Эскерте кетсек, быйыл 3-апрелде Бишкектеги Кут конушунда 34 жаштагы аял бычакталып өлтүрүлгөн. Шектүү катары анын мурдагы күйөөсү Б.К. кармалган.
Маркум аял үч баланын энеси болгон. Ал 18 жашында турмушка чыгып, 22 жашынан бери үч баласын өзү багып келе жаткан. Күйөөсү менен бир топ жыл мурда ажырашып кеткен.
Биринчи май райондук соту билдиргендей, айыпталуучуга өкүм 22-октябрда чыккан. Ал (Б.К.) «өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ага өкүм чыкканга чейин камакта отурган бир күнү эки күн болуп эсептелет. Ал быйыл 4 апрелде кармалган.
Ошондой эле айыпталуучу жабырлануучу тарапка 300 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилген.