Министрлер кабинети көрүстөндөргө сөөк коюу жана маркумга эстелик коюу тартибин бекитти. Документте көрүстөндүн 60-65% сөөк коюлган жайлар ээлеп калганы жазылган.
Ошондой эле маркумду коюуга жана коштошууга келген адамдар үчүн атайын аянтча да каралышы керектиги белгиленген.
Токтомго ылайык, ар бир жаранга сөөк коюлуучу жер тилкеси бөлүнөт. Мүрзө үчүн жер тилкесин берүүдөн баш тартуу болбойт.
Жер тилкеси маркумдун көзү тирүүсүндөгү каалоосуна ылайык, туулган же акыркы жашаган жери боюнча, мурда каза болгон жакындары көмүлгөн жерден берилет. Уруксат берилбеген жерге өз билемдик менен коюуга, казып алып, башка жакка кайра көмүүгө да тыюу салынат.
Маркум коюлуучу жер тилкесинин өлчөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү шарттарга, каада-салтка жана карманган динине жараша бекитилет.
Документте мындан тышкары мүрзөлөргө эстелик коюу эрежелери да киргизилген. Ага ылайык, эстелик койгондор жергиликтүү бийликке маалымдап, тиешелүү талаптарды сактоого тийиш.
Маркумга тургузулуучу эстеликтин бийиктиги 70 сантиметрден ашпоого тийиш, мүрзөнүн айланасын жыгач же башка бекем материалдардын жасалган жапыз тосмо менен гана тосууга уруксат берилет.
Эстеликке маркумдун аты-жөнү, туулган-өлгөн күн, ай, жылы жазылат. Диний символдорду жана эпитафияларды чегерүүгө уруксат берилет. Жалпы эрежелерге туура келбеген элементтерди коюуга тыюу салынат.
Көрүстөндүн аянты тосмолонуп, бийиктиги 1,5 метрден төмөн болбоого тийиш.
Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматка ылайык, бул жоболор президент Садыр Жапаров былтыр октябрда чыгарган “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” жарлыгынын негизинде даярдалды.
Жапаров 2024-жылы 24-февралда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Долбоор парламентте талкууланып жатканда көр сатуу, ага баргандарды, жол бергендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелери дагы көтөрүлгөн. https://smarturl.click/M1pza