КР Президенти @kr_president Channel on Telegram

КР Президенти

@kr_president


КР Президентинин расмий Telegram-каналы

Официальный Telegram-канал Президента КР

КР Президенти (Russian)

Добро пожаловать на официальный Telegram-канал "КР Президенти"! Здесь вы найдете самую актуальную информацию о Президенте Кыргызстана, его деятельности, новостях и событиях.

Наш канал создан для всех желающих быть в курсе происходящего в политической жизни Кыргызстана. Здесь вы сможете узнать о выступлениях Президента, его встречах с представителями других стран, а также о ключевых решениях, принимаемых им во время своего правления.

Присоединяйтесь к нам, чтобы быть в курсе деловой и политической активности Президента КР! Подписывайтесь на наш канал, чтобы не пропустить ни одной важной новости. Будьте в курсе событий, следите за обновлениями и будьте в курсе происходящего. Мы ждем вас на нашем канале "КР Президенти"!

КР Президенти

09 Dec, 06:15


Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Сабиров Равшанбек Азатович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.

*******

Равшанбек Сабиров назначен министром труда, социального обеспечения и миграции

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Сабиров Равшанбек Азатович назначен министром труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики, и освобожден от исполнения ранее возложенных обязанностей.

КР Президенти

09 Dec, 05:28


Обращение Президента Садыра Жапарова по случаю Международного дня борьбы с коррупцией

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 9 декабря, направил обращение по случаю Международного дня борьбы с коррупцией.

Обращение Главы государства:

«Уважаемые соотечественники!
Дорогие кыргызстанцы!

Сегодня – Международный день борьбы с коррупцией, объединяющий общество в решимости противостоять одному из самых опасных и разрушительных явлений, подрывающему основы государственного управления, экономического развития и социальной справедливости.
Коррупция — это не только нарушение закона. Это угроза стабильности и будущему нашей страны. Она разрушает доверие людей к власти, ослабляет общественные и экономические механизмы, затрудняет развитие и наносит ущерб каждому гражданину.

В Кыргызской Республике борьба с коррупцией является одним из приоритетных направлений государственной политики. Мы понимаем, что для создания процветающего государства необходимо укрепить основы законности и справедливости, обеспечить равенство всех перед законом, устранить любые привилегии и зависимости, которые подрывают доверие граждан.
В последние годы сделан значительный шаг в повышении прозрачности работы государственных органов. Развивается система электронного правительства, где услуги предоставляются без посредников, а информация становится доступной и понятной для каждого гражданина. Кроме того, мы активно работаем над реформой правоохранительных органов, усилением независимости судебной системы и обеспечением справедливости при рассмотрении дел, связанных с коррупцией.

Коррупция — это не только проблема государственных структур, но и всего общества. Ни одно государственное учреждение или организация не могут победить коррупцию без участия каждого гражданина в борьбе с ней.

Мы должны стремиться формировать у подрастающего поколения уважение к закону и приверженность принципам честности.

В этом году моим Указом утверждена Государственная стратегия по противодействию коррупции в Кыргызской Республике на 2025-2030 годы – в целях усиления противодействия коррупции, применения эффективных механизмов предупреждения коррупции, совершенствования антикоррупционного законодательства, а также реализации на системной основе комплекса мер, направленных на достижение стабильных результатов по минимизации коррупции в стране.

Уважаемые соотечественники!

Коррупция — это вызов, который требует наших общих усилий. Уверен, что наш народ способен справиться с ним и построить будущее, свободное от коррупции, в которой ценятся честность, законность и справедливость. Только объединяя усилия государства, общества, бизнеса и каждого гражданина, мы сможем построить страну, в которой ценятся честность, законность и справедливость.

Я благодарю всех, кто активно поддерживает усилия по борьбе с коррупцией, кто своим примером способствует изменению ситуации в стране.

Мы продолжаем работать над созданием системы, в которой каждый гражданин будет уверен в своем праве на справедливое обращение, а власть будет служить народу, а не личным интересам».

КР Президенти

09 Dec, 05:27


Президент Садыр Жапаровдун Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуусу
 
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.
 
Мамлекет башчысынын кайрылуусу:
 
“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бүгүн – дүйнө жүзүндө башкаруунун, экономикалык өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн негиздерине доо кетирген эң коркунучтуу жана кыйратуучу көрүнүштөрдүн бирине чечкиндүүлүк менен каршы турууга чакырган Коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнү!

Коррупция — бул жөн гана мыйзам бузуу эмес. Бул мамлекетибиздин туруктуулугу менен келечегине коркунуч туудурган кооптуу көрүнүш!

Ал элдин бийликке болгон ишенимин талкалайт, коомдук жана экономикалык механизмдерди алсыратат, өнүгүүгө тоскоол болуп, ар бир жаранга зыян келтирет.
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Биз өнүккөн мамлекетти куруу үчүн мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн негиздерин чыңдоого, мыйзам алдында бардыгынын теңдигин камсыз кылууга, жарандардын ишенимине доо келтирген бардык көрүнүштөрдү жоюуга багыт алдык.
Акыркы жылдары мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жогорулатуу боюнча олуттуу кадамдар жасалды. Коррупциялык тобокелдиктерди жоюп, көзөмөлдү, жоопкерчиликти күчөтө турган Электрондук өкмөт системасы өнүгүп, кызматтар ортомчуларсыз көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары, биз укук коргоо органдарын реформалоо, сот системасынын көз карандысыздыгын бекемдөө жана коррупцияга байланышкан иштерде адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып баруудабыз.
Коррупция – бул жөн гана мамлекеттик органдардын эле эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү. Коррупцияны жеке эле мамлекеттик бир мекеме же уюм жеңе албайт, бул күрөшкө ар бир кыргыз жараны тартылууга тийиш. Биз жаш муундарды мыйзамды урматтоого жана чынчылдык принциптерине берилгендикке тарбиялашыбыз керек.
Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн, алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле өлкөдөгү коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралардын комплексин ишке ашыруу максатында 2025–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны быйыл атайын Жарлык менен бекиттим.

Урматтуу мекендештер!

Коррупция — бул биздин биргелешкен күч-аракетибизди талап кылган чакырык. Биз баарыбыз ушул коркунучка каршы турсак, коррупциясыз келечек кура алабыз деп бекем ишенем. Мамлекеттин, коомдун, бизнестин жана ар бир жарандын аракеттерин бириктирүү аркылуу биз адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана калыстык бааланган өлкөнү курууга жетишебиз.
Коррупцияга каршы күрөштү жигердүү колдоо менен өлкөдөгү кырдаалды өзгөртүүгө көмөктөшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем.
Ар бир кыргызстандык өзүнө адилеттүү мамиле жасала тургандыгына ишенген, бийлик айрым бирөөлөргө эмес, элге кызмат кылган системаны түзүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз улантабыз”.

КР Президенти

09 Dec, 04:51


Ратифицированы Обменные ноты между Кабинетом Министров Кыргызстана и Правительством Японии по проекту «Стипендиальная программа по развитию человеческих ресурсов»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Обменных нот между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Японии по проекту «Стипендиальная программа по развитию человеческих ресурсов» и Грантового соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Японским Агентством Международного Сотрудничества (JICA) по проекту «Стипендиальная программа по развитию человеческих ресурсов», подписанных 1 августа 2024 года в городе Бишкек».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 20 ноября 2024 года.

Целью данного Закона является ратификация Обменных нот между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Японии по проекту «Стипендиальная программа по развитию человеческих ресурсов» и Грантового соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Японским Агентством Международного Сотрудничества (JICA) по проекту «Стипендиальная программа по развитию человеческих ресурсов», подписанных 1 августа 2024 года в городе Бишкек.

Грантовым соглашением предусматривается предоставление возможности государственным и муниципальным служащим Кыргызской Республики пройти двухгодичное обучение на английском языке в ведущих университетах Японии с последующим правом получения степени магистра и доктора.

В рамках проекта «Стипендиальная программа по развитию человеческих ресурсов» предусмотрено обучение 19 служащих по программам магистратуры на 2025-2027 учебные годы и 1 служащего по программе докторантуры на 2025-2028 учебные годы.

По условиям Грантового соглашения Правительство Японии предоставляет Кабинету Министров Кыргызской Республики грант в размере 342 000 000 (триста сорок два миллиона) японских йен в соответствии с законодательством Японии в рамках Обменных нот и Грантового соглашения.

КР Президенти

09 Dec, 04:51



Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталары ратификацияланды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо болуп саналат.

Гранттык макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын алдынкы университеттеринде кийин магистр жана доктор даражасын алуу укугу менен англис тилинде эки жылдык окутуудан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

“Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоорунун алкагында 2025-2027-окуу жылдарына магистратура программалары боюнча 19 кызматчыны жана 2025-2028-окуу жылдарына докторантура программасы боюнча 1 кызматчыны окутуу каралган.

Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча Япониянын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Япониянын мыйзамдарына ылайык Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун алкагында 342 000 000 (үч жүз кырк эки миллион) япон йени өлчөмүндө грант берет.

КР Президенти

08 Dec, 03:00


Поздравление Президента Садыра Жапарова ко дню работников телевидения и радио

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 8 декабря, поздравил работников телевидения и радио с профессиональным праздником – Днем работников телевидения и радио Кыргызской Республики.

Текст поздравления Главы государства:
«Уважаемые работники радио и телевидения!
Искренне поздравляю вас с профессиональным праздником!

Сегодня кыргызская журналистика продолжает динамично развиваться, адаптируясь к вызовам и реалиям цифровой эпохи.

Радио и телевидение остаются мощной силой, формирующей общественное мнение, освещающей актуальные вопросы и укрепляющей демократические ценности и принципы. Наряду с традиционными СМИ, стремительно развиваются интернет-издания и социальные медиа.

В условиях, когда интернет становится крупнейшей медиаплатформой, мы наблюдаем, как теле- и радиоиндустрия прилагают всесторонние усилия для повышения качества и оперативности, осваивая достижения современных технологий.

Теле- и радиокомпании страны, завоевавшие уважение и доверие широкой аудитории, сегодня продолжают развиваться. Уверен, что для удержания этой аудитории, исследуя международный опыт, вы будете создавать инновационный контент, адаптировать его к требованиям времени и выпускать в новом формате.

Преимущество телевидения и радио как источников информации заключается в способности записывать и передавать события, происходящие в любой точке нашей страны. Таким образом, работники телевидения и радио играют важную роль в обеспечении стабильности и справедливости в стране, своевременно предоставляя общественности точную информацию.

Вы не только обеспечиваете общество своевременной и точной информацией, но и играете важную роль в воспитании гражданской позиции, поддержании стабильности и справедливости в обществе. В связи с этим следует подчеркнуть, что вклад представителей радио и телевидения в развитие государства значителен.

Особую признательность хочу выразить всем, кто с любовью относится к своей профессии, стремится к совершенству и делает все возможное для процветания страны.

Еще раз поздравляю работников телевидения и радио с профессиональным праздником, которые одинаково успешно оправдывают доверие народа и несут ответственность перед государством!

Считаю, что ваша самая большая награда — это признание зрителей и слушателей, их благодарность и уважение. Пусть ваш профессионализм и преданность делу всегда будут высоко ценимы нашим народом!».

КР Президенти

08 Dec, 02:59


Президент Садыр Жапаровдун радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы санарип доордун чакырыктарына ылайыкташып, ырааттуу өнүгүү жолунда баратат. Коомдук пикирди калыптандырууда, актуалдуу маселелерди чагылдырууда, ошондой эле демократиялык баалуулуктар менен принциптерди алдыга жылдырууда салттуу басмасөз, радио уктуруу жана телекөрсөтүү менен катар интернет басылмалары менен социалдык медиа тармагы да негизги ролду ойноодо.

Интернет маалымат каражаттарынын эң чоң айдыңына айланып жаткан маалында теле менен радио тармагы заманбап технологиянын жаңы жетишкендиктерин өздөштүрүү менен сапатын жогорулатууга, ыкчамдыгын арттырууга ар тараптан күч жумшап жаткандыгына күбө болуудабыз. Бүгүнкү күндө коомду агартуу жолу менен таасирдүү күчкө айланган теле-радио компанияларыбыздын чоң аудиториялары бар. Мына ошол аудиторияларды кармап калуу үчүн эл аралык тажрыйбаларды иликтөө менен теле-радиодо жасалган контентти өнүктүрүп, учур талабына тууралап, жаңы форматка ылайыктап чыгарууга өтөт деп ишенем.

Маалымат булагы катары теле менен радионун чоң артыкчылыгы – өлкөбүздүн кайсы жеринде болбосун, болуп жаткан окуяларды жаздырып алып, элге жеткирүүдө болуп саналат. Демек, теле-радио кызматкерлери, сиздер коомчулукка өз убагында так маалымат жеткирүү аркылуу өлкөдө туруктуулукту жана адилеттүүлүктү сактоодо маанилүү роль ойнойсуздар.

Сиздер жөн гана маалымат таратууда эмес, коомду туура жолго багыттоодо, улуттук баалуулуктарды жайылтууда жана акыйкаттыкты камсыз кылууда эмгегиңиздер эбегейсиз. Мына ошондон улам, теле-радио кызматкерлеринин мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы зор деп баса белгилөөгө болот. Өз кесибин сүйгөн, кесипкөйлүккө умтулган бардык радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлерине өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кылган аракеттерине чоң ыраазычылык билдирем.

Элдин ишеними менен мамлекеттин алдындагы жоопкерчилик маселесин бирдей алып бара жаткан теле жана радио кызматкерлерин дагы бир жолу кесиптик майрамы менен куттуктаймын!

Сиздердин эң чоң сыймыгыңыздар – телекөрүүчүлөр менен радио угармандардын алкышына арзуу деп эсептейм. Ошондуктан, сиздерге ар дайым элибиздин сый-урматында болушуңарды каалайм!”.

КР Президенти

07 Dec, 13:29


Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу болуп саналат.

Алсак, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык:
– тергөөчүгө алгачкы текшерүү органына тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырма берүү, алгачкы текшерүү органына аталган Кодекстин
153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында сурак жүргүзүү укуктары берилди;
– эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү, прокурор материалдардын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте кароого жиберүүгө милдеттүү.

*****

Внесены изменения в Уголовно-процессуальный кодекс


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 17 октября 2024 года.

Целью Закона является обеспечение эффективной борьбы с преступностью, защиты прав и свобод граждан, а также оптимизация работы следственных подразделений правоохранительных органов.

Так, Законом внесены поправки в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, согласно которым:

– следователю предоставлено право давать органу дознания письменные поручения о производстве выемки на основании постановления следственного судьи, а органу дознания право осуществлять допрос в рамках доследственной проверки в порядке, предусмотренном пунктом 2 части 1 статьи 153 указанного Кодекса;

– если в полученном заявлении, сообщении имеются сведения о правонарушении следователь, прокурор обязан направить копию материалов на рассмотрение в порядке, установленном Кодексом Кыргызской Республики о правонарушениях, или дисциплинарном порядке.

КР Президенти

07 Dec, 10:33


Внесены изменения в некоторые законодательные акты по вопросам здравоохранения

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам здравоохранения»

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 17 октября 2024 года.

Целью Закона является совершенствование законодательства в сфере здравоохранения Кыргызской Республики и ужесточение ответственности за нарушение действующего законодательства при предоставлении отдельных видов медицинских услуг.

В частности настоящим Законом предусматривается внести следующие изменения:

– в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях и Уголовный Кодекс Кыргызской Республики, устанавливающие ответственность и рассматривающие повышенные санкции при незаконной деятельности и/или при нарушениях требований законодательств в сфере здравоохранения, в том числе за незаконное занятие традиционной (народной) медициной и за незаконное производство, изготовление и/или реализация лекарственных средств, медицинских изделий, пищевых добавок;

– в соответствующие статьи Закона Кыргызской Республики «О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике», направленные для обеспечения надлежащего контроля лицензионной деятельности, в том числе посредством включения в лицензию адреса лицензиата и приложения к лицензии перечня разрешенных видов услуг, процедур и манипуляций в рамках медицинской деятельности.

Кроме того, предусматривается повышение суммы штрафов от 500,0 тысяч сомов до 1,0 млн. сома, за медицинские манипуляции, в том числе оказывающие воздействие на организм человека и незаконные клинические исследования (испытания) лекарственных средств и медицинских изделий.

КР Президенти

07 Dec, 10:33



Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын оптималдаштыруу, өркүндөтүү жана медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн көрсөтүүдө колдонуудагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жаңы, күчөтүлгөн жоопкерчиликти киргизүү максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.

Тактап айтканда, Мыйзамда төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде мыйзамсыз иш-аракеттерде жана/же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары бузулганда, анын ичинде салттуу (элдик) медицина менен мыйзамсыз алектенгендиги жана дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүргөндүгү, даярдагандыгы жана/же саткандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү жана жогорулатылган санкцияларды кароочу ченемдер менен толуктоо;

- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү беренелеринде, анын ичинде лицензиаттын дарегин жана лицензияга медициналык иштин алкагында уруксат берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн, жол-жоболордун жана манипуляциялардын тизмесин лицензияга кошуу аркылуу лицензиялык ишти талаптагыдай контролдоону камсыз кылууга багытталган ченемдерди жана жоболорду киргизип, бекитүү.

Мындан тышкары, медициналык манипуляциялар, анын ичинде адамдын организмине таасир тийгизген жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) үчүн айып пулдун суммасын 500 миң сомдон 1 млн.сомго чейин жогорулатуу каралган.

КР Президенти

07 Dec, 10:20


Подписан Закон «О тишине»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О тишине».
Данный Закон принят в целях охраны здоровья граждан от вредного воздействия звукового давления и шума, превышающего допустимые уровни.
В соответствии с частью 1 статьи 1 указанного Закона, данный Закон регулирует отношения, связанные с обеспечением тишины и времени отдыха населения.
Так, указанным Законом определяются следующее:
1) Перечень объектов (помещений) и территорий, подлежащих защите от нарушения покоя граждан и тишины;
2) Периоды времени, в течение которых не допускается превышение установленных уровней звукового давления и шума:
– в будние дни – с 22:00 часов до 07:00 часов;
– в выходные и праздничные дни – с 22:00 часов до 09:00 часов.
3) Действия, нарушающие тишину и покой граждан:
– использование телевизоров, радиоприемников и других звуковоспроизводящих устройств, а также устройств звукоусиления, превышающих допустимые уровни звукового давления и шума, в том числе установленных в транспортных средствах, объектах торговли, увеселительных и развлекательных заведениях и помещениях общественного питания;
– игра на музыкальных инструментах, свист, пение, а также иные действия, сопровождающиеся звуками, превышающими допустимые уровни звукового давления и шума;
– несвоевременное принятие мер нарушителями по отключению звуковых сигналов сработавшей охранной сигнализации, сигнализации транспортных средств, использование звуковых сигналов без необходимости или создание иного шумового эффекта с помощью транспортного средства, повлекшее нарушение тишины во время отдыха;
– использование пиротехнических средств;
– производство ремонтных, разгрузочно-погрузочных, уборочных и иных видов работ, действия механических средств и технических устройств, повлекшие нарушение тишины во время отдыха людей;
– иные действия, повлекшие нарушение тишины и покоя граждан на территориях и в помещениях, подлежащих защите в установленное время.

КР Президенти

07 Dec, 10:20


“Тынчтык жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аталган Мыйзам калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

Алсак, көрсөтүлгөн Мыйзам менен төмөнкүлөр аныкталат:
1) жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттердин (жайлардын) жана аймактардын тизмеси;
2) үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынган убактысы:
– жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
– дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
3) калктын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттер:
– телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде, көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында жана коомдук тамактануу жайларында орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
– музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
– тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
– пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
– адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө, тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык каражаттарды иштетүү;
– белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана орун жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.

КР Президенти

28 Nov, 11:16


Президент Садыр Жапаров Астанада ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Астана шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында сөз сүйлөдү.

ЖККУ төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт. Сөзүнүн башында Мамлекет башчысы биздин өлкө Уюмдун ырааттуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди жасайт, деп ишендирди.

Президент кызматташуунун багыттарына, биринчи кезекте регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жалпы көз караштарды белгилөө үчүн саясий документтерди кабыл алуу практикасын андан ары колдонуу жолу менен тышкы саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө басым жасады. Садыр Жапаров тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселелеринде ЖККУнун ролун күчөтүү үчүн өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен диалогду улантууга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөштө КМШ жана ШКУнун профилдик түзүмдөрү менен кызматташууну тереңдетүүгө көмөк көрсөтөт. Мындан тышкары, медиа-мейкиндикте уюмдун позитивдүү образын илгерилетүү боюнча иштер улантылат.

Президент ошондой эле Жамааттык күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу, ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, ыкчам жана күжүрмөн даярдыктын биргелешкен иш-чараларын ишке ашыруу, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүү аркылуу аскердик түзүмдү мындан ары да өнүктүрүүнү айтып өттү. "ЖККУнун Башкы катчысынын тынчтыкты сактоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн ишмердүүлүгүн активдештирүү аркылуу ЖККУнун тынчтыкты сактоо компонентин өнүктүрүүгө багытталган кадамдарды жасайбыз. Аскер кадрларын даярдоо системасын жакшыртуу үчүн алдыңкы тажрыйба алмашуу маанилүү", - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы, ошону менен кошо аскердик-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуулугун ырааттуу жогорулатуу пландарын айта кетти.

https://president.kg/kg/news/21/26204

******
Президент Садыр Жапаров выступил на сессии Совета коллективной безопасности ОДКБ в Астане


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 28 ноября, выступил на очередной сессии Совета коллективной безопасности Организации Договора о коллективной безопасности (ОДКБ), проходящей в г. Астана.

Председательство в ОДКБ в 2025 году переходит от Казахстана к Кыргызстану. В начале своего выступления Глава государства заверил, что наша страна предпримет все необходимые усилия для обеспечения поступательного развития Организации.

Президент акцентировал внимание на направлениях сотрудничества, в первую очередь на укреплении внешнеполитического взаимодействия путем дальнейшего использования практики принятия политических документов для обозначения общих взглядов по актуальным вопросам региональной и международной повестки дня. Садыр Жапаров отметил, что особое внимание намерены уделить продолжению диалога с международными организациями и третьими странами в сферах, представляющих взаимный интерес для усиления роли ОДКБ в вопросах поддержания мира и безопасности. Кыргызстан будет содействовать углублению сотрудничества с профильными структурами СНГ и ШОС в борьбе с международным терроризмом. Кроме этого, будет продолжена работа по продвижению позитивного образа Организации в медиа-пространстве.

Президент отметил также дальнейшее развитие военной составляющей путем повышения готовности коллективных сил, совершенствования нормативной правовой базы, реализации совместных мероприятий оперативной и боевой подготовки, а также проведение спортивных мероприятий. «Будем предпринимать шаги, направленные на развитие миротворческого компонента ОДКБ, в том числе, посредством активизации деятельности Специального представителя Генерального секретаря ОДКБ, по вопросам миротворчества. Важным видится обмен передовым опытом для совершенствования системы подготовки военных кадров», - подчеркнул Глава государства, добавив сюда планы последовательного повышения эффективности военно-экономического сотрудничества.

https://president.kg/ru/news/21/26204

КР Президенти

28 Nov, 10:19


Президент Садыр Жапаров ЖККУнун сессиясында: Дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын курчушу коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүдө гана эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат

“Дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын курчушу коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүдө гана эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. Буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук Кеңешинин “ЖККУ алкагында союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жөнүндө” чечими кызматташтыкты союздаштыктын духунда мындан ары курууга болгон жалпы умтулууну айгинелейт", - деп бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Астанада (Казакстан) өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык Коопсуздук кеңешинин чакан форматтагы сессиясында билдирди.

Сессиянын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү, ошондой эле ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талкууланды.

Президент Садыр Жапаров глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоо боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарыл экенин айтты. Ал биргелешкен аракеттер менен Уюмдун потенциалын бекемдөө ишинде олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болорун баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жана ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовдор да сөз сүйлөштү.

ЖККУ төрагалыгы 2025-жылы Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

****

Президент Садыр Жапаров на сессии ОДКБ: Развитие ситуации в мире и регионе требует объединения усилий не только в борьбе с угрозами безопасности, но и в сохранении мира и стабильности


«Развитие ситуации в мире и регионе требует объединения усилий не только в борьбе с угрозами безопасности, но и в сохранении мира и стабильности. В этой связи решение Совета коллективной безопасности «О дальнейшем укреплении союзнических отношений в рамках ОДКБ» свидетельствует об общем стремлении к дальнейшему выстраиванию сотрудничества в духе союзничества», - заявил сегодня, 28 ноября, Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, выступая на очередной сессии Совета коллективной безопасности Организации Договора о коллективной безопасности в узком формате, проходящей в Астане (Казахстан).

В ходе сессии обсуждались актуальные проблемы международной и региональной безопасности, а также основные итоги деятельности ОДКБ в межсессионный период.

Президент Садыр Жапаров отметил, что на фоне глобальных геополитических трансформаций необходимо тесное взаимодействие государств-членов ОДКБ по поддержанию мира, международной и региональной безопасности. Он подчеркнул, что совместными усилиями можно добиться значительных результатов в деле укрепления потенциала Организации.

В ходе заседания также выступили Президент Беларуси Александр Лукашенко, Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, Президент России Владимир Путин, Президент Таджикистана Эмомали Рахмон и Генеральный секретарь Организации Договора о коллективной безопасности Имангали Тасмагамбетов.

Председательство в ОДКБ в 2025 году переходит от Казахстана к Кыргызстану.

КР Президенти

28 Nov, 09:55


🎥Видео: Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Астананын Эгемендүүлүк Сарайына келди
***
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров прибыл во Дворец Независимости Астаны для участия в сессии Совета коллективной безопасности ОДКБ

КР Президенти

28 Nov, 09:51


Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Астананын Эгемендүүлүк Сарайына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясына (ЖККУ ЖКК) катышуу үчүн Астана шаарынын Эгемендүүлүк Сарайына келди.

Иш-чарага келген өлкөлөрдүн лидерлерин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

ЖККУ ЖККнын ишине Беларустун Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Россиянын Президенти Владимир Путин, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун Баш катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.

******

Президент Садыр Жапаров прибыл во Дворец Независимости Астаны для участия в сессии Совета коллективной безопасности ОДКБ

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 28 ноября, прибыл во Дворец Независимости г. Астана для участия в сессии Совета коллективной безопасности Организации Договора о коллективной безопасности (СКБ ОДКБ).

Лидеров стран, прибывших на мероприятие, приветствовал Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев.

После завершения церемонии приветствия и совместного фотографирования главы делегаций перешли в зал заседаний.

В работе СКБ ОДКБ принимают участие Президент Беларуси Александр Лукашенко, Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев, Президент Кыргызстана Садыр Жапаров, Президент России Владимир Путин, Президент Таджикистана Эмомали Рахмон и Генеральный секретарь Организации Имангали Тасмагамбетов.

КР Президенти

27 Nov, 18:14


🎥Видео: Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди
**
🎥Видео: Президент Садыр Жапаров с рабочим визитом прибыл в Астану

КР Президенти

22 Nov, 13:51


Туруктуу финансылык жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча программанын алкагында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 4-жылдын 2024-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы – 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы– 1-чакан программа) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Жогорудагы макулдашуулардын алкагында Азия өнүктүрүү банкы 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндө (43,0 млн. АКШ доллар – кредит, 7,0 млн. АКШ доллар – грант) бюджеттик колдоо көрсөтөт (финансылык колдоо түздөн-түз республиканын бюджетине жөнөтүлөт, аны жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат).

**

Ратифицировано Кредитное и Грантовое соглашение между Кыргызстаном и Азиатским банком развития в рамках Программы по улучшению устойчивого финансового и государственного управления

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Кредитного соглашения (Обычные операции [льготный]) (Программа улучшения устойчивого финансового управления и государственного управления – Подпрограмма 1) между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития и Грантового соглашения (Специальные операции) (Программа улучшения устойчивого финансового управления и государственного управления – Подпрограмма 1) между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития, подписанных 4 июля 2024 года в городе Бишкек».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 13 ноября 2024 года.

Целью Закона является проведение внутригосударственных процедур, необходимых для вступления в силу Соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития Кредитного соглашения (Обычные операции [льготный]) (Программа улучшения устойчивого финансового управления и государственного управления – Подпрограмма 1) между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития и Грантового соглашения (Специальные операции) (Программа улучшения устойчивого финансового управления и государственного управления – Подпрограмма 1) между Кыргызской Республикой и Азиатским банком развития, подписанных 4 июля 2024 года в городе Бишкек.

В рамках вышеуказанных соглашений Азиатским банком развития предоставляется бюджетная поддержка (финансовая поддержка, направленная напрямую в бюджет республики, регулирование которой осуществляется Кабинетом Министров Кыргызской Республики по согласованию с Жогорку Кенешем Кыргызской Республики) в размере 50 млн. долл. США. (кредит – 43,0 млн. долл. США, грант - 7,0 млн. долл. США).

КР Президенти

22 Nov, 12:15


Внесены изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты здоровья граждан


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты здоровья граждан (в Закон Кыргызской Республики «О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля», Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 23 октября 2024 года.

Целью данного Закона является обеспечение защиты здоровья и благополучия граждан от употребления электронных сигарет с никотиносодержащей жидкостью.

Законом запрещается ввоз, обращение и использование электронных сигарет на территории Кыргызской Республики.

Кроме этого, Законом предусматривается ответственность за нарушение требований о запрете использования и реализации электронных сигарет в соответствии с Кодексом Кыргызской Республики о правонарушениях.

Так, за использование электронных сигарет на физических лиц налагается штраф в размере – 100 расчетных показателей, на юридических лиц в размере – 600 расчетных показателей, также за реализацию электронных сигарет налагается штраф на физических лиц в размере – 200 расчетных показателей, на юридических лиц в размере – 650 расчетных показателей.

Законом также вносятся изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, согласно которым незаконный ввоз электронных сигарет электронных сигарет в значительном размере – наказывается исправительными работами на срок от двух месяцев до одного года или штрафом от 1000 до 1200 расчетных показателей с лишением права заниматься определенной деятельностью на срок до одного года.

То же деяние, совершенное в крупном или особо крупном размере – наказывается штрафом от 1500 до 2000 расчетных показателей, или лишением свободы на срок от одного до двух лет с лишением права заниматься определенной деятельностью на срок до двух лет.

Закон вступает в силу с 1 июля 2025 года.

КР Президенти

22 Nov, 12:14


Жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Жарандардын ден соолугун коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун никотинди камтыган электрондук сигареттерди колдонуудан коргоону камсыз кылуу болуп саналат.

Мызамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына электрондук сигареталарды ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана колдонууга тыюу салынат.

Электрондук сигареталарды пайдаланууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды бузганды үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган. Электрондук сигареталарды колдонуу жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Электрондук сигареталарды сатуу жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде электрондук сигареталарды мыйзамсыз ташып келүү үчүн жоопкерчилик белгилеген.

Ага ылайык, электрондук сигареталарды олуттуу өлчөмдө ташып келүү – эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 1200 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салууга жазаланат. Ири же өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун – 1500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзам 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

КР Президенти

22 Nov, 07:40


Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген Макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте дискриминациялык салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат.

Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп санала турганын белгилейбиз жана салык мыйзамдары жаатында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы мамилелерде бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Макулдашуу кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт.

*****

Ратифицировано Соглашение между Кыргызстаном и Азербайджаном об исключении двойного налогообложения в отношении налогов на доходы и предотвращении уклонения от уплаты налогов и избежания налогообложения

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Кыргызской Республикой и Азербайджанской Республикой об исключении двойного налогообложения в отношении налогов на доходы и предотвращении уклонения от уплаты налогов и избежания налогообложения, подписанного 24 апреля 2024 года в городе Баку».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 23 октября 2024 года.

Основными задачами указанного Соглашения являются защита резидента одного государства от дискриминационного налогообложения в другом договаривающемся государстве, недопущение уклонения от налогообложения или злоупотреблений положениями Соглашения, взаимный обмен информацией между компетентными органами договаривающихся государств для обеспечения выполнения положений Соглашения.

Соглашение является единой формой в решении общих проблем и задач, возникающих в правовой сфере международного двойного налогообложения, и позволяет выработать общий подход во взаимоотношениях Кыргызской Республики с Азербайджанской Республикой в сфере налогового законодательства.

Также, Соглашение создаст условия иностранным компаниям для инвестирования в различные отрасли экономики нашей страны, путем исключения двойного налогообложения и предоставления гарантий по обложению налогами только в одной стране.

КР Президенти

22 Nov, 05:15


Президент Садыр Жапаров: Прокуратура органдары жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө негизги ролду ойнойт

“Бүгүнкү күндө прокуратура органдары бирдиктүү, борборлоштурулган система катары жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө негизги ролду ойнойт”, - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада белгиледи.

https://president.kg/kg/news/21/26172

*****

Президент Садыр Жапаров: Органы прокуратуры играют ключевую роль в обеспечении прав и свобод граждан, а также в надзоре за соблюдением Конституции и законов Кыргызской Республики

«На сегодняшний день органы прокуратуры, функционируя как единая централизованная система, играют ключевую роль в обеспечении прав и свобод граждан, а также в надзоре за соблюдением Конституции и законов Кыргызской Республики», - отметил Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, выступая на торжественном мероприятии, посвященном 100-летию образования органов прокуратуры Кыргызской Республики в Кыргызской национальной филармонии имени Т. Сатылганова.

https://president.kg/ru/news/21/26172

КР Президенти

21 Nov, 04:54


Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын Протоколуна Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ““1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын Протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты дүйнөлүк маанидеги маданий дөөлөттөрдү сактоо жана коргоо, жок кылууну болтурбоо жана уурдоолорго каршы күрөшүү, ошондой эле дүйнөлүк маданий баалуулуктарды коргоо боюнча интеграциялык процесстерге колдоо көрсөткөн өлкө катары Кыргыз Республикасынын эл аралык оң имиджин түзүү болуп саналат.

Конвенциясынын Протоколу Гаага конвенциясы сыяктуу эле 1954-жылдын 14-майында кабыл алынган. Учурда бул Конвенциясынын Протоколуна 113 өлкө, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россия Федерациясы, Украина, Беларусь, Азербайжан, Молдова, Армения, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан Республикасы кошулган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында тарыхый, археологиялык, архитектуралык жана шаар куруу, монументалдык искусствонун 1500 (бир жарым миңден) ашык кыймылсыз эстеликтери орун алган. Ошондой эле, баалуу экспонаттарды камтыган мамлекеттик 68 (алтымыш сегиз) музей бар.

Бул Конвенциянын Протоколуна кошулуу Кыргыз Республикасынын маданий дареметин эл аралык аренада натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет, бул мамлекеттин тышкы саясатынын практикалык маселелери үчүн натыйжалуу күчтү түзүүгө шарт түзөт.
******
Подписан Закон о присоединении Кыргызстана к Протоколу к Конвенции о защите культурных ценностей в случае вооруженного конфликта

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О присоединении Кыргызской Республики к Протоколу к Конвенции о защите культурных ценностей в случае вооруженного конфликта, подписанной 14 мая 1954 года в городе Гааге».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 23 октября 2024 года.

Данный Закон принят в целях охраны и защиты, предотвращения уничтожения и борьбы с хищениями культурных ценностей мирового значения, а также создания положительного международного имиджа Кыргызской Республики, как страны, поддерживающей интеграционные процессы по защите мировых культурных ценностей.

Конвенция о защите культурных ценностей в случае вооруженного конфликта, подписанная 14 мая 1954 года в городе Гааге, к которой Кыргызская Республика присоединилась в 1995 году предусматривает систему общей и специальной защиты культурных ценностей, которые имеют большое значение для культурного наследия всех людей.

Протокол к Конвенции был принят, как и Гаагская конвенция 14 мая 1954 года. В настоящее время к данному Протоколу присоединились 113 стран мира, из стран СНГ присоединились – Российская Федерация, Украина, Республика Беларусь, Республика Азербайджан, Республика Армения, Республика Таджикистан, Республика Туркменистан и Республика Казахстан.

В настоящее время в Кыргызской Республике насчитывается более полутора тысяч недвижимых памятников истории, археологии, архитектуры и градостроительства, монументального искусства, а также 68 государственных музеев, в которых содержатся ценные экспонаты.

Присоединение к Протоколу к Конвенции позволит эффективно использовать на международной арене культурный потенциал Кыргызской Республики, который будет способствовать становлению действенной силы для практических задач внешней политики государства.

КР Президенти

21 Nov, 04:31


Внесены изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 16 октября 2024 года.

Данный Закон принят во исполнение Решения Конституционного суда Кыргызской Республики от 25 октября 2023 года.

Так, Конституционный суд Кыргызской Республики своим Решением от 25 октября 2023 года признал часть 1 статьи 455 УПК противоречащей части 4 статьи 58, части 1 статьи 61, части 4 статьи 100 Конституции Кыргызской Республики в той мере, в которой ограничивает правомочие суда по возобновлению дела по вновь открывшимся обстоятельствам, отмене приговора, определения, постановления суда, прекращении дела, передаче дела прокурору для организации досудебного производства или в суд для нового судебного разбирательства.

В этой связи, целью Закона является уточнение и расширение правомочия суда возобновлять производство по всем основаниям, предусмотренным частью 3 статьи 451 УПК Кыргызской Республики.

При этом реализация положений Закона будет способствовать исправлению ошибок в правосудии, который в свою очередь будет обеспечивать справедливость и эффективность судебной системы, это направлено на укрепление доверия населения к правосудию, и, соответственно, уважения к закону.

КР Президенти

21 Nov, 04:30


Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 25-октябрындагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2023-жылдын 25-октябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө каршы келет, ошону менен кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, ишти жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун чектейт деп тааныган.

Ошондуктан бул Мыйзамдын максаты кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго же жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун кеңейтип, тактоо болуп саналат.

Ошону менен бирге Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу сот адилеттигиндеги каталарды оңдоого багытталып, ал өз кезегинде сот системасынын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылат жана калктын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөгө жана ошого жараша мыйзамды урматтоого өбөлгө түзөт.

КР Президенти

20 Nov, 07:37


🎥Видео: Президент Садыр Жапаров: Мугалимдик, тарбиячылык кесип – жер жүзүндөгү эң улуу кесип, биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы алардын талыкпаган эмгегинин үзүрү

*****

🎥Видео: Президент Садыр Жапаров: Недаром профессия учителя и воспитателя считается самой великой профессией на земле, ведь все достижения в нашей жизни – это результат их упорного труда

КР Президенти

17 Nov, 11:00


🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо добуш берди


**

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров проголосовал на выборах депутатов в Бишкекский городской кенеш

КР Президенти

17 Nov, 06:13


Президент Садыр Жапаров проголосовал на выборах депутатов в Бишкекский городской кенеш

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 17 ноября, принял участие в голосовании на выборах депутатов Бишкекского городского кенеша.

Глава государства проголосовал на избирательном участке № 1046 г. Бишкек.

После голосования Президент Садыр Жапаров обратился к гражданам, отметив, что избирательная система в стране значительно улучшилась и стала прозрачной.

«Мы автоматизировали избирательную систему. Теперь человеческий фактор при подсчёте голосов исключён. Результаты выборов будут известны уже через 20–30 минут после завершения голосования. Повторное голосование на другом участке невозможно, что исключает практики прошлого, такие как “карусели” и массовые вбросы бюллетеней», — подчеркнул Президент.

Глава государства призвал граждан активно участвовать в выборах, напомнив, что каждый человек в возрасте от 18 до 100 лет имеет право голоса.

«Вы голосуете не для меня, а для себя, поскольку избранные депутаты будут решать проблемы вашего региона в течение пяти лет. Они будут управлять местным бюджетом. Если выбрать коррупционера или тех, кто покупает голоса, это приведёт к хищению местных средств. Мы реформировали систему управления, и теперь важно выбирать честных и достойных людей», — отметил Садыр Жапаров.

Президент напомнил, что избирательные участки работают до 20:00, и призвал граждан найти время для участия в выборах.

Напомним, что внеочередные выборы в местные кенеши назначены Указом Президента Кыргызской Республики «О внесении изменений в Указ Президента Кыргызской Республики “О роспуске местных кенешей Кыргызской Республики и назначении выборов депутатов местных кенешей Кыргызской Республики”» от 6 сентября 2024 года № 256.

Выборы проходят в 33 городских и 231 айыльных кенешах.

КР Президенти

17 Nov, 06:13


Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо добуш берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышты.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо участогунда добуш берди.

Добуш берүүдөн кийин Президент Садыр Жапаров жарандарга кайрылып, өлкөдөгү шайлоо системасы кыйла оңолуп, ачык-айкын болуп калганын белгиледи.

“Биз шайлоо системасын автоматташтырдык. Мында добуштарды санай турган адам фактору жок. Шайлоо аяктагандан кийин жыйынтыгы 20 минут, жарым сааттын ичинде республика боюнча чыгып калат. Шайлоого катышкан жаран бир сутканын ичинде кайра башка участокко барып добуш бере албайт. Илгерки “карусель” жана бюллетендерди массалык түрдө урнага таштоо дегендер жокко чыгарылды”, - деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырып, 18 жаштан 100 жашка чейинки ар бир адам добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.

“Ал мен үчүн эмес, өзү үчүн добуш берет, анткени ошол шайланган депутат беш жыл бою шайланган аймактын маселесин чечет. Жергиликтүү бюджетти ошолор карайт, башкарат. Эгерде коррупционерди, добуш сатып алганды шайласа, анда жергиликтүү бюджет уурдалат. Биз башкаруу системасын өзгөрттүк, реформаладык, ошондуктан азыр таза иштеген татыктуу жарандарды тандоо маанилүү”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент шайлоо участоктору саат 20:00гө чейин иштей турганын эске салып, жарандарды шайлоого убакыт таап, катышууга чакырды.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге кезексиз шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы менен дайындалган.

Шайлоо 33 шаардык жана 231 айылдык кеңештерде өтүп жатат.

КР Президенти

15 Nov, 12:56


Президент Садыр Жапаров “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “Кыргызалтын” ААКнын туунду компаниясы – “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысына ишканада өткөн жылы оңдоо иштери башталганы маалымдалып, ал үстүбүздөгү жылы улантылууда. 112 видеокөзөмөл камералары орнотулуп, жаңы жабдуулар, анын ичинде атайын техника сатып алынды. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жана инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулду.

2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча негизги көрсөткүчтөргө жетишилди: кызматкерлердин штаты, ошондой эле алтын өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү.

Салыктык төлөмдөр 415 млн сомду түзүп, эмгек акы төлөө фонду 327,8 млн сомго жетти.

Президент Садыр Жапаров “Макмал Голд Компанинин” ийгиликтүү модернизациясы мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу башкаруунун үлгүсү катары кызмат кыларын баса белгилеп, компания мындан ары да өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатып, Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.

**

Президент Садыр Жапаров ознакомился с деятельностью ОсОО «Макмал Голд Компани»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 15 ноября, в ходе рабочей поездки в Джалал-Абадскую область ознакомился с деятельностью ОсОО «Макмал Голд Компани» — дочерней компании ОАО «Кыргызалтын».

Глава государства был проинформирован о том, что в прошлом году начаты ремонтные работы на предприятии, которые продолжаются в текущем году. Установлено 112 камер видеонаблюдения, закуплено новое оборудование, в том числе специализированная техника. Особое внимание уделено модернизации производственных мощностей и инфраструктуры предприятия.

По итогам девяти месяцев 2024 года достигнуты ключевые показатели: увеличен штат сотрудников, а также объем производства золота.
Налоговые отчисления составили 415 млн сомов, фонд оплаты труда достиг 327,8 млн сомов.

Президент Садыр Жапаров подчеркнул, что успешная модернизация «Макмал Голд Компани» служит примером эффективного управления государственными ресурсами, и выразил уверенность, что компания продолжит наращивать производственные показатели и вносить вклад в устойчивое развитие экономики Кыргызстана.

КР Президенти

02 Nov, 03:43


Поздравление Президента Садыра Жапарова с Днем работника культуры

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 2 ноября, поздравил деятелей культуры и искусства с профессиональным праздником — Днем работника культуры.


Текст поздравления Главы государства:


«Уважаемые деятели культуры, лицо нашей нации!

Сердечно поздравляю вас с профессиональным праздником!
Язык и культура – это то, что сохранило и прославило наш народ как нацию.

Древние кыргызские письмена, высеченные на камне и рассказывающие о нашей многовековой истории и великих предках, подтверждают, что наш мудрый народ уже тогда был знаком с письменностью и культурой.

Наш народ с богатой многовековой культурой и искусством внес в золотую сокровищницу мирового искусства великий эпос «Манас», который олицетворяет мудрость, духовные ценности, безграничные мысли и несравненную силу. Именно эта великая сила сохранила нас как независимый народ с богатой культурой и довеладо сегодняшних дней. Наша святая обязанность –передать это культурное наследие, оставленное предками, будущим поколениям!

В условиях всеобъемлющей глобализации современного мира сохранение национальной культуры – это наша первостепенная задача. Государство делает все возможное для сохранения, популяризации и распространения духовных ценностей.  

В этом направлении проделана значительнаяработа и предстоит сделать еще больше. Так, после полного обновления заработал Государственный цирк, где когда-то выдающийся артист ҮсөнКудайбергенов прославился кыргызской«джигитовкой» и стал гордостью нации. Я уверен, что его дело будет продолжено.

В честь 100-летия Кара-Кыргызскойавтономной области по всей республике открываются многие социально-экономические объекты, среди которых значимым культурным событием стало открытие нового здания национального театра «Манас», со сцены которого зрители приобщаются к духовному богатствународа и получают уроки морали и нравственности.

В настоящее время государство оказывает поддержку сфере культуры, которая ранее оставалась без должного внимания. Как вам известно, мы обновили техническое оснащение районных домов культуры, мы создаем условия для пополнения репертуаров театров и концертных организаций, пошива сценических костюмов и организации гастролей. Наша цель – возродить золотой век кыргызской культуры и вновь прославить кыргызское искусство. Мы хотим видеть новые имена и лица во всех областях нашей культуры.

Сегодняшняя задача – воспитать поколение, которое продолжит путь таких выдающихся деятелей культуры, как Абдылас Малдыбаев, Муратбек Рыскулов, Гапар Айтиев, БүбүсараБейшеналиева, Чынгыз Айтматов, ТөлөгөнКасымбеков, Кайыргүл Сартбаева, Болот Минжылкыев, Болот Шамшиев, Самара Токтакунова и другие мастера искусства.

Государство готово поддержать обучение и воспитание молодых талантов, а также любой шаг, направленный на прогресс нашей национальной культуры. Независимый Кыргызстан, сделавший большой экономический рывок за короткий срок, должен достичь новых высот и в области культуры.
Уважаемые работники культуры, желаю вам творческих успехов и вдохновения, пусть ваши ряды пополняются новыми талантами!

С праздником вас!».

КР Президенти

02 Nov, 03:43


Президент Садыр Жапаровдун Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Улутубуздун жүзүнө айланган урматтуу маданият ишмерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Элибизди эл катары сактап да, даңктап да келаткан бул – эне тилибиз менен маданиятыбыз. "Он сегиз миң аалам" жаралгандан берки карт тарыхыбыз, даңазалуу ата-бабаларыбыз тууралуу таш бетине чегилген кыргыз жазуулары ошол убакта эле кеменгер элибиздин жазуу-сызуудан, маданияттан кабардар болгондугун тастыктап турат.

Ондогон кылымдардан берки бай маданияты менен искусствосу бар даанышман элибиз адамзаттын алтын казынасына акыл-эсти, жан дүйнө баалуулуктарын, чексиз ойду, ченемсиз күчтү камтыган улуу "Манас" дастанын кошту. Бизди ошол дем, ошол улуу күч эгемен эл, маданияты бай калк кылып сактап, бүгүнкү күнгө жеткирди. Эми мындан аркы жаштарга, кийинки муунга ата-бабаларыбыздан калган маданий мурастарыбыздын көркүнө көрк кошуп, таберик кылып калтыруу – маданият ишмерлеринин ыйык милдети!

Бүгүнкү дүйнө жүзү өтө тездик менен өзгөрүп, ааламдашуу доорунда улуттук көөнө маданиятыбызды сактап калуу – биздин көңүл чордонубузда турган биринчи маселе. Мамлекет ал үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, руханий дөөлөттөрүн сактоого, даңктап-даңазалап, жайылтууга бар күч-аракетин жумшап келет.

Бул багытта бир топ иштер аткарылып, дагы бир тобу аткаруу алдында турат. Көп жылдардан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн мамлекеттик циркибиз толук жаңыланып, кайрадан ишке кирди. Убагында Борбор Азияда жана КМШ өлкөлөрүндө кыргыз “жигитовкасын” чыгарган жана улуттун сыймыгы болгон Үсөн Кудайбергенов өңдүү өнөр адамдарынын иши мындан ары көчтөнөт деген ишеничтемин. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата республика боюнча көптөгөн социалдык-экономикалык имараттардын ачылыштары болуп жатса, алардын өзөктүүсү жана элибизге руханий азык тартуулап, жан дүйнө эс алдыра турган маданий жай катары улуттук "Манас" театрынын жаңы имараты ачылып, ийгиликтүү иштеп жатат.

Ошентип, мамлекет буга чейин өгөйлөнүп келген маданият тармагын колдоого алууда. Жалпыңыздар жакшы билгендей, райондук маданият үйлөрүндөгү техникалык каражаттарды жаңыртып бердик. Театр оюн-зоок мекемелеринин жаңы репертуарлар менен толуктоого жана сахна костюмдарын тиктирүүгө, гастролдорду уюштурууга шарттарды түзүп берип жатабыз. Максатыбыз – кыргыз маданиятынын алтын доорун кайра бир кайталап, кыргыз кереметин даңазалоо. Маданиятыбыздын бардык тармагынан жаңы ысымдар, жаңы жүздөр чыкса дейбиз.

Абдылас Малдыбаев, Муратбек Рыскулов, Гапар Айтиев, Бүбүсара Бейшеналиева, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кайыргүл Сартбаева, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Самара Токтакунованын жана башка маданият сересине жеткен өнөр адамдарынын изин баса турган муунду тарбиялоо - бүгүнкү күндүн милдети болуп турат.

Мамлекет жаш таланттарды окутуу, тарбиялоо, улуттук маданиятыбызда секирик жасоонун кандай ыкмасы болбосун, колдоп берүүгө даяр. Кыска аралыкта экономикалык чоң секирик жасаган эгемен Кыргызстан маданият жаатында жаңы бийиктиктерди багындырышы керек.

Урматтуу эл таалайына бүткөн таланттар, мен сиздерге чыгармачыл эргүү каалайм. Улуу өнөрдү алып жүрүүчү жаратмандардын катары калыңдай берсин!

Майрамыңыздар кут болсун!”.

КР Президенти

01 Nov, 11:46


Кыргызстан продвигает горную повестку на Конференции Сторон Конвенции ООН о биологическом разнообразии (КБР) в Колумбии

Специальный представитель Президента Кыргызской Республики по реализации Пятилетия действий по развитию горных регионов Динара Кемелова в качестве главы официальной делегации Кыргызстана принимает участие в 16-м заседании Конференции сторон по биоразнообразию под девизом «Мир с природой» (COP-16) в городе Кали (Колумбия).

На заседании собрались представители более 190 государств, местных органов власти, международных организаций, бизнес и научных кругов, НПО и местных сообществ и коренных жителей. Число участников составило более 23 тысяч человек.

Делегация Кыргызстана приняла активное участие на пленарных заседаниях, на 5 сайд-ивентах, посвященных адаптации к изменению климата и охране дикой природы, защите уязвимых видов горных экосистем Центральной Азии, глобальному горному управлению, достижению глобальной структуры биоразнообразия, на Женском Форуме и др.

На данных мероприятиях кыргызская делегация рассказала об опыте Кыргызстана по сохранению горных экосистем, биоразнообразия, включая снежного барса, Национальной стратегии и плана действий в этой области, согласованных с глобальными целями КБР, о продвигаемых экологических проектах, о роли женщин по сохранению природы, об уязвимых слоях населения в горных регионах, наиболее подверженных изменению климата.

Динара Кемелова особо затронула международные инициативы Кыргызстана по защите природы и горных экосистем, продвигаемые в рамках ООН, КБР и РКИК, частности затронула реализацию Резолюции ГАООН об устойчивом горном развитии, объявившей 2023-2027 годы Пятилетием действий по развитию горных регионов и планируемые международные мероприятия.

В рамках “COP-16” состоялись встречи делегации с Генеральным секретарем ООН Антониу Гутерришем, Председателем Глобального экологического фонда Карлос Родригес, главами делегаций иностранных государств, на которых обсуждалось продвижение горной повестки, совместных проектов и многостороннего сотрудничества по сохранению биоразнообразия и горных экосистем.

Ключевые приоритеты участия Кыргызстана на КС16 включают привлечение международных партнёров, мобилизацию ресурсов и разработку механизмов дополнительного финансирования для поддержки природоохранных проектов в горных экосистемах Кыргызстана, включая создание трастового фонда Кыргызстана по сохранению природы.

КР Президенти

01 Nov, 11:46


Кыргызстан Колумбияда БУУнун биологиялык түрдүүлүк боюнча конвенциясынын Тараптарынын конференциясында тоо күн тартибин алдыга жылдырып жатат

Кыргызстандын расмий делегациясынын жетекчиси катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Кали шаарында (Колумбия) “Жаратылыш менен тынчтык” (COP-16) урааны астында Биологиялык түрдүүлүк боюнча Тараптардын Конференциясынын 16-жыйынына катышууда.

Ал жыйынга 190дон ашык өлкөнүн жергиликтүү бийликтери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес жана академиялык чөйрө, жергиликтүү башкаруу органдары, бейөкмөт уюмдар жана жергиликтүү жамааттар чогулган. Катышуучулардын саны 23 миңден ашуун адамды түздү.

Кыргызстандын делегациясы пленардык жыйындарга, климаттын өзгөрүшүнө адаптация жана жапайы жаратылышты сактоого, Борбордук Азиянын тоо экосистемасынын аялуу түрлөрүн коргоого, тоолорду глобалдык башкарууга, биологиялык ар түрдүүлүктүн глобалдуу алкагына жетишүүгө арналган 5 кошумча иш-чарага, ошондой эле Аялдар форумуна активдүү катышты.

Бул иш-чараларда кыргыз делегациясы Кыргызстандын тоо экосистемаларын, биологиялык түрдүүлүктү, анын ичинде илбирсти сактоо боюнча тажрыйбасы, Конвенциянын глобалдык максаттарына шайкеш келген бул багыттагы Улуттук стратегия жана иш-аракеттер планы, экологиялык долбоорлор, жаратылышты коргоодо аялдардын ролу жөнүндө, климаттын өзгөрүшүнө көбүрөөк дуушар болгон тоолуу аймактардагы калктын аялуу топтору жөнүндө айтып берди.

Динара Кемелова өзгөчө Кыргызстандын жаратылышты жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча эл аралык демилгелери, алардын БУУнун, Биотүрдүүлүк конвенциянын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенция алкагында, атап айтканда, 2023-2027-жылдар үчүн иш-аракеттердин Беш жылдыгы деп жарыяланган тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча БУУнун резолюциясын ишке ашыруу тууралуу, ошондой эле Тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана пландаштырылган эл аралык иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

“COP-16” алкагында кыргыз делегациясынын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Глобалдык экологиялык фонддун төрагасы Карлос Родригес, чет мамлекеттердин делегация башчылары менен жолугушуулар болуп, анда Тоо күн тартиби, биргелешкен долбоорлор жана жаратылышты коргоо боюнча көп тараптуу кызматташуу, биологиялык түрдүүлүк жана тоо экосистемалары маселелери талкууланды.

Кыргызстандын COP16га катышуусунун негизги приоритеттерине эл аралык өнөктөштөрдү тартуу, ресурстарды мобилизациялоо жана Кыргызстандын тоолуу экосистемасындагы жаратылышты коргоо долбоорлорун колдоо үчүн кошумча каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде Кыргызстандын жаратылышты коргоо трасттык фондун түзүү кирет.

КР Президенти

01 Nov, 09:56


Президент Садыр Жапаров Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды.

https://president.kg/kg/news/21/26070

*****

Президент Садыр Жапаров принял Председателя Мажилиса парламента Казахстана Ерлана Кошанова

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 1 ноября, принял Председателя Мажилиса парламента Республики Казахстан Ерлана Кошанова, прибывшего в страну с официальным визитом.

https://president.kg/ru/news/21/26070

КР Президенти

25 Oct, 13:04


Муса Джаманбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Джаманбаев Муса Мураталиевич Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

*******

Муса Джаманбаев освобожден от должности Посла Кыргызстана в Узбекистане

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому, руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики, Джаманбаев Муса
Мураталиевич освобожден от должности Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Республике Узбекистан.

КР Президенти

25 Oct, 13:04


Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

****

Бактыбек Аманбаев освобожден от должности Посла Кыргызстана в США


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому руководствуясь статьей 71 Конституции Кыргызской Республики Аманбаев Бактыбек Абдилашимович освобожден от должности Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Соединенных Штатах Америки и в Канаде по совместительству с резиденцией в городе Вашингтон.

КР Президенти

25 Oct, 12:15


Президент Садыр Жапаров встретился с имамом Мечети Пророка в Медине шейхом Салахом бин Мухаммадом Аль-Будейром

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 25 октября, встретился с шейхом Салахом бин Мухаммадом Аль-Будейром, имамом Мечети Пророка в г. Медина (Саудовская Аравия).

Состоялся обмен мнениями по широкому кругу вопросов, включая перспективы сотрудничества в области религиозного образования и укрепления духовных связей.

Глава государства выразил благодарность за гостеприимное отношение Саудовской Аравии к кыргызским гражданам, в том числе паломникам и трудовым мигрантам.

Он подчеркнул святость городов Мекки и Медины для каждого мусульманина, отметив, что ежегодно 6000 кыргызстанцев совершают хадж, а более 50 000 — умру.

Садыр Жапаров высоко оценил вклад шейха Салаха бин Мухаммад Аль-Будейра в религиозное просвещение, отметив его 27-летнюю службу в качестве имама в Мечети Пророка в Медине.

Президент выразил надежду, что визит имама будет полезным для кыргызских теологов и служителей религии, и они смогут почерпнуть ценные знания из его опыта.

Салах бин Мухаммад Аль-Будейр, в свою очередь, поблагодарил Главу государства за теплый прием и передал приветственные слова от имени Короля Саудовской Аравии Салмана бин Абдулазиза Аль-Сауда и наследного принца, председателя Совета министров Саудовской Аравии, Мухаммада бин Салмана Аль-Сауда.

Он отметил, что сотрудничество между Кыргызстаном и Саудовской Аравией носит стратегический характер и направлено на поступательное углубление двустороннего взаимодействия в сферах образования, здравоохранения, религии и благотворительных проектов.

В завершение Салах бин Мухаммад Аль-Будейр подчеркнул важность обмена опытом и укрепления связей между народами двух стран, выразив уверенность, что его визит положит прочные основы для будущих совместных проектов и инициатив.

КР Президенти

25 Oct, 12:15


Президент Садыр Жапаров Мединадагы Пайгамбардын мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Медина шаарындагы (Сауд Арабиясы) Пайгамбардын мечитинин имамы шейх Салах бин Мухаммад Аль-Будейр менен жолугушту.

Диний билим берүү жана руханий байланыштарды чыңдоо жаатында кызматташуунун келечеги менен кошо маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Сауд Арабиясынын кыргыз жарандарына, анын ичинде зыяратчыларга жана эмгек мигранттарына жасаган меймандос мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ар бир мусулман үчүн Мекке жана Медина шаарларынын ыйыктыгын баса белгилеп, Кыргызстандан жылына Мекке, Медина шаарларына ажылык зыяратына 6000 киши барса, 50 000 киши умра сапарына барып жатканын айтты.

Садыр Жапаров шейх Салих бин Мухаммад Аль-Будейрдин Мединадагы Пайгамбарыбыздын мечитинде имам катары 27 жылдык кызматын белгилеп, диний агартууга кошкон салымын жогору бааларын айтып өттү.

Президент имамдын сапары кыргыз аалымдарына, дин кызматкерлерине пайдалуу болоруна жана алар анын тажрыйбасынан баалуу билим ала аларына ишеним билдирди.

Салах бин Мухаммад Аль-Будейр өз кезегинде Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдулазиз Аль-Сауддун жана мураскор ханзаада, Сауд Арабиясынын Министрлер кеңешинин төрагасы Мухаммад бин Салман Аль-Сауддун атынан саламдарын айтты.

Ал Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташтык стратегиялык мүнөзгө ээ экенин жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, дин жана кайрымдуулук долбоорлору жаатында эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү ырааттуу тереңдетүүгө багытталганын белгиледи.

Аягында Салах бин Мухаммад Аль-Будейр тажрыйба алмашуунун жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, анын сапары келечектеги биргелешкен долбоорлор жана демилгелер үчүн бекем негиз түзөөрүнө ишенимин билдирди.

КР Президенти

25 Oct, 11:57


“Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

https://president.kg/news/all/25859

*****

Подписан Указ об образовании государственного учреждения «Кызмат»


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ «Об образовании государственного учреждения «Кызмат» при Управлении делами Президента Кыргызской Республики».

https://president.kg/news/all/25859

КР Президенти

25 Oct, 09:01


Государственный секретарь Суйунбек Касмамбетов провел открытый урок для учеников на тему «Отцы, заложившие государственность, и эпос «Манас»

Государственный секретарь Кыргызской Республики Суйунбек Касмамбетов сегодня, 25 октября, в столичной школе №67 в рамках празднования 100-летия образования Кара-Кыргызской автономной области провел открытый урок для учеников на тему «Отцы, заложившие государственность, и эпос «Манас».

В уроке, проходящем на платформе Zoom, участвовали заместитель министра образования и науки Муратбек Касымалиев, директор школы №67 Нургуль Жумалиева, учителя, а также ученики из 100 школ.

Цель урока — дать информацию о великих личностях, внесших большой вклад в образование, и об эпосе «Манас», а также объяснить детям важность образования, помочь сформировать их гражданскую позицию в отношении истории и современности Кыргызстана.

Государственный секретарь в своей речи особо отметил вклад наших предков, заложивших основы кыргызской государственности, стоявших у истоков становления и развития современного Кыргызстана.

«После Октябрьской революции 1917 года все ныне известные нам узбекский, таджикский, казахский, туркменский, каракалпакский и другие братские народы входили в состав Российской Советской Федеративной Социалистической Республики. С тех пор наши предки, такие как Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов и Баялы Исакеев, инициировали стремление кыргызского народа к независимому, свободному и суверенному государству, предпринимали различные усилия и неоднократно писали в руководство РСФСР, подчеркивая, что «кыргызский народ имеет свою культуру, свою территорию и является отдельным народом». В результате, 14 октября 1924 года была основана Кара-Кыргызская автономная область», - отметил он.

Суйунбек Касмамбетов подчеркнул, что наши предки в то время были всего лишь в возрасте 20-30 лет. В таком юном возрасте им пришлось столкнуться с невероятно трудными обстоятельствами и тяжелыми испытаниями для создания отдельного государства. Их инициативу оценивали, как националистическую, а затем клеймили как опасных врагов, утверждая, что они выступают против власти и приписывая им ложные обвинения.

Он констатировал, что таким образом, создание автономной области стало первым шагом к формированию современного кыргызского государства. Поэтому важно ценить и уважать нашу современную независимость и государственность, почитать предков, которые стали основателями этого суверенного государства, и всегда прославлять их имена.

В завершение Государственный секретарь отметил об успешности образованных молодых людей по всему миру, подчеркнув, что наступает эра образованных людей. Поэтому важно стремиться получать образование развивать свои навыки и быть открытыми к новым знаниям, чтобы не только реализовывать свои мечты, но и вносить вклад в развитие общества и страны. Образование — это ключ к новым возможностям и будущим успехам.

КР Президенти

25 Oct, 09:00


Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуучуларга “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жана “Манас” эпосу” темасында ачык сабак өттү


Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 25-октябрда, баш калаадагы №67 мектебинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жана “Манас” эпосу” темасында ачык сабак өттү.

Zoom платформасы аркылуу өтүп жаткан сабакка билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, № 67 мектептин директору Нургүл Жумалиева жана мектептин мугалимдери, ошондой эле 100 мектептин окуучулары катышты.

Сабактын максаты - билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жана “Манас” эпосу жөнүндө маалымат берүү, мындан тышкары, балдарга билимдин маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруу болуп эсептелет.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө азыркы Кыргызстандын калыптанышынын жана өнүгүшүнүн башатында турган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын салымын өзгөчө белгиледи.

“1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин азыркы биз билген өзбек, тажик, казак, түрмөн, каракалпак жана башка боордош элдердин баары Россия Советтик Федеративдүү Социалисттик Республикасынын курамында болгон. Ошол жылдардан баштап биздин Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү аталарыбыз кыргыз элинин өз алдынча, эркин, эгемен мамлекет болушун демилгелеп, ар кандай аракеттерди көрүп, РСФСР жетекчилигине “кыргыз деген өзүнчө маданияты, өзүнө тиешелүү жери бар, өзүнчө эл” деп кайра-кайра кат жазып жүрүп, акыры Кара-Кыргыз автономдуу облусу катары 1924-жылы 14-октябрда бөлүп чыгышкан”, - деди Мамлекеттик катчы.

Сүйүнбек Касмамбетов баса белгилегендей, аталарыбыз ошол кезде болгону 20-30 жашта эле болгон. Мына ушундай жапжаш курактарында өзүнчө мамлекет кылып түзүп чыгуу үчүн алар эмне деген гана катаал кырдаалдарды, оор сыноолорду баштарынан өткөрүшкөн жок. Алардын мындай демилгесин улутчул деп баалап, бийликке каршы чыгышат деп коркунучтуу душман катары жаманатты кылып көрсөтүп, жалган жалааларды жабышкан.

Анын айтымында, ошентип, автономиялуу облустун түзүлүшү азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышындагы алгачкы кадам болгон. Ошондуктан, биз азыркы эгемендигибизди, мамлекеттүүлүгүбүздү баалап-барктап, ушул көз карандысыз мамлекетибиздин түптөөчүлөрү болгон аталарыбызды аздектеп, сыйлап, ар дайым алардын аттарын даңазалап турушубуз керек.

Жыйынтыгында Мамлекеттик катчы дүйнө жүзүндөгү билимдүү жаштардын ийгиликтерин белгилеп, билимдүү адамдардын доору келе жатканын айтты. Ошондуктан билим алууга, өз жөндөмүн өркүндөтүүгө жана жаңы билимге умтулуу, жөн гана кыялдарды ишке ашыруу эмес, коомго жана өлкөгө салым кошуу маанилүү. Билим берүү - бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана келечектеги ийгиликтердин ачкычы.

КР Президенти

22 Oct, 15:31


🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясын ачты

**

🎥 Видео: Президент Садыр Жапаров открыл Национальную футбольную академию Кыргызского футбольного союза

КР Президенти

20 Oct, 03:07


Поздравление Президента Садыра Жапарова с Днем работников агропромышленного комплекса

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 20 октября, поздравил работников агропромышленного комплекса Кыргызской Республики с их профессиональным праздником.
Текст поздравления Главы государства:

«Уважаемые работники и ветераны агропромышленного комплекса!
Поздравляю вас с профессиональным праздником!
Сельское хозяйство как основа экономического и социального развития страны является одним из приоритетных отраслей национальной экономики Кыргызстана.

Благодаря вашей самоотверженной работе по производству сельскохозяйственной продукции, ее переработке, поставке во внутренний рынок и экспорту на внешние рынки, надежно обеспечена продовольственная безопасность страны.

Как гласит пословица «Труд, вложенный в землю не пропадет», усилия сельскохозяйственных работников, фермеров и сельхозпроизводителей, заботящихся о благосостоянии народа, приносят свои плоды, обеспечивая щедрые столы (дастарханы) безопасной, полезной сельхозпродукцией и продовольствием.

В этом году, благодаря климату и благоприятному влиянию погоды ожидается, что производство сельскохозяйственной продукции достигнет
400,0 миллиардов сомов, а темп роста составит 107,0 процентов. В таких отраслях сектора сельского хозяйства как животноводство и перерабатывающая промышленность по всем макроэкономическим показателям были полностью достигнуты хорошие результаты. Все это подтверждает устойчивое развитие агропромышленного комплекса республики.

Отмечу, что в целях поддержки сельскохозяйственного производства со стороны государства в рамках программы государственных инвестиций успешно реализуются 7 инвестиционных проектов, проекты «Финансирование сельского хозяйства», «Кредитование агропромышленного комплекса», а также осуществляется финансирование проектов в сфере ирригации и лизинга сельскохозяйственной техники.

Уважаемые работники агропромышленного комплекса!

Вы вносите огромный вклад в укреплении суверенитета страны, обеспечивая население продуктами питания, перерабатывающую промышленность – сырьем, создавая рабочие места и покрывая прочие потребности общества. Я твердо верю, что и в дальнейшем вы продолжите результативно решать все задачи по обеспечению продовольственной безопасности и развитию сельскохозяйственного производства.

Убежден, что благодаря вашему плодотворному труду знаниям, опыту, готовности к освоению передовых технологий и эффективной поддержке государства, мы сможем превратить Кыргызстан в процветающее государство.
Выражаю вам слова благодарности за любовь к земле, профессионализм, упорство и преданность делу.

Давайте приложим все усилия для достижения поставленных целей во имя прогресса и благополучия нашей страны.

Пусть деятельность всех работников агропромышленной отрасли будет сопровождаться новыми достижениями.

Желаю вам крепкого здоровья, семейного счастья и всех благ.

Еще раз поздравляю вас с профессиональным праздником!»

КР Президенти

20 Oct, 03:06


Президент Садыр Жапаровдун Агроөнөр жай кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда, өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу агроөнөр жай тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Айыл чарбасы – өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизи. Ал экономика секторунун артыкчылык берилген башкы багыттарынын бири болуп саналат.

Мына ушундай маанилүү тармактын кызматкери катары сиздер азыркы замандын чакырыктарын эске алуу менен айыл чарба азыктарын өндүрүүдө, аларды кайра иштетип, тышкы рынокторго экспортко чыгарууда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жан дилиңиздер менен аракеттенип иштеп келатасыздар.

“Эр эмгегин жер жебейт” деген накыл кептегидей, дасторконду нанга толтуруп, элдин камын ойлогон айыл чарба кызматкерлери менен жалпы дыйкан-фермерлерибиздин мээнетинин акыбети кайтууда.

Буга кошумча быйыл аба ырайынын жана климаттын жагымдуу таасиринен улам, айыл чарба азыктарын 400,0 млрд сомдун тегерегинде өндүрүү, ал эми анын өсүү темпи 107,0 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Айыл чарба секторунун мал чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында макроэкономикалык көрсөткүчтөр толугу менен жетишилди.

Мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 7 инвестициялык долбоор, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып келатканын белгилей кетейин.

Урматтуу агроөнөр жай кызматкерлери!

Өлкөнүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу биринчи ирет сиздерден көз каранды. Экономикалык климатты жакшыртууда негизги стратегиялык маанидеги тармакты тейлеген жооптуу кызматкерлер катары өз милдетиңиздерди ийгиликтүү аткара аларыңыздарга бекем ишенем.

Биз сиздер менен бирге чечкиндүү иш-аракеттерди көрүү менен жакынкы жылдары өлкөбүздү өнүгүү жолуна салууга салым кошууга милдеттүүбүз. Ар бир айыл чарба кызматкери акылын, билимин жана тажрыйбасын туура колдонуу менен Кыргызстанды өнүккөн бакубат мамлекетке айлантууга жан үрөйт деп үмүт артам.

Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайлы.

Агроөнөр жай тармагынын бардык кызматкерлеринин ишмердигин жаңы-жаңы жетишкендиктер коштосун. Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздерге кесипкөйлүктү, талбаган эмгекти жана өжөрлүктү каалайм. Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, үй-бүлөлүк бакты-таалай тилейм.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен!”

КР Президенти

19 Oct, 03:03




Поздравление Президента Садыра Жапарова с Днем работников социальной защиты и профсоюзов


Президент Кыргызстана Садыр Жапаров сегодня, 19 октября, поздравил работников социальной защиты и организаций профессиональных союзов страны с профессиональным праздником.

Текст поздравления Главы государства:

«Уважаемые работники учреждений социальной защиты и Организаций профессиональных союзов!

Поздравляю вас с профессиональным праздником!

Этот день – праздник добрых, милосердных и заботливых людей, которые посвятили свою жизнь помощи нуждающимся, которые каждый день берут на себя заботы и проблемы другого человека, наполняя их сердца добром, а жизнь – надеждой и любовью. Ежедневный труд работников социальной сферы является доказательством истинности данных утверждений. Вот почему социальная отрасль страны всегда была и будет одним из главных направлений государственной политики.

Также я не ошибусь, если скажу, что в профсоюзах мы видим надежного партнера, защищающего трудовые и социально-экономические права и интересы трудящихся.

В настоящее время в республике проводится большая работа по улучшению условий жизни и расширению мер социальной поддержки уязвимых слоев населения, повышению качества и эффективности предоставления услуг. Большой вклад в реализацию социальной защиты населения вносят ваши профессионализм, гражданская позиция, чувство ответственности и справедливости, без которых невозможно представить работников социальной сферы.

Наши предки издревле отмечали: “Хороший заботится о людях, а плохой – о себе”. Одну из таких священных добродетелей наших предков вы обратили в свою профессию. Не каждый может стать работником социальной сферы или профсоюзов – обладателями данной профессии могут быть только те, кто готов сопереживать, нести добро и справляться с трудностями.

Государство протягивает руку помощи всем нуждающимся. Благодаря неустанному труду работников социальной сферы, люди с ограниченными возможностями, дети, ветераны, пенсионеры – все находят поддержку и участие.

В последние годы в борьбе с бедностью государство совершенствует систему социального и пенсионного обеспечения, уделяя огромное внимание незащищенным категориям граждан.

В текущем году в целях оказания дополнительной поддержки малообеспеченным семьям началась выдача беспроцентных кредитов на сумму 200 тыс. сомов участникам социального контракта.

Также в этом году на каждого ребенка, оставшегося без попечения родителей, введен государственный детский депозит “Келечекке салым” в размере не менее 500 тыс. сомов, которые могут быть использованы по достижении ими 18-летнего возраста.

За последние три года пенсии повышались значительными темпами. В 2024 году пенсии повышены в 2 этапа, средний размер пенсии вырос почти в 2 раза.



Уважаемые работники социальной сферы и профессиональных союзов!



Примите слова искренней благодарности за ваш самоотверженный труд, высокий профессионализм, внимание и чуткость к людям. Убежден, что ваши заслуги по достоинству будут оценены нашим обществом.

Желаю вам крепкого здоровья и благополучия вашим семьям! Пусть нашими общими усилиями наш Кыргызстан крепнет и процветает!»

КР Президенти

19 Oct, 03:00


Президент Садыр Жапаровдун Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул күн боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү, жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн жардамга муктаждарга арнаган адамдардын майрамы. Күн сайын башка адамдын түйшүгү менен көйгөйүн өз мойнуна алып, алардын жүрөгүн жакшылыкка, жашоосун үмүт менен сүйүүгө толтурган адамдардын майрамы. Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнүмдүк эмгеги бул сөздөрдүн чындыгынын далили десем жанылышпайм.

Мына ошондуктан, өлкөнүн социалдык тармагы ар дайым мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири болуп келген жана боло берет. Ал эми кесиптик бирликтерди кызматкерлердин социалдык-экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргогон ишенимдүү өнөктөшүбүз деп айтууга толук негиз бар.

Ата-бабаларыбыз илгертеден эле “Жакшы – эл камын ойлойт, жаман – өз камын ойлойт” деп таасын белгилешкен. Сиздер ата-бабаларыбыздан калган мындай ыйык касиеттердин бирин өз кесибиңиздерге айландырып келесиздер. Ар ким эле социалдык чөйрөдө же кесиптик бирликтерде кызматкер боло албайт, ары түйшүктүү милдетти көтөрө алган, жасаган ишин жан дили менен туюп билген адамдар гана бул кесиптерди аркалай алат.

Мамлекет жардамга муктаж адамдардын баарына кол сунат. Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин талбаган эмгегинин аркасында балдар, майыптыгы бар адамдар, ардагерлер, пенсионерлер – бардыгы колдоо табууда.

Акыркы жылдары бул тармакта иштеген кызматкерлердин жардамы менен жакырчылыкты жоюуда мамлекет социалдык жана пенсиялык камсыздоо системасын өркүндөтүп, колдоого муктаж жарандардын корголбогон категорияларына чоң көңүл буруп жатат.

Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде кошумча колдоо көрсөтүү максатында долбоордун катышуучуларына 200 миң сомдон пайызсыз насыя берүү башталды.

Ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир балага 18 жашка толгондо 500 000 сомдон кем эмес суммадагы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди.

Акыркы үч жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулоодо. Быйыл пенсия 2 этап менен жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү дээрлик 2 эсеге өстү.

Урматтуу социалдык чөйрөнүн жана кесиптик бирликтер кызматкерлери!

Сиздердин ажат ачкан эмгегиңиздер коомчулук тарабынан дайыма жогору бааланып, урмат-сыйга ээ боло беришиңиздерге тилектешмин.

Ак ниет менен аткарган ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун! Сиздерге күч-кубат, чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм».

КР Президенти

18 Oct, 10:20


🎥Видео: Бишкекте “МИК” ААКсы тарабынан салына турган “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушу башталды

****

🎥Видео: В Бишкеке начато строительство жилого комплекса «Ынтымак», возводимого ОАО «ГИК»