Тетик болуп чачылды ээлегеним.
Бардык дүйнө мүлкүмдү берем сага,
Бакытымды бер тагдыр келе, менин!
Узап эле кетишти, узап эле,
Убагында болгондор мага жакын.
Убактылуу турбайбы көрсө баары,
Убакыттын билбепмин таразасын.
Жакындабай, кеткендер кетти — дедим,
Жараландым, тагдырдан тепки жедим.
Ушул күздө аябай жүдөй түштүм,
Ушу куса түбүмө жетти, менин.
Жараланып жан дүйнөң, жараң канайт,
Араң тапкан сүйүүң кеткенде анан.
Ак жоолугун башканын ыраа көрүп,
Ак сүйүүңө жете албай кеткен жаман.
Жашооң түгүл түгөнүп калат тура,
Жашоодогу сүйүүңө жеткенче, араң…
Башаламан.
Жок такыр менде план,
Азыр кайда барамын? Эмне кылам?
Чар тарабым түпөйүл жол болууда,
баары , баары акырын жоголууда.
Төбөмдөгү түйшүгүм оор болууда,
Баё, таза көңүлүм кордолууда.
Балалыкты, баягы жашоомду ойлоп,
Баратамын кайгырып жолдо мына…
Жан дүйнөмдүн тоолору кулап атат,
Жакшы адамдар! Жанында болбогула.