ТИЗГИН ЖАЯР
Тааныш-тамырыбыз, дос-жарыбыз, жоро-жолдошубуз, курбу-курдашыбыз, мекендешибиз, замандашыбыз кимисине болбосун бет келишкенде, адеп көргөндө, жаңыдан таанышканда же көп убакыттан кийин жолукканда, айтор, кандай жагдай шартта болбосун көз салабыз. Сын же баа беребиз.
Сын берүү жана баалоо ким-кимибизде түрдүү багытта жана түрдүү деңгээлде өнүккөн. Кээ бирөө адамдын турган-турпатына, сырткы келбетине, кийим-кечесине, анын сапатына, баасына көз салат. Башкасы болсо киши катары антропологиялык өзгөчөлүктөрүнө, дене-мүчө түзүлүшүнө баа берет.
Чанда гана киши башканын жан дүйнөсүнө өңүп кирип, өзөгүн байкай алар, баалай алар. Арабызда мындай көрөгөч, көсөмдөр да жок эмес.
Табиятыбыздан улам, киши болуп жаралганыбыздан улам таанып-билүү, баалоо, баа берүү кадыресе көрүнүш. Антсе да азыркы моралдык баалуулуктар сын берүү, баа берүүнү башка кишинин жеке өзүнө тийиштик кылуу катары айыптап келет. Анысы да туура, анткени баалоо – басынтууга, сын берүү – сын тагууга айланып аша чаап кеткен жагдайлар да арбын.
Антсе да бир көз караш менен баа берүүдөн, сын берүүдөн улам пайда болгон түптүү түшүнүктөр бар. Бүгүнкү макаламда ушул тууралуу кеп салууну эп көрдүм.
АДЕГЕНДЕ ЭМНЕ КӨРҮНӨТ?
Албетте, алыстан караан көрүнөт. Жакындап келгенде турпаты көрүнөт. Бирибиз сөөлөтүнө, бирибиз турпатына, бирибиз сынбатына, дагы бирибиз жамалына, башкабыз ажарына назар, баам салабыз. Дит багып карагандар, ач-ток назарын билип-билбей салып койгондор да бар. Көз салабыз, керек болсо сөз салабыз. Көөнүбүзгө жакса көңүл бурабыз. Бирибиз чындап сезим менен, бирибиз көкүрөк туюм менен, башкабыз адамдык алсыздык менен, дагы бири арсыздыгы менен баа берип баштайбыз. Аны, албетте, эрксизден жасайбыз. Бирок баа берүүдө аң-сезимге, башкабыз акылга таянабыз. Ошого жараша тыянак дагы тереңинен же үстүрт болуп калмагы бар.
Кишиге болгон көз караштын түрү
КӨЗ САЛУУ. Киши каршысындагы кишиге анчейин маани берет. Бир же бир нече жолу кароо менен чектелип, бир азга ой токтотот. Жыйынтыгында кебете-кешпиринен, кийим-кече, турган-турпатына чейин үстүрт түшүнүк пайда болот.
КӨҢҮЛ БУРУУ. Киши көңүлү каршысындагы кишиге бурулуп, маани берет. Бир азга токтоп карайт. Ал тууралуу (сырткы көрүнүшү, жашы, кийими, адамдыгына, кебете-кешпирине) кеңири ой токтотуп, кадыресе шашпай баам салат. Кийим-кечеси, бет түзүлүшү, сүйлөсө сөзүнө чейин маани берип, ал киши тууралуу ой жоруп өзүнчө "мындай киши экен" деп тыянак чыгарат.
НАЗАР САЛУУ. Каршысындагы кишиге ашкере көңүл буруу, мээримин салуу. Назар салуу үчүн ал кишиге карата терс ой, ач көздүк болбошу керек. Агер андай боло турган болсо, назар – ач назарга айланып, назар өтүп, назар салынган киши жүк басып, ооруп калган да жагдайлар бар. Дегинкиси назар салууда каршысындагы кишинин дилине, ички дүйнөсүнө баам салынып, анын жакшы мүнөз-сапатына ийип, жакшы көрөт.
Тизгин жыяр
Эски кыргыз уламыштарында "Биз канатчан жаралганбыз, бирок жараткандын каарына калып канатыбызды кыркып койгон. Антсе да, жараткандын кең пейилдиги ай, анда-санда канатчандар жаралып калат" деген сөз айтылып калган.
Түбүндө же башатында баарыбыз жогорку аң-сезимдүү, асыл жаралсак керек. Ошондуктан кишинин кийимине эмес, дилине, касиетине, ички дараметине көңүл буруп, баа берип, жөлөмө күчүнө жүгүнүп, кишини барктап жашаган доорлор өткөн. Эми болсо капчыгына карап баа берип, сый кийимине карап мамиле кылып, кызматына карап ийилип калган доор бар. Арабызда анда-санда бир жаралып калган канатчан асылдар ак жарыгын чача берсин.
Кишини бааласын, басынтпасын, сын берсин, сын такпасын!
Турпаты сымбатына жарашкан, чырайына чыгып ажары ачылган, сүрү менен сөөлөтү бар жаңы кыргыздар көбөйсүн!
Сынды туура берип, кишини туура баамдап, баалап, тирүүлүктө сыйлашкан жашоо болсун!