🌾Үнсүз дуа @unsuzduba Channel on Telegram

🌾Үнсүз дуа

@unsuzduba


Цель:10k.
Актив ↗️
Начало истории
11. 04. 21.
Глава: @unsuz_dua.

🌾 Үнсүз дуа (Kazakh)

🌾 Үнсүз дуа топтамасы өзінің кереметтілігі мен қолданушылар ұсынысы арқылы танымал болған көптеген адамдардың келесі тілдерінде өткізілген ақпаратты көзден өткізуге болады. Осы топтама арқылы сіз дуалар туралы, танымал және жаңа дуаларға түйесі тексерілген. Өз бойынша дуаларыңызды бөлу, басқаларды мүмкіндіктеріңше қарау және дуалар үшін ынталандыру мүмкіндігі бар. Топтамаға 10 мың данабай жазылудың мақсаты бар. Өздігінше дуаларды ұсынуда көмек көрсету мақсатында ақпаратты қол салуға орналастырылған. Топтама 11 желтоқсанның 2021 жылы басталғанын білдіреді және бағдарламаның қалпына келтірушісын @unsuz_dua сипаттайды.

🌾Үнсүз дуа

07 Feb, 10:59


Ассаламу алейкум, туугандар!
Боор ооруткан кабар.

Бүгүн дүйнөдөн кайткан сиңдибиз үчүн ар бирибиз дуба кылып коёлу. Аллах анын күнөөлөрүн кечирип, бейиштен орун насип кылсын. Жакындарына сабыр жана күч-кубат берсин.

Сураныч, баарыңыздар намаздарыңызда жана дубаларыңызда аны эстеп, анын руху үчүн жакшы сөз айтып коюңуздар. Аллах баарыбыздан ыраазы болсун🥀🤲🏻😭💔

🌾Үнсүз дуа

03 Feb, 16:43


Каалоочулар кошулабыз💐

🌾Үнсүз дуа

03 Feb, 16:43


https://t.me/aaaaaggggkbz

🌾Үнсүз дуа

01 Feb, 15:14


💐💐💐💐💐💐💐Ассаляму алейкум уа рахматтуллоохи уа барокатух🌹🌹Кутман кеч суйууктуу жамаатым 💐💐💐Буткул ааламдын падышасы Аллахка чексиз мактоолор жана чексиз шугурлор болсун🤲🤲🤲Пайгамбарлардын имамы Пайгамбарыбыз саллаллоху алейки ва салламга берекелуу салам жана салаваттар болсун🤲🤲🤲🤲

🌾Үнсүз дуа

21 Jan, 21:54


Ассаламу алейкум урматтуу Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер. Амансыздарбы?

Урматтуу мекендештер. Москва шаарында түптөлгөн "Бирге окуйбуз" долбоору ыктыярчыларды кабыл алууну жарыялайт.

Эгерде сиз ыктыярчы болууну кааласаңыз анда төмөнкү шилтеме аркылуу бизге байланышыңыз⤵️
https://wa.me/message/FPX27YSHO3Q7N1

Эскертүү!!!
Ыктыярчы болуу үчүн жашка чектөө жок!
Урматтуу мекендеш. Эгерде сиз ыктыярчы болууну кааласаңыз анда Москвада болушуңуз шарт!!!

Кабыл алуу 31-январьга чейин болот. Андыктан чамданыздар. Баарыныздарды күтөбүз 🤗💚

"Бирге окуйбуз" долбоору,
Бизден элге пайда жетсин.

🌾Үнсүз дуа

14 Jan, 20:38


Кыргызстанда 7млн адамдын жок дегенде 4млну 50 сомдон которсо 200млн сом топтолуп калат экен. Аллах Тааланын кудурети чексиз ИншаАллах бизди себеп кылып акча топтолуп калсын. 100 сомунуздарды аябай которуп коюнуздар .....

Коп тукурсо кол болот демекчи

🌾Үнсүз дуа

14 Jan, 20:38


CМА менен ооруган Аруузат аттуу кичинекей наристе кыз эсиңиздердеби?

Дүйнөдөгү эң чанда кездешкен бул оору менен Кыргызстандык 1 жаш 11 айлык Ташбаев Хамза дагы ооруп калды.

СМА дан айыгуу үчүн бир гана укол дары бар. Ал ZOLGENSMА уколу. Башка жолу жок, ушул укол менен гана толук айыгат.

ZOLGENSMА уколунун баасы 170 000 000 сом (жүз жетимиш миллион сом).

Мынчалык кымбат ооруга кабылып калабыз деп жүз уктасак түшүбүзгө кирген эмес, эми ушинтип башыбызга келип турат.

170 000 000 сомду өзүбүздүн күчүбүз менен аз убакыттын ичинде эч качан таба албайбыз. Күнү- түнү иштеп, эмгек кылсак да мынча сумманы таба албайбыз. Үмүтүбүз бир гана элде, адамдарда... Чындап сиздерге муктажбыз, аргабыз жок.

Бизди колдоп коюңуздар элим!

ХАМЗАГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН:

MBANK: 996997171819 Ο.Κ.

СБЕРБАНК ОНЛАЙН: +79966557884 NURIZA I (Нуриза И.)

Тинькофф: +79966557884 Нуриза И. 2200700498704245 карта.

О!Деньги: 0997-17-18-19 Ο.Κ.

Оптима карта: 4169585359766796 VISA Оптима: 0997-17-18-19 Κ.Κ.Ο.

ЕДИНИЦЫ MEGA: 0997-17-18-19

🌾Үнсүз дуа

13 Jan, 19:06


Ассаламу алейкум баарына.
Мага срочно койко место же комната керек. Москва ичинде болсо жакшы болмок. Эртең көчүп өтөм. Алдын ала рахмат.

Кимде болсо байланышып койгулачы сураныч

@Abilovv_m

🌾Үнсүз дуа

05 Jan, 20:35


الحب ليس مجرد كلمات، بل هو أفعال تؤدي إلى قلب شخص آخر. فإن أطهر الحب ما كان في وجه الله

«Сүйүү бул жөн эле сөз эмес, бул башка адамдын жүрөгүнө алып баруучу иш-аракеттер. Сүйүүнүн эң тазасы – бул Алланын ыраазылыгы үчүн болгон сүйүү" 🖤

🌾Үнсүз дуа

21 Dec, 07:13


بِسْــــــــــــــــــــــمِ ﷲِالرَّحْمَنِ الرَّحِيم🤍
{ إِنَّ الْمُسْلِمِينَ وَالْمُسْلِمَاتِ وَالْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ وَالْقَانِتِينَ وَالْقَانِتَاتِ وَالصَّادِقِينَ وَالصَّادِقَاتِ وَالصَّابِرِينَ وَالصَّابِرَاتِ وَالْخَاشِعِينَ وَالْخَاشِعَاتِ وَالْمُتَصَدِّقِينَ وَالْمُتَصَدِّقَاتِ وَالصَّائِمِينَ وَالصَّائِمَاتِ وَالْحَافِظِينَ فُرُوجَهُمْ وَالْحَافِظَاتِ .!}
:Мааниси
„Ырасында, мусулман эркектер жана мусулман айалдар, момун эркектер жана момун айалдар, мойун сунуучу эркектер жана мойун сунуучу айалдар, чынчыл эркектер жана чынчыл айалдар, сабырдуу эркектер жана сабырдуу айалдар, ыкластуу эркектер жана ыкластуу айалдар, садака берүүчү эркектер жана садака берүүчү айалдар, орозо кармоочу эркектер жана орозо кармоочу айалдар, уйаттуу жерлерин (арамдан) сактоочу эркектер жана уйаттуу жерлерин (арамдан) сактоочу айалдар",!
[Сура Аль-Ахзаб: 35

🌾Үнсүз дуа

13 Dec, 10:50


Live stream finished (3 minutes)

🌾Үнсүз дуа

13 Dec, 10:47


Live stream started

🌾Үнсүз дуа

08 Dec, 09:30


Ассаламу алейкум.
Москвадагылар. Ким бүгүн бош. Катокко же киного барып келели. Мен өзүм жалгызмын. Шерик болсо жакшы болмок. Бара тургандар жазыла

@Abilovv_m

🌾Үнсүз дуа

06 Dec, 19:06


Ассаламу алейкум урматтуу катталуучулар. Амансыздарбы?Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерге соонун жанылык.
Келе жаткан жекшемби күнү (воскресенье) Москва шаарындагы мекендештер менен жолугуп, китеп окуп талкуу кылсак деп атабыз. Дарегин адамдар чогулганда айтабыз. Бара тургандар болсо байланышкыла.

https://t.me/Abilovv_m

🌾Үнсүз дуа

05 Dec, 19:59


Куран-журөк жазы
Эт жүрөк -муз , көңүлдө-кыш,ойдо-туман
Маңызы жок өмүр өтүп барат улам.
Эх, канчалык максат коюп,жеткен менен,
Тумчугамын тынчтык таппай, билсең тууган!

Дүйнө үчүн тынымы жок аракеттер,
Алпурушуп канча өмүр кетти бекер.
Жашаптырмын унуткарып өлүм соңун,
Жалган дүйнө-түбөлүктүү түркүк бетер...

Абалым оор, көөдөнүм бош, алсыз ыйман,
Багытым жок, кен ааламда жалгыз турам.
Жаратканым бул күндөрдө себеп кылып,
Жолуктурду жол көрсөтчү  момун тууган...

Маңдайынан ыйман нуру жанып турган,
Ошол адам мага дайым насаат кылган.
"Үйрөнүп сен,башкаларга үйрөткүн!" деп
Колдорумдан бекем кысып ,берди КУРАН


  Куранга сен бүтүндөй өзүңдү арнабасан,Куран сага кыпындай да илим бербейт .Тоскоодуктар,кыйынчылыктарды ашып өтүп үйрөнгөн Курандын ырахатын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес...

Үйрөнүүгө бел байлдым жумшап күчүм,
Бекем туруп, тоскоолдукту жеңдим бүтүн.
Мен чыныгы "Куран ээси "болсом экен.
Куран окуп калчу күндү канча күттүм...

Эх Кураным,жакын курбум ,жан шеригим
Сен бар үчүн  дүйнө кең да ,аруу сезим.
Мен бактылуу болор элем чыкса эгер,
Куран окуп жаткан кезде, соңку демим...

✍️Ж.А

🌾Үнсүз дуа

05 Dec, 06:35


Ассаламу алейкум урматтуу катталуучулар. Амансыздарбы?Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештерге соонун жанылык.
Келе жаткан жекшемби күнү (воскресенье) Москва шаарындагы мекендештер менен жолугуп, китеп окуп талкуу кылсак деп атабыз. Дарегин адамдар чогулганда айтабыз. Бара тургандар болсо байланышкыла.

https://t.me/Abilovv_m

🌾Үнсүз дуа

03 Dec, 05:42


Ассаламу алейкум урматтуу окурмандар.
Бул жарыя Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер сиздер үчүн.

Швейный цехке упаковщик 1 бала керек. Парда упаковка кылганы.
График 6/1. Жумуш убактысы 10⁰⁰ - 20⁰⁰ чейин. Күнүнө 2500 рубльдан жазылат. Ар жума күнү алабыз. Метро Новокосино.

Байланыш үчүн:
https://wa.me/qr/YPDI5EI6H7ETH1

🌾Үнсүз дуа

02 Dec, 07:54


Адамдарга жагынууга аракет кылба. Себеби, канча аракет кылсаң да, канча жакшылык кылсаң да адамдарга жакпайсын.

Адамдар сени жакшы көрүүсү үчүн, сен Аллахка жагынуунун аракетин кыл, Аллах сени адамдарга сүйкүмдүү кылып койот.

Аллах менен болгон мамилеңди оңдо, Аллах сага адамдардын мамилесин жакшыртып койот. Адамдардын арасында даражаң бийик жана сүйкүмдүү болосуң...

с. Мухаммад Абилов

🌾Үнсүз дуа

30 Nov, 07:56


Карылыкка жетем десеңиз...

1. Устат табыңыз. Устаты жок адамды шайтандын азгыруусу баштайт.


2. Көп убактыңызды Куран менен өткөрүңүз. Күн сайын 3 сааттан ашык убактыңызды Куранга арнаңыз. Устатым айтчу: “Күнүнө 2-3 саат Куранга убакыт бөлө албаган адам хафыз боло албайт.”


3. Курандан алыстоо тууралуу ойлор шайтандын азгырыгы экенин түшүнүңүз. Бул улуу жолду Алла Таала сизге тандоону буйруган. Бул чоң ырайымдын кадырына жетиңиз.


4. Кээде Куранды кароого көңүлүңүз чаппай калат. (Мындайды башынан өткөргөндөр түшүнөт.) Адам болгондон кийин чарчайсыз, көңүлүңүз тартып, ниетиңиз солгундап калат. Бул дагы сынак.
Алла Таала Нажм сүрөсүндө айтат:
"Көөдөндөгү жанды алып өлтүрүүчү да, жан киргизип тирилтүүчү да – Ал өзү."
Устатым мындай дей турган: “Бул аяттан дагы бир маанини түшүнүүгө болот: ниетти берүүчү да, алууну чечүүчү да Алла Таала.”
Демек, Алла Таала: “Хафыз болом дедиң, ниетиңди алып койсом сөзүмдү таштап кетесиңби?” – деп сынашы мүмкүн.
Жөн гана токтоп калбаңыз. Эч нерсеге карабастан улантыңыз.

Ниеттин солгундашы күнөөлөрдөн болушу мүмкүн. Көп истигфар айтыңыз (Имран сүрөсү, 147-аят).



5. Куран жаттоого кеңештер:

Эгер жаңыдан жаттай баштасаңыз, алгач кыйынчылыктар болот. Эсиңиз төмөн, тилиңиз Куранга көнө элек, тез окуй албайсыз. Жарым барак жаттоо чоң нерседей сезилет. Бул кадимки эле көрүнүш. Башында эле “колумдан келбейт” деп көңүлүңүздү сындырбаңыз.

Жаттоону тапшыраардан 1 күн мурун жаттап алууга аракет кылыңыз. Ошондо оңой жана ишенимдүү болот.

Жаттоо ыкмасы ар кимде ар башка. Өзүмө жакшы жардам берген ыкманы бөлүшөйүн:

1 бет жаттоону эки бөлүңүз. Биринчи жарымын 33 жолу окуп, андан соң жаттап баштаңыз. Андан кийин жаттаган бөлүгүңүздү 33 жолу жатка окуңуз. Экинчи жарымына да ушундай кылыңыз. Андан соң экөөнү бириктирип жатка окуңуз.

Бул ыкма үчүн сабыр талап кылынат. 15 жолу окуганда эле “болду, жатталып калды” деп токтоткуңуз келет, бирок 33 жолу окусаңыз, пайдалуу жана узак убакытка эсибизде сакталып калат.

Убакыттын өтүшү менен Алла Таала эс тутумуңузду күчөтүп, жөн гана окуу менен жаттай турган абалга жетесиз. Аллаху акбар!




6. Эс тутум жөнүндө кабатыр болбоңуз. Ал – Алланын бергени. Сизден талап кылынганы – тынымсыз жаттоо, дуба кылуу жана түнкү тахажуд намазына туруп дуба кылуу.
Мен үчүн 1 барак жаттоо өтө чоң жетишкендик көрүнчү. Азыр дагы ошондой, бирок Куранды 5, 10, 15, ал тургай 22-32 барактан жаттаган адамдарды көрүп, Алланын улуулугун сезесиз. Ал кааласа, бардык нерсе мүмкүн экен.



Бул кеңештер биринчи кезекте өзүм үчүн жазылды. 🤍

Алла Таала баарыбызга хафыз болууну жана Куранды жүрөгүбүздө Өзү ыраазы боло турган деңгээлде сактоону насип этсин!
❤️‍🩹

🌾Үнсүз дуа

29 Nov, 06:02


Бактылуулук толук дин менен жашоодо гана!!!

🌾Үнсүз дуа

27 Nov, 15:40


https://t.me/english_easy_easy

🌾Үнсүз дуа

27 Nov, 15:40


🌾Ассаламу алейкум
Кандайсыздар?

АНГЛИС ТИЛИН 🇺🇸нөлдөн баштап үйрөнөмүн—деген катталуучулар. Сиздерди мен өзүмдүн акысыз болгон сабактарыма чакырамын.

Катталып кетиңиздер каалоочулар болсо группага‼️‼️‼️

🌾Үнсүз дуа

26 Nov, 13:49


КАЙСЫЛ ЖЕРДЕН БОЛОСУЗ?😊

🌾Үнсүз дуа

26 Nov, 09:01


Албетте бул менин жеке оюм...)

🌾Үнсүз дуа

26 Nov, 09:00


21-кылымда сүйүүнүн кадыр-баркы төмөндөп жаткандай.
Себеби, учурда сүйүүдө туруктуулук, ишеним жоголду. Кыз-жигит болуп сүлөшүп жатканы деле, үй-бүлө курганы деле ошол өзүнүн адамы менен токтолбой жатат. Бири-бирине ишеним жок.

Өзү сүйүү никеден кийин башталат. Бирок, учурда никеге чейин эле бир топ иштер болуп кетип жатат. Устаздар, аалымдар "кыз-жигит болуп жүрбөгүлө, бул арам мамиле. Түн ичинде парктарды аралап жетелешип жүрбөгүлө" деген сайын токтолуунун ордуна биз кайрадан күчөп жатабыз.
Нуржигит агай айткандай:
- Биздин жаштарга "Аны кылба, муну кылба" деп айтпаш керек окшойт. Тескерисинче "Кыл" деп айтуу керек окшойт. Антпесе "Кылба, дебе" деген сайын токтотуунун ордуна, кайрадан өчөшкөнсүп көбүрөөк кылышат экен.

Балким таалим-тарбиянын башкача бир усулун колдонуп көрөттүрбүз...
Балким...


©Мухаммад Абилов

🌾Үнсүз дуа

24 Nov, 08:29


Мен бүгүн көргөн эң таасирдүү видео...🥹🫠

🌾Үнсүз дуа

24 Nov, 06:47


Үйлөнүп коюу оңой,
Бирок үй болуп кетүү кыйын...

🌾Үнсүз дуа

24 Nov, 06:47


Досум менен болгон маек

Бир досум бар 2005-жылкы. Үйлөнгөнүнө 1 айдан ашты. Кечээ ошол досум менен сүйлөшүп калдым. Сүйлөшүп, өткөн-кеткенди кеп кылып отурдук. Бир учурда досум:
- Досумбек, мен аяшың менен ажырашайын деп жатам, бүгүн-эртең талагын берем - деп калды. Үстүмдөн муздак сууну төгүп салгандай денем дүрр дей түштү.
- Эмнеге досум? Жакшылап ойлондуңбу? Сага эмнеси жакпай жатат? Же сага итаат кылбай жатабы? Эмне болду айтсаң маселени чечүү оңой болот - дедим.
- Ээ досум эмнесин айтасың, баары жакшы аяшың мага итаат кылат, айтканымды кылат, сулуу, жакшы аял. Болгону аны менен жашагым келбей жатат. Ал аябай акчаны көп сарптайт. Акча кайдан келип жатканын, ал акчаны табуу үчүн мен канча машакат чегип атканымды ал ойлоп да койбойт.
- Сен жакшы элесиңби досум? Сага нике оюнчукпу? Же эмне талак берүү ошончолук жеңилби? Ээ досум сен бул кызга жетиш үчүн канча аракет кылганың эсиңден чыктыбы? Сен өзүң эрте үйлөндүң досум анан да аяш дагы жаш эми гана 19га чыкты. Ал азыр жаш досум. Сен анын бардык нерсесине ыраазы болуп үйлөндүң, ар кандай кылык-жоругуна чыдайм деп үйлөндүң. Эми чыдап жаша досум. Талак бербе. Талак берүү туурасында такыр эле унутуп кой. Ал сенин аялың. Сен ага жооптуусуң.
Досум, эгерде аяшым акча кайдан келип жатканын түшүнбөй жатса, сен ага түшүндүр, айт. Ал деле адам да. Жакшы айтып түшүндүрсөң түшүнөт. Экөөң чогуу убакыт өткөргүлө, чогуу келечекке чоң-чоң максаттарды койгула. Бул күндөр да өтөт досум. Болгону Сен бекем туруп чыдап кой. Сен бекем бол досум. Анткени Сен ЭРКЕКСИҢ, сен бир үй-бүлөнүн, бир кичинекей мамлекеттин башчысы болдуң. Эми сен мамлекетиңди туура жана адилеттүү башкар. Кандай учур болбосун адилеттүү бол. Жубайыңа мээримдүү, романтик бол досум. Анын көңүлүн оорутпа. Аны урушпа, урба, сөкпө досум. Эртең кыямат күнүндө ал үчүн да Сен жооптуу болосуң. Жакшылап ойлон досум, талак берем деген оюңдан кайт. - дедим.
- Ээ досум, азыр бойдоксуң да үй-бүлөлүк жашоону түшүнбөйсүң... Макул досум. Талак бербейм. Жашайм.
- Ооба досум мен бойдокмун. Туура, балким үй-бүлөлүк жашоону түшүнбөшүм мүмкүн. Бирок, үй-бүлө куруу канчалык жоопкерчиликтүү иш экенин жакшы билем. Ошон үчүн да үйлөнбөй жүрөм. - деп жооп бердим.

Мына ошентип бул тема жабылды. Айтайын дегеним, үйлөнүп жатканда Жакшылап ойлонуп, истихара окуп, "баарына даярмын, жубайымдын эркелигин, оор мүнөзүн көтөрүүгө даярмын. Турмуштун ар кандай сыноолоруна чыдап, жубайымды ара жолдо таштап кетпейм" деп бекем ниет кылып анан үйлөнүш керек.

Акыркы сөзүм:
"Чымчыктын уясы болсо да бузулбасын." Үй-бүлөнү бузууга эмес, сактап калууга жан үрөп аракет кылалы.

Мухаммад Абилов

🌾Үнсүз дуа

23 Nov, 08:02


Жакшылар, күндөлүк катарында колдоном деген баракчам бар. Бирок ошол баракчага жакшы ат коё албай жатам. Ой-пикир, сунуш бериңиздерчи.

🌾Үнсүз дуа

23 Nov, 07:45


Кыз деген гүл,
Назик болот барктай бил!
Коргоочусу сен,
Сөз тийгизбей барктай бил!
Алган соң түбөлүкө жар кылып,
Көздөрүңдүн карегиндей сактай бил!

🌾Үнсүз дуа

22 Nov, 11:24


Ох иии😍

Срочно үйлөнөт окшойм 😍😁

🌾Үнсүз дуа

22 Nov, 10:51


Ушул музыканын коштоосунда окуңуздар 💚

🌾Үнсүз дуа

22 Nov, 10:37


Атакеме

Канча түйшүк тарттың бизди багам деп,
Элдин алды болуп жүрсүн балам деп.
Бар тапканың бизге бердиң аябай,
Келечекте багат ушул балам деп.

Эми эле кыркка келди жашыңыз,
Бирок ата... Агарыптыр чачыңыз.
Чачыңыздын ар бир аппак талында,
Бар да биздин тоодой болгон салымыбыз.

Күн-түн иштеп, кем кылбастан бактыңыз,
Бизди ойлоп канча санаа тарттыңыз.
Окусун, жесин, ичсин ушул балам деп,
Мени элдин алды кылып бактыңыз.

Сизден Аллах ыраазы болсун атакем,
Эми багуу, ойлоо кезек меники...💚

Автор: Мухаммад Абилов

🌾Үнсүз дуа

22 Nov, 06:04


- Акындар махабатты кандай айткан?
- "Махабатсыз дүнүйө бош" - деп далай айткан...

🌾Үнсүз дуа

22 Nov, 04:40


Үмүтсүз болбо...❤️‍🩹

🌾Үнсүз дуа

21 Nov, 19:59


Жакырчылыкта, кичинекей үйдө өзү сүйгөн адам менен бактылуу жашап жаткан аял, бай жашоодо, заңгыраган үйдө ыйлап жашаган аялдан бактылуу...!

© Мухаммад Абилов

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:37


Дүйнөдөгү эң бактылуу убакыт, Ата-энең менен чогуу өткөргөн мүнөттөр экен.❤️

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:36


Кээ бир инсандардын көздөрүнө караганда,алардын тап таза жүрөгүн көрөсүң 🫀

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:35


Мен окуган китептер, сен окуган китептер менен  бир текчеде жоолуксун💫

Амиинь🤲🏻

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:32


Сен дагы мага окшоп бакыт жүктөп,
Дүйнөнүн бир бурчунда жүрсөң керек

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:31


Сени намаздан алыстаткан нерсе, жаннатка жакындатпайт...🕊

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:30


Намазды калтыргандар үчүн эң коркунучтуу суроо:

Мынчалык эмне кылдың, Жараткан сени менен жолугушууну каалабагыдай?

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:29


Бизден мурункулардан калып кеткен Бул дүйнө, бизден да калып кетет...🤍

© Мухаммад Абилов

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:25


📚 Китеп- адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамдарды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүнө жетүүгө, учурку, өткөнкү жана келечекки турмушка ыкыбал салууга түрткү берет.

© Чыңгыз Айтматов

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:24


☕️📚Өзүңүзгө жаккан китептерди гана окуңуз

Эгер китеп сизге катуу сунуш кылынса жана аны эч кандай жол менен окууга мүмкүн болбосо, бул сиздин китебиңиз эмес, аны окуу сизге каршы зомбулуктан жана убакытты текке кетирүүдөн башка эч нерсе алып келбейт.

Эгерде сизге иштөө үчүн белгилүү бир темадагы китепти окуу керек болсо, анда ар дайым ассортименттен эң оңойун тандап алсаңыз болот. Ошондо окуу жагымдуу жана пайдалуу болот.

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:21


Окууга убакыт бөлүңүз 📚🍂☕️

"Убакыт качан болот?" деп күтүп отурсаңыз, эч качан окуй албайсыз. Коомдук транспорттон окуй аласыз, бирок, эреже боюнча, метрополиянын дүрбөлөңү сиз окуп жаткан материалга көңүл бурууга жол бербейт. Китеп окуу үчүн белгилүү бир убакыт бөлүңүз. Сиз эс алып, окуп ырахаттанган тынч абалда мыкты. Мисалы, кечинде үйдө, социалдык тармактардагы окуу статусунан баш тартып, кечти китеп окууга арнаңыз. Интернеттен же телевизордон маалыматты сиңирип алгандан көрө, жакшы китеп көп пайда алып келет.

🌾Үнсүз дуа

16 Nov, 14:18


Кутман кеч!🫶🏻💜
Кандайсыздар?

🌾Үнсүз дуа

24 Oct, 00:00


Бүгүнкү күнүбүз гө Алхамдулиллах

🌷Үйүбүзгө нур,
🌷Үй-бүлөбүзгө бакыт,
🌷Оорубузга шыпаа,
🌷Ишибизге ийгилик,
🌷Дасторконубузга молчулук,
🌷Балдарыбызга бакыт.
🌷Өмүрүбүзгө береке берсин.
🌷Өзүбүзгө бекем ыйман берсин.
🌷Амиин, Амиин 🤲

🌾Үнсүз дуа

24 Oct, 00:00


күнүңүздү берекелүү кылсын Раббым 🌸

Канткенде күнүңүз берекелүү болот?
— Эрте менен көзүңүздү ачып эле Биссмилях деп турасыз,
Аллахым өзүнө шүгүр альхямдулиллах деп айтасыз,
Кийин ниет кыласыз;
Йа Раббым менин бүгүнкү күнүмдү берекелүү кыл, жакшылыкка себепчи кыл, динимди даават кылууга мүмкүндүк бер.
Өзүн ыраазы боло тургандай жашоону насип кыл аумин деп ниет кылабыз🫰
Ин шаа Аллах күнүңүз ушунчалык берекелүү болот.
Субханаллах жакшы инсандарга жолуктурат Раббым 💞🌸

🌾Үнсүз дуа

23 Oct, 23:59


Аллахым окуган намазыңыздарды кабыл кылсын🤲🏻

🌾Үнсүз дуа

23 Oct, 23:58


🌾Ассалааму алайкум ва рохматуллаахи ва барокаатух*
—Кутман таң
~АЛЛАХка берекелүү хамд шүгүрлөр болсун! Сак-саламатта тынчтыкта жана ыйманда ойгондук*🤲
~Сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ га жана анын үй-бүлөсүнө сахабаларына берекелүү салам салаваттар болсун*🤲

🌾Үнсүз дуа

23 Oct, 15:04


Ыймандуу жигит билет:

«Аманат»-эмне экенин. Аманатка кандай мамиле кылганды да билет…

🌾Үнсүз дуа

23 Oct, 14:58


Кыздар жигиттердин белектерине, байлыгына, акчасына кызыкпагыла.

Эң башкысы: ыймандуу болсун, динден кабары болсун!
Аллахымдан сурагыла ыймандуу болгонун.
Ыймандуу адам гана бактылуу кыла алат.

🌾Үнсүз дуа

23 Oct, 14:56


Жашоо оюнчук эмес, андыктан бардык нерсеге жоопкерчиликтүү көз караш менен караш керек…!

🌾Үнсүз дуа

13 Oct, 16:49


Себебин жаса да,жыйынтыгын Аллахка кой !

мен уккан эң таасирдүү жана жагымдуу кеңеш

🌾Үнсүз дуа

13 Oct, 16:48


Акыркы 1 жылдын ичинде эмнени түшүндүм ?

~ тынчтык инсандын жүрөгүндө.
Ызы-чуудан кайда качпасын,кайсы жерге барбасын көдөөнүндөгү тынчтыкты тапмайын,тынч жашоо болбойт.
~ иш-аракеттер сөздөргө караганда ишеничтүү жана баалуу.
~ жакшы кулк-мүнөзүң менен адамдардын баарына жага албайсың.Бирок,ал нерсени көрө алгандардын жүрөгүндө каласың.
~ ойлоруңа этият бол,ниетиң тилиңе чыгышына андан дагы кылдат мамиле жаса.Себеби,Аллахым сураганыңды берет.
~ ар дайым жеке чектериңди коргой бил.Инсандар сен уруксат бергенчелик мамиле жасашат.
~ кандай абалда,шартта болбо “бул күндөр да өтөт” деп жаша…
~ жакшылыктан үмүт кылуу менен таңды тосуп жатканыңды унутпа!
~ Аллахка жакын болуугу аракет кыл,кичинекей кадамдар менен болсо да)
~ жашооң өз ордуна түшүп,кыялдарың аткарылуусун кааласаң Алладан сура,намаздарыңды тургуз,көп зикир кыл 🤲🏻
~ кимдир бирөө билип-билбей жамандык жасаган болсо аны да Аллахым сүйүү менен жаратканын,балким Ага сенден да жакын чыгарын ойлон,кечире бил!