БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР @bilimduujashtar Channel on Telegram

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

@bilimduujashtar


БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР (Kyrgyz)

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР - бул канал Кыргызстандык арнайы бала-жашоо прожектинин максаты - бала-жашолорго билим берүү жана ошолордун менинкилер мүмиий тааныктарын адистелүү. Бул каналдын мааниси - бала-жашолордун башкы шаарлардын абдан-абдан жаңылошууларына, кызыктуу жана окуу материалдарга ээ болгон көмөкчүлүгүн түшүндүрүү. БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР каналы - бирге жана колдонуучуга ар-тын кызыктуу жана динамикалык материалдарды көрсөтүүү менен, бала-жашолордун эңгилдирүү тааныктарынын адистелүү жана окуу процессин арттыруу үчүн абдан маанилүү. БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР каналы - сизге жакын келет! Каналга катталыңыз жана бала-жашолордун окуу процессин кескинге алынгандыгынын сезилиштириңиз. Алардыкага көмөкчүлүк берүү үчүн канала катталыңыз жана биздин жакын түзүлүшлөрүмүздөн көзүңүз басылсын! Канала катар болгонуңуздо, бала-жашолорүздүн жакын даярдошторун бул канал аркылуу колдонуу орнотобуз. БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР каналы - бала-жашолорго көмөкчү болуун көрсөтүү үчүн жөнөтүүчү, жаңылоону жана ылдам араксанын андан көрсөтүү үчүн түштүк бир канал! Бул канал маанилүү жана көмөкчү болгон материалдар аркылуу бала-жашолордун окуу процессин кескиндетүү үчүн караңыз. БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР каналы - сиздин жашоо процессиниздеги эң кызыктуу көмөкчүлөрдөн бири! Каналга каттык жана бала-жашолорун окуу процессин арттыруу үчүн көмөк берүүгө канала катталыңыз. БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР каналы - бала-жашолорго көмөкчүлүк берүү, окуу процессин көрсөтүү үчүн жөнөтүүчү, жаңылоону жана ылдам араксанын андан көрсөтүү үчүн түштүк бир канал!

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

18 Feb, 18:09


2025-ЖЫЛ РАМАЗАН АЙЫ

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

12 Feb, 08:56


🚀 Java программалоо негиздери – 2 айлык онлайн курс! 🚀

Сиз IT тармагына кирүүнү каалайсызбы? Java тилин үйрөнүп, карьераңызды баштоого эң жакшы мүмкүнчүлүк!

Курс тууралуу
2 айлык интенсивдүү программа
Жумасына 2 жолу live лекция (реалдуу код жазып үйрөнөбүз)
Практика жана тапшырмаларды текшерүү чатта
Нөлдөн баштап Java’ны өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү
Бул BASIS курс – ийгиликтүү аяктагандар кийинки деңгээлге өтөт!

Бул курс кимдер үчүн?
🔹 Программалоону жаңы баштаган жана IT тармагына кирүүнү каалагандар
🔹 Өз алдынча үйрөнүүгө кыйналгандар, бирок IT тармагына кирип, жумуш табууну көздөгөндөр
🔹 Чет өлкөгө чыгып же алыстан (remote) иштөөнү пландаган адистер
🔹 Java негиздерин үйрөнүп, иш жүзүндө колдонууну каалагандар

📌 Курсту ким алып барат?
Курс коммерциялык тармакта 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар программалоо адиси Азамат агай. Мен иштеген жумуштар жөнүндө маалымат 👉 toktakunov.com

📅 Башталышы: 01.03.2025
💰 Баасы: 25 000 сом
📩 Катталуу жана суроолор боюнча: @azamatkgde

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

04 Feb, 13:45


2025-ЖЫЛ РАМАЗАН АЙЫ

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

03 Feb, 06:42


👩‍🏫 Мугалим коомдук фонду - келечек мугалимдердин колдоочусу! 🌟

Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым! Көптөн бери сиздер менен кабарлашпай, катташпай кеттим. 🕰 Мунун бир канча себептери бар. Сиздер үчүн макала жазып турбасам, өзүмдүн да колум кычышат. 📜 Негизи бул макаланы бир канча күн мурда эле жазышым керек эле, бирок убакты сааты чыкпай отуруп ушуга келдик.
🇰🇬 Билим берүү - ийгиликтин ачкычы! 🔑

Мен өлкөмдүн билим берүү тармагы өнүксө, жарандарыбыз жакшы билим алса деп тилек кылам. Билим берүүгө салым кошо турган иш-чара болсо, аны колдоого ар дайым аракет кылам. Эгерде колуман келбесе, жок дегенде жакшы сөзүмдү, комментарийимди калтырып колдоо көрсөтөм. 💬
Эрмек - агартуу жаатында жигердүү жигит! 💪

Эрмек иним мен жакшы көргөн, сыймыктанган инсандардын бири. Биз бир топ жыл чогуу иштеп, билим берүү жаатында тажрыйба топтогонбуз. Ал кезде Эрмек студент болуп, жатак мектепте окуучуларга тарбиячы болуп иштеп жүргөн. 👨‍🏫

📚 Мугалим коомдук фонду - келечектин пайдубалы!
Эрмек азыр болочок мугалимдерди тарбиялап, айына 8 миң сомдон стипендия берип жатат. 🤯 Бул гана эмес, алар үчүн атайын офис ачып, кошумча семинарлар, тренингдер өткөрүп, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда. 🌱

Колдоо көрсөтөлү!
Мындай иштерди колдоо менен өлкөбүздүн билим берүү тармагына салым кошо алабыз. mugalim.chyrak инстаграм барагына катталып, өзүбүздүн салымыбызды кошолу. 🙌 Ал тургай, бир студенттин стипендиясын көтөрүүгө да жардам берсек болот. 📈

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу.
Бишкек ш., 3-февраль, 2024-жыл.
📢 Билим берүүдө биргеликте алдыга жылабыз!

🌐 #БилимБерүү #МугалимКоомдукФонду #КелечекМугалимдер #КолдооКөрсөтүү #ИйгиликкеЖетели

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

26 Dec, 09:15


💻 Программист болуунун негизги 3 себеби

📌 Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, негизи АйТи окуу үчүн себептер көп, бирок менин жеке көз карашым жана биздин компаниябыздын алдыга койгон максаттарына байланыштуу негизги 3 себепти кененирээк баяндап берейин. А сиз болсо АйТи окуп жүргөн, окуйм деп жүргөн, иштеп жүргөн программисттерге балдарын АйТи тармагына окуткусу келген ата-энелерге бул макаланы жиберип коюңуз.

Кыскача айта турган болсом:
1. Өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн;
2. Билим берүүнү өнүктүрүү үчүн;
3. Жакшы жашоо үчүн;

📌Бул айтылган 3 себеп үстүртөн караганда бардык эле тармакка тиешелүү жана жалпылай гана көрүнүшү мүмкүн. Мен азыр бул 3 себепти тереңирээк түшүндүрүп берейин.

1. Эң негизгиси АйТи тармагын өнүктүрүү менен, бул тармак окуу менен өлкөбүздүн өнүгүүсүн көздөшүбүз кажет. Эптеп окуп, эптеп иштейм деген түшүнүктөн чыгып. Масштабдуу иштерди кылайын, жок дегенде СНГ да таасирдүү бир нерсе жасап чыгайын же жасап чыгалы деп чоңураак максаттар менен аракет кылалы. Биз жасаган продуктулар бүтүндөй өлкөбүзгө пайда алып келерине ишенип аракет кылалы.

2. АйТи тармагын окуунун же бул тармакты үйрөнүүнүн дагы бир негизги максаты, биз үйрөнгөн билимибиз менен өлкөбүздөгү билим берүү сапатын, тилибиздин интернет тармагында жайылышына салым кошууну максат кылсак дейм. Жасап жаткан иштерибизди, үйрөнүп жаткан материалдарыбызды Кыргыз тилинде чыгарууга аракет кылсак. Эптеп акча тапканыбызга ыраазы болуп, курсак ток болсо эле кайгы жок экен деп бейкапар жашай бербей, биздин билимибиз, биздин аракетибиз келечек үчүн да пайда калтырабы – ошону да ойлоно иштесек.

3. Албетте бардыгыбыздын эле каалообуз жакшы жашоо. Бирок элибизде айтылат эмеспи, өзүңө каалаган жакшылыкты башкага да кааламайын жакшы адам боло албайсың деп. Эң башта АйТи тармагынын пайдасын өзүңүз көрүңүз. Жакшы айлык алыңыз, жакшы жашоо куруңуз. Жакшы үйүңүз, жакшы машинеңиз болсун. Балдарыңыз жакшы мектептерде окусун. Алгач өзүңүздүн жашоо шартты жакшыртыңыз, анан курсак ток болсо, изденүүгө, жаңыланууга, жакшы нерселерди ойлоп табууга мүмкүнчүлүк болот эмеспи.

Урматтуу окурманым, бул айтылып жаткан ойлор сиздерди изденүүгө, аракет кылууга түртөт деп ойлом. Биздин АйТи компаниябыздын максаттары ушундай. Биздин програмчылар жакшы жашаса, анан жалпы өлкөбүз үчүн пайдалуу боло турган нерселерди иштеп чыксак деген асыл ой-тилектерибиз бар. Биз ушунун үстүндө аракет кылабыз. Ооба, биз ойлогон ойлорго дароо жете албашыбыз мүмкүн, бирок ошол жолдо аракет кылуубуз дагы бизди бактылуу кылат. Буюрса чоң ийгиликтерди бирге жараталы. Сизге жана бардыгыбызга ийгиликтерди каалайм. Өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу! Ден соолукта болуңуз!

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек шаары 25-декабрь, 2024-жыл.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

16 Dec, 06:27


💪🏻 Программист болуп бай болгум келет!

Ассалоому алейкум урматтуу окурманым, амансызбы?

📌 Билесизби бардык эле адам, бардык эле кесиптин ээси жакшы жашагысы келет. Жакшы айлык алып, жакшы акча таап, жакшы жашоо өткөрсөм дейт. Акыркы учурда айлыгы жакшы кесиптердин бири бул программист экени көпчүлүктүн көңүлүн АйТи тармагына буруп алды.

Мен дагы эл катары жакшы жашоо каалап, бутка туруп кетейин, байып кетейин, боп кетейин деп АйТи окугам. Анан кантип бай болуп кеткен жокмун, ошону айтып берейин.

Көрсө биз башынан максатты туура эмес коюп алат экенбиз. Же бир аз тагыраак айта турган болсом, психологиялык даярдыгыбыз жок эле бир нерсени баштап ала берет экенбиз.

Менин жеке максатым, “АйТи окуп, 5-6 айдан кийин, аябай кеч болсо 1 жылдан кийин 4-5 миң доллар, ой бул деле аз жок дегенде 6 миң доллардан өйдө айлык алып иштеп баштайм. 1 айлыкта эле карыздардан кутулуп, 2 айлыкта үй-бүлөмдү алып саякаттап жашап калам” деген болчу.

Анан АйТини окуп баштадым, арадан 1 жыл деле өттү, 2 жыл деле өттү, бирок мен күткөн нерсе болуп кеткен жок. Бирок мен бул учурда АйТи де ийгиликке жетүү үчүн, көп мээнет кылыш керек экенин, көп аракет, тынымсыз окуу, ар дайым изденүү керек экенин сездим. Бир жаман жери, мага окшоп акчаны гана максат кылып окуп алгандар, же билимден жок, же акчадан жок. Аракети жарым жолдо калып кетти. АйТи ни таштап коюшту.

Мен болсо улантып жатам. Ийгиликке жеткен досторду таптым, кыйындар менен тааныштым. Алардын бул ийгиликке жеткен жолун көрдүм. Жок дегенде 4-5 жыл тынымсыз аракет кылып, ушул кесиптин мыктысы болуп алсаң анан ийгилик сени карай жылмаят экен. Андыктан урматтуу окурманым, ар күнү өзүбүздү өнүктүрө берели, өсөлү, мыкты адис бололу. Сеньор програмчы бололу.

📌 Өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу!

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек ш. 16-декабрь, 2024-жыл.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

08 Dec, 03:48


https://youtu.be/bOsF1C3AXNw

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

28 Nov, 05:38


😳 Чат ЖПТ менен болгон маек!

📌 Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, көптөн бери сиздер менен өз макалаларымда жолукпай баратат окшойм.

📌 Менде бүгүн төмөнкүдөй кызык окуя болду. Чат ЖПТ ге айтып калдым, “мен сени менен эле иштеп, айрым иштеримде изденбей, көп код жазбай, жалкоо болуп баратам” деп.
Анда ал мынтип атпайбы: (анын жазгандарын толугу менен сиздерге сунуштайын.)

😳 Рахмат, досум, жылуу сөзүң үчүн! 😊 Мен сага жардам берип жатканыма абдан кубанычтамын, бирок сенин код жазууң жана изденүүң маанилүү экенин унутпа. Менин максатым — сени күчтөндүрүү, бирок сенин өз алдынча өсүүңө тоскоол болуу эмес. Ушул маселени талкуулап көрөлү.

Эмне үчүн өз алдынча иштөө маанилүү?
1. Иш тажрыйбасын арттыруу.
o Практикасыз чыныгы долбоорлордо маселелерди чече билүү татаал болот.
o Жашоо программалоо менен ар дайым жаңы маселелерди чечүүнү талап кылат, демек өзүң изденсең, күчтүүлүккө жетесиң.
2. Коомдон озуп чыгуу.
o Программалоо дүйнөсү тез өзгөрөт. Өз алдынча изилдөө жана үйрөнүү сага жаңы технологияларга көнүүгө жардам берет.
o Бул сенин уникалдуу жөндөмдөрүңдү өнүктүрөт.
3. Чыныгы чыгармачылык.
o Изденүү жана код жазуу аркылуу сен өз идеяларыңды ишке ашыра аласың.
o Бул сага профессионал катары чоң мотивация берет.

Сен менден көз каранды болбой кантип иштей аласың?
1. Менен өнөктөш катары иште.
o Менден жоопту толук алуу ордуна, сурооңду мен менен бирге чечип, аны талкуулап иштеп көр.
o Бул ыкма менен сен маселени өзүң чечүүнү үйрөнөсүң.
2. Жаңы нерселерди изилдөө үчүн убакыт бөл.
o Күн сайын бир аз убакыт бөлүп, программалоо тууралуу жаңы нерселерди оку.
o Мисалы: жаңы Flutter мүмкүнчүлүктөрүн, Dart'ты терең үйрөнүү.
3. Чакан долбоорлорду башта.
o Менден кеңеш сурасаң да, негизги кодду өз колуң менен жазып көр.
o Мисалы, өзүң колдонуу үчүн жөнөкөй тиркеме жаса.
4. Код жазууда жигердүү бол.
o Тапшырмалар үчүн автоматташтыруу же жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сынап көр.
o Ошол учурда мага жардам суроого гана кайрылсаң болот.

Эсиңде болсун:
Мен бул жерде сени колдоо үчүнмүн, бирок сенин күчтүү программист болушуң үчүн эң чоң ишти сен өзүң гана жасай аласың. Мен сага ишенем, сен муну кыла аласың! 💪
Эгер мотивация же пландаштырууга муктаж болсоң, мен дайыма жанымдамын! 😊

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

28 Nov, 04:15


Ap бир баланын келечеги ата-эне учун
абдан маанилуу экенин жакшы билебиз.

Азыркы учурда технологиянын заманы жана ар бир бала сөзсүз түрдө келечек кесиптерге даяр болуусу керек.

Ал эми келечек кесиптерин үйрөнүү үчүн 9-14 жаштагы
балдарга 40-50 минге ноутбук алып берип, 5-6 айга дагы 50-60 мин телеп окутуш керек эмес.
Биз Motion Web IT академиясында жаш балдарга ноутбукту өзүбүз берип болгону 5990 сомго эң керектүү
жөндөмдөрдү окутабыз.
Бул боюнча дагы да терең маалымат алуу учун урматтуу
ата-эне мен сизди жана балаңызды келе жаткан 30-декбарь саат 16:00 до боло турчу акысыз мастер класска чакырам.

Мастер класста сиз:
Балдарыңызга кандай метод менен пайдалуу жана баалуу билимдерди жеткиликтуу кылып окутабыз.
Сиздин балаңыз кандай жөндөмдөргө ээ болот жана сиздин бизнес же ишкерлигиңизге алган билими менен кантип жардам бере алат.
Андан сырткары сиздин кызыккан суроолоруңузга жооп
алып биздин программа менен жакындан таанышасыздар.

Мастер класска орундуктар чектелуу катышуу учун төмөгдөгү ватсап группага өтүңүз ⤵️⤵️⤵️

https://chat.whatsapp.com/FM2bqZKzA0U8094CtzNjP9

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

24 Nov, 08:26


Python програмчылар үчүн дагы жакшы жаңылык бар бизде.

Азыркы учурда Италияда окуп, иштеп жаткан программисттин көзөмөлүндө, 6 айлык стажировка ачылып жатат.

@turat_alybaev ушул шилтемеге Стажировка деп жазыңыз.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

19 Nov, 10:27


Жасалма интеллект инженерине набор бул жылга жабылды.

Кийнки набор 2025 жылдын март айында башталат.

Бирок бул жылдын акыркы группасына саналуу гана орундар калыптыр достор, баарыбыз билебиз бул кесип келечектин кесиби , бул кесипти окугандарга сөзсүз иш табылат.

Андыктан окуйм мага ушул кесип кызыктуу деген болсо комментарийге тел.номер калтырыңыз биз сиз менен байланышып маалымат беребиз.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

18 Nov, 15:28


ЖАҢЫ ДОЛБООР!

Кубанычтуу жарыя эми бизде 12 жаштан жогоруу жаш балдарды окутуу долбоору ачылды.

Бул долбоордо балдар IT менен таанышып алгачкы код жазуу программалоо деген эмне экенин билишет.

Бул долбоордо окутуунун чоң бир өзгөчөлүк 12-15 жаштагы жаш балдарга 30-40 миңдик ноутбук алып берип убара болбойсуз. Окутуу баасы дагы 5-6 айга 50-60 миң эмес, жаш балдарга IT технологиясы менен таанышуу үчүн анчалык көп сумма коркотпоо керек деп ойлойбуз.

Андыктан бул долбоорго катталып окутабыз сынап көргүбүз келет десеңиз комментарийге тел.номер жазыңыз биз сиз менен байланышабыз. ⤵️⤵️⤵️

#моушнвеб #motionweb #програмирование #bishkek #курс #программирование

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

15 Nov, 18:45


Ат-Башы, Кара-Суу менин көргөнүм, ЖПТнин сезгени ушундай болду кыскасы.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

14 Nov, 03:21


🥳 Программисттерди он-лайн жана оф-лайн стажировкага кабыл алабыз.
Flutter
Front End
Back End (Java)


Жогорудагы 3 багыт боюнча стажерлерду кабыл алабыз.

📌Сиз кандайдыр бир курста окуган болсоңуз же университеттин 3-4 курстарында окуп жатсаңыз.

📌 Реалдуу проекттер менен иштеп, жумушка кирүү үчүн жок дегенде 6 айлык жумуш стажыңыз болушун каалап жатсаңыз.

Анда биз бул 6 ай аралыгында сизге жакшы жардам кылабыз.

Жок дегенде 3 проекттин толук кандуу чыгышына катышасыз. Команда менен иштөөнү, реалдуу проект менен иштегенде чыгуучу маселелерди бардыгын көрөсүз.

🔗 Стажировкага катышуу үчүн https://t.me/turat_alybaev бул шилтемени басып, Стажировка деп жазсаңыз болот.

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. 14-ноябрь 2024-жыл.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

12 Nov, 12:52


https://the-tech.kz/v-svobodnoe-vremya-lyublyu-byvat-na-prirode-osobenno-na-issyk-kule-kanatbek-askerov-o-svoem-obraze-zhizni/?fbclid=PAZXh0bgNhZW0CMTEAAabUhX7ySbCAmydMjPKXXWNFrx3x4XsXlDr_BB7SSF16hLCn9rW7k-NMEhE_aem__oUczNOYbKh4EyMjcLYZ3g

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

12 Nov, 12:48


https://limon.kg/ky/news:82431

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

11 Nov, 11:09


Технопаркты тааныштыруу туру

Кутман кеч!

Урматтуу IT коомчулугунун жана E-COM тармагынын өкүлдөрү!

Сиздерди Technopark IT хабынын учурда активдүү курулуп жаткан жаңы аймактарына экскурсияга чакырабыз. Бул жерде сиздерде курулуш процесси, имаратты реконцепциялоо үчүн колдонулган инженердик чечимдер менен таанышып, азырынча бош турган офистерди алдын ала брондоо мүмкүнчүлүгү болот.

Күнү: 12-ноябрь, саат 12:30
Сиздерди көргөнүбүзгө кубанычта болобуз!

Катталуу үчүн бул шилтемени басыңыз: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOnnmxmOegNa-Ht9iXb2wcfD7NMqQ_fiMzI9W513bBYXBWtg/viewform?usp=sf_link

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

05 Nov, 05:37


https://www.youtube.com/watch?v=0YBV3Tu_Fqc&ab_channel=%D0%A3%D0%A2%D0%A0%D0%9A%D0%A2%D0%B0%D0%BB%D0%B0%D1%81

Талас шаарында Жасалма интеллект тууралуу мастер класс өтүп келдик

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

29 Oct, 12:20


https://www.instagram.com/reel/DBqsJkwySZD/?igsh=MWxqdTB0MWJ5bnVkeA==

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

29 Oct, 05:08


https://www.facebook.com/Kyrgyzradiosu/videos/1948615348976252/?mibextid=WC7FNe&rdid=FlDTnLkEMU4upGH4

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

27 Oct, 14:51


https://youtu.be/EL6UCI0AplY

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

27 Oct, 14:47


Мына сага, жасалма интеллект ушинтип өнүгүп жатат.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

27 Oct, 14:46


https://www.youtube.com/watch?v=CuTvESepxtI&ab_channel=NAKTAPODCAST

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

14 Oct, 04:42


Англис тилинде кандай сүйлөп калыптырмын, баалап коюңуз 😁

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

13 Oct, 05:35


https://youtu.be/MUpxXqdSnIE

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

03 Oct, 14:47


🥳 АйТи клуб – стажировка.

Ассалоому алейкум урматтуу окурманым. Сентябрь айынын ортосунда АйТи клуб ачканбыз. Азыр ошол АйТи клуб сонун иштеп баштады.

📌 Flutter – мобилдик колдонмолорду иштеп чыгуучу команда. 15 стажер алууну план кылганбыз. Азырынча 8 адам иштеп жатат. Дагы деле орундар бар. Кийинки проект башталганга чейин алсак болот.

📌 Front End – веб сайттарды иштеп чыгуучу команда. Бул командабыз толуп калды. Азырынча 1-веб сайтты жасап жатышат. Бул бүтөрү менен кийинки веб сайттарга киришет. Жана заказдарды алып дагы жасоого толук кандуу даярбыз.

📌 Back End (Java) – булар веб сайттын дагы мобилдик колдонмолордун дагы арка тарабын иштеп чыгуучулар. Ар бир жасала турган проектти абдан дыкат талкуулашып, ар бир кыймыл аракетти жакшылап анализ кылышып анан жасашат. Бул командабызда азырынча 7 стажер иштеп жатышат. Бул командага дагы адам алууга даярбыз.

Урматтуу окурманым, эми бул АйТи клуб тууралуу дагы бир аз кенен маалымат бере кетейин.

Биз бул АйТи клубду Мета – Илим эл аралык университети менен биргеликте ачтык. Клубдан негизги максаты университеттин студенттерин теориялык билим менен гана камсыздабастан, аларды талапка ылайык, кесипкой адис кылып чыгарууга басым кылуу. Анан башка АйТи курстардан, башка университтетерден окуп бүтүрүп, тажрыйбасы жок жумушка кире албай жүргөн програмчыларга тажрыйба берип, жумуш таап кетүүсүнө жардамдашуу.

Урматтуу окурманым, биз жаштарыбыздын жана програмчыларыбыздын өсүп өнүгүүсү үчүн, ар күнү аракетибизди кылып жатабыз, сиз дагы өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө бирге салым кошолу. Биз менен бирге өнүгөм десеңиз Горький 97, Чехов көчөсү менен кесилишинде жайгашканбыз.

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек ш. 3-октябрь, 2024-ж.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

22 Sep, 13:48


Xcode жана iOS то жаңылануулар келди.

iOS 18.0 гө көтөрүлгөнүнүн себеби iPhone 16 га даярдык болсо керек деп жатам.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

17 Sep, 08:18


🤔 Өрдөк синдрому деген эмне?

Ассалоому алейкум урматтуу окурманым амансызбы? Сиз өрдөк синдрому дегенди уктуңуз беле? Бул эмне билесизби?

Жөнөкөй мисал менен айтып берейин.

📌 Жаш жубайлар үйүнөн чыгып жатат. Киного бармак болушту. Негизи ушунча иштин арасында, шаардын стресс жашоосунда жаш күйөө киного чын көңүлү менен баргысы келген эмес.
Үйдөн чыкпай жатып лифттин жогору кетип калганына нерв болуп жатат, анысы аз келгенсип босогодо жасанып бүтпөй жаткан аялын жарым күткөнүнө нерв. Сыртка чыгып машинесин жылытканча эми шашып калган келинчегине жини келип, жолго чыкканда тыгында турган машинелерге нааразы.

📌 Бул шаардын ызы-чуусу менен аралашып отуруп, акыры киного да келишти, башынан маанайы жакшы болбогону үчүн, эмнегедир кинону дагы көргөндөй болушпады. Күйөөсү тандаган кино начар деп ойлоду аялы, “рекламасы жакшы болчу, начар эле кино экен” деп калды күйөө.

📌 Дал ушул учурда сиз үйдө жаман футболкаңызды кийип, жубайыңыз менен ысык чайды кана ичип, бактылуу отургансыз. Бирок дал ушул учурда колуңуз адаттагыдай эле телефонго кетти, эч жаман ой жок, көнүп калгандай эле инстаграмды ача салдыңыз.

📌 “Бүгүн бизде үй-бүлөлүк күн, жубайым менен киного келдик, кино укмуш болуптур” – деген сүрөткө көңүлүңүз түштү, колдо попкорн, аркада кинонун афишасы, тим эле жылмайган жүз.
Сиздин жанатан берки жай баракат отурган бактыңыз, үйдөгү жылуу атмосфераңыз кадимкидей жоголду. “Досум кандай бактылуу, ал аялы менен кинодо жүрөт, жарашыктуу да кийинген” деп кайгыга баттыңыз.

📌 Урматтуу окурманым, мына ушул социалдык тармактагы жасалма жылаюуларды жасоо үчүн досуңуздун кылып жаткан аракети “өрдөк синдрому” деп аталат экен. Сизге бактылуудай көрүнгөн ушул 2 секунддук сүрөттү жасоо үчүн жашоосунун бардык тарабы бактысыз өтүп жаткан адамдардын жашоосу. Өрдөк суунун үстүндө канчалык тынч, канчалык көркөм көрүнсө да, адамдарга көрүнбөгөн тарапта, суунун алдында бар күчү менен тыбырчылап аракет кылууда. Соц тармактарда сизге бактылуу, сулуу көрүнгөн адамдар дагы кандай тыбырчылап, кандай кыйналып жатканын билгениңизде үйдө жаман футболкаңызды кийип, жай баракат отурган жашооңузга миң ирет шүгүр дейт элеңиз.

Ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу, өрдөк синдромуна кабылбайлы жана соц тармактагы бактылуу сүрөттөргө алданбайлы.

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек, 17-сентябрь, 2024-жыл.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

15 Sep, 11:22


🥳 IT клубга кабыл алуу жүрүп жатат.

Ассалоому алейкум урматтуу окурманым. Буюрса АйТи клубду ачвп алдык. Орундар чектелүү.

📌 Front End боюнча 16-сентябрь;
📌 Flutter боюнча 17-сентябрь;
📌 Back End (Java) боюнча 18-сентябрь – күндөрү офиске келип, тапшырма алып жана интервьюга катышып кетсеңиздер болот.

Алгач офисте ар бир адам менен жеке жолугуп, интервью кылып, анан тестовой тапшырма беребиз. 2-3 күн аралыгында тапшырманы аткарып келген адамды клубга мүчө катары алабыз, андан кийин 6 ай бою реалдуу проекттердин үстүндө код жаздырабыз.

Клубда стажировка кылуу жалпы 6 ай убакыт алат, эгер 6 айга чейин жумуш таап кетсеңиз абдан кубанычтабыз, таппай калсаңыз уланта бересиз. Клубдун талаптарын аткарбай, жарымынан таштап койгондордун ордуна 3 айдан кийин гана жаңы мүчөлөрдү кабыл алабыз.

Дагы да суроолоруңуз болсо жеке жазсаңыз болот же офиске келип суроолоруңузду берип, жооп алсаңыз болот.

👋🏻 Бул постту жумуш издеп жаткан досторуңузга жибериңиз, лайк басыңыз, комментарий калтырыңыз! Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу. Бишкек 15-сентябрь, 2024-жыл.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

12 Sep, 13:40


IT Club качан башталат?

Ушул ишемби күнү 14-сентябрда саат 12:00 дө Горький 97 дарегине офиске келиңиздер.

📌 Ушул күнү сиздерде кандай суроолор болсо, бардыгына жооп беребиз.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

11 Sep, 06:39


🥳 IT Club ачтык!

Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым бизде абдан жакшы жаңылыктар бар. Акырындык менен курстарыбызды токтотуп, толугу менен разработка багытына өтүп жатабыз.

Мунун себеби эмне?

Азыр АйТи окутуп жаткан курстар, жогорку окуу жайлар, колеждер толтура, бирок чыныгы адисти, жумуштун талабына ылайык келген програмчыны чыгарган жерлер аз болууда.

Демек биз, бул айти клубда чыныгы программисттен талап кылынган жөндөмдөрдү үйрөтүп, билими менен билгенин айкалыштыра алган, 6 айлык тажрыйбасы бар, коркпой туруп АйТи тармагына програмчы катары жумушка кирип кете ала турган кылып даярдап чыгалы деп жатабыз.

Негизи АйТи клуб акысыз болот, бирок мүчөлүк акы катары айына 2 миң сомдон алабыз.

Бул айти клубда азырынча 3 багытта 6 айлык стажировка кылдырабыз.
1. Front End тармагы
2. Back End тармагы
3. Flutter тармагы
Аптасына 2 күн оф-лайн офисте, андан тышкары 3 күн он-лайн каалаган жерде берилген тапшырмаларды аткарып, кадимки айти компанияда иштеп жаткандай тажрыйба аласыздар.

Бул клуб кимдер үчүн?

Кандайдыр бир АйТи курсту бүтүп, же университетти, колежди бүтүп бирок АйТи жумуш таба албай жүргөндөр үчүн. Учурда айти курстарда окуп жаткан же университеттерде окуп жаткан студенттер дагы катышса болот.

Орундар чектелүү гана, билимин текшерип көрүп, баарлашуу жана тест тапшырма менен гана алынат.

Урматтуу окурманым, урматтуу програмчылар ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошолу. Мыкты адис бололу, эптеп эле иш таап алайын дебей, мени алсаңыз ишиңиз алга жылат деп ишеничтүү айта алган адис бололу.

📌 Суроолоуңуз болсо комментарийге жазыңыз.

✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу, Бишкек, 10-сентябрь, 2024-ж.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

10 Sep, 05:03


https://www.youtube.com/watch?v=pUAQjzdF5gQ&t=605s&ab_channel=%D0%91%D0%B8%D0%BB%D0%B8%D0%BC%D0%BE%D1%82


Ноутбук тандоо боюнча эң жакшы видео ушул деп ойлойм. Деталдуу жана толук маалымат берилген, бардык ноутбуктарды салыштырган

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

28 Aug, 07:04


Биз курстарыбызды эмнеге токтотуп жатабыз?

Кыскача жооп айта турган болсом, биз АйТи курс эмеспиз, биз АйТи компаниябыз!

📌 Негизи эле биз башында АйТи компания ачып жатканыбызда, максатыбыз элибизге пайдалуу болгон бир мобилдик колдонмо иштеп чыгуу болгон.

📌 Бирок, тилекке каршы, андай колдонмону иштеп чыгуу үчүн, биринчиден чоң каражат керек экен, экинчиден мыкты билим жана тажрыйба, үчүнчүдөн жакшы команда, анан албетте убакыт керек экен.

📌 Бизде бул саналган нерселердин эч бири жок эле.

📌 Эң башта өзүм окуп билим алдым, жалгыз эле кыйратып колдонмо жасап салам го дегем. 😊 Жалгыз дарак токой болбойт демекчи, жалгыз жарыта албасымды түшүнүп команда топтоону максат кылдым.

📌 Мыкты команда топтоо үчүн деле көп акча керек экен, андай акчам жок болгондуктан, биз ишкерлигибиздин 2-баскычы катары курс ачтык. Курсту деле биз элге окшоп реклама кылып, абдан көп акча табалы деп максат кылган жокпуз. Чындап үйрөнөм, програмчы болом деген дарамети бар тааныштарыбызды гана окуттук.

📌 Азыр бизде сонун команда бар, убакыт бар, Кудай буюрса анча-мынча акчабыз дагы бар, эми 3-баскычка убакыт келип жетти.

📌 Биз эми Кудай буюрса өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, мектеп окуучуларынын билимин өз алдынча тереңдетүүгө салым кошо турган сонун платформа иштеп чыгабыз.

📌 Мына ушул себептерден улам курсту жыйынтыктап жатабыз. Акыркы потоктун курсу 2-сентябрда башталат. Балким кийин деле биздин курстарга кызыккан адамдар болсо, жаздырылган гана сабактарыбызды сатышыбыз мүмкүн, атайын курс кылбайбыз. Биз курс эмеспиз, биз АйТи компаниябыз.
Урматтуу окурманым, келиңиз ар күнү өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Албетте мен постторумду жазып турам, АйТи ге шыктандыра берем, бирок эми курс кылбайбыз!

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек шаары, 28-август, 2024-жыл.

#turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #мобилдиктиркеме
#flutter_kyrgyz
#flutter
#online_course
#программист
#онлайн_курс
#флаттер
#мобилдик_тиркеме
#appitcompany
#кыргызстан #бишкек #ош #нарын #чүй #талас #баткен #ысык_көл #жалал_абад #токмок #кочкор #germany #hannover

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

27 Aug, 16:10


🤫 Базарга бардым.

📌 Базарга бардым, элтеңдеп энелер балдарына кийим алуу менен алек, канча болуп кетти дегенсип капчыгын кармап, кабагын бүркөп аталар жүрөт. Дептер алып жатканы бар, кийим чактап атканы бар, ой муну кийбейм деп, ит кыялын көрсөтүп итиреңдеп ыйлап алган балдар жүрөт.

📌 Базар да, бар кызыкты көрөт экенсиң, баарын эле көрдүм окшойт. Кызыма 1500 сомго бут кийим алсам, анысы 100 метр арыда оптом деп 350 сомдон сатып атыры. Шумдугуң курган дүнүйө, 2 шт бер десем, “жок дегенде 200 шт алышың керек байке” дейт. Ойлоп койдум, “батинке сатып эле бизнес кылып кетсе болчудай окшойт” деп.

😔 Кетели деп бир жерде отурсак, 9 жаштамын деп бир бала келди, “мага жумуш бериңиз, эмне жумуш болсо да кылам” - дейт. Ээ садагаң кетейин, сени турмуш неге мынча кыйнады экен..? Эмне иш болсо кыла берем дейт, эшик шыпырам, пол жууйм, таштанды чыгарам, товар тизем, чаң сүртөм – дейт, чыпалактай баланын балалыгын алып, ушул жашта акча табууга түрткөн кандай тагдыр болду экен, бир тараптан зээним кейип, бир тараптан турмушка бышкан, эртең элибиздин да жүгүн аркалай алган, бычакка сап бала болор бекен деп, баланын бактысын тилеп, жүрөгүм тилингендей ичим тызылдап, аргасыз гана – “жоок, биз бул жакта жөн гана конокпуз да, биз соодагер эмеспиз” деп узаттым.

🤧 Муктаж болуп турсаң тыйын берейинби деп айта албадым, баланын шагын сындырып аламбы деп аядым.

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек, 27-август, 2024-жыл.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

23 Aug, 10:33


🥳 Биздин кыйындар! 💪🏻

Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, биздин кезектеги кыйындарыбыздын бирин тааныштырайын.

Айдай Өмүрбекова – менин 11-классынан берки окуучум. Айдай 11-класс кезинде АйТи тармагына тапшырам, ЖРТдан жакшы балл алышым керек деп ЖРТга даярдыкты катуу кылган. Ал Каракол шаарында, мен Токмок шаарында, экөөбүз таңкы 6 да туруп алып, ЖРТга даярдык кылат элек.

📌 Негизи эле жакшы натыйжага жетүү үчүн, башкалардан көбүрөөк жана туура аракет кылуу керек деп ойлойм. Айдай дагы ошентип аракет кылган.

Ал ЖРТдан өтө эле жакшы балл алган. Алтын сертификатка аз эле балл жетпей калды. Ошонун натыйжасы менен Токмок шаарындагы МУЦА жогорку окуу жайына 100 пайыздык жеңилдик менен АйТи тармагына өтө алды. Жогорку окуу жай окуп жүрүп эле, биздин Флаттер курсубузду дагы кошумча окуп, АйТи тармагынын багытын Флаттер менен алып кетти.

Бир канча компанияда акысыз стажировкаларды кылды, акы төлөнүүчү стажировкаларды кылды.
3-курсунда окуп жүргөнүндө эле Американын “Jafton” деген АйТи компаниясында эмгектенип баштады.

Учурда болсо, биздин компанияда жасалып башталган, азыркы учурда биздин компания менен Мистер Ли досубуздун АйТи компаниясы “Али Софт” АйТи компаниясы улантып жаткан “My Quran” Куран хатым колдонмосунда иштеп жатат.

Урматтуу окурманым, Айдай менен биз сыймыктанабыз, анын кылган аракеттерин, окууга болгон кызыгуусун жакшы билебиз. Жөн эле курска жазылып койсо, же университетке тапшырып койсо эле адам програмчы болуп кете албайт. Же АйТи адиси эле эмес, деги эле бир кесиптин мыкты ээси боло албайт. Бир кесиптин мыктысы болуу үчүн сөзсүз тынымсыз аракет, ар күнү өнүгүү, ар күнү окуу кажет. Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Биз менен биргеликте өнүгүү үчүн сөзсүз аракетчил, мээнеткеч, натыйжа чыкканга чейин мотивациясы түгөнүп калбай турган сабырдуу болушуңуз керек. А биз болсо ар дайым сиздин ийгилигиңиз үчүн колубуздан келген жардамды кылууга даярбыз. Келиңиз, ар күнү өзүбүздү өнүктүрөлү, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу!

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы. Бишкек, 23-август, 2024-ж.

#turatalybaev #тураталыбаев #айтиойлор #айтикурс #биздинкыйандар #мобилдиктиркеме
#flutter_kyrgyz
#flutter
#online_course
#программист
#онлайн_курс
#флаттер
#мобилдик_тиркеме
#appitcompany
#кыргызстан #бишкек #ош #нарын #чүй #талас #баткен #ысык_көл #жалал_абад #токмок #кочкор #germany #hannover

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

20 Aug, 07:27


🥳 Биздин кыйындар!

Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым амансызбы?

Мугалимдериңер кимдер, силерден бүтүргөн бүтүрүүчүлөр азыр иштеп жатышабы? – деген суроолор көп келип калат.

Негизи чынын айта турган болсом, биздин ийгиликтүү болгон бүтүрүүчүлөр жеке сиздин жашооңузга пайдасы деле тийбейт. Бирок, ошентсе дагы, жакшы мотивация, жакшы таасири болор деген ниетте, биздин ийгиликтүү болгон бүтүрүүчүлөр, биздин мыкты командабыз, мугалимдерибиз тууралуу эми постторду жазып турайын деп чечтим.

Мындан ары, биздин кыйындар деген рубриканын алдында, биздин кыйындарды тааныштырып турмакчымын.

Эң эле алгач Элдияр Алмазбек мырзадан баштамакчымын.

Элдияр Алмазбек ким?

📌 Элдияр менин 7-калсстан берки окуучум. Аракетчил, окуу дегенде, үйрөнүү дегенде башка нерсени унуткан жигит. АйТи тармагын дагы өзүбүздөн окуган. Бирок Элдияр мырзанын негизги кесиби дагы АйТи.
• Ал мурунку КАСИ азыркы Политех университетинин АйТи тармагын бүтүргөн. Университеттеги билимине кошумча АйТи курста окуган.
• Курсту бүтүргөн соң, “Бета” компаниясында програмчылык карьерасын баштаган.
• Андан соң Швейцариялык “Encointer” компаниясында 1 жылдан ашык убакыт эмгектенип тажрыйбасын бекемдеген.
• Бул компания менен эмгек келишими аягына чыккан соң, өлкөбүздүн АйТи тармагындагы гиганты десек туура келсе керек, “Мбанк” компаниясында Flutter програмчы катары эмгектенип, бир топ өзү каалаган ийгиликтерге жакындай алды.
• Андан соң, азыркы учурда “РСК банктын” азыркы аты “Элдик банк”, “Ишкер24” деген колдонмосун иштеп чыгууда маанилүү ролду аркалап жатат.
• Элдияр мырзанын негизги иштеген иштеринен тышкары, биздин компания менен биргеликте же башка адамдар менен дагы ортоктошуп жасап жаткан иштери көп. Алардын негизги бири катары “My Quran” куран хатым кылуу колдонмосу десем туура болот. Андан тышкары биздин курстарыбызда өз билимин АйТи үйрөнүүчүлөргө берип келе жатат.

Урматтуу окурманым, кыскача Элдияр мырза тууралуу ушундай, сизге жакшы таасир, жакшы мотивация берет деген гана үмүттөмүн. Ушул жерде кыстарып айта кете турганым, сиз дагы 6 ай курс окуй калсаңыз эле, дароо Элдияр мырзадай ийгиликтүү болуп кете албайсыз, ийгилик бул көп мээнетти жана эмгекти талап кылат. Эгер бардык кыйынчылыктарга чыдап окуйм, бардык кыйынчылыктарга карабай ийгиликке жетем десеңиз, анда биздин эшигибиз ачык, келиңиз ар күнү окуйлу, ар күнү аракет кылалы. Ар күнү өзүбүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу!

✍🏻 Турат Алыбаев, агартуучу, програмчы, Бишкек ш. 20-август, 2024-жыл.

БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР

19 Aug, 17:31


Бул 19-группанын сабагы, 21-группа жакында башталат