Жооп: Уа ъалейкум ассалом)
Исламда аял же эркек болобу, илим үйрөнүү бардык мусулман үчүн парыз болуп эсептелет! Пайгабарыбыз Мухаммад (с.а.в) айткан :
«Илим алуу ар бир мусулман эркекке жана аялга милдет »
2) Эмне үчүн аял менен эркектин илим деңгээли бирдей болушу керек ?
1) Аял киши - үй бүлөнүн таянычы болот, эгерде аял илимдүү болсо, ал балдарын туура тарбиялап, күйөөсүнө кеңешчи болот.
2)Эркек - үй - бүлөө башчысы аялын жана балдарын туура багыттап , адилеттик менен башкаруу үчүн билимге муктаж...
3)Эркек аялдан илимдүүрөк болушу керекби ?
Исламда аялга караганда эркекке дүйнө жана жоопкерчилик көбүрөөк жүктөлгөн, ошондуктан ал кээ бир маселелерде, тезирээк илимге ээ болушу керек...
•Шарят мыйзамдары.
Үй - бүлөнү багыуу жана башкаруу
Соода жана коомдук иштер ...
Бирок аял киши да өзүнө тиешелүү тармактарга күчтүү илимге ээ болушу зарыл:
•Балдарды тарбиялап.
• Үй- бүлөөлүк мамилелер.
•Диний жана руханий билим ...
Ким Аллахтан көбүрөөк корксо, ошол эң илимдүү !
Исламда эркек менен аялдын кимиси көбүрөөк илимге ээ экенине карабастан, түшүнүктүү, адилеттүү жана такшалган адам болуу маанилүү. Илим үйрөнүү - баарыбызга милдет !!!