Kyrgyz Football Union @kfu_kg Channel on Telegram

Kyrgyz Football Union

@kfu_kg


Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы 🇰🇬

Kyrgyz Football Union (Kyrgyz)

Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы 🇰🇬 Кыргыз футбол бириминын ресми телеграм-каналына каршы келиңиз! Бул канал арқылы сиз футболдун Кыргызстанда жүргүзүлгөн аракеттери, дайынчылары менен таныша аласыз. Кыргыз футбол биримиге камсыз жолугучтар менен байланыша алыңыз жана бардык маалыматтарды жакшы алыңыз. Бүгүн Кыргызстан футболунун шакырылуу уюшмасынын үндүсүн төмөндүгү телеграм-каналдын абоненти болуңуз!

Kyrgyz Football Union

12 Feb, 15:18


ЖАЛАЛ-АБАДДА КФБНЫН "D" СЕРТИФИКАТЫ БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУЛАР КУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

6-8-февраль күндөрү Жалал-Абад шаарында КФБнын "D" сертификаты боюнча машыктыруучулук курсу өтүп, ал балдар футболу боюнча жаңы адистерди даярдоого багытталды.

Бул окууга машыктыруучулук карьерасын баштоону каалаган 26 адам катышып, теориялык жана практикалык сабактарда жигердүүлүгүн көрсөтүштү.

Курстун башкы инструктору катары КФБнын өкүлү Березовский Валерий Юрьевич дайындалды. Ал жаштар жана чоңдор футболу боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар адис.

В ДЖАЛАЛ-АБАДЕ ПРОШЕЛ КУРСЫ ТРЕНЕРОВ НА СЕРТИФИКАТ "D"

С 6 по 8 февраля в Джалал-Абаде состоялся тренерский курс на получение сертификата "D" КФБ, направленный на подготовку новых специалистов по детскому футболу.

В обучении приняли участие 26 человек, решивших начать тренерскую карьеру.

Участники проявили активность как на теоретических, так и на практических занятиях.

Главным инструктором курса выступил представитель КФБ Валерий Юрьевич Березовский — опытный тренер детско-юношеского и взрослого футбола.

Kyrgyz Football Union

12 Feb, 12:03


АНТОНИО МЕСА – U-17 КЫЗДАР КУРАМАСЫНЫН БАШКЫ МАШЫКТЫРУУЧУСУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Эл аралык тажрыйбага ээ, испаниялык машыктыруучу Антонио Меса 17 жашка чейинки кыздар курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.

КФБнын кеңсесинде Антонио Меса менен биринчи вице-президент Нурдин Букуевдин ортосунда келишимге кол коюу аземи болуп өттү.

Жолугушууга Кыргызстандын Айымдар футбол ассоциациясынын президенти Эгембердиева Салтанат да катышты.

Машыктыруучу жөнүндө:
• Антонио Меса
• Испания, 32 жашта (1992-жылдын 31-июлунда төрөлгөн)
• Түрдүү өлкөлөрдө иш тажрыйбасы бар: Испания, Кытай, Бахрейн, Сауд Аравиясы

АНТОНИО МЕСА – НОВЫЙ ГЛАВНЫЙ ТРЕНЕР ЖЕНСКОЙ ЮНИОРСКОЙ НАЦИОНАЛЬНОЙ СБОРНОЙ U-17

Испанский тренер Антонио Меса, обладающий международным опытом работы, назначен новым главным тренером женской национальной сборной до 17 лет.
В офисе КФС состоялось подписание контракта между Антонио Месой и первым вице-президентом Нурдином Букуевым. На встрече также присутствовала президент Ассоциации женского футбола КР Эгембердиева Салтанат.

О тренере:
• Антонио Меса
• Испания, 32 года (род. 31 июля 1992 года)
• Опыт работы в различных странах: Испания, Китай, Бахрейн, Саудовская Аравия

Kyrgyz Football Union

07 Feb, 15:39


КПФЛ ОЮН КОМИССАРЛАРЫ ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮҮДӨ

Бүгүн, 7-февралда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасынын жаңы комиссарлары жана координаторлору үчүн семинар старт алды. Окуунун ачылыш аземине КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков катышып, комиссарлардын беттешти бардык регламент жана эрежелерди даярдоодо чоң милдеттенме жүктөлгөндүгүн белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Семинардын биринчи күнүндө комиссарлар менен координаторлор Премьер-Лиганын беттештерин уюштуруунун талаптары жана заманбап ыкмалары менен таанышып, оюн процессин техникалык жактан камсыздоого байланышкан суроолорду карап чыгышты. Семинардын башкы лекторунун милдетин ФИФА жана АФК комиссары Кемел Токобаев аткарууда.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара футбол адистеринин санын жана сапатын жогорулатууга, өз-ара тажрыйба алмашууга багытталган. Мунун баары күтүлүп жаткан сезондо мелдештерди уюштуруунун сапатын жакшыртууга көмөктөшмөкчү.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

07 Feb, 10:53


🇰🇬КЫРГЫЗСТАНДЫН ФУТБОЛ БОЮНЧА ЖАШТАР КУРАМАСЫ АЗИЯ КУБОГУНА КАТЫШАТ

Кыргызстандын U-20 жаштар футбол курамасы 12-февралдан 1-мартка чейин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына катышат.
Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшөт.
Кыргызстандын курамасы биринчи оюнун 12-февралда Австралиянын жаштар курамасына каршы өткөрөт, андан соң 15-февралда турнирдин кожоюндары – Кытай курамасы менен ойнойт, ал эми топтук баскычты 18-февралда Катардын жаштар курамасы менен болгон оюн менен жыйынтыктайт.

Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпиондук 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.
Азия Кубогунун бетттештери «Этномедиа» онлайн-кинотеатры түз алып берет.

**********************
🇰🇬МОЛОДЕЖНАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА ПО ФУТБОЛУ ПРИМЕТ УЧАСТИЕ В КУБКЕ АЗИИ В КИТАЕ

Молодежная сборная U-20 Кыргызстана примет участие в отборочных играх Кубка Азии, который пройдет с 12 февраля по 1 марта 2025 в городе Шэньчжэнь (Китай).
Всего в финальной стадии азиатского первенства участвуют 16 команд разделенные на четыре группы. Молодежная сборная Кыргызстана вступит в борьбу за выход из группы «А» со сборными Китая, Австралии, и Катара.

Первый матч сборная Кыргызстана проведет 12 февраля против сборной Австралии, затем 15 февраля против хозяев турнира – сборной Китая, а завершит групповой этап 18 февраля игрой против молодежной сборной Катара.

Согласно регламенту, лучшие 2 команд в группах пройдут в стадию плей-офф, состоящую из четвертьфинала, полуфинала и финального матча.
Отметим, что полуфиналисты Кубка Азии получат путевку на Чемпионат мира по футболу среди молодежных команд U-20, которая пройдет в Чили в сентябре 2025 года.

Трансляция матчей Кубка Азии 2025 будет осуществляться через онлайн-кинотеатр «Этномедиа».

Kyrgyz Football Union

05 Feb, 11:35


КФБ ӨКҮЛДӨРҮ ФИФАНЫН ПРОГРАММАСЫН ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАШТЫ

Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөсү Асылбек Кадралиев жана «Спорт Маркетинг» ЖЧКнын башкы директору Эмиль Кутманов ФИФАнын Executive Programme билим берүү долбооруна катышып, улуттук ассоциациянын каржылык туруктуулугун жакшыртууга багытталган киреше жаратуу планын сунуштап, ийгиликтүү аякташты.

Алар өз долбоорлорунда ассоциациянын каржылык абалын жакшыртуу үчүн стратегия түзүп, учурдагы киреше агымдарын талдоо, өсүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана Ассоциациянын кирешелерин жогорулатуу үчүн конкреттүү сунуштар даярдашты. Иштин жүрүшүндө алар өнөктөштүк келишимдер, билет сатуу, медиа укуктары жана башка коммерциялык активдерди изилдеп, ошондой эле вебсайттар жана социалдык медиа сыяктуу маркетинг платформаларынын натыйжалуулугун баалашты.

Долбоордун ийгиликтүү аякташынын натыйжасында, Асылбек Кадралиев жана Эмиль Кутманов ФИФА тарабынан өздөрүнүн жетишкендиги үчүн сертификаттар менен сыйланышты. Сертификаттарды өз ээлерине КФБ Биринчи-Президенти Нурдин Букуев тапшырды.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

05 Feb, 09:53


КУТМАН КУРАК КУТ БОЛСУН, АСКАР МААТКАБЫЛОВИЧ!

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөсү жана «Дордой» футбол клубунун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабылович өздүк майрамын белгилеп жатат.

Урматтуу Аскар Мааткабылович, Кыргыз футбол биримдиги жана ата-мекендик футбол коомчулугунун атынан Сизди 70 жаш мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Сиздин өмүр жолуңуз — футболго болгон чексиз сүйүү, кесипкөйлүктүн жана ишенимдин үлгүсү. Кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымыңыз баа жеткис жана кыргыз футбол тарыхында өз ордун табат.

Сизге чың ден соолук, бакубат турмуш, кажыбас кайрат жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

04 Feb, 14:16


📚 ФУТЗАЛ БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУЛУК КУРСКА КАБЫЛ АЛУУ УЛАНУУДА

23-февралдан 28-февралга чейин Бишкекте өтө турган АФКнын Футзал боюнча машыктыруучулук сертификатынын 1-деңгээлдеги категориясы боюнча даярдоо курсуна кабыл алуу уланууда.

✔️ Бул курстун инструкторлору жергиликтүү адистер Николай Шамонин жана Эркин Жунушалиев болушат.

Заявканы берүү үчүн шилтемедеги онлайн форманы толтуруу керек 🔗

Кененирээк маалымат: +996 552 203 525 (Нурсултан Усенов, КФБ техникалык бөлүмүнүн адиси)

-

📚 ПРОДОЛЖАЕТСЯ НАБОР НА КУРСЫ ТРЕНЕРОВ ПО ФУТЗАЛУ

Продолжается набор на курсы по обучению тренеров категории «AFC Futsal Coaching Certificate Course Level 1». Курсы пройдут с 23 по 28 февраля в Бишкеке.

✔️ Инструкторами данного курса выступят отечественные специалисты Шамонин Николай и Джунушалиев Эркин.

Для подачи заявки нужно заполнить онлайн форму по ссылке 🔗

Подробнее по номеру: +996 552 203 525 (Специалист Технического отдела КФС).

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

04 Feb, 08:48


КФБ КАЛЫСТАРЫ ТҮРКИЯДАГЫ ОКУУ-МАШЫГУУ ЖЫЙЫНЫНА АТТАНУУДА

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков 5-20-февраль күндөрү окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү максатында Түркиянын Анталья шаарына кете турган КФБнын калыстары менен жолукту.

КФБ тарабынан уюштурулган жыйындын программасы теориялык жана практикалык жана физикалык даярдыкты камтымакчы. Мындан сырткары атайын жолдоштук беттештерде VAR системасын колдонуу аркылуу калыстык кылышат.

Белгилей кетсек, жыйынга жалпы 47 калыс менкн калыс жардамчылары жана 8 инструктор катышат. Бул жыйындын максаты эл аралык тажрыйбага ээ болуу жана КФБ калыстарынын кесипкөйлүгүн арттырып, келээрки сезонго даярдык көрүү.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

27 Jan, 07:45


КФБ ПРЕЗИДЕНТИ «БАРСЕЛОНА» ФУТБОЛ КЛУБУНУН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

26-январь күнү Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев Испанияга болгон иш сапарынын алкагында, «Барселона» футбол клубунун Президенти Жоан Лапорта менен жолукту. Аталган эки футбол уюмунун жетекчилери, алар менен кошо Кыргызстандын жаштар курамасынын оюнчулары жана машыктыруучулук штабдын өкүлдөрү менен биргеликте «Барселона» - «Валенсия» беттешине да күбө болушту.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташтык боюнча бир нече маселелер талкууланды. Тараптар «Ла Масия» академиясына Кыргызстандан таланттуу оюнчуларды кабыл алуу, машыктыруучуларды даярдоо боюнча консультацияларды уюштуруу, футбол фунцкионерлери үчүн семинарларды өткөрүү, ошондой эле биргелешкен ишмердүүлүктүн башка маселелерин карашты. Белгилесек, «Ла Масия» «Барселона» академиясынын дүйнөгө белгилүү эң мыкты академиясы болуп, көптөгөн футбол жылдыздарын жандырды.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы «Барселона» футбол клубунун жаштар курамы менен беттешет. Оюн академиянын оюн тааласында орун алып, биздин кураманын Азия Кубогуна болгон даярдыгынын алкагында өтөт. Аталган оюнга КФБ жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы күбө болот.

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

27 Jan, 07:32


КФБНЫН МАРКЕТИНГ КОМИТЕТИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Кыргыз Футбол Биримдигинин Маркетинг комитетинин жыйыны өтүп, 2025-жылга карата футбол долбоорлорунун даярдыгын жана өнүгүшүн талкуулоо маселелери каралды.

Жыйынга КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков, маркетинг комитетинин төрагасынын орун басары Чо Максим, комитеттин мүчөсү Ильгиз Садыралиев, КПФЛдин директору Канат Асенов (онлайн катышуу), «Спорт Маркетинг» компаниясынын башкы директору Эмил Кутманов, маркетинг адиси Нурсултан Алиев жана КФБтин басма сөз катчысы Жибек Кубанычбек кызы.

Жыйында 2025-жылга карата футбол долбоорлорунун даярдыгы боюнча маселелер, анын ичинде КФБнын коммерциялык укуктарын ишке ашырган «Спорт Маркетинг» компаниясынын 2024-жылга карата отчёту, 2025-жылга бюджет жана иш-чаралар планы каралды. Ошондой эле, 2025-жылга карата бюджеттин жана иш-чаралар планынын долбоору талкууланып, Аткаруу комитети үчүн бекитүүгө сунушталды. Бул планда жаңы футбол долбоорлорун өнүктүрүүгө жана футбол брендинин өлкөдөгы аброюн бекемдөөгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

КПФЛдин директору Канат Асеновдун сөзүндө, Улуттук Лига жана Кыргыз Республикасынын Кубогу үчүн коммерциялык регламенттери, ошондой эле жаңы оюн сезонго карата экипировканын регламенти сунушталды.

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

27 Jan, 05:15


2025-ЖЫЛКЫ ФУТБОЛДУК СЕЗОНГО ДАЯРДЫКТАР: ИНСПЕКТОРЛОР ЖАНА ИНСТРУКТОРЛОРДУН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) кеңсесинде инспекторлор жана инструкторлордун жыл эсебинен алгачкы жыйыны өттү. Жыйында инспекторлор менен инструкторлорду 2025-жылга даярдоо пландары талкууланды. Айрыкча, алдыдагы сезонго пландалган билим берүү иш-чараларынын программасы, анын ичинде семинарлар жана кеңешмелер каралды.

Негизги темалардын бири катары Премьер-лига оюндарында видео жардамчы калыстар (VAR) системасын киргизүү маселеси болду. Катышуучулар VAR боюнча инспекторлорду окутууну жана жаңы технологияларды эске алуу менен калыстардын ишин баалоо механизмин кенен талкуулашты.

Талкуу учурунда инспекторлордун рапортторун толтурууну жакшыртуу, оюн алдындагы жыйындарды өткөрүү жана алардын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча маселелер көтөрүлдү. Бардык сунуштар жана сын-пикирлер иштин сапатын жогорулатуу үчүн эске алынат.

Бул жыйын чемпионат башталганга чейин пландалган үч жолугушуунун биринчиси болду. Ошондой эле катышуучулар алдыдагы иштерди натыйжалуу жүргүзүү үчүн калыстар бөлүмүнө каалоолорун жана сунуштарын билдиришти.

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

27 Jan, 05:09


КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЛЫС ВЕРОНИКА БЕРНАЦКАЯ AFC VIDEO MATCH OFFICIAL 2025 СЕМИНАРЫНА КАТЫШТЫ

Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясы (АФК) уюштурган беш күндүк AFC Video Match Official Selection 2025 семинары жыйынтыкталды. Кыргызстан тараптан бул маанилүү иш-чарага ата мекендик калыс Вероника Бернацкая катышып, кыргыз футбол калыстыгынын эл аралык аренадагы ордун чыңдоону улантууда.

Семинарга жалпы 34 катышуучу, анын ичинде ФИФАнын Эл аралык тизмесине жаңыдан кирген 17 видеоматчтын расмий өкүлү катышты. Айрыкча, аял-калыстардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулуп, бул 2026-жылы өтө турган аялдар арасындагы Азия Кубогунда бардык 25 оюнда VAR технологиясын колдонуунун алдында маанилүү кадам болду.

Семинардын программасы оюн эрежелерин билүүнү текшерүү, видеотесттер, ошондой эле теориялык жана практикалык сабактарды камтыды. Катышуучулар VAR симуляторлору менен иштеп, оюн эпизоддорун анализдеп, контролдонуучу шарттарда окуяларды башкарууну үйрөнүштү. Курстун маанилүү бөлүгү катары 90 мүнөттүк толук оюндар өткөрүлүп, мобилдик VAR системасы колдонулуп, реалдуу убакытта чечим кабыл алуу көндүмдөрү бекемделди.

Семинардын акыркы күнү интерактивдүү сессия форматында өтүп, катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү ассоциациялар VAR-системасын колдонууда пайда болгон көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

26 Jan, 15:42


Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев Испаниянын Барселона шаарына келип, Кыргызстандын U-20 жаштар курамасынын «Барселона» футбол клубунун жаштар курамына каршы беттешке болгон даярдыгын текшерди.

Эртеңки испандык клубдун жаш курамына болгон оюнга КФБ жетекчиси дагы күбө болот.

КФБ жетекчилигинин колдоосу оюнчулар үчүн мотивациянын маанилүү булагы болуп саналат жана алардын жеңишке болгон умтулуусун күчөтөт. Алдыдагы оюн футболчуларыбыздын Азия Кубогуна болгон даярдыгынынын маанилүү баскычы болот деп ишенебиз. Курамабыздын эртеңки оюнуна жана кийинки даярдыгына ийгилик каалайбыз! 🇰🇬

-

Президент Кыргызского футбольного союза Камчыбек Ташиев прибыл в Барселону, чтобы лично поддержать молодежную сборную Кыргызстана U-20 перед предстоящим матчем с молодежным составом ФК «Барселона».

Завтрашнюю игру нашей сборной против воспитанников «Барселоны» также посетит глава КФС.

Поддержка со стороны руководства КФС является важным источником мотивации для игроков и укрепляет их стремление к победе. Уверены, что предстоящая игра станет значимым этапом подготовки наших игроков к Кубку Азии. Желаем нашей сборной успехов и яркой игры! 🇰🇬

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

17 Jan, 08:39


ФУТЗАЛ КАЛЫСТАРЫНА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

14-16-январь күндөрү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде футзал боюнча калыстар жана инспекторлор үчүн семинар өтүлдү.

Семинардын алкагында футзалдагы эрежелерде өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча, андан тышкары оюнга анализ жүргүзүү жана оюнду талдоо боюнча сабактар өтүлдү.

Окутууну КФБнын Биринчи Вице-Президенти, футзал боюнча ата-мекендик экс-калыс Нурдин Букуев өткөрдү.

3 күнгө созулган семинарга жалпы 30 калыс жана инспекторлор катышты.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

16 Jan, 03:57


2025-ЖЫЛКЫ U-20 АЗИЯ КУБОГУ: ТУРНИР ТУУРАЛУУ КЕНЕНИРЭЭК

12-февраль-1 март күндөрү Кытайдын Шеньчжэнь шаарында жаштар арасында U-20 Азия Кубогу орун алат. Аталган мелдешке Кыргызстандын курамасы 2024-жылдын сентябрь айында жолдомо алган.

Бул финалдык баскыч биздин жаштар курамабыз үчүнчү ирээт ойнойт. Буга чейин, Кыргызстандын курамасы 2006, 2023-жылдары Азия биринчилигинин финалдык баскычына катышкан.

2025-жылкы Азия Кубогуна 4 тайпага бөлүнгөн 16 курама катышып, турнир тайпалык баскычтан, чейрек жана жарым финалдык оюндардан жана финалдан турат.

Тайпалардын курамы төмөндөгүдөй ✔️

«А» тайпасы 🔻
Кытай
Австралия
Кыргызстан
Катар

«B» тайпасы 🔻
Ирак
Иордания
Сауд Арабиясы
Түндүк Корея

«С» тайпасы 🔻
Өзбекстан
Иран
Индонезия
Йемен

«D» тайпасы 🔻
Жапония
Корея Республикасы
Сирия
Таиланд

Аталган турнирди Шеньчжэнь шаарынын 4 стадиону кабыл алат: «Боан» спорттук борборунун стадиону, «Шеньчжэнь» машыгуу спорттук борборунун стадиону менен бир оюн талаасы жана «Лонгуа» спорттук борборунун стадиону.

Турнир алкагында жарым финалга чыккан төрт команда 27 сентябрдан 19 октябрга чейин Чилиде өтө турган 2025-жылкы жаштар арасындагы Дүйнө Чемпионатына катышат.

Азия Кубогунун оюндарынын толук жүгүртмөсү өйдөдө тиркелген.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

16 Jan, 03:27


✔️ Биринчи оюн күнүнөн кийинки турнирдик жадыбал

#kyrgyzkurama #futsal_kgz

Kyrgyz Football Union

15 Jan, 04:38


ФУТЗАЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КЫЗ-КЕЛИНДЕР КУРАМАСЫ АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДАП АЛУУ ЭТАБЫНДА СТАРТ АЛАТ

Бүгүн, 15-январда Джокьякартада (Индонезия) футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы 2025-жылдагы Азия Кубогунун тандап алуу этабынын «В» тайпасынын беттештери башталат.

Биздин курама команданын биринчи атаандашы турнир кожоюндары - Индонезия командасы болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Эске салсак, Кыргызстан курама командасы «В» тайпасында Индонезия, Гонконг жана Индия командалары менен бирге орун алган.

Тандоо этабына жалпысынан 19 команда катышат.

✔️ А тайпасы: Таиланд (H), Ливан, Бахрейн, Палестина, Ирак
✔️ В тайпасы: Индонезия (H), Гонконг, Индия, Кыргызстан 🇰🇬
✔️ С тайпасы: Өзбекстан, Түркмөнстан, Австралия, Филиппин, Кувейт
✔️ D тайпасы: Вьетнам, Кытай Тайбэйи, Макао, Мьянма (H)

Андан ары финалдык баскычка тайпаларда биринчи жана экинчи орунду ээлеген тогуз команда жана үчүнчү орунду ээлеген эң мыкты бир команда чыгат. Ошондой эле Кытай, 2018-жылдагы Азия Кубогунун финалисттери болгон Иран жана Япония түз кошулат.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2025-жылдын май айында Кытайда өтөт.

Финалдык турнирдин жыйынтыгы боюнча алдыңкы үч команда 2025-жылдын ноябрь-декабрь айларында Филиппиндерде өтө турган биринчи Дүйнө Кубогуна жолдомо алат.

Беттештин түз алып берүүсү төмөндөгү шилтеме аркылуу жеткиликтүү болот.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

14 Jan, 14:29


✔️ФУТЗАЛ БОЮНЧА U-19 КУРАМА КАЗАКСТАНГА КАРШЫ ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШТЕРДИ ӨТКӨРӨТ

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын футзал боюнча U-19 (2006-2007ж.т.) курамасы Руслан Гафуровдун жетекчилиги алдында Казакстан курамасы менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Оюндар 24 жана 25-январь күндөрү Казакстандын Туркестан шаарынын Олимпиада борборунда орун алат.

Оюнчулардын тизмеси жана түз алыр берүү жөнүндө маалымат кошумча жарыяланат.

-

✔️СБОРНАЯ U-19 ПО ФУТЗАЛУ СЫГРАЕТ ТОВАРИЩЕСКИЕ ИГРЫ С КОМАНДОЙ КАЗАХСТАНА

🇰🇬 Сборная Кыргызской Республики по футзалу U-19 (2006-2007г.р.) под руководством Руслана Гафурова проведет товарищеские матчи со сверстниками из Казахстана.

Матчи пройдут 24 и 25 января в Олимпийском центре в Туркестане.

Подробнее о составе и трансляции игр будет сообщено дополнительно.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

11 Jan, 13:11


КУРСТАРГА КАБЫЛ АЛУУ 📚

2025-жылы өтө турган АФК жана КФС машыктыруучулук курстарынын жана семинарларынын графиги 👆🏻

Курстарга жана семинарларга катталуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу өтсөңүз болот 🔗

-

НАБОР НА КУРСЫ 📚

График курсов и семинаров КФС и АФК на 2025 год 👆🏻

Регистрация на курсы и семинары доступна по ссылке 🔗

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

09 Jan, 17:45


КФБ ПРЕЗИДЕНТИ КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАШТАР КУРАМАСЫНЫН ОКУУ-МАШЫГУУ ЖЫЙЫНЫНА БАШ БАКТЫ

Бүгүн, 9-январда Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасы Испаниянын Аликанте шаарында өтүп жаткан окуу машыгуу жыйыны алкагындагы алгачкы контролдук беттешин өткөрдү.

Оюн испандык «Картахена» клубуна каршы өттү. Аталган беттешке Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев күбө болуп, ал курама командабыздын 5-0 ири эсеп санындагы жеңиши менен аяктады. Оюндан соң КФБ жетекчиси футболчуларды жеңиши менен куттуктап, жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги алдында команданын Азия Кубогуна болгон даярдыгы мыкты экендигин белгиледи.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

09 Jan, 14:52


КФБ «КЫРГЫЗАЛТЫН» ФУТБОЛ КЛУБУНУН ӨКҮЛДӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн, 9-январда Кыргыз футбол биримдиги «Кыргызалтын» клубунун өкүлдөрүнө тааныштыруу жолугушуусун өткөрдү. Иш-чаранын алкагында клубдун жетекчилери жана кызматкерлери КФБ академиясынын инфраструктурасы менен: мейманкана комплекси, спорт комплекси, машыгуу залы жана футбол талааларынын жана КФБнын административдик кеңсесин көрүп чыгышты.

Ошондой эле, Кыргыз футбол биримдигинин карамагында иш алып барган профессионалдык футбол лигасы, балдар жана кыз-келиндер лигалары, футзал ассоциациясы, КФБнын Техникалык, Калыстар, Мелдештер, Юридикалык жана Каржылык департаменттер сыяктуу профилдик бөлүмдөрү менен жолугушуулар болуп өттү. Катышуучулар өз суроолорун берип, толук жоопторду алышып, мындан аркы биргелешкен ишмердүүлүктү талкуулашты.

Иш-чара учурунда КФБнын Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев конокторду жылуу кабыл алып, мындай жолугушуулардын кызматташтыкты чыңдоодо чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле, Кыргыз футбол биримдиги профессионалдык футболду өнүктүрүүдө өзгөчө активдүү иш алып баргандыгын белгиледи.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

31 Dec, 05:23


🥳 ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Кыргыз футбол биримдиги кирип келе жаткан 2025-жыл менен ар бириңиздерди куттуктайт!

Жыл ичинде күйөрман, өнөктөш, футбол үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары биз менен болгонуңуздар үчүн ырахмат! Футбол менен бирге, биримдикте жана ынтымакта бололу!

Жаңы жылда жалаң жакшылык жылоолоп, алдыга койгон ой-максаттар орундалышына тилектешпиз! Келе жаткан жыл ар тараптуу ийгиликтерге жана жетишкендиктерге бай болуп, жаңы жеңиштер менен коштолсун!

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

30 Dec, 15:56


♥️ Биздин өнөктөштөрдүн жардамы менен бул жыл унутулгус көз ирмемдерге, жаңы жетишкендиктерге жана жеңиштерге бай болду!

Биздин кызматташтыгыбыз дагы да бекемдей беришине жана үзүрлүү болушуна тилектешпиз! Колдооңуздар үчүн ырахмат!

Бирге Алга!

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

30 Dec, 13:20


АТА-МЕКЕНДИК КАЛЫСТАР КОРПУСУ ЖЫЛДЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ

Бүгүн, 30-декабрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде ата-мекендик калыстар жана инспекторлор корпуснун жыйыны орун алды. Чогулуш жыл жыйынтыгына арналып, түштүк аймактардын калыс жана инспекторлору ага онлайн форматта катышты.

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков өз сөзүндө, 2024-жыл калыстык үчүн жетишкендиктерге бай болгондугун айтып, анын ичинде Кыргызстанга алгачкы жолу VAR-калыстарга видео жардам системасы ишке киргендигин, калыс жана калыс жардамчылары окуулардан кийин VAR - системасы менен иштөөгө лицензияларга ээ болгондугун жана бир катар адистердин эл аралык мелдештерге дайындалгандыгын белгиледи.

КФБнын планы боюнча келеерки 2025-жылы 14 клубдун катышуусунда өтө турган Кыргыз Республикасынын чемпионатынын беттештеринин жарымынан көбү VAR-системасынын колдонулушу менен өтөт.

Аталган жыйындын аягында бардык калыстардын балдары үчүн жаңы жылдык белектер тапшырылды.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

30 Dec, 09:18


КФБ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ФУТБОЛ АРДАГЕРЛЕРИН КУТТУКТАДЫ

Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБнын жетекчилиги көптөгөн жылдар аралыгында кыргыз футболуна салым кошкон ардагерлерди келе жаткан 2025-Жаңы жылы менен куттуктады.

КБФнын Вице-президенти Дастан Конокбаев, Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиевдин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, 2024-жыл ийгиликтүү жыл болгонун, көптөгөн жаңы инфратүзүм обьекттери курулуп жана жаңыланып, жеңишке бай жылдардан болгонун белгиледи. Ошондой эле, ардагерлердин бул ийгиликтердин түптөлүшүнө салымы чоң экенин айтып, мындан ары да кеп-кеңештери менен бөлүшүп тураарына ишенеээрин билдирди.

Ардергерлер өз кезегинде ыраазычылык билдиришип, учурда болуп жаткан өзгөрүүлөргө абдан кубанышаарын жана убагында бул күндөрдү күтүшкөнүн айтышты. Ардагерлерге белектерди КФБ Вице-президенти Дастанбек Конокбаев жана башкы катчысы Медербек Сыдыков тапшырышты.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

23 Nov, 15:21


Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин футболдук оюн талааларынын ачылыш аземинен Кыргыз Спорт ТВ каналынын репортажы 🎥

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

22 Nov, 16:23


Республикалык спорттук колледждин футболдук оюн талааларынын ачылыш аземи 🎥

#kfu_kgz

Kyrgyz Football Union

22 Nov, 15:08


КЫРГЫЗСТАНДЫН U-15 КЫЗ-КЕЛИНДЕР КУРАМАСЫ ӨЗБЕКСТАНГА КАРШЫ ОЙНОЙТ

Кыргызстандын U-15 кыздар курамасы Өзбекстанга каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Оюндар 26 жана 28-ноябрь күндөрү Ташкенттин «Чагатай» футболдук базасында орун алат.

Аталган беттештерге даярдык көрүү максатында башкы машыктыруучу Ногоев Азаматтын жетекчилигиндеги курама 18-ноябрдан тарта КФБнын футбол академиясынын базасында машыгууларды өткөзүүдө.

Бул окуу-машыгуу жыйын жана беттештер менен командабыз келерки жылдын 26-апрелден 4-майга чейин орун ала турган U-17 Азия Кубогунун тандоо оюндарынын биринчи раундуна даярдык көрүүдө.

-

ЖЕНСКАЯ ЮНИОРСКАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА СЫГРАЕТ ПРОТИВ УЗБЕКИСТАНА

Женская юниорская сборная U-15 Кыргызстана сыграет два товарищеских матча против сборной Узбекистана. Встречи пройдут 26 и 28 ноября на футбольной базе «Чигатай» города Ташкент.

Для подготовки к этим матчам наша сборная под руководством Азамата Ногоева проводит учебно-тренировочный сбор, который начался 18 ноября на территории Национальной академии футбола КФС.

Данный сбор, а также проведение товарищеских игр запланированы в целях подготовки сборной к успешному выступлению в 1 раунде Отборочных игр Кубка Азии U-17 2025, который пройдет в период с 26 апреля по 4 мая 2025 года.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

22 Nov, 12:01


КФБНЫН ТЕХНИКАЛЫК АДИСТЕРИ ЖАПОНИЯ ФУТБОЛ АССОЦИАЦИЯСЫНДА БОЛДУ

17-21-ноябрь күндөрү Кыргыз футбол биримдигинин техникалык директору Анарбек Ормомбеков жана КФБнын техникалык бөлүмүнүн адиси Азамат Асанбеков иш сапары менен Жапониянын футбол ассоциациясына (JFA) барышты.

Сапардын жүрүшүндө делегация Жапониянын футболдук инфратүзүмүнүн негизги объектилерине, анын ичинде Жапония футбол ассоциациясынын техникалык борборуна, ошондой эле Фукусимадагы «Юме» оюн талаасына (Чиба), «Ж-Виледж» (Фукусима) жана JFA академиясынын машыгуу комплекстерине баш багышты.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын адистери Канто аймагындагы 15 жашка чейинки командалар арасындагы Жапониянын аймактык кубогунун финалдык оюндарына да көз салышты.

Иш сапардын жүрүшүндө JFAнын машыктыруучулук билим берүү боюнча директору Кимура Ясухико, JFA жаштар командасынын машыктыруучусу Мотояши Такеши жана JFAнын техникалык директору Кагеяма Масенага сыяктуу жапон футболунун алдыңкы адистери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Ошондой эле JFA футбол боюнча эркектер арасындагы академиясынын машыктыруучусу Йошида Ясуши жана JFA кыз-келиндер академиясынын директору Ямагучи Такафуми менен сүйлөшүүлөр болду.

КФБнын делегациясы ошондой эле Жапониянын эркектер жана кыз-келиндер курама командаларынын машыгууларына байкоо жүргүзүп, машыктыруучу жана административдик курамы менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Иш сапардын соңунда кыргызстандык адистер JFAнын техникалык кызматкерлерине жана Япониянын футбол ассоциациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнө презентацияларды жасашты.

Иш сапардын негизги максаты - тажрыйба алмашуу жана кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатуу болду. Бул кесиптик байланыштарды чындоодо жана техникалык тармактагы менеджментти жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.

-

ТЕХНИЧЕСКИЕ СПЕЦИАЛИСТЫ КФС ПОСЕТИЛИ ЯПОНСКУЮ ФУТБОЛЬНУЮ АССОЦИАЦИЮ

С 17 по 21 ноября технический директор Кыргызского футбольного союза Анарбек Ормомбеков и специалист технического отдела КФС Азамат Асанбеков посетили Японскую ассоциацию футбола (JFA) с рабочим визитом. В ходе поездки делегация ознакомилась с ключевыми объектами японской футбольной инфраструктуры, включая Технический центр Японской футбольной ассоциации, а также тренировочными комплексами «Юме» (Чиба), «Ж-Виледж» (Фукусима) и академией JFA в Фукусиме.

Кроме того, специалисты из Кыргызстана наблюдали за финальными играми регионального Кубка Японии среди команд U-15 в регионе Канто.

В рамках визита состоялись встречи с ведущими специалистами японского футбола, включая Директора по тренерскому образованию JFA Кимуру Ясухико, тренера молодежных сборных JFA Мотояши Такеши, а также Технического директора JFA Кагеяму Масенагу. Также прошли беседы с тренером мужской академии JFA Йошидой Ясуши и директором женской академии JFA Ямагучи Такафуми.

Делегация КФС также наблюдала за тренировочными сессиями как мужских, так и женских сборных команд Японии, а также провела ряд встреч с тренерским и административным штабом. В заключение визита кыргызстанские специалисты представили презентации для технического персонала JFA и отдела международных отношений Японской футбольной ассоциации.

Основной целью визита стал обмен опытом и повышение квалификации кыргызстанских специалистов, что является важным шагом в укреплении профессиональных связей и улучшении менеджмента в технической области.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

22 Nov, 10:42


КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ РЕСПУБЛИКАЛЫК СПОРТТУК КОЛЛЕДЖДИН ЖАҢЫ ЭКИ ФУТБОЛДУК ОЮН ТАЛААСЫН АЧТЫ

Бүгүн, 22-ноябрь күнү Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянтчасын КФБ Президенти Камчыбек Ташиев ачып, колдонууга берди.

Аталган оюн талааларын куруу иштери учурдагы жылдын апрель айында жүргүзүлө баштаган. 7 920 чарчы метрлик оюн талаасынын бири гибриддик каптоо жана олимпиадалык стандарттарга жооп берген чуркоо аянтчасы менен жабдылса, экинчиси оюн талаасы жалпы 7 723 чарчы метрлик жасалма газондуу болуп, 240 көрүүчү үчүн чатырлуу трибуна менен жабылды.

Эске салсак, Республикалык спорттук колледжи алдында иштеген футболдук атайын класс иштеп, анда 2009-жылкы таланттуу 23 оюнчу тарбияланууда. Команда эми колледждин базасында машыгууларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Камчыбек Ташиев бүгүнкү ачылыш аземдин алдында, РСК тарбиялануучулары менен жаңы чуркоо аянтында, жаңы ворк-аут зонасында жана футбол талаасында чуркап, машыкты.

Аталган иштерге болгон чыгымдарды Кыргыз футбол биримдиги жана демөөрчүлөр каржылады.

Ачылыш аземиндеги өз сөзүндө КФБ жетекчиси өлкөнү спортчулар дүйнөгө даңазалай тургандыгын белгилеп, азыртадан эмгек жумшоо керектигин белгилеп, өлкөдөгү спорттук инфратүзүмдүн мындан ары да өнүгөөрүн айтты.

Аземден кийин КФБ Президенти колледждин жамааты менен дагы жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен таанышып, маек курду.

-

КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ОТКРЫЛ ДВА НОВЫХ ФУТБОЛЬНЫХ ПОЛЯ РЕСПУБЛИКАНСКОГО СПОРТИВНОГО КОЛЛЕДЖА

Сегодня, 22 ноября, на территории Республиканского спортивного колледжа имени Шералы Сыдыкова в Бишкеке Президент КФС Камчыбек Ташиев торжественно открыл два новых футбольных поля.

Строительство этих объектов началось в апреле этого года. Одно из полей, площадью 7 920 кв. м, оснащено гибридным покрытием и беговой дорожкой, соответствующей олимпийским стандартам. Второе поле, площадью 7 723 кв. м, имеет искусственное покрытие и оборудовано крытой трибуной на 240 зрительских мест.

Напомним, при Республиканском спортивном колледже действует футбольная секция, в которой тренируются 23 талантливых игрока 2009 года рождения. Теперь команда сможет тренироваться на своей базе.

Перед церемонией открытия Камчыбек Ташиев провел тренировку с учащимися РСК на новом беговом треке, в воркаут-зоне и на футбольном поле.

Финансирование строительства было осуществлено за счет средств Кыргызского футбольного союза и спонсоров.

В своей речи на церемонии открытия глава КФС отметил, что в подрастающие спортсмены будут прославлять Кыргызстан на международной арене, подчеркнув важность работы над этим уже сейчас. Он также заверил, что развитие спортивной инфраструктуры в стране будет продолжаться.

После церемонии Камчыбек Ташиев встретился в неформальной обстановке с коллективом колледжа.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

21 Nov, 10:55


БИЗДИН АДИСТЕР ЭЛ АРАЛЫК АРЕНАДА

Ата-мекендик адис Ильдар Гарифулин Азия футбол конфедерациясынын (АФК) комиссарларынын курамын толуктады. Буга чейин Кыргыз футбол биримдигинде иштеген Гарифулин учурда Борбор Азия футбол ассоциациясында мелдештер бөлүмүн жетектөөдө.

Кошумчалай, ата-мекендик адис Михаил Толкачев жакында орун алган 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында АФК комиссары катары Кувейт - Корея Республикасы беттешине дайындалган. Ошондой эле, дагы бир адисибиз Абаз Торез Ирак-Иордания беттешинде коопсуздук офицери катары дыйындоо алган.

-

НАШИ СПЕЦИАЛИСТЫ НА МЕЖДУНАРОДНОЙ АРЕНЕ

Отечественный специалист Ильдар Гарифулин по результатам недавно прошедшего семинара для новых комиссаров, пополнил ряды комиссаров Азиатской футбольной конфедерации (АФК). Гарифулин, который ранее работал в Кыргызском футбольном союзе, в настоящее время занимает должность руководителя отдела соревнований в Центрально-Азиатской футбольной ассоциации.

Кроме того, в рамках недавно прошедших отборочных матчей Чемпионата мира-2026 комиссар АФК из Кыргызстана Михаил Толкачев был назначен на матч Кувейт — Республика Корея. Еще один отечественный специалист, Абаз Торез, исполнял обязанности офицера по безопасности на матче Ирак — Иордания.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

21 Nov, 06:38


КӨҢҮЛ АЙТАБЫЗ!

20-ноябрда 50 жаш курагында ата-мекендик футзал ветераны Жениш Маматов күтүүсүздөн дүйнөдөн кайтты.

Жениш Маматов өмүрүнүн чоң бөлүгүн футзалга арнаган, 2004-жылдан 2009-жылга чейин Кыргызстандын улуттук курамасында ойноп келген. Ал ошондой эле азыркы учурда футзал жаштар курамаларында ойногон Артур жана Тимур Маматовдордун атасы болчу.

Кыргыз футбол биримдиги жана Кыргыз Республикасынын футзал ассоциациясы Жениш Маматовдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, кайгыңыздар менен тең бөлүшөт.

-

СОБОЛЕЗНУЕМ И СКОРБИМ!

20 ноября, на 50-м году жизни, внезапно скончался ветеран отечественного футзала Жениш Маматов.

Жениш Маматов посвятил многие годы своей жизни футзалу, выступал за Национальную сборную Кыргызской Республики с 2004 по 2009 годы. Он также был замечательным отцом игроков Артура и Тимура Маматовых, которые сейчас выступают за юношеские сборные по футзалу.

Кыргызский футбольный союз и Ассоциация футзала Кыргызской Республики выражают глубочайшие соболезнования родным и близким Жениша Маматова. Мы разделяем вашу боль и скорбим вместе с вами.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

20 Nov, 12:44


КЛУБДАР ЖАНА АКАДЕМИЯ ӨКҮЛДӨРҮНҮН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Бүгүн, 20-ноябрда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын өкүлдөрүнүн, Жогорку Лигадагы клубдардын, академиялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйын КФБнын жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулуп, 2025-жылга карата клубдук ички жана эл аралык мелдештердин форматтарын талкуулоо, лицензиялоо маселелери жана клубдардагы кадрдык-административдик, каржылык өзгөрүүлөр талкууланды.

Алгач жыйындын бардык катышуучуларына КПФЛ тарабынан 2025-жылга карата пландар боюнча презентация орун алып, анда 2025-жылга пландаштырылган турнирлер тууралуу маалымат берилди.

Андан соң КФБнын Мелдештер бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Толкачев футбол клубдарына коюлган жалпы талаптар боюнча маалымат берди.

Жыйында футбол академияларынын келечеги, тагыраак айтканда, алдыдагы академияларда боло турган мыкты оюнчуларды тандоо маселеси да талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары келерки жылга командаларды даярдоо боюнча өз ойлорун, сунуштарын айтышты.

-

СОСТОЯЛОСЬ СОБРАНИЕ ПРЕДСТАВИТЕЛЕЙ КЛУБОВ И АКАДЕМИЙ

Сегодня, 20 ноября в офисе Кыргызского футбольного союза состоялось собрание с участием генерального секретаря КФС Медербека Сыдыкова, представителей КФС, Кыргызской профессиональной футбольной лиги, руководителей клубов Премьер-Лиги и академий.

Данное совещание было организовано по инициативе руководства КФС, в целях обсуждения планов на 2025 год. В ходе встречи рассматривались форматы внутренних и международных клубных соревнований, вопросы лицензирования, а также кадровые, административные и финансовые изменения.

Собрание открылось презентацией от КПФЛ, в которой была представлена информация о запланированных турнирах на 2025 год.

Затем Михаил Толкачев, руководитель отдела соревнований КФС, представил информацию об общих требованиях к футбольным клубам.

Также на совещании было обсуждено будущее футбольных академий, в частности, предстоящий отбор лучших игроков в академиях. Участники встречи поделились своими идеями и предложениями по подготовке команд на следующий год.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

19 Nov, 17:22


🇰🇬 АЗАМАТ БАЙМАТОВ ОЮН КАРЬЕРАСЫН БҮТҮРДҮ

Бүгүн, 19-ноябрда, Д. Омурзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын Улуттук курама командасынын легендарлуу оюнчусу жана көп жылдык капитаны Азамат Байматовду узатуу аземи болуп өттү.

Азамат 2010-жылдын 17-февралында курама командада дебют жасап, 35 оюнда катышып, күйөрмандарга көптөгөн жаркын учурларды тартуулады.

Бардыгы үчүн рахмат, Азамат! 🙌🏻

——

🇰🇬 АЗАМАТ БАЙМАТОВ ОФИЦИАЛЬНО ЗАВЕРШИЛ ИГРОВУЮ КАРЬЕРУ

Сегодня, 19 ноября, на стадионе имени Д. Омурзакова состоялись проводы легендарного игрока и многолетнего капитана Национальной сборной Кыргызстана Азамата Байматова.

Азамат дебютировал за сборную 17 февраля 2010 года, и за годы выступлений на поле он сыграл в 35 матчах, подарив болельщикам множество ярких моментов.

Благодарим за всё, Азамат! 🙌🏻

#kyrgyzkurama

Kyrgyz Football Union

19 Nov, 04:42


СЕГОДНЯ АКШУМКАР СЫГРАЕТ ДОМА С ИРАНОМ

Сегодня, 19 ноября на главной спортивной арене столицы — стадионе имени Долона Омурзакова — национальная сборная Кыргызстана по футболу в рамках третьего раунда чемпионата мира 2026 года встретится с Ираном — одним из сильнейших соперников по группе.

Начало матча в 20:00. Вход на стадион будет открыт для зрителей с 18:00. Для болельщиков организованы различные активности: семплинг, фудкорт, продажа мерча, выступление диджея, конкурсы с подарками. Билеты на матч можно приобрести на сайте kassir.kg и на кассе стадиона.

Отметим, что в этом раунде 18 сборных команд разделены на 3 группы по 6 команд. По итогам матчей две лучшие команды из каждой группы получат путёвки на чемпионат мира. Сборные, занявшие третье и четвёртое места, продолжат борьбу в четвёртом раунде, где будут определены ещё два участника мирового первенства. Также одно место может быть получено через межконтинентальный плей-офф. Наша сборная находится в группе «А», в которой также играют сборные Ирана, Катара, ОАЭ, Северной Кореи и Узбекистана.

Приходите на стадион, чтобы поддержать главную команду страны в борьбе за мировое первенство!

-

АКШУМКАРЛАР БҮГҮН ӨЗ ҮЙҮНДӨ ИРАНГА КАРШЫ БЕТТЕШЕТ

Бүгүн, 19-ноябрь күнү борбор калаабыздын башкы спорттук аренасы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда футбол боюнча улуттук курама командасы, 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында тайпадагы күчтүү атаандаштарынын бири-Иран курамасы менен беттешет.

Оюн саат 20:00до башталат. Ал эми, көрүүчүлөр үчүн стадиондун кириштери саат 18:00дон баштап ачык болуп, шоу-программа орун алат. Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

Аталган беттешке билеттер kassir.kg сайтында жана стадиондун кассаларында жеткиликтүү.

Белгилей кетсек, үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

Дүйнө биринчилигине болгон жолдомодогу күрөшүндө өлкөнүн башкы курамасын колдоңуз!

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

18 Nov, 12:08


КФБНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ, АФКНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫН КАБЫЛ АЛДЫ

Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков Азия футбол конфедерациясынын (АФК) башкы катчысынын орун басары Шин Ман Гил менен жолукту.

Эки тарап эртеңки өтө турчу Кыргызстан-Иран беттешине даярдык боюнча, КФБнын ишмердиги жана кызматташуу боюнча маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, жолугушуунун алкагында АФКнын башкы катчысынын орун басары КФБнын кеңсеси менен таанышты.

Белгилей кетсек, АФКнын эгидасы алдында өткөрүлгөн мелдештердин уюштурулушун көзөмөлдөгөн АФКнын жетекчиси 19-ноябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын беттешинин уюштурулушуна көз салуу максатында келген. Буга чейин Бишкек шаарындагы бир нече футболдук инфратүзүмдүк объектилер менен таанышкан.

-

ГЕНЕРАЛЬНЫЙ СЕКРЕТАРЬ КФС ПРИНЯЛ С ЗАМЕСТИТЕЛЯ ГЕНЕРАЛЬНОГО СЕКРЕТАРЯ АФК

Генеральный секретарь Кыргызского футбольного союза Медербек Сыдыков провел встречу с заместителем генерального секретаря Азиатской футбольной конфедерации (АФК) Шин Ман Гилом.

Стороны обсудили вопросы, связанные с подготовкой к завтрашнему матчу между Кыргызстаном и Ираном, а также деятельность КФС. В рамках встречи заместитель генерального секретаря АФК также ознакомился с офисом КФС.

Отметим, что руководитель АФК, отвечающий за организацию соревнований, проводимых под эгидой конфедерации, прибыл в Кыргызстан для наблюдения за подготовкой к матчу между сборными Кыргызстана и Ирана, который состоится 19 ноября на стадионе имени Д. Омурзакова. До этого он также посетил несколько объектов футбольной инфраструктуры Бишкека.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

16 Nov, 14:43


АФКНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ БИШКЕКТИН ФУТБОЛДУК ИНФРАТҮЗҮМДҮК ОБЪЕКТИЛЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Азия футбол конфедерациясынын (АФК) башкы катчысынын орун басары Шин Ман Гил Бишкекке иш-сапары менен келди. АФКнын эгидасы алдында өткөрүлгөн мелдештердин уюштурулушун көзөмөлдөгөн АФКнын жетекчиси 19-ноябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын беттешинин уюштурулушуна көз салуу үчүн келди.

Ошондой эле, иш-сапардын алкагында 16-ноябрь күнү Шин Ман Гил Бишкек шаарындагы бир нече футболдук инфратүзүмдүк объектилер менен таанышты. Аны Кыргыз футбол биримдигинин Вице-президенти Дастанбек Конокбаев, КФБнын Мелдештер комитетинин төрагасы Кемел Токобаев жана КФБнын мелдештер бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Толкачев коштоп жүрүштү.

Конок Д.Өмүрзаков атындагы стадионду, Республикалык спорт колледжин, КФБ улуттук футбол академиясын, ошондой эле курулуп жаткан «Эмгек резерви» спорт комплексине баш бакты. Шин Ман Гил борбор калаадагы футболдук объектилер тууралуу жакшы пикирин айтты. Башкы катчынын орун басары жакын арада Беш-Күңгөй айылындагы курулуп жаткан стадионду, «Мурас Юнайтед» машыгуу базасын жана Кант шаарындагы футбол объектилерине да барат.

-

ЗАМЕСТИТЕЛЬ ГЕНЕРАЛЬНОГО СЕКРЕТАРЯ АФК ПОСЕТИЛ ФУТБОЛЬНЫЕ ИНФРАСТРУКТУРНЫЕ ОБЪЕКТЫ БИШКЕКА

Заместитель генерального секретаря Азиатской футбольной конфедерации (АФК) Шин Ман Гил прибыл с рабочим визитом в Бишкек. Руководитель АФК, курирующий направление организации соревнований, посетил столицу Кыргызстана с целью наблюдения за организацией матча между сборными Кыргызстана и Ирана, который состоится 19 ноября на стадионе имени Д. Омурзакова.

Кроме того, сегодня, 16 ноября Шин Ман Гил посетил несколько футбольных инфраструктурных объектов Бишкека. Визит прошел при сопровождении Вице-президента Кыргызского футбольного союза Дастанбека Конокбаева, председателя комитета КФС по соревнованиям Кемела Токобаева и руководителя отдела соревнований КФС Михаила Толкачева.

Гость осмотрел стадион имени Д. Омурзакова, Республиканский спортивный колледж, Национальную академию футбола КФС, а также строящийся спортивный комплекс «Трудовые резервы». Шин Ман Гил отозвался положительно о футбольных объектах в столице. Заместитель генерального секретаря в скором времени посетит также УТБ «Мурас Юнайтед», строящийся стадион в селе Беш-Кунгей, а также футбольные объекты в городе Кант.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

16 Nov, 10:48


Оюн аяктады! 🇰🇬🇰🇿

Курамабыз үчүн кирген жалгыз голдун автору - Исаев Алымбек.

Жооптук беттеш 18-ноябрь күнү орун алат.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

16 Nov, 09:30


КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШТАР КУРАМАСЫ МОНГОЛИЯНЫ ИРИ ЭСЕП САНЫ МЕНЕН ЖЕҢДИ

Бүгүн, 16-ноябрь күнү Кытайдын Чэнду шаарында «Panda Cup» эл аралык мелдешинин кезектеги туру орун алып, анын алкагында Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Монголия менен кез келди. Мелдеште Кытай жана Австралия курамалары да ат салышууда.

Беттеш 7-0 эсебиндеги биздин кураманын ири эсеп санындагы жеңиши менен аяктады. Голдордун авторлору - Кубанычбек уулу Манас, Эшенкулов Атай, Маданов Ырыс (3 гола), Эрнисов Эмир, Орунтаев Нурислам.

Регламентке ылайык, турнир айлампа системасы боюнча орун алып, жеңүүчү эң көп топтолгон упайлар боюнча аныкталат. Азырынча курамабыздын капчыгында 3 упай бар.

Аталган мелдешке Мирлан Эшеновдун оюнчулары жаштар арасындагы Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында катышууда. Эске салсак, Азия Кубогунда биздин курама «А» тайпада Австралия, Катар жана Кытай менен бирге жайгашты. Азия биринчилигинин финалдык этабы 2025-жылдын 12-февралдан тарта 1-мартка чейин Кытайда өтөт.

Кийинки оюнду жаштар курамабыз турнир кожоюндары Кытайга каршы 19-ноябрда өткөрөт.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

16 Nov, 07:34


🇰🇬 Улуттук футбол академиясына өткөн тандоо боюнча Кыргыз Спорт ТВ каналанын репортажы 🎥

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

16 Nov, 07:20


🇰🇬🇰🇿 КЫРГЫЗСТАНДЫН U-14 ЖАШТАР КУРАМАСЫ КАЗАХСТАН МЕНЕН ЭКИ ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШ ӨТКӨРӨТ

Кыргызстандын U-14 өспүрүмдөр курамасы Казахстан менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Аталган оюндар 16 жана 18-ноябрь күндөрү Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын оюн талаасында орун алат.

Курама башкы машыктыруучу Санжар Шаршеевдин жетекчилиги алдында ойнойт.

Бүгүнкү беттеш саат 14:30 орун алып, көрүүчүлөр үчүн жеткиликтүү болот.

-

🇰🇬🇰🇿 ЮНОШЕСКАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА U-14 СЫГРАЕТ СО СБОРНОЙ КАЗАХСТАНА

Юношеская сборная Кыргызстана U-14 проведет два товарищеских матча против сборной Казахстана. Встречи пройдут 16 и 18 ноября на поле Национальной академии футбола КФС.

Сборная сыграет под руководством главного тренера Санжара Шаршеева.

Сегодняшняя встреча пройдет в 14:30 и будет доступна для зрителей.

📋 U-14 курамасынын тизмеси | Список игроков сборной U-14 на товарищеские матчи с Казахстаном:

🧤Дарбазачылар | Вратари:
Кашуба Артем
Молдокматов Адилет
Фрайс Армин

🛡️Коргоочулар | Защитники:
Омурзаков Эрлан
Субанов Алихан
Курбаналиев Билал
Жылкычыев Усман
Султанов Назар
Эмильев Эмир
Мамыров Элдияр
Асанбеков Бектур
Аманбеков Рамазан

🔗 Жарым коргоочулар | Полузащитники:
Айтбаев Нуртай
Култаев Умар
Янфу Рамиль
Абилов Ариет
Аскербеков Эржан
Мурзакулов Алихан
Сулошиев Ильхам
Сагынов Байазат
Канатов Рахатбек

⚡️Чабуулчулар | Нападающие:
Мирланов Байэл
Саякбаев Арлен
Алимжанов Салават
Таштемиров Баяман
Болотбеков Актан
Исаев Алымбек

👤 Машыктыруучулар жана административдик штаб | Административно-Тренерский штаб:
Шаршеев Санжар - главный тренер
Безносенко Анатолий - тренер вратарей
Озубеков Аскат - видеоаналитик
Джусумкулов Аман - врач
Кенешов Арсен - администратор

#kyrgyzkurama

Kyrgyz Football Union

15 Nov, 09:09


КФБНЫН УЛУТТУК ФУТБОЛ АКАДЕМИЯСЫНА ЖАШ ФУТБОЛЧУЛАР ТАНДАЛДЫ

10-14-ноябрь күндөрү Улуттук футбол академиясында 2011-жылы төрөлгөн футболчулар арасында тандоо өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 49 жаш оюнчулар катышты.

Академиянын өкүлдөрүнүн жана КФБ скауттарынын жетекчилиги алдында үч күн бою ылдамдык жана шамдагайлык тесттери, машыгуу жана оюн көнүгүүлөрү өткөрүлдү. Алар техникалык жана тактикалык жактан гана эмес, физикалык жактан даярдыгы бар, командада иштөө жөндөмдүүлүгү мыкты футболчуларды аныктоого багытталды. Тандап алууда жогорку деңгээлдеги оюндар үчүн зарыл болгон сапаттар каралды.

Жыйынтыгында КФБнын Улуттук футбол академиясында машыгуусун уланта турган 23 таланттуу футболчулар тандалып алынды.

Тандоонун максаты – жаш курагына жараша ар кандай турнирлерде жана мелдештерде өлкөнүн атынан чыга турган келечектеги курама команданы түзүү. Эскерте кетсек, бул тандоо этабы акыркы эмес, келечекте кошумча тандоолор өткөрүлөт. Бул тандоолор машыктыруучуларга чоң потенциалы бар оюнчуларды аныктоого жана алардын өнүгүүсүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

-

ПРОШЕЛ ОТБОР ЮНЫХ ФУТБОЛИСТОВ В НАЦИОНАЛЬНУЮ АКАДЕМИЮ ФУТБОЛА КФС

С 10 по 14 ноября на базе Национальной академии футбола прошел отбор футболистов 2011 года рождения, в котором приняли участие 49 юных игроков со всей страны.

В течение трех дней под руководством скаутов КФС на базе Академии были проведены тесты на скорость и ловкость, тренировки и игровые упражнения, направленные на выявление лучших футболистов, обладающих не только техническими и тактическими навыками, но и физической подготовленностью, умением работать в команде, а также качествами, необходимыми для игры на высоком уровне.

По итогам отбора было выбрано 23 самых ярких и талантливых футболиста, которые продолжат свою подготовку на базе Национальной академии футбола в Бишкеке.

Цель отбора — формирование перспективной сборной команды, которая будет представлять страну на различных турнирах и соревнованиях по своему возрасту. Отметим, что этот этап отбора не является последним. В будущем будут проводиться дополнительные отборы и просмотры, что позволит тренерскому штабу более точно определить самых перспективных игроков и следить за их развитием.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

15 Nov, 06:09


2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунан кийинеи «А» тайпасынын учурдагы турнирдик жадыбалы.

Курамабыздын кийинки оюнун 19-ноябрь күнү тайпа лидери - Иранга каршы Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөрөт.

📆 19-ноябрь | 20:00
Кыргызстан 🇰🇬 - Иран 🇮🇷
🏟️ Бишкек, Д.Өмүрзаков ат.стадион
🎟️ Билеттер kassir.kg сайтында

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

14 Nov, 18:11


🇰🇬🇦🇪 АКШУМКАРЛАР БАЭ КУРАМАСЫНА ЖЕҢИЛДИ

Бүгүн, 14-ноябрь күнү Абу-Дабинин «Мухаммед бин Зайед» стадионунда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын квалификациялык үчүнчү раундунун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен кез келди.

Беттеш 3-0 эсеби менен оюн талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Курамабыздын кийинки оюнун 19-ноябрь күнү Иранга каршы Бишкектин Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөрөт.

✔️ Маалымат үчүн: Белгилей кетсек, Кыргызстандын Улуттук курамасы тарыхта алгачы жолу Дүйнө Чемпионатынын үчүнчү раундунда ойноодо. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

26 Oct, 16:27


АБДЫШ-АТА КУВЕЙТТИК «АЛЬ-АРАБИ» КЛУБУН ЖЕҢДИ

АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычы алкагындагы ата-мекендик «Абдыш-Ата» футболдук клубу бүгүн, 26-октябрь күнү кувейттик «Аль-Араби» клубу менен кез келди.

Абдыш-Ата - Аль-Араби (Кувейт), Аркадаг (Түркмөнстан), Мазия (Мальдивы) футбол клубдары менен бирге Батыш зонага тиешелүү «B» тайпасында жайгашкан. Аталган тайпанын беттештери борборлоштурулган форматта 26-октябрь – 1-ноябрь күндөрү Кувейтте орун алууда.

Эске салсак, аталган баскычта 18 клуб 5 тайпага бөлүндү. Батыш зона 3 тайпадан турса, Чыгыш зонанын клубдары 2 тайпага бөлүнүштү.

Бүгүнкү оюн Кувейттин «Кувейт Спорт Клуб» стадионунда орун алып, биздин ата мекендик клубдун 1-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Жалгыз голдун автору - Эрбол Атабаев.

«Абдыш-Атанын» кийинки оюну «Аркадаг» клубуна каршы 29-октябрда орун алат.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

26 Oct, 14:07


📅 26-октябрь | 20:30
🏆 АФК Чакырык Лигасы
🏟️ «Кувейт» спорт клубу, Кувейт
Аль - Араби 🇰🇼 - Абдыш-Ата 🇰🇬
Түз алып берүү УТРК Спорт каналында жана АФКнын YouTube каналында 🎥

Kyrgyz Football Union

26 Oct, 13:15


🇰🇬 КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨСПҮРҮМДӨР КУРАМАСЫ «TALENTS CUP U-14» ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИНДE ЭКИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

22-26-октябрда Бишкек шаарында 14 жашка чейинкилер арасында «Таланттар Кубогу» болуп өттү. Эл аралык турнирге Кыргызстан, Бахрейн, Казакстан жана Өзбекстандын өспүрүмдөр курама командалары катышты.

Турнир KФБ Улуттук футбол академиясынын оюн талаасында, «FIFA Talent Coach» программасынын алкагында өттү. Турнирге биздин курама командабыз башкы машыктыруучу Санжар Шаршеевдин жетекчилиги алдында күч сынашты.

Жобого ылайык, турнир айлампа системасы боюнча бир айлампада өткөрүлдү. Кубоктун ээси эң көп упайдын негизинде аныкталды.

Бүгүнкү финалдык - үчүнчү турда биздин команда Казакстандын командасы менен беттешти. Беттеш 3:2 эсебинде биздин команданын жеңиши менен аяктады. Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын курама команда Бахрейнден келген атаандаштарын 2:0 эсебинде утуп, Өзбекстан менен тең ойногон (1:1).

Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстан курамасы сары кагаздардын көптүгүнөн турнирдик жадыбалда 2-орунда (7 упай) жайгашты. Ал эми 1-орунду Өзбекстан курамасы (7 упай) жеңди. Казакстан турнирди 3-орунда (3 упай) аяктаса, Бахрейн курамасы упайсыз акыркы орунда жайгашты.

Индивидуалдык сыйлыктын жеңүүчүлөрү:

Мыкты дарбазачы - Артем Кашуба (Кыргызстан)
Мыкты коргоочу - Азизилло Эркинжонов (Өзбекстан)
Мыкты жарым коргоочу - Айбын Даулет (Казахстан)
Мыкты бомбардир - Бехрузбек Саматов (Өзбекстан)
Мыкты оюнчу - Ариет Абилов (Кыргызстан)

-

🇰🇬 ЮНОШЕСКАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА ЗАНЯЛА ВТОРОЕ МЕСТО В МЕЖДУНАРОДНОМ ТУРНИРЕ «КУБОК ТАЛАНТОВ U-14»

22-26 октября в Бишкеке прошел розыгрыш «Кубка Талантов» среди юношеских команд U-14 (Talents Cup U14). В международном турнире приняли участие юношеские сборные Кыргызстана, Бахрейна, Казахстана и Узбекистана.

Турнир прошел на территории Национальной футбольной Академии КФС. Розыгрыш кубка состоялся в рамках программы FIFA Talent Coach. Нашa юношеская сборная выступила в турнире под руководством главного тренера Санжара Шаршеева.

Согласно регламенту, турнир прошел по круговой системе в один круг. Обладатель кубка определился по наибольшему количеству набранных очков.

В сегодняшнем заключительном - третьем туре наша сборная сошлась в матче против сборной Казахстана. Матч завершился победой нашей команды со счетом 3-2. Напомним, что ранее наша команда обыграла сверстников из Бахрейна со счетом 2-0, а также сыграла вничью с Узбекистаном (1-1).

По итогам турнира, сборная Кыргызстана заняла вторую строчку в турнирной таблице (7 очков), из-за количества желтых карт уступив первое место сборной Узбекистана (7 очков). Казахстан завершает турнир на третьем месте (3 очков), сборная Бахрейна осталась на последнем месте без очков.

Обладатели индивидуальных наград:

Лучший вратарь - Артем Кашуба (Кыргызстан)
Лучший защитник - Азизилло Эркинжонов (Өзбекстан)
Мыкты полузащитник - Айбын Даулет (Казахстан)
Лучший бомбардир - Бехрузбек Саматов (Өзбекстан)
Лучший игрок - Ариет Абилов (Кыргызстан)

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

25 Oct, 11:58


🇰🇬 АФК ПРЕЗИДЕНТИ БИШКЕКТЕГИ ФУТБОЛДУК ИНФРАТҮЗҮМДҮК ОБЪЕКТИЛЕР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн, 25-октябрь күнү Азия футбол конфедерациясынын Президенти шейх Салман Бин Ибрагим Аль Халифа Бишкек шаары жана Чүй облусунда жайгашып, реконструкциядан өтүп жана учурда курулуп жаткан футболдук инфратүзүмдүк объектилер менен таанышты.

АФК жетекчиси Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында курулуп жаткан «Талант» футболдук клубунун аренасын жана «Эмгек Резерви» спорт комплексинин («Алга» футболдук клубунун базасы) курулушун көрүп, борбор калаанын жаңыланган Д.Өмүрзаков атындагы стадионуна баш бакты. Аталган объектилер менен жерининен Кыргыз футбол биримдигинин Биринчи Вице-президенти баштаган КФБ жетекчилиги тааныштырды.

АФК башчысы Кыргызстандагы футбол инфратүзүмүнүн өнүгүшү өтө чоң тездик менен жүрүп жаткандыгын белгилеп, обьектилердин курулушунун бүткөрүлүшүнө ийгилик каалады.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

25 Oct, 10:56


🇰🇬 КЫРГЫЗСТАНДЫН U-17 КУРАМАСЫ ЙЕМЕН КУРАМАСЫНАН ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗААСЫН ТАРТТЫ

Бүгүн, 25-октябрда U-17 Азия Кубонунун тандоо оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Йемен курама командасы менен оюнда кез келди. Оюн Вьетнамдын Вьетчи шаарынын «Vie Tri» стадионунда орун алды.

Белгилей кетсек, Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы «I» тайпасында Мьянма, Йемен жана Вьетнамдын курамалары менен жайгашкан.

Тандап алуу оюндарга жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 43 курама команда катышат. Финалдык бөлүккө болгон жолдомого тайпада биринчи орун ээлеген жана эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунда болгон беш курама ээ болот.

Бүгүнкү беттеште курамабыз алгачкы голду жаратып, эки ирээт атаандашты артта калдырды, бирок тилекке каршы оюндун жыйынтыгында атаандаш жеңишке жетти (2-3). Голдордун авторлору: Кайрат Канатов 19', Хе Иннан 39'.

Эске салсак, буга чейинки Вьетнамга каршы өткөн оюн тең чыгуу менен аяктаган (0-0). Курамабыз кийинки беттешин Мьянмага каршы 27-октябрда өткөрөт.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

24 Oct, 17:26


📈 ФИФАНЫН ЖАҢЫЛАНГАН РЕЙТИНГИ

Бүгүн, 24-октябрь күнү ФИФАнын расмий сайтында футбол боюнча Улуттук курамалардын жаңыланган рейтинги чыкты.

Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы буга чейинки рейтингтин чыгарылышына салыштырмалуу 3 сапка көтөрүлүп, 103-орунду ээледи. Кураманын капчыгында 1207 упай бар.

АФК зонасында курама 17-орунда.

-

📈 ОБНОВЛЕННЫЙ РЕЙТИНГ ФИФА

Сегодня, 24 октября, на официальном сайте ФИФА был опубликован обновленный рейтинг национальных сборных по футболу.

Согласно этому рейтингу, национальная сборная Кыргызской Республики, улучшив свою позицию на три строчки заняла 103-е место. В активе сборной 1207 баллов.

В зоне АФК наша сборная находится на 17-м месте.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

24 Oct, 14:57


🇰🇬 АБДЫШ-АТАНЫН АФК ЧАКЫРЫК ЛИГАСЫНЫН ТАЙПАЛЫК БАСКЫЧЫ АЛКАГЫНДАГЫ ОЮНДАРЫ ӨТӨТ

АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычы алкагындагы ата-мекендик «Абдыш-Ата» футболдук клубунун катышуусундагы беттештер борборлоштурулган форматта 26-октябрь – 1-ноябрь күндөрү Кувейтте өтөт.

Эске салсак, аталган баскычта 18 клуб 5 тайпага бөлүндү. Батыш зона 3 тайпадан турса, Чыгыш зонанын клубдары 2 тайпага бөлүнүштү.

Абдыш-Ата - Аль-Араби (Кувейт), Аркадаг (Түркмөнстан), Мазия (Мальдивы) футбол клубдары менен бирге Батыш зонага тиешелүү «B» тайпасында жайгашкан.

Бардык оюндар Кувейттин «Кувейт Спорт Клуб» стадионунда орун алат.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

24 Oct, 11:35


U-17 Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын биринчи турунан кийин «I» тайпасынын турнирдик жадыбалы ✔️

Курамабыз эртең Йеменге каршы оюнда кез келет! 🇰🇬🇾🇪

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

23 Oct, 13:54


🇰🇬 КЫРГЫЗСТАНДЫН U-17 КУРАМАСЫ ВЬЕТНАМ МЕНЕН ОЮНДА ТЕҢ ЧЫКТЫ

Бүгүн, 23-октябрда U-17 Азия Кубонунун тандоо оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Вьетнамдын курама командасы менен кез келди. Оюн Вьетнамдын Вьетчи шаарынын «Vie Tri» стадионунда орун алды.

Белгилей кетсек, Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы «I» тайпасында Мьянма, Йемен жана Вьетнамдын курамалары менен жайгашкан.

Тандап алуу оюндарга жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 43 курама команда катышат. Финалдык бөлүккө болгон жолдомого тайпада биринчи орун ээлеген жана эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунда болгон беш курама ээ болот.

Бүгүнкү беттеш биздин кураманын көпчүлүк аракеттерине карабастан голсуз тең чыгуу менен аяктады (0-0).

Курамабыз кийинки беттешин Йеменге каршы 25-октябрда өткөрөт.

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

23 Oct, 08:51


«Мурас Юнайтед» футболдук клубунун окуу-машыгуу базасынын салтанаттуу ачылыш аземи 🎥

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

23 Oct, 07:28


Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын ачылышында болгон көз ирмемдер 🎥

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

23 Oct, 07:05


🇰🇬 КЫРГЫЗСТАНДЫН U-17 КУРАМАСЫ БҮГҮН АЗИЯ КУБОГУНУН ЖОЛДОМОСУ ҮЧҮН ВЬЕТНАМ МЕНЕН БЕТТЕШЕТ

Бүгүн, 23-октябрда U-17 Азия Кубонунун тандоо оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Вьетнамдын курама командасы менен беттешет.

Белгилей кетсек, Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы «I» тайпасында Мьянма, Йемен жана Вьетнамдын курамалары менен жайгашкан.

Тандап алуу оюндарга жалпысынан 10 тайпага бөлүнгөн 43 курама команда катышат. Финалдык бөлүккө болгон жолдомого тайпада биринчи орун ээлеген жана эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунда болгон беш курама ээ болот.

Оюн Вьетнамдын Вьетчи шаарынын «Vie Tri» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 18:00до башталат.

Беттештин түз алып берүүсүн төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыздар.

-

🇰🇬 СБОРНАЯ U-17 КЫРГЫЗСТАНА СЕГОДНЯ ВСТРЕТИТСЯ С ВЬЕТНАМОМ В РАМКАХ ОТБОРА НА КУБОК АЗИИ

Сегодня, 23 октября, в рамках отборочных игр Кубка Азии среди юношей до 17 лет юношеская сборная Кыргызстана по футболу встретится со сборной Вьетнама.

Отметим, что юношеская сборная Кыргызстана под руководством Игоря Никитина находится в группе «I» со сборными Мьянмы, Йемена и Вьетнама.

Всего в отборочных играх принимают участие 43 национальные сборные, разделенные на 10 групп. Команды, занявшие первое место в группе и пять команд со второго места с лучшими результатами получат право на выход в финальную стадию.

Игра начнется в 18:00 по бишкекскому времени на стадионе «Vie Tri» города Вьет-Чи (Вьетнам).

Посмотреть прямую трансляцию матча можно по ссылке 🎥

#kfu_kg

Kyrgyz Football Union

22 Oct, 15:44


Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиевдин Азия футбол конфедерациясынын Президенти шейх Салман Бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушуусу 🎥

#kfu_kg