1💎 Аллах үчүн бири-бирин сүйгөндөрдүн дубасы.
2💎 Аллахты көп зикр кылуучу инсандын дубасы.
3💎 Жакшылык кылынган инсандын, жакшылык кылган инсанга ыраазычылык мн кылган дубасы .
4💎 Көпчүлүк жамаат мн дуба кылып "Аамин" деп айткан учурда, Аллах алардын сураганын албетте берет.
5💎 Бирге кошулуп дуба кылынган 3 кишинин дубасы, алардын колдорун куру кайтарбайт Аллах.
6💎 Ооруган кишинин шыпаа тапканга чейинки дубасы кабыл болот жана күнөөлөрү кечирилет.
7💎 Зулумдук чеккен кишинин ошол зулумунан кутулганга чейинки дубасы кайтарылбайт.
8💎 Хажга барган кишинин өз үйүнө кайтканга чейинки дубасы кабыл кылынат.
📚Пайгамбарыбыз с.а.в айткан : Хаж жана Умрада жүргөн кишилер Аллахтын аскерлери, алар дуба кылышса кабыл болот. Истигфар айтып кечирим сурашса, кечирим табышат, деп айткан.
9💎 Аллах жолунда жихад кылган кишинин кылган дубасы үйүнө кайтканга чейин кабыл болот .
10💎 Сапарда жүргөн кишинин дубасы.
11💎 Ислам жолунда чачы агарып кеткен кишинин дубасы. Мындай кишилердин дубасын кайтаруудан Аллах уялат.
12💎 Орозо туткан кишинин дубасы.
13💎 Адилеттүү башкаруучунун дубасы.
14💎 Маркум акысына кылынган дуба.
15💎 Өмүрлүк жолдошуна, күйөөсүнө моюн сунган аялдын дубасы.
🌼ДУБА - үмүтсүз инсандын үмүт булагы , туңгуюкка түшкөн адамдын чырагы , ар бир арзуу каалоолордун ачкычы. 🤲