poeziya_bayandary @poeziya_bayandary Channel on Telegram

poeziya_bayandary

@poeziya_bayandary


Жан жыргалыма…

Админ: @borbueww

poeziya_bayandary (Kyrgyz)

Добро пожаловать в канал поэзии под названием 'poeziya_bayandary'! Этот канал предлагает вам уникальную возможность окунуться в мир поэзии на кыргызском языке. Здесь вы найдете стихи, которые заставят вас задуматься, почувствовать глубину чувств и эмоций, переданных через строки поэзии.

Админ канала - @borbueww - собирает лучшие и самые проникновенные стихи кыргызских поэтов, чтобы подарить вам удивительный опыт чтения и погружения в мир слов и чувств. Он заботится о том, чтобы каждое произведение, опубликованное на канале, донесло до вас всю глубину поэтического искусства и помогло вам почувствовать магию слов.

Если вы цените поэзию и хотите расширить свой кругозор в этой области, то канал 'poeziya_bayandary' станет вашим надежным проводником в мире кыргызской поэзии. Присоединяйтесь к нам, чтобы насладиться прекрасными стихами и поделиться своими впечатлениями с единомышленниками!

poeziya_bayandary

11 Feb, 08:00


“Кат жазчы мага”
автор: Фатима Абдалова
аткарган: Алтынай Нарбаева


Кат жазчы мага,
Бир келген биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм, күлүп,
Кайгырсам, кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.
Кайырма:
Кат жазчы мага,
Билдирип аман барыңды,
Адамдар курчап, агылган жолдо жалгызмын.
Ак желек тагып,
Ар күнү сагынч жөнөткөн,
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Айнектей тунук сүйүүнү кайда калтырдың?
Кат жазчы мага,
Недендир абдан кусамын.
Канча жыл өттү,
А сенден дарек укпадым.
Канча бир түндөр,
Кабарың бербей койду деп
Таарынып жатып,
Сагынып жатып, уктадым.
Кайырма:
Кат жазчы мага,
Жолукпа, бирок билүүлүк.
Кат менен келсе кабарың – ошол сүйүнүч.
Катыңды жыттап,
“Жарк” этип жайнап алармын,
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Өзүңсүз жылдар өтүштү мени үшүтүп.
Кат жазчы мага,
Кусадар күндөн ал сурап,
Кут болуп катың, жанымда жүрсүн ар убак.
Жообумду жазам,
Жөнөтчү дагы жаңы кат,
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Сезимдер үчүн, көңүлдөр үчүн жаркырап.
Кат жазчы мага

poeziya_bayandary

07 Feb, 06:26


“Багым ай”
с.о.Элмирбек Иманалиев

Жаныңда жүрсөм жарым ай,
Эскирген күндөр жаңыдай.

Көпчүлүк жүрөт, сен жоксуң,
Көрүнсөң боло багым ай,

Жарымы сенде барчылап,
Жаш жаным сага тартылат.

Тиктешкен көзгө эрк берип,
Тилим да үнсүз алсырап.

poeziya_bayandary

05 Feb, 13:54


Жоробек аба туура айткан окшобойбу, ээ?🙂

poeziya_bayandary

03 Feb, 13:04


Тоого булут оролгондой төгүп жаш,
Толкунунда ашыгылыктын жүрөм мас.
Өзүңдү таап, аяп калдым өзүмдү,
Мерез элем өзүмдү бир барктабас.


—Элмирбек Иманалиев

poeziya_bayandary

29 Jan, 11:37


«Сулууга»

Булактай көздөрүң башкача экен
Бул кечте сага эч ким жакпаса экен.
Мен сага сүйөм деп айткычакты,
Кимдир бирөө озунуп айтпаса экен.

Ботодой көздөрүң бал-бал жанат,
Канбаймын карегиң талбай карап.
Мага эми эч качан тынчтык бербес,
Махабат жүрөккө салган жараат.

Мага сен сурандың келиңиз деп,
Махабат ыр ырдап бериңиз деп.
Ырымды баштадым сүйүнүчтөн,
Өзүм да жүргөнсүп сени издеп.

Термелген кирпигиң төгүлөт да,
Көздөрүң көзүмө өбүлөт да.
Маңдайың жаркырап күлүп бассаң,
Маралдай маңкайып көрүнөт да.

Ирмелген кирпигиң төгүлөт да,
Көздөрүң көзүмө өбүлөт да.
Маңдайың жаркырап күлүп бассаң,
Маралдай маңкайып көрүнөт да.

Буралып, ийилет кымча белиң,
Кыйналып, күйүгөт мынча демим.
Ырымдын аягын бүтүрбөстөн,
Жанымда узакка турса дедим.

Тартуулап көөнүңө таттуу кумар,
Койкоёт моюнуң ак куу сымал.
Татына көркүңө көз тийбеске,
Тагылсам дедим мен сага тумар.

сөзү: Бактыгүл Чотурова
обону: Сыймык Бейшекеев

poeziya_bayandary

28 Jan, 05:57


«Ошол жаштык»

Турбаган соң, дапдаяр колдо баары,
Туура беш күн, беш түнүм жолдо калды.
Арып-азып шаарга да жеткен экем,
Андан дагы калганы эсте бекем:
Жуунуп шаардын аппак ваннасына –
жуулуп балалыгым кеткен экен.
Ванна, унитаз, күзгү – мен карап ага,
Карап ага заматта таппай калдым,
Кайда калды баё бир кара бала?..
Балалыкты Ак-Жарда баткак кеччү,
Баарын жууп салган го, аппак тепши?

Атаң көрү, шаар деген – шаар экен да!
Шаардын чоңу болбойт эй… Тар экен да.
Түк бир-бирин тааныбас адамдарга:
«Түртүшкүлө!» – деп салган жай экен да.
Салам айтсаң улууга: – Ким элең? – дейт…
Сакалдуусу деле «бир жан» экен да.
Эки «Волга» айдаган шаардыгыңдан,
Эшек минген айылдык бай экен да.

Шаар дегениң, оо көрсө, шаар экен да!
«Шаардык» деген бир байкуш жан экен да.
Байсак, Ырыс өңдөнгөн ынак таппай;
Минүүгө эмес, көрүүгө бир ат таппай;
Жата калып шимирген булак таппай;
Шаар дегениң… кокуй күн, шаар экен да!
Чоң шаар деген болбойт эй… Тар экен да.

Айлым келет эсиме сыздап анан,
Андагыдай сагыныч кыйнабаган.
Агалар бар: Мурадил, Сардар деген –
алар уктап калганда… Ыйлап алам.

Балалыктын андагы кызыгы ай…
Баткан күндүн артында кызылындай.

— Элмирбек Иманалиев

poeziya_bayandary

27 Jan, 13:22


Мен аярлап, сактай албайм эч нерсе,
Мендик сүйүү отко түшүп күйбөсүн...
Бекер берем, алгыла ушул сүйүүнү,
Мен жаманга убал болуп жүрбөсүн...



—Баяман Нурбек

poeziya_bayandary

27 Jan, 03:02


Көз көргөнүн унутар, бирок, жүрөк сүйгөнүн унутпайт...

poeziya_bayandary

24 Jan, 10:31


“Менин жалгыздыгым,
инсандарга толгон.”


— Франц Кафка
Кыргызчалаштырган: Марат Борбуев

poeziya_bayandary

24 Jan, 06:06


Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн?

poeziya_bayandary

22 Jan, 09:31


Кээ бир инсандар өздөрүн “сүйүүгө”ылайык эмес деп эсептешет. Ошондуктан кайгыга дуушар болуп, өзү менен өзү болуп калышат. Адамдар жок тынч жерлерди эңсеп калышат. Өтмүштөн качып кетүү үчүн, качып кеткенди дурус деп билишет…
(Мына мага окшоп)😄



Марат Борбуев

poeziya_bayandary

21 Jan, 14:32


Сиз үчүн көлчүктү кечип өтө албаган
адамдар үчүн, деңизди кечип өтүүгө
шашпаңыз...


— Достоевский.


Которгон: Борбуев Марат

poeziya_bayandary

20 Jan, 06:06


«Мен инсанмын, адашып калышым мүмкүн. Мусулманмын, бирок Ислам дини эмесмин. Андыктан эл менден эмес Пайгамбарыбыздан үлгү алсын».


—Чубак ажы Жалилов

poeziya_bayandary

17 Jan, 03:49


Адам жар тандоодо өтө кылдат мамиле кылганы абзел. Ар бир жандын түгөйү табылып, бактылуу болууга укуктуу. Андыктан семинарга келип жакшы ой-тилектерди өзүңүздөргө сиңирип кетүүңүздөрдү сунуш кылам.😃

poeziya_bayandary

16 Jan, 10:19


Миң сулуунун ичинен,
Бир өзүңдү каалаймын,
Туткуну болдум эркем,
Тушалган бул жагдайдын.
Бир өзүңдү ойлоймун,
Бир өзүңдү самаймын.
Тагдырга башымды ийип,
Тарттым сен деп убайым.
Убайым эй, убайым ой, убайым.


с.о. Аскат Жетиген “Зарыкканда”

poeziya_bayandary

16 Jan, 05:59


Айыбы жок жаралган,
Ажайып көркөмүңө.
Ашыгып ыр арнаймын,
Асыл кечим өзүңө.
Өчпөс болуп жанасың,
Өрт сымал жүрөгүмдө.
Өзүң гана болсоң дейм,
Өмүрлөшүм өмүрдө.
Өмүрдө эй, өмүрдө ой, өмүрдө.




с.о. Аскат Жетиген “Зарыкканда”

poeziya_bayandary

14 Jan, 17:37


Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым?

poeziya_bayandary

14 Jan, 06:48


Адам кандай балээ-кырсыктарга кабылса да, андан кутулуу сөзсүз болот.

poeziya_bayandary

13 Jan, 17:29


Баарыңды таштап кетейин дедим. Бирок
эч ким жок экен…



— Достоевский


Которгон:lidapoetry

poeziya_bayandary

13 Jan, 11:36


“КОШ ДЕГИМ КЕЛБЕЙТ” — бул сүйүү, кыйынчылык жана сүйүшкөндөрдүн тагдырга каршы туруусу жөнүндө көркөм баяндалган окуя.❤️

“КОШ ДЕГИМ КЕЛБЕЙТ” — это история о любви, боли и силе духа, которые сталкиваются с непримиримой судьбой.❤️

16-январьдан баштап баардык кинотеатрларда 🎞️🍿
С 16-января во всех кинотеатрах 🎞️🍿

#кино #фильмы

poeziya_bayandary

12 Jan, 11:00


Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй,майда сүйбөйлү…

Автор: Нурак Абдрахманов
Аткарган:Юлия Руцкая

poeziya_bayandary

12 Jan, 10:20


Үзүлүп, үзүлбөгөн үмүт жаман,
Үшкүрүк өчүрбөгөн күйүт жаман.
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы,
Көгөрүп каяккадыр сүзүп барам.

З.Ажыматов

poeziya_bayandary

08 Jan, 08:02


Түтөгөн өмүрүмө жалын тилеп,
Сен мага бересиңби асыл жүрөк?
Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет.


— Элмирбек Иманалиев

poeziya_bayandary

06 Jan, 18:48


Көз жетпей калган кездерде, Ишенем сага деп турасың. Ыгын таап чыксам деңгээлге, Көөп кетпе жаным деп турасың.
Көз караштарың (ууф), Кээде мага сен тултуюп. Сүйдүрүп алып сен култуюп, Отурасың булбулум. Унтуп кетсем өппөй, Куйкалайсың өрттөй. Сенсиз билсең жаным, бир дагы тамак өтпөйт.

Jax (02.14) — Жубайым

poeziya_bayandary

05 Jan, 15:41


Бакытты издегендерге. “ Көзүңөрдү жумгула!” Анткени “ бакыт” көз менен эмес, “ көөдөн” менен көрүлөт тура.

poeziya_bayandary

05 Jan, 15:28


Акылдуулардын эң жаман сыпаты-өзүн акылдуу көрүшү. Чыныгы даанышмандар өзүнөн баарын бийик көрөт.

poeziya_bayandary

04 Jan, 21:13


Мени турмуш иттен жаман талады,
Аргам барбы, ушул болсо талабы ?
Мени балким ойлоп койгон чыгарсың:
Не кылам ? - деп, мындай жүдөө баланы.


Бектурсун Адиев

poeziya_bayandary

04 Jan, 21:08


Күйүтүм айтсам түшүнөөр белең?
Же шылдыңдап күлөөр белең, каралдым?!

poeziya_bayandary

04 Jan, 16:08


— Зайырбек Ажыматов “ДОС”.

Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам...
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Турмушка куурчак болдук ойнотулган,
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу катын алып…
 

Эх досум,
Кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.
Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,
Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,
Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,
Мен бүгүн сага атайын барайынчы,
Ыр окуп анан досчо сөгүшкөнгө…

Эх досум,
Өмүр деген аргымакпы?
Шашабыз карап алып алды жакты.
Билемин канча боздоп ыйласак да,
Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты.
Эми түк ырдап бербейт баягыдай,
Капилет жоготконбуз Калмуратты.
Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк,
Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,
Барында бапыратып мактай албай,
Калдык биз ошол досту барктай албай.

Эх досум,
А мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды айыкпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле жетимсирейм, кусаланам,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун,
Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.
А баса, коркпо бирок тоорулам деп,
Азыр мен баягыдай ичпей калдым,
Мас болуп милицияга түшпөй калдым….

Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам...

poeziya_bayandary

03 Jan, 13:53


Өкүнүч.

Өмүрүмдө өчкүс болуп,
Өкүнүчүм ичте калды.
Убадаңды аткара албай,
Ууландырып кеттиң жанды.
Түшүнбөпмүн түгөйүмдүн,
Экендигин ичи жарды,

Кайырма:
Ак сүйүүмдү сезбегенди,
Зарлап күтсөм келбегенди,
Саана тартып сагыныпмын…
Кадырыма жетчүлөргө,
Жаным барктап өтчүлөргө,
Кезиксем да жаңылыпмын.
Жаштык кылып жалыныма,
Жалгыздыктын тагдырына,
Жашоодо мен жаңылыпмын.

Кыялбаймын дале сени,
Бир кездерде жалындадың.
Унутаарсың дагы бир күн,
Өмүрлүк жар боло албадың.
Бакыт кушу колдон учуп,
Тагдыр бизге кылды кастык.

Сени мага жолуктурган,
Тагдырды мен күнөөлөбөйм.
Арманым бир айрылышуу,
Айтарым сага чын көңүлдөн.
Сен да мендей арман кылып,
Өтөөрүң чын бул өмүрдөн.

Эрте-кечтир жолугаарбыз,
Бирок сезим муздап калган.
Баштагыдай болбойт баары,
Үмүтүмдү үзүп салгам.
Ишеничтин жиби үзүлдү,
Ишенбеймин эми сага!

Автор: Жеңишбек Сатыбалдиев
Аткарган: Калыс Айтбаев

poeziya_bayandary

30 Dec, 17:43


Буулуккан булут болдум мен,
Буркурайт жамгыр ичимде..

-Э.Иманалиев

poeziya_bayandary

30 Dec, 12:57


Көрүү үчүн сулуулукту сендеги,
Көздөр менен кароо керек мендеги.


— Сыймык Райымбердиев

poeziya_bayandary

29 Dec, 07:07


Күмүш күндөр миң,
Бирок, досум, түшүнгүн
Эң кымбатың эртең эмес,
Ушул күн.



Аткарган:Гүлнур Сатылганова
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Эркин Мээркановдуку

poeziya_bayandary

27 Dec, 04:15


Эртең туугандар!

poeziya_bayandary

27 Dec, 04:15


«ПОЭЗИЯ» аземи
⌛️28.12.2024 14:00
📍«Достук» мейманкана , Империал

+996 507 563 824

Биздин коноктор🎙️
@akbar_kubanychbekov
@_abakiroff_
@bektemirmaratovich
@bektursun_adiev
Айтбубу Абдугаффаровa
Марат Борбуев

🛑БИЛЕТ АЛУУ ҮЧҮН “профиль шапка профиля” ссылкага кириңиз! @bilik.kg
🏷️Билет баалары 500-700-900-1100

poeziya_bayandary

25 Dec, 05:07


Арзандатуу менен курстан баасы болгону
250 сом.😍😍

poeziya_bayandary

25 Dec, 05:07


https://chat.whatsapp.com/HRxoLx9A8NX3CTItezEyCK

poeziya_bayandary

25 Dec, 05:06


Биздин пррограммадан
✔️Ачыткы жасоо 4 тур
✔️ Гипс смоладан буюм 20 тур
✔️ Мила Самын жасоо 17 тур
✔️ Сухой фруктыдан букет 3 тур
✔️ Самындын 17 түрү
✔️ Мароженный 4 тур
✔️ Суусундук 5 тур
✔️ Маршмеллоу 4 тур
✔️ Арзан торттор 2 тур
✔️ Хит той себеттер 4 тур
✔️ Хан себет 2 тур
✔️ Полуфабриканттар 8 тур
✔️ Зеркальный посуда 3 тур
✔️ Этажерка посудасы
✔️ Рулет татуулары
✔️ Суши роллы  8 тур
✔️ Стекло себеттер
✔️ Гигант гулдор 7 тур
✔️ Шарик таттуулар 6 тур
✔️ Соолубас гулдор
✔️ Салаттар 40 тур
✔️ Тамактар 35 тур
✔️ Выпечка 30 тур
✔️ Тигуучулук мк
✔️Чонток седвич
✔️Дубай шокалад
✔️КИРЕШЕЛҮҮ ВЫПЕЧКАЛАР 26 РЕЦЕПТ*
✔️ПОВАР НА ВЫЕЗД 35 РЕЦЕПТ*
✔️КЕБАБДАР ДҮЙНӨСҮ 10 РЕЦЕПТ*
✔️КОРН ДОГ МК*
✔️ПИРОГДОР 12 РЕЦЕПТ*
✔️ТРАЙФЛ МК*
✔️*ХИТ САЛАТТАР(ТОЙСКИЙ) 20 РЕЦЕПТ* ✔️ПОЛУФАБРИКАТТАР 12 РЕЦЕПТ*
✔️МЯСНОЙ РУЛЕТТЕР 14 РЕЦЕПТ*
✔️КОРЕЙСКИЙ САЛАТТАР 12 РЕЦЕПТ*
✔️БЕНТО ТОРТТОР 6 РЕЦЕПТ* ✔️МАГАЗИНСКИЙ МЕДОВИК , ПИЦА*
✔️ЧИЗКЕЙК ТОРТТОР 14 РЕЦЕПТ*
✔️ АШ ЛЯН ФУ 7 РЕЦЕПТ* ✔️*СУУСУНДУКТАР 15 РЕЦЕПТ*. ✔️КЫШКЫ ЗАГАТОВКА 13 РЕЦЕПТ*
✔️ РОЛЛКЕЙКТЕР
✔️БАЕР курсу

poeziya_bayandary

24 Dec, 13:29


“КОШ ДЕГИМ КЕЛБЕЙТ” — бул сүйүү, кыйынчылык жана сүйүшкөндөрдүн тагдырга каршы туруусу жөнүндө көркөм баяндалган окуя.❤️

“КОШ ДЕГИМ КЕЛБЕЙТ” — это история о любви, боли и силе духа, которые сталкиваются с непримиримой судьбой.❤️

16-январьдан баштап баардык кинотеатрларда 🎞️🍿
С 16-января во всех кинотеатрах 🎞️🍿

#кино #фильмы

poeziya_bayandary

24 Dec, 12:44


Кош дегим келбей
Акыркы жоолугушуу
Айыкпас оорум ушу
Кош дедиң шыбырап
Кош дедим шыбырап
Койбербей колдун учу

Акыркы жоолугушуу
Ачакей жолдун учу
Жаш турду кылгырып
Жан-дүйнөм буулугуп
Үмүттүн учту кушу

Кош дегим келбей
Колуң кыса кармап жибербей
Сүйбөс сени эч ким бир мендей
Бир мендей...
А мени сендей...

Кош дегим келбей
Көздөрүңдөн өптүм жибербей
Сүйбөс билгин эч ким бир мендей
Бир мендей...
А мени сендей...

А бирок, токто деген үнүң угулуп
Жүрөк кетүүчүүдөй суурулуп
Сен жүгүрдүң мага бурулуп
“Кош!” - дегим келбей
Кучактаймын сени жибербей
Сүйбөйт эч ким билгин бир мендей
Бир мендей...
А мени сендей...

А мени сендей...


Акжолтой Канатбек уулу

poeziya_bayandary

24 Dec, 04:03


Тилегеним аманатка сендейди
Жаманы мен, өзүң болуп жакшысы
Ыйманым бол, абийир болом сендеги
Сени менен толсун дүйнөм жартысы

Сыпатына сын берүүгө акым жок
Жубайымды салыштырбайм эч кимге
Элестетсең , бакытымдын чеги жок
Жалган дүйнө баарын жеңсек биз бирге

Сени издеп жүрөм бүгүн мен кайда?
Берсин сени, жүрсөң болду ыйманда
Суранганым аманатка сендейди
Убактынча жашап турсаң дубамда

Асанбек уулу Болот

poeziya_bayandary

23 Dec, 07:35


Все проблемы кажутся ничтожными,
Если тот, кто важен, просто скажет:
“Мы с тобой пройдем любые сложности -
Я люблю тебя. Сильнее жизни даже.”

Мария Куткар

көйгөйлөрүң калар бутта тепселип,
көөнүң сүйгөн адам айтса мындай кеп:
“сени менен оттун үстүн бассам да
сезет элем мунун барын бакыт”-деп.

которгон: Абдулла Сейитбек

poeziya_bayandary

22 Dec, 05:19


«ПОЭЗИЯ» аземи
⌛️28.12.2024 14:00
📍«Достук» мейманкана , Империал

+996 507 563 824

Биздин коноктор🎙️
@akbar_kubanychbekov
@_abakiroff_
@bektemirmaratovich
@bektursun_adiev
Айтбубу Абдугаффаровa
Марат Борбуев

🛑БИЛЕТ АЛУУ ҮЧҮН “профиль шапка профиля” ссылкага кириңиз! bilik.kg
🏷️Билет баалары 500-700-900-1100

Админиңиздер да катышат, кызыгы.😅

poeziya_bayandary

21 Dec, 18:47


Суранычтар аркылуу жүктөлдү.

poeziya_bayandary

19 Dec, 04:08


Коштошуу вальсы
Көңүлүм байланабы? Көзгө жаш айланабы? Колуңду коё бербей, Кош дедим кайра дагы…
Толгонуп шашылбадым, Токто деп чакырбадың. Топ таштай чачылганмын, Сен мени жоготтуңбу?
Толгонуп шашылбадым, Токто деп чакырбадың. Топчудай чачылганмын, Сен мени жоготтуңбу?
Айтпадым намыс барын, Акырын алыстадым. Капарга алганың жок, Кабыргам кайышканын.
Кайгырып шашылбадым, Кайтчы деп чакырбадың. Мончоктой чачылганмын, Сен мени жоготтуңбу?
Кайгырып шашылбадым, Кайткын деп чакырбадың. Шурудай чачылганмын, Сен мени жоготтуңбу?
Күймөлүп басып араң, Күн менен батып барам. Күн чыгат кайра-кайра, Мен чыкпайм, жашып барам.
Күймөлүп шашылбадым, Күтчү деп чакырбадың. Мончоктой чачылганмын, Сен мени жоготтуңбу?
Толгонуп шашылбадым, Токто деп чакырбадың. Топчудай чачылганмын, Сен мени жоготтуңбу?
«Коштошуу вальсы» обону: Хабибулла Азиреткулов,
Сөзү:Кыялбек Урманбетов.
Аткарган: Элмирбек Иманалиев

poeziya_bayandary

19 Dec, 03:57


Жан дүйнөм жүргөн кезде жараланып,
Жан сырым төккөн элем сага барып.
Жаагымды алаканың аста сылап,
Жаш кеткен жүзүң ылдый салааланып.

Ширин-ширин аңгеме сүйлөп берип,
Жаш болсоң да сен көптү түшүнчүсүң.
Жазгы гүлдөй мен үчүн жайнап чыгып,
Жалбырактай кээде өксүп үзүлчүүсүң...

Биз үчүн биринде кең, биринде тар,
Өмүрдүн жылдар, айлар, мүнөтү бар.
Менин бир эски жаман альбомумда,
Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар.

Түтөгөн өмүрүмө жалын тилеп,
Сен мага бересиңби асыл жүрөк?
Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет.

Эркеледим көп ирет мастык менен,
Нени кылбайт өрт, шарап, жаштык деген?!
Эл көзүнчө өпкүлөп сени далай,
Эми өзүмчө азапты тартып келем.

Мен соолуктум,
Көзүмдү турмуш ачты.
Сен жолукчу,
Өзүңө айтып берем.

Элмирбек Иманалиев.

poeziya_bayandary

17 Dec, 06:17


“ Күн жүрөк”
Бирде күздөй көшөгөсү сапсары,
Бирде жаздай жашыл болуп бүчүрлөп.
Бир сен болуп алыс-алыс жактагы,
Кээде менин бакыт кирет түшүмө...

Бул бир кыял, бул жөн түштөр болгону,
А эшикте чындык бороон, бурганак.
Күн жүрөгүм, мен дагы эле жолдомун,
Жолдогу өмүр жоголот же уурдалат!

Арасында асыл, жашыл түштөрдүн,
Өмүр ушул, ала салган миң агым.
Көп агызды... Дагы агызат туш келди,
Канталаган канаттарым, чыдагын!

Күн жүрөгүм, сенин сүйүүң жеңбесе,
Жеңет мени тагдыр бир күн нөшөрлүү.
Жеңилбегин мен жеңилген жерде сен,
Мен көшөрбөй койгон жерде көшөргүн!

Дүйнө ушул көбүктөнгөн көк ирим,
Бирде сыздайт, бирде бийлейт, бир ыйлайт.
Сен жыгылба... Сени аясын Теңирим,
Сен жыгылба... Туулар жалгыз жыгылбайт!

Сен жыгылба, сен жеңилбе КҮН жүрөк...


Сөзү:Нурсулуу Гурбаева
Обону: Элмирбек Иманалиев
Аткарган: Мундузбек Усупбек уулу

poeziya_bayandary

16 Dec, 07:38


Сөзү:Жолон Мамытовдуку
Обону:Рыспай Абдыкадыровдуку

Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга дайым сени издөө үчүн келгемин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мөн ааламга дайым сени кайгыртууга келгемин.

Акпы, көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышка калган жалбырактын өңүндөй
Ажарынан бир өзүң деп азууда ден-соолугум.

Пушту бекен. жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң.
Балким ушул зор бакыттын өзүдүр.
Өмүр бою издеттирип, бир көрүнбөй койгонуң.

poeziya_bayandary

14 Dec, 09:11


Зайырбек Ажыматов

ЖАРТЫ КАЙЫК

От болуп келген эле жанып тургум,
Очоюп отуз беште карып турдум.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.

Үзүлүп, үзүлбөгөн үмүт жаман,
Үшкүрүк өчүрбөгөн күйүт жаман.
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы,
Көгөрүп каяккадыр сүзүп барам.

Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн,
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм.
Жалбарба махабат деп кумарыңды,
Жалжаке сүйүүлөргө түкүрдүм мен.

Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым,
Ар дайым мээрим издеп карайладым.
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулукту таба албадым.

Карытып пайдасы жок ай, жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда жөө туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы…

poeziya_bayandary

14 Dec, 07:54


ЗАМАН
Заман болду милдеттерди билбеген,
Уул-кыздары ата-энесин тилдеген.
Кылым ашкан кыргыз салтын чанышып,
Кеңкелестей жаштар чыкты кирдеген.

“Мен кыргызмын” деген ураан сунушат,
Эки жүздүү элестерин курушат.
“Кыргыз” аттуу паспорту эле болбосо,
Жан дүйнөлөр “киргизмин” деп турушат.


— Нурдөөлөт Намызбеков

poeziya_bayandary

04 Dec, 05:37


Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Хабибулла Азиреткуловдуку

Айланчыктап сени көргөн кезимден,
Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн.
Ал ансайын ала качып карегиң,
Атаганат, ошондогу көз ирмем.

Кайырма:
Жылдар өтөт, жылдыз өчөт,
Жаштык өтөт, жалын өчөт.
Жалгыз гана сен өчпөйсүң сезимден.

Эгер, эркем, чыгарбасаң эсиңден,
Эреркегем эргүү алып өзүңдөн.
Элесимде элесиңе эркелеп,
Эми минтип эт жүрөгүм эзилген.

Кайырма:

Болочоктун бак-таалайы сезилген,
Бото көзүм, бой эргиткен сөзүңдөн.
Боздогонум билсе билер бир гана,
Ботосунан ажыраган боз инген.

poeziya_bayandary

03 Dec, 14:00


Жарыя!

Ушундай 7 томдук “Хадистердин негизинде ислам дини” аттуу китептер сатылат!

Баасы: 7000 сом


Бизде саналуу гана санда!


Сатып алуу үчүн👉🏻 @borbueww

poeziya_bayandary

01 Dec, 04:55


Мен сүрөтчү эмесмин, боёкторду да
колдоно албайм.Бирок апамдын чачын
акка боёпмун…





Которгон: lidapoetry

poeziya_bayandary

29 Nov, 02:55


Кейиткениң, жубатканың, сүйгөнүң,
Сөзүң, өзүң бар болгонуң баары дем.
Кайра келбейт ушул өмүр, бул сезим,
Кабырыма ала кетем аны мен...


ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ.

poeziya_bayandary

28 Nov, 05:33


Көбү күтсө махабатын жаз күнүндө,
А сен келчи ноябрдын суук түнүндө..

poeziya_bayandary

27 Nov, 13:09


Сүйүнчү!
Биз 40 миң болдук!

poeziya_bayandary

27 Nov, 08:14


Гүлдү жасап кел экөөбүз көңүлдөн,
Гүл жыттанып бирге өтөбүз өмүрдөн.
—Жеңишбек Жумакадыр

poeziya_bayandary

26 Nov, 17:50


Эми бири-бирибизге күйүмдүүрөөк биз бололу,
Кереги жок сөздөрдү убагында токтотолу.
Кыялың калтырып ыйманыңды ала кел,
А мен болсо өмүр бою сүйүп берем,ант берем!
Жаман-жакшылыкта,
Бололу бир кайыкта.
Бололу ак куулардай,
Бирисиз жок жашай албай.
Жылдыздардай караңгы жок,
Жакшы жаналбай.

— Jax

poeziya_bayandary

25 Nov, 22:13


Көп адамдар 25 жашында өлүп калышат.
Бирок аларды 75 жашында
жерге беришет…


— Бенджамин Франклин

poeziya_bayandary

25 Nov, 06:51


Келериңде издебегин ордуңду,
Ал жерге азыр бөлөк бирөө отурду…


— Марат Борбуев

poeziya_bayandary

24 Nov, 06:36


Жашырбастан ачык айт,
Эмне болсо оюңда,
Жүрөгүнөн илинген, ай,
Туткунуң менмин торуңда.
Кыйнасаң да өзүң бил,
Сыйласаң да өзүң бил, эй,
Тагдырым сенин колуңда!

Сөзү, обону: Барпы Алыкуловдуку. “Гөзал кыз”

poeziya_bayandary

22 Nov, 09:17


Азыр менде,
жашайт билсең бир арман:

Баары "акылман"
баары анткени билерман.



- Бектурсун Адиев

poeziya_bayandary

22 Nov, 04:21


Сен кеткенде…

Өзүмдү окшоттурдум кайыктарга,
Улуулукта багытсыз сүзүп калган.
Ичимдеги күйүп турган жалын от,
Сен кеткенде сени менен өчүп калган.

Ким экенин өзүмдүн унутканмын,
Сенден келген билдирүүгө буулукканмын.
Ичимдеги жакшы жанды өлтүрүп,
Жаман болуп кайрадан туулганмын.

Үн катпастан экөөбүз бара жаттык,
Жымжырттыкта коштошуп ажыраштык.
Өлүм гана ажыратат деген элек,
Түшүнбөдүм кимибиз өлүп калдык?!

Башымдагы ойлорум чырмалышып,
Мээм менен жүрөгүм чырдашышып.
Кетсе кетсин деп айтса акыл эсим,
Сезимдерим кармачы деп жалбарышып.

Хантемир Болот уулу

poeziya_bayandary

20 Nov, 17:45


Бажырайган күлкүңүзгө арбалып
Бактылуумун, жүргөнүңө бактылуу.
Бул бакытты такыр келбейт алмашкым,
Хан сунсада алдындагы тактыны!
Сен да алмашпа мага кымбат бактыны…!



Автору: М.Б

poeziya_bayandary

19 Nov, 15:51


«СЕНИН ЫРЫҢ»

Адам издейт өмүрүнө күйгөн жар,
А мен сага сактап жүргөн дүйнөм бар.
Жүрөгүмө жолду таптың катылган.
Эшик ачык кирсең болот сүйгөн жар.

Көңүлүмдө жанды жарык чырактар,
Көк асманга жеткен өңдүү кулачтар.
Ай-жылдарга, мезгилдерге мертинбес,
Сүйүшкөндөр бир болуучу убак бар.

Аппак жүзүң, ай жүзүң деп сүрөттөп,
Айткым келбейт ай жылдызга теңеп көп.
Кызганамын башкаларда оюнда,
Конок кылып албасын деп элестеп.

Ооба эркем, эл деп жер деп ыр жазам,
А сен күлүп айланамды нурдасаң.
«Мага арнаган ырың кана»,-дебегин,
Сенин ырың, жүрөгүмдө тыңшасаң.

Жалгыз өзүң угаласың ал ырды,
Жалгыз гана жан дүйнөмдү тыңдасаң.


Акбар Кубанычбеков

poeziya_bayandary

18 Nov, 17:20


а сен дагы далай жолу сүйөсүң,
бирок эми, акылыңдан азбайсың.
кайрадан кыш, кайрадан жаз,
сен дагы да, башкаларды сүйөсүң.
бирок эми түнү ырлар жазбайсың.


Которгон: Калыс Жумадил

poeziya_bayandary

18 Nov, 14:05


Мен сени эстен тана сүйбөйм деле,
Болгону чын жүрөктөн жакшы көрөм…

Автору: Султан Садыралиев

poeziya_bayandary

18 Nov, 14:02


Болор-болбос иш үчүн,
Баш оорутуп жүктөлбө.
Чекиттей болгон нерсеге,
Үтүрдөй болуп бүктөлбө!

—Идирис Айитбаев.

poeziya_bayandary

18 Nov, 12:46


Аярласа сүйгөн жарын,алганын,
Анан кантип көңүлдөргө муз тоңсун?
Каралбаса,жыпар жыттуу бакчасы
Анан кантип кызыл гүлгө куш консун?

Кыз көңүлү-эң бир назик нерсе экен,
Сындырбастан кайра аны улап кой!
Карындаштан,апакеңден эжеңден,
Бүгүн чалып ал-абалын сурап кой!

Адамзатты жаратканым жаратып,
Кылган экен аялзатты себепчи.
Мээрим төгүп карап турган көздөрүн,
Кара түнгө айландырыш керекпи?
Айткылачы,оо адамзат себепти!

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү дүнүйөнүн туткасы,
Үйдүн куту, апакеси балаңдын.

Баспаш керек көңүлдөрүн кара так,
Толуп турсун жүрөгүндө махабат.
Жашаш үчүн ааламдагы эркектер,
Жашаш керек, жашаш керек аялзат!

кыз дүйнөсү көркөм дүйнө,кооз дүйнө,
сулуулукка,назиктике бай дүйнө
ал дүйнөгө кыянаттык жасаба!
сенин деле апаң, эжең бар үйдө

аялдын баркын тепсеп кордогондор,
чынында адам деле болбогондор.
аялды бактысынан айрыгандар,
ачыгы, айбандан жок айырмаңар.

— Абдулла Сейитбек

poeziya_bayandary

16 Nov, 17:42


Бишкек шаарында! Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте.

poeziya_bayandary

16 Nov, 17:33


Барып чер жазып кеткиле!

poeziya_bayandary

16 Nov, 16:41


Көпчүлүктүн суранычы менен жүктөлдү.

poeziya_bayandary

14 Nov, 10:57


Издейм эми сени баардык тараптан,
Саргайсам да сагынычтуу азаптан.
Сени дайым сактап жүрсө болгону –
Сен аркылуу мээрим төккөн жараткан.

-Элмирбек Иманалиев

poeziya_bayandary

13 Nov, 07:46


ҮНДӨБӨЙМ, ЧЫН СҮЙГӨН ҮЧҮН

Сезимдерге бүлүк салдың татынам,
Сүйүп калып күндө сага тартылам.
Жашай албай жашап жүрөм пери кыз,
Сага болгон ак сүйүүнүн айынан.

Жолдорубуз эки ача билемин,
Муну ойлосом токтой түшөт жүрөгүм.
Кечекиден бүгүн каттуу сүйгөндөй,
Эртең сени андан каттуу сүйөмүн.

Өз азабын өзү ичтен жуткан бар,
Эхх, акылсыз дешер муну уккандар.
“Үндөбөңүз чын сүйсөңүз”- дегенсиң,
Ошол сөздү туу тутунуп өзүмө,
Сени сүйөм, кызыктырбайт калгандар.

Өмүр билсең болот дешет үч күндүк,
А биз болсо сүйүш албай бүлүндүк.
Анткен менен түбөлүккө сен менин,
Кечээгимсиң, эртеңимсиң, бүгүндүк.

Автор:Бекболот Жолдошбеков
06:14. 12.11.2024

Бишкек

poeziya_bayandary

12 Nov, 02:35


Ат чабып күндө ойногон,
Көчөнүн чаңын сагындым.
Сүт кошуп ичкен ар таңда,
Апамдын чайын сагындым.

Шаардагы бийик имарат,
Аскалуу тоого жете албайт.
Айылдан адам кетсе да,
Адамдан айыл кете албайт.

— Автору белгисиз…

Текст @zhashoo_kairyktary нан алынды.

poeziya_bayandary

11 Nov, 15:49


Кээ бир адамдар, өздөрүнүн
үстүнө кийген кийиминен
арзан болушат.


— Идрис Айитбаев

poeziya_bayandary

11 Nov, 08:04


"Кат"
Жазсам ыр сап,калем учтап элесиң,
Тартсамбы дейм жүрөгүңдүн жебесин.
Айланам күз, муздак шамал, а бирок,
Көңүлүмө жаздын демин бересиң

Куруп алып ак сүйүүнүн кемесин
Кыйла жолду качан басып келесиң
Ачык айткың, сөз кылбасын башкалар,
"Ашыгына жетпей калды" дебесин...

—Майрамбеков Нурдөөлөт.

poeziya_bayandary

09 Nov, 20:37


Алыкул Осмонов “Сулууга”

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Огуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген–сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген–от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген–сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген–сүзүп өтүү деңизден.

Сен бир жүзүм бышып турган мына бу;
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу;
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.

Таттуусуңар, ачуусүңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар,
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүндө сүйүү бар.

Бирок менин махаббатым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.

poeziya_bayandary

07 Nov, 19:18


Келсең боло
кечикпестен
көңүл жүдөп кыйналды,
Жүрөгүмө бул күтүүнү
жаш жүрөгүң ыйгарды.
Эстей берип элесиңди…
Эстен чыккыс болдуң сен,
кетпес болуп көңүлүмө кондуң сен.

Бал сөздөрүң кулагыма турат азыр жетишпей,
көп элестер койсо гана көңүлүмдү эзишпей?
Адат болду ар күн сайын бир өзүңдү ойлонуу —
кусалыктын жан дүйнөгө толгону…
Бүт кайгыны жууп жиберчү сезилет
бир смс жазсаң гана болгону.

Айтор жаным,
жаза берсем саптар көп,
жөнөтпөгөн сага деген каттар көп.
Ошол каттар кала берсин азырынча өзүмдө,
орун алсын жүрөгүмдүн төрүндө…
Мен эч качан бакыт таппайм,
сен жок болсоң өмүрдө.

Келсең боло
кечикпестен
күтө берип кыйналдым,
Неге мага бул күтүүнү ыйгардың?

— Саид Султан-Али “Келсең боло”.

poeziya_bayandary

07 Nov, 13:05


ТИРҮҮЛҮКТӨ ЖАКШЫ СӨЗДҮ АЯНБА

Олдо тагдыр, мынча оор сынагың,
Сынагыңа канча ирет чыдадым.
Кайрат урап, карылыкка бой сунуп
Күндөн күнгө карт сөөктөй сынамын.

Билген билээр, билбегенге не чара,
Бейкапарга болормун бир бечара.
Топуракка жашынганда турпатым
Топурашып сөз айтышаар ич-ара.

Билген айтаар: өжөр эле сөзү шар,
Бир келди да, бир кетти деп айтышаар.
Капарга албай кандай жашап өткөнүм,
Канчалары мүрзөмдөн тек кайтышар.

Катар жүргөн — жылуу сөзүн айтканда.
Кайрат болмок, кубат бермек дарманга.
Сөз кылды не, сөз кылбады не пайда
Сөөгүм куруп жер алдында калганда, —
О адамдар,
Тирүүлүктө жакшы сөздү аянба!


Азада Бегимкулова

poeziya_bayandary

06 Nov, 06:33


Күз...
Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Каркырадай тизмектешип өмүрдөн
Кайтпай артка закым болуп өтөөрбүз.

Ушул күзүм, орун алды көңүлдөн,
Удургушуп жалбырактар төгүлгөн.
Жаз, жай жашап из калтырып андан соң
Кош айтышып бараткансыйт өмүрдөн.

Ушул күзүм, быйыл башка сезилдиң,
А балким ал сыйкырыдыр мезгилдин.
Күнүмдүк көз ирмеми бул жашоонун,
Күбөсүдүр бактылуу бир кезимдин.

Ушул кезде, буулугуума эм издеп
Бул турмушка алымсынбай, кем издеп,
Күздү сүйүп, күдөр үзбөй баарынан,
Келем жашап, кырды ойго тегиздеп.

Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз,
Улам мезгил өтсө биз да бөтөнбүз.
Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул күздүн баркын билбей өтөөрбүз.

Узак сапар жолду басып өмүрдөн,
Ушул кездин баркын сезбей кетээрбиз...

Калича Жакыпова,

poeziya_bayandary

03 Nov, 19:02


Мен баягы өмүрдөмүн:
Миң күнүмдүн бири жылуу,бири суук.
Мен баягы көңүлдөмүн:
Кыялымда кылым жашоо,аз өмүрдүн жолун бууп.

—Н. Майрамбеков

poeziya_bayandary

03 Nov, 18:41


Сени унуткандарды сен да унут…

poeziya_bayandary

23 Oct, 16:25


**
«Сен жазасың...»

Сен жазасың:
«Салам! Маанай жакшыбы?..»
А мен ушул сөзүң менен бактылуу...
Бирок сага айта албаймын,
жан дүйнөмдү эзип жатса жактыруу!

Сен жазасың:
«Көрүнбөйсүң. Барсыңбы?»
А мен ушул сөздөр менен жарпымды,
жазарымды айта албаймын...
Далбастаткан сезим козгоп дартымды!

Сен жазасың:
«Кандай? Эмне жаңылык?»
А мен сени жүргөнүмдү сагынып,
жаза албаймын!
Бирок ар бир ырымдан,
турат сенин жарк эткениң чагылып...

— Жыпаркүл Исабаева
@zhumabekovich_erlan 🎙
@jypar_isabaeva ✍🏻

poeziya_bayandary

23 Oct, 05:17


Жан дүйнөм жүргөн кезде жараланып,
Жан сырым төккөн элем сага барып.
Жаагымды алаканың аста сылап,
Жаш кеткен жүзүң ылдый салааланып.

Ширин-ширин аңгеме сүйлөп берип,
Жаш болсоң да сен көптү түшүнчүсүң.
Жазгы гүлдөй мен үчүн жайнап чыгып,
Жалбырактай кээде өксүп үзүлчүүсүң...

Биз үчүн биринде кең, биринде тар,
Өмүрдүн жылдар, айлар, мүнөтү бар.
Менин бир эски жаман альбомумда,
Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар.

Түтөгөн өмүрүмө жалын тилеп,
Сен мага бересиңби асыл жүрөк?
Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет.

Эркеледим көп ирет мастык менен,
Нени кылбайт өрт, шарап, жаштык деген?!
Эл көзүнчө өпкүлөп сени далай,
Эми өзүмчө азапты тартып келем.

Мен соолуктум,
Көзүмдү турмуш ачты.
Сен жолукчу,
Өзүңө айтып берем.

Элмирбек Иманалиев.

poeziya_bayandary

22 Oct, 04:02


Канчалык адамдардын үстүнөн текебердик менен карасаң,өзүңдүн “адамдык”сапатыңды тебелейт экенсиң.

—Муктар уулу Жакшылык

poeziya_bayandary

22 Oct, 02:49


Мени турмуш, иттен жаман талады,
Аргам барбы, ушул болсо талабы ?
Мени балким ойлоп койгон чыгарсың:
Не кылам ? - деп, мындай жүдөө баланы.

Бектурсун Адиев

poeziya_bayandary

20 Oct, 19:59


@jenijokfilm Жеңижоктун съемкасынан экран артындагы видео! 🎬

Легендарлуу акынды жана анын укмуштуудай окуясын кантип жаратканыбызды көрүңүз!

Алдыда дагы сиздерди кызыктуу нерселер күтүп жатат! Биз менен болуңуз!

***

Ловите бэкстейдж видео со съемок Жеңижок @jenijokfilm 🎬

Загляните за кулисы, чтобы увидеть, как мы воссоздавали легендарного акына и его невероятную историю.

Оставайтесь с нами, впереди еще больше интересного!

poeziya_bayandary

20 Oct, 17:20


Метиркең бейиштенби, Жерден эмес?
Ант ичем!
Сендей сулуу көрбөгөм эч.

Кокустук эмес биздин кезигүүбүз!
Кокустук болгон эмес.
Болбойт да эч!

Сени көрөм -
жаңырган Айдан көлгө чагылышкан.
Сени көрөм -
секисинен сезимдин алып учкан.
Сенин үнүң - эң бир кооз үн кулак уккан.
Сенин демиң- эң ажайып алкым жуткан.

Ууз сүйүүм,
Убаажысыз сүйгөнүм,
Уктап жаткан сезимге суу бүрккөнүм.
Үлпүлдөгөн үмүт, сүйүү, сүйүнүч
ширесинен ширелишип бүткөнүм!
Сени сүйдүм “үчүн” жана “себепсиз”!
Бул экөөсү экөөбүзгө керексиз!

Эки жүрөк бир боло алат, калетсиз.
Эки жүрөк бир көрө алат, карексиз.
Эки жүрөк кезиге алат дарексиз.
Эки ашык эмне менен алекпиз?..

Асылбеков Бектемир

poeziya_bayandary

20 Oct, 06:34


КАСАП ДҮЙНӨ

Ада кылып амалыңды, айлаңды,
Алат өлүм кедейлерди, байларды, 
Азыр бирок асый чыкпай калат деп
Аяп турам касаптагы тайларды. 

Үч-төрт жигит жең түрүлүп карууда, 
Үмүт отун өчүргөнү барууда. 
Бир өлүмдүн урматына тирүүлөр 
Бир өмүрдү курмандыкка чалууда. 

Бул жазмыштан мүмкүн эмес калкалаш 
Бул мыйзамды оңой болбойт талкалаш, 
Тамчы өмүрүң таш бетине тийгенче
Тагдыр талаш, намыс талаш, жан талаш... 

Тирүүлүктө - тизгин талаш, төр талаш, 
Типтик өйдө багытталган өр талаш. 
Өлгөндө да өзгөлөрдү басынтып 
Өзүнүкүн көкөлөткөн көр талаш. 

Бийлик үчүн тегерете чеп курган,
Биттери да бийик сөздү кеп кылган
Бир билгени болсо керек бул дүйнө,
Бирин бири үзүп-жулкуп жеп турган. 

Убактылуу ойлонгонум, күлгөнүм,
Утурумдук өмүр болсо сүргөнүм, 
Түрткүлөшкөн мал базардай жашоодо 
Түшүнүксүз, эмне кылып жүргөнүм...


—Жыргалбек Касаболотов

poeziya_bayandary

16 Oct, 17:44


📹 Ак таңдай Элмирбек Иманалиев казынадан алынган

poeziya_bayandary

16 Oct, 16:55


Live stream started

poeziya_bayandary

16 Oct, 04:12


Жашоонун маңызы өмүрдүн узундугунда эмес,
ошол бир келген өмүргө берген
убакытты кандай
пайдалангандыкта турат.


—Чубак ажы Жалилов

3,640

subscribers

332

photos

405

videos