УТРК News @ktrk_live Channel on Telegram

УТРК News

@ktrk_live


УТРК – Күндүн маанилүү саясий, экономикалык, маданият, спорт, музыкалык ж.б. ыкчам так маалыматтарды чагылдырган маалымат булагы.

Биздин веб сайт:
https://www.utrk.kg

УТРК News (Kyrgyz)

Добро пожаловать в УТРК News - ваш источник политических, экономических, культурных, спортивных и музыкальных новостей каждый день.

Мы предоставляем актуальные и достоверные информационные материалы на самые разнообразные темы, чтобы вы всегда были в курсе происходящего в мире. Наш канал @ktrk_live - это место, где вы найдете самые свежие новости и интересные статьи, которые помогут вам быть в центре происходящего.

Не упустите свой шанс быть в курсе всех событий! Присоединяйтесь к нам прямо сейчас!

Посетите наш веб-сайт, чтобы узнать больше: https://www.utrk.kg

УТРК News

17 Nov, 06:42


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш берди.

Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы №71 мектепте жайгашкан № 1142 шайлоо тилкесинде добуш салды.

УТРК News

17 Nov, 06:23


Минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров шайлоого небереси менен келди

УТРК News

17 Nov, 06:06


Президент Садыр Жапаров жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө катышты

УТРК News

17 Nov, 06:04


Кыргызстанда шайлоо системасы толугу менен автоматташтырылды. Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, азыр шайлоо системасында адам фактору жок. Анда иштер электрондоштурулгандыктан бюллетендерди аппарат санайт.

«Шайлоо аяктагандан кийин жарым сааттын ичинде маалымат жалпы республика боюнча чыгарылат. Бюллетендерди көрүп жатасыздар, шайлоочу каттоодон өткөндөн кийин бир кишиге бир гана бюллетень берилет. Ал башка шайлоо участогуна барып шайлай албайт. Азыр илгеркидей «карусель» деген жок да», — деди президент.

УТРК News

17 Nov, 05:57


Талас шаарындагы 9601 шайлоо тилкесине аралыктан добуш берүү үчүн 349 жарандан арыз түшкөн.

Бүгүн, Президентин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев дагы аталган шайлоо тилкесинен өз добушун берди. Облус башчысы шайлоого уулу менен биргеликте келген.

Талас облусунда жалпы 118 шайлоо тилкеси болсо, анын бирөө аралыктан добуш берүүгө арналган

УТРК News

14 Nov, 11:25


https://www.utrk.kg/kg/news/s/88485

УТРК News

13 Nov, 03:45


https://www.utrk.kg/kg/news/s/88455

УТРК News

13 Nov, 03:44


https://www.utrk.kg/kg/news/s/88454

УТРК News

12 Nov, 05:29


https://www.utrk.kg/kg/news/s/88442

УТРК News

12 Nov, 05:28


https://www.utrk.kg/kg/news/s/88443

УТРК News

08 Nov, 05:22


Бишкек ‐ Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү саат 10:20да толук тазаланып, жеңил унааларга эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ал эми оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, көчкү саат 09:07 чамасында түшкөн.

УТРК News

08 Nov, 04:48


Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

УТРК News

07 Nov, 05:08


Кыргызстандын 6 ЖОЖу Азиянын эң мыкты университеттеринин катарына кирди


— Кыргыз-Түрк “Манас” университети (230-орун);
— Ош мамлекеттик университети (260-орун);
— Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);
— Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университети (333-орун);
— Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (381-орун);
— Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
(381-орун);

УТРК News

07 Nov, 05:06


Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алына элек.

Бул тууралуу 7-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Төө-Ашууда кар жаап жатат. Мындан улам «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө алына элек, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында жол тазалоо иштери жүрүп жатат.

УТРК News

07 Nov, 04:58


Россиядагы мекендештерге эскертүү: Жаңы мыйзамдар кабыл алынды

УТРК News

05 Nov, 15:00


Өзбекстандын Президенти Кыргызстанга келди

УТРК News

05 Nov, 12:51


https://youtu.be/1TBhXumkqGU?si=XlpB8HBcgW8vQ9hJ

УТРК News

05 Nov, 07:30


https://youtu.be/O5b5xWQKBGU?si=6ejDTOrl6_7q4SBR

УТРК News

05 Nov, 06:57


Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын расмий жолугушуу аземинен фотобаян

УТРК News

25 Oct, 09:16


Футбол боюнча улуттук курама Йемен менен беттешет

Бүгүн U-17 Азия кубонунун тандоо оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Йемендин командасы менен беттешет.

Маалыматка караганда, оюн Вьетнамдын Вьетчи шаарынын Vie Tri стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. Игорь Никитиндин жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы I тайпасында Мьянма, Йемен жана Вьетнамдын курамалары менен жайгашкан.

Буга чейин курама команда 23-октябрда Вьетнам менен ойноп, беттеш тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

УТРК News

24 Oct, 07:49


Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылды

Автобус Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт. Жол кире накталай эмес түрдө 17 сомду түзөт.

УТРК News

23 Oct, 12:31


Светлана Аширова Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды

УТРК News

23 Oct, 08:18


БАЛБАН РАЗЗАК БЕЙШЕКЕЕВ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Спортчу 67 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/16 финалдык беттеште албаниялык балбаны Даниель Дажанини 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Фарид Халиловду 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты. 1/4 финалдык беттеште япониянын балбаны Харуто Ябени 9:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште польшалык Арсланбек Салимовду утуп финалга чыкты. Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзени жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону аталды.

УТРК News

23 Oct, 06:16


Өлкөгө дагы жаңы автобустар алынып келет

УТРК News

23 Oct, 06:06


https://www.utrk.kg/kg/news/s/88227

УТРК News

23 Oct, 06:05


Кыргызстан Кытайга жаңгакты экспортко чыгара баштады

Ушул жылдын сентябрь айынан тарта Кыргызстандан Кытайга жаңгак кайрадан экспортоло баштады. Бул тууралуу Башкы бажы башкармалыгы билдирди. Бир айда 25 тонна жангак экспорттолгон. Маалыматка ылайык, август айында жаңгакты сыртка чыгаруу убактылуу токтогон. Буга чейин Кыргызстан Кытайга жети ай катары менен тагыраагы январдан июлга чейин экспорттогон.

УТРК News

22 Oct, 15:40


Садыр Жапаров Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясын ачты

УТРК News

22 Oct, 15:14


https://youtu.be/eb77t1VWnA8

УТРК News

22 Oct, 15:14


Садыр Жапаров “Мурас Юнайтед” машыгуу базасын ачты