DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿 @kundolukt Channel on Telegram

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

@kundolukt


Бир күнү жан дүйнөңдүн эң караңгы бурчтарында гүл ача турган адамды жолуктурасың🍀🪐


@akmoor_zh

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿 (Kyrgyz)

Кундөлүгүм каналы - бул жерде жашаган көптөгөн адамдар көнөрүп жаткан көпчүлүк учурдууларын окутуу жана жазылат жаткан канал. Бул каналда адамдар курамдак жана сүйлөсүүдөгү өмүр жолууларын жазып, бөтөздөрүн жагын көрсөтүп жаткан. Каналдын аталышы биздин көп көрүп жаткан көндөрдүн жазылатып жаткан. Каналдагы бардык жазуучулар көп кечиретилген жана чыгыктарын жазып жаткан.

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

09 Feb, 17:46


"Альхамдулиллах" баары жакшы дегенди билдирбейт.
"Альхамдулиллах" дегени кандай кырдаал болбосун Аллахка шүгүр кылууну билдирет.

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

08 Feb, 11:49


Баарыбыз жакшы сөздү жакшы көрөбүз э. Канчалык чоң, сонун, дух берүүчү сөздөрдү көп сүйлөгөн, маанайыңды көтөрүүчү сөздөрдү сүйлөгөн адамдарды жакшыраак көрөбүз.
Бирок биз ушул жерде адашпашыбыз керек. Анткени, сөз сүйлөгөн адам менен бир нерсени кылган(поступки) адамдын ичинен дайыма бир нерсе кылган ( те кто показал свои поступки) адам жеңип чыгат, анын орду дайыма жогору турат

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

07 Feb, 04:27


Таңды кантип баштоо керек? Жок, эртең мененки тамактан эмес. Жок, кофе менен да эмес.
Таң, кубаныч менен башталышы керек.

Көзүңдү эрте менен ачтыңбы, ичиңден Кубаныч табышың керек.
Тирүүсүңбү - бул деле чоң кубаныч. Жакшы уктап турдуңбу - анда бул да Кубаныч. Же түнү жакшы китеп окуп, жетиштүү уктаган жоксуңбу -бул да кубаныч.

Же эрте менен кулагыңа чаап, "Кутман таң"деп айтып тургуза турган адамың болсо, дагы беш мүнөт деп наалый алсаң, анда бул - кубаныч.

Терезенин сыртында күн ачык, асман ачык. Сыртта баары өзүнүн тирилигин баштады, айылга, шаарга жан кирип баары өзү менен алек, тынчтык, бул да бир чоң кубаныч.
Ар дайым Кубанычты сезип, кубанычта жашайлы🪐

Жума маарек болсун 🍀

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

02 Feb, 04:33


Сүйүү болгон үй бүлөдө көйгөй, уруш-талаш болсо да ал бүлөнүн бакыты, тынчтыгы бузулбайт.
Сүйүү жок болгон үй-бүлөдө уруш-талашсыз эле бакыт болбойт.........


@bakutochogu

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

02 Feb, 00:22


Башкалар сен жөнүндө эмне ойлогону маанилүү эмес
Эң негизгиси өзүң жөнүндө өзүңдүн кандай ойлогонуң

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

29 Jan, 17:25


Кээде кээ бир адамдарды сактап калуу керек болот. Ким, кандай, каерде, качан мааниси жок.
Өкүнүчтүүсү сактап калгың келгендерин сактай албайсың, сага баары бир болгондор бул маселеде жолдуураак

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

26 Jan, 17:30


- Түшүнбөдүм...... Кандайча..?.....
- Дуа кылалы...
-Жок, мен аны менен жолукканыма көп болгон жокко!?
-Өмүр деген Азан менен Кооматтын ортосунда экен......
-Кантип?... Жолукканда кандай гана пландарды курбадык эле
........... Шаарга келем, курска окуйм, баарын жаныдан баштайм, аны унутам, өзүм менен болом, аны ойлобойм, ден соолугумду каратам, врчтар айтты эгер көп ойлонбой, сыгылбай, диета кармасам ден соолугум жакшы жакка өзгөрөт дешти. Мурдагыдай боло алат экенмин, деп айткан элего. Мени куттуктап жазды эле, жакында эле Кантип..... жок, жок, ишене албайм!?!?!
-Сабыр кылалы......

Баары канчалык тез болуп кеткенин түшүнбөй калдык, ЖАН деген ушундай экен, мен өзүм видео менен 2-3 күн мурда суйлоштум эле деп айтты, мага кабар берген эң жакын досу
Канчалык ыйлаганымды билбейм. Көзүмдөн жаш токтобой жатты, телефон чалуу же кандайдыр бир билдируу күтүп жаттым. Баары тамаша, сени тамашага салайын дедим эле деп чалып же жазып калчудай кабар күтүп, ишенбей жаттым. Эч эле ишене албай койдум. Соцсеттерине кирип видео-суротторун карап баары ордунда турганын көрүп ансайын ишенбей жаттым.
Бирок телефон чалгандан коркуп жаттым, бул кабардын чын болуп калуусунан коркуп жаттым. Эки жылдай бир үйдө жашап, универди бүткөнчө чогу окуп, бирде капаланышып, бирде күлүп, тоюна даярдыкты, переживанияларды бирге көрүп, чалып жазышканда сөзүбүз түгөнбөгөн досумдун кайтыш болушун кабыл алгым келбей жатты. Телефон чалсам, бир кабар билсем жүрөгүм атылып кетчүдөй байланыша албай жаттым, кабыл ала албай жаттым.
Кечке телефон карачу болдум. Балким жазып калат, же баары жалган, тамаша эле деп чалып калышат деп кабар күтүп жаттым. Жок. Эч кандай кабар жок.
Акыры чалдым, өчүк. Байланыша албадым, эртеси дагы чалдым, дагы чалдым. Жок. Чын экенин сезген сайын жүрөгүм катуураак согуп жатты.
Мага кабар берген жакын досу сенден карызы жок беле деп жазып калды. Үмүтүм дагы да өчүп жатты. Минтип жазгандан кийин өзүмдү ага аябай чоочун сездим, өзүмө жиним келди. Дагы ойлонуп кеттим, Аллах ыраазы болсун ал кыздан, кызык, мен көз жумсам карызы жок беле деп артымдан сураштырчу досум, тең тушум барбы, же сурай турган адамды жоготуп бүттүмбү. Айтор көп нерселерди ойлонуп, көп нерсе көзүмдөн өтүп жатты........
Дуа, садака.......
Бардын кадырын көзү барда билели. Чындыгында көп нерселерге өкүнүп калат экенбиз. Качан акыркы жолугушуу, акыркы байланыш болот билбейт экенбиз.
Мунун баарын жазган сайын көзүмө жаш толуп жатат. Түшүнүксүз сезимдер уялап, өкүнүч жан дүйнөмдү ээлеп турат.......

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

18 Jan, 18:03


Yaş оlmaktan değil de yaşamamaktan korkmalı insan
Kendine veren değeri başka hiç kimse veremez. Kendine değer vermeyi sakın unutma

Карып калуудан эмес, жашабай калуудан коркуш керек
Сен өзүңө берген бааны сага башка эч ким бере албайт. Өзүңдү баалаганды унутпа 😘


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

15 Jan, 20:23


Сен өзүңдү толук тааныйсыңбы?
Эмне каалап, эмнени жактырбаганыңды ар дайым билесиңби?
Жактырбаган жерлерден ойлонбой кетип кала аласыңбы?
Чөйрөңдө өзүңдү эркин сезесиңби?
Эркиңди башкара аласыңбы?

Суроолордун жооптору ойлондуруп койдубу?

Анда башкалардын жашоосуна нервиңди коротпой, ушул оңой суроонун жоопторун кабыл ал

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

15 Jan, 16:49


моментами с ней сложно, но это того стоит)

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

15 Jan, 10:10


Убакыт дарылайт деп чын сүйүүгө кабылбагандар айтат.

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

09 Jan, 05:22


Мени менен болсоң баары болот, жашооң гүлдөй болот же башка деп сөз бере албаймын. Ар кандай жагдай болушу мүмкүн, бирок мен ар дайым жаныңда болом🪐

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

07 Jan, 17:29


Кээ бирлерин сыйлагың келгени үчүн эмес, сыйлаш керек болгону үчүн сыйлайсын. Өкүнүчтүү....

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

06 Jan, 11:00


Чындыгында канткенде туура болот эч ким билбейт. Ушундай нерсе "ТУУРА" деген нерсе жок. "ТУУРА" нерсенин өзү жок.(никакого «правильно» нет)
Сага жакса ошол нерсе туура болот. Башкаларга жакпаса да, бул нерсе алардын нормасын бузса да, тынчын алса да сага ушул нерсе жагып, өзүңдү жакшы сезсең анда ошол нерсе туура. Балким сен ошондо гана бакытты, жүрөгүңдүн тынчтыгын сезесиң......


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

03 Jan, 11:56


— Почему она?

— Я где-то недавно прочитал, что мужчина выбирает женщину, глубоко отражающую его собственную суть. Она — зеркало моей души. С ней я становлюсь всё более похожим на себя, и откровенно говоря, это лучшая версия меня самого. Вот почему, друг мой.


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

02 Jan, 04:25


Мен аял затынын күчтүү болушун каалайм. Желкесине мешок көтөрө алгыдай эмес.
Жок.
Бактылуу кыла албаган адамдын жүзүнө эшикти жаап кете алгыдай. Өзүн капа кылдырбай, өзүнө-өзү кам көрө алгыдай (самодостаточный), өзүн-өзү сыйлап, баркын биле алгыдай. Жалгыздыктан коркпой, өзүн сүйүп, башкалардын басмырлоосуна жол бербегидей күчтүү болуусун каалайм.
Сыртынан да ичинен да байышын, сулуу болуусун каалайм.........


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

31 Dec, 07:52


Бүгүн жылдын акыркы күнү экен. Эртеңден жаны календарлык жыл башталат.
Карап көрсөм мүчөл жылым экен. Аябай чоң өзгөрүүлөр болду. Жаңы турмуш, жаңы инсандар, кип-кичинекей балапанга жаңы жашоо.
Мынчалыгын күтпөдүм эле. Аллахымдын берешендигине шүгүр кылып жетишпей жаап жатам бул жылдын барагын. Кыйынчылык эч бир жерде болбой койбойт. Бирок бул жакшылыктар үчүн канчалык кыйын десең да арзыйт. Эң кымбат адамдар менен таанышып, жакындап, жакындарым менен дагы да жакын болуп, айтор бул жылы чындап жашадым (жила, не просто существовала, думаю многим знакомо эти чувства), шүгүр, шүгүр.
Кимдир бирөө үчүн көз ирмем, кимдир бирөө үчүн түбөлүк өмүр. Баарынын гүлдөө үчүн өзүнүн убагы, өзүнүн жери, өзүнүн чөйрөсү болот дейт.
Берешен Аллахым бере берет экен. Аны кармап калуу, ошол тынчтыкты дагы да көп убакка, балким түбөлүккө сактоо, кадырын билүү, ыраазы болуу, аны дагы да жакшы жакка өзгөртүү, өнүгүү-өсүү өзүбүздүн гана колдо экен........


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

27 Dec, 03:32


Недавно подружка приехала с дочкой из роддома… Очень боялась рожать… Первый раз. Позвонила ей поздравить… спрашиваю:
-Ну как?
Она задумалась, а потом ответила:
-Знаешь, роды… это такая вещь — ни с чем сравнить нельзя. Вообще ни с чем: как не представляй, не получится… Но все забывается, как только ты прижимаешь к себе маленький живой и такой любимый комочек!

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

23 Dec, 08:34


Бир күнү Муракамиден акчаны сүйөсүңбү деп сурашыптыр. "Мен акчаны өтө сүйөм. Акчага убакыт сатып алса болот. Ал убакытты жазганга колдоном" деп жооп бериптир Мураками.

Адашпасам, тогузунчу класс болсом керек. Бир досумдун атасы күчтүү бизнесмен эле. Ресторандары бар. Андан сырткары да үч-төрт бизнесин жүргүзүп жүргөн болчу. Мени чакырып калды досум, атам сени мн жолугайын деп жатат дейт. Өзүм да кызыгып жүргөндүктөн, дароо макул болуп баргам. Көп нерселер жөнүндө сүйлөшүп, кызыктуу маек курганбыз. Аяш атамдын мага жаккан сөздөрү убакыт жөнүндө болду. "Азыр ресторанда иштегендердин бир күнүн мен 500 сомго сатып алам. Он адамдын бир күндүк убакыты менин пландарымды үчүн коротулат. Акчаң көбөйгөн сайын, эркиндигиң көбөйөт. Өзүңдүн кыялдарыңды ишке ашырганга көп мүмкүнчүлүк болот. Анан дагы бир сааттык сенин кирешеңден аз болгон иштери, аутсорс кыла сала берсең болот. Мисалы, тамак жасоого окшогон нерселер." Ошондо жаш болгондуктан ал сөздөр жакшы "теппеген" . Азыр эми түшүнгөндөй болуп жатам.

Аз да болсо азыр колумдан келген нерсе мн акча таап жатам. Убакыт сатып алуу боюнча көп ойлоно баштадым. Жашоо өтө кыска, аны маанисиз (балким убакыт көп талап кылган) нерселерге коротуп салуу коркунучтуу.

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

20 Dec, 06:54


Жума маарек болсун 🍀

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

18 Dec, 16:47


Өмүр кандайдыр бир күтүү менен өтөт. Фильмдерди, китептерди, сериалдарды, окуяларды, адамдарды, автобустарды күтөбүз.
Кыш, жаз, жай, күз.
Чалуулар, билдирүүлөр, жолугушуулар. Айлык маяна, жылуу аба ырайы, эс алуу күндөрүн. Баарынын өзгөрүшүн күтүү. Бир күнү баары жакшы болот деп күтүү.
Бирок качан күтүүнү токтотуп, акыры жашай баштайт экенбиз э............


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

15 Dec, 19:14


Түн жарым болгонуна карабай колум үшүп жасадым😁
Ким в моментте жашаса эртең байкайт😉😄

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

15 Dec, 17:45


Две вещи бесконечны: Вселенная и человеческая глупость, а насчет Вселенной я не уверен

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

15 Dec, 04:08


Бул иш бул жака өзгөрдү, таптакыр ойлонбогон нерселер чыкты, менин пландарым ишке ашпай калды, каяктан каякка келип калдым, айланам, адамдар өзгөрдү, демек, мында мен билбеген Аллахтын бир жакшылыгы бар. Менин милдетим баш ийүү.

Кайсы бир нерселерге ушундай мамиле( реакция) кылсак, ушул жака
өзгөрткөнгө ишенсек гана жүрөгүбүз тынчтык таап, акыр аягы баары жакшы болот экен. Аллах билет, биз билбейбиз🪐



@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

13 Dec, 09:44


Адам заты түшүнүксүз жаратылганбыз э. Муну түшүнүксүз деп атоо туура болобу аны да билбей турам.
Болгону кээде ушунчалык шүгүрсүз (не благодарный) болуп кетебиз.
Төөнү берсе жибин, жылкысын берсе жүгөнүн кошо бербеди деп наалыйбыз. Ал ошонун баарын кылганга милдеттүүбү, милдеттүү болсо да каалаганынан кылып жатабы, ал адамдын көңүлү ооруп калбайбы, көңүлү калып калсачы, өзүнүн абалы кандай, өзүнүн абалы начар болсо да мага ушунун баарын кылып жаткандыр, айта берсе аягы түгөнбөйт дегендей, кыскасын айтканда жогорудагыдардын бирин да ойлобой мамиле кылып алат экенбиз. Өзүбүздүн катачылыкты көрбөй өзгөгө сын тагат экенбиз.
Бул адамдын табиятыбы, тарбиясыбы, же абалга карата өзгөрүшүбү, айтор түшүнүксүз......


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

12 Dec, 09:04


12.12.2024🥰

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

11 Dec, 05:44


Бир кино көрүп калдым,
Атагы чыккан эң күчтүү жазуучу болсун, ал эң биринчи кезекте ата же эне экен. Баласы жөнүндө эң, эң деген ырларды, чыгармаларды жазат экен.
Эң күчтүү дарыгер болсун, ал эң биринчи кезекте ата же эне экен. Баласын операция же башка нерсе кылганы келгенде, мурдагыдай колдору калтырабай жасай албайт экен.
Эң бай адам болсун, ал эң биринчи кезекте ата же эне экен. Баласы үчүн баарынан кечип жибере алат экен.
Эң адилет сот болсун, ал эң биринчи кезекте ата же эне экен. Баласы бир катачылык кетирсе, аны жаап жашырууга болгон аракетин жасайт экен.
Эң катаал мугалим болсун, ал эң биринчи кезекте ата же эне экен. Баласын аяп, көзүн карайт экен.
Чымынды да байкап турган күзөтчү болсун, ал эң биринчи кезекте ата же эне экен. Баласын көрбөш керек болгон кезде көрбөйт экен.

Булардын баары ата же эне болгону үчүн, милдеттүү болгону үчүн эмес, балким наристесине болгон сүйүүсү үчүн жасайт экен. Жөн гана, кайтарымсыз, эч нерсе күтпөстөн

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

09 Dec, 18:47


Негедир ырлары жагат🫶

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

05 Dec, 15:06


Сен кылбасаң башка бирөө жасайт.
Сен жазбасаң башка бирөө жазат.
Сен жок болсоң башка бирөө болот.
Aр дайым башка бирөө болот.
Бир гана мамиледе эмес.
Бардык нерседе, бардык жерде, бардык адамдар менен


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

03 Dec, 17:05


Сезимдер кандайча өлөрүн айтайынбы?

Адегенде аны сиз кечиресиз, көңүл оорутуучу иш кылганында. Сиз ага: «Мага мындай мамиле жасай албайсың, жүрөгүм ага туруштук бере албайт».
Ал мындай нерсе жасабашын убада кылат. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин, сизге ошол нерселер, дагы бир нече жолу кайталанганын байкайсыз. Сиз эч нерсе деп айтпайсыз, сиз кетип калгыңыз келет, бирок сиз дагы деле аны жакшы көрөсүз.
Ал дагы деле сизди капалантат, ошондо сиз дагы деле кымбат адамыңызга шылтоо таап, "Ал атайлап эмес, бул кокустан".
Сиз дагы деле үмүт кыласыз Бирок, ал сизди жарадар кылган адам, баарын билип туруп, көңүлүңүздүн оорушун көрүп туруп, жүрөгүңүзгө бычакты акырын сайып жатат.
Сиз ага болгон сезимиңизди өзү суутуп жатканын кайдыгер карап турасыз, өз колу менен сиздин үмүтүңүздүн акыркы кирпичин жок кылып жатат.
Баары бош(пусто) Сезимдер деңиз болуп аккан жерде эч нерсе калбады.
Сүйүү дароо кетпейт, ал жүрөктөн акырындык менен кетет - тамчылап түшкөн суудай🪐


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

30 Nov, 07:54


Бирөөнүн аң-сезимдүү жана күчтүү сүйүүсү болгум келет
Аллахтан сураган адамы,
ал дароо болочок жубайын жана балдарынын энесин көргөн аял, мени деп жакшы жакка өзгөргүсү келген, ҮЙ эмне экенин түшүнгөн жана чыныгы сүйүүнү билген адам менен болгум келет........


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

28 Nov, 16:39


Канча маани.........

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

24 Nov, 18:45


Кээде айланамды карап шүгүр кылам, кээде тообо кылам
Адамдар көзгө көрүнүү үчүн(из-за внимание) кандай гана нерселерди кылып жатат
Кээ бири акча үчүн, мансап үчүн, үч күндүк курсагын тойгозуу үчүн баарын жасоодо.
Эмнегедир болуп жаткан нерселер чарчатып жиберүүдө. Учурда гана (в моменте) болуу, акыл-башыңды түздөө мезгилинде жашап жаткандайбыз.
Эххххххххххх, акыры жакшылык болсо экен..........

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

22 Nov, 17:33


Бакыт.........

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

20 Nov, 07:50


Сен буюмга эмес, буюм сага кызмат кылсын


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

17 Nov, 06:12


подари мне уверенность.
я не люблю надежду


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

13 Nov, 17:18


Эмнегедир бүгүн башкача күн болду. Жүрөгүмдө, ичимде башкача сезимдер болду. Буга себеп эч нерсе деле болбоду, билбейм өзүм деле, не болгонун.
Жамгырдын жааганын көрүп кадимкидей бактылуу болуп аттым. Секирип, ойногум келди. Эч кимден эч нерсе күтпөй, өз жолуңда жашаган сонун э. Эң ишенген адамыңдан деле эч нерсе күтпөсөң, алар өздөрү каалаганы үчүн жасап жатканын мээңе сиңдирсең, анан, көңүлүң чөкпөй жашасаң. Сонун сезим болсо керек э. Өкүнүчтүүсү көпчүлүгүбүз тескерисин жасайбыз. Нейсе хайырлысы.
Ошентип өзүм да түшунбөйтам. Акыркы күндөрү, шүгүр, өзүмдү жакшы сезип атам. Көңүлүм тынч, жүрөгүм тынч, тынч болбогон жерде тынчтандырууну үйрөнүп атам. Башкаларгада ушуну айтам.
Сен өзүңө гана керексиң. Жашооңо кирген ар бир адам сабак калтырат. Же сабак аласың же өмүр бою ал сабактан качып өтөсүң. Выбор за тобой жанысы🦋


(Адам физикалык жактан чарчаса, убактысы тар болсо, өзүнө эң жаккан ишин да жасай албай калат экен. Менде ушундай болуп атат азырынча, Канчалык жүрөгүмдөгүнү төгөйүн дейм, убактым болбойт, эптеп убакыт тапсаң эч нерсе келбейт (илхом ака качат😄) кыскасы азыр үй, универ, иш циклинин сызыгынан чыгалбайтам. Буюрса жакшы күндөр алдыда. Бутту эмес башты иштетиш керек болгон заманда жашап атабыз. Агымга карап кете берет экенбиз.)

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

12 Nov, 17:40


Чындап эле адамдын жүзүнөн сүйүү үчүн себеп керекпи?
Сиз ага канчалык муктаж экениңизди айтып, аны мезгил-мезгили менен эстетип турбашыңыз керекпи?
Чын эле сүйүүгө себеп керекпи?

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

08 Nov, 12:57


Укмуштуудай сулуу, боорукер, ыймандуу кыздар сени мактап жатканда, сен аларды карап: "карачы, Кудай Тааламдын укмуштуудай жаратуусуң" деп ойлойсуң🥰


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

05 Nov, 12:43


Эмнеге күнөөлүү ( быть виноватым) болуудан коркобуз.
Кылган ишибизди мойнубузга алгыбыз келбейт. Айткан сөзүбүздү мойнубузга алгыбыз келбейт.
Бирөө эми эле бир нерсе айткысы келсе " мен эмес, негизи мындай.........." ошону менен кетти .......... актанып баштайбыз.
Кызык эмнеге мындай.........


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

03 Nov, 16:38


........

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

03 Nov, 08:46


🪐🍀

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

31 Oct, 23:25


Жума маарек болсун

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

31 Oct, 18:17


Sen onu her baktığında sevgiyle baktığını hatırla, hatırlat, çünkü o son halinde baktığını düşünüyor
Ve hiç sırtını dönme, korksan da sevmeye çalış


Сен аны ар бир карагында сүйүү, мээрим менен кара, мээрим менен караганыңды эстет, сездир, анткени ал акыркы караганыңдай ойдо калды деп ойлоп жатат.
Ага аркаңды эч салба, корксоңда сүйүп, мээрим төгүүгө аракет кыл......


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

29 Oct, 14:37


Бүгүн эки жашы улуу адамдын сөзүн угуп калдым. Бирөө айтат " Үйдөн чыгып эле машине күтүп аткам, шаарга барып келейин деп, анан баланчанын баласы келип калды, жаңы чоң машине алды деп уктум эле, туура эле угупмун, жаңы машинелерден экен. Бирок мени албай өтүп кетти. Ким билет неге мындай кылды. Балким жолдон адам алганды жактырбайттыр, 100-200 кереги жок, шүгүр дейттир. Бирок мага катуу тийди"
" Азыр ар кимдин керек нерсеси өзүндө бар болуп калып, эч ким эч кимге муктаж болбой, эч ким эч кимдин муктаждыгын аткарбай калды"


Жөнөкөй, өкүнгөндөй түр көрсөткөн эки адамдын диалогу болду. Бирок кыйла терең маани жатат.....


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

26 Oct, 18:07


Сен айтасын: болду жетишет, мындан ары чыдай албайм.

Бирок Аллах айтат: ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар 💫

946⃣

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

24 Oct, 04:18


Ал сени таасирлентүү үчүн аракет кыла турган адамдардан эмес, ал бир аз муздак көрүнөт, бирок ал ушунчалык толук, чыныгы жана чынчыл. анын ушунчалык чоң жана чексиз жүрөгү бар. Ал мени анын ар бир тарабы менен кайра-кайра таң калтырат жана мен ал жөнүндө ар дайым жаңы нерсени билем. Ал күтүүсүз сюжетке ээ китеп сыяктуу, бирок ал адамгерчиликтүү, сезимтал жана жумшак. Анын толгон айдай сулуу жылмаюусу жана сени арбап ала турган көрүнүшү бар. Башкалар үй деп атаганын - мен андан таптым......

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

23 Oct, 05:51


Мошенничествонун жаңы жолу телеграм аркылуу чыгыптыр, бейтааныш номерлерден келген apk файлдарды ачууда этият болуңуздар
Android телефондордон данныйларды алышат экен, ушул аркылуу

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

22 Oct, 16:46


Кечире берсең сени колдонуп башташат. Баалоону унутушат. Качан гана кеткениңде кимдин ким экенин көрүшөт. Адам заты ушундай экенбиз. Бекеринен колдо бар алтындын баркы жок дешпегенда. Баарыны убагында чеги менен жасасак балким ошол нерсенин аягына чыга алабыз.

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

20 Oct, 06:01


Мен бул сөздүн мааниси жөнүндө көп ойлоном: "Бир аз таза абага чыккыла". Бул аба үчүн башка жакка барыш керек дегенди билдирет. Мына азыр тумчугуп турган жериңден алыста дегенди билдирет.

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

16 Oct, 15:42


Сен башкаларга кандай мамиле кылсаң, сага да ошондой кыла турган адам ар дайым болот, муну унутпа))

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

16 Oct, 14:46


- Оорулуудай көрүнөсүң
- Ууланып калдым (отравление)
- Кантип?
- Чындык менен.( реальностью)

Карлос Руиз Зафон

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

14 Oct, 02:14


Mисалы, адам 5 убак намаз окууга ниет кылат. Ага шайтан келет: -Даарат аласың! даарат.??? бул ушунчалык узун!
бирок даарат канчага созулат? - 1 мүнөт.
анан "намаз ушунча созулат..." дейт.
жана убакытты белгилейсиз, намазга канча убакыт кетет?? - 4 мүнөт.
кээ бирлери намазга шашышат, мен аларга айтам "байке, эже, намазга шашпаңыз, шашып окуган менен кадимки намаздын айырмасы түз маанисинде 1 мүнөт".
ашканага барып суу ичүү үчүн дагы убакыт керек...
Тик токту сыдырып жүргөндө, бир саат учуп кетиши мүмкүн, туурабы?
жана намаз 4 мүнөт гана созулат!!!
"субхана'раббиял азым" деп айтканда, бир аз жайыраак айт
"сами'Аллаху лиман хамидах" дагы 5 секунд күтө тур! саждада дагы 5 секунд гана калуу жана башкалар. Натыйжада, бир нече секунда гана намазды туура жана жараксыз деп айырмалайт.
Даарат деген эмне? - жөн гана бетиңизди жана колуңузду суу менен сүртүңүз! кыйынбы? СУБХАНАЛЛАХ!

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

11 Oct, 16:36


Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

«Пландаштырылган ишти ийгиликтүү аяктоо үчүн ал ишти жашыргыла
Анткени, чындыгында, ар бир жакшылык ээсинин (өзүнүн) көрө албастыгы бар».

Сахих аль-жамиъ ас-сагир» 943, «ас-Силсила ас-сахиха» 1453.


@bakutochogu

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

08 Oct, 17:51


Чет өлкөдө окуган сонун
Эл, жер көргөн сонун
Эркин куш болгон эң сонун
Максат-кыялга жеткен дагы да жакшы

Бирок..........
Үй бүлөлүк бакыт бул башкача. Эгер чындап бактылуу боло ала турган адамга жолуксаң, анда жогоруда саналып өткөндөрдү садага чабууга арзыйт бул үй-бүлө.
Үй-бүлө маселеси бул келечектеги маселе, бул бүгүнкү маселе
Бул адам баласы болгондон кийин бир күн козголо турган маселе. Чынында эле баарынан артык маселе.............


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

07 Oct, 14:35


............

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

03 Oct, 15:48


Жылмайууңуздун артындагы кайгыны,
Ачууңуздун артындагы сүйүүнү,
Унчукпооңуздун (молчание) артындагы себепти көрө алган досторду берсин Аллахым.....

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

03 Oct, 07:32


Gülüşünüzün ardındaki kederi,
Öfkenizin ardındaki sevgiyi,
Sessizliğinizin ardındaki sebebi göre bilen dostlar versin Allah(c.c.)

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

30 Sep, 10:45


Бүгүн жолдо келе жатып 4-6 класста окуган балдардын садака берип жатканын байкап калдым.
Баштыгындагы бар тыйынды алып берип жатышкан экен. ТЫЙЫН берип жатышат. 10-12 жаштагы балдар.
Ооба, ар бир адам колунда барын берет. Бирок көпчүлүгүбүз, иштеп жаткан, пенсияга чыккан, жаңы иштеп жаткан, окуп жаткан, айтор садака берерде тыйын издеп калат экенбиз.
Тиги жаш балдарга салыштырып көргөндө алар менен тең эле берет экенбиз.


Ооба, садака берүү акча менен чектелбейт. Жана мен бул жерде кимдин канча бергени жөнүндө айткым келбегенин байкаган чыгарсыздар эээ....


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

25 Sep, 18:29


Жыгачтын жумшагын курт жейт. Адамдын жумшагын адам жейт

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

20 Sep, 12:12


-Бир нерсени жоготуп, экинчисин табасың,
- Бир нерсени таштап, бир нерсеге келесиң.

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

18 Sep, 17:55


«Эркектин сулуу же сулуу эместиги, эң, маанилүү эмес, анын сырткы келбети анын кылыгына, айткан сөзүнө, аялына болгон мамилесине караганда, эч нерсеге арзыбайт.

Токтоолук, чечкиндүүлүк, айтылган сөздө туруу, иш-аракет(действие), көз карашы; тартип, эстүүлүк жана Кудайдан чыныгы коркуу - бул жар тандоодо эң негизги критерийлер болушу керек. »


@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

17 Sep, 06:48


Адам характерин өзгөртө алса, тагдырын өзгөртө алат

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

15 Sep, 03:19


Сейчас это подарок, новерное поэтому в английском это называют "present "

@kundolukt

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

13 Sep, 16:38


Bazıları kendini kaybolmuş hissedersin. Neredeydim. Nereye gidiyordum.
Şimdi neredeyim. Nereye gidiyorum. Yaptıklarımın hepsi ne için. Peki ne var elimde.


Karanlıkta kalmış gibiyim. Yorgunluk hissediyorum. Sadece yorgunluk var.......

DIARY/Күндөлүгүм🫀🌿

12 Sep, 03:18


Алла Таала бизге: «Силер маанилүү болууга, эсте калууга, айтылууга, адамдар сени менен баарлашууга умтулуп жатасыңар, муну дайыма каалайсыңар, бирок жараткандан бери силерде бар, көпчүлүк бөлүгү эч кандай мааниге ээ болгон эмес нерселерге бекер убакыт коротуудасынар.
Эгер кимдир бирөөнүн көңүлүн алуу же таанылуу үчүн аракет кылсаңыз, сиз дайыма өзүңүздүн көңүлүңүздү калтырасыз. Эгер чындап шүгүр кылсаңыз, анда башканы эмес, Алла Тааланы таанууга гана умтуласыз. Адам жаралганда ал жөнүндө эч ким ойлогон эмес. Ал өлгөндө, кээбир адамдар аны эстешет, бара-бара аны да унутушат.
Бирок Алла Таала сени, жана сенин ынтызарлыгыңды жана азап-тозокторуңду аалам бар болгондон да, асман менен жерден да көпкө эстейт дейт.

@kundolukt