Дил азык🌾 @dil_azyk Channel on Telegram

Дил азык🌾

@dil_azyk


Автордук укукту сактаңыздар!

Дил азык (Kyrgyz)

Дил азык каналы - бул андерген максаттоо менен күндүзгүлүк жана жандуу жашоом менен байланышты жакшы мекендеги. Бул каналдын түйүндү максаты - кыргызстандын тилдине маасулдукты жарактуу жана ар кандай укуктуу же көмөктүн жөнүндө баскыч аныктама берүү. Ошондой эле, каналда биздин азыкканалдарды жана форумдорду, абдан азыкканалдарын кашыктыруу жана азыклардын калыпты ережесин талап кылуу үчүн кыргыз тили менен байланышты м салыкты. Дил азык каналы арыз алуучуларга энциклопедиялардын, фильмдердин, сериялардын же жарыяланган музыкалык видеолордун ар түрлүсүн көрсөтүп берет. Сизге кыргыз тили менен байланышты жаңы жана пайда берүү үчүн кооп кабардар чечимдерин көрсөтүп берет Дил азык каналынан курактап, сиз кыргыз тилинде аныктамаларды таба аласыз! Дил азык каналы - кыргыз тилинде кайсы белгилерден беребиз. Каналдын окучулорунун үлүштөөлөрүн башкарууга дайын болгону үчүн, каналдын башкармасы маалыматты, кайда жана кандай же сиздин башкалардын кандай көмөктү билүүнү көрсөтүп берет. Дил азык каналына катышып келгенден кийин каналдын сауап же башкармасынын кандай көмөктү алатыны аркылы кыргызстандын тили менен байланышты жеткиликтик көбүрө аласыз. Дил азык каналы - дал кайсы бул?.

Дил азык🌾

12 Jan, 12:08


БАБК Москва 3 жылдык отчёттук иш-чарасынан. 3 жашың кут болсун БАБК Москва.

Бара албай калдык. Özür dilerim.

Дил азык🌾

10 Jan, 12:46


Рухка иштей берели, дух өзү көтөрүлөт.

Ички дүйнөнү байыта берели, сырткы дүйнө өзү кооздолот.

Жан дүйнөнү байыта берели, мал дүйнө өзү издеп келет бизди.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

10 Jan, 11:25


Адамга команда эмне үчүн керек? Эмне үчүн максатташ адамдарды топтошуң керек?

Өмүр дегениң кыска турбайбы. Адамдын жашоосунда боло турчу, адамга жолуга турчу чечимсиз көйгөй бул - өлүм. Качан, кантип, кайсыл жерде өлөрүбүз белгисиз эмеспи.

Эми сенин белгилүү бир максаттарың, аруу тилектериң, үмүттөрүң бар дейли. А айланаңда бир да максатташың жок. Кокус өлүп калсаң ишиңди ким улантат?

Мисал келтире кетели: Пайгамбарыбыз алейхиссалам ислам динин алып келди, үммөтүнө жеткирди. Бирок ажалы жетип, бул жалган дүйнөдөн узап кетти. Алланын элчиси өткөн менен ал алып келген ислам дини токтодубу? Жок, токтободу. Анын сахабалары миссияны улантып кетишти. Эртугрул Газини карайлы, Манас атабыз, Барсбек каган же болбосо жүз жыл мурунку өлкө үчүн курман болгон аталарыбызды карайлы. Баары, баарынын максатташтары болгон. Демек, биз да чоң миссиянын артынан сая түшсөк, кокус кайтыш болуп кетсек да ишибизди улантып кетүүчү жан жолдоштор, ага-инилер керек.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

10 Jan, 09:39


– 2018-2021- жылдары Маскөөнү; төрт бурчтуу лабиринт, төрт тарабы тең жабык дубал, түрмө катары көрчүмүн.
– Азырчы?
– Азыр мүмкүнчүлүктүн шаары катары көрөмүн..

Канчалык чоң шаарга чыккан сайын, ошончолук ой жүгүртүүң кеңейет.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

10 Jan, 06:43


Адамдын ыйманына жараша сыноо келет деген сөзгө кече дагы бир ирет ишендим. Устаздын башынан не деген гана сыноолор өтпөптүр. "Мени баары таштап кеткенде да, ушул таштаган эмес" - деп жубайын сыймыктана карады.

Жеңебиз устаздын алдында жүрсө кызы бекен деп ойлоптурмун. Кийин жеңеңден көз айнегимди сурап келчи дегенде, жубайы экенин түшүндүм. Кызы окшойт деген күмөнүмдүн да жайы бар эле. Жеңем аябай жаш көрүнгөн. Кийин билсем устаздан 5 эле жаш кичүү экен. Аябай таңыркап калдым. Кантип? Кантип өз жашынан жок эле дегенде 20 жашка жаш көрүнүшү мүмкүн деп. Анда устаздын дайыма жанында жүргөн, өкүл уулу, өз уулундай болгон жардамчысы, байкем айтат: "Жеңем 32 жылдан бери такыр газдалган суусундук ичпептир. 32 жылдан бери такыр кечки саат 6 дан кийин тамактанган эмес экен"- дейт. Туура тамактануу адамды картайтпашына дагы бир ирет ишендим. Газдан негизи алыс элем, эми ичпес болдум окшойт.

Ушундай аалым кишиге да, ушундай эрки күчтүү гана жубай татыктуу болсо керек.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Jan, 11:41


Жыйырма төрт саатынан бир саатын Аллахка ажыратпаган инсан, Аллахтын да: – Мен да сага бейиштен орун ажыратпадым- деп айтуусунан коркпойбу?

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Jan, 11:39


Алсыз эмессиң. Бар болгону алсыз инсансың. Баардык нерсе менен күрөшө албайсың.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Jan, 11:37


Беш күндүк бул жалган дүйнөдө акчадан карыз болсок да, намаздан карыз болбосок экен.🤲

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

06 Jan, 21:22


Кайтып кел.. А балким, окуябыздын уландысы бар чыгар.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

06 Jan, 21:21


Бул жылы керемет нерселер орундалсын. Мисалы: Инсандар инсандарды өзү сыяктуу жакшы көрсүн.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

04 Jan, 10:30


Кыргызстанда кыз алып качса статья бар, баланы алып качса статья жок экен..

Кыздар газуйте.

Дил азык🌾

02 Jan, 19:58


Күндөр, айлар, жылдар алмашат. Бизди жандап жүргөн жакындарыбыз алмашат. Бир күнү сөзсүз кайрадан кезигебиз. Жер тоголок, жүзмө жүз барибир кез келебиз.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

01 Jan, 22:29


Кыялы бузуктан качкының,
Адеби сулууга шашкының.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

01 Jan, 22:27


Сага орой мамиле жасаган адамга назар сал. Эгер ал өз жакындарына да ошондой мамиле жасаса, анда ага таарынба. Анын мүнөзү төмөн.

Ошондой эле жакындарына орой мамиледе болуп, сага сылык мамиле жасаган адамга да ишенбе.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

01 Jan, 22:26


Өзүмдү акыл-эстүү эле жан элестетем. Сендей акылман жан менен өмүр шерик болсом, канчалаган бийиктиктерге жетеримди элестет.☯️

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

30 Dec, 12:48


Улгайган сайын маанилүү деп эсептеп жүргөн нерселериңдин таптакыр маанисиз экенин түшүнөсүң. Өткөн өтмүшкө көз чаптырып, сени кайгыга салып, ыйлаткан мүчүлүштүктөрдү эстеп ууртуңдан жылмайып гана коёсуң. Анткени бүгүнкү кабылып жаткандарыңдын алдында ал кыйынчылыктарың арзыбаган нерселер эле.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

29 Dec, 04:12


Аялың сенин аманатың. Анын башынан бир тал чач түшсө сен жооп бересиң. А эгер сенин башыңдан бир тал чач түшсө, анда шампуньду алмаштыруу керек болот..😅

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

29 Dec, 03:21


Мусаапырчылыктын жакшы жагы – адамды ар кандай абалда дагы тез адаптация болууга үйрөтөт. Айрыкча эр кишини.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

25 Dec, 23:15


Сага эң чоң колдоо – бул, сенин ичиңде. Аны сезишиң керек.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

25 Dec, 23:08


Инсан кадырыңды билбегенде – рухуң аны коё берет тура.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

25 Dec, 23:05


Баары жаңы жылды күтүп жатканда, сен Рамазанды күтөсүң.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

24 Dec, 11:39


Эмнеге жаралдым? Мен үчүн даярдалган миссиялар кайсы? Бул жашоодо милдетим эмне? Кылар ишим кайсыл? Мага берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алып жатамынбы же жокпу? Кудуретим жеткен жакшылыгымды жер жүзүнө жеткире алып жатамынбы же жокпу?.. Айтор, бүдөмүк ойлор көп кыйнайт. Жаштыкта чоң болууну кааласак, чоңойгондо эмнеге жашап жатканыңды конкреттүү билүүнү каалап калат экенсиң...

Дил азык🌾

21 Dec, 21:22


Не злитесь когда женщина кричит,
Звонить, ревнует и переживает.
Вы бойтесь, когда женщина молчит,
Так в основном... любовь и умирает.

Дил азык🌾

21 Dec, 21:07


– Эмнеге сен ошол кызды тандадың?
– Мен тандабадым. Ал ар дайым меники болчу. Болгону биз эми кезиктик.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

21 Dec, 17:14


Жашоодо же таасирленесиң, же таасир этесиң.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

21 Dec, 17:11


Москвага келгениме он күндүн жүзү болду. Мени күтүп алып, чогуу жашап жаткан досум мыкты жигиттердин бири. Көп жылдан бери тамеки тартчу. Бүгүн унаада баратсак кокусунан эле "Досум, тамеки тартканды биротоло таштадым"- деп, тамекисин унаанын айнегинен ыргытып жиберди. Шамга үйгө келип калдык. Гусул, дааратын алып чыкты. Экөөбүз чогуу намаз окудук. Анын айтымында "Намазды такай окуу оор эмес турбайбы. Экөөбүз күндө чогуу жүрөбүз. Мен бир тамеки чеккенче эле, сен байкатпай намазың окуп келип каласың. Эртеңден беш убакыт баштаймын. Тамеки чегип, жагымсыз жыттанып жүргөнчө, сага окшоп миск жыттанып жүрөйүн" - дейт. Себепчи кылган Кудайым ар дайым жакшылыктын ачкычы, жамандыктын кулпусу кылсын..🤲

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

20 Dec, 09:54


Биз автоунааларыбызды сыналгыдан жарнама кылбайбыз. Анткени биздин кардарларыбыз сыналгы көрүшпөйт. (Феррари)

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

20 Dec, 09:53


Ачууну башкара билүү – кээ бир талашуулардын пайдасыз экенин түшүнүүгө жардам берет.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

20 Dec, 09:50


Арстанга айланууну каалаган мышыктын алгач чычкан менен келемиштерге болгон табити жоголушу керек..

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

17 Dec, 22:31


Жүздөгү нурду жоготуу оңой, пайда кылуу өтө кыйын. Жоготуу үчүн жанга жаккан, напси каалаган иштерди жасоо, шайтан каалаган жолдорго басуу жетиштүү. А пайда кылуу үчүн болсо, напсиге жакпаган көп нерседен тыйылуу кажет.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

17 Dec, 20:08


Мен жашоодо узак жана берекелүү жолдорду баскым келет. Көп жакшы адамдар менен таанышып, көп жакшы иштерди жасагым келет. Учуру келгенде жубайым балдарыма айтып бүткүс каармандай болуп.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

17 Dec, 20:05


Дин кадам менен жайылат. Кыдыруу (гаш) амалы токтобошу керек.

Дил азык🌾

15 Dec, 14:41


Бир дааратты беш убакыт намазга жеткирчү кез болуп жатат.😁

Дил азык🌾

14 Dec, 05:44


Аллахым, бул дүйнөдөн көзүм өткөнгө чейин мени намаздан, намазды менден айрый көрбө!🤲

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

13 Dec, 06:58


Экиге
бөлүнгөн китептин ээлери Бриллиант жыланды эмес бири-бирин издегенинде сыр бар эле.
Эки китептин тең биринчи барагында "Экиге бөлүнгөн ушул китепти бириктирген адам бүткүл
адам затындагы, жер алкагындагы, улуу сырдын гана эмес биздин ыйык күндүн нуру астында
ааламды байланыштырган укмуштуу сырынын ээси болот. Ааламдын биз жер деп атап жүргөн
бир жылдызынан бүткүл жаратылышына өзгөртүү киргизет. Ал адамдын жана анын укум
тукумунун аты 18 миң ааламга белгилүү болот. Китеп бириккен күндөн баштап буга чейинки эч
бир илим-билимге белгисиз, адам баласынын акылы жете элек жети сыр ачылат. Китеп
бириккен күндөн баштап өзүндөгү сырдын ачылышы менен калган II сырды ачуучу ачкыч
катылган бриллиант жыланды өзүнө кудуреттүү күчү менен тарта баштайт. Үч жыл
аралыгында бриллиант жылан китептин ээсинин колуна келет. Андан эч ким тартып алалбайт,
эч ким тоскоолдук да кыла албайт. Калганын өзүң окуп күбө болосуң", - деп жазылган.


"Бриллиант жылан " китебинен үзүндү.

Дил азык🌾

12 Dec, 13:02


Төбөсүндө бөркү болгон азамат,
Дайым эмес, көп жылда бир жаралат.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

12 Dec, 05:46


Бирде болуп өйдө-төмөн ойлорум,
Мен жашоодо бакыт гана болжодум.
"Буттан тайып, жерге кулап калса ээ"
-деген ичтен көрө албаска олжомун.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

10 Dec, 16:35


10.12.2023
Эртең мекенден алыстаймын. Жүрөгүм тынч эмес, Кыргызстанымдан алыска чыккым жок. Алыстай элек сагындырган мекеним менин.🖤


10.12.2024
Мына эртең дагы мекенден алыстаймын буюрса. Дал келүүлөр көп таң калтырат.💔

Дил азык🌾

10 Dec, 08:26


Интерстеллар
2014 г. ‧ Научная фантастика/Приключения ‧ 2 ч 49 мин

Огромное благодарность создателям этого фильма. Фильм настолько великолепно. Мне прям понравился. Я особо не люблю фантастику. Но это что-то другое. Ещё раз буду смотреть как будет время..

Дил азык🌾

09 Dec, 11:06


Өтмүштө биз баарыбыз жакшы адам эмеспиз.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

08 Dec, 06:30


Жашы жетип, үйлөнбөй жүргөн эркектер өзүнө да, үй-бүлөсүнө да, айыл, район, область, керек болсо өлкөсүнө чоң зыян алып келүүдө.

Курстагы сөздөрүмдөн.

Дил азык🌾

08 Dec, 06:23


Суроо:

Күйөө аялдын бардык каалоолорун аткарып, багууга милдеттүүбү?
Деги канчалык деңгээлде муктаждыктарын жабып, багууга милдеттүү?

Мызалар, сиздер канчалык деңгээлде каалоолорун аткарып берүүгө өзүңүздү милдеттүүмүн деп эсептейсиз?

Жооп:

Алладан алган аманаты катары муктаждыктарын кылып берүүгө милдеттүү.

Муктаждык дегенде адал тамак, жылуу там, бүтүн кийим, адыл мамиле..

Андан сырткары мүмкүнчүлүгүнө жараша жасап бергени оң.

Жаш балага да каалаганын берип, каалаганын жасай берсең чектен ашырасың.

Аялдын каалоолорунун чеги жок. Алардын баарын аткара берүү кыйроого алып келиш ыктымалы бар.

Пайгамбарыбыз с.а.в дын аялдары да дүйнөнү каалап чыкканда, аз.Умар р.а эмне деп тыйды эле. Жада калса Пайгамбардын аялдары ошентип жатат демек, аял киши табиятынан көптү каалайт.

Аялды хикмат менен ашынып кетүүдөн тыйып туруу кажет. Төрт көйнөгү туруп, дагы төрт көйнөк жаңжал кылса каниетти эстетип, кыш келип жылуу бут кийим алып бере албай жатсаң сабырды эстетип, баары болуп деле, коуч сөрөйлөргө суктанса шүгүрдү эстетип дегендей..

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Үй-бүлөлүк бакыт курсунун студенттери суроо-жооп кылып турабыз. Берген жоопторумду өзүм да таппай калам көп учурда. Ушул жакка сактай берсем жакшы болчудай.

Дил азык🌾

05 Dec, 06:56


ИШЕНИМ

Ишеним – бул эң баалуу нерсе. Биз акыретте кыйроого учурабоо үчүн да ишенимден каралабыз.

Дүйнөдө жашоо тартибибиз, амалдарыбыз да ишенимден көз каранды. Бактылуу болууга ишенген, бири-бирине ишеним арткан ата-энеден төрөлгөнбүз. Алардын “перзентибиз жакшы инсан болсо экен” - деген ишеними менен чоңойдук.
Бой жеткен соң досторубуздун ишенимине ээ боло алганыбыз үчүн дос күтө алдык. Бизди жактырган инсандарга ишеним бере алганыбыз үчүн жүрөктөрдөн орун таптык. Бирөөгө ишенгенибиз үчүн сүйдүк. Бирөөлөр бизге ишенгени үчүн сүйүлдүк.

Бирөөнүн ишеним менен бапестеп өстүргөн кызынан болочогубузду, өмүр шеригибизди көрө алганыбыз да ишенимден. Ишеним – бул баары.
Ишеним – бул жашоо.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

05 Dec, 06:48


Жакшы жашоону пайдалуу адаттардан гана курай алабыз.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

05 Dec, 06:46


Жашоомдун башталган башаты жана бүтөөр аягы болору анык эле. Жок дегенде ортоңку бөлүгүн бошко кетирбешим керек болчу.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

03 Dec, 08:10


Мен коомдогу жаман адамдардын жамандыгынан артта калган өңдөнөм. Адамдар асыл сыпаттан тайып, пайгамбарлык мүнөзгө ээ болуунун ордуна, шайтанга кулак төшөп, анын оюндарына ойноп бара жаткансыйт. Адамдардан жакшылыкты гана көргөн, жакшы жагын гана издеген көздөрдү жашытып жүргөндөр канча.

Натыйжада жакшылар да жакшыларды таба албай, акырындан коомдун агымы менен жамандардын сабынан орун алууга аргасыз болуп жаткандай.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

30 Nov, 07:02


Айрым даанышмандар айткан:

Алла тааладан артык колдоочум бар деп ойлогон киши,
Алла тааланы толук тааныбаптыр.

Напсиден өткөн душман бар деп ойлогон киши, али өзүнүнүн ким экенин билбептир.

Бул өмүр өтүп кетет калбайт изи,
Келгени да токтобой кетет дечи.

Түбөлүктүү күндөрүң кийин келет,
Жакшы жаман токтобойт өтө берет.

Түбөлүктүү дүйнөгө жеткен жакшы,
Демек, ал көп жакшылык сыймык тапты.

Баарыбыз туткунубуз напсибиздин,
Бекер тура түйшүгү күнүмдүктүн!

Напсиңди тыя албасаң – душман болот,
Өчүн алып каныңды абдан сорот.

Напси жеңсе көңүлүң өлүп калат,
Көңүл өлсө ибадат калып калат.

Өлгөн окшойт ушул күн биздин көңүл,
Напси балээ чоңоюп сүрөт өмүр.

Улуктук, бийиктик да дөөлөттүү кез,
Кутманым, түбөлүктүү дайым эмес!

Турмуштун жыргалы аз кууралы көп,
Сыркоо, каргыш жармашат жаныңды жеп.

Улук болсоң кубанба мансабыңа,
Улуктардын түйшүгү арбын тура.

Дил азык🌾

29 Nov, 17:40


“Өзгөрөмүн” деген адам колуна китеп алмайын, айткан сөзү күмөн бойдон кала берет.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

28 Nov, 12:04


Бүгүн түшкү убактарда унаа менен бара жатып кырсыктап калдым. Аллахым өзү сактады. Жолго чыгаардан мурун илим жолунда жүргөндөргө, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн бираз тыйын садака кылдым эле. Аллахым бир чекеме да зыян жеткирбеген кырсыкка кабылтты. Акыйкатта садака балээден сактайт. Мындай кырсыктоодо жок эле дегенде жаракаттар алып, бутуң сынып же андан жаман нерселер болуп кетиши мүмкүн эле.

Наадан, күнөөкөр бир пендеңе ырахматыңды жаадырган кандай гана берешен Затсың Оо, Ааламдар Падышасы.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

28 Nov, 07:37


Сага дагы, мага дагы жакпаган,
Мен Аллахка мунаафыктан даттанам.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

28 Nov, 07:28


Багымдатты каза кылган күнү мен,
Бүт дүйнөнү жоготтум деп түшүнөм.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

28 Nov, 07:20


Сенсиздик мени абдан кыйнады. Айланамда тикен дүйнө курчагансыйт. Инсан болсо да, тикендей мүнөзү менен ийнесин сайып, азаптагандар да арбын. Бул жалган дүйнөнүн жалгандарынан, жалганчыларынан бираз чарчадым. Жөн гана буттарыңа башым жөлөп уктасам, наадандардын кебин башка укпасам деп кыялдандым. Ааламдан азапталып киргенимде, аярлап жакшы сөз сүйлөп жубатуучу жубайым, сени абдан сагындым.. Мага азыр ушунчалык керексиң.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

26 Nov, 15:44


Акыл, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

26 Nov, 05:39


Көөдөндө кысылуу, денеңде алсыздык, ырыскыңда жетишпестик сезип жаткан болсоң, анда билгин – пайдасыз нерселер менен көп алек болуп жатыптырсың.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

26 Nov, 05:36


Мен сени бүгүн аябай катуу сагындым. Бул кабарымды өзүң каалаган күнү оку.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

23 Nov, 08:50


Кээ бир көңүлгө жакпаган адамдар да бала тарбиялайт. Кызыгы, эмнегедир берген тарбиясын да жактырбайсың. Ошол инсандардын тарбиясын алган үчүн – ошол балдар да көзүңө сүйкүмсүзүрөөк көрүнүп кетет..

Же менде эле ушундайбы деп калам кээде..

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

23 Nov, 06:59


Ашыктык инсанга бир нече жолу келүүсү мүмкүн. Бирок бирөөсү гана көңүлүңүзгө мөөр басат.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

22 Nov, 19:35


Бир жылда сен эч нерсе кыла албаган эки эле күн бар. Алар кечээ жана эртең.)

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

22 Nov, 06:25


Алыңа карап сен деп, күчүңө карап сиз деген адамдар бар.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

21 Nov, 16:35


Аял баарын сезет бирок баарын билбейт.

- Төребек Бекбаев

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

19 Nov, 14:33


Сен менден “сизге эмне жетишпей жатат?” - деп сурай турган болсоң, биринчи сөздү окугун.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

19 Nov, 14:24


Көкүрөк керип тоготпойт,
Жанына нарктуу жолотпойт.
Арамдан тапкан акчасын,
Жакшылык ишке коротпойт.

Ыймансыз байлык көптүрөт,
Акырет жашооң өлтүрөт.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

19 Nov, 14:22


Өмүргө келдик эмнеге?
Түшкөнбүз сыноо кемеге.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

19 Nov, 14:21


Жаркырайт көктө жылдыздар,
Жарыгын чачкан бир кыз бар.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

18 Nov, 08:09


Бүгүн апта башы. Ушул аптада кайсы китепти окуп баштайсыз же окуп бүтүрөсүз? (коммент👇🏼)📚📚📚

Дил азык🌾

16 Nov, 19:07


Көптөн бери шаарга бүгүн келдим. Келип эле эки жыл мурун инсульт алып, төшөктө жатып калган аяш атамды зыярат кылдым. Бир тарабы жаным сыздай түштү. Дагы бир тарабы досумдун атасынын колун укалап, бутун укалап, шейшептерин, кийимдерин алмаштырып жатканын көрүп суктандым. Аяш атамдын канчалаган күнөөлөрүн оорунун себебинен Аллах Таалам кечирет. Досум болсо атанын кызматын кылып, бейишин куруп жаткандай туюлду. Аталарыбыз мынтип жатып калбаса да, мынчалык кызматын кыла албайт көрүнөбүз. Анткени атанын сүрү болот. Эркек баланын да ичинде сүйүүсү болкуп турганы менен, сыртына чыгарып айта албайт эмеспи. Ата менен бала эркекче эле мамиледе болот көбүнчө.

Бул жактан чыгып эле дагы бир досума зыяратка бардык. Жаркылдаган аяш апабыз рак илдетине чалдыгып, улам даарыланып, оору менен алпурушуп, үй-бүлөсү менен күрөшүп жаткан учуру. Досум ичиндегисин айтпаса да ой-санаасы, кайгы-муңу сезилип турат мага. 4 жыл мурун жашоосунда чоң жоготуу болуп, аяш атабыз да дүйнө салып кеткен эле. Эми мынтип батасын берээр аяш апам да катуу ооруп турса, санаага батпай кантсин..

Ата-энелерибиздин өмүрү узак болсун ылайым. Ар дайым ден-соолуктарын чың кыла көр Аллахым!
🤲🏻

Дил азык🌾

16 Nov, 07:07


Миң ирет көрүп алган көрктүүдөн,
Бир ирет көрбөй алган тектүү артык.


Казак элинен

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

14 Nov, 20:13


“Эркектин психологиясы мындай”- деп сабак өтүп жүргөн аялдарды түшүнбөймүн. Алар эмне эркек болуп көрүптүрбү? Аял киши миң изилденсе да эркектин психологиясын эркек болуп көрмөйүн түшүнбөйт. Кудум эле аялдын психологиясын эркек түшүнбөгөндөй.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

14 Nov, 15:53


– Ата-энеге жаман сүйлөсө болобу?
– Ата-энеге жаман кароого да болбойт.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

13 Nov, 17:52


Жазарым жанагы эле сен кайрадан.

Кыштын күнү арчага көзүм түштү. Суктандым.💞 Кычыраган кышта өз сулуулугун жоготпостон жашылданып, көрктөнүп турат.

Анан, ойго батып, шүгүр кылдым. Себеби жан дүйнөмдүн арчасы сенсиң. Дегеним: жан дүйнө сууктан тоңсо да, өз көркүң менен аны сулуулап, жылуулап турасың.💞

©Рустам Абилов.
12-март 2021-жыл.

Кардын жыты келгенсийт.

Дил азык🌾

13 Nov, 17:44


- Апалар да инсанбы?
- Жок, алар жердеги периштелер. Баласынын алдында өз напсисин, каалоолорун унуткан, көздөрүндө "Сенин жакшылыгың үчүн баарын берем"- деген терең сөз жаткан канатсыз периштелер.🫀

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

13 Nov, 17:39


Арадан 4 жыл өттү.

– Атасы, не кылып жатасыз?
– Сен жарык дүйнөгө алып келген кызымды сүйүү менен убарамын – деп, жомок угуп жатып уктап калган кызынын бетинен акыры-ын сүйүп, үстүн жаап койду.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

13 Nov, 17:34


Сенден башканы акылыма киргизүүгө аракет кылсам да такыр кирбей койгон, өзүңдөн башканын баарын унуттурган деги кандай жансың?

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

13 Nov, 17:33


Түн – бирөөнү сагынгандардын борбору. Таштап кеткен жана унуткандардын болсо уктоочу сааты.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Nov, 18:11


Шайлоо учурунда сооп иш менен алектенип жаткан эл ичиндеги soopmenдердин, башка учурда ыкласы кайда кетет болду экен?

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Nov, 18:05


Ушул күнгө келип апам менин көңүлүмө жакпаган бир да сөз сүйлөбөптүр, бир да иш жасабаптыр, бир да жолу мени ирээнжитпептир. А мен, татыксыз перзент, эсепсиз көңүлүн калтырыптырмын.💔

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Nov, 18:03


Биз бышпаган(кам) сүт ичип чоңойгон адам баласы бизге келген баардык кыйынчылыктарга себеп таба беребиз. Ушундай кылганым үчүн ушундай болду. Ушундай кылбаганымда мындай болбойт эле деген сыяктуу. А чынында Улуу Даанышман Заттын көп жакшылыктары, кыпындай кыйынчылыктар артына катылганын сезбейбиз..

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Nov, 15:17


– Караңгылыктан корком..
– Бирок, кантип? Караңгыда көп жүрөсүң го…
– Жарыктын караңгысынан эмес. Караңгы адам болуудан..

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Nov, 06:50


Зависть, сплетни, раболепие перед модой и постоянное стремление быть роскошнее соседа — это реальность нашего мусульманского общества.

Дил азык🌾

09 Nov, 06:46


Жансыз жерди казуу ушунча кыйын болсо, адамдын жан дүйнөсүн казуу кандай болду экен?

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Nov, 06:45


Терең чукур казып жатам. Ойго чөмүлүп, чукурлашып барган сайын, жан дүйнөм чукурдан чыгып жаткансыды.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Nov, 06:43


Кээ бир адамдарга бир нерсени түшүндүрүү – бал аарысынын чымынга, балдын таштандыдан жакшыраак экендигин түшүндүрө албагандай эле кеп.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Nov, 05:59


– И как она тебе?
– Да никак. Вредная, упрямая, девочка с характером и красивыми глазами..
– И что? Ты будешь забыть её?
– Нет, я на ней женюсь.


#Дилазык🌾

Дил азык🌾

08 Nov, 12:16


Достун жакшысы - сени эле эмес, сен жок жерде аброюңду да жалгыз койбогону.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

08 Nov, 11:59


Чоңураак жүрөк каалаймын. Сени жетишээрлик сүйө алуу үчүн.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

08 Nov, 11:57


Бардык сөздөр түшүнбөстүккө учурайт. Жада калса сүкүттү кээде туура эмес түшүнүп алышат.

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

24 Oct, 06:26


Аллах сени бейишке киргизгиси келсе, күнөө менен сынайт. Тозоко киргизгиси келсе, ибаадат менен сынап коёт.

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

24 Oct, 06:21


Алладан коркуу да, Алланы сүйүү да бир. Сүйүү- бул коркуу. Коркуу- бул сүйүү.

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

24 Oct, 06:14


Пендеге көңүл бурбаган адам, Кудайга кантип көңүл бурсун!

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

17 Oct, 11:27


Атам бизге материалдык байлык калтырбады. Ал ар дайым айтчу “Балам, мага берген Аллаһ, сага да берет. Мен Аллахтан азыраак сурап коюптурмун. Сен кенен сурагын”.

Канат Альчибеков агайыбыздын жогорудагы сөздөрү чоң сабак болду.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

17 Oct, 11:22


Атасынын кайрадан ичип келгенин көргөн бала:
– Ата, ичкенди качан токтотосуз. Сизге арак саткан дүкөндөрдү барып өрттөп салгым келет- деп ачууланып кыйкырды. Бирок анын үнүн жан дүйнөсүнөн башка эч бир жан уккан жок.💔


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

16 Oct, 11:32


Бул дүйнөдө жоготкуң келбеген нерселерди жоготосуң. Баарына даяр болуп жаша.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

16 Oct, 11:28


Кээ бир инсандар чайга салынган кумшекер сыяктуу. Аны кашык менен аралаштырбасаң пайдасы тийбейт. Аралаштырып койсоң чайдын таттуусун чыгарат. Бул дүйнөдө кашыктын кызматын аткарган жандар бар. Алар тандалгандар.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

16 Oct, 11:25


Жамгыр жаап, бактын ичинде тосулуп калган арыктарды күрөк менен ачып, күрөгүм ылай болуп калды. Ылайын тазалап кагуу үчүн кече эле ирээттеп жыйган, чабылып, жип менен бооланган отундардын четине каккыладым. Күрөктүн учу капысынан бир боо отундун жибине тийип, жип үзүлүп, отундар чачылып кетти. Бийик кылып жыйган отунумдун ирети бузулду. Бакты кыйып, отунду мээнет кылып чаап, жипке боолап, ташып жыйнаганым көз алдымдан өтө түштү.

Жашоодо да кудум ушундай. Бир адамдын жашоосунан орун алуу үчүн жылдап аракет кылып, бир күнү кокустан башка максатыңа жетем деп, анын көңүлүн оорутуп аласың. Максатың көңүлүн оорутуу эмес болчу. Бирок үзүлгөн жипти өзүндөй кылып улай албагандай эле, үзүлгөн көңүлдү кантип калыбына келтирмек элең.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

15 Oct, 15:16


Тагамдын баласы 3 жашка толуп, туугандар куттуктап келдик. Адам көп. Баары чогулуп чай үстүндө олтурганда айттым. – Ушул жашка келип менин туулган күнүмдө такыр адам чогулган эмес экен. Бул Абу Бакрдын туулган күнүнө ушунча адам чогулганыбызга караганда, авторитети меникинен кыйла артык окшойт– десем баары каткырып күлүп калышты.

Азыр балдар жыргал жашоодо чоңоюп жатышат.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

15 Oct, 14:59


– Сакалды олтуруп тараш керекпи же туруп тараш керекпи?
– Күзгүгө карап тараш керек..

с.Чубак ажы

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Oct, 18:04


Жашоо бүтпөйт уланат,
Бийик, улук максаттар,
Машакаттан куралат.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Oct, 12:50


– Атанын үч уулу болот эмеспи. Атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул. Кимисине киресиң? Атадан артык уул болсоң керек ээ?
– Атадан кем уулмун. Атадан артык уул болуш үчүн өзүмдөн артык перзент тарбия кылышым керек болот.


с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Oct, 05:34


Адам өзүн тааныса ааламды тааныйт.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Oct, 05:34


Жөнөкөй нерсеге бактылуу боло алган, жөнөкөй нерселер менен бактылуу кыла алат.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

11 Oct, 05:33


Ар дайым пайданы ойлогон пайдага жетпейт.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

10 Oct, 16:01


Мыкты болсоң элиңдики болорсуң,
Алсыз болсоң келиндики болорсуң.


#Дилазык🌾

Дил азык🌾

10 Oct, 15:00


Азирети Умар р.а га жолдоштору келип:

– Эй, момундар амири! Бираз жумшагыраак болсоңуз. Жүрөгүбүздү айбатыңыз менен коркууга толтуруп салдыңыз.
– Силер менин заалымдыгымдан коркуп жатасыңарбы? Силерге зулум кылдымбы?
– Жок, сизден жалаң гана адилеттүлүктү көрөбүз.
– Эгер мен силерге адилеттүү мамиле кылып туруп, айбаттуу көрүнүп жаткан болсом, Жаратканым, мени дагы да айбаттуу кыла көр – деди. Азирети Умардан чоң кишилер, жада калса кээ бир сахабалар коркуп качышаар эле.

Бир күнү азирети Умар жолдо келе жатса бир топ жаш балдар ойноп жатышкан эле. Умарды көрүштү да, бытырап качып кетишти. Арасында бир гана бала эч жака качпай, өз ордунда туруп калды. Бул нерсеге таң калган Умар ага барып, “сен эмнеге досторуңа окшоп качпадың” деди. Анда тиги жаш бала чоң кишилер да корккон халифага тигиле карап: – Эй, момундар амири мен заалым эмесмин, сизден зулум көрүүдөн корккудай. Экинчиден айып иш кылбадым, сизден коркуп качкыдай. Үчүнчүдөн жол кең сиз да, мен да батабыз. Өтө бериңиз – дейт. Жаш баладагы кайратты көрүп таң калган Умар, баланын ким экенине кызыгат:
– Кимдин баласысың?
– Абдулла ибн Зубайрмын – деп жооп берди. Башкача айтканда Зубайрдын уулу Абдулламын деди. Жогоруда азирети Зубайрды энеси кантип тарбиялагындыгы тууралуу айтып өттүм эле. Эми уулун баатыр кылып тарбиялаган эненин небересине назар салыңыз. Атасы Зубайр ибн Аввамдын эр жүрөктүүлүгүн көрүп, кандай кыраакы болуп өсүп келе жатканын. Абдулла айтат “5 жашар кезимде Хандак согушунда мушриктер бери өтө албай турушканда 5-6 баатыры күлүк аттары менен биз тарапка өтүштү. Али ибн Абуталиб Амр ибн Уутту өлтүргөндөн кийин калгандары качып жөнөштү. Атам Зубайр артынан кууп барып Нафал ибн Муавия хандактын үстүнөн секирип өтүп жатканда желкесине кылыч менен уруп, ээрге келип токтоду кылычы” дейт. Ушундай баатыр атанын уулу гана ушундай баатыр болот да.

Уммавийлер доорунда да, адилетсиздик күч алган тапта Абдулло ибн Зубайр өзүн халифа деп жарыялап, заалым бийликке каршы турган. Аны канкор кол башчы Хажжаж армия тартып барып өлтүргөн..

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Oct, 19:49


Алгач өзүбүздү унуттук. Кийин болсо эмнени унутканыбызды.

с.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

Дил азык🌾

09 Oct, 19:48


Эхх, менин сокурлар шаарчасында күзгү сатууну каалаган көңүлүм..

к.Рустам Абилов

#Дилазык🌾

3,904

subscribers

297

photos

194

videos