💡 Адамдын сөзү, жүрөгүндөгүнү билдирет.
💡 Куранды үйрөнгүлө, анткени ал жүрөктөрдүн жазы (жүрөктөр анын менен жанданат).
💡 Илим сыяктуу жогорку даража жок. Наадандык сыяктуу жокчулук жок.
💡 Илим жана билим, ыйман нуру менен кооздолсо, пайдалуу болот.
💡 Чыныгы аалымдардын жыйналыштары, Бейиш бакчалары.
💡 Илим жүрөккө орношмоюнча, уккандан пайда келбейт.
💡 Илими пайда алып келбеген, ишке ашырылбай, тилде эле айтылганы. Эң жогорку жана пайдалуу илим болсо, анын натыйжасы иш жүзүндө ашырылганы. Башкача айтканда, илим жана амал, дене жана рух сыяктуу бирге болушу керек. Илим жана амал бирге, адам билгенден кийин гана илимин колдонуп ишке ашыра алат.
💡 Адамдар билбеген нерсесинин душманы болушат.
💡 Билбеген нерсеңди айтпа. Аз болсо да, болгону билгениңди айт.
💡 Адам, ар бир айтканын билиши керек, бирок ар бир билгенин айта бербеши керек.
💡 Ар бир укканыңды башкаларга айта бербе. (Анткени ар бир укканыңды айтуу, адамдын жалганчылыгын көрсөтөт.)
💡 Адамдын сөзү, акылынын өлчөмүн көрсөтөт.
💡 Адамдын акылсыздыгы менен урмат жана сый бирге болбойт.
💡 Адамдардан бир нерселерди күтпөө, байлыктын чокусу.
💡 Ким дини үчүн чын ниет менен кызмат кылса, аракет кылса, Аллах Таала анын дүйнөсүнө жетиштүү.
💡 Ички дүйнөсүн оңдогондун сыртын да Аллах Таала оңдойт.
💡 Чыныгы байкуш, ишенимдүү достон ажыраган адам.
💡 Досторду зыярат кылуу менен ортодогу сүйүү жаңыланат.
💡 Эки жүздүүлүк менен сүйүү бирге болбойт.
💡 Жакшы мүнөздүү адамдар менен дос болуу, чоң керемет.
💡 Чынды билсең, чындыкты кармангандарды да билесиң.
🔸 @kaarylar_quran