Жалгызмын.
Түнкү саат: төрт чамасы,
Кетпейт менден, кеткен сүйүү жарасы.
Мага даба - сен жашаган дүйнөнүн;
Айланасы.
Суусу.
Жери.
Абасы.
Мен - боздогон Элмирбектей булбулуң.
Барган сайын батпай барат бул муңум...
Сайрайм.
Безейм.
Ырдайм.
Сен - дейм.
Сенчилейм.
Сен жанымда угуп гана тургунуң.
Сен бар үчүн - токтото албайт көрүнөт;
Ай - жарыгын. Жер - жашоосун. Күн - нурун.
Сен да жеке... Мен да жеке жолумда,
Айырмасыз сага, барым - жогум да.
Жашай берем чөйрөсүндө сезимдин,
сени коюп эң бир бийик орунга.
Сен бар үчүн - Ай жаңырып, Күн батып,
Сен бар үчүн - Жер айланат огунда.
Бектурсун Адиев❤️🔥