга алынган шайтандан коргонууну Алладан сурансын» деди да, Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) бул аятты окуду: «Шайтан силерди кедейчилик менен коркутат, жана күнөө ишке үгүттөйт»


{Тирмизи}

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

31 Oct, 14:31


🍂 АЯТ🍂

قَالَ اللَّهُ تَعَالِي: يَأَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمْ إِنَّ زَلْزَلَةَ السَّاعَةِ شَيْءٌ عَظِيمٌ يَوْمَ تَرَوْنَهَا تَذْهَلُ كُلُّ مُرْضِعَةٍ عَمَّا أَرْضَعَتْ وَتَضَعُ كُلُّ ذَاتِ حَمْلٍ حَمْلَهَا وَتَرَيِ النَّاسَ سُكَارَى وَمَاهُمْ بِسُكَارَى وَلَكِنَّ عَذَابَ اللَّهِ شَدِيدٌ

«Оо, адамдар! Эгеңерден корккула. Чындыгында Кыяматтын силкинүүсү өтө чоң коркунучтуу улуу нерсе. Ал күнү ар бир эмизүүчүнүн эмизген нерсесин (баласын) унутканын жана ар бир боюнда бар (ургаачы) боюндагысын таштап койгонун, адамдарды (болсо) мас абалда көрөсүң. Акыйкатта, алар мас эмес, бирок, Алланын азабы катуу. (Алар кыяматтын коркунучунан улам ушундай абалда көрүнүшөт)».


{Хаж 1-2 аят}

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

27 Oct, 17:37


🍂ХАДИС 🍂

Пайгамбарыбыз с.а.в. айтты :

"Эй адамдар байлык мал-мүлктүн көптүгүндө эмес. Чыныгы байлык жан дүйнөнүн байлыгы. Анткени, Улуу Аллах пендесинин тагдырына жазылган ырыскыны ага сөзсүз берет. Андыктан ырыскыны жакшы жолдо издегиле, абалын алгыла, арамын таштагыла"

{ Абу Аъля}

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

27 Oct, 17:36


🍂АЯТ🍂

مع الذين يتقون الله ويعملون الخير.

Чындыгында, Алла Тааладан корккондор жана жакшылык кылгандар менен бирге.


{ Ан Нахл 128-аят }

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

27 Oct, 17:34


🍂АЯТ🍂

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اصْبِرُوا وَصَابِرُوا
وَرَابِطُو وَاتَّقُوا لَعَّقُوا لَعَّقُوا لَعُُوا

«Эй, ыйман келтиргендер! Сабыр кылгыла, сабыр кылгыла, заставаларда кызмат кылгыла жана Алладан корккула, ошондо ийгиликке жетесиңер.


{ Али Имран 200 аят }

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

25 Oct, 15:38


🟩 ХАДИС 🟩

*قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: إِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ يَقُولُ: وَجَبَتْ مَحَبَّتِي لِلْمُتَحَابِّينَ فِيَّ وَالْمُتَجَالِسِينَ فِيَّ وَالْمُتَزَاوِرِينَ فِيَّ وَالْمُتَبَاذِلِينَ فِيَّ. (حم)*

*Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айтты:*

*“Аллах Таала айтат: “Мен үчүн бири-бирин жакшы көргөндөр, мен үчүн чогулгандар, мен үчүн бири-бирин зыярат кылгандар жана мен үчүн берешендик кылгандар, албетте менин сүйүүмө ээ болушат”.*

🟩 (Муснад Ахмад бин Ханбал)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

25 Oct, 15:38


🟨 ЫЙЫК КУРАН 🟨

*قَالَ اللهُ تَعَالَى: اَلَّذِينَ يَذْكُرُونَ اللهَ قِيَامًا وَقُعُودًا وَعَلٰى جُنُوبِهِمْ وَيَتَفَكَّرُونَ فِي خَلْقِ السَّمٰوَاتِ وَالْاَرْضِ. (سورة آل عمران، 191)*

*Аллах Таала айтты (аяттын мааниси):*

*“Алар (таза акыл ээлери ушундай кишилер) Аллахты турган абалда, отурган жана жамбаштаган абалда эстешет, асмандардын жана жердин жаратылуусу жөнүндө ой жүрүштүшөт...”.*

🟨 (Аали Имрам сүрөсү, 191-аят)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

23 Oct, 03:30


🟩 ХАДИС 🟩
قَالَ اللّٰهُ تَعَالَى: وَمَا كَانَ رَبُّكَ لِيُهْلِكَ الْقُرٰى بِظُلْمٍ وَاَهْلُهَا مُصْلِحُونَ. (سورة هود، 117)

Аллах Таала айтты: «Эгең калкы түз жүргөн шаарлардын элин орунсуз жерден кыйратпайт».

🟩(Худ сүрөсү, 117-аят)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

23 Oct, 03:30


КЫЙРООГО УЧУРАГАН КООМДОР

Куранда Анъам сүрөсүнүн 4-6-аяттарында мушриктердин Аллах Тааланын аяттарын кабыл алуудан качкандыгы билдирилген.

Чоң күчкө ээ болуп туруп, күнөөлөрү үчүн талкаланган уруулардын жашоосун эске салуу менен бүгүнкү динсиз адамдардын, динди шылдыңдагандардын оор абалы айыпталууда.`Ал төмөнкүчө тафсир болгон:

Оо Мухаммад! Каапырлар Курандын ачык аяттарын жалганга чыгарышты. Ал эми аны четке каккан жана шылдыңдагандарга Аллах Таала алдын ала айткан азаптар жана кырсыктар сөзсүз келет.

Ошондо алар чындыкты шылдыңдоо эмне экенин түшүнүшөт. Мына ушундай жалганчы, шылдыңчылдар Шамга жана башка тарыхый жерлерге жолго чыкканда: “Алардан мурун канча үммөттөрдү, урууларды жок кылганыбызды көрүшпөдү беле, артында калтырган эмгектерин, тарыхый жашоосун карашпадыбы?”

Нух, Ад, Самуд, Лут сыяктуу элдерди, убактылуу падышалык кылып, анан каапырчылыктары себептүү жок кылынган Намруд, Фираун сыяктуу адамдардын жашоосун ойлогула, эй каапыр, эй өздөрүнүн бар экенине текебер болгон кайдыгер адамдар! Тактап айтканда, биз үммөттөрдү, элдерди да жок кылган жокпуз, тескерисинче, аларга жер бетинде силерге бербеген күч-кубат бердик. Ал эми дарыяларды астынан агып тургандай кылдык. Башкача айтканда, Бейиш сыяктуу өлкөлөрдө, (дарыялар, жүзүмзарлар, бакчалар жана мөмө-жемиштер арасында) молчулукта жашашат.

Алар көптөгөн мал-мүлккө ээ болгону менен динден кабарсыз калып, пайгамбарларын ээрчибегендиктен, күнөөлөрүнөн улам аларды жок кылдык. Алардын күчтөрү, байлыктар өздөрүн сактап кала алган жок.

Алардын ордуна башка коомду алып келдик. Андай болсо, Аллахка жана Расулуллахка моюн сунуу керек! Силер эмнеңерге ишенип жатасыңар?

Кыскасы, Аллах Таала силерден мурунку Ад жана Самуд сыяктуу коомдорду күнөөлөрү үчүн жок кылууга, алардын ордуна башкаларды алып келүүгө жана алар менен жер жүзүн оңдоп-түзөөгө жана силерге да ошондой кылууга кудуреттүү.`

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

22 Oct, 13:47


🟩 ХАДИС 🟩


قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: لَا تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى يَتَقَارَبَ الزَّمَانُ فَتَكُونُ السَّنَةُ كَالشَّهْرِ وَالشَّهْرُ كَالْجُمُعَةِ وَتَكُونُ الْجُمُعَةُ كَالْيَوْمِ وَيَكُونُ الْيَوْمُ كَالسَّاعَةِ وَتَكُونُ السَّاعَةُ كَالضَّرْمَةِ بِالنَّارِ. (ت)

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) айтты:

“(Убакыттын берекети азайып) жыл ай сыяктуу, ай жумадай, жума күндөй, күн сааттай, саат отто күйгөн кургак чөптөй кыска болмоюнча, кыямат келбейт”.

🟩 (Сунан Тирмизи)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

22 Oct, 13:47


⚜️ХАДИС ⚜️

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: تَعَلَّمُوا مِنْ أَنْسَابِكُمْ مَا تَصِلُونَ بِهِ أَرْحَامَكُمْ، فَإِنَّ صِلَةَ الرَّحِمِ مَحَبَّةٌ فِي الْأَهْلِ، مَثْرَاةٌ فِي الْمَالِ، مَنْسَأَةٌ فِي الْأَثَرِ. (ت)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уа саллам айтат:

«Карым-катнашта болуу үчүн жакын туугандарыңды үйрөн. Анткени карым-катнаш туугандардын ортосундагы сүйүүгө, байлыктын көбөйүшүнө, өмүрдүн (берекетинин) көбөйүүсүнө себеп болот».

(Сунан Тирмизи)⚜️

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

21 Oct, 05:26


🔶~ ХАДИС ~🔶

📜Асма' бинти Язийд (Аллах андан ыраазы болсун):

"Аллахтын Элчиси ﷺ :
- Силердин араңардан эң жаманыңар ким экенин кабарын берейинби?
- Ооба, - дешти.
- Силердин эң жаманыңар (ар жерде) ушак таратып, бири-бирин жакшы көргөн адамдардын ортосун бузуп жана күнөөсүз адамдар үчүн (жалган айтып) фитна кылып жүргөндөр,- деди."

📚Адабуль-муфрод 246.
Шейх Альбани хадисти хасан деген.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

21 Oct, 05:23


🔶~ ХАДИС ~🔶

📜Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:

"Үч нерсе болбогондо адамдар оңолушмак:

1) сараңдыкка моюн сунуу,
2) хауага (напсыга) ээрчүү,
3) ар бир ойчул адам өзүнүн оюна таң калуу (туура деп оюна ээрчүү)"

📚Аз-Зухд 729, Ахмад ибн Ханбал. Хасан.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

20 Oct, 06:23


📌Мусулмандын мусулманга болгон жакшылыгы - ага жашыруун дуба кылуусу

📜Абу Дарда Аль-Ансорийдин риваятында Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

"Кайсы бир мусулман башка бир мусулман тууганына жашыруун дуба кылса, периште: "(Амийн ошол нерсе )Сага дагы болсун"-деп айтат", - деди.

📚Муслим: 2732

Ахмад ибн Ханбал рохимахуллох:

"Мен кырк жылдан бери намазымда Мухаммад ибн Идрийс Шафиъийге (Имам Шафиъийге) дуба кылып жатам", - деген.

📒Манакиби Аш-Шаафиьий Байхакий 2/ 254

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

20 Oct, 06:18


🔸ХАДИС🔸

📜Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты:

“Ким илими жок туруп чечим чыгарса анда анын күнөөсү чечим чыгарган адамга жазылат. Кимде-ким бир тууганына кеңеш берүүдө тууралыкты билип туруп бирок башкасына жол көргөссө, чындап кыянат кылыптыр”


[Абу Дауд]

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

19 Oct, 05:34


КҮНӨӨЛӨРДҮ КИЧИНЕ ДЕП ЭСЕПТЕБӨӨ

Анас бин Малик (р.а.) айтат: “Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир жортуулда сахабалары менен бирге бир өрөөндө калат.

Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларынан отун чогултууну суранат.

Бирок ал жерде эч кандай отун жок болчу. Сахабалар: “Оо, Расулуллах! Бул жерде эч кандай отун көргөн жокпуз” – деп айтканда. “Тапканыңарды кичине деп айтпагыла” – дейт.

Ошондон кийин сахабалар тапкандарын чоң-кичинесине карабай чогултуп, бири-биринин үстүнө үйүп коюшат.

Ошондон улам чоң үймөк пайда болгон. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) айтты: “Абайлагыла, силер кичине деп эсептеген жакшылык менен жамандык мына ушундай. Кичинекей күнөөлөр биринин үстүнө, чоң күнөөлөр бири-бирине, жакшы-жаман амалдар биринин үстүнө болуп отуруп ушундай чоң болот” – деп айтты.

Момун пенде ыйманы күчтүү болгондуктан кичинекей күнөөлөрүн чоң көрөт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: “Момун күнөөсүн (жүрөгүндө ыйман нуру менен) анын үстүндө турган тоодой көрүп, анын үстүнө кулап калуудан коркот.

Ал эми мунафык болсо мурдунун учуна конуп, дароо кууп чыга турган чымындай күнөөсүн баалабайт” – деп буйруйт.

Аалымдардын бири айтты: Кечирилгис күнөө – бул пенденин кылган күнөөсүнөн кийин айткан сөзү: “Ар бир кылган күнөөм ушундай болсо!”.

Бул сөз ал адамдын ыйманы алсыз болгонун, Аллах жана Анын Улуулугун таануусу алсыз жана чектелүү болуусунан. Эгерде ал илимдүү адам болсо, кичинекей күнөөлөрүн чоң көрмөк.

Аллах Таала кээ бир пайгамбарларына мындай деп вахий кылган: “Белектин кичинелигине карабагыла. Белек берүүчүнүн даңкынын улуулугун кара. Каталардын кичинесине караба. Сен кимге каршы күнөө кылганыңдын улуулугун кара” – деди.

Сахабалардын кээ бирлери мындай деген: “Сен өзүңдүн көзүңө кичинекей көрүнгөн кээ бир иштерди жасайсың. Биз аларды кыйроого алып келе турган чоң нерселер деп эсептейбиз”.

Сахабалар Аллахка жана Расулуна болгон жакындыгы үчүн ушундай айтышкан. Кыскасы, наадандар чоң деп эсептебеген нерсени аалымдар чоң деп эсептейт.

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

19 Oct, 05:32


🟩ХАДИС🟩

*قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: إِنَّ الرَّجُلَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ لَا يُرِيدُ بِهَا بَأْسًا إِلَّا لِيُضْحِكَ بِهَا الْقَوْمَ فَإِنَّهُ لَيَقَعُ مِنْهَا أَبْعَدَ مِنَ السَّمَاءِ. (حم)*

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты:

«Чындыгында, адам бир нерсени күнөө кылууну көздөбөстөн, элди күлдүрүү үчүн айтат жана ошол сөзүнүн айынан ал асмандан бийик жерден кулап түшкөндөй кыйрап калат».

📚 (Муснад Ахмад бин Ханбал)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

02 Oct, 10:18


Ким илим алууну кааласа 10 нерсени өзүнө адат кылсын...

1) Эки рекет болсо да түнкү намаз>

2)Дайыма даарат менен жүрүү>

3) Ички жана сырткы дүйнөсү менен тообо кылуу>

4) Мисвак колдонуу>

5) Дайыма китепти кайталоо>

6) Устазга урмат көрсөтүү>

7) Куран окуу>

8) Ата-эненин кызматында болуп, дубаларын алуу>

9) Кулк-мүнөздү кооздоо>

10) Дайыма (илимде) аракетте болуу аз болсо да>

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

02 Oct, 10:11


ЫРЫСКЫНЫ КӨБӨЙТҮҮЧҮ БЕШ АМАЛ:

1. ЖАКШЫ АМАЛДАРДЫ АТКАРУУ ЖАНА ЫРЫСКЫНЫ АЛЛАХТАН СУРОО

2. БИЗГЕ БЕРИЛГЕН ЫРЫСКЫ НЭЭМАТТАРДЫН АЛЛАХТАН БЕРИЛЭЭРИН БИЛИП, ШҮГҮР КЫЛУУ

3. ЫСЫРАП КЫЛБО0

4. ЭРТЕ МЕНЕН ЭРТЕ ТУРУУ

5. AP KYHY КЕЧИНДЕ "ВАКИА" СҮРӨӨСҮН ОКУУ

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

25 Sep, 03:28


🕊Адамды бактылуу кылган сапаттар...!)

- Бекем ыйман жана ишеним.
- Кооз амалдар, сооптуу иштер.
- Чынчылдык, ыхластуулук.
- Адилеттүлүк.
- Калыстык, ынсаптуулук
- Илим жана агартуулук.
- Адеп-ахлак.
- Мээрим, мамиле.
- Боорукердик.
- Аруулуу жана тазалык.
- Сабыр, чыдамдуулук.
- Берешендик, аракет.
- Момундук, кичипейилдик.
- Адамгерчиликтүү.
- Кайраттуулук, эрдик.
- Чынчылдык, тууралык.
- Меймандостук, сыйлуу.
- Шүгүрдүк, ыраазычылыктуу.
- Тилди тыйуу, сыр сактоо.
- Убадага туруу.

Башталган ар бир күнүңүздөр ушундай жакшы сыпат, мүнөздөргө толсун...!) 😊🫀

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Sep, 11:26


Сүрөлөр жана алардын жардамы:

«Нас» - сүрөөсү жаман ойлордон сактайт.
«Ясин» - сүрөөсү кыямат күнү чаңкоодон сактайт.
«Кафирун» - сүрөөсү өлүм учурунда куфрдан сактайт.
«Фатиха» - сүрөөсү Аллахтын каарынан сактайт.
«Мүлк» - сүрөөсү кабыр азабынан сактайт
«Ихлас» - сүрөөсү эки жүздүүлүктөн сактайт.
«Каусар» - сүрөөсү душмандын (жамандыгынан) душмандыгынан сактайт.
«Вакиа» - сүрөсү жакырчылыктан жана ачкачылыктан сактайт.
«Фалак» - сүрөөсү кырсыктан сактайт.

: @sol1ha_kg

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

18 Sep, 11:20


Кабырга бара жатканда
Оронбогон кыз да , оронгон абалда жерге берилет .😢💔

Түшүнгөн түшүндү!)

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

16 Sep, 07:27


🕊Дуба кылуунун формуласы:
بسم الله الرحمن الرحيم

1) Алгач Аллах Таалага мактоо айтуу.
2) Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.вга салават айтуу.
3) Күнөөлөрүбүздүн кечирилишин суроо.
4) Аллахтан акыреттеги жагдайыбызды женилдетишин суроо.
5) Өз дубаңызды чын ихлас менен айтуу.
6) "Роббана- атина" дубасын айтуу
7) Салават айтуу
8) "Аминь" деп бүтүрүү




Билип жүрөлү жана амал кылалы 🫀

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

16 Sep, 07:24


Дуа кабыл болуучу убактар...

• Жамгыр жаап жаткан учурда

• Азан айтылып жаткан учурда

• Жума күнү кылынган дуа

• Короз кыйкырган учурда

• Саждада учурунда кылынган дуа

• Түнкү намазда да кылынган дуа

• Сапарда жүргөндө кылынган дуа

• Даарат алгандан кийинки дуа

• Ооз ачуу убагында кылынган дуа

• Арафат күнүндөгү кылынган дуа

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

16 Aug, 02:04


ЖУМА НАМАЗЫ

Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:

“Эгерде силерден кимдир-бирөө жума намазына келүүнү чечкен болсо, ал гусул, даарат алып келсин!”

(аль- Бухари; Муслим).

Жумаңыздар Маарек болсун!

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

06 Aug, 16:05


https://www.instagram.com/reel/C-U65hgNoJ_/?igsh=dG5va3Iycm9rMW1t

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

02 Aug, 14:27


Сиздерге Жараткандын тынчтыгы,берекеси саламы болсун! амансыздарбы?

Биздин "Илим Кабарчы" диний баракчасынын инстаграм каналына кошулуңуз!


https://ig.me/j/Abb21uCtkQ3tM2dT/

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

02 Aug, 14:21


🔸ХАДИС 🔸


🔸 Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ( Ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты:

Аллахтан чыныгы уялуу менен уялгыла!

Айтышты: Оо, Аллахтын пайгамбары Аллахка мактоо- шугурлор болсун! Албетте, биз уялабыз.

Мухаммад ﷺ Айтты: Ал уялуу Маскат эмес, а бирок чыныгы уялуу башты жана андай жайгашкан мүчөлөрдү ( тил , коз, кулак ж.б.у.с мүчөлөрдү) арамдан сактоо, курсакты ( арам жегенден) жана анын айланасындагы мүчөлөрдү ( күнөө ишке иштетүүдөн ) сактоо, өлүмдү жана кабырда чирип калган соокко айланууну эстөө.

Кимде- ким, Акыретти кааласа , анда ал бул дүйнө кооздугун таштайт( берилбейт) .

Кимде - ким, мына ушулардын баарын аткарса, анда ал анык Аллахтан чыныгы уялуу менен уялыптыр.

( Тирмизий )

•ИЛИМ КАБАРЧЫ ➤✉️📚

01 Aug, 03:49


🟩🔸ХАДИС 🔸🟩


قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صلى عليه وسلم: كُلُّ اُمَّتِي يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ اِلَّا مَنْ اَبَي قَالُوا يَا رَسُولَ الله وَمَنْ يَاْبَي قَالَ مَنْ اَطَاعَنِي دَخَلَ الْجَنَّةَ وَمَنْ عَصَانِي فَقَدْ اَبَي
( رواه البخاري728)

🟩🔸Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айтты: Баш тарткандардан башка менин уммотуидун баары бейишке кирет.

Сахабалар айтышты: Оо, Аллахтын элчиси! ( бейишке кируудон ) ким баш тартат?
Айтты: Ким мага баш ийсе, бейишке кирет. Ал эми, ким баш ийбесе, чынында ал баш тартты.

( Бухарий:728)

4,755

subscribers

90

photos

63

videos