Оо анда көңүлдөр түк карайа элек,
Ой менен алыс-алыс барар элек...
Карылар чымчып коюп жонубуздан,
Басылса, ойноп кетип калар элек...
Оо азыр турмуш чымчып жүрөгүмдү,
Оорусу алигиче тарай элек...
Өзгөрө берет тура кийинкибиз,
Оо мындан башка эле да мурункубуз...
Оодарып, түртө коюп бирибизди,
Оюндан далай эле жыгылчубуз...
А азыр чалса турмуш аягыңдан,
Алдастап, бутка кайра кыйын туруш...
Жашынмак ойночубуз балдар менен,
Өзүңдү далдаа жерге катмай деген...
Көзүмдү жумуп, табуу оңой эле,
Ким кайда жашынганын айтпай билем!
А азыр ачып алып көздөрүмдү,
Андагы досторумду таппай жүрөм...
Андагы жомок бүгүн бүттү неге...
Аягын бүтпөөчүдөй күттүк эле...
Жолдордон өттүкпү азыр билбейм татаал,
Жомокто каарман бирок күчтүү эле...
Турмушта ак-кара эле болот тура,
А анда бизге дүйнө түстүү эле...
— Максат Жангазиев