‼️Социал-демократтар партиясынын Instagram баракчасы хакердик чабуулга кабылды. ✔️Бул тууралуу партиянын мүчөсү Кадыр Атамбаев фейсбук баракчасына жазды.
✔️“Кечээ биздин Instagram аккаунтубуз менен байланышкан электрондук почта дареги хакердик чабуулга кабылды. Натыйжада партиянын Instagram баракчасы - SocialDemocrats2024 аккаунту уурдалып алынып, сырсөз өзгөртүлгөн. Учурда Instagramдагы расмий кече профилибизге кире албай жатабыз.
Биз Meta өкүлдөрүнө бул окуяны тез арада карап чыгууга, аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүүгө жана керектүү маалыматтарды тактоо үчүн биз менен байланышууга чакырабыз. Байланыш үчүн партиянын расмий электрондук почтасынакайрылыңыз:
[email protected]. Биздин аккаунтту коопсуздандыруу үчүн сиздердин колдооңуздарды күтөбүз.
Түшүнгөнүңүз үчүн рахмат”, деп айтылат кайрылууда.