ОКУРМАНЫММ📖📚 @okurmanymm Channel on Telegram

ОКУРМАНЫММ📖📚

@okurmanymm


Ассаламу алейкум! Амансызбы, окурманым😊
Сиз:
🔸Диний
🔸мотивациялык
🔸руханий
Китептерди 📚 жана ошондой эле китептин аудио жана пдф форматын табасыз.

ОКУРМАНЫММ (Kyrgyz)

Окурманымм каналы - бул сиздерге диний, мотивациялык, руханий китептер менен алаңдайды. Ал эл аудио жана пдф форматында бар китептерди табасыз. Окурманымм каналы биздин байырланган жактыруулардын натыйжасын өзүнө билүүү жолунда, абдан тез жана өт калыңыз. Сизде тез колдонулуу жана сапатты китептер пайда болгон жактыруулардан байырланып, алгачкы реттыктан тектегенге чейин улантып алыңыз. Окурманымм каналына катылып, улуктук китептер менен дамын болгон жанынан эндик! Дагы катындайын жана китептерди көп эмес менен ал! 📖📚

ОКУРМАНЫММ📖📚

11 Jan, 15:41


https://youtu.be/R3WReXy3QKw?si=th2hnejYWCXmZmRI

ОКУРМАНЫММ📖📚

11 Jan, 10:48


Адам эмнени издесе ошону табат !
Кемчилик издесе кемчиликти , жакшылык издесе жакшылык табат )

ОКУРМАНЫММ📖📚

11 Jan, 06:34


“Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.”

Ч.Айтматов

ОКУРМАНЫММ📖📚

11 Jan, 05:16


☕️
Кызыктуу окуя:

Бир адам тоого чыгып баратыптыр. Артында көп шакирттери бар эле. Узак жол жүрүп олтуруп, бир маалда алай-дүлөй, туш тараптан шамал согуп, бурганак башталды. Катуу бороон болуп, караңгы кирип баратты. Ошондо шакирттери токтоп, эс алууну каалайт.
Бирок башчысы токтобой, жүрүштү уланта берет. Шакирттери да адеп менен мейли эми бир аз чыдайлы деп артынан басып кете беришет.
Бир убакта буттарына бир нерселер тийип, тайгалана башташат.

Ошондо устаты:
- Бутуңарга бир нерселер тийдиби?
- Тийди.
- Ошону алган да арманда, албаган да арманда, - дейт.

Эми алгандар да арманда болсо, албай эле арманда болбойлубу, ансыз да жүк болот караңгыда деп көпчүлүгү албады.
Кээ бирлери бир-экиден алып алалычы деп алып, чөнтөктөрүнө, куржунуна салып алыптыр.
Эртеси бурганак басылып, таң аткандан кийин караса жанагы бутка тийгендер алтын, гаухарлар экен…

Ошондо алгандар арман кылган экен: “Аттиң, көбүрөөк алсак болмок” дешип. Албагандар арман кылган экен: “Биз деле бирден-экиден алып алсак болмок” деп.

Билим мына ушундай нерсе))

Анын даамын таткандар, дагы да көбүрөөк билим алсам дешет, ал эми даамын татпагандар өмүр бою өкүнүп өтүшөт. Билим - бул сени менен өмүр бою калчу нерсе.
Сени баккан ата-энең, бир тууганың, жолдошуң/аялың бир күнү бул дүйнөдөн өтүшү мүмкүн, же сени бакпай калышы мүмкүн.

Бирок, эгер сенде БИЛИМ болсо өмүр бою эч кимге көз каранды болбой, ар дайым өзүңө гана ишенип жашай аласың! Билими барлар эч качан жерде калбайт!


ОКУРМАНЫММ📖📚

11 Jan, 03:26


Сиздер үчүн, күнүнө 50 бет китеп окуу челленджи😊

ОКУРМАНЫММ📖📚

10 Jan, 23:03


...Сүйлөшө бил...😊❣️
Сүйүктүүң менен сүйлөшө бил.
Карым-катнашты үзө турган эң биринчи белги сүйлөшкүң келбөө, үрөйүңдү, коркунучуңду айтпоо, өзүңдүн кыйынчылыгың менен бөлүшпөө, максат, кыялдарыңды бекитип сактоо...
Аялга сүйлөшүү абадай кажет😉. Ага сенин добушуңду угуу, добушуң, добуш ыргагың, эпкиниң аркылуу сени сезинүү маңыздуу. Жанына керек сөздөрдү угуу маңыздуу. Андан баш тартпа. Таш жүрөк болбо. Үндөбөй кутулууну адат кылба. Анын өмүрүндө не болуп жатканын сура. Бүгүн не кылганы, көңүлү кандай экенин сура. Барың менен бөлүш. Ага адил бол, адал бол. Ойнобо. Оюнчук кылба. Убада берсең - сөзүңдө тур. Баш тартпа. Жеңилбе. Убадаңа тура албасаң, чыдамсыздык таанытып, кегиңди андан алба. Сен аны менен сүйлөш. Аялдын баары кичинекей кыз сыяктуу. Ал күтөт, үмүттөнөт, тилейт. Чамаң келгенче жылуу сөзүңдү айт.
Аялга өзүн мактаган, жактаган сөздөр жагат. Жылына бир ирет эмес. Дайым айтып жүр. Эгер сенден жүз бешинчи ирет "мени сүйөсүңбү?" деп сураса да ачууланба, жүз бешинчи ирет "ооба" дегенден жалыкпа. Кайда жүрсөн да, үйдө да, түздө да, ызы-чуулуу ортодо да ага мактоо сөз айтып отур. Анын назиктигин, сүйкүмдүүлүгүн эскертип жүр. Сүйүктүүң менен сүйлөшүп жүр. Макта, колдо, ыраазы бол. Ар качан, ар дайым, өмүр бою...

Арсений Михайлов
Которгон: Б. Дүйшөбаева

ОКУРМАНЫММ📖📚

10 Jan, 22:18


▫️Баарын өзүң жасаганды үйрөн - акча, маанай, атмосфера жана бакыт

ОКУРМАНЫММ📖📚

10 Jan, 22:06


🍁📖Окуп, жактырган китебиңди унчукпастан кайра текчедеги ордуна коюп басып кетпей, ар кимге макта, социалдык түйүндөр аркылуу даңазала, жарнамала. Сураган жан чыкса, бере тур. Китеп бирөө менен гана агарып-көгөргүдөй жубай эмес. Ал колдон-колго өтүп, көздөн-көзгө чалынган сайын багы ачылат.

ОКУРМАНЫММ📖📚

10 Jan, 21:44


Бул өмүр-бир аманат туулган күнүн ар ким билет,бирок бул жашоо качан ,кайда,кантип бүтөөрүн эч ким айта албайт. Эгер,билгенибизде , сааты бүгүн-эртең келчүлөргө көңүлүбүз менен убактыбызды ,жылуу сөздөрүбүздү аябай, ушунчалык аяр, мээримдүү мамиле кылсак керек эле.

ОКУРМАНЫММ📖📚

10 Jan, 21:44


Убакыт-бул ден соолук,жаштык, күч-кубат сыяктуу эле Кудайдын берген улуу ырыскысы . Алтынды , күмүштү,акчаны бүгүн сактап коюп, эртең колдонсоң болот,а бирок убакытты анте албайсың .

ОКУРМАНЫММ📖📚

09 Jan, 17:45


БИР ТУУГАНЫМДЫН КОЛУ

(Бул окуяны окуп алып ыйладым)

Жакынкы кылымда, Каир шаарына жакын жерде, он сегиз балалуу зергер жашаптыр. Он сегиз баласын багуу үчүн күнүнө 18 сааттан иштеп, тапканы өп-чап жетет. Эс тартып калган эки уулу Заид менен Зияд, Каир шаарында жайгашкан "Аль-Азхар" университетинде илим-билим алсак дешет. Бирок аларды окутууга атасынын чама-чаркы жетпейт.

Эки бала өздөрүнчө мелдешип, мелдешти утканы окууга бармай болот. Ал эми утулганы анын окуусу үчүн шахтыда иштеп, каржысын төлөгөнгө макулдашышат. Мелдешти багы жанып Зияд утат. Университетке окууга кетет. Ал эми Заид болсо, шахтыда алты жыл бою иштеп бир тууганынын окуусун төлөйт.

Ошентип, Зияд университеттеги балдардан бөлүнүп чыга келет. Окуунун кайсы тармагы болбосун, астына киши салбайт. Кыскасы, окуусун жакшы аяктап, бүтүп келет.

Анын урматына дасторкон жайылып үй-бүлөсү чогулуп, күтүп алышат. Зияд сөз баштап, өз ийгилигинин чоң себепчиси Заидга ыраазычылык билдирип:
- "Эми сенин кезегин, барып, окуп кел, эми мен сени камсыз кылайын" - дейт.

Заид жылмая:

- "Жок, жок..." - деп ыйламсырайт.

Аягында өзүн карманып:

- "Мен эми окууга бара албаймын. Ар манжамдын бир мууну, жок дегенде эки жолудан сынган. Бул алты жылдык шахтыдагы жумуш, мени максаттарымдан биротоло кол жуудурду. "Артриттен" манжаларым ийкемге келбейт. Колума калем алып, бир нерселерди жазмак турсун, түз сызыкты да сыза албай калдым..." - дейт.

Окурманым!

Сен дагы бир тууганыңдын кадырын жана сага кылган жакшылыгын эч качан унутпагын!

"Бир тууган" - бул сага ата-энеңден мурас болуп калган жана кала турган, жалгыз, эң кымбат белек болуп саналат.

~ "Дүнүйө базарындагы саалихтер" китебинен

ОКУРМАНЫММ📖📚

09 Jan, 16:05


Айтчу жаңылык:

“Окурманымм” каналыбыздын Инстаграм баракчабыз ачылды. Катталууну унутпаңыздар😊

ОКУРМАНЫММ📖📚

09 Jan, 16:04


https://www.instagram.com/kitepkoi.bol?utm_source=qr&igsh=MWpmMmVyYWNzMGtlOA==

ОКУРМАНЫММ📖📚

09 Jan, 11:52


Китепкөйлөр, сиздерге сонун жаңылыгыбыз бар🤩🥳. Кандай жаңылык деп ойлойсуз?

ОКУРМАНЫММ📖📚

09 Jan, 10:25


Эгерде бул дүйнөнү кааласаң илим ал.
Эгерде акыретти кааласаң илим ал.
Эгерде экөөнү тең кааласаң анда да илим ал.

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Dec, 12:11


Дүйнөнүн ичине кир, саякатта. Бирок этият бол, дүйнө сенин ичиңе кирбесин.

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Dec, 11:28


Дүйнөдөгү эң арзан нерсе-бул башкалардын сиз жөнүндөгү оюу...

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Dec, 11:28


Убакыт учкан куш, агылып өтө берет экен🕊

Учурдун өтмүшүнө бир кылчайсаң, өкүнүч-кубанычтан сабак кылат да, күтүлбөгөн дал келүүлөрү менен таң калтырат... Ал эми эртеңки күндү ойлонуу учурдун керемети..

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Dec, 10:57


Жаштыгың – бул бир жаздагы көчөт,
Соолгону – соолуйт, өскөнү – өсөт.
Жаш сүйүү деген чагылган учкун,
Өрт болсо өрттөйт – өчкөнү – өчөт.
Жомоктой өмүр – жолдогу бекет,
Келгендер – келет, кеткендер – кетет.
Кабылбайт кимге калтардай сулуу
Калгандар – калат, жеткендер – жетет.

Түндөсү – түштө, күндүзү – ойдо,
Түңүлбөй жашайм түпөйүл жолдо.
Жаным эле, жаным, жаным дейм сени,
Жалбарткан бойдон жашырып койбо.
Күлүк бир атта күмүштөн така
Күлгүн жаш чакта – күйүт бир башка.

Ачылган каалга жабылат – билсең,
Адамды адам сагынат – билсең,
Көөхарың бир тең көк ташың бир тең
Көз барда дүйнө көрк берет билсең.
Кагышкан таштын учкуну түшсө
Калдайган токой өрттөнөт – билсең...


Элмирбек Иманалиев.

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Dec, 08:50


«Бул дүйнө жалган, бул жашоо жалган!»

"Айсел" китебинен үзүндү.

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Dec, 03:08


Бул кайсы китептен алынган деп ойлойсуздар? (Бул китеп сүйүү сезимин жакшы чагылдырган китеп)

ОКУРМАНЫММ📖📚

26 Dec, 11:18


Аллах Таала Куранда мындай дейт:

“Бир дагы жан эртең эмне болоорун жана кайсыл жерде өлөрүн билбейт. Чындыгында, Аллах - Билүүчү, Кабардар!”. (Лукман сүрөсү 34-аят)

ОКУРМАНЫММ📖📚

26 Dec, 08:08


😂😂

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 21:55


СубханАллах 🥹🥹🥹

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 19:42


Апа, сиз көздөрүмдүн карегисиз,
Апа, сиз Бейишимдин дарегисиз. 🤗🫀

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 18:02


"Айсел" китебинен үзүндү.

Айсел китебин окуп бүтсөңүздөр керек э?😅😁

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 15:14


Кош дегим келбей
Акыркы жоолугушуу
Айыкпас оорум ушу
Кош дедиң шыбырап
Кош дедим шыбырап
Койбербей колдун учу

Акыркы жоолугушуу
Ачакей жолдун учу
Жаш турду кылгырып
Жан-дүйнөм буулугуп
Үмүттүн учту кушу

Кош дегим келбей
Колуң кыса кармап жибербей
Сүйбөс сени эч ким бир мендей
Бир мендей...
А мени сендей...

Кош дегим келбей
Көздөрүңдөн өптүм жибербей
Сүйбөс билгин эч ким бир мендей
Бир мендей...
А мени сендей...

А бирок, токто деген үнүң угулуп
Жүрөк кетүүчүүдөй суурулуп
Сен жүгүрдүң мага бурулуп
“Кош!” - дегим келбей
Кучактаймын сени жибербей
Сүйбөйт эч ким билгин бир мендей
Бир мендей...
А мени сендей...

А мени сендей...


Акжолтой Канатбек уулу

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 14:45


Пайгамбарыбыз айткан арамдан шыпаа издебегиле! деп.
Бирок көбү арам нерсеге барышат, эшектин сүтү , төөнүн сийдиги ,кашкулактын эти, жана башка у.с. нерселерге

Арамдан шыпаа издеген адам шыпаа таба албайт.
Ал эми арамдан шыпаа таптым дегендер ал жөн гана озун алдагандык.
Арам менен кошо шайтан кирет.
Ооруган жерди шайтанга кызмат кылган жиндер ороп алып кетонал сыяктуу "обезболивающий"эффект берет.
Же мурда ал жин ороп алган болот,качан ал ширк кылганда же арам нерсе жегенде коё берген болот.
Динден алыс адамдар анан айтышат иттин этин жеп айыктым деген жомокторду.
Дин менен жашасаң бактылуу болот элең.
Дин менен жашап көрбөгөн адам бул бакыттын даамын сезе албайт.
Кудуктан чыкпаган бака көлдүн бар экенин кайдан билсин?

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 13:59


үндөбөдүм, жерге тепсеп таптадың,
үстүмө анан топурак да таштадың.
менин данек экенимди билбепсиң,
чоң, ыракмат! а мен өсө баштадым.

А.Туткучев ✍️

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 12:00


Бір жыл да өте шықты. Жыл аяқталуына 6 күн ғана қалды. Біреу үшін бұл жыл жемісті, қуанышты болды. Үйленді/тұрмысқа шықты, балалы болды, үй алды, көлік мінді. Ал біреулер үшін өкінішті болды, тағы бір жыл жалғыздықпен өткізді, өз адамын жолықтырмады, мақсаттарын орындай алмады, денсаулығымен сыналды, ажырасты, тағы бала көтере алмады, қарыз болды т.б.
Бірақ бұл өмір, ақ пен қарасы бірге жүреді. Сол үшін келер жылда барлық осы сөздерді оқып отырған жандарға, именно сізде бәрі өте жақсы болады🤲🏻

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 11:16


Назик сезимдерге ишенип,
сый-урматтын негизинде пайда болгон сүйүү эч качан өчпөйт.

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 11:08


Сулуулук сүйүүнү жарата албайт,
ал эми сүйүү,сулуулукту жаратат.

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 11:04


“Көздөрүң мынча керемет,жүрөктү “болк” эттирген,жашоомо шоола чачкан сыйкырдуу көздөр сенде тура!”.

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 09:14


Көзү көрбөгөн адам ушундай деген экен: " Аллахым мени ушунчалык жакшы көрөт экен, бул дүйнөдөн эч нерсени көрбөстөн, өлгөндөн кийин бир гана Өзүнү көрүү үчүн мени ушундай жараткан...

СубханАллах 🥹🥹🥹

ОКУРМАНЫММ📖📚

25 Dec, 04:54


Тагдыр кокус жагдайлардын натыйжасы эмес, тандоонун натыйжасы; биз аны күтпөй, аны түзүшүбүз керек...

ОКУРМАНЫММ📖📚

23 Dec, 09:37


Айымдар үчүн эң мыкты Кыргыз каналын сунуштайбыз.Катталып, Бейиш бакчаларына чогуу аракет кылыңыздар.Бул дүйнө жана акырет бактылуулугуна жетиңиздер.

ОКУРМАНЫММ📖📚

23 Dec, 09:36


https://t.me/ayanaabdraeva

ОКУРМАНЫММ📖📚

23 Dec, 06:52


Ар бир күнөөнүн жазасы бар.
Жазанын түрү да аябай көп.

Бир киши Хасан Басрийге р.хге келип:
- “Мен “Ар бир күнөөгө жаза бар” - деп уктум. Көптөгөн күнөөлөрдү кылдым, бирок жазаланган жокмун!” – деп айтканда, мындай деп жооп берет:
- Оо, балам, Алла сени канча жолу жазалады, сен аны билген жоксуң.
- Кантип?
- Жалгыз калып, Аллага жалынуунун ырахатын [лаззатын) сенден алып койгон жокпу?
• Курандын бетин ачпаган канчалаган күндөрүң өттү?
• Түнкү намаз окубаган канчалаган түндөрүң өттү?
• Тилиңди Алланы эстөөдөн бууп койгон жокпу?
• Байлыкты, кадыр-барк, даңкты сүйүү менен сынаган жокпу?
• Ибадат кылуу жүрөгүңө оор болгон жокпу?
• Гыйбат кылуу, жалган айтууну жеңил кылган жокпу?
• Акыреттин камын жүрөгүңдөн алып салып, эң чоң камың – дүнүйө болгон жокпу?

ОКУРМАНЫММ📖📚

22 Dec, 16:48


Кудай кааласа ыйык,берекелүү Рамазан айына 70 күн калды 😍Аллахым баарыбызды келе жаткан Рамазан айына эсен-аман жеткирсин.🤲.
Чыныгы мусулман келе жаткан жаңы-жылды эмес,Рамазан айын чыдамсыздык менен күтөт.😊

ОКУРМАНЫММ📖📚

01 Dec, 16:58


Эч качан бир акмак адамдын сага кылган
орой мамилеси үчүн өзүңдүн маанайыңды
чөктүрбө.Ал акмак өзүнүн деңгээлин
көрсөттү.Итке теңелип ит болуш
шарт эмес да.Анткени сен бийик адамсың.Болгондо да асыл
адамсың.Адамгерчилигиңди эч качан
жоготпо.

ОКУРМАНЫММ📖📚

01 Dec, 09:29


Арапча цитата каналына катталып коюңуздар. 😍😍

https://t.me/sitatalarrrrr

ОКУРМАНЫММ📖📚

01 Dec, 08:14


كل ما يبدأ بحسن النية والإخلاص ينتهي بالسعادة

Ак ниет, ыклас менен башталган нерсенин баары бакыт менен аяктайт.🤍

ОКУРМАНЫММ📖📚

01 Dec, 00:12


Акчага тойбогон аялдан жана аялдарга тойбогон эркектен сак бол.

ОКУРМАНЫММ📖📚

30 Nov, 23:40


Турмуш бирөөнү сүйүүгө мажбурлай электе,
Өз сүйүүңөр үчүн күрөшкүлө! 🤍

ОКУРМАНЫММ📖📚

30 Nov, 05:58


“Сынчыга”
Сынчы жолдош,сында мени аяба,
Таарынат деп тааныштыкка караба!
Кылба мага либералдык мамиле,
Сынды сүйөт мен жашаган замана!

Жакшы болсо жакшы дегин ырымды,
Жаман болсо жашырбай айт чыныңды.
Абдан байкап,акыйкаттап текшерсең,
Капа болбой кабыл алам сыныңды.

— Байдылда Сарногоев.

ОКУРМАНЫММ📖📚

30 Nov, 05:55


Өмүрдө эң кыйын нерсе — Өзүңдү табуу,
Эң жеңил нерсе — башкаларды сындоо.

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Nov, 19:59


Кедейлер менен, оорулуулар менен чогуу
олтуруп, алар эмнени кыялданаарын угуп кор.
Балким, сен өз жашооно ыраазы болоорсун,
анткени алар кыялданган нерсе сенде бар ...

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Nov, 19:59


Жаратканым!
Жан дүйнөм киргилденсе, булганса,
Жаңы туулган наристедей тазала.
Калыбыңа салынбаса кайсар баш,
Какта отко... суукка тоңдур... жазала.
А бирок...
Мен мындайга чыдабасмын эч качан,
Мээримиңден сырт калтырган

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Nov, 18:13


Азыркы муун,азыркы жаштар токтотолучу,чекит коёлучу ушундай жанды кыйнаган ашыкча чыгымдарга,салттарга.

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Nov, 18:05


Анан ачыгын эле айтайын,кыздар капа болбогула.азыркы көпчүлүк кыздар (албетте баары эмес)тойдон алдың загс вечир кыл деп балага катуу талап коёт экен.Менин досум кечээ жакында үйлөндү.Досум загс вечир кылбайм,анын кереги жок десе үйлөнө турган кызы өмүрүмдө 1-жолу тоюум болуп жатса,ошого загс вечир кыл деп сураныптыр.Анан досум кызынын көңүлүн кыялбай загс вечир кылууга аргасыз болду.Болгондо да ар кимден карыз алып жүрүп вечир өткөрдү.Ошого кыздар загс вечир кыл деп талап кылбагыла.Келечектеги өмүрлүк жолдошуңарды турмуш башталбай жатып эле кыйнабагыла.

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Nov, 17:44


Той боюнча ачуу чындыктарды айтыптыр.Чын айтканда тойдогу ашыкча ысырапкерчиликтин пайдасы деле жок.Биз Кыргыздар той деп жүрүп өзүбүздү кыйнап жүрөт экенбиз.Эң эле өкүнүчтүүсү кредитке очойтуп карыз алып той өткөрүп,анан тойдун эртеси эки жаш башын жерге салган бойдон кредитти төлөйм деп 2,3 жылдап мигрант болуп иштеп кетишет 😢. 3 жылдап мигрант болуп тапкан акчаларыбызды 1 күндө эле тойго сарптап жок кылып салганыбыз бул өтө кейиштүү көрүнүш.Андан көрө эки жаштын келечеги үчүн бир короо куруп берсе же 10 кой алып берсе эки жаштын тиричилигине өтө чоң жардам болоор беле 😭

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Nov, 17:34


https://youtu.be/g-RbWM5CYRc?si=lY-Jefl2e3teoyUG

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Nov, 16:06


"Жашооңдогу ар бир адам менен чек ара орноткун. Бардык эле адамдын жашооңо кирүүсүнө, кирип алып ал жерде каалагандай жашоосуна мүмкүндүк бербе! Анткени ал сенин жашооң. Алар каалаган убактында сенин жашооңо кирип,аралашып сени сындырып,капалантып кетүүсүнө акылары жок экенин аларга сездир! Качан сен ар бир адам менен чек орнотконуңда гана жашооң тынч болот....)))" - дейт бул нерсенин далилин башынан кечирген бир жакын кеңешчи адамым
🍃....
🍃....
🍃....

Асема Алимкулова 🪶

ОКУРМАНЫММ📖📚

28 Nov, 05:42


ЭСКЕРМЕ
Билбейм,кандай,эмне ойдо экен катарым?
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай,
Эрте кургап,муздап бара жатамын.

Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек,жаман ойго багынбай.
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап кеткен карындай.

—— Алыкул Осмонов

ОКУРМАНЫММ📖📚

28 Nov, 05:34


Сендейлер сейрек кездешет,
Сендейди билбей көп дешет.
Сезбестир балким бирөөлөр,
Сезгендер сени издешет…)

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Nov, 03:36


Ар Парз намаздан кийин ушул дубаны 7 жолунан окуп дуба кылып жүргөн адамдын ар кандай кыйынчылыктарын жана кайгыларын Аллах кетирет.Айрыкча Үйлөнө албай жүргөн балдар бул сыйкырдуу дубаны ар намаздан кийин дайыма окуп жүрсө ниетине Аллахым жеткирет.
رَبِّ إِنِّي لِمَا أَنزَلْتَ إِلَيَّ مِنْ خَيْرٍ فَقِيرٌ

Робби Иннии лимаа анзалта илаййа мин хойрин факиир.
“Оо Эгем! Сен мага эмне жакшылык жиберсең да муктажмын”.

«Господи! Воистину, я нуждаюсь в любом благе, которое Ты ниспошлешь мне».

(Косос 24-аят)

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Nov, 02:42


МАГА ЖАГАТ

Мага жагат жылмайганың, күлгөнүң,
Шайыр болуп, бир мүнөздө жүргөнүң.
Жада калса көкүрөтөн бек кысып.
Кучагыңда мени катуу сүйгөнүң.

Жагат мага жай баракат басканың,
Эрте туруп жумушуңа шашканың.
Кылыктанып мага карап назданып,
Назиктенип эркелеп сен жатканың.

Дагы жагат сулуулугуң жүзүңдүн,
Добуштары жайлап чыккан күлкүңдүн.
Аалам сыры жашырылып койгонсуп,
Жагып келет ирмелгени көзүңдүн.

Жактырамын ак көңүлдүү мүнөзүң,
Ашыгымсың бул дүйнөдө бир өзүң.
Суусаганда кекиртекти кандырган,
Болдуңго сен ууртап ичкен мүрөгүм.

МАРЛИС ОСМОНАЛИЕВ

ОКУРМАНЫММ📖📚

23 Nov, 04:56


☀️ҮМҮТ..

Үмүт пардасы шамалга желбиреп, кээде ачылып, кээде жабылып, тереземди канча аарчысам да, келечекке жарык берген күн нурун таппаймын. Максатыма жол салган кыялым канча бийик болсо да  жетпей келем. Ооба, кээде жашообузда ушундай учурлар болот, жардан өйдөгө канчалык аракет кылып, жөрмөлөп кол сунган сайын артка кулайсың. "Ансыз жашай албаймын" дейсиң, убакыт өтүп, жаңы адамдар менен толукталат. "Баары бүттү, өлдүм" дейсиң, жаңы күндүн таңында көзүң ачык, тирүүлүк улана берет. "Бул оорудан эч качан айыкпаймын го" дейсиң, ичээр сууң түгөнбөсө, күтүлбөгөн жактан шыпаа болуп, айыгып, жашооңдун жаңы күнү баштала берет. Анткени, жашоо мыйзамы ушундай, Аллах насип кылгандай, каалагандай болот. Биз моюн сунабыз. Анын, планы, бизди кандай гана соккулары менен сындырбасын, тайдырбасын, чарасыз калтырбасын, бизге сезилбеген эки дүйнө жакшылыгын ачып бере турган эшиктерге алып барат.

📍Аллах Таала минтип айткан:
"Силерди жакшылык менен жана жамандык менен сынайбыз жана бизге кайтасыңар". (Анбия сүрөөсү, 35- аят)

☝🏻Жаратканым пилге жүктөгөн жүктү кумурскага жүктөбөйт. Сыноо канчалык оор болбосун, пендесинин ыйманына, деңгээлине, күчүнө жараша болот. Аллах Мээримдүү, Ырайымдуу. Ал ар бир нерсени өз өлчөмү, өз сааты, күнүнө чейин ченеп жараткан. "Ал - Холик", "Жаратуучу". Бардык жаратылган жансыз - жандуунун Ээси. Ал "Баариу" - "Жан берүүчү". "Бол!"- десе, баары заматта болуп, заматта айыгып, заматта чечилип, заматта бүтүп, заматта ишке ашырылат. Анын каалоосусуз бир кыпын чаң да өз ордунан жылбайт.

📍 Эгер билсең, шайтан адамдын кайгырганын жакшы көрөт. Себеби кайгы менен Аллахка болгон үмүтүн үзүп, Ага болгон ыйманын жоготкусу келет жана Ага карай жолун тоскусу келет. Пайгамбарыбыз ﷺ да Аллахтан дайым дуба кылып: «О, Аллахым! Мен кайгы-капалыктан сактооңду сураймын» – деп сураган. Аллах Таала да Ыйык Куранда мусулмандарга карата: «Алсырабагыла жана кайгырып капаланбагыла. Албетте, бир кыйынчылыктан кийин эки жеңилдик болот" – деп эскерткен.

Шайтан адамга ар кандай ой салып, кайгыртып, капалантып, жүрөгүн алсыратат, эркин жоготот, кайратын мокотот жана максатына карай аракетин токтотот. Мына ошол себептен ыймандуу адамдын капалануусу шайтанга табылгыс кубаныч. Ал дайым аны болбогон нерсе үчүн капаланууга, түбү жок пайдасыз ойлорду ойлонууга түртөт.

🤗Эч качан үмүтсүз болбо. Аллах биз менен. "Жүз күндүк кыйынчылык болсо да, сен күтпөгөндө бир күндүк жакшылык баарын унуттуруп коёт".

📍Аллах Таала минтип айткан: "О, Мухаммад! Өздөрүнүн напсисине зулумдук кылып, күнөө кылган пенделериме айткын: Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө! Чынында, Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Албетте Аллах Кечиримдүү жана Мээримдүү" (Зумар сүрөөсү 53-аят).

👤Автор: Насиба Абдуллаева.

ОКУРМАНЫММ📖📚

22 Nov, 14:36


ӨМҮРЛӨШҮМ БОЛЧУ МЕНИН

Арманымды козготосуң,
Анча неге боздотосуң.
Дартты салып көкүрөккө,
Дербиш жанга окшотосуң.
Кыйнай берген күндөрүңдү,
Качан эркем токтотосуң,
Айтчы качан токтотосуң?

Сүйүүм чексиз сага болгон,
Булганбаган, таза бойдон.
Кусалыкка батырбачы,
Көөдөнүмө санаа толгон.
Көшөгөмө келсең боло,
Кош айтышпай ара жолдон.
Кетем дебей ара жолдон!

Ак батасын берсин элим,
Аянбастан чаччы мээрим.
Садагасы ишенип кой,
Сен деп согот ар бир демим.
Ак жоолугун салынып сен,
Апакеме болчу келин,
Өмүрлөшүм болчу менин!!!

МАЛИК НАЗАРМАТОВ!!!

ОКУРМАНЫММ📖📚

22 Nov, 14:27


КЫЗГАНЧААГЫМ

Таарынчыңды себелеп,
Жакшы көрүп, жемелеп.
"Ким эле" же "Неге" деп,
Кызганганың керемет!

Каарың күчөп, тарап да,
Көңүлүмө карап да.
Ушу сенин баарынан,
Кызганганың жагат да!

Капа кылса сынагым,
Кара жаным, чыдагын.
Кадырымды билем деп,
Кээде атайын кыламын...

Кеменгерим, кененим,
Кемсиз дүйнөм, береним.
Кызганычың мен үчүн,
Кымбат жансың дегениң.

Сен сүйүүсүң, бак дагы,
Сый да сенсиң, жаш дагы.
Мурда билсем дайныңды,
Сүйбөйт элем башканы.

Таалайымсың көздөгөн,
Таң таба албайм өзгөдөн.
Жашоом барда түбөлүк,
Жаныңдамын, сөз берем.

Кызык кылык кылсам да,
Кетпейм сенден, сөз берем.


Мээрим Эркинбек кызы.

ОКУРМАНЫММ📖📚

20 Nov, 15:46


Кыздар мен силерди гүлгө окшоштурам. Гүлдөр сыяктуу силер дагы күндү жактырган, сууну көп ичкен, назик ж.б. же тескерисинче болгондой. Силерди карап турсаң кулпуруп, бажырайып, түрлөнүп, соозулуп көргөндүн көз жоосун алып ачыласыңар. Кичине көңүл бурулбай калса түнөрүп, ачууланып каласыңар. Ар кимиңерге ар кандай гүл жагат. Өзүңөр ошол гүлгө окшошсуңар. Анан дагы биз үчүн жалгыз болгуңар келет жуп болгонду жактырбайсыңар. Бул дүйнөдө силерсиз жашоо биз үчүн жок, кунаарсыз. Силерди сүйүп, эркелетип, бапестеп жүргөндөн өткөн жыргал жок. Бактылуу жашап, узак өмүр сүргүлө.

ОКУРМАНЫММ📖📚

20 Nov, 15:40


“Кыздарга”
"Жараткандан бизге берилген белексиңер,
Жер жүзүнө күн нурундай керексиңер.
Ар бир үйдү шаңга ,кутка толтуруп,
Бактылуулукту бизге арнап бересиңер...

Кыздар силер келечектеги энесиңер,
Кайраттуу,чыдамкай жан келесиңер,
Азап тартып адамзаттын тукумун улап,
Кыйналсаңар да бир жолу "уфф"- дебейсиңер. "....

ОКУРМАНЫММ📖📚

20 Nov, 15:37


"Биздин сулуу кыргыз кыздар жөнүндө,
Кыз дегенде гүл кулпунат көңүлгө.
Кыздар барда дүйнө сулуу көрүнөт.
Бул чындыкты чыгара албайм төгүнгө" .... (Женишбек акын)

ОКУРМАНЫММ📖📚

20 Nov, 11:41


“Мен эмнеге капамын”


Тагыраагы мен эмнеге капа эмесмин деп суроо берсек болчудай.Анткени азыркы учурда капа боло турган нерселер ушунчалык көп, жазып бүтүрө албайсың.
Кыска кыдып айтканда мен азыркы “маңкуртчулука” капамын. Ооба, инсандардын маңкуртчулугуна.
Кыска гана жашоодо өзүнү робот сымал акча табууну максат кылышып, өзүнүн инсан экенин унутуп калган маңкурттарга…
Албетте баары эмес, бирок, көпчүлүк…
Акылы бар инсан жок дегенде өзүнө мен эмнеге жаралдым? Эмнеге жашап жүрөм? деп суроо берет. Өзүнү издейт. Тилеке каршы инсандардын өмүрү түгөнүп бүткөнчө бул суроону ойлоп да койбогондор канча?
Тилеке каршы бул заманда ишканаларда, окуу жайларда, керек болсо мектептерде да, “Кантип көп акча табат? жакшы окуп жакшы иштесе көп акча табып, бактылуу болот деп үйрөтөт.
Ошону менен бирге “Сен эмнеге жаралдың? Эмнеге жашап жүрөсүң? Чыныгы бактылуулук кайда? Адамдагы аруу сапаттар, адеп-ахлак, адамгерчилик деген маанилерге басым жасашса эле.
Дүйнө багына эмне үчүн келдиң?
Гүл териш үчүнбү? Соолуп кала турчу гүлдөр үчүн ушунча аракеттин эмне кереги бар? Демек, гүл тергени келбедик. Анда эмнеге? Канчалык каалабаса да инсан мына ушул суроого жооп берүүгө мажбур?
Эмне үчун баары туура жолдо жүрбөйт билесизби? Анткени тыңдап жаткандарын башындагы кулагы менен угуп жатканы үчүн.
Зарылы, жүрөктүн кулагы менен, руху менен угуусу эле.
Анткени адам руху менен тирүү эсептелет.
Кылымдар соңунда соолуй турчу күн менен жашоо аягына жетет.
Күнгө күйүүчү май берүүчү аппарат барбы? Жок! Демек дүйнөнүн акыры болот. Муну илим да, изилдөө да тастыктоодо. Дүйнөнүн акырын көрбөсөк да, адамдын жашоосунун акырын өз көзүбүз, өз кулагыбыз менен угуп, көрүп атпайбызбы? Бир даанышман айткандай “Адамды өлүм тарбиялайт”
Бирок азыркы адамдарды өлүм да тарбиялай албайт көрүнөт. Бир күн карегин жаштап, жана өзү өлбөчүдөй баарын унутуп, өмүрүн уланта берет.
Тагыраагы ар кимдин өз тандоосу өзүнөн!

ОКУРМАНЫММ📖📚

19 Nov, 19:24


Бейиш жыттуу "АЛТЫН АПАЛАРЫБЫЗДЫ"
дайыма сыйлап, жакшы мамиледе журолу 🥹🫠...

ОКУРМАНЫММ📖📚

19 Nov, 18:39


Жубайы бар мырзалар,
Ушул ырды өмүрлүк жарыңызга жиберип коюуңуздар.Ар бир үй-бүлөгө бакыт каалап,жакшы ниеттер менен атайын чыгарып жатам мындай ырларды.Ар бир үй бүлө бактылуу болсун 😊

ОКУРМАНЫММ📖📚

19 Nov, 18:21


Ак жүзүңө жарашып ак оромолуң,
Сен жок болсоң билем бакыт жоголорун.
Апакемдин келини асыл жарым,
Сен бар кезде мен бакытка ороломун.

——— Чыңгыз Мырзаев

ОКУРМАНЫММ📖📚

19 Nov, 16:22


Сага деймин сансыз жанган жылдыздарды,
Сенден ашкан дүйнөдө гүл кыз барбы?
Сага жетпей саргайып мында жүрсөм,
Мага жетпей артымда бир кыз калды.

———Чыңгыз Мырзаев

ОКУРМАНЫММ📖📚

19 Nov, 13:23


Устаз Чубак ажы Рахматуллохи ьалайхи 🥹🥹
Устазды сагындыңыздарбы 🥹🥺

ОКУРМАНЫММ📖📚

18 Nov, 15:18


Не пайда?
Сен чуркаган акча , байлык сенин ырыскың болбосо чуркаганда не пайда?

Сен каалаган нерсени Аллах каалабаса кайгырганда не пайда?

Сен артынан кууган адамдын жүрөгүн Аллах Таала ачпаса таарынганда не пайда?

Дүнүйө кууп бирок намазың жок болсо, топтогондо не пайда?

Акыретиң жарды болсо бул жашоодо бай болгонуң не пайда?

Сый урматың жок болсо,
талап кылып не пайда?

Жакшылык кылып док кылсаң,
кылганыңда не пайда?

Жарыя кылып мактанып ,эл үчүн кылсаң ишиңди жасаганда не пайда?

Илим алып, амал жок - окуганың не пайда?
Бул жашоого келген соң, Аллахты тааныбасаң не пайда?....

автор:Аяна Абдраева

ОКУРМАНЫММ📖📚

18 Nov, 10:11


Мен үйгө келдим.Ал дасторконго мага деп чай-пайын коюп жатты…
Дүйнөдө менден өткөн бай адам жок эле.

ОКУРМАНЫММ📖📚

17 Nov, 16:58


Адамдардын бардыгы жакшы көрүнө
берет, бирок адамдардын чыныгы жакшысы
Үй-бүлөсү менен жакшы болгону.

— устаз Чубак ажы Жалилов

ОКУРМАНЫММ📖📚

17 Nov, 16:56


"Мен сени сүйөм" деп айтууга бир мүнөт кетет. А сүйүүнү далилдеш үчүн бүтүндөй өмүр керек.

ОКУРМАНЫММ📖📚

17 Nov, 16:50


Адамдын жүрөгүнө алып баруучу эң ишенимдүү жол - аны менен ага баарынан маанилүү болгон нерсе жөнүндө сүйлөшүү.

ОКУРМАНЫММ📖📚

16 Nov, 15:31


АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ ВА РАХМАТУЛЛОХИ ВА БАРАКАТУХУ.
ЖАРАТКАНЫМ ЖАКШЫ КӨРГӨН ЖАКШЫЛАРЫ , СИЗДЕР ҮЧҮН ЭҢ МЫКТЫ ЖАЛАҢ ДИНИЙ КАНАЛДАР ТОПТОМУ , 24 - СААТ БОЮ СИЗДЕР МЕНЕН БИРГЕ ЖЕТИШИП КАТТАЛЫП АЛЫҢЫЗДАР 🤍😇
.

ОКУРМАНЫММ📖📚

16 Nov, 13:53


Аялын сүрөткө тартып жатып : " жылмайып тур " - дебеди , " Мен сени сүйөм " - деди , аялы айдай жаркырап жылмайды..🤍

ОКУРМАНЫММ📖📚

16 Nov, 13:09


في بعض الأحيان لا يُصلح الله حالتك على الفور! لأنه يريد أن يجعل قلبك جميلاً أولاً...

Кээде Кудай сенин абалыңды дароо оңдобойт! Себеби ал биринчи сенин жүрөгүңдү сулуу кылгысы келет..

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 22:16


Дүйнө жана акырет кайгы-капасын жок кылуучу дуба!

Абу Дарда (разияллоху анху) дан риваят:
Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам) айткан:
Бир инсан ар бир күнү эртең менен кечинде жети жолу ушул дубаны окуса дүйнө жана акырет менен байланышкан кайгы-кападан Аллахтын уруксаты менен кутулат.

"Хасбуяллоху лаа илааха илла хува ъалайхи тавакалту ва хува Роббул Аршил Азиим."

Мааниси: <<Алланын өзү мага жетиштүү, андан башка Кудай жок, Ага тобокел кылдым Ал улуу Арш ээси.>>

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 22:15


Бул дүнүйөгө ибадатка келгенмин.
Түбүм ылай түркүк эмес пендемин.

Бүгүн болсо убактылуу дүнүйөдө.
Эртең эле сурак берчүү жердемин.

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 19:11


Альхамдулиллах деп жүрөлү 🥹

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 19:10


Аллах Тааланын бизге берген ар бир мүнкүнчүлүгүн баалай билели!

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 18:14


Аалам толо сүйүү бердим мен сага
А сен мага кучак толо гүл бердиң.💕

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 17:17


Шаарга жеткенде » Атанар гана Айдин?
Силерди тосуп келбедиби?» -деп сурай
калбаспы.
Айдин эмне десин байкушум:
— Атам ооо алыста. Бизге келбейт такыр. Анан апам туну ыйлайт-деп тарс эте айтып салды
баарын.
-Айдин болду токтот! Туш кетебиз. Рахмат алып
келип койгонуна. Бирок ушул суроон ашыкча
болду. И вообще. Неге узатып келдин? Не
думаю что хочу тебя видеть. Козумо корунбосон
мындан кийин да жакшы болмок-деп тушуп
кеттим. Ал эмнегедир унчукпады.
Бир жумадан кийин сейил бакта айланып
журсок
,колуна гул менен чон бир топту кармап алып куйоом келе жатыптыр. Тан эле калып калдым.
Айдиндин суйунгонун айтпа топту коруп.
Жиним
келгени менен аны кет дей албадым. Копко
жымжырт отурдук. Анан ал:
-Эмнеге айтпадын кетип калдын. Эмнеге айтпадын Айдиндин менин уулум экенин-
дегенде шок болуп калдым. Кайдан билди?
Кантип? Кандайча? Эмне дээримди биле албай
туруп калдым.-Эмнеге айтышым керек эле.
Айдин жалгыз менин уулум! Анын озум
чонойттумбу ушул убакка чейин эми да чонойто
берем. Сенин эч кандай акын жок. Сен ошол
ажырашабыз деген кунундон баштап,мен учун
жоксун.
Жакшы маанайды бузуп дагы эмне келдин?
-Мен оз уулуму коргону келдим. Сени коргону келдим. Эгер такыр каалабасан мен кетем
макул-
деп гулду таштады да,Айдинди кучактап,ообуп
алып кете берди.
Апамарга чалып айттым. Аларда айтышты
жанылык. Кайненем менен кайнатам келип кечирим сурап менин кайтышымды
суранышыптыр. Угуп тан калдым. Эмнеге дагы
башталды баары? Эмнеге?…
Телефонго чакыруу келгенинен алсам,ал экен.
-кел суйлошубуз жакшылап. Менин сага айта
турган созум коп. Мен туура ката кылдым башында,бирок баарына тушунуп жеттим.
-Мен макул болдум. Эмнегедир жок дей
албадым.
Анткени дагы да болсо аны кыя албайт элем.
Жолуктук
уруштук,талаштык,ыйладык,жараштык. Корсо жанагы кызы уйлонобуз деп жатканда.
Коп
суммадагы акчасын алдап алып качып
кетиптир
башка олкого. Бул ошол убакта эле билген
экен менин балалуу болушумду. Бирок батынып
келе
албаптыр. Анан чет мамлекетке иштегени
кетип
жакында эле келиптир. Келгенден бери эле
менин изимден журот экен. Кудай бардыгына жаза берет дегени туура экен. Кечиргим келет
бирок кантип? Айдиниме кандай тушундуром
сенин атан деп? Такыр башым жетпей
жургондо,мени кафеге жолугушууга чакырды.
Бардым… Мына сага сюрприз! Жагымдуу
вальс,шам астында. Анадан кийин музыканын коштосунда кечирим суроо,акырында тизелеп
олтуруп менин колумду суроо. Бул эн жагымдуу
болду мага. Кечирээк келген бактымды жоготуп
алуудан коруп,макул болдум баарына. Биз
туура
кечиктик бирок бактылуубуз. Адам бирде жанылат,бирде адашат туура. Биз да бир
жанылдык. Ал убакта жаш экенбиз
да,тушунбодук
чыныгы суйуу бул уй-було экенин….
Азыр мына баары жакшы. Кудайга ыраазымын!
Жакында дагы торойм. Баарыбыз чыдамсыздык менен кутуп жатабыз.
Турмушта турдуу жанылыштык болот экен

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 17:16


Коздорумо бул
уйду элес кылып туйдум да, баштыгымды
акырын
которуп чыгып,арман жана ыза менен бара
жаттым жолдо оз уйумо карай….
Ата-энеме эч нерсе деп айта албадым. Жон гана
жашабайм деп кутулдум. Анын ата-энеси
келип,канча жалынды чыкпай да,жолукпай да
койдум. Бул жашоого нааразы болуп,уйдон
чыкпай жата бердим. Атам мени коруп озун
куноолоп журду копко. Мурдагы эрке,куунак кызы
жок эле. Апам болсо бат-баттан ыйлап турат.
Тагдыр ушу экен да,колумдан башка эч нерсе
келбейт эле….Ата-энеме эч нерсе деп айта
албадым. Жон гана жашабайм деп кутулдум.
Анын ата-энеси келип,канча жалынды чыкпай да,жолукпай да койдум. Бул жашоого нааразы
болуп,уйдон чыкпай жата бердим. Атам мени
коруп озун куноолоп журду копко. Мурдагы
эрке,куунак кызы жок эле. Апам болсо бат-
баттан
ыйлап турат. Тагдыр ушу экен да,колумдан башка
эч нерсе келбейт эле…
Бир куну эрте менен уйкудан турсам,конулум
айланып чыкты. Ошондон кийин бул нерсе
бат-
баттан кайталана баштады. Уйкусурап кечке,бир
нерсе жегим келип эле журо бердим. Кыраакы
апам баарын байкабай койгон жок. Апам
экообуз
ээрчишип докторго бардык…
-Куттуктайм! Эки жарым айлык боюнузда бар экен-деген созунон. Шок болуп,катып калдым.
Менин боюмда бар… Бул тамашабы же
тагдырбы… Ишенбей турдум бул созго. Бирок
жан дуйном оз-озунчо кубанып жатты. Апам
экообуз соз баштай албай турдук. Мен:
-Бул бала торолот! Мен аны эч кимге бербеймин.
Кор кылбаймын. Бирок бул жонундо куйоомо
эч
соз жетпесин. Апа мага эми эч кандай окумунор
отпойт. Бул менин балам,менин жашоом.
Бузган жашоомду дагы бузушунарга жол бербейм.
Атама
да айтып коюн- деп оз болмомо кирип
кеттим…
Наристе бул эн таза туура. Мен эми бир гана
ушул наристеге тагдырымды байлап койдум. Чыдамсыздык менен куткон наристем бул
жарык
дуйного келди….
Кыйын кечти торот. Бирок балам аман-эсен
ден-
соолугу чын эле. Ошого ыраазы элем. Мени озумун ден-соолугум да, башка да
ойлондурбайт
эле ушул учурда….
Карап турсам уулум атасын эле озу.
Козу,оозу,мурду… Мага окшогон жерин таба
албай койдум. Балким бул атасын катуу сагынгандандыр… Уулумдун атын Айдин деп
таятасы койду. Айдинге беш айлык
болгондо,айылдан шаарга кочуп кеттим. Мага
болгону 19 жаш. Окууну улантырууну чечтим.
Канча кыйналдым ким билет акыры окууну да
буттум. Атам жакшы жумушка орноштуруп койду.
Айдин болсо бешке чыгып калды…
Омур ушинтип ото берет туура. Кече торогон
балам бугун мектепке барганга даяр болуп
калбадыбы….
Бир куну Айдинди алып айылга жоноп калдык. Чон атасы сагынган экен. Таксиде келе жатсак
орто жолдо бузулуп калса болобу. Арадан эки
саат отту такыр ондолбой койгон сон,башка
таксиге тушууго туура келди. Такси тозуп
жатсак
бир машине отуп кетти да,кайра артка жылып токтоду. Берки таксист суйлошуп бизди салып
койду. Машиненин ичине кирип,коргон
коздорумо ишенбей турдум. Бул ошол мен
сагынган,менин куйоом эле. Копко тиктешип
тура бердик. Ал бир аз картая тушуптур.
Экообуз ажырашкандан бери да 5 жыл отподубу. Бул
беш
жыл канча нерсени озгортту бирок,бирок
менин
жолдошума деген сезимдеримди озгорто
албады,алгач кандай тунук жана таза болсо дале
ошондой. Канча турдук билбейм? Качан гана
Айдин «апа » деп мени кучактай калганда ал
да,мен да чоочуп кеттик. Бирок унчукпады.
Такыр соз айта албады. Мен да.. Уйдун алдына
алып барып токтотту. Унутбаптыр… Машинеден
Айдин тушуп кетти. Мен тушойун деп жатсам
соз
баштап калды:
-Коп болду корушпогонубузго. Кандайсын?
-Туура коп болду. Рахмат коргонундой мен жакшы. Озун?-Мен деле.
-Макул мен барайын.
-Куттуктайм уулду болупсун!
-Рахмат! Мен кечигип жатам. Айдин кутуп
калды,корушкончо-деп тушуп кеттим.
Менимче ал эч нерседен шек албады. Уйго киргенче шаштым…
Менде дагы журок сыгылуу башталды. Аны
кайра-кайра коргум келе берди. Айдинди
тааныштырып бул сенин уулун дегим келди
бирок….
Айылдан шаарга жоноп жаткам. Жол боюна чыгып такси кутуп жатканбыз. Кайра эле ошол
машине келип токтоду. Айдин барып дароо
олтуруп алды. Мен да олтурдум. Жол бою ата-
бала ойноп кетишти бири-бири менен. Эх эгер
башынан учообуз бирге болсок,болбойт беле?
Эми мынтип экоо бири-бирине жат адам болуп баратышат. Ушуларды ойлонгуча шаарга да
жеттик.

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 17:14


Мен озумду
бул дуйнодогу эн жалгыз адамдай сезип
калдым
бул уйдо. Канчалык кыйналып,сыздап жатканымды эч ким сезбеди же сурап койбоду.
Мен бутундой соолуп бара жаткам. Эн эле
шайыр кыз мен болсом,эми ошол кыздан эч
нерсе калган эместей….Бир куну уй жыйнап
жатып куйоомдун телефону калып калганын
коруп бир аз башкача боло туштум негедир. Ал такыр эч качан,эч нерсесин унутчу эмес. Аябай
так болчу. Аны колума аларым менен бироо
чала баштады. Журогум тыз дей тушту…
«Жалгызым»- деп жазылган абоненттен келип
жаткан эле. Экоонун кучакташып тушкон
суротун да коюп коюптур. Ааламым кууруп,орт болуп
жанып бараттым. Ушул нерсени сезген
элем,бирок куткон эмесмин. Чалууну
которбодум.
Эмне кылмак элем….
Кечинде ал келгенде чыдай албай акыры сурадым.
-Ким эле ал?
-Сен эмне жонундо?
-Эч нерсе билбегенге салба.
-Мен чын эле тушунбой турам…?
-Тиги контагындагы Жалгызын…-деп кыйкырып
салдым.
-Сенин ишин болбосун ал менен. Сен бул уйго
келин болуп келгенсинби унчукпай
келиндигинди
аткар. А менин иштериме киришпегин. Сенин менин аялымсын туура,бирок журогумдун ээси
болок… -деп эшикти тарс жаап чыгып кетти.
Шалдырап эле олтуруп калдым. Токтоно албай
ыйлап жаттым. Эмне керемет кордум турмушка
чыгып. Ата-энеми жана бул уй-булону
байыттымбы? А менин бактымчы? Менин бактымды ким байытат? Мен эмне бир
кепилдик
болуп,же уй кызматчысы болуп келдимби?
Суроо
артынан суроолор жабылып жатты конулумдо.
Бирок эч ким тушунбоду мен байкушту ошол учурда. Канча ыйлап олтурганым эсимде
жок,уктап кетиптирмин… Эшик катуу
ачылганынан ойгонуп кеттим. Ал экен…
Бутунда
тура албайт,болушунча ичкенго? Ар кайсыны
суйлоп тентиреп жаттыЭмне кылаарымды билбей
бурчта тура бердим бурушуп,корктум,ыйлап
жаттым. Ал менин бул абалымды коруп,озу
коркуп кетти окшойт,кайра унчукпастан
тошокко
жыгылды. Бир топтон кийин жанына басып барып,жолдошума суктанып олтурдум.
Ушундай
ширин уктап жаткан эле. Журогум тез-тезден
согуп жатты. Мен аны чын эле жакшы корчу
элем. Эгер бири-бирибизди жактырып турмуш
курганыбызда. Баары башкача болот беле…? Мамилебиз начарлап гана бара жатты. Сабыр
тубу сары алтын деп апам коп айтчу,мен да
бардык нерсеге коз жумуп сабыр кылып
журдум.
Ишенип журдум бир кун болбосо,бир кун
бактылуу жашап кетерибизге…. Бирок турмуш ар
дайым эле адамга бактылуулук тартуулай
бербейт экен…
Жолдошум катуу тумоолоп уйдо жатып калды.
Аны коруп мен да кыйналып кеттим. Колумдан
эмне келсе баарын кылдым. Тамак берем,даарысын берем,жуунтам. Деги койчу
анын айыгышы учун эмне гана кылбадым. Уч
жума дегенде арандан айыкты. Ушул уч жума
аралыгында экообуз бир аз жакындаша
туштук.
Ушуга болсо да ыраазы элем…. Эрте менен чай даярдап болмого кирсем ал ордунан
туруп,басып
калган экен коргон коздорумо ишенбей,ыйлап
жибердим. Куйоом мени ошол куну биринчи
жолу кучагына алды. Коздорумдогу жаштарды
суртуп,акырын ообуп койду. Мен учун бул муноттор чексиз бактылуулук эле…. Эх…Биз
бирге тамактана баштадык. Кээ бир учурларда
сейилдегени бирге чыгып журдук.
Бир куну мындай иш болуп кетерине такыр
ишенген эмесмин жана куткон да эмесмин.
Ал дагы ичип келди. Экообуз бир аз айтыштык. Бир аз жымжырттыктан кийин ал чечкиндуу :
-Кел ажырашабыз-деди.
Себебин эн жакшы билсем да:
-Себеп-деп суроо бердим.
-Мен коптон бери ал кыз менен суйлошом. Сага
уйлонгонумдун себеби уй-булобузду кризистен чыгарып кетуу эле. Кечир! Атам болбой туруп
алды. Катуу жоготууга туш болгон элек. Уй-
булонун жалгыз уулу катары мен ата-энемдин
айтканынан кайта албадым,менимче сенде да
ошондой болду окшойт. Сенин кай жерде
болсон да бактылуу болунду тилеймин. Кечир мени
суранам. Бирок мен башка чыдай албайм
мындай турмушка. Сени да башка кыйнагым
келбейт. Мен ата-энене баарын озум
тушундуром. Ишенем сени ким жар кылып
алса да эн бактылуу адам болотго. Мага окшогон
акмактарга сендей кыздар татыбайт. Калганын
озун ойлонуп кор-деп сырттка чыгып кетти.
Мына мен куткон кун да келиптир.
Окунуч,ыза,жек коруу мени жеп жатты… Туну
менен ойлонуп олтуруп акыркы бир чечимге келдим….
Куйоом жумушка кетти. Кайненем да,кайнатам
да
кайдадыр бир жерге кетишти. Баарын кетирип
анан озум кетууну туура кордум. Аз болсо
да,коп болсо да уч ай жашаптырмын.

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 17:13


“Ал убакта жаш экенбиз да”.
(Болгон окуя)
Мен ал кезде турмушка чыкмак
тугул,жигиттерди
таптакыр ойлонбойт элем. Бир куну ушул кунго
туш болорумду эч качан элестеткен эмесмин….
Мен мектепти жаны гана аяктап жаткам июнь
айы. Жогорку окуу жайга даярданып жургом. Биздин уй-було айылдагы мен-мен деген уй-
булолордон эле. Атамды
тааныбаган,сыйлабаган
адам жок эле. Уйбуз да тегереги эки кабаттан
куюп салынган,элдин коз жоосун алчу….
Мен уйдо эн кичинекейи элем. Менден чон 3 агам,эки эжем бар эле. Алардын баары оз-озу
боюнча болуп,уй-було куруп кетишкен. Апам
мени 45 жашында торогон экен. Мындай
алганда
биздин уй-було аябай суктанаарлык эле…
Ошентип универге да тапшырып оттум окууга. Бирок бир куну менин жашоом 180 градуска
озгорорун сезбептирмин. …
Окуу башталышына да аз эле калган. Досума
жолугуп,уйго келсем,уйдо чоочун коноктор бар
экен. Аларга маани деле бербей оз болмомо
кирип кеткен элем. Бир убакта апам чай алып келишимди сурап калды. Чай демдеп кирсем
баары мени козунун кыры менен карап
жатышты…Кечки тамактан кийин атам менен
апам мени чакырып,биз жок дей албадык
кызым.
Каарыган энеси келип,суранып калыптыр,ананда
баласы жаман бала эмес,биз тааныйбыз.
Колунда
жакшы иши бар,астында машинеси бар сага
дагы эмне керек эле. Омур бою сени кор
кылбай отот-деп создорун бутурушту. Мен шок абалда
элем. Менин оюм булар учун таптакыр мааниге
ээ эмес экенин эми тушундум. Корсо жанагы
чоочун коноктор,атамдын алыскы бир
туугандарынан экен. Мага жуучу болуп
келишиптир. Бул кабарды угуп башыма бироо бир оор нерсе менен чапкандай эле селдейип
калдым. Оз ата-энем мени ушундай кылып
жатса
анда башка адамдарга кантип ишенем? Менин
тагдырым келечекте кандай болот. Мен ал
менен жашап кетемби? Окуум эмне болот? Конулум
барбы бул жонундо ата-энемдер угуп да
отурушкан жок. Ата-энеме дагы эмне жетпей
жатты эле? Мынчалык байлыкка кызыкса. Мен
атакемди катуу жакшы корчумун. Келечектеги
турмуш жолдошумду,атамдай элестетчумун. Бирок ушул чечиминен кийин менин оюм да
атама деген,мамилем да озгорду. Канчалык
каршы туруп,боздогонум менен мени угуп
олтурушпады. Апам байкуш,мен тируу кезимде
турмушка чыгып,балалуу болуп тынч жашап
кетишинди каалайм. Менин дагы канча омурум калды Кудай билет-деген создорун эстеп,бир
кыйылам. Ошентип акыры той боло турган
болду. Мен куйоо болмуш жигитти тойго чейин
озу турсун кабарын да билбедим. Той болот
деген куну аны таап келишти бир жерден.
Ушундайда боло берет экен турмуш. Экообуз бир
столдо жанаша олтурганыбыз менен тиктеше
албадык. Ал оз дуйносу менен,мен оз дуйном
менен….Той да бутту кошогонун ичинде
женелер ары-бери басышып куйполоктошот.
Куйоо бала копко кирбей кыйналып турганын сезип жаттым. Салт-Салт экен да. Бири-бирин
таптакыр тааныбаган адамдар,бугун тундорун
бирге откоруп жатышат. Канчалык
кыйналганыбыз менен ушул тунду бирге
откорууго мажбур элек. Уят учун да,эл козу учун
да биз ушул ишти кылууга аргысыз элек….. Бул тун да отту. Мен аял болдум… Бул мен учун
бир аз оор болду. Бирок адам баласы баарына
конот туура. Турмуш агымы кайда гана алып
барбайт. Бирде ойдо журсо,бирде ылдый
журот.
Жаны уй-було. Жаны жашоо. Бул уй,биздин ошол
зангыраган уйубуздон эки эсе чон келет экен.
Уй
жумуштары менен алекмин кечке. Кайнатам
менен куйоом кечке жумушта. Кайненем озу
менен озу алек. Турмушка чыкты деген эле атым
болбосо,бул мен учун эч кандай бир жакшы
нерсе алып келбегендей….
Тунку саат уч болуп калганда куйоомдун
акырын
кирип келе жатканын сездим. Ал мени уктап жатат деп ойлоду окшойт…. Бул корунуш мага
жат болбой калган. Анткени тойдон бир жума
отуп отпой эле,ал ушул онорун корсото
баштаган
эле. Мен куйоомдун мага бир жолу
карап,жылуу суйлогонун,эркелеткенин,атымдан чакырганын
уга албадым,же коро албадым. Келин болуп
тушконумо бир айдан отту,бирок куйоом
менден
алыстагандан,алыстап бара жатты. Ал озу
токтоо,тушунуктуу адамдай корунот. Келбети да
келишимдуу жана сымбаттуу. Билбейм
жолдошума деген жылуу сезимдер менде
ойгоно
баштаган эле. Кундо тамак жасап даярдап аны
кутом,бирок…. Мен бир кадам алдыга жылсам,ал
менден бир кадам алыстап жаткан эле…. Ушул
коёндой окшош кундор ото берди.

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 10:17


🍃🕊Дүйнөдө сиз көрбөгөн жерлер, сиз укпаган ырлар, көрбөгөн тасмалар, сиз көрбөгөн адамдар, боло элек окуялар али көп.
Алдыга умтулууну токтотпоңуз.

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 08:07


Бир күнү жакшы күндөрүң да, жаман күндөрүң да меники болот..🤍

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 05:32


🤲🏻КЕРЕМЕТ ДУБА

"Оо, Раббым !.Дүйнөм көчүп, үмүтүм өчүп, кыялдарым талкаланып, жүрөгүм жараланып жай таппай турганда, Өз сөздөрүң менен " Кулум! Кайгырба мен сени менен биргемин!" деген эскертүүңдү жүрөгүмө салып, жан дүйнөмдү тынчтанып, иштеримди ийгиликтүү, жолумду ачык кыл. "Мүмкүн эмес" деп ойлогон кыялдарыма канат болгон үмүтүмө жарык берген  жакшылыктын эшиктерин жашоомо ачып бер.. Эч качан  мени жалгыз калтырба. Сенин жолуңа багыт алган жолумда түз жүрүп, алсыздыгымдан кетирген  каталарымды, күнөөлөрүмдү Өзүң кечирип, туура чечим, туура тандоодон жаңылтбай тагдырымды сыйга бөлө....Амиин!..

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 05:30


ЖУМА МААРЕК БОЛСУН!
АЛЛОХУММА СОЛЛИ ЪАЛЛА МУХАММАДДИН ВА АЪЛЛА АЛИ МУХАММАД 🌿🌾📚

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 05:24


🤲🏻КЕРЕМЕТ ДУБА

"Оо, Раббым !.Дүйнөм көчүп, үмүтүм өчүп, кыялдарым талкаланып, жүрөгүм жараланып жай таппай турганда, Өз сөздөрүң менен " Кулум! Кайгырба мен сени менен биргемин!" деген эскертүүңдү жүрөгүмө салып, жан дүйнөмдү тынчтанып, иштеримди ийгиликтүү, жолумду ачык кыл. "Мүмкүн эмес" деп ойлогон кыялдарыма канат болгон үмүтүмө жарык берген  жакшылыктын эшиктерин жашоомо ачып бер.. Эч качан  мени жалгыз калтырба. Сенин жолуңа багыт алган жолумда түз жүрүп, алсыздыгымдан кетирген  каталарымды, күнөөлөрүмдү Өзүң кечирип, туура чечим, туура тандоодон жаңылтбай тагдырымды сыйга бөлө....Амиин!..

ОКУРМАНЫММ📖📚

15 Nov, 05:23


Саламатсыздарбы Бир Кун келет бардык жагынан ойлогон максатынызга жетесизСаламатсыздарбы Бир Кун келет бардык жагынан ойлогон максатынызга жетесиз

ОКУРМАНЫММ📖📚

02 Nov, 17:17


Укташ керек..

ОКУРМАНЫММ📖📚

02 Nov, 08:19


https://t.me/addtheme/BlackArt_tb

https://t.me/addtheme/HouseInTheWood

https://t.me/addtheme/IxjTYzeXQr2KmPqr

Булар айфондор үчүн.

https://t.me/addtheme/OnxfW9yTpLxdRNKk

https://t.me/addtheme/oNwqIVYrqdSgm5gk

https://t.me/addtheme/v3vWZt0lqeckNkWo

ОКУРМАНЫММ📖📚

01 Nov, 19:23


Телеграммынызды кооздоп алыңыз. Сизге менден белек болсун🤍

Төмөнкү темаларды басыңыз👇
💕˖⁺. ༶ ˙⊹❀🌷 ༶ ⋆˙⊹❀🦋༶ ⋆˙⊹❀⭐️

        немножко милых темок 🥰

⋆⁺₊⋆ котик ⋆⁺₊⋆

⋆⁺₊⋆ пингвинчики ⋆⁺₊⋆

·:*¨༺ чёрный ༻¨*:·

♡〜٩( ˃ stray kids ˂ )۶〜♡

⋆⁺₊⋆ бежевая ⋆⁺₊⋆


Активдүү болуп туруңуздар 🤗🤗
Дагы көп көп чыгарам..🥰

ОКУРМАНЫММ📖📚

01 Nov, 15:12


Ушул күндөрдү сагындым 😍🥹

ОКУРМАНЫММ📖📚

31 Oct, 19:19


Нурсултан Малдыбаевдин «Балалык» аттуу ырынан үзүндү.

ОКУРМАНЫММ📖📚

31 Oct, 19:01


Күндүн билдирүүсү:

• Баарына жагуу аракетин таштаңыз.
• Жок деп айтуудан коркпоңуз.
• Сизге туура эмес сезилген эч нерсе кылбаңыз.
• Өзүңүз жөнүндө жаман айтпаңыз.
• Сизге жакпаган адамдар менен сүйлөшпөңүз.
• Эки жүздүү адамга кайра ишенбе.
Эч кимди сени сүйүүгө мажбурлаба.
• Кыялыңыздан баш тартпаңыз.
• Өзүңүздү баалаңыз…

ОКУРМАНЫММ📖📚

31 Oct, 18:56


Тыңда!

Тыңда, ашыктарым,
Жар тандоого - ашыкпагын!
Ката болуп калып эртең...
Көздөрүңдөн жаш сыкпагын!
Сөзүн эмес - ишин кара,
Сыртын эмес - ичин кара!
Бил карындаш, түшүн, баала!
Жан издебе көңүлдүккө,
Жар издегин өмүрлүккө!

musulman.aiym

ОКУРМАНЫММ📖📚

30 Oct, 08:12


Чач башта турса - баалуу, көрктүү. Ал эми жерге же тамакка түшсө - жийиркеничтүү же жагымсыз.

Демек баардык нерсе өз ордунда болсо жакшы ары барктуу. АДАМ ДАГЫ!

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Oct, 18:07


Катталыңыздар.

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Oct, 18:03


https://t.me/putniktvoi

ОКУРМАНЫММ📖📚

29 Oct, 05:31


Встретимся ли мы?……..

ОКУРМАНЫММ📖📚

28 Oct, 17:33


Апакем саатты сураганда 🕞 : " Чоңу алтыда , кичинекейи үчтө " - деген, убакыттарды сагындым..🥹

ОКУРМАНЫММ📖📚

28 Oct, 17:24


Татынакай Нарындык тоонун кызы,
карегине чөккөнбү дейм ай-жылдызы.
Конокко кокус барсаң тосуп алат,
колдорунда даяр наны,эт,кымызы.

ОКУРМАНЫММ📖📚

28 Oct, 17:15


Ордо шаар Оштук кыздар сүйдүргөн,
сулуулугу кыйла жанды күйдүргөн.
Тоотпостон басып кетип керилип,
далай жолу кабактарды түйдүргөн

ОКУРМАНЫММ📖📚

28 Oct, 15:54


Бакыраң көз Баткенимдин сулуулары,
Өрүкзардын гүлүндөй сулуу баары.
Келиңиз деп сыйлаган конокторун,
Балдай ширин сөздөрү болот даары.

ОКУРМАНЫММ📖📚

28 Oct, 15:53


Мен сүйдүм Ысык-Көлдүн Ак-Кууларын,
Бирок да эссиз эмес баштууларын.
Сүйбөдүм узун кара чачтууларын,
Сүйдүм мен көңүлүмдүн жактырганын.
Мен сүйдүм,мени чындап ал да сүйдү,
Үйлөндүк,үйүбүзгө бакыт кирди.
Ал Ак куу Ысык-Көлдө сүзгөнүндөй,
Турмуштун көлүндө да сүзө билди.


Байдылда Сарногоев

~~~~~

ОКУРМАНЫММ📖📚

28 Oct, 15:37


“Кыздын сүрү”

Мен сүрдөнбөйм,сүрдүү жолборс сүрүнөн,
Мен күймөлбөйм анын күчтүү күүнөн.
Мен сүрдөнөм жаш балача жалтанам,
Сүйгөн кыздын сүзүлүңкү сүрүнөн.
Бирок сулуу,билер бекен бул күчүн,
Билерине күмөн болуп мен жүрөм.

———Алыкул Осмонов

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Oct, 17:48


https://t.me/akbermet2004/121

ОКУРМАНЫММ📖📚

27 Oct, 14:28


Жүрөктүн кылын чертип жай гана,
Жүрөсүң кылыктанып наздана,
Көзүнө окшобогон башканын,
Көздөрүң сенин башкача.

ОКУРМАНЫММ📖📚

26 Oct, 11:06


Сиздер үчүн Ар тараптуу пайдалуу каналдар топтому

Каналдарга кирүү үчүн 👇

ОКУРМАНЫММ📖📚

24 Oct, 09:37


Жашоодо бирден-бир эрежени сакташ керек, бул бардык кырдаалда адам бойдон калуу.

ОКУРМАНЫММ📖📚

24 Oct, 09:14


Мээримдүү тил, кылычтан курч..🤍

ОКУРМАНЫММ📖📚

24 Oct, 09:08


Биринде көңүл таштай,
Биринде көңүл жаздай.
Кечигип сүйүнүчтөр,
Кетүүдө өмүр актай.
Кербендер өткөн жерден,
Керемет көктөм жерден
Келатам көңүл таппай..!

Жеңишбек Жумакадыр

ОКУРМАНЫММ📖📚

24 Oct, 09:03


Өкүттүү, кусалуу, жараттуу,
Өзгөчө армандуу, азаптуу:
Өзөктү тытмалап да бир түн -
Өзүңсүз дагы бир таң атты.

Сүңгүп мен чыгалбас санааны айт…
Сүрүлгөн, сүрүнгөн жараны айт…
Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы:
Сүйдүргөн - сүйгөндү аябайт.

Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
Мен келем, сен “эшик” ачпайсың.
Мен жетчү бактыны ыйлатып,
Мен кетчү жолума таштайсың.

Сенсиз мен адашкан жөжөдөй,
Сени издеп, чыйпылдап жөнөмөй.
Серпилсем бир сенсиң билмексен,
Сен үчүн бир жалгыз - мен өгөй!

Элмирбек Иманалиев

ОКУРМАНЫММ📖📚

24 Oct, 02:10


"Билгиси келбейт адамзат
Бир кетсе өмүр келбесин"

ОКУРМАНЫММ📖📚

23 Oct, 09:48


Үч нерседе этият бол:

Бактылуу кезиңде убада берүүдө.
Ачуулуу кезиңде жооп берүүдө.
Кайгылуу кезиңде чечим чыгарууда.

ОКУРМАНЫММ📖📚

22 Oct, 17:21


Жанымда эмес,жүрөгүмдө барсың,
Көз алдымда эмес,оюмда барсың.
Күндө сени көрбөсөм да,
Кудайга шүгүр дүйнөдө барсың.

Сүйгүм келет мени сүйгөн адамды,
Ыйык туткан чындык менен ыйманды.
Ар убак колдоп дайым мени түшүнгөн,
Сүйсөм дейм эң жөнөкөй бир жанды.

ОКУРМАНЫММ📖📚

22 Oct, 16:43


Махабаттын отуна күйүп өтөм
Ак сүйүүмдү башыңа үйүп өтөм
Эркелигиң кыла бер өмүр бою,
Эрке кызды түбөлүк сүйүп өтөм.

Бал сөзүмдү сага деп арнап өтөм
Ак сүйүүңдү туу тутуп кармап өтөм
Сен да менин жанымдан алыстаба
Мен да сени бир өмүр жандап өтөм

Көздөрүңдү сүйөм да балбылдаган
Өтсүн мүнөт мезгилдер ай жылдаган
Экөөбүздү түбөлүк бирге кылып
Ак махабат кармасын айрылбаган

ОКУРМАНЫММ📖📚

20 Oct, 17:10


Таптым сени таңда ырдаган
Булбулдардын ырынан.
Түбөлүктүн түбүн көрдүм,
Ырдап айткан сырынан.
Чексиздикке моюн сунуп
Бул жалгандын кырынан,
Ак сүйүүнүн АКтыгына
Тизе бүгүп, сыйынгам!

Таптым сени наристенин
Ыңаалаган ыйынан.
Ыргагына батпай кетип,
Ташып жаткан бугунан:
- Эй, Адамзат, уккун мени!
Көңүл коюп угуп ал!
Мен - сүйүүнүн жарчысымын! -
Деген укмуш ыр угам!

Таптым сени ээн талаада
Кеңирсиген белестен.
Бар жеринде бажырайып
Кызыл-кызыл гүл өскөн.
Торгой сайрап асманында
Тоо гүлүнө ашыгып,
Күү черткенде ыргалышып
Гүлдөр вальсын бийлешкен.

Таптым сени акылмандын
Айткан жомок сөзүнөн.
Жомоктогу алма-бактын
Бышып турган кезинен.
Ал бакчаны издеп жүргөн
Жолоочунун изинен.
Таптым сени куса болуп
Араң жүргөн өзүмөн!

— Аскат Жетиген

ОКУРМАНЫММ📖📚

19 Oct, 21:28


“Молдо кыз”
Жакындасам жаныңа,
Артка жылба молдо кыз.
Сүйө албаймын сизди деп,
Тынч коюңуз бизди деп,
Фатва кылба молдо кыз,

Сизди ойлоп туруучу,
Адатым бар молдо кыз.
Чакырсаңыз учканга,
Канатым бар молдо кыз.
Сиз дегенде бүтпөгөн,
Санаатым бар молдо кыз.

Сиздей кызды сүйгөнгө,
Укугум бар молдо кыз.
Үстүңдөгү көйнөктүн,
Гүлү сенсиң молдо кыз.
Үмүт кылган бейиштин,
Үрү сенсиң молдо кыз.

——Эламан Келдибеков.
(Кыргыздын чыгаан Төкмө акыны.Кыргыздын азыркы Барпысы.Бул ырдын анча-мынча саптары тамаша түрүндө айтылган.Ошого сын такпаңыздар бул ырга.

ОКУРМАНЫММ📖📚

18 Oct, 11:41


- قدّر الأشخاص الذين يستطيعون رسم البسمة على وجهك حتى لو لم يكونوا فنانين..!

- Сүрөтчү болбосо дагы, жүзүңүзгө жылмаюу тартуулай турган адамдарды баалаңыз..❤️

ОКУРМАНЫММ📖📚

17 Oct, 06:40


Сенин кадимки күнүң кимдир бирөө үчүн- кыял! Андыктан Кудайга ар күнү шүгүрчүл бол.😊

ОКУРМАНЫММ📖📚

16 Oct, 22:52


Жашоо тагдырдын өйдө-ылдыйы, оош-кыйышы адамдын мүнөзүн өзгөртөт, ошондон улам тагдыр бир калыпта, бир беткей болбойт.
Бирде ал нур чачкан жүзүн көрсөтсө, бирде муздак жел жүргөн караңгы бетин көрсөтөт. Мунун эки жүзүнө тең чыдоо керек.
Жарык жүзүн көрсөткөндө жарылба, сүйүнүчтөн ашып ташыба, караңгы жүзүн көргөндө мүңкүрөбө, муңканба, муңайба, бир калыбыңдан жазба.

Бул жашоого эртелеп тагдыры чийилип келген адамдар өтө аз болот. Адамдын тагдыры көп учурда адамдын ой толгоосунан болот. Көп учурда адам жашоосунда коркунучту багып, санаага толуп, түйшүк көтөрүп, көңүлүн чөктүрүп жарыгын азайтып алат. Жарык азайган сайын адамдагы коргоочу күч алсырайт, алыстайт.
Жарык маанай, жакшы ой адамдын көкүрөгүн эле кубаттабастан, адамдын коргоочу күчүн да кубаттайт.
Эгер адам көп муңканса адамдын жарыгы кетет, жашоосу оордойт, адам кубатка толбойт.
Эгер адам жарыкты бакса, азга каниет кылып кубана алса, ага Кудай көп жарыкты тартуулай баштайт. Адам жашоосундагы кичинекей жакшыны уютуп, чоң жакшыга жете баштайт.
Адамдын кубатына кубат кошулат, жарыгына жарык кошулат, тооруган жамандар кетенчиктейт.
Жашоого кубанган адамдардын ийгилиги көп. Жашоого нааразы болгон адамдын кубанычы азаят. Ыраазы болгон адамда мүмкүнчүлүктөр көп болот деп айткан экен акыл ээси Сарт аке.

Сарт аке - кыргыздын кадырлуу 7 акенин бири.

Жылдыз Капар эженин баракчасынан алынды

ОКУРМАНЫММ📖📚

16 Oct, 22:51


Биз кыргыздар 10 жылдап 2 этаж үйдү салып, заңгыратып эл чакырып, той берип, эл көргөндөн кийин жалпыйган 2 бөлмөлүү времянканы бүтүрүп, ошодо жашап калат экенбиз. Баягы заңгыраган үй коноктор үчүн салынгандай аздектейт экенбиз. Буюмдун да тазасы, кымбаты деп бекитинип, түйүнүп, керек болсо алдыбызда салынып турган килемден бери сыйрый салып бекитип, бутубузга суук өтүп жашайт экенбиз.

Кызык, ушундай жашоо кимге керек? Өлсөк үйдү алып кетпесек, сары майдай сактаган буюмдар көрүбүзгө коюлбаса, эл көрсүнгө жашайт экенбиз да…

ОКУРМАНЫММ📖📚

14 Oct, 19:02


Үн катпадың,мен дагы унчукпадым…
Мейли эми,мен айтайын сөздүн башын,
Качанга чейин жүрө беребиз таарынышып…
Айтчы деги карызыңды качан кайтарасың…?👌

Адамдын кандай экенин билгиң келсе,карызга акча берип көр…

ОКУРМАНЫММ📖📚

14 Oct, 16:29


“Орус кызына”

Ачык мүнөз,сүттөй тунук ыраңың,
Сүйгүлүктүү сенин сүйүү кылдарың.
Мүчө көркү,сулуулугу жагынан,
Сендей болсун,менин Кыргыз кыздарым.

—— Алыкул Осмонов.

Бирок кантсе да Кыргыз кыздарында эч кандай косметикасыз табигый сулуулук бар.Ошон үчүн мен Алыкул Осмоновдун бул ырына ырына таптакыр кошула албайм.Тескерисинче сулуулук жагынан болобу же тарбия жактан болобу айтор бүт жактан Орустун кыздары Кыргыз Кыздарынан үлгү алышы керек.😊. Мен үчүн ар бир Кыргыз кызы Курманжан датка,Каныкей.

ОКУРМАНЫММ📖📚

13 Oct, 12:00


Кээде апабыз : " самолёёёт " - деп тамактандырып койгон убакка кайткың келет..🥹

ОКУРМАНЫММ📖📚

12 Oct, 10:10


Адам башынан өткөрө ала турган эң сонун укмуштуудай сезим – бул Раббиси менен чын ыкластуу байланыш сезими.

биз көп учурда аны жоготуп алабыз, анан табабыз, анан кайра жоготуп, кайра табабыз.

жана ар бир жолу бул табылга сүрөттөлбөй турган укмуштуудай бакыттын деми сыяктуу.🕊💚

6,871

subscribers

551

photos

171

videos