https://youtu.be/7wKU-kOyUS0?si=xRMZUfjRLLNDcCmG
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫ ЭЭРЧҮҮ БИЗДИН ЫЙЫК МИЛДЕТИБИЗ
Биз Пайгамбарыбыздынﷺ өмүр жолун окуу, сүннөтүн ээрчүү менен ибадат кылып Аллахтын буйругун аткарабыз. Аллахтын сүйүктүү элчисине сүйүүбүздү арттырабыз. Аны сүйүүнүн негизги белгиси, буйруганын аткаруу, тыйганынан тыйылуу.
Пайгамбарыбызгаﷺ баш ийип, ал айткан нерселерди аткаруу биздин ыйык милдетибиз экенин Аллах минтип айткан:
﴿قُلۡ إِن كُنتُمۡ تُحِبُّونَ ٱللَّهَ فَٱتَّبِعُونِي يُحۡبِبۡكُمُ ٱللَّهُ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡ وَٱللَّهُ غَفُور رَّحِيمٞ﴾
"(Оо, Мухаммад): Эгер Аллахты сүйсөңөр, анда мени эрчигиле. (Ошондо) Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу деп айткын". Куран, Ааль Имран: 31. Дагы бир аятта минтип айтат:
﴿لقَدۡ كَانَ لَكُمۡ فِي رَسُولِ ٱللَّهِ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ لِمَن كَانَ يَرۡجُواْ ٱللَّهَ وَٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرا﴾
"(Оо, ыймандуулар! Аллахтын элчисинде силерге сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп эстегендер үчүн". Куран, Ахзаб: 21.
﴿وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمۡ عَنۡهُ فَٱنتَهُواْۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ﴾
“(Оо, мусулмандар) Пайгамбар силерди эмнеге буюруса, дароо аны кабыл алып аткаргыла жана силерди эмнеден тыйып кайтарса, ошол замат тыйылып, кайткыла! Аллахтан корккула, чынында Аллахтын азабы катуу!”. Куран, Хашр: 7.
﴿وَإِن تُطِيعُوهُ تَهۡتَدُواْۚ﴾
“Эгер ага моюн сунуп, эрчисеңер анда туура жолдо болосуңар” Куран, Нур: 54.
Пайгамбарыбызгаﷺ баш ийүү жана аны ээрчүү тууралуу Куранда кыркка жакын жерде айтылган. 📚"Мажмуь ал-Фатаава", 1\4.
Пайгамбарыбыздыﷺ эрчимейинче жашоодо ийгилик болбойт жана ибадаттар кабыл кылынбайт. Бул тууралуу Куранда Аллах минтип айтат:
﴿...وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ يُدۡخِلۡهُ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ وَذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَتَعَدَّ حُدُودَهُۥ يُدۡخِلۡهُ نَارًا خَٰلِدٗا فِيهَا وَلَهُۥ عَذَابٞ مُّهِينٞ﴾
"Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, аны түбүнөн дарыялар агып турган бейишке киргизет, анда түбөлүк калат. Мына бул – чоң жеңиш. Ал эми кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине күнөө кылса жана Аллахтын чектеринен чыгып кетсе, аны түбөлүк кала турган тозокко киргизет. Аны кор кылуучу азап бар". Куран, Ниса:13-14.
Ыймандын даамын татуу үчүн Пайгамбарыбыздыﷺ сүйүү зарыл экендигин Пайгамбарыбызﷺ минтип айткан:
"ثلاثٌ مَنْ كُنَّ فيه وجَدَ حلاوَةَ الإيمانِ: أنْ يكونَ اللهُ ورسولُهُ أحبُّ إليه مِمَّا سِواهُما، وأنْ يُحِبَّ المرْءَ لا يُحبُّهُ إلَّا للهِ، وأنْ يَكْرَهَ أنْ يَعودَ في الكُفرِ بعدَ إذْ أنقذَهُ اللهُ مِنْهُ؛ كَما يَكرَهُ أنْ يُلْقى في النارِ".
“Кимде үч нерсе табылган болсо, анда ал ыймандын даамын таткан болот: Аллах жана анын Элчисиﷺ ал киши үчүн башкалардан сүйүктүрөөк болуусу. Бир кишини жакшы көрсө, аны бир гана Аллах үчүн жакшы көрүүсү жана каапырлыка кайтууну тозокко түшүүнү жаман көргөндөй жаман көрүүсү.”
📚Имам Бухари жана имам Муслим.
Дагы бир хадисинде минтип айткан:
"فوالذي نفسي بيدهِ لا يؤمنُ أحدُكم حتَّى أكونَ أحبَّ إليه من والدهِ وولدهِ والناسِ أجمعين"
“Менин жаным колунда болгон Аллахка ант берип айтамын, мени атасынан да, баласынан да жана баардык адамдардан артык көрмөйүнчө, силердин эч бириңер толук ыймандуу боло албайсыңар”.📚имам Муслим.
Аллахтын элчисининﷺ өмүр жолу таза, ачык, андан таалим алабыз жана анын баскан жолу менен басабыз. Кимде ким Аллахтын Элчисинﷺ бекем ишеним менен сүйүп, Ал буйруп, тыйган нерселерди дене мүчөөлөрү менен амал кылса, ал сөзсүз ыймандын даамын татат.
➖➖➖➖➖➖➖➖
✍ Нематулла Кадайев
Telegram
👉https://t.me/islambulagy
Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link
YouTube
👉https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA
Facebook
👉https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share