ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ @imanalievelmirbek Channel on Telegram

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

@imanalievelmirbek


Каналга катталышты унутпагыла!!!

Достор каналга ар бир постко реакция калтырабыз...📈↙️💫

Бул каналды башка досторуңуздарга бөлүшүңүздөр...📨↙️💫

Суроолор болсо кайрылыңыздар...📨↙️🖐

@AsvKairat1📨

@AsvKairat📨

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ (Kyrgyz)

Элмирбек Иманалиев каналы жеңиштер менен алардын өзүн-өзүңүз бир-бирине таништуруу үчүн жасалган. Бул каналга катталып, көрсөткөн посттарга реакция калтырасыз. Каналды башка досторлорго жасырын чыгарууңуз мүмкүн. Суроолор болсо, кайрылыңыз. @AsvKairat1 же @AsvKairat каналдарына ылайык түп-түк катышып, маалымат алыңыз.

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

14 Nov, 11:58


турмуш деген – бүтпөгөн бир эрегиш,
турган чыгар – же жеңилүү,же жеңиш

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

03 Nov, 13:41


Бирөөлөр кетет дүйнөдөн,
Ак жылдыздай жарк этип.
Бирөөлөр кетет дүйнөдөн,
Жаман шамдай жалп өчүп.

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

30 Oct, 17:13


https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

29 Oct, 17:08


https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

29 Oct, 16:54


Өзгөрбөс жашоо болобу?
Өзгөрбөй дүйнө коёбу?
Өзгөрүп баары турбаса,
Өксүгү жандын толобу?

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

29 Oct, 16:31


Кыялга кымбат кыз ашык,
Кымбатын сөздүн улашып.
Жолугуу үчүн–коштошуп,
Кездешүү үчүн–узашып...

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

29 Oct, 16:26


Кош данек көрсөң,
кош карегиңден жаш ыргып,
Кордугун жандан
ашырган кезде жалгыздык.
Бадалды көрсөң,
бир-бирин өскөн кучактап,
Баладан бетер ыйлагың келет бышактап.
Оой,кыйын экен жалгыздык!...

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

29 Oct, 15:11


Ээрчишип жүрүп, экөөбүз нени көрбөдүк?
Кордосо тагдыр, зордосо турмуш кенбөдүк.
Жан айлам таппай, карайлап жолдо турамын, Дарексиз кетсең, карексиз киши өңдөнүп.

Эми сен мага, кезиксен кана эртелеп,
"Элим" деп сүйлөп, "бегим" деп сүйлөп,
эркелеп.

Мага сен балким таарынып калган чыгарсың,
"Махабат - деген, - Маанисиз эле нерсе!" - деп.

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

29 Oct, 15:05


ЖҮРӨГҮМӨ
Бүгүн дагы дүкүлдөп байкуш жүрөк,
Издеп сени өзүнөн... Таппай күйөт.
Басып жүргөн мен болсо - болдум сүрөт,
Байкуш жүрөк, бечара баарын билет.
Бар эле да, оо, анда аруу тилек...

Байкуш жүрөк эгиздин түгөйү эле,
Эзилгенче эгизин сүйөр эле.
Туну болчу, андыктан экинчисин,
Тутунуп жөлөк кылып жүрөр эле.

Жүрөгүм ай, эми сен, кечир мени!
Турмушта кимдер ката кетирбеди?!
Мен силерди алдейлеп багып жүрүп,
Болгон болсон тагдырдын жетимдери.

Тайкы жашап, тайтактап тойлогондор,
Тамашалап тагдырды ойногондор.
Колтугумдан чыгарын кайдан билдим,
Кош жүрөктүн бирисин жулуп алып,
Кош бакыттуу болом деп ойлогондор...

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

29 Oct, 14:58


Окшогон кеч күздүн муздак жамгырына,
Мупмуздак күндөр жаады тагдырыма.
Аял болсом солкулдап ыйлайт элем,
Эркекмин деп тиштенем бардыгына.
Жүрөгүмө жыгылып калды турмуш,
Жараткан, убакыт бер тургузууга.

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

28 Oct, 10:20


Турмушутун арабасын тартып алып,
Бирөөнүн жүгүн колго артып алып.
Өмүрүң өтөт экен,кайран адам,
Кыялың кызуу демин камчыланып..

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

28 Oct, 10:19


https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

28 Oct, 06:31


https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

21 Oct, 16:04


өмүрдүн эртеңине шаша берип,
өкүнүч, муңдан башка эмне таптык?

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

12 Oct, 03:36


https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

05 Oct, 08:26


Мезгилдер өттү мезгилдер
Мен күтпөйм,эми мени күт!

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

05 Oct, 08:20


БАЛА БОЛУП КАЙТАЙЫН


Турам келип айлыма кайра мына,
Туулган жердин куштары, сайрагыла!
Көр тирликтин көөсүн жууп кете турган,
Көркөм сонун дүйнөнү арнагыла!


Анжияндын,Арканын,Сарөзөндүн—
ар биринен достор бар ар өрөөндүн.
Ысык-Көлдүн,Таластын, Теңир-Тоонун—
Ысык сүйүү,саламын ала келдим,
Ысыгында муздатпай ала көргүн!

Аманатын алардын келип анан,
Айтып алсам силерге эргүү алам.
Батаңды бер,апаке,ошолорго,
Бардык кыргыз баласы-сенин балаң.

Жабыркаткан ойлордон арылайын,
Жан дүйнөмдү кайра бир жаңылайын.
Жакындарым,дос-тууган,кагылайын,
Жарпым жазар сөздөрдөн сүйлөгүлө,
Жараатымдан качанкы айыгайын!

Туулган жерим,мен сага анда-санда келсем дагы.
Туурумсуң ар качан да.
Турмуш күтүп мен мында калбасам да,
Баягы бир,баягы бактымды бер,
Бала болуп кайтайын кайра шаарга.

https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

04 Oct, 05:41


https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

03 Oct, 17:19


https://t.me/imanalievelmirbek❤️

ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ

28 Sep, 17:37


Кандай күндө жүрөт деп ойлодуңбу?
Көнгөнүмдү билесиң сага гана.
Өзүң жок мен бир байкуш болбодумбу,
Өзөгүмдү зилдетип санааларга.

Кат да жазып койбодуң эстеп неге?
Кадимки эле биз көнгөн адам менен.
Кадырыма башка адам жетмек беле?
Канча таңды атырдым азап менен.

Баарын, баарын калчадым акыл менен,
Сен кеткенде жашынып алыстарга.
Билбептирмин ушунча алсыз белем,
Ооруп жатам, демим жок айыкканга.

Келип калчы, жарыгым, ушул күнү,
Көздөрүңдү көрөйүн нур жайнаткан.
Чачтарыңды төшөп сал ушул түнү,
Жүрөгүмдүн тушуна муз кайнаткан...

- Элмирбек Иманалиев

https://t.me/imanalievelmirbek❤️