📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚 @sirat_al_mustakim_kg Channel on Telegram

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

@sirat_al_mustakim_kg


Ассаламу алайкум уа рохматуллохи уа баракатуху🌹

🔴Биздин каналдан сиздер төмөнкү пайдалуу маалыматтарды аласыздар

🔸 Диний суроо-жооптор

🔸Баяндар жана таалимдер

🔸Дуалар жана хадистер

🔸Аудио видео Курандар

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚 (Kyrgyz)

Сиздерге ассаламу алайкум уа рохматуллохи уа баракатуху! 🌹nn🔴 "И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР" каналы - биздин каналдан төмөнкү пайдалуу маалыматтарды аласыздар:nn🔸 Диний суроо-жоопторnn🔸 Баяндар жана таалимдерnn🔸 Дуалар жана хадистерnn🔸 Аудио видео КурандарnnКаналга катталуу учун, бизге камсызыз. Сиздин диний билимдеринизди көбөрөгөн кылуу үчүн биздин каналга катышып калыңыз. Жакшы көргөнүңүз үчүн рахмат!

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

08 Feb, 13:58


☪️ КУРАН ЖАНА СҮННӨТТКӨ АМАЛ КЫЛУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ

1. ТУУРА ЖОЛГО БАШТАЙТ

Аллах Таала айтты:
«Чындыгында бул Куран эң туура жолго баштайт жана жакшы иштерди кылган момундар үчүн чоң сыйлыктар бар экени жөнүндө куш кабар берет». (Исра сүрөөсү, 9-аят)

Башка бир аятта Аллах Таала мындай деген:
«Бул китепте (Куранда) эч күмөн жок. (Ал) такыба адамдар үчүн туура жол». (Бакара сүрөөсү, 2-аят)

2. КУРАН БУЛ ШЫПАА

Аллах Таала айтты:
«Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт». (Исра сүрөөсү, 82-аят)

3. КЫЯМАТ КҮНҮ ШАПААТ КЫЛАТ

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Куранды окугула! Анткени ал Кыямат күнү Куран окуган адамдарга келип шапаат кылат». (Муслим)

4. ДАРАЖАНЫ КӨТӨРӨТ*

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Аллах Таала бул китеп (Куран) менен кээ бир адамдардын даражасын көтөрөт. Ал эми аны менен кээ бир адамдардын даражасын түшүрөт».(Муслим)

5. АДАМДАРДЫН ЭҢ ЖАКШЫЛАРЫНАН БОЛОТ

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үйрөткөндөр». (Бухари)

6. СҮННӨТТҮ КАРМАНГАН АДАМДЫ АЛЛАХ ЖАКШЫ КӨРӨТ

Аллах Таала Куранда мындай деген:
«Айт: «Эгерде Аллахты чындап жакшы көрө турган болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллах силерди жакшы көрөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү». (Аалу Имраан сүрөөсү, 31-аят)

7. СҮННӨТТҮ КАРМАНГАН АДАМ АДАШПАЙТ

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
*«Менден кийин кимиңер жашай турган болсоңор, көп келишпестиктерди көрөсүңөр. Мына ошондо менин сүннөтүмдү жана менин туура жолдогу халифаларымдын сүннөтүн бекем кармагыла». (Абу Дауд, Тирмизи)

Урматтуу мусулман бир тууган! Сага Кыямат күнү Куран шапаат кылып бейишке киргизүүсүн каалайсыңбы? Анда Куранды көп окуп, анын ичиндеги өкүмдөргө амал кыл! Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламдын, хадистерине амал кыл! Мына ошондо эч качан адашпайсың. Аллах Таала Куранда адамдарга кайрылып ушундай дейт:

«(Оо, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөнгө (Куран менен сүннөткө) ээрчигиле! Андан башканы жол башчы тутуп, аны ээрчибегиле!» (Аараф сүрөөсү, 3-аят)

Бул аятта Аллах Таала Куран жана сүннөттөгү буйруктарга баш ийүунү жана тыюу салынган иштерден тыйылууну буйруп жатат. Бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө Куран жана сүннөткө амал кылган адамдар өтө аз кездешет. Аллах Таала бизди жөн эле Куран жана сүннөткө амал кылгыла деп буйруп эле койбостон, Куран жана сүннөт менен жашаган адамдарга Кыямат күнү көптөгөн сооп-сыйлыктарды даярдап койгондугун да кошо айтты. Ошондуктан урматтуу мусулман бир тууган! Кел, Куран жана сүннөткө амал кылып жашайлы. Анткени Куран жана сүннөт бизди эки дүйнө бактылуулукка жеткирет.


@firdaus_media

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

02 Feb, 20:32


🌷АЙЫМДАР ҮЧҮН КУРАН ҮЙРӨНҮҮ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ТАЖВИД КУРСУНА ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ....🌷

🔥Акция баасы 400с🔥

Өтүлүүчү сабактар:

1⃣Башталгыч деңгел (нөлдөн баштап):

Куранды нөлдөн баштап үйрөнүү

Тамгаларды сулуу жазганды үйрөнүү

Махраждарды чыгарууну үйрөнүү

Мини тажвид

2⃣Улантуучулар (Куран окууну билгендер үчүн):

Тажвидти терең үйрөнүү

Куранды туура жана тажвид менен окууну үйрөнүү

Куран жаттоо


🎓Курсту толук 2 айда бүтөсүздөр ин шаа Аллах

📚Онлайн Ватсап жана телеграм аркылуу жумасына 3 жолу өтүлөт

СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ

Катталуу үчүн:

📲https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

01 Feb, 14:40


ЧЫНЫГЫ ХАНЫША БОЛОМ ДЕСЕҢИЗ...❤️

"Тең - теңи менен тезек кабы менен ". Бакытты бирөөнүн короосунан эмес, өзүңдүн үйүңдөн изде. Бакыттын даамы кайда дейсиңби? Бакыттын даамы, ырахаты сен самаган кабат - кабат үйдө, жол тандабас унаада, кымбат баалуу кийимдерди алып берип, "Мен айткандай болот" деп сен үчүн убактысын бөлбөгөн эмес, үңкүрдөй үйү болсо да, " Сен айткандай болот канышам " деп, дөңгөчтөй сүрү менен сени деп үйүнө шашкан. Жакының сенин китебиңдин автору болсун дейт, сенин көзүңдөн, жүзүңдөн, ички дүйнөңдү жүрөгүңдөн окуп, жаны менен сезип, оорусаң кошо оруп, ыйласаң колуң, жыгылсаң бутуң, күлсөң кошо күлүп, колдоп, коргоп , жакшы - жаман сөзүңө көз жумуп, жакшы сөзү менен мээрим кучагына кыскан, "Сүйүктүүм " деп түрган тамырана суу болуп берсең, дүйнөдө соолубас гүлгө айланасың. Бакыттын багбаны болгонду билсең, мөмөсү таттуу болот. ....☺️🤲❤️

©Насиба Абдуллаева

@firdaus_media

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

26 Jan, 14:50


КУРАН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ (КУРАНДЫН ПАЙДАСЫ, СООПТОРУ🌹)


Аллахка мактоолор болсун!
Аллах Таала улук пайгамбарыбызга, анын үй-бүлөсүнө жана сахаабаларына чексиз мээримин төксүн!


🌹Куран – бул Аллах Таалнаын Сөзү болгондуктан, анын башка сөздөрдөн улуулугу Аллах Тааланын башка макулуктардан улуулугу сыяктуу. Ал эми аны окуу тил сүйлөгөн сөздөрдүн эң жакшысы.


(КУРАН ОКУУНУН ПАЗИЛЕТИ, АРТЫКЧЫЛЫГЫ ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР🌹)


Пайгамбарыбыз ﷺайткан🌹
«силердин эң жакшыңар – Куранды окугандар жана окуткандар» (Бухарий)
Пайгамбарыбыз ﷺайтты🌹
«ким Аллахтын китебинен бир тамганы окуса, ага он эсе көп сооп болот🌹» (Термизий)


Пайгамбарыбыз ﷺайтты🌹

«Куранды толук бойдон жаттап, андан кийин окуган адамдын мисалы улуу-пакиза периштелердин жамааты менен болгон сыяктуу🌹
Ал эми, аны окууга өзүнө убада берип, ар канча кыйынчылык менен болсо да окуган адамга эки эсе сооп болот🌹»

(Бухари, Муслим)


https://t.me/firdaus_media

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

24 Jan, 14:12


Ассаламу алайкум, урматтуу мусулман бир туугандар!

Илимди жайылтып, соопко жетүүнү каалагандар үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк!

2025-жылдын 23-январынан 5-февралына чейин Египет өлкөсүндө Дүйнөлүк китеп жарманкеси өтүүдө. Бул чоң иш-чарага 25тен ашуун мусулман өлкөлөрдүн китеп басмаканалары катышууда.

Эгер сиз Египетте билим алып жаткан студенттерге жардам берүү менен садака жарая кылгыңыз келсе, бизге кайрылсаңыз болот. Сиздин белегиңиз илим издеп жүргөн жаштардын жолун жарык кылып, акыретиңиз үчүн чексиз сооп алып келет!

Жарманкеден алынуучу негизги китептер:

Куран тафсирлери

Хадистер топтому

Фикх жана башка шарият илимдерин камтыган китептер.


Илимди колдоо – бул эң улуу садака! Бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, сиз да өз үлүшүңүздү кошуңуз. Аллах Таала сизден ыраазы болсун жана соопторуңузду арттырсын!

Реквизиттер:

Мбанк аркылуу :

706 98 63 63

Оптима аркылуу:

708 58 30 32

О! Деньги (Единица) аркылуу:

0508 42 24 24

Сурап билүү үчүн ватсап:

+201102863700

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

17 Jan, 11:08


🤲 Күмөнсүз кабыл болчу дуалар

Абу Хурайрадан (Аллаһ андан ыраазы болсун) риваят,
Аллаһтын элчиси ﷺ айтат:
“Үч дуа эч шек-күмөнсүз кабыл болот
1) Атанын баласына жасаган дуасы
2) Сапардагы жолоочунун дуасы;
3) Мазлумдун дуасы”[1]

Азим Абади (Аллаһ аны ырайымына алсын) бул хадиске түшүндүрмө берип айтат:

“Атанын дуасы — баласы үчүн кылган жакшы батасы же баласын (каргап) тескери кылган дуасы
   Хадисте эне  айтылбаган себеби анын акысы атасына караганда көбүрөөк, ошондуктан атанын дуасынына караганда эненин дуасы катураак кабыл болоору шексиз

Сапардагы жолоочунун дуасы — ага урмат-сый көрсөтүп, жакшылык жасаган адам үчүн жасаган же ага зыян келтирип жамандык көрсөткөн адамга каршы жасаган дуасы [Бул адамдын дуасынын кабыл болуусуна күмөн жоктугунун] себеби андай киши дуаны чын жүрөктөн жасайт экени

Мазлумдун (зулум көрүүчүнүн)  дуасы ага жардам көрсөтүп кол сунуп зулумдуктан куткарып,  кыйынчылыгын жеңилдеткен адам үчүн жасаган дуасы жана ага кандайдыр бир зулумдук көрсөткөн адамга каршы жасаган дуасы

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

13 Jan, 20:38


ШАЙХ ИБН АЛ-УСАЙМИН رحمه الله АЙТТЫ:

"Аял кантип такыбалыка жетет? Илим алуу менен. Илим алмайынча эч бир аял заты такыба боло албайт. Мен муну алар колунан келсе китептерден же аалымдардан алган шарият илимин айтып жатам: ал аалымдар эркекпи же аялбы айырмасы жок. Биздин доордо аял кишиге илимпоздордун оозунан аудио жазуу аркылуу билим алуу барган сайын оңой болуп баратат."

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

10 Jan, 13:06


Ассаламу алайкум уа рохматуллохи уа баракатуху!

Кадырлуу үммөт! Сиздер үчүн кубанычтуу жаңылык: "Sirat_al_mustakim" каналы эми күн сайын кызыктуу жана пайдалуу диний суроо-жоопторду сунуштайт! Бул суроолорго жооп берип, ыйманыңыздарды бекемдеп, билим казынаңызды байытууга чакырабыз.

Суроолордун туура жооптору ар күнү кечинде, саат 23:00дө жарыяланат. Диний билимиңизди тереңдетүү үчүн катышып гана тим болбостон, каналыбызды үй-бүлөңүздөр жана досторуңуздар менен бөлүшүп, жакшылыкты жайылтууга себепкер болуңуздар.

Аллахым, баарыбызды хидаят жолунда бекем кылып, жүрөгүбүзгө нурун чачсын!
Каналыбызга кошулуңуздар, илим жолунда чогуу кадам таштайлы!

*⚜️SIRAT_AL_MUSTAKIM⚜️*


📲Каналга катталыңыздар


https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

05 Jan, 21:33


Усман (разияллооху анху) айтат: Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты:

Кайсыл пенде күн сайын эртең менен жана кечинде үч жолудан:

🌹«Бисмиллаахил лазии лаа язурру маъа-смихии шай-ун фил-арзи ва лаа фис-самаа-и ва хувас-самииъул ъалиим». (Тирмизи)🌹

Мааниси: «Ушундай Алла Тааланын аты менен баштаймын, Анын аты менен жерде да, асманда да эч бир нерсе зыян жеткире албайт. Ал Зат Угуучу, Билүүчү» — деп окуса, анда ага эч нерсе зыян жеткире албайт. (Тирмизи).

❇️Ал эми «Абу Дауд»тагы риваятта:

«Ким эртең менен ушул дубаны окуса, анда кечке чейин, ал эми кечинде окуса, анда таң атканга чейин ага эч кандай кырсык жетпейт» — деп жазылган.

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

03 Jan, 10:28


🕋Мусулман үчүн эң зарыл дуа🕋

*" رَبَّناَ آتِناَ فِي الدُّنْياَ حَسَنَةً ، وَ فِي الآخِرَةِ حَسَنَةً ، وَ قِينَا عَذابَ النَّارِ "*

🌸Окулушу:🌸

Роббанаа аатинаа фид-дуня хасанатан , уа фил- аахыроти хасанатан , уа кыина а'заабан-наар”.

🌺Мааниси:🌺

🌼_“Роббибиз ! Бизге бул дүйнөдө жакшылыктарды бер , акыретте жакшылыктарды бер жана бизди тозок азабынан сакта!”_🌼

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

02 Jan, 07:10


🌷АЙЫМДАР ҮЧҮН КУРАН ҮЙРӨНҮҮ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ТАЖВИД КУРСУНА ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ....🌷

🔥Акция баасы 400с🔥

Өтүлүүчү сабактар:

1⃣Башталгыч деңгел (нөлдөн баштап):

Куранды нөлдөн баштап үйрөнүү

Тамгаларды сулуу жазганды үйрөнүү

Махраждарды чыгарууну үйрөнүү

Мини тажвид

2⃣Улантуучулар (Куран окууну билгендер үчүн):

Тажвидти терең үйрөнүү

Куранды туура жана тажвид менен окууну үйрөнүү

Куран жаттоо


🎓Курсту толук 2 айда бүтөсүздөр ин шаа Аллах

📚Онлайн Ватсап жана телеграм аркылуу жумасына 3 жолу өтүлөт

СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ

Катталуу үчүн:

📲https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

01 Jan, 12:55


Аллах Тааланын 99 ысым сыпаттары

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

01 Jan, 12:55


🔰 АЛЛАХТЫН КӨРКӨМ ЫСЫМДАРЫН ҮЙРӨНҮҮНҮН ЗАРЫЛДЫГЫ

СУРОО: 4043
Аллахтын көркөм ысымдарын үйрөнүүнүн канчалык зарылдыгы бар?

ЖООП:
Аллахка алкыш-мактоолор болсун!

Төмөнкү нерселерден улам, Аллах Тааланын ысымдарын үйрөнүүнүн чоң зарылдыгы бар:
🔸 1. Аллах, Анын ысымдары, сыпаттары жөнүндөгү илим - эң шарапаттуу, абсолюттук түрдө эң улуу илим болуп эсептелет. Ал илимдин шарапаттуу болуусу - үйрөнүлгөн Заттын шарапаттуу болгондугунда. Бул илимде үйрөнүлгөн нерсе - ал Аллах Таала жана Анын ысымдары, сыпаттары, кыймылдары. Бул илимди түшүнүү менен алек болуу, аны толук изилдөө - эң улуу нерсе менен алек болуу жана пенде ээлик кылган эң сонун жөндөмдүүлүк. Ошондуктан Пайгамбар ﷺ эң сонун кылып баяндап берген жана Пайгамбар ﷺ баяндап берүүсүндө, сахабалар фикх өкүмдөрүндө ихтиляф кылгандай эч кандай ихтиляф (каршы чыгуу) кылган эмес.

🔸 2. Аллах Тааланы таануу Аны сүйүүгө, Андан коркууга, Андан үмүт кылууга, амалды ыклас менен жалгыз Ал үчүн кылууга түрткү болот. Пенде үчүн мына ушул чыныгы бактылуулук. Аллах Тааланы Анын көркөм ысымдарын үйрөнүү жана анын маанилерин түшүнүү менен гана тааный алабыз.

🔸 3. Аллах Тааланын көркөм ысымдарын үйрөнүү ыйманды көтөрөт, Абдуррахман Ибн Саьдий (Аллах Өз ырайымына алсын) айткандай: "Аллах Тааланын көркөм ысымдарын билүү, таухиддин үч бөлүгүн өз ичине камтып алат. Таухид ар-рубубия, таухид аль-улухия жана таухид асма' уа ас-сыфаат. Мына ушул түрлөр ыймандын руху, тынчтыгы, негизи, максаты. Канчалык пендеге Аллахтын ысым-сыпаттарын билүүсү кошулган сайын, ыйманы күчөйт жана йакыны кубатталат".
📚 [Ат-Таудих валь-Байан лиШажаратиль-Иман лис-Саьдий, 41-бет].

🔸 4. Аллах пенделерди Өзүн таанытуу жана Өзүнө гана сыйынуусу үчүн жараткан. Мына ушул алардан талап кылынган нерсе. Анткени Ибн аль-Каййим айткандай: "Пайгамбарлардын дааватынын ачкычы, рисаласынын каймагы: сыйынылган заттын ысымдарын, сыпаттарын жана кыймылдарын билүү. Анткени ушул билимге башынан аягына чейин бардык нерсе курулат".
📚 [Ас-Сова’икуль-Мурсаля аляль-Жахмия валь-Му’аттыля ли Ибниль-Каййим, 1/150-151].

Аллахты таануу менен алек болуу - пенде эмне үчүн жаралган нерсеси менен алек болуу. Жана эмне үчүн жаралган нерседен алыс кылган бардык нерселерди таштоо зарыл. Ыйман деген Аллахты тааныбай туруп, жөн эле тил менен айтып коюу эмес. Анткени Аллахка ыйман келтирүүнүн акыйкаты: пенде өзү ыйман келтирген Роббисин таануу жана Аллахты ысым-сыпаттары менен танууга бүт мүмкүнчүлүгүн жумшоо. Роббисин таануусуна жараша ыйманы көтөрүлөт.

🔸 5. Аллахтын көркөм ысымдарын билүү бардык үйрөнүлгөн илимдердин негизи болуп саналат. Ибнуль-Каййим (Аллах Өз ырайымына алсын) айткандай: “Аллахтын көркөм ысымдарын билүү - илимдердин негизи. Мындан башка маалыматтар же Ал жараткан нерсе, же Ал буйруган нерсе, же Ал түзгөн нерсе же Ал Шарият кылган нерсе болот. Жаратуунун, буйруунун булагы көркөм ысымдардан болот”.
____
ИСЛАМ: СУРОО-ЖООП

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

31 Dec, 20:55


🕊ТАКЫБАЛЫК- Бейишке алып баруучу жол🕊

Абу Умама Судай бин Ажлаан аль-Бахилийдин мындай дегени кабардалат:

💫Мен Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) коштошуу ажылыгында мынтип кутба айтканын укканмын: “Аллага такыбалык кылгыла, беш убак намазыңарды тургузгула, Рамазан айында орозо кармагыла, байлыгыңардын зекетин бергиле, башчыларыңарга моюн сунгула, ошондо Кудайдын бейишине киресиңер!” 💫

📚(Имам ат-Тирмизий

🌼 “Намаз китебинин” аягында рабаят кылган жана “бул хадис хасан сахих” деп айткан).🌼


Хадистен алынган өкүмдөр:


🌸1-Намаз, орозо, зекет, ажылык сыяктуу Исламдын түркүктөрүн бекем кармануу, так аткаруу милдет.


🌸2-Башчылар, амирлер, өкүмдарлар күнөө ишке буйрубаган эле болсо, аларга моюн сунуу милдет.

Хадистен алынган сабактар:

🌸1-Такыбалык бейишке алып баруучу жол.


🌸2-Бул дүйнөдө такыбалык менен жашоо, акыретте кутулууга жетүүгө себеп болот.


🕋Момундар бакчасы
🕋

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

27 Dec, 10:19


Куран окуунун пайдалары


❇️Куран – бул Аллах Тааланын Сөзү болгондуктан, анын башка сөздөрдөн улуулугу Аллах Тааланын башка макулуктардан улуулугу сыяктуу. Ал эми аны окуу тил сүйлөгөн сөздөрдүн эң жакшысы. Куран окуунун кандай соопчулугу бар?

🔻Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөндөр жана үйрөткөндөр» (Бухарий)

🔻Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Ким Куран окуса ар бир тамгасына он сооп жазылат» (Ибн Аби Шейба «Мусаннаф»)

🔻Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Куранды толук бойдон жаттап, андан кийин окуган адамдын мисалы улуу-пакиза периштелердин жамааты менен болгон сыяктуу. Ал эми, аны окууга өзүнө убада берип, ар канча кыйынчылык менен болсо да окуган адамга эки эсе сооп болот» (Бухари, Муслим)

🔻Дагы бир хадисинде мындай деди: «Куран жаттаган адамга (Бейишке түшкөндө) “окуганың даражасында (Бейиштин бийик даражаларына) көтөрүл! Аны дүйнөдө кыраат менен окугандай оку! Сенин ордуң окуган акыркы аятыңдын алдында (өтө бийикте) болот!” деп айтылат». (Тирмизи 2914).

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

27 Dec, 10:18


Жүрөктөр Куран угуп эс алсын🤍

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

26 Dec, 10:02


СИЗДИН ТУУЛГАН АЙЫҢЫЗ КАЧАН😇💭

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

25 Dec, 09:08


🌷АЙЫМДАР ҮЧҮН КУРАН ҮЙРӨНҮҮ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ТАЖВИД КУРСУНА ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ....🌷

🔥Акция баасы 400с🔥

Өтүлүүчү сабактар:

1⃣Башталгыч деңгел (нөлдөн баштап):

Куранды нөлдөн баштап үйрөнүү

Тамгаларды сулуу жазганды үйрөнүү

Махраждарды чыгарууну үйрөнүү

Мини тажвид

2⃣Улантуучулар (Куран окууну билгендер үчүн):

Тажвидти терең үйрөнүү

Куранды туура жана тажвид менен окууну үйрөнүү

Куран жаттоо


🎓Курсту толук 2 айда бүтөсүздөр ин шаа Аллах

📚Онлайн Ватсап жана телеграм аркылуу жумасына 3 жолу өтүлөт

СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ

Катталуу үчүн:

📲https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

24 Dec, 13:56


Ушул дуаны бөлүшүп жана жаттап алыңыз!


Абдулла ибн Умар رضي الله عنه айтты: "Пайгамбар ﷺ Аллах Таалага бул дуа менен кайрылат эле:

"О, Аллах, мени нээматыңдан куру калып калуудан, жакшылыгыңдын оодарылып кетүүсүнөн, азабыңдын келип калуусунан, жалпы ачууңдан сактай көр!"".

[عن عبدالله بن عمر:] كانَ مِن دُعاءِ رَسُولِ اللهِ ﷺ: اللَّهُمَّ إنِّي أَعُوذُ بكَ مِن زَوالِ نِعْمَتِكَ، وَتَحَوُّلِ عافِيَتِكَ، وَفُجاءَةِ نِقْمَتِكَ، وَجَمِيعِ سَخَطِكَ.
مسلم (ت ٢٦١)، صحيح مسلم ٢٧٣٩ •

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

22 Dec, 12:22


СИЗДЕР ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ ВАТСАП КАНАЛ

📌АРАБЧА ОКУУНУ БИЛБЕЙСИЗБИ? ДУАЛАРДЫ КУРАНДЫ ЖАТТОО КЫЙЫН БОЛУП ЖАТАБЫ?

💌АНДА БУЛ КАНАЛ СИЗ ҮЧҮН💌

🎈КУРАН АЯТТАРЫ

🎈ДУАЛАР КЫРГЫЗЧА МААНИСИ МЕНЕН

🎈САХИХ ХАДИСТЕР

🎈АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫСЫМ СЫПАТТАРЫН МААНИЛЕРИ МЕНЕН ЖАТТОО

💌КАНАЛГА КАТТАЛЫҢЫЗ:💌

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

22 Dec, 12:22


ЖАШ БАЛДАРГА ДЕМ САЛУУ ДУАСЫ

أعيذك بكلمات الله التامة من كل شيطان وهامة ، ومن كل عين لامة

🌼Окулушу:🌼

Уыызука бикалимаатил-Лаахит-тааммати мин кулли шайтоонин уа хаамматин уа мин кулли айнин лаамматин

🌸Мааниси:🌸

Алланын толук эң сонун сөздөрүн ортого салып, сени бардык шайтандардан, зыян берүүчү жамандыктардан жана суук көздөрдөн Алланын сактоосун сураймын


https://t.me/sirat_al_mustakim_kg

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

20 Dec, 11:49


📚КУРАН ОКУУ АДЕПТЕРИ 📚

Уландысы.....

13. Капилетке батып, ою башка жакта болуп окуса, оюн бир жерге топтоп кайра ошол аяттарды ой жүгүртүп окусун. Илимдүүлөр айтат: 1-аятты ой жүгүртүп окуу, бардык Куран китепти капилет ой менен окуп бүтүргөндөн жакшы.


14. Мүмкүн болушунча кооз үн менен окуу, ыр күүсүнө салбоо.

15. Аяттарды күлүп каткырып окубай тескерисинче келечектеги сыноолорго даяр эместигин эстеп ыйлап окууга аракет жасоо.

16. Тамгаларды даана чыга
турган жеринен чыгарып окуу.

17. Артыкча кыйкырып окубоо.

18. Ырайым аяттары окулса ырайым сурап, азап аяттары окулса сактоо сураганга аракет кылуу.

19. Кээ бир татаал аяттарды мааниси чыкканча кайра-кайра окуу.

20. Бир жерге барып келүү керек болсо Куранды ачык калтырбоо.

21. Эстөө, жөтөлүү, чүчкүрүү учурунда кыраатты токтотуп туруу.

22. Башкалардан жакшы окуп жатам деп текеберлене окубоо.

23. Базарда жүргөндө, мазактоочулар алдында, наадандар топтолгон жерде үндү чыгарып окубоо.

24. Куран аяттарын же анда келген аттарды тамашага салбоо.

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

20 Dec, 11:47


Бейиш  менен сүйүнчүлөнгөн  сахабалар кимдер?

Андай болсо биле жүрүңүз 👇

Жооп: Жаннат менен сүйүнчүлөнгөн 10 сахаба айтылынган. Бул сахабалар тирүү кезинде эле бейиш менен сүйүнчүлөнгөн.
Алар:
1. Абу Бакр Сыддык (р.а)
2. Умар бин Хаттаб (р.а)
3. Усман бин Аффан (р.а)
4. Али бин Абу Талиб (р.а)
5. Зубейр бин Ауам (р.а)
6. Сайид бин Зайд (р.а)
7. Абу Убайда бин Жаррах (р.а)
8. Талха бин Убайдуллах (р.а)
9. Абдуррахман бин Ауф (р.а)
10.  Саъд бин Аби Ваккас (р.а).

https://t.me/sirat_al_mustakim_kg

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

17 Dec, 12:39


📚 КУРАН ОКУУ АДЕПТЕРИ📚

1. Куран окууну ниет кылган адам даараттуу болуу керек.

2. Мүмкүн болсо таза жаңы кийинип алсын.

3. Куран окуу үчүн оозун тазалап жуусун.

4. Тоскоол берүүчү нерселерден алыс тынч жерде олтуруу.

5. Мүмкүн болсо кыбылага жүздөнүп окуу.

6. Олтуруп окуу.

7. Жат окугандан көрө Куранды карап окуу абзел, анткени окуу өзүнчө кароо өзүнчө ибадат.

8. Куранды жерге койбой өйдө көтөрүп окуу.

9. Кыраат башында 1-жолу Ауузуну окуу жана ар бир сүрө башында Бисмилланы окуу жетиштүү.

10. Ауузуну айткандан кийин саламга алик алса, азанга жооп берсе, зикир же тасбих айтса Ауузуну кайра айтуу шарт эмес. Ал эми тамактанса, көбүрөөк иш кылып келсе анда Ауузуну кайра окуп анан кыраат кылып баштайт.

11. Ауузудан кийин сүрөнүн башы болсо Бисмилланы да кошо окуган абзел бирок окубаса да дурус боло берет.

12. Куран окуп жаткан учурда маанисине ой жүгүртүп окусун эгер араб тилин билбесе жок дегенде мен Улуу Алла Тааланын сөзүн окуп жатам деген сезимде окусун.

Уландысы бар......


🌸СҮЙҮКТҮҮ ҮММӨТ🌸

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

17 Dec, 12:37


☀️ Уят эмес...

- бардыгын эле биле бербөө
- өтө көп сандагы каталарды кетирүү
- эмоцияны дайыма эле башкара албоо
- адамдар менен аз баарлашуу
- башкаларга кызыктай сезилген иштерди аткаруу🍃

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

15 Dec, 15:36


1️⃣ЧҮЧКҮРГӨНДӨ

الحمدلله .

Окулушу:

🌸_Алхамду лиллаах._🌸


Мааниси:

🌸Баардык мактоолор Аллах үчүн болсун🌸 .

🍃_Азирети Али (р.з) дан бир риваятта келген : ким чүчкүргөндө :_🍃

الحمد لله رب العالمين على كل حال.

Окулушу:

🌸_Алхамду лиллаахи роббил ьааламиина ьалаа кулли хаал ._-деп айтса , эч качан анын тиши жана кулагы оорубайт. (Мазоохирул хак)🌸

2️⃣ЧҮЧКҮРГӨН АДАМГА ЖООП БЕРГЕНДЕ

يرحمك الله.

Окулушу:

🌸_Ярхамукал лоох._🌸

Мааниси:

🌸Аллах сага ырайым кылсын!🌸

3️⃣ЧҮЧКҮРГӨН АДАМ КАЙРА БУЛ ДУБАНЫ АЙТАТ

يهديكم الله و يصلح بالكم .

Окулушу:

🌸Яхдиикумул лооху ва йуслиху баалакум.🌸

Мааниси:

🌸Аллах силерге туура жолду көрсөтсүн жана абалыңарды дурустасын !🌸

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

14 Dec, 11:49


https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

13 Dec, 10:52


📚КУРАН САБАКТАРЫ 📚

Уландысы....

3. Бул максатка жетүүдө окууларды калтырып, Куран жаттоодо убагынан калып калбоо үчүн убактыңыз менен мүмкүнчүлүктөрүңүздү алдын – ала туура пландап алыңыз.

Тактап айтканда, автор, бир нерсени каалап коюу жетишсиз экендигин, анын ишке ашуусуна кандайдыр бир себептерди жасоо керектигин айтып жатат.

Мисалы: Дүйшөмбү күнү мен бир күн кечке бош болбойм, бирок шейшембиде менин анча-мынча убактым бар, демек ушул мезгилде Куран окууга убакыт бөлө алат экенмин. Бирок сиз окуунун үзгүлтүксүз болуусу үчүн бир канча күн алдыга план коюп, анын аткарылышына бүткүл күчүңүздү жумшооңуз зарыл.


4. Өзүңүз үчүн эң оптималдуу мезгил жана орунду тандаңыз.


Мисалы: Шейшемби күнү мен “аль Ихляс” сүрөсүн жатташым керек, бирок ал күнү үйүбүзгө кичинекей бөлөлөрүм келет. Алар менин тынч Куран окуу менен алектенишиме тоскоолдук жаратышат. Андыктан, мен үчүн эң жакшысы, мечитке барып, пландаган нерсемди аткаруу.


Уландысы бар...


https://t.me/sirat_al_mustakim_kg

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

10 Dec, 12:42


SIRAT_AL_MUSTAKIM

БИЗГЕ КАТТАЛЫҢЫЗДАР:

📌ВАТСАП КАНАЛЫБЫЗ:

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44

📌ИНСТАГРАМ БАРАКЧАБЫЗ:

https://www.instagram.com/sirat_al_mustakim_kg?igsh=dnZoaG43N2x3MDk3

📌ТЕЛЕГРАМ КАНАЛЫБЫЗ:

https://t.me/islam_media_kg

📌ЮТУБ КАНАЛЫБЫЗ:

https://youtube.com/@sirat_al_mustakim-02?si=Z4YkTcuxzh2OlSiM

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

10 Dec, 12:01


📚Куран сабактары 📚

🌸Мишари Рашиддин Куран жаттоодогу 20 сырын сиздерге сунуштайбыз.🌸


1. Куранды Аллахтын гана ыраазычылыгы үчүн жаттоо.


Биз жашоодо жакшы иштерди башкаларга мактануу, же болбосо кимдир-бирөөлөрдөн билими боюнча артта калып калбоосу үчүн жасаган адамдарды кездештирип жүрөбүз. 1-пунктта автор жөндөн-жөн “Куранды Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жаттоо” деп айтып жаткан жок. Канчалаган имамдар, алардын арасында Бухари жана Муслим, бекеринен, өзүлөрүнүн белгилүү хадис топтомдорун туура коюлган ниет менен башташкан эмес:
“Араңардан эң жакшыңар - Куранды окуп жана аны башкаларга үйрөткөнүңөр”.

2. Алдыга белгилүү бир максат коюу.

Мисалы: “Мен өзүмдүн бир туугандарым менен тажвидди өздөштүрүп, Курандын бир парын жаттайм жана бул нерсени жогорку деңгээлде аткарам. Анткени Аллах эң мыкты деңгээлде аткарылган ишти жакшы көрөт".



Уландысы бар...

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

03 Dec, 13:15


~ Дуба кандай болбосун жүрөктүн түпкүрүнөн суралса ин шаа Аллах кабыл болот! Пенде сурабаса дейт экен, Жараткан "пендем сураганын токтотпосо экен " дейт. Дуба менен Жаратканга жакын болобуз. 😊🤲❤️

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

21 Nov, 10:01


💕ЖАКШЫ КӨРГӨН АДАМЫҢЫЗДЫН АТЫНЫН БАШ ТАМГАСЫ КАНДАЙ😉❤️

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

21 Nov, 00:11


"Намаз окууну үйрөнүү курсубузга кайрадан жаңы кабыл алуу"

🌸Курсубуз жаңы өзгөрүлгөн программа менен өтүлмөкчү...🌸



💰Курс баасы 3 күн акция менен 500с ордуна 250с🔥


📚Өтүлүүчү сабактар:📚

Намазды нөлдөн баштап үйрөнүү

Намазды билгендер каталарын оңдоо

5 убак намазды толук үйрөнүү

10 сүрө жана күнүмдүк дуаларды жаттоо

Аллах Тааланын 99 ысым сыпаттарын жаттоо

Даарат жана гусул алууну үйрөнүү


Айыз жана нифас тууралуу сабактар


💻Курс онлайн телеграмдан жумасына 3 жолу өтүлөт сабак

🎁Курс акырында сертификат жана куран курсуна акысыз жолдомо берилет..



Шашылыңыздар орундар чектелүү гана

Катталуу үчүн:

https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

19 Nov, 12:49


‎ЖҮРӨКТҮ ТАЗАРТУУНУН ЖОЛДОРУ‎

1️⃣ Ыкластуулук. ‎

2️⃣ Аллахка ыраазы болуу. ‎

3️⃣ Куран окуу. ‎

‎Куран – бул бардык оорууларга шыпаа. Ал эми Курандан шыпаа издебеген адам көп жакшылыктардан куру калат. Аллах айтат: ‎
‎«(Эй Мухаммад!) Айткын: «Бул Куран ыйман келтиргендер үчүн туура жол жана шыпаа». Куран, Фуссилат: 44. ‎

4️⃣ Кыямат күнүндөгү эсеп-кысапты эстөө. ‎
‎Кыямат күнү Аллах ар бир адамдын кылган иш-аракеттерин суракка алат. ‎

5️⃣ Дуба кылуу. ‎
‎Аллах дайым жүрөгүмдү тазарт деп дуба кылуу. ‎

6️⃣ Садака кылуу. ‎
‎Анткени садака адамдын ички дуйнөсүн тазартат. ‎

7️⃣ Мусулмандарга жакшылык каалоо жана алардын кемчиликтерин издөөдөн алыс болуу. ‎

8️⃣ Гыйбат кылуудан жана гыйбат угуудан алыс болуу. ‎

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

16 Nov, 15:53


🌷АЙЫМДАР ҮЧҮН ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ТАЖВИД КУРСУНА ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ....🌷

Старт:18-Ноябрь

🔥Акция баасы 400с🔥

Өтүлүүчү сабактар:

Улантуучулар (Куран окууну билгендер үчүн):

Тажвидти терең үйрөнүү

Куранды туура жана тажвид менен окууну үйрөнүү

Куран жаттоо


🎓Курсту толук 2 айда бүтөсүздөр ин шаа Аллах

📚Онлайн Ватсап жана телеграм аркылуу жумасына 3 жолу өтүлөт

СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ

Катталуу үчүн:

📲https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

12 Nov, 13:45


​​🔴 МЕН АЛЛАХТАН СУРАЙМ, АЛ СЕНИ МАГА ӨЗҮ АЛЫП КЕЛЕТ

Күндөрдүн биринде Басралык Исхак ибну Ибад уктап жаткан кезде түш көрөт. Түшүндө ага бир адам келип:
– Кыйналган адамга жардам бербейсиңби,– деп айтканда ал уйкусунан ойгонуп кетет. Жанындагы аялынан:
– Кошуналардан кыйналгандары барбы? – деп сурайт.
– Билбейм,– дейт.

Ал кайра уйкуга кетет. Бирок жанагыл адам экинчи, үчүнчү ирет кайра-кайра түшүнө кирип:
– Уктап жата бербей турбайсыңбы, кыйналганга жардам бербейсиңби? – деп айтат.

Ошентип ал түн жарымда төшөгүнөн туруп, 300 дирхамды колуна алып, качырын минип мечитти көздөй жөнөйт. Мечитке кирсе бир адам намаз окуп жаткан экен. Ал адам анын келгенин сезип калып, кетейин деп жатканда, анын жанына келип:
– Оо, Аллахтын пендеси! Түн жарымда бул жерде эмне кылып жатасың? Сенин бул жакка келүүңө эмне себеп болду? – деп сураганда ал адам:
– Менин соодада жүгүрткөн 100 дирхамым бар эле. Кийин мен аны жоготуп алдым. Ошентип 200 дирхам карыз болуп калдым,– дейт. Ошондо ал алып келген дирхамдарды чыгарды да:
– Мына бул жерде 300 дирхам бар, алып керегиңе пайдалан,– деп ага берди. Кийин кетейин деп жатканда:
– Мени тааныйсыңбы? – деп сурады.
– Жок, тааныбайм,– деди.
– Мен Исхак ибну Ибад деген адаммын. Эгерде дагы кыйналган болсоң, мага кел, мен баланча жерде жашайм,– дегенде ал ага мындай деп айтты:
– Аллах сизге ырайым кылсын! Эгерде башыма кыйынчылык түшсө, мына ушундай маалда сизди алып келген Аллахка кайрылабыз. Ошондо Ал сизди бизге Өзү алып келет.  

📗"Расаиль", Ибну Ражаб 3/128

Аллахка болгон ишеним канчалык күчтүү болсо, адамдын муктаждыгы да ошончолук тез орундалат. Дубанын күчтүүлүгү – Аллахка болгон ишенимдин күчтүүгүлүнө тыгыз байланыштуу. Аллах адамдын ишениме жараша мамиле кылат, анын Ага болгон ишеними канчалык тереңдеген сайын Аллахтын ага бергени да күч алат. Себеби бүткүл нерсе Аллахтын гана колунда. Адам Аллахтан кандай гана нерсени сурабасын, анын сураганы Аллахтын мүлкүнөн эч нерсени кемитпейт. Аллахтын мүлкү чексиз, казынасы чексиз, кудурети чексиз. Анын алдында мүмкүн эмес деген эч нерсе жок. Эгерде Ал каалаган болсо, Анын каалоосу ошол замат ишке ашат. Андыктан адам сурап жаткан кезде кимден сурап жатканын, кимдин алдында кол сунуп жатканын элестетип дуба кылуусу зарыл.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

11 Nov, 13:08


УЧУРДА КАЙСЫ ЖЕРДЕ ЖАШАЙСЫЗ🤗🏡🌸

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

08 Nov, 12:37


Сабактар 1-күнү башталат жетишип калыңыздар.....

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

02 Nov, 12:29


🌷АЙЫМДАР ҮЧҮН КУРАН ҮЙРӨНҮҮ ЖАНА ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ТАЖВИД КУРСУНА ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ....🌷

🔥Акция баасы 400с🔥

Өтүлүүчү сабактар:

1⃣Башталгыч деңгел (нөлдөн баштап):

Куранды нөлдөн баштап үйрөнүү

Тамгаларды сулуу жазганды үйрөнүү

Махраждарды чыгарууну үйрөнүү

Мини тажвид

2⃣Улантуучулар (Куран окууну билгендер үчүн):

Тажвидти терең үйрөнүү

Куранды туура жана тажвид менен окууну үйрөнүү

Куран жаттоо


🎓Курсту толук 2 айда бүтөсүздөр ин шаа Аллах

📚Онлайн Ватсап жана телеграм аркылуу жумасына 3 жолу өтүлөт

СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ

Катталуу үчүн:

📲https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

29 Oct, 11:42


Катталыңыз:

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

27 Oct, 08:08


СИЗДЕР ҮЧҮН АКЫСЫЗ САБАКТАР БОЛО ТУРГАН ВАТСАП КАНАЛДЫ СУНУШТАЙБЫЗ

📌АРАБЧА ОКУУНУ БИЛБЕЙСИЗБИ? ДУАЛАРДЫ КУРАНДЫ ЖАТТОО КЫЙЫН БОЛУП ЖАТАБЫ?

💌АНДА БУЛ КАНАЛ СИЗ ҮЧҮН💌

🎈КУРАН АЯТТАРЫ

🎈ДУАЛАР КЫРГЫЗЧА МААНИСИ МЕНЕН

🎈САХИХ ХАДИСТЕР

🎈АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫСЫМ СЫПАТТАРЫН МААНИЛЕРИ МЕНЕН ЖАТТОО

🎈КУРАН САБАКТАРЫ



💌КАНАЛГА КАТТАЛЫҢЫЗ:💌

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

25 Oct, 11:31


🤲 Күмөнсүз кабыл болчу дуалар

Абу Хурайрадан (Аллаһ андан ыраазы болсун) риваят,
Аллаһтын элчиси ﷺ айтат:
“Үч дуа эч шек-күмөнсүз кабыл болот
1) Атанын баласына жасаган дуасы
2) Сапардагы жолоочунун дуасы;
3) Мазлумдун дуасы”[1]

Азим Абади (Аллаһ аны ырайымына алсын) бул хадиске түшүндүрмө берип айтат:

“Атанын дуасы — баласы үчүн кылган жакшы батасы же баласын (каргап) тескери кылган дуасы
   Хадисте эне  айтылбаган себеби анын акысы атасына караганда көбүрөөк, ошондуктан атанын дуасынына караганда эненин дуасы катураак кабыл болоору шексиз

Сапардагы жолоочунун дуасы — ага урмат-сый көрсөтүп, жакшылык жасаган адам үчүн жасаган же ага зыян келтирип жамандык көрсөткөн адамга каршы жасаган дуасы [Бул адамдын дуасынын кабыл болуусуна күмөн жоктугунун] себеби андай киши дуаны чын жүрөктөн жасайт экени

Мазлумдун (зулум көрүүчүнүн)  дуасы ага жардам көрсөтүп кол сунуп зулумдуктан куткарып,  кыйынчылыгын жеңилдеткен адам үчүн жасаган дуасы жана ага кандайдыр бир зулумдук көрсөткөн адамга каршы жасаган дуасы

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

22 Oct, 13:26


🌷АЙЫМДАР ҮЧҮН ЖАГЫМДУУ ЖАРЫЯ 🌷

Араб тилинин граматикасына кызыгып бирок ыңгайлуу окуу таппай жүрсөңүз бул курс сиз үчүн...

Бизде эмнелер өтүлөт?

.Араб тилинин граматикасын нөлдөн баштап үйрөнүү

.Араб тилинен кыргыз тилине которуу

.Сөздөргө туура аракет коюуп окуу

.Сөздүктөрдү жаттоо

📚Курс жеңил жана оңой метод менен окутулат.

📚Атайын программанын негизинде ар бир сабак 70%практика менен өтүлөт.

📚Сабак зуум программасы аркылуу жумасына 4 күн онлайн эфирден өтүлөт


СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ


📍Курс баасы акция менен:1000с айына

📍Болгону 12 гана окуучу окуйт орундар чектелүү...

📌Окуйм дегендер гана жазыңыздар сураныч


https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

22 Oct, 11:31


📌

Улуу Аллах Таала ар бир заманга ылайык өзүнүн ыйык китептерин түшүргөн.
1."Тоорат"
2."Забур"
3."Инжил"
4."Куран" китеби.


Бул китептерди Аллах Таала адамдарга элчилер аркылуу жеткирген. Аллах Таала чексиз илими менен аларды баардык адамзаттын арасынан атайын тандап алган

.Бул тандалган төрт пайгамбар:
Азирети Муса(а.с),
Азирети Дауд(а.с),
Азирети Иса(а.с),
Азирети Мухаммед (с.а.в).


🍂🍂🍂🍂🍂
Аллах Таала "Тооратты" Азирети Мусага(а.с),

"Забурду" Азирети Даудга(а.с),
"Инжилди"Азирети Исага(а.с),
Ыйык "Куранды" Азирети Мухаммад(с.а.в) түшүргөн.

🌾🌾🌾🌾🌾🌾


Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад Пайгамбарга(с.а.в) түшүрүлгөн Ыйык "Куран" эң акыркы жана эң чоң китеп болуп саналат.Бул китепте баардык ааламдардын Эгеси,сыпаты менен улуу болгон Аллахтын кыяматка чейинки баардык адамдарга тиешелүү болгон буйруктары камтылган. Көптөгөн илимдер, насыйкаттар,сырлар,ачылыштар мына ушул китепте жазылган.
🌼🌼🌼🌼🌼🌼

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

21 Oct, 09:55


СИЗ КАНЧА ЖАШТАСЫЗ😍🌸

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

19 Oct, 10:41


Абу Хурайрадан (Аллах ыраазы болсун) риваят:

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

"Силер Аллахка дуба кылганда Аллах жооп берет деген ишеничте болгула жана билгиле: Аллах Таала бир нерсеге алаксыган жана бейкапар болгон жүрөк менен кылынган дубаны эч качан кабыл кылбайт."

📚Тирмизий 3479
Хадисти шейх Альбани хасан
деген

https://t.me/sirat_al_mustakim_kg

Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз
!

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

15 Oct, 16:17


НАМАЗ ОКУУНУ ҮЙРӨНӨБҮЗ

🎊Аттуу курсубузга айымдарды кайрадан жаңы кабыл алуу башталды.....



🔥Курс акысы акция менен болгону 3 айымга 250сомдон🔥

📚Өтүлүүчү сабактар:📚

🎓.Намазы нөлдөн баштап үйрөнүү

🎓.Намаз окуганды билгендер каталарын оңдоо

🎓.10 сүрөөнү мааниси менен жаттоо(тафсир)

🎓.Аллах Тааланын 99 ысым сыпаттарын маанилери менен жаттоо

🎓.Даарат жана гусул алууну үйрөнүү

🎓.Айыз нифас тууралуу сабактар

🎓.Фикх сабагы

🎓.Араб тамгаларын жаттап жазууну үйрөнүү

🎓.Күнүмдүк дуаларды жаттоо


💻САБАКТАР ОНЛАЙН ЖУМАСЫНА 3 ЖОЛУ ӨТҮЛӨТ.

.Ар бир окуучуга көңүл бурулат жана күн сайын тапшырмалар берилет.

.ОКУУ 1 АЙ БОЛОТ.

🌎Чет жерде жүргөндөр жандуу эфирге кире албай калгандар бош
болгондо тапшырып "сертификат жана куран курса акысыз жолдомо алса болот"😍

🎁КУРС АКЫРЫНДА 1 АЙЛЫК КУРАН КУРСКА ЖОЛДОМО БЕРИЛЕТ


🎁.КОШУМЧА БЕЛЕК ЭЛЕКТРОНДУК НАМАЗ КИТЕПБИ БЕРИЛЕТ

Шашылыңыздар орундар чектелүү гана


Катталуу үчүн жазыңыздар:

https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

12 Oct, 11:41


🤲🏻Аллахтын көркөм ысымы менен дуба кылалы

"Аллахтын көркөм ысымдары бар. Ошол ысымдары менен Ага дуба кылгыла" (Аъраф, 180-аят).

"Ал-Латиф" - иште же мамиледе өтө жумшак, өтө терең илимдүү, сырларды билүүчү. Өзүңдүн "лутф" жумшактык сыпатың менен биздин жашообузду берекелүү кыл. Бул сыпатыңдан бизге да үлүш бергин. Биз дагы бири-бирибиз менен жумшак мамиледе бололу.

"Ал-Мухаймин" - Макулуктардын үстүнөн көзөмөлдөп, бардык нерсени билими менен камтып туруучу. Менин жүрөгүмдө, оюмда, ниетимде, акылымда эмнелер бар Өзүң билүүчүсүң, Сага жакпаган иштерге билип-билбей кадам коюп жаткан болсом, Өзүң туура багыт берип, адашуудан Өзүң сакта!

"Ал-Азиз" - Ызаттуулуктун жана Кудуреттүүлүктүн ээси. Мени эч кимге кор кылдырба. Ызат-урматымды сакта. Пендеге жалдыратпай Өзүңө жалбара турган адамдардан кылгын!


🧕Автор: Насиба Абдуллаева.

📕 "Эртең дебе" китебинен

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

09 Oct, 14:10


🌷АЙЫМДАР ҮЧҮН ЖАГЫМДУУ ЖАРЫЯ 🌷

Араб тилинин граматикасына кызыгып бирок ыңгайлуу окуу таппай жүрсөңүз бул курс сиз үчүн...

Бизде эмнелер өтүлөт?

.Араб тилинин граматикасын нөлдөн баштап үйрөнүү

.Араб тилинен кыргыз тилине которуу

.Сөздөргө туура аракет коюуп окуу

.Сөздүктөрдү жаттоо

📚Курс жеңил жана оңой метод менен окутулат.

📚Атайын программанын негизинде ар бир сабак 70%практика менен өтүлөт.

📚Сабак зуум программасы аркылуу жумасына 4 күн онлайн эфирден өтүлөт


СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ


📍Курс баасы акция менен:1000с айына

📍Болгону 12 гана окуучу окуйт орундар чектелүү...

📌Окуйм дегендер гана жазыңыздар сураныч


https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

09 Oct, 12:35


🔴 АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким Аллахтын Китебинен бир тамга окуса, ага бир жакшылыктын сообу жазылат. Ал эми бир жакшылык он эсе көбөйтүлүп берилет. Мен «алиф, лям, мим» бир тамга деп айтпайм, «алиф» – бир тамга, «лам» – бир тамга, «мим» – бир тамга». (Тирмизи)

  ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Ибну Ражаб, рахимахуллах, мындай деп айтат:
«Аллахка жакындаткан нафил ибадаттардын арасынан эң абзели – Куранды көп окуу жана аны түшүнүү, ой жүгүртүү менен угуу. Хаббаб ибну Арат, радыяллаху анху, бир адамга мындай деп айтты: «Аллахка жакындоого болушунча аракет кылгын! Сен Аллахка эң сүйүктүү болгон Куран менен жакындагандай башка эч нерсе нерсе менен Ага жакындай албайсың». (“Жамиъ аль-Уълуум уаль-Хикам”)

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

05 Oct, 19:29


НАМАЗ ОКУУНУ ҮЙРӨНӨБҮЗ

🎊Аттуу курсубузга айымдарды кайрадан жаңы кабыл алуу башталды.....



🔥Курс акысы акция менен болгону 5 айымга 250сомдон🔥

📚Өтүлүүчү сабактар:📚

🎓.Намазы нөлдөн баштап үйрөнүү

🎓.Намаз окуганды билгендер каталарын оңдоо

🎓.10 сүрөөнү мааниси менен жаттоо(тафсир)

🎓.Аллах Тааланын 99 ысым сыпаттарын маанилери менен жаттоо

🎓.Даарат жана гусул алууну үйрөнүү

🎓.Айыз нифас тууралуу сабактар

🎓.Фикх сабагы

🎓.Араб тамгаларын жаттап жазууну үйрөнүү

🎓.Күнүмдүк дуаларды жаттоо


💻САБАКТАР ОНЛАЙН ЖУМАСЫНА 3 ЖОЛУ ӨТҮЛӨТ.

.Ар бир окуучуга көңүл бурулат жана күн сайын тапшырмалар берилет.

.ОКУУ 1 АЙ БОЛОТ.

🌎Чет жерде жүргөндөр жандуу эфирге кире албай калгандар бош
болгондо тапшырып "сертификат жана куран курса акысыз жолдомо алса болот"😍

🎁КУРС АКЫРЫНДА 1 АЙЛЫК КУРАН КУРСКА ЖОЛДОМО БЕРИЛЕТ


🎁.КОШУМЧА БЕЛЕК ЭЛЕКТРОНДУК НАМАЗ КИТЕПБИ БЕРИЛЕТ

Шашылыңыздар орундар чектелүү гана


Катталуу үчүн жазыңыздар:

https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

04 Oct, 14:59


СИЗДЕР ҮЧҮН АКЫСЫЗ САБАКТАР БОЛО ТУРГАН ВАТСАП КАНАЛДЫ СУНУШТАЙБЫЗ

📌АРАБЧА ОКУУНУ БИЛБЕЙСИЗБИ? ДУАЛАРДЫ КУРАНДЫ ЖАТТОО КЫЙЫН БОЛУП ЖАТАБЫ?

💌АНДА БУЛ КАНАЛ СИЗ ҮЧҮН💌

🎈КУРАН АЯТТАРЫ

🎈ДУАЛАР КЫРГЫЗЧА МААНИСИ МЕНЕН

🎈САХИХ ХАДИСТЕР

🎈АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫСЫМ СЫПАТТАРЫН МААНИЛЕРИ МЕНЕН ЖАТТОО

🎈КУРАН САБАКТАРЫ



💌КАНАЛГА КАТТАЛЫҢЫЗ:💌

https://whatsapp.com/channel/0029VaXDsh490x2nBfXKbj44

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

02 Oct, 15:53


"SIRAT_AL_MUSTAKIM "
Онлайн окутуу борборунда

Айымдарды Куран жана шарият илимдерин үйрөнүү курсуна кабыл алуу башталды ....


АКЦИЯ БААСЫ 400с алгачкы 5 айымга

Өтүлүүчү сабактар📚:

-Куран окууну үйрөнүү

-Арабча жазууну үйрөнүү

-Куран жаттоо

-Тажвид сабагы

-Куран тасхих ж'а тафсир

-Дуа сабагы

-Таалимдер

📆.Сабактар жумасына 3 күн телеграм аркылуу өтүлөт

СЕРТИФИКАТ БЕРИЛЕТ


.ОКУУ БОРБОР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

https://t.me/Nurduu_jurok/497

СЕРТИФИКАТТАР

https://t.me/Nurduu_jurok/461?single

📍Орундар чектелүү гана


⚠️.Эскертүү чындап талабы бар, окуйм деген эжелер гана жазыныздар

📍Баардык маалыматтар турат. Окубасаңыздар жөн эле убакытты алып,ар нерсени сурап жазбаңыздар сураныч! Бири-бирибиздин убактты албайлы


📲
https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

17 Sep, 14:10


Араб тилиндеги көп колдонулуучу #фразалар:

Саламатсызбы - مَرْحَبَاً

Салам - أَهْلاً

Кандайсың ? - كَيْفَ حَالُك؟

Мен жакшымын - أَنَا بِخَيْر

Көрүшкөнчө - إِلَى الْلِّقَاء

Сизге тынчтык болсун - السَّلامُ عَلَيْكُم

Сизге да тынчтык болсун (саламдашууга жооп берүү үчүн) - وَعَلَيْكُم السَّلَّام

Рахмат - شُكْراً

Сага рахмат - شُكْراً لَك

Чоң рахмат - شُكْراً جَزِيلاً

Кутман таң - صَبَاحُ الْخَيْر

Макул - حَسَناً

Мага бул жагат - أُحِبُّ ذَلِك

Эч нерсе эмес (нет проблем) - لَا مُشْكِلَة

Мен сени сүйөм - أَنَا أُحِبُّك

Куттуктайм! - تَهَانِينَا

Бул жакшы - هَذَا جَيِّد

Ооба - نَعْم

Жок - لَا

Эмне ? - مَاذَا؟

Бул эмне ? - مَا هَذَا؟

Каякта? - أَيْنَ؟

Качан? - مَتَى؟

Каяктан болосуң ? - مِنْ أَيْنَ أَنْت؟

Мен болом …. - أَنَا مِن ……

Кечиресиз - أَعْتَذِر

Өтүнөм - مِنْ فَضْلِك

Чек берип коёсузбу, өтүнүч - اَلْفَاتُوْرَة مِنْ فَضْلِك

Кош келдиңиз! - أَهْلاً وَ سَهْلاً

Аллах улук - اللهُ أَكْبَر

Бул - هَذَا (э.ү.) هَذِهِ (а.ү.)

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

17 Sep, 14:10


1) أَنَا - мен
2) أَنْتَ - (э.ү)сен
3) هُوَ - ал(э.ү)
4) نَحْنُ - биз
5) أَنْتُمْ - силер(э.ү)
6) هُمْ - алар(э.ү)
7) هٰذَا - бул(э.ү)
8) ذَلِكَ - тигил(э.ү)
9) هُنَا - бул жерде
10) هُنَاكَ - тигил жакта
11) مَنْ - ?ким
12) مَا - ?эмне
13) أَيْنَ - ?каякта
14) مَتَى - ?качан
15) كَيْفَ - ?кантип
16) لا,ما - не (ما - өткөн чактагы тануу(отрицание)
17) كُلّْ - ,баары бардык
18) كَثِيرٌ - көп
19) بعض - кээ бир
20) قَلِيلٌ - аз
( قبل قليل — бир аз убакыт мурда
21) آخَرُ - башка
22) وَاحِدٌ - бир
23) إِثْنَانِ - эки
24) ثَلاَثَةٌ - үч
25) أَرْبَعَةٌ - төрт
26) خَمْسَةٌ - беш
27) كَبِيرٌ , عَظِيمٌ - ыйык, чоң
28) طَوِيلٌ - узун, бийик
29) وَاسِعٌ , عَرِيضٌ - кенен
30) سَمِيكٌ - толук, семиз
31) ثَقِيلٌ - оор
32) صَغِيرٌ - кичинекей
33) قَصِيرٌ - кыска
34) ضَيِّقٌ - кыска
35) رَقِيقٌ - ичке
36) إِمْرَأَةٌ - аял
37) رَجُلٌ - эркек
38) إِنْسَانٌ , رَجُلٌ - адам
39) طِفْلٌ - жаш бала
40) زَوْجَةٌ - жубай
41) زَوْجٌ - күйөө
42) أُمٌّ - эне
43) أَبٌ - ата
44) حَيْوَانٌ - жырткыч, жаныбар
45) سَمَكٌ - балык
46) طَائِرٌ - чымчык
47) كَلْبٌ - ит
48) قَمْلَةٌ - чымын-чиркей
49) ثُعبَانٌ - жылан
50) دُودَةٌ - курт
51) شَجَرَةٌ - дарак
52) غَابَةٌ - токой
53) عَصًا - жыгач, бутак
54) فَاكِهَةٌ - мөмө-жемиш
55) بَذْرَةٌ - урук
56) وَرَقٌ - барак
57) جِذْرٌ - тамыр
58) قِشْرَةٌ - дарактын кабыгы
59) زَهْرَةٌ - гүл
60) عُشْبٌ - чөп
61) حَبْلٌ - жип
62) جِلْدٌ - тери
63) لَحْمٌ - эт
64) دَمٌ , دِمَاءُ - кан
65) عَظْمٌ - сөөк
66) دُهْنٌ - май
67) بَيْضَةٌ - жумуртка
68) قَرْنٌ - мүйүз
69) ذَيْلٌ - куйрук
70) قَلَمٌ - калем
71) شَعَرٌ - чач
72) رَأْسٌ - баш
73) أُذْنٌ - кулак
74) عَيْنٌ - көз
75) أنف - мурун
76) فَمٌ - ооз
77) سِنٌّ - тиш
78) لُغَةٌ - тил
79) أُظْفُورٌ - тырмак
80) قَدَمٌ - тапан, кадам
81) سَاقٌ - бут
82) رُكْبَةٌ - тизе
83) يَدٌ - кол
84) جَنَاحٌ - канат
85) مِعْدَةٌ - ич
86) في الداخل - ичинде
87) عُنْقٌ - моюн
88) ظَهْرٌ - бел
89) صَدْرٌ - төш
90) قَلْبٌ - жүрөк
91) كَبْدٌ - бөйрөк
92) شَرِبَ - ичүү
93) أَكَلَ - жеш
94) عَضَّ - тиштөө
95) مَصَّ - шимүү, соруу
96) بَصَقَ - түкүрүү
97) تقيؤ - айруу, жыртуу
98) ضَرَبَ - уруу
99) تَنَفَّسَ - дем алуу
100) ضَحِكَ - күлүү

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

09 Sep, 12:29


Кайрадан намаз курсу башталганы жатат ин шаа Аллах мурунку потоко жетишпей калгандар үчүн дагы мүмкүнчүлүк 🌷

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

09 Sep, 12:29


НАМАЗ ОКУУНУ ҮЙРӨНӨБҮЗ

🎊Аттуу курсубузга айымдарды кайрадан жаңы кабыл алуу башталды.....

🌷САБАК ЭРТЕН БАШТАЛАТ🌷


🔥Курс акысы акция менен болгону 5 айымга 250с🔥

📚Өтүлүүчү сабактар:📚

🎓.Намазы нөлдөн баштап үйрөнүү

🎓.Намаз окуганды билгендер каталарын оңдоо

🎓.10 сүрөөнү мааниси менен жаттоо(тафсир)

🎓.Аллах Тааланын 99 ысым сыпаттарын маанилери менен жаттоо

🎓.Даарат жана гусул алууну үйрөнүү

🎓.Айыз нифас тууралуу сабактар

🎓.Фикх сабагы

🎓.Араб тамгаларын жаттап жазууну үйрөнүү

🎓.Күнүмдүк дуаларды жаттоо


💻САБАКТАР ОНЛАЙН ЖУМАСЫНА 3 ЖОЛУ ӨТҮЛӨТ.

.Ар бир окуучуга көңүл бурулат жана күн сайын тапшырмалар берилет.

.ОКУУ 1 АЙ БОЛОТ.

🌎Чет жерде жүргөндөр жандуу эфирге кире албай калгандар бош
болгондо тапшырып "сертификат жана куран курса акысыз жолдомо алса болот"😍

🎁КУРС АКЫРЫНДА 1 АЙЛЫК КУРАН КУРСКА ЖОЛДОМО БЕРИЛЕТ


🎁.КОШУМЧА БЕЛЕК ЭЛЕКТРОНДУК НАМАЗ КИТЕПБИ БЕРИЛЕТ

Шашылыңыздар орундар чектелүү гана


Катталуу үчүн жазыңыздар:

https://wa.me/996502020239

📚И𐌡И𐌑𐌲Е АШЫ𐌺 ЖҮРӨ𐌺ТӨР📚

06 Sep, 05:53


Эскертүү: кашанын ичиндеги тамгалар - булар көптүк түрүндө жазылышы. Туура этиштер(сөздөр) үчүн сөздүн аягына ون же ات кошулат, ал эми туура эмес этиштер (сөздөр) үчүн кашанын ичине көптүк түрү толук көрсөтүлүп жазылган