Урматтуу мекендештер!
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Temirov LIVE долбоорунун 11 журналистинин үстүнөн чыгарган өкүмүн угуп катуу жийиркендим, жүрөгүм ооруду, өкүндүм. Биз кандай элге айландык? Кайсы доорго түшүп калдык? Кыргыз тарыхында качан эле айткан сөзүң үчүн абакка отургузулуп, өз көз карашың, ишенимиң үчүн жазаланган элек? Качан эле биздин төкмө акындардын тили кесилген эле? Качан эле акындар сөзүн айтаарда эки жакты карап, жалтаңдап калган күнгө жеткенбиз? Кай заманда ушундай оор сыноолорду башыбыздан өткөргөн элек?
Биздин ата-бабаларыбыз “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген улуу накылды бекеринен калтырган эмес. Адам төрөлгөндө эле өзүнүн оюн айтууга Жараткандан укук алат. Бул укук мыйзам менен да, бийлик менен да берилбейт. Ал адам менен кошо төрөлөт. Адамдын тили, ою, көз карашы бар болгону үчүн - адам. Эгер бул укуктарды адамдан тартып алсак, анын айбандан айырмасы эмне?
Акыркы эки жылда Кыргызстанда ой эркиндигине, сөз эркиндигине болгон кысымдар күндөн-күнгө күчөп, чындыктан корккон бийлик ооз ачкандарды темир торго камап, элди жапырт коркутуу жолуна түштү. Бул эмне деген бийлик, эмне деген жапайычылык? Бул эмне деген зулумдук? Ой жүгүртүүгө, сөз айтууга тыюу салуу — элди маңкурттукка алып келет! Бул улуттук өзгөчөлүгүбүздү, маданиятыбызды, тилибизди жок кылууга алып баруучу коркунучтуу жол! Кыргызстан — тилибиз, Манасыбыз, эпосубуз, дастандарыбыз менен даңкталып келген элбиз. Элибиз канчалык оор күндөрдү башынан кечирсе да, сөз эркиндигинен ажырабаган. Бир да бийлик буга чейин сөз эркиндигине мындай катуу сокку урган эмес.
Дагы бир жүрөктү ооруткан нерсе — жаш баланы энесинен ажыратуу. Бул эмне деген шумдук? Ата-энеси тирүү туруп, баланы балдар үйүнө берүү кандай кордук? Ушундай жапайы жоруктарга жеткенибизге ким күнөлүү? Кыргыз адам баласын эмес айбандардын-куштардын балдарын да энесинен ажыраткан эмес го.
Айланайын эл азаматтары! Кыргыз эл баатырлары, акындары, жазуучулары! Силер кайдасыңар? Энени баладан, баланы энеден ажыратып, чындыктын үнүн басып жатышса эмнеге унчукпайсыңар? Ушундай зулумдукту көрүп туруп өз оюн айта албаган кайдыгер,мага эле болсо болду деп четтен карап сыйлык күткөн, майрам күндөрү дасторкондон үмүт эткен, кандай устукан тиет экен деп күткөн жалган баатыр карыялардан не пайда? Каарман, акылман деп эсептелген аксакалдарыбыз кайда? Кылым карыткан каада-салты бар, улуттук наркы бар улуу элбиз деген кыргыз ушундай болуп майдаланып аска-зоо эмес көзгө илинбеген кумга айланып жок болуп кетебизби? Келечегибиз бүдөмүк...
“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы
Адахан Мадумаров