1 Наркомандардын көптүгү жана бул аларга нормалдуу эле көрүнүш. Машинада өтүп баратсаң, жолдо кыйшайып турганы көзгө учурайт. 😂.Жана сыртта турган эле бирөөрүн машинасын башка бирөө урдап кетип, талкалап салса да эч кандай таң калаарлык нерсе жок. Полициянын бул нерсеге күчү жетпей калгандайбы, айтор билбейм.
2 Студенттер үчүн иштөө бир ааз оорурак,эгер сиздин иштериңизди билип калышса, кайра Америкага киргизбей коюуусу мүмкүн.
3 Бул жактын транспортуна түшүнбөдүм жана аябай ыңгайсыз дешет. Машинасы жок эч бир ишин бүтпөйт.
4 Тейлөө кызматы аябай узак жана акырын. Банка барсан, 1 саат аралыгында карта аласын. Кыргызстанда 5 мүнөттө эле алат элем😄.
5 Кайсыл жерге барсаң да бир кап документ сурайт, жашаган адресинден баштап айтор баарын.
6 Көп нерсе дагы сот аркылуу чечилет. Эгер сиз полицияга жөн эле бат айдап баратып кармалган болсоңуз да, сизге колуңузга сот болуу тууралуу кагаз берет.
7 Америкага райондор бөлүнөт. Коркунучтуу райондордо кол тапанча мн атышып, бирин бири өлтүрүп, бычактап деген окуяларда угуп калам. Андай райондорго болушунча барып калбоого аракет кылабыз.
Булар баары менин жеке тажырыйбам жана оюм.