Azamat_LIVE KG @azamatlive Channel on Telegram

Azamat_LIVE KG

@azamatlive


Эл күткөн Жаңылыктар. Кызыктын баары бизде

Azamat_LIVE KG (Kyrgyz)

Azamat_LIVE KG - Эл күткөн Жаңылыктар. Кызыктын баары бизде. Биздин каналды тандаганыңыз үчүн рахмат! Azamat_LIVE KG каналы - бизний стори, кыргыз жана жалпак сондоо жана түшүмдүн түсүрүмү. Мүмкүнчүлүк боюнча биздин каналда жаңылыктар менен кызыктуу андыктар менен жакшыланасыз. Кыргызстандын жаңылыктары менен жумуштуу каналымызды студенттер менен, бизнесчилер менен, кыргызча сүйүү кызыккылар менен окууңуз. Ал каналда биздин тараткылардын бардык жакшысы бар, жарактуу маалыматтар менен жана кыргыз тарихи менен жана жаңылыктар боюнча уруктуу менен каараныз. Азамат_LIVE KG каналына катышуу үчүн жакшы же клик алуучулар үчүн жакшы колдонмо менен техникалык жана кыргыз тогу жана жаңылыктардын жаңы менен кең талаптарда жакшы болгон Досторго ымыр чемкирек бере аласыз. Каналдын абалдуу жанашыры менен жакшы көрүнүшү үчүн көрүү болохтуу менен катышуу үчүн тойгонула. Ошондуктан, каналга катышуу жакшы магия кылып береди. Azamat_LIVE KG каналы - сиздин көңөлүңүздүн алдында болуп, кыргыз жана жалпак боюнча билим алууда жана жаңылыктар алып барууда көмөктөшөт. Каналды үнүктүөнүздө өзүңүз менен алдарган маалыматтарды пайдаланып, көзгө келген жаңылыктар менен боюнча кызыктуу, улкан жана ойлоо магиясын ашык кылып, кайрылуу жана курсактап аласыз. Azamat_LIVE KG каналына жазылыңыз - көңүлдүн жашүү кылышыз!

Azamat_LIVE KG

15 Feb, 09:12


Мектеп окуучусунун өлүмүнө шектүү кармалды.

✔️ Бишкектеги N72 мектепте 8-класстын окуучусу токмокко алынып каза болгондугуна байланыштуу кылмышка шектүү 16 жаштагы Т.И. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди

✔️ Ден соолукка оор залал келтирүү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөрдүн айтымында, чыр-чатакка мектепте системалуу түрдө акча талап кылуу себеп болгон.

Azamat_LIVE KG

15 Feb, 09:11


Кыргызстанда дагы бир мектеп окуучусу ооруканага түштү.

✔️ Жумгал районунда классташтар телефонду бөлүшө албай, бири экинчисине карата курч нерсе менен чаап жиберген.

✔️ Окуя түнкү убакытта Баш-Кууганды айылында болгон. 10-класстын окуучусу жаракат алып аймактык ооруканага жаткырылган. Ал милицияга телефон аркылуу классташы менен болгон жаңжал тууралуу айткан. Өспүрүмдүн айтымында, аны учтуу нерсе менен чаап качып кеткен.

✔️ Жабырлануучунун ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Ички иштер министрлиги бул окуядан кийин Жумгал РИИБнин 5 кызматкери тартиптик жазаларын алышканын билдирди.

Azamat_LIVE KG

14 Feb, 14:02


Элон Масктын төрт жашар уулу Трамптын оозун жапты

✔️Элон Масктын төрт жашар уулу X Æ A-Xii ("X") АКШнын президенти Дональд Трамптан оозун жабууну суранган. Аталган видеону маалымат каражаттары жарыялап жатышат.

Azamat_LIVE KG

14 Feb, 11:27


Президент Садыр Жапаров “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды
**

Президент Садыр Жапаров заложил капсулу в основание строительства IT-городка проекта «Ош-сити»

Azamat_LIVE KG

14 Feb, 11:21


Жалал-Абадда акча опузалоого айыпталып дагы бир блогер кармалды

✔️ УКМКнын маалыматына караганда, Инстаграмда 200 миң катталуучусу бар Р.к.Ч., Сузак районунун тургуну И.Т.Д.дан өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон жасалма сүрөт/видеолорду таратам деп опузалап акча талап кылган.

“Р.к.Ч. зомбулук жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган. Андан кийин ал Э.Т.Ддан опузалап акча талап кылган. Аны өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылып 184 миң сом талап кылган»
, — деп билдирди УКМК.

Azamat_LIVE KG

14 Feb, 11:17


Энергетика министринин мурдагы орун басары 220 миң доллар талап кылууга шектелип кармалды

Министрликтин маалыматы боюнча, мурдагы чиновник Э.Т. (Эркин Тавашаров - ред.) чет элдик компанияга майнинг ишканасын ачууга көмөктөшүү үчүн 220 миң доллар сурап, азыркы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалага. Ал 20 миң доллар алып жатканын жеринен кармалган.

Azamat_LIVE KG

14 Feb, 08:54


Президент Садыр Жапаров “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна старт берди
****
Президент Садыр Жапаров дал старт строительству нового аэровокзального комплекса международного аэропорта «Ош»

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 12:37


МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев кардиохирургия институтуна барды.

✔️Министрлер кабинети кардиохирургия институтунун өрттөн кийинки имараттын ичики абалын көрсөттү.

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 11:44


Журналист Нарын Айып каза болду

✔️Журналист Нарын Айып 72 жаш курагында каза болду. Анын бүгүн, 13-февралда иш ордунда каза болгону айтылууда. Журналист 7-каналда иштеп жаткан.

✔️Нарын Айып (Нарынбек Айыпович Идинов) 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда туулган.

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 11:25


Депутат Нурдан Орунтаевге эстелик тургузабыз дейт

✔️ Жогорку Кеңеште Нурдан Орунтаевдин талапкерлигин архитектура жана курулуш министрине бекитүү каралып жаткан жыйында депутат Арстанбек Малиев Жети-Өгүздөгү бала бакча, мектеп курууга муктаж болгон айылдардын көбүн санап өттү.

«Эгерде ушуну эске алып, ошонун үстүндө иштесеңер, анда сиздин көзүңүз тирүүсүндө Тонго эстелик тургузабыз»,
- деди депутат.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Нурдан Орунтаевди министр болууга макулдугун берди

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 08:17


MCN Coin чуусу. Юруслан Тойчубеков эки айга камакка алынды

✔️Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков Бишкектеги 1-СИЗОго эки айга камалды. Мурдагы чиновник MCN Coinге байланыштуу чуулуу иш боюнча кармалган.

✔️Буга чейин MCN Coin компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тойчубеков аларга “кеңеш жана багыт” бергенин айткан.

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 05:48


УКМК Сосновка айылындагы бала бакча жана спорт залды мамлекетке кайтарды.

✔️ Маалыматта 2017-жылы К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран, кылмыш жолу аркылуу аталган кыймылсыз мүлктөргө ээ болгондугу айтылат.

✔️ Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алышып, аларды өз ыктыяры менен Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришкен.

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 05:46


Интернетте Кыргызстанда “халифат” курууга чакырган видео пайда болду.

✔️ ИИМ жана УКМК тарабынан өлкөдө тыюу салынган “Йакын инкар” уюмунун мүчөлөрү кармалды.

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 05:45


Трамптын Путин менен биринчи жолугушуусу Сауд Арабияда болот

Дональд Трамп Ак үйдүн Овал кабинетинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен анын биринчи жолугушуусу Сауд Арабияда өтөт.

Трамп АКШ Украинага жардам берүүнү уланта турганын, бирок "биз анын камсыздалышын каалайбыз" деди. Ал кантип камсыздайт так айткан жок.

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 05:41


Зеленский Трамп менен сүйлөшкөнүн айтып берди

"Дональд Трамп менен жаңы эле сүйлөштүм. Узак маек, тынчтыкка жетишүүнүн мүмкүнчүлүгү жөнүндө. Биздин командалык деңгээлде чогуу иштөөгө даярдыгыбыз жөнүндө. Биздин технологиялык мүмкүнчүлүктөр, атап айтканда, дрондор жана башка заманбап өндүрүштөр жөнүндө. "Мен президент Трампка биз чогуу эмне кыла аларыбызга кызыккандыгы үчүн ыраазымын" деп жазды Зеленский. Бул туралуу BBC жазды.

Анын айтымында, АКШ президенти ага Владимир Путин менен сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын айтып берген.

“Украина башкаларга караганда тынчтыкты каалайт. Биз Россиянын агрессиясын токтотуу жана ишенимдүү, туруктуу тынчтыкты кепилдөө үчүн Америка менен биргелешкен кадамдарыбызды аныктап жатабыз», — деп жазды Зеленский.

Azamat_LIVE KG

13 Feb, 05:00


Трамп Путин менен сүйлөшүп, Украина боюнча сүйлөшүүлөр токтоосуз башталаарын жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп шаршемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү дароо баштоо тууралуу сүйлөшкөнүн билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.

"Биз ошондой эле биздин тиешелүү командалар сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоону макулдаштык жана биз Украинанын президенти Зеленскийге телефон чалып сүйлөшүү тууралуу маалымат берүү менен баштайбыз, аны мен азыр жасайм", - деп билдирди Трамп социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө.

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Трампты Москвага келүүгө чакырып, Москва менен Вашингтон бирге иштеши керек деп макулдашкан. «Орусиянын президенти Америка мамлекетинин башчысынын биздин өлкөлөр биргелешип иштөө мезгили келди деген негизги тезисинин бирин колдоду», - деди Песков РИА агенттигине шилтеме берип.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 11:36


ЖУРНАЛИСТТИ МИЛЛИОНГО ЖАКЫН АКЧАГА АЛДАП КЕТКЕН ШЫЛУУН КАРМАЛДЫ.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы 800 миң сомдон ашык каражатка алдап кеткен деген шек менен 23 жаштагы адам кармалганын билдирди. Маалымат боюнча, журналист 2024-жылы 17-октябрда райондук милицияга өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон аркылуу 825 миң сом акчасын алдап котортуп алганын айтып арызданган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шек саналып, 23 жаштагы адам кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 09:37


Жанар Акаев орус өкмөт башчысынын Кыргызстанга дооматы негизсиз болгонун айтты

Жанар Акаев Яндекс компаниясы чагымчылдык аракет жасады деп эсептейт.
👇👇👇👇👇👇👇👇
Толук видео Ютубда

https://youtu.be/je0dwjJYqUM?si=Zov3kz7FQw_f6oTP

👆👆👆👆👆👆👆👆

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 09:00


https://youtu.be/spi29BtxtxY?si=cCoXD6i3aT5tsnfL

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 08:07


"Эмне үчүн жооп бере албайт?"-, Талиева Мишустинге жооп бербеген өкмөт башчыны сындады

✔️ Жогорку Кеңештин бүгүнкү 5-февралдагы жыйынында депутат Камила Талиева орус өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин дооматтарын сындады. Жана ага татыктуу жооп кайтара албайт деп өкмөт башчы Адылбек Касымалиевди сынга алды
👇👇👇👇👇👇
Толук видео Ютубда

https://youtu.be/je0dwjJYqUM?si=Zov3kz7FQw_f6oTP

👆👆👆👆👆👆👆

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 07:48


https://youtu.be/je0dwjJYqUM?si=Zov3kz7FQw_f6oTP

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 07:40


Президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи

****

Церемония официальной встречи Президента Садыра Жапарова с Председателем Китая Си Цзиньпином

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 07:22


Бир кап картошка баасы бир мүшөк ундан кымбат болуп кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Кыргызстанда картошканын баасы кескин кымбаттап кеткенин айтып, кийинки жылы да мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн өкмөттү алдын ала чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал парламенттин 5-февралдагы жыйынында билдирди.“Эл үчүн 1 кг картошка 60 сом деген баа жогору. Мисалы, бир кап ун сатып алсаңыз 1700-1800 сом болсо ошондой эле салмактагы бир кап картошка 2500-3000 сом болуп калды”, - деди ал. 2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин айткан эле.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 07:20


Жогорку Кеңеш Эркин Чечейбаевдин талапкерлигин жактырды

✔️Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Эркин Чечейбаевди Саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.

✔️Талкуунун жүрүшүндө Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо министри кызматына киришкенде көңүл системалуу коррупция менен күрөшүүгө, калкты дары-дармектер менен камсыз кылууга, республикадагы медициналык мекемелерди курууга жана жабдууга буруларын белгиледи.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 05:01


" Жапаров айткан, жолду бүтүрүп берем деп", - Б. Түлөбаев

"Балыкчы-Барскоон жолу 100% бүтүш керек, 90% бүткөн болбойт" деп билдирди депутат

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 04:37


1-класстын окуучулары
10-февралдан тарта бир жумалык каникулга чыгышат.

✔️ 10-февралдан тарта Бишкектин мектептеринин 1-класстарынын окуучулары бир жумалык каникулга чыгаарын АКИpress агенттиги борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгына шилтеме кылып жазды. Ошондой эле 0-класстар 2 жумалык каникулга чыгышат.

✔️ Базалык окуу планына ылайык, 3-чейректе 480 сааттык «Наристе» мектепке чейинки даярдык программасына кирген 6 жаштагы балдарга 2 жума, 1-класстын окуучулары үчүн 1 жума кошумча каникул берилет.

✔️ Ошентип, 1-класстын окуучулары 17-февралда, 1-класстын окуучулары 24-февралдан тарта сабакка кайтышат.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 04:16


Трамп Ирандын “мунай экспортун нөлгө түшүрөт”

Президент Дональд Трамп шейшемби күнү Тегеран режиминин өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө жана Ирандын мунай экспортун нөлгө түшүрүү үчүн Иранга "максималдуу басым" көрсөтүү боюнча кампаниясын жаңылай турганын администрациянын расмий өкүлү билдирди. Бул тууралуу Америка Үнү жазды.

Трамп президенттик меморандумга кол коёт, анда Каржы министрине Иранга "максималдуу экономикалык кысым" көрсөтүү, анын ичинде санкциялар жана учурдагы санкцияларды бузуу үчүн механизмдерди колдонуу боюнча көрсөтмөлөр камтылат, деп билдирди Ак үйдүн расмий өкүлү.

Максималдуу басымдын бир бөлүгү катары Трамптын администрациясы "Ирандын мунай экспортун нөлгө чейин кыскартууга багытталган" кампанияны жүргүзөт.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 04:15


Трамп АКШ Газаны көзөмөлгө аларын айтты

"Кошмо Штаттар Газа тилкесин көзөмөлгө алат биз аны менен иштешебиз. Биз ага ээлик кылабыз", - деди республикачы Биньямин Нетаньяху менен Ак үйдө жолугушуудан кийин. "Мен узак мөөнөттүү ээлик кылуу кырдаалын көрүп турам жана аны Жакынкы Чыгыштын бул бөлүгүнө көбүрөөк туруктуулук алып келет деп эсептейм" деп кошумчалады ал.

Бул Газага америкалык аскерлерди жөнөтүү дегенди билдиреби деген суроого Трамп: «Керектүү нерсени кылабыз»,- деди. Ошондой эле ал секторго жеке өзү барып келүүнү убада кылды.

Трамптын сөздөрү буга чейин АКШда сынга алынган. АКШнын Газага басып кириши миңдеген америкалык аскерлердин өлүмүнө жана Жакынкы Чыгышта ондогон жылдарга созулган согушка алып келет.", - деди демократ сенатор Крис Мерфи.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 04:04


Үйлөнсөң 3 машина менен чыгасың.Той-аштардагы чектеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.

Маркумду узатууда мал союлбайт, кыркы жана жылдыгы болбойт” ! Учурда той аштардагы жөрөлгөлөрдү жөнгө салган мыйзам долбоору коомдук талкууда турат. Ага ылайык, эми тойдо себет, кийит жана түштөндүрүүгө тыюу салынып, катышуучулардын саны чектелет. Эрежеге баш ийбеген той ээсине 300 миң сом, салтанат өткөрүлгөн кафе-ресторандардын ээсине 100 миң сом, ал эми сөөк коюуга байланыштуу тартипти бузгандарга 200 миң сом айып пул салынат. Мыйзамды көзөмөлдөө жагы жергиликтүү комиссияларга жүктөлөт. Маалым болгондой, буга чейин да  аш-той өткөрүүдө, сөөк коюу зыйнатын жүргүзүүдө ысырапкорчулукту жоюу маскатында жарлыктар чыккан. Бирок канчалык деңгээлде ишке ашырылып жатат? Бул экинчи маселе боюнча калууда. Акыркы мезгилде бул темада коомубузда кызуу талкуу орун алууда. Кененирээк кесиптешим Асел Сыдыкова сөз кылат.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 03:54


Президентти, муфтийди кол жоолук кылган интернет шылуундары

Шылуундар Президент, министр же дагы бир белгилүү инсандардын үнүн колдонуп, видео жасап элди алдаганга өтүштү. Бир көргөндө тасмада өзү сүйлөп жаткандай туюлуп, карапайым эл оңой эле ишенери бышык. Мындай жагдайдан пайдалангандар карапайым адамдарды кайырмакка илип, капчыгын кагып кетишери турган иш. Ал гана эмес УКМК, Улуттук банк жана башка мамлекеттик мекемелердин атын жамынгандар дагы пайда болду. Алар жарандардын банктык эсептерине коркунуч жаралды же кимдир бирөө сиздин атыңыздан насыя ала баштады деп, адамдардын психологиясына таасир этип, өз жетегине салып алышат. Жыйынтыгында, жаранды сызга отургузуп, белчеден карызга кириптер кылышат.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 03:47


Малды эмес маркумдарды жиликтегиси келген министрди кызматынан кетүүгө аргасыз кылган жыйын.

Ар дайым Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сынга кабылып келген Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ комитеттин жыйынына катышып, кайрадан эле кагуунун алдында калды. Министрдин ишмердүүлүгүнө ичи чыкпаган эл өкүлдөрү Бейшеналиевдин дары саясатын сынга алышты. Алар өлкөдө дары-дармек жетишсиздигине байланыштуу маселе барган сайын курчуп жатканын белгилешип, министрдин реформасынан дайын жок экенин бетине айтышты. Жеке даарыкыналардан арзан болот деген максатта түзүлгөн Эл аманда эмнеге дарылардын баасы кымбат деген суроого, министр аталган аптеканы Неман жеке дарыканасына салыштырып, экөө тең бирдей дарыкана деп, бул жолу да балп этти. Бейшеналиевдин дары саясатына ичи чыкпай жаткан Жогорку Кенеште бул жолу көз жумгандардын айрым органдарын донор кылууга уруксат берүү маселесин көтөрүп эл өкүлдөрүнүн оозун ачырды.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 03:33


Кыргыз тилин кордодуң деп депутаттар жаш министрди талап кетти.

Кыргыз тили- мамлекеттик тил статусу бар экенине карабастан, коомдук жашоодо расмий тилге басым жасалган көйгөй бар экени эч кимге жаңылык деле эмес. Демек Кыргыз тилине болгон мамиле солгун жана анын өнүгүүсүнө тоскоолдуктар көп. Эгемендик алганга чейин союздун курамында болуп, Орусиянын таасири күчтүү болгон. Бирок көз карандысыздыкка жеткен 34 жылда да Кыргыз тилинин кадыр-баркын өстүрүп, башка улуттарды жөн коёлу өзүбүз да эне тилибизди жарытарлык үйрөнүп, тилибиз менен сыймыктанчу деңгээлге жетип калган жерибиз жок. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө бийлик канча аракет жасабасын, чыгарылган мыйзамдар, токтомдор кагаз бетинде калып, иш жүзүндө орусча ойлонуп, кыргызча жооп берген чала кыргыздардын катары калындап бара жатат.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 02:59


КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫН БЫЧАКТАП ӨЛТҮРДҮ.

3-февралда Сокулук райондук ИИБге Жаңы-Жер айылындагы үй-бүлөлүк чыр тууралуу билдирүү түшүп, жубайлар Д.Н. жана Д.З. ортосундагы жаңжалды алдын алуу үчүн коргоо ордери берилген.

Бирок 4-февралда ошол эле үйдөн Д.З. аттуу аялдын жансыз денеси табылып, иликтөөдө күйөөсү кызганычтан улам аны бычактап өлтүргөнү аныкталды.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча иш козголуп, Д.Н. камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө соттук экспертизалар дайындалды.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 02:57


Кайгуул кызматы "Бай Түшүм" банкынын кызматкерине айып салды

✔️Бишкекте «Бай Түшүм» банкынын инкассаторуна мыйзамсыз «тонировка» жасап, каршы тилкеге ​​чыгып кеткендиги үчүн 40 миң сом айып салынды.

Azamat_LIVE KG

05 Feb, 02:47


Бишкекте эки жигит автобуска кирип, акча уурдап кетишкен

✔️Окуя 2-февралга караган түнү болгон. Ошол учурда автобус базада болчу. Бул факты боюнча милицияга арыз түшүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу чаралары көрүлүп жатканын мэрия билдирди.
Учурда уурулуктун суммасы такталууда.

Azamat_LIVE KG

31 Jan, 15:39


https://youtu.be/e_CmU91EE24?si=ubxV4apexr-_oQGO

Azamat_LIVE KG

30 Jan, 11:57


Аскар Акаевдин 80 жылдыгы Москва мамлекеттик университетинде белгиленди

✔️Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өттү. Залда анын сүрөттөрү менен слайд-шоу көрсөтүлүп, андан соң музыканттар жана опера ырчылары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Акаевди майрамдык дасторкондо кесиптештери куттукташты.

✔️Эскерте кетсек, Акаев жакында эле экс-президенттик статусун кайтарып берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган, бирок депутаттар анын өтүнүчүн четке кагышкан.

Azamat_LIVE KG

30 Jan, 09:26


Вашингтондо кыйраган учакта орусиялык фигурист, машыктыруучулар болгон

✔️Вашингтондо абада тик учак менен кагылышып кулап түшкөн учактын ичинде фигуристтер менен АКШ чемпионатынан учуп келген орусиялык машыктыруучулар болгонун орусиялык басылмалар жазышты.

✔️Учакта 14 фигурист, анын ичинде Россиянын курама командасынын курамында 1994-жылы коньки тебүү боюнча жуптар боюнча дүйнөнүн чемпиондору Евгения Шишкова менен Вадим Наумов болгону айтылууда.

✔️Соңку маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 60ка жетти. Учакта жалпы 64 адам болгон.

Azamat_LIVE KG

30 Jan, 09:03


"Эркектердин өкмөтү деп жазып алгыла",- Камила Талиева

✔️ Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева өкмөттүн курамында гендердик теңчилик сакталбай жатканын сындады.

✔️Ал Санарипти өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын кызматтан эмнеге алынганын түшүнбөй жатканын айтып, жалаң аял министрлер кызматтан кетип жатканын көтөрүп чыкты.

Azamat_LIVE KG

30 Jan, 09:01


Өмүрбек Текебаев кече Жогорку Кеңеште депутат Малиев көтөргөн маселеге жооп берди.

Эске салсак, кечээ депутат Малиев Өмүрбек Текебаевди коррупцияга айыптаган болчу.

✔️Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйында айтылып, Арсланбек Малиев Текебаевди виза берүүгө байланыштуу коррупцияга айыптап, элчиликтин ишин текшерүүнү сунуштаган эле.

Azamat_LIVE KG

30 Jan, 08:58


Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен мэрдин ортосунда жаңжал чыкты

✔️Бүгүн 30-январда борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин бир катар фракцияларынын биргелешкен жыйынына катышты.

✔️Талкуу учурунда муниципалитеттин башчысы депутаттардан мэрияны алаксытпоону жана жетекчилерди болбогон маселе үчүн жыйындарга чакырбоону суранып, жыйында кайым айтыш жаралды.

Azamat_LIVE KG

30 Jan, 08:56


Вашингтондо учак Рейган аэропортуна жакын жерге конуп жатып сууга кулап түштү

✔️ Ак үй учак кулаганга чейин аскердик тик учак менен кагылышы мүмкүн деп билдирген.

✔️ Канзас штатынын Вичита шаарынан Вашингтонго учуп баратып кыйраган учакта жалпысынан экипаж мүчөлөрү менен 64 адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 4 адам аман калып, суудан чыгарылды. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.

Azamat_LIVE KG

30 Jan, 08:19


Кыргыздар азыр кандайбыз?
Биз неге кыргыз аттарын,
Бренд кылып жайбайбыз?
Келечеги үчүн кыргыздын,
Келгиле чогуу чамдайбыз.
👇👇👇👇👇👇👇👇
Толук видео Ютубда
https://youtu.be/0FBmERv8rcU?si=lTA234fkEGsx9vFG

👆👆👆👆👆👆👆👆👆
Төкмө акын Темирбек Матыбаев

Azamat_LIVE KG

30 Jan, 07:15


https://youtu.be/0FBmERv8rcU?si=ERqjxijQJ80YzCEQ

Azamat_LIVE KG

29 Jan, 03:19


Депутаттыгын таштап Ошко мэр болгон Токторбаев, акталаары менен облуска орун басарлыкка дайындалган Самаев
👇👇👇👇👇👇
Толук видео Ютубда
https://youtu.be/Pywgxf364WQ?si=YelIEFaZe0rZVNgP

👆👆👆👆👆👆
Жеңишбек Токторбаев кызматка дайындалган күндүн өзүндө эле бир нече принциптерин айтып, тийиштүү кызматтарга катуу талаптарды койду. Ал ишин кабинетинде эмес, калаада жургүзүлүп жаткан иштер, көйгөйлөрдү жеринен көрүү менен баштады. Мэрдин биринчи иш күнү түнкү бир оокумга чейин созулуп, көпчүлүк аны мээнеткеч жетекчи экен деп жатышса, айрымдары аны жеңил пиар деп баалашууда.

Azamat_LIVE KG

28 Jan, 15:11


Жол тыгыны, ыш Бишкекке эки баштуу мэр келсе да чечилбейби?
👇👇👇👇👇👇👇
Толук видео Ютубда
https://youtu.be/IgiLFyjidEU?si=KeuteZANv4_5A4AC
👆👆👆👆👆👆

Борбор калааны түтүндөн арылта албай, тийиштүү министрликтин айласы кетип турган чакта, эми мынтип өлкөнүн башка шаарларында да байкалып жатканы айтылууда. Маселен, Ош, Жалал-Абад, жада калса чакан делген Талас шаарында да анча-мынча ыш көйгөйү жаралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев депутаттарга берген отчетунда билдирди. Абаны негизинен жер үйлөрдө жагылган от, Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы белгилүү. Талкуу учурунда эл өкүлдөрү смог менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын иш аракеттери натыйжа бербей жатканын сынга алышты. Ал арада эл өкүлдөрү борбор калаадагы автоунаа көйгөйүнөн арылуу маселесин көтөрүшүп, пробканы жоюуда бир катар жолдорун сунуштап ортого салышты.

Azamat_LIVE KG

28 Jan, 13:23


Сизди Кыргызстандагы жолдордун абалы канаатандырабы? Жол министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды
👇👇👇👇👇👇
Толук видео Ютубда
https://youtu.be/BE_L9g8HsEw?si=krW90ANKD2LvaSln

👆👆👆👆👆👆

Мурда Транспорт министрлигинине, өлкөдө канча жолдордун жыртык- тешигин жамадыңар деген суроо берилип келсе, эми канча чакырым жол салдыңар деген суроо берилген күнгө да жетиптирбиз. Кыргызстандын ичиндеги эл аралык же ички жолдорду салууда учурда мактанаарлык деңгээлге жетпесек да өзгөрүү бар деп айтсак болчудай. Анткени, өткөн жылы министрлик жылдагыдан салыштырмалуу рекорддук көрсөткүчкө жетип, жолго асфальт төшөө 802 чакырымды түзүп, коюлган пландан 20%га ашыгы менен аткарылганы кабарланды. Жалпы 17 көпүрөнүн курулушу аяйтап, пайдаланууга берилген.

Azamat_LIVE KG

28 Jan, 13:04


"Түндөп кезекке турат". Мамлекеттик мекемедеги кезек күтүү көйгөйү качан чечилет?
👇👇👇👇👇
Толук видео Ютубда
https://youtu.be/iV3PvG9fJ6A?si=e_DaeYCltpo0WRRe

👆👆👆👆👆

Мамлекеттик мекемелерге кайрылгандар түндөп кезекке турганын көрдүңүз беле? Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө бул кадимки көрүнүш. Кызыгы, мында электрондук талон алууга дагы өзүнчө узун кезек болот. Эртеңки жумушу үчүн жарандар бүгүндөн баштап, тизмеге жазылат. Бирок, кезек жетсе жетти, жетпей калса эки-үч күндөп кайра ушул мамайдын көрүнөн өтөт. Мекеме бул маселени электрондук кезек системасы аркылуу чечүүгө аракет жасаганы менен андан оң жыйынтык чыга элек. Ал эми түшүндүрүү иштери дагы максатына жетпей жатат. Жарандар бул маселени чечүү үчүн мекеменин кызматкерлерин көбөйтүү же 24 саат иштөө тартибин киргизүүнү суранууда.

Azamat_LIVE KG

28 Jan, 04:22


https://youtu.be/Pywgxf364WQ?si=Qv7-s4-REGLDoCiw

Azamat_LIVE KG

28 Jan, 03:47


https://youtu.be/IgiLFyjidEU?si=bSUclOn9EQSlAe6i

Azamat_LIVE KG

28 Jan, 02:32


https://youtu.be/BE_L9g8HsEw?si=19X8BH2lpbDnVOnb

Azamat_LIVE KG

28 Jan, 02:07


https://youtu.be/iV3PvG9fJ6A?si=xMZIAIpSf6qf4TVC

Azamat_LIVE KG

25 Jan, 12:28


TikTok сервисине коюлган бөгөттү алып салуу сунушталды. Сиз колдойсузбу?

Толук видео Ютубда 👇
https://youtu.be/PAlVLr6DP5s?si=J8jEBMtum6g_9xAf

👆👆👆👆👆👆👆

Azamat_LIVE KG

10 Jan, 07:21


Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаа ташуучу машина өрттөнүп жатат

Azamat_LIVE KG

10 Jan, 06:55


Абхазиядан, Армениядан келген автоунаалар алты айдын ичинде мыйзамдаштырылат

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарды. Ага ылайык, Министрлер кабинети эки айдын ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.

Мамлекет башчынын 2024-жылдын 31-декабрында кол койгон жарлыгына ылайык, биринчи кезекте документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документтери жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Azamat_LIVE KG

10 Jan, 06:30


Ташиев Испанияда машыгып жаткан Кыргызстандын жаш футболчулары менен жолукту

Кыргыз футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиев Испанияга барып, жаш футболчулардын жолдоштук беттешин көрдү. Жаштар арасындагы кыргыз курама командасы Испаниянын "Картахена" клубуна каршы ойноп, 5:0 эсебинде жеңишке жеткен. Камчыбек Ташиев футболчулардын Азия Кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгилеген. U-20 Азия кубогу февралда Кытайда өтөт.

Azamat_LIVE KG

01 Jan, 03:45


САДЫР ЖАПАРОВ: НААРАЗЫЧЫЛЫК, МИТИНГДЕР АРТТА КАЛДЫ. БИР ТҮНДҮКТҮН АЛДЫНДА КҮЧТҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРАБЫЗ.

Президент Садыр Жапаровдун Жаңы 2025-жыл менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2025-жаңы жыл менен куттуктады.

Azamat_LIVE KG

31 Dec, 18:32


https://youtu.be/zX-b8IF6WCY?si=7gswPeZ1NcmHn5ip

Azamat_LIVE KG

31 Dec, 18:19


https://youtu.be/5WydNYtbEHM?si=wZ63x926T9glvuTQ

Azamat_LIVE KG

31 Dec, 09:59


Бул жылы Камчыбек Ташиев чек ара кызматындагы абалга да тыкыр киришип, мекен чегин коргоп жаткан жоокерлердин шартын жакшыртууда. Баткен, Ысык-Көл облустарындагы заставларды жаңылап,учурда Ош, Жалал-Абаддагы аскер бөлүктөрүндө жүрүп жаткан иштерди жеринде өзү текшерүүдө. Жада калса жоокерлерге берилип жаткан тамак-аштын сапатын да өз көзү менен көрүп, сактоочу жайларды түрө кыдырып чыгууда. Иш менен катар барган жеринде жоокерлер менен жакындан баарлашып, алар менен кошо обон созо ырдаган учурлары да болду.

Azamat_LIVE KG

31 Dec, 07:30


Бишкекте аялды урган жаран камакка алынды

Кармалган 26 жаштагы жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү. Сот чечими чыкканга чейин ал милиция бөлүмүндө камакта болот.

Ага 5,5 миң сом айып салынат же 30-40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо үчтөн беш күнгө чейин камакка алынат.

Урган киши аялдын күйөөсү эмес, экөө бүгүн гана таанышкан.

Azamat_LIVE KG

31 Dec, 07:25


"Эки дос" Жапаров, Ташиев бийликке келип Кыргызстан эмнеге жетишти?

Azamat_LIVE KG

31 Dec, 03:29


20дан ашык депутат ээрден шыпырылган Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 2024-жылды кандай аяктады?

Узап бара жаткан 2024-жыл ичинде Жогорку Кеңеш аткаруу бийлиги тарабынан сунушталган 225 мыйзам долбоорунун 157 син колдоп берди. Алардын арасында талаш-талкуу жараткан бир катар мыйзам долбоорлору да бар. Жетинчи чакылыштын депутаттары кандай ишегенине карабай учурдагы парламент бийликке көз каранды деген сын-пикирлерден арыла албай келет. Андан сырткары бул чакырылышта мандатын өз эрки менен тапшырган эл өкүлдөрүнүн көптүгү менен да элдин эсинде калаары ачуу чындык. Алсак жалпысынан 21 депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырууга мажбур болгон.

Azamat_LIVE KG

29 Dec, 11:19


"Бул жомок"- деген темир жол курулушу башталды. Кыргызстан темир жол бүтсө эмнеден утат?

Azamat_LIVE KG

29 Dec, 05:09


https://youtu.be/lAexfMjTaL4?si=cQP0b6nqKaOGGpJG

Azamat_LIVE KG

29 Dec, 04:19


https://youtu.be/N00bod56tOo?si=k9u9TbMPS2qsLq9g

Azamat_LIVE KG

29 Dec, 03:41


https://youtu.be/tGdlYG4x4Xs?si=N4mqHP5jDTzi0Vl-

Azamat_LIVE KG

29 Dec, 02:54


https://youtu.be/kvelGDKVbdY?si=O6y3rm60NX6sgPlR

Azamat_LIVE KG

27 Dec, 10:12


https://youtu.be/bIXgydMJc5I?si=yUwuZRSW9AQZS4P9

Azamat_LIVE KG

27 Dec, 10:04


https://youtu.be/x5ISzJG1Ajk?si=UZC-Dw4TyqMDRVEW

Azamat_LIVE KG

27 Dec, 06:55


Камчыбек Ташиев: Губернатордун күчүн сынайлыбы?

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусуна болгон иш-сапарынын алкагында облус башчысын тамашага салды.

Azamat_LIVE KG

27 Dec, 02:50


Президент Садыр Жапаров жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда, бир күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат.

Мамлекет башчысы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.

Иш-чара УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Түз алып көрсөтүүнүн башталышы — 12:00.

Azamat_LIVE KG

26 Dec, 08:53


https://youtu.be/CP-kkNoj3NE?si=MOr8kES2DwUFqd6h

Azamat_LIVE KG

26 Dec, 02:55


Актауда кырсыкка учураган учакта болгон үч кыргызстандык тең аман

✔️ Бул тууралуу биздин өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Алар Мангистау облустук көп тармактуу ооруканасында жатышат.

✔️ Алар 20 жаштагы А.Р.Т. 26 жаштагы О.Т.М. жана 36 жаштагы Д.Э.Д. Учурда 20 жаштагы жүргүнчүнүн абалы оор, калган экөөнүн өмүрүнө коркунуч жок экени айтылат.

Azamat_LIVE KG

01 Dec, 07:08


https://youtu.be/aoV3HZupq7o?si=GfDLZUVGrxGcmXns

Azamat_LIVE KG

01 Dec, 05:35


https://youtu.be/l4KjWPLs-eg?si=ytND7rqClrTG3qlw

Azamat_LIVE KG

30 Nov, 09:57


Мэр Жунушалиев шаар автобустарынын 24 айдоочусун иштен кетирди

Маалыматка ылайык 10 ай ичинде автобустардын катышуусунда 329 жол кырсыгы катталган. 169 учурда коомдук транспорттун айдоочулары күнөөлүү болсо, 160та экинчи тарап күнөөлүү.

Ушуга байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана мэриянын транспорт башкармалыгынын бешинчи колоннасынын жетекчилери дагы кызматтан алынганы айтылды.

Ошондой эле мэр директордун орун басарына жана бир катар башкармалыктын кызматкерлерине, бардык бригадирлерге, контролдоочу механиктерге, колонналардын слесарларына жана бригадирлерге сөгүш берди.

Azamat_LIVE KG

30 Nov, 09:55


УКМК “Яндекс.Таксинин” кеңселеринде тинтүү жүргөнүн билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргөнүн кабарлады.

"Яндекс. Такси Корп" жана анын өнөктөштөрү Монополияны жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, такси менен алектенген айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат”, - деп айтылат УКМК билдирүүсүндө.

Атайын кызмат кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мыйзамсыз иштерге катышы бар адамдарды аныктоо жүрүп жатканын билдирди. УКМК кызмат көрсөтүүдө бааларды жасалма жогорулатууга жол берилбестигин эскертти.

Azamat_LIVE KG

30 Nov, 09:52


“Женго” деген каймана аты бар Досонов 20 жылга кесилди

Бишкектин Биринч май райондук соту 29-ноябрда “Женго” деген каймана ат менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов жана аны менен кошо айып тагылгандарга өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык, Досонов 20 жылга абакка кесилди. Бул тууралуу соттон кабарлашты.

Досонов Кылмыш жаза кодексинин 262-беренеси (“Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”) менен 12 жыл, 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен 15 жыл абакка кесилди. Сот 77-беренеге (“Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо”) таянып, анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен жалпы 20 жыл эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

“Женго” менен кошо айыпталган дагы алты киши 20 жылдан жаза алды. Бир киши 9 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Калган айыпталгандардын баары камакта болчу.

Azamat_LIVE KG

29 Nov, 11:39


Камчыбек Ташиев: Унаа токтотуучу жайы жок бир дагы имарат курулбасын

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шаар мэри айбек Жунушалиевге Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок бир дагы имарат курулбасын деген тапшырма берди.

«Бардык жерде унаа токтотуучу жай болушу керек. Чет өлкөлөрдө ар бир үйдүн астында унаа токтотуучу жайлар бар, ошондуктан тыгын аз. Бизде андай эмес. Мындан кийин унаа токтотуучу жайы жок бир дагы үй, кеңсе, соода борбору курулбасын», — деди Ташиев.

Azamat_LIVE KG

29 Nov, 10:56


Камчыбек Ташиев УКМКнын 2-3 кызматкерине карата иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

✔️ 28-ноябрда Свердлов жана Биринчи Май райондук УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында УКМКнын кызматкерлерин өлкөнүн келечеги үчүн иштөөгө чакырды.

✔️ “Эгер силер өзүңөрдүн кызыкчылыгыңарды мамлекеттикинен жогору койсоңор, бир күн баары бир билинет. Араңарда ушундай 1-2 кызматкер бар. Жарым жыл алдың Башкаруу бөлүмү менен иштешкенде, муну иликтөөгө буйрук бергем. Жакында баары билинет. Мен баарын билем. Эгерде кимде ким менин буйругум менен иштеп жатып, пара алууга аракеттенсе, жоопко тартыласыңар. Камаласыңар. Арадан убакыт өтүп кетсе да баарыбир билинет”,-деп билдирди ал.

Azamat_LIVE KG

29 Nov, 08:34


Бишкекте жаранды сүзүп кеткен айдоочу Тез жардамдын артынан баратып өзү да каза болуп калды.

✔️Кырсык кечээ Элебесов — Февраль көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Mersedes-Benz Е320 үлгүсүндөгү унаанын 65 жаштагы айдоочусу жол чийининен өтүп бараткан 44 жаштагы адамды сүзүп алган. Тез жардам кызматы жабырлануучуну салып, сүзүп алган киши анын артынан өзүнүн унаасы менен кеткен. Бирок ооруканага жеткен эмес. Жабырлануучунун туугандары ЖМКга кайрылып, качып кеткен айдоочуну табууга жардам сураган.

✔️Сүзгөн айдоочу Тез жардам кызматын коштоп баратып, Фрунзе — Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине жеткенде каза болуп калганын Бишкек ШИИБинен кабарлашты.

✔️Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Айдоочу эмне себептен каза болгону айтылган жок. Экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Azamat_LIVE KG

28 Nov, 12:22


УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды. Жаңыдан пайдаланууга берилген атайын кызматтын кезектеги имараты бардык зарыл болгон шарттар менен камсыздалып, толук бүткөрүлгөн. Салтанаттуу ачылуу аземге УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Azamat_LIVE KG

28 Nov, 11:13


Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Астананын Эгемендүүлүк Сарайына келди
***
Президент Садыр Жапаров прибыл во Дворец Независимости Астаны для участия в сессии Совета коллективной безопасности ОДКБ

Azamat_LIVE KG

28 Nov, 08:45


Бүгүн эртең менен Бишкекте автобус аялды сүзүп кетип каза болду.


✔️Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсык Курманжан Датка/Салиев көчөлөрүндө болгон.

Azamat_LIVE KG

28 Nov, 08:06


Таксисттерди кыйнап бүттүңөр! Депутат Жанар Акаев “Яндекс Таксиге” тез арада чара көрүүнү талап кылды.

Жаңы Тик ток каналыбызды ачтык. Төмөнкү 👇 ссылка менен кирип катталып колдоо көрсөтүңүздөр
👇 ссылкасы
tiktok.com/@azamat.abdiev.fr

Алдын-ала баарыңыздарга чоң рахмат 🙏

Azamat_LIVE KG

28 Nov, 06:02


https://youtu.be/9J2KXbGM95I?si=fKm5CHZUyxFyrPJ7

Azamat_LIVE KG

28 Nov, 05:37


Мектепте ата-энелерден мажбурлап акча чогулткандарга айып салына турган болду

Тиешелүү мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алды. Эми ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Мыйзамга ылайык, ата-энелерди кыйнап акча жыйнаган жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 30 миң сом айыппул салынат.

Ошол эле учурда ишкерлер же колунда бар адамдар, анын ичинде ата-энелер өз каалоосу менен мектепке акчалай жардам берем десе, мыйзам ага тыюу салбайт.

Azamat_LIVE KG

28 Nov, 03:26


Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди
**
Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Астану

Azamat_LIVE KG

27 Nov, 14:04


БЕЛГИЛҮҮ ХИРУРГ ЭРНСТ АКРАМОВ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫЛДЫ.

Өмүрүн медицинага арнаган Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Бул анын калтырган керези болгон.

Azamat_LIVE KG

27 Nov, 10:02


Бишкекте 19 жаштагы жигит автобуста баратып телефонун уурдатып алган.

Бул ишке шектүү катары 29 жаштагы жаран кармалды.

Кармалган жигит башка уурулук фактыларына да шектелип жаткандыктан, милиция жабыркагандар болсо, 0554 110 314, 0556 363 000, 0700 611 119 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Azamat_LIVE KG

21 Nov, 06:40


Ош шаарында N49 автобустун айдоочусу менен Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу мушташа кетти.

Azamat_LIVE KG

21 Nov, 06:40


Өзгөн районунда мектепте от казан жарылып, кароолчу жабыркады.

✔️Мырза-Аке айыл аймагындагы А.Калмурзаев атындагы №20 мектепте жылытуу от казаны жарылган. Жарылууда мектептин күзөтчүсүнүн колу темирге тийип, жабыр тарткан.

Azamat_LIVE KG

21 Nov, 06:39


Бишкекте жол кырсыгын жасап, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя 27-октябрда саат 04:40та болгон. Ахунбаев менен бараткан айдоочу Курчатов көчөсүнө бурулуп жатып, жол жээкте турган Toyota Prius унаасын сүзгөн. Анын айынан Toyota Prius Mercedes-Benz W124, Volkswagen Sharan унааларына урунган. Натыйжада үч унаа жабыркаган. Ал эми жол кырсыгына күнөөкөр айдоочу качып кеткен.

Издөө иштеринин жыйынтыгында качып кеткен айдоочу кармалып, ал 24 жаштагы жаран (Т.К.) экени аныкталган.

Айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаасы айып короого коюлду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүүдө.

Azamat_LIVE KG

21 Nov, 06:38


УКМК: Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды.

✔️ УКМК тарабынан Бишкек шаарынын (рабочий городок) дарегинде жайгашкан 0.29 га аянты менен бала бакчанын имараты мамлекеттик ишкананын балансынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги аныкталган жана мамлекетке кайтарылган.

✔️ КР УКМК тарабынан мамлекеттик менчиктеги мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 16:24


"Менин атымды сатып, 250 000 доллар пара алган мурдагы элчини камакка алууга тапшырма бердим..." - Камчыбек Ташиев

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 16:18


"Менин силерден коркпойм, силер менден корккула" - Камчыбек Ташиев кат аркылуу ага койгон шарттар боюнча комментарий берди
***
"Я вас не боюсь. Вы меня бойтесь." - Камчыбек Ташиев прокомментировал условия, изложенные в письме с угрозами.

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 16:16


Камчыбек Ташиев президентке эки жолу, өзүнө 5-6 жолу кол салуу аракети болгонун билдирди

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 15:16


Камчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн "коркуткан" кат алганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда чукул маалымат жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна "коркунуч келтирерин билдирген" кат алганын маалымдады.

Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айтты. Катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын, демек, сөзсүз түрдө аягына чыгарарын айтканын билдирди.

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 12:11


Садыр Жапаров мугалимге орой мамиле жасаган аялды сындады.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда педагогикалык кызматкерлерге “Жылдын мыкты мугалими“, жана “Мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу иш-чарасында окуучунун апасы мугалимге орой мамиле кылган окуя тууралуу пикирин билдирди. Ал окуучунун апасы мектеп мугалимин “баламды урушасың” деп тилдегенине капа болгонун, 45 мүнөттүк сабак учурун ата-эне түгүл, ошол мектептин директору эле эмес, керек болсо министр да барып токтотууга укугу жок экенин белгиледи. Мындай жосунсуз жорук мугалим деген улук аттын кадыр-баркын тебелеп, класста мугалим болсом деген канча окуучунун ой-кыялын талкалаганын кошумчалады. Садыр Жапаров мындай түркөйлүккө мектепте да, бала-бакчада да, коомчулуктун кайсы жеринде болбосун жол берилбеши керектигин айтты. 6-ноябрда социалдык тармактарда бир окуучунун апасы мугалимди урушуп жатканы тартылган видео тараган. Анда окуучунун апасы сабак учурунда кирип келип, ызы-чуу салганын көрүүгө болот.

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 11:59


"Бекеринен мугалимдик, тарбиячылык кесип – жер жүзүндөгү эң улуу кесип катары сыпатталбаса керек.", - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурстун жыйынтыгы менен сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында. Бүгүн “Ынтымак Ордо” резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык сынакта жеңүүчү аталган мыкты мугалимдерге жана тарбиячыларга батирдин жана акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды. Сынактын жыйынтыгы боюнча “Жылдын мыкты мугалими” жана батирдин сертификатынын ээси ОшМУнун “Билим” лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова болду. “Жылдын мыкты тарбиячысы” Махабат Калмаматовага 300 миң сомдун сертификаты тапшырылды.Андан тыкары өз предмети боюнча мыкты болгон мугалимдерге да 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар берилди

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 11:40


УКМК Ташиевге кол салууну пландаган шектүүнү кармады

✔️ Буга шектелип Руслан Дүйшеев, Рус Коён деген да ат менен белгилүү болгон Бостеринин “смотрящийи” кармалды.

✔️ Бир нече жолу тоноо жана адам өлтүрүү боюнча соттолгон, Көлбаевге да жакынындыгы бар болгон деп билдирди УКМК.

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 11:39


УКМК экс-депутат Эмил Жамгырчиевди суракка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) менен Бириккен Араб Эмираттарындагы жолугушуусу боюнча УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Атайын кызмат жолугушуунун себеби такталып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандан мажбурланып чыгарылган журналист Болот Темиров 19-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына Дубайда Эмил Жамгырчиев менен Тилекмат Кудайбергенов жолугушканын, Эмил Жамгырчиев активист Дубайдан чыга албай калышы үчүн анын паспортун уурдап кеткенин жазган.

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 03:18


Кыргызстан Иранга 2:3 эсебинде утулду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун алтынчы турунда Иран курамасын менен беттешип, 2:3 эсебинде утулду.

Оюн 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Кыргызстанга таандык эки голду тең Жоэл Кожо киргизди. Ирандын эсебине жазылган голдор Мехди Тареми, Салех Хардени жана Сердар Азмунга таандык.

Кожо Жоэль - Кыргызстан 🇰🇬 - Иран 🇮🇷 беттешинин мыкты оюнчусу аталды

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 03:16


Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын футбол беттешине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды.

Беттеш 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун алкагында өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иранга 2:3 эсебинде утулуп калды.

Azamat_LIVE KG

20 Nov, 03:14


🇰🇬 АЗАМАТ БАЙМАТОВ ОЮН КАРЬЕРАСЫН БҮТҮРДҮ

Бүгүн, 19-ноябрда, Д. Омурзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын Улуттук курама командасынын легендарлуу оюнчусу жана көп жылдык капитаны Азамат Байматовду узатуу аземи болуп өттү.

Азамат 2010-жылдын 17-февралында курама командада дебют жасап, 35 оюнда катышып, күйөрмандарга көптөгөн жаркын учурларды тартуулады.

Azamat_LIVE KG

27 Oct, 10:17


КҮНДЕМИ/ЖЫЙЫНТЫК Аналитикалык программасынын толук чыгарылышы

Azamat_LIVE KG

27 Oct, 09:46


КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ: АЙ ЖҮРӨК ЫЙЛАЙТ КӨРҮП АЛЫП...

УКМК ТӨРАГАСЫ АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИ ЖЕРИНЕН КӨРҮП ЧЫКТЫ.

Azamat_LIVE KG

27 Oct, 09:41


КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ: АЙ ЖҮРӨК ЫЙЛАЙТ КӨРҮП АЛЫП...

УКМК ТӨРАГАСЫ АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИ ЖЕРИНЕН КӨРҮП ЧЫКТЫ.

Azamat_LIVE KG

27 Oct, 09:28


ИНТЕРНЕТТЕ ЖАЗУУЧУЛАР, АЙТУУЧУЛАР, ТЕКШЕРҮҮЧҮЛӨР КӨБӨЙГӨН ЗАМАНДА ЖАШАП ЖАТАБЫЗ. КИМ ТЫЙАТ?

Azamat_LIVE KG

27 Oct, 09:20


КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ " ИЛБИРС СЕКИРИК" ЖАСАДЫБЫ?

Azamat_LIVE KG

27 Oct, 08:36


https://youtu.be/5GyA81yEZYQ?si=0CaUsegf1ZHl5dRi

Azamat_LIVE KG

27 Oct, 06:50


https://youtu.be/-DhFtsN7nEE?si=scb7KiqYsWV7JLQk

Azamat_LIVE KG

27 Oct, 05:37


https://youtu.be/b5RlK2H9qQQ?si=T_a0CZXKVmZJLfSz

Azamat_LIVE KG

25 Oct, 12:01


Гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Президенттин басма сөз катчысы Шакиевдин билдирүүсү боюнча үн катты

✔️ Аскат Алагөзов гимнди өзгөртүү боюнча парламент төрагасынын айтканы анын жеке пикири экенин билдирди.

"Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты.

Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек.

Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок.

Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт",-дейт Алагөзов.

Azamat_LIVE KG

25 Oct, 06:16


Биз гимнди өзгөртөбүз дейт парламент төрагасы Нурлан Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев гимн өзгөрөрүн айтты. Бул тууралуу төрага Жогорку Кеңеште, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун 100 жылдыгы, анын туңгуч жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада маалымдады.

Сиздин оюңуз кандай? Гимнди өзгөртүү керекпи? Комментарий жазыңыз

Azamat_LIVE KG

24 Oct, 10:44


Президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна келди.

Иш-чарага келген мамлекет башчыларын Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин, өлкөлөрдүн лидерлери XVI БРИКС+ саммитинин биринчи пленардык отурумуна кеңейтилген форматта катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

Azamat_LIVE KG

24 Oct, 03:51


Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казань шаарына келди

Мамлекет башчынын борту Г.Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Татарстан Республикасынын Раиси - Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто БРИКСке мүчө-мамлекеттердин желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен кыздар Садыр Жапаров менен учурашып, улуттук сый тамактарды тартуулашты.

Эскерте кетсек, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

Azamat_LIVE KG

23 Oct, 10:28


Таластагы үрөй учурган кырсык: 31 жаштагы келин эки кызы менен көз жумду

✔️ Видеодо токтоп турган унааны катуу ылдамдыкта келе жаткан машина сүзгөнүн көрүүгө болот. Маалыматка караганда токтоп турган унаадагы 31 жаштагы келин жана 4, 6, жаштагы кыздары көз жумган. Милиция кырсык боюнча кылмыш ишин козгоп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Azamat_LIVE KG

23 Oct, 05:26


Дүйнө чемпионаты (U-23): Раззак Бейшекеев алтын медалга утту.

✔️ Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону аталды.

Azamat_LIVE KG

23 Oct, 05:16


Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында кар жаап жатат.

✔️ Транспорт министрлиги жайкы дөңгөлөк менен алыскы жолго чыкпоого чакырды.

Azamat_LIVE KG

23 Oct, 04:12


Улуттук футбол академиясы жана «Мурас Юнайтед» футбол клубунун машыгуу базасы ачылды

Azamat_LIVE KG

23 Oct, 03:55


Президент Садыр Жапаров Бишкектен алыс эмес жерде футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгуу базасын ачты

**

Президент Садыр Жапаров открыл учебно-тренировочную базу для сборных команд Кыргызстана по футболу близ Бишкека

Azamat_LIVE KG

23 Oct, 03:32


Садыр Жапаров Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясын ачты

**

Садыр Жапаров открыл Национальную футбольную академию Кыргызского футбольного союза

Azamat_LIVE KG

16 Oct, 06:41


Биз көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүдөбүз – Садыр Жапаров

ЖМКларда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун россиялык журналистке берген маеги жарыяланды. Анда батыш өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы мамиле, анын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу сөз болгон. “Кабар” агенттиги буга байланыштуу өлкө башчысына суроолорун узатып, жооп алды.

Azamat_LIVE KG

16 Oct, 05:33


Кардын айынан Бишкек — Ош унаа жолу жабылды

ЖКККББ айдоочулардан зарыл болбосо, жолго чыкпай турууну, унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну суранат.

«Учурда Бишкек — Ош унаа жолунун тоолуу аймактарында кар калың жаагандыгына байланыштуу «Чычкан», «Сосновка» көзөмөл өткөрмө жайларында унаалар кыймылына чектөөлөр киргизилди»,
— деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө.

Azamat_LIVE KG

16 Oct, 05:33


Төө-Ашууда жүздөгөн унаа тыгында турат

ӨКМ жол тыгынды жөнгө салуу иштери жүрүп жатканын билдирди. Учурда унаалар түштүк тараптан (Суусамыр тарап) түндүк жакка өткөрүлүүдө. Азырынча түндүктөн түштүккө кеткен тарабы жабык.

"Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу  аракети көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик тыгында турган айдоочуларга ысык тамак, майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилип жатканын айтты.

Транспорт министрлигинин кызматкерлери жолду тазалоодо, ал эми МАИ кызматкерлери жолдогу кыймылды көзөмөлгө алууда.

Azamat_LIVE KG

16 Oct, 05:28


Президент Садыр Жапаров алдыдагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады
-------
Президент Садыр Жапаров сделал обращение в связи с предстоящими выборами депутатов в местные кенеши

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 09:51


ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАЙБЫ ЖЕ ӨКМӨТ ОТСТАВКАГА КЕТЕБИ? ӨКМӨТ МЕНЕН ПАРЛАМЕНТТИН ТИРЕШИ.

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 09:48


КҮНДЕМИ/ЖЫЙЫНТЫК Аналитикалык программасынын толук чыгарылышы

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 09:31


ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАЙБЫ ЖЕ ӨКМӨТ ОТСТАВКАГА КЕТЕБИ? ӨКМӨТ МЕНЕН ПАРЛАМЕНТТИН ТИРЕШИ.

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 09:03


ЖЕСИР АЯЛДЫН ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ АЯЛДАМА САЛУУНУ КӨЗДӨГӨН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 08:46


Ошту жөө, Баткенди мопедде, Жалал-Абадды портерде кыдырган Камчыбек Ташиев

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 07:43


https://youtu.be/0oeH9Sni1xI?si=Nah_irw09cKHExZq

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 06:48


"Эч кимиңер шайлоого мыйзамсыз кийлигишпегиле..." - Камчыбек Ташиев жергиликтүү шайлоолор боюнча.

Баткен. 12 10 2024

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 06:15


https://youtu.be/P2XWTg5P-C0?si=o-3OGHQaClOub2d4

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 05:33


"Катуу жазаланат. Шайлоого катыша турган талапкерлер угуп алсын...Биз шайлоонун азабын көп тарттык..." - Камчыбек Ташиев

Azamat_LIVE KG

13 Oct, 04:36


https://youtu.be/kWKq4lwyrcU?si=g6SRUzX3M01yGkpy

Azamat_LIVE KG

11 Oct, 10:01


Президент Садыр Жапаров Ашхабадда түркмөн акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумда сөз сүйлөдү

****

Президент Садыр Жапаров в г. Ашхабад выступил на форуме, посвященном 300-летию со дня рождения туркменского поэта Махтумкули Фраги

Azamat_LIVE KG

11 Oct, 09:38


САДЫР ЖАПАРОВ:
Урматтуу Бишек шаарынын тургундары!

Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге?

“Тулпар” же башка карта менен төлөгөндөргө жол кире көтөрүлбөйт.

Накталай эмес төлөм аркылуу – “Тулпар” картасы, электрондук капчыктар, банк карталары аркылуу төлөм жүргүзүүдө тариф 17 сом бойдон калат.

Азыр накталай төлөм – 20 сом.
Ал эми карта мненен төлөм - 17 сом.

Накталай төлөмдөр канча түшүп жатканын эч ким билбейт. Ток этээр жерин айтканда айдоочунун чөнтөгүнө кетет.

Ошондуктан ар бир шаардык жаран карта алгыла да 17 сомдон накталай эмес төлөгүлө.

Эң жок дегенде ушундай жол менен болсо да уурулукту, коррупцияны жок кылганга жардам берсеңиздер болбойбу.

Накталай эмес төлөгөндө гана ошол акчалардын баары автобазанын эсебине келип түшөт дагы автобустарды тейлөө, оңдоо иштерине жумшалат.

Накталай төлөгөндүн дагы бир кемчилиги айдоочуга тоскоолдук жаралып жатканын өзүңүздөр деле байкап-көрүп жатасыздар.

Айдоочулар жолду карабай, жарышып, кырсыктарга кабылган учурлар да жок эмес.

Накталай төлөм алуунун айынан жол кыймылынын эрежесин дагы бузуп келишет.

Жаңы автобустардын кырсыкка учурашы, чыгымдарды гана алып келбестен, жүргүнчүлөрдүн ден соолугуна да таасир тийгизип, өмүрүнө коркунуч жаратып жатат.
Айдоочу ар нерсеге алагды болбой, сак болуп, жолду гана карашы керек.

Мэрия бул маселени чечүү үчүн накталай төлөмдү көтөрүү сунушун коомдук талкууга койду.

Чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу чексиз жол жүрүү билеттерин алса болот.

1020 сомду төлөп коюп, айына канча жолу болсо, ошончо жолу күнү-түнү дебей автобустарда жүрө берсеңиздер болот.

Мектеп окуучулары болсо айына болгону 360 сомго жол билеттерин (чексиз, лимити жок) сатып ала алышат. Шаар ичинде бир ай бою каалашынча жүрө алышат.

Пенсионерлер өз райондорундагы акимиаттардан аталган карточкаларды акысыз ала алышат. Болгону Бишкекте катталуусу болушу керек.

Кадимки “Тулпар” карталарын О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, «Кыргыз почтасы» филиалдарынан, «Тулпар» тейлөө борборлорунан, ошондой эле троллейбус менен автобустун айдоочуларынан сатып алса болот.

Ошону менен бирге, эгерде жүргүнчү накталай эмес төлөм төлөп, бир жарым саат ичинде (90 мүнөт) 2-3 жолу коомдук транспорт алмаштырса (пересадка), бир эле жолу жол кире төлөө механизми да иштелип жатат (жакын арада карточканын бул туру дагы сатыкка чыгат).

Ошондуктан тез арада карточка алгыла.

Эгер дагы деле карточкага өтпөй накталай төлөм улана берсе албетте Мэрия накталай төлөмдүн баасын айласыз көтөрөт.

Azamat_LIVE KG

11 Oct, 09:37


Садыр Жапаров: Карточка алып коюу ушунчалык оорбу силерге? Президент Бишкек шаарынын тургундары жана конокторуна кайрылды

Текст толук 👇 төмөндө

Azamat_LIVE KG

11 Oct, 08:29


Бишкекте этти өз баасында саткан аянтчалар уюштурулду.

Бишкек шаарындагы бардык азык-түлүк базарларында уй эти, майда жандыктардын жана жылкы этин арзан баада сатып алуу пунктулары уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өлкөдөгү эттин баасын турукташтыруунун алкагында жасалууда."Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун азык-түлүк базарларында жайгашкан социалдык аянтчалардан этти ортомчусуз фермерлердин баасында сатып алууга чакырат", — деп айтылат министрлик тараткан маалыматта. Өлкөдө соңку мезгилдерде эттин баасы өсүп жатканы айтылып келет.

Azamat_LIVE KG

11 Oct, 06:46


Президент Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумга катышуу үчүн Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтык жана өнүгүүнүн негизи” эл аралык форумуна катышуу үчүн келди.

Мамлекет башчысын Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

Azamat_LIVE KG

11 Oct, 06:43


Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Ашхабад шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын борту Түркмөнстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Баймырад Аннамамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.