"Данек" китеп дүкөнү @danekbooks Channel on Telegram

"Данек" китеп дүкөнү

@danekbooks


Китептер тууралуу
🔸акыркы жаңылыктар
🔸 маалыматтар
🔸 кызыктуу фактылар
🔸автордон баяндар
🔸китептен үзүндүлөр

Данек китеп дүкөнү (Kyrgyz)

Данек китеп дүкөнү Telegram каналы - бул сиздин китептер тууралуу жаңылыктарды, маалыматтарды, кызыктуу фактыларды жана автордон баяндарды таркатат. Каналда китептен үзүндүлөр жана жаңы китептер тууралуу маалыматтар топтолгон болуп жатат. Данек китеп дүкөнү сизге китептерди суранып, жаңылыктар менен билдирүүлөрдөн менен таныштырып, китептеги атайын мүмкүндүлүктөрдүн орнотууларын берет. Китеп сүйгөн барбыл адамдар үчүн Данек китеп дүкөнү Telegram каналы абсолюттүү азаматтык жер болуп тууралуу жаңылыктар менен толтурмо жана китептер жөнүндө маалымат алуу үчүн көрсөткүч мүлк болуп саналат.

"Данек" китеп дүкөнү

09 Feb, 05:11


📚 "Китеп – адамзаттын эң мыкты ойлорун сактоочу кеме." – Вольтер

"Данек" китеп дүкөнү

01 Feb, 08:54


1-ФЕВРАЛЬ – ЖООЛУК КҮНҮНӨ КАРАТА СУПЕР КОМБО АКЦИЯ! 🎁

Айымдарыңызга өзгөчө белек тартуулап, алардын жүрөгүн кубанычка толтуруңуз! Бизден эксклюзивдүү белек топтомун алып, жакындарыңызды сүйүнтүңүз!

📌 Баасы: болгону 1️⃣5️⃣0️⃣0️⃣сом

🎁 Топтомго төмөнкүлөр кирет:
✔️ Китеп – жан дүйнөнү байытуучу кызыктуу чыгарма
✔️ Химар – назик жана жарашыктуу
✔️ Жоолук – сапаттуу жана кооз
✔️ Таттуулардан жасалган гүлдесте – өзгөчө даамдуу жана көз жоосун алган белек
✔️ Ийне – жоолук үчүн пайдалуу аксессуар
✔️ Теспе – тынчтык жана руханий гармония үчүн
✔️ Открытка – жылуу каалоолоруңузду жеткирүүгө сонун мүмкүнчүлүк

📌 Түстөр жана дизайндар боюнча тандоо мүмкүнчүлүгү бар! Сиздин табитиңизге жараша эң ылайыктуусун тандап берүүгө даярбыз.

Заказдарды кабыл алуу жана кененирээк маалымат алуу үчүн биз менен байланышсаңыз болот! ❤️

☎️ 0777 85 84 10
☎️ 0703 52 57 15

"Данек" китеп дүкөнү

01 Feb, 08:48


Жоолугум – менин таажым👑

«Жоолук – жөн гана кездеменин бир үзүмү эмес.
Ал мен үчүн тынчтыктын, намыстын жана сулуулуктун белгиси. Ар бир катталган бүктөмүндө тарых, ар бир түгөштүрүлгөн учунда өзүмдүн өзгөчөлүгүм катылган.

Ал мени коргоп турат, менин ички дүйнөмдү, жан дүйнөмдүн тунуктугун чагылдырат. Айрымдар үчүн жоолук чектөө болсо, мен үчүн ал эркиндик. Дүйнөнүн ызы-чуусунан, жасалмалуулугунан, убактылуу көрүнүштөрдөн эркиндик.

Жоолук мага өзүңдү унутпа, улуу максаттарыңды эсте деп эскертип турат. Ал менин таажым, анын алдында мен өзүмдү падышанын кызы сымал сезем.

Жоолугум менен сыймыктанам! Анткени ал менин тандоом!»

~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~

Ассаламу алейкум,китепкөй айымдар!
Жоолук күнү куттуу болсун,жоолугубуз бейишке жетелесин!🧕🏻

@danek_books - бүгүн жоолук күнүнүн урматына дал ушул китептерди бекер беребиз🎁

📍 Калык Акиев 66, Весна соода борбору, 3-кабат С31

Урматым менен : Элла Зарылбекова❤️
@ella_zarylbekova

#жоолуккүнү #жоолугумтаажым #китепдүкөн #данек

"Данек" китеп дүкөнү

01 Feb, 08:46


Ассаламу алейкум асылзат айымдар,сүйүктүү эже-сиңдилер!🥰

Жоолук күнү куттуу болсун!🧕🏻

Жоолук – аялзатынын назиктигин, ыймандуулугун жана улуулугун даңазалаган белги.
Бул күнү ар бир асылзат айымды терең урматтоо менен куттуктап, жоолугуңуз ырыс, тынчтык алып келсин деп тилейбиз!

Жоолугуңуздар бейишке жетелесин❤️

#данеккитепдүкөн #жоолуккүнү #белектер

"Данек" китеп дүкөнү

28 Jan, 03:41


Кутмандуу күнүңүздөр менен, сүйүктүү окурмандар ☺️

Учурда кайсы китепти окуп жатасыздар,комментарийге жаза кетиңиз👇

"Данек" китеп дүкөнү

27 Jan, 13:01


Бейиш жолу📚
🖊️Абдышүкүр ажы Нарматов

"Данек" китеп дүкөнү

27 Jan, 12:59


📚 Өчпөс өмүр 📚

Автор: Абдишүкүр Нарматов Ислам Ажы уулу

"Данек" китеп дүкөнү

27 Jan, 10:53


Япон кереметинин сыры📚

Бир киришсең баш көтөрбөй окугудай жатык тил менен жазылган бул китепте сакура гүлү менен Фудзияма тоосунун сырларынан тартып, айдоочусу жок поезддерди жана адам оюн окуган Асимо роботун ойлоп тапкан япондордун кадыресе турмуштагы сапаттары тууралуу абдан кызыктуу маалыматтар камтылган. Күн Чыгыш өлкөсүндө бир топ мезгил жашаган Нуржигит мырзанын бул баянын окуган киши табышмактуу жана сырдуу япон духу жана мүнөзү жөнүндө ушунчалык пайдалуу маалыматка ээ болот.

"Данек" китеп дүкөнү

27 Jan, 10:50


Магия утра📚

Книга, которая помогла тысячам людей изменить жизнь за счет правильного начала дня и утренних ритуалов.

Что, если завтра любая (или даже каждая) сфера вашей жизни могла бы чудесным образом измениться? Что было бы иначе? Вы стали бы счастливее? Здоровее? Успешнее? Вы были бы в лучшей физической форме? Стали бы богаче? Энергичнее?

Что, если существует простой, но не очевидный секрет, который гарантированно поможет вам изменить любую сторону вашей жизни - и сделать это быстрее, чем вы можете себе представить?

Утренние ритуалы, которые предлагает осуществлять автор этой книги, помогли десяткам тысяч людей изменить свою жизнь, почувствовать себя лучше и успевать больше. Из книги вы узнаете, как первый час дня определяет ваш успех и позволяет вам раскрыть свой потенциал полностью. Измените то, как и когда вы просыпаетесь и как проводите первый час - и вы сможете изменить свою жизнь, а именно:

Снизить уровень стресса;
Улучшить общее здоровье, сбросить лишний вес (если необходимо);
Просыпаться каждое утро с зарядом энергии;
Больше зарабатывать;
Найти свое призвание и следовать ему;
Повысить продуктивность и научиться фокусироваться на ключевых задачах.

"Данек" китеп дүкөнү

27 Jan, 10:49


3 жаштан кийин кеч📚

Китептин автору - «Sony» компаниясынын негиздөөчүсүн бири Масару Ибука. Китептин автору бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.

"Данек" китеп дүкөнү

27 Jan, 10:48


Данек окурмандары үчүн,электрондук китептер белекке📚

Окуп бүтүп,пайда алсаңыз комментарийге ой бөлүшө кетсеңиз,кубанабыз…

Терең урматыбыз менен : Данек китеп дүкөнү☺️

"Данек" китеп дүкөнү

23 Jan, 04:58


1. Кругозордун кеңейишин калыптандырат
Китептер дүйнө, маданият, илим жана башкалар жөнүндө жаңы маалымат алууга жардам берет. Алар окуяларды ар кандай көз караштан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

2. Ой жүгүртүүнү өнүктүрөт
Китеп окуу сынчыл жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрөт, көйгөйлөрдү чечүүгө жана логикалык байланышты табууга жардам берет.

3. Сөздүк куржунду байытат
Ар бир китеп менен жаңы сөздөр жана фразалар үйрөнүлөт, бул ойду так жеткирүүгө жардам берет.

4. Эсте сактоо жөндөмүн өнүктүрөт
Китеп окуу сюжетти, каармандарды жана майда-чүйдө нерселерди эстеп калууга жардам берет, мээни машыктырат.

5. Стрессти азайтат
Китеп окуу күнүмдүк көйгөйлөрдөн алаксытып, башка дүйнөгө сүңгүп кирүүгө жана эс алууга жардам берет.


Сиз китеп окуунун кандай пайдаларын билесиз, төмөнгө жаза кетиңиз🤗

"Данек" китеп дүкөнү

19 Jan, 13:17


❤️

"Данек" китеп дүкөнү

16 Jan, 10:05


Аз гана санда 🥰🥰🥰
Баасы 700 сом

Алуу үчүн :0777858410 вотс апп
🚛жеткирүү кызматы акылуу
📍Биздин дарек: Калык Акиев/Токтогул Весна соода борбору 3-этаж с31

"Данек" китеп дүкөнү

09 Dec, 09:38


Балаңызга китеп алып берүүдө эмнелерге көңүл бурасыз?

Комментарийге жаза кетиңиз👇🏻

#баламакитеп #баламүчүнкитеп

"Данек" китеп дүкөнү

09 Dec, 08:42


Эх, чиркин сезимдерде , кыялдарда,аруу ойлордо жашаткан ЧООЧУН КИШИ сериалын ар бир көрүүчү көрүп жаткан учуру бейм .

Дал ушул сериал түрк сериалдарын да артта калтыраары шексиз. Бул сериалды мыкты өтөсүнө жеткире аткарган @salamatkalybek агабызды баарыбыз шүмшүк Толкунбек деп жеп көрүп жатсак керек . Китептеги мындай шедеврды сериал кылып алып чыгуу канчалаган эмгекти талап кылганы көрүнүп турат

Китептеги Толкунбекти накта ойноп берген @salamatkalybek агабызга ыраазычылык

Китеп 3 томдон турат
Баасы : 1-2 тому - 900 сом
3- тому 650 сом

Алуу үчүн :0777858410 вотс апп
🚛жеткирүү кызматы акылуу
📍Биздин дарек: Калык Акиев/Токтогул Весна соода борбору 3-этаж с31
9:00-20:00

"Данек" китеп дүкөнү

28 Nov, 05:25


*Өзүңө ушул суроолорду бер*

1.Бүгүнкү жашоомду келечекке кыжалаттануу үчүн,кечиктиремби же келечектеги жок нерселер үчүн тынчсызданамбы?

2.Бүгүнкү жашоомду өткөн ишти ойлонуп өткөрүп саламбы

3.Эрте менен туруп алдыдагы жыйырма төрт саатты пайдалуу өткөрө аламбы?

4.Бүгүнкү күндү пайдалуу өткөрбөсөм келечектен пайда барбы?

5.Качан аны аткара алам?Кийинки жумадабы?Эртеңби?Же бүгүнбү?

6.Кандай кыйынчылык болоорун өзүңдөн сура?Анан аны сабырдуулук менен кабыл кылууга даяр тур

7.Сен ойлогон ошол нерсени жакшыртууга аракет жаса

"Данек" китеп дүкөнү

27 Nov, 05:43


Намаз - жан дүйнө тынчтыгынын кепилдиги

Жашоодогу жагымсыз окуялар,жаман кабарлар,башка кыйынчылыктар,кайгы-капалар адамдын акылына,рухуна,денесине катуу таасир этет.Болгон окуядан улам маанайы чөгүп,эмне кыларын билбей,айласы кетип калышы мүмкүн.Бул өз кезегинде бир катар көйгөйлөргө жол ачат.Андан соң ден соолугу начарлап,бактысыз,үмүтсүз адамга айланат.Дал ушул учурда Курандын бул аяты жардамга келет.

«Качан башыңа бир кайгы же оору жетсе,сабыр кылып,намаз окуу менен Аллахтан жардам сура!»

•Бакара сүрөөсү,153-аят

Демек,сабыр жана намаз бардык кыйынчылыктарды жана азаптарды жеңе ала турган кудайлык буйрук.
Анткени Аллах Таала ушундай убада берүүдө.Аллах жардам берүү үчүн бизге сабыр жана намаз эшигин көрсөтүүдө.Бизге көрсөтүлгөн жардам ошол эшик,аркылуу келет.Бирок ал эшиктердин ачылышы үчүн аларды каккылоо керек.

Абу Давид баяндаган хадисте Аллахтын элчиси (с.а.в):

«Оо,Билал,биздин жан кумарыбызды таратчы!»-деген.

Аллахтын элчиси (с.а.в) башка бир хадисинде:

«Намаз-көзүмдүн нуру» деген.Булардын баары окулган намаздын адамды кубантып, көңүлүн тынчтандырарына ишарат кылууда.Муну ар бир момун,ар бир мусулман ыйманынын деңгээлине жараша сезет.

"Данек" китеп дүкөнү

27 Nov, 05:42


Китеп окуунун пайдалары:

1.Азгырууну,кайгы-капаны кетирет
2.Жаман жолго түшүүдөн сактайт
3.Бекерпоздордон алыс кылат
4.Сөз байлыкты көбөйтүп,тилди жакшы сөздөргө сүйлөтүүгө үйрөтөт
5.Акыл-эсти өстүрүп,мээни сергитет
6.Илимди өөрчүтүп түшүнүүнү көбөйтөт
7.Инсандардын тажрыйбасынан пайдаланып,илимдүү-билимдүүлөрдөн көп нерсени үйрөтөт
8.Жашоо-турмушта ар түрдүү илимден жөндөмдүүлүк артып,аны пайдалана билет
9.Ыймандуулук артат,өзгөчө Исламий китептерди окуганда ыймандуулук артат
10.Акыл,жүрөк чартарап болуудан оолак болуп,бейпилдикте болот,убакыт да текке кетпейт
11.Бир сөздү,сабакты, сүйлөмдү жана ар кандай купуя сөздөрдү түшүнө алат

"Данек" китеп дүкөнү

27 Nov, 05:35


Жарыя! Жарыя! Жарыя!

“Кайрымдуу жүрөк” кайрымдуулук фонду жана “Нур” басма үи‌үнөн “Мусулман аял” китебинин негизинде республикалык онлаи‌н китеп окуу конкурсу болот!

Конкурстун баи‌гелери:
1-2-3-орундарга умрага жолдомо;
4-орун 40000 сом
5-орун 30000 сом
6-орун 20000 сом
7-орун 10000 сом

Ошондои‌ эле дагы баалуу белектерибиз бар.

Конкурска катышуунун шарттары:

✔️печать басылган “Мусулман аял” китебин алуу;
✔️Окуп жатканыңыз жөнүндө инстаграмга пост же рилс киргизүү;
✔️Көрсөтүлгөн номерге жазып, конкурска катталуу.

Бул конкурс китеп окуп, кыялдарды ишке ашырууга сонун мүмкүнчүлүк! Андыктан, ар бириңиздерге ии‌гилик!

Баасы: 700 сом алуу үчүн 0777858410 вотс апп

"Данек" китеп дүкөнү

28 Oct, 12:57


❤️

"Данек" китеп дүкөнү

19 Oct, 06:20



"Данек" китеп дүкөнү

19 Oct, 06:19


Кутмандуу күнүңүздөр менен окурмандар!
Классикалык адабий китептер (орус тилинде)⤵️

"Данек" китеп дүкөнү

20 Sep, 12:04


Ислам негиздери -850 сом
Жүрөктөрдүн ачкычы -850 сом

"Данек" китеп дүкөнү

12 Sep, 10:54


. . .📚 КИТЕП САТЫП АЛУУДА КӨҢҮЛ БУРА ТУРГАН НЕРСЕЛЕР:

Көбүбүз китеп алып жатканда эмнеге көңүл бура тургандыгыбызды билбейбиз.
Бул ойдун түзүлүшүнүн себеби-окуучулардын кандай китеп ала турганын,кайсынысы пайдалуу,кайсынысы пайдасыз экенин билбей бизге кайрылышынан улам:«Ооба,китеп алгыбыз келет,бирок кандай?» деген суроолорго жооп берели

1|БААСЫ

Көпчүлүк карапайым китеп сатып алуучулардын
көбүнүн айлыгы, стипендиясы аз, ал эми китептин баалары жогору. Ушундан улам ала албай калган көп китебибиз бар. Жылдын ар кандай убактарында китеп саткандар арзандатууларды уюштурушат,сиз да
ошол убактарда китеп алууга аракет кылсаңыз болот.
Мындан сырткары, кээ бир жерлерде китеп көргөзмөлөр уюштурулууда,жарманкелерден да арзан баада сатып алса болот.


2|КИРИШ СӨЗ

Эгер китеп жөнүндө дагы да терең маалымат алгыңыз келсе,кириш сөзүн (аннотация)
окуп чыгыныз. Ал жерден китеп
тууралуу жалпы маалымат алган болосуз.

3|КИТЕПТИН АВТОРУ

Пайдалуу китепти алып окууда жазуучунун да мааниси бар.Бирок жалгыз гана белгилүү жазуучулардын китептерин же белгилүү чыгармаларды тандооңуз ката болуп саналат.Сиз белгилүү деп билген автор жаңы кезинде белгилүү эмес болгонун унутпаңыз.

4|КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАН

Мындан китептин илимий болуп -болбогонун,б.а. пайдалуу китеп экендигин,жазуучунун кайсы адабияттарды колдонгонунан биле алабыз.Толук маалыматтарды билүү үчүн,менимче, эң алгач көңүл бура турган нерсе - колдонулган адабияттар.


5|КИТЕПТИН ТҮРҮ

Каалаган китепти алууга материалдык
жактан мумкунчулук болбой калышы
мумкун.Ушул себептен дайыма пайдалана
ала турган, колунузда дайыма боло турган китептерди биринчи орунга коюу менен акчаңызды үнөмдөп аласыз.Романдын ордуна илимий-популярдуу,илимий чыгармаларды алыңыз.Китеп сатып
алууда адегенде айлык,жылдык максаттарды белгилеңиз.Акылыңызга келген убакта китеп алам десениз бир аз кымбатыраак аласыз. Ошондуктан, «Бул
айда ушунча китеп алам» «бир айда мынча акчаны китепке жумшайм »деп
пландаңыз.Жеке китепканаңыз да
пайдалуу болсун!

___

Маалымат пайдалуу болгон болсо,баракчага катталып,постту сактап,китепкөй досуңузга жибергенди унутпаңыз!❤️


#планжазуу #китепсатыпалуу #туурамаксат

"Данек" китеп дүкөнү

31 Aug, 13:21


📕365 КҮНГӨ ОЮН
🖊Р.Гедик;Б.Жунусалиев;Ж.Кочкорбаева
📌373 бет
💵: 800 сом


Биздин дарек:

Калык Акиев/ Токтогул Весна соода борбору 3-этаж С31 бутик

🗓️Иштөө убактыбыз:
9:00-20:00
Дем алыш жок
номер : 0777858410 0702858410

"Данек" китеп дүкөнү

31 Aug, 11:44


Эгемендүүлүк күнүбүз куттуу болсун ❤️❤️❤️

Өлкөбүздүн желбиреги желбирей берсин
Сени сүйөбүз КЫРГЫЗСТАНЫМ 🫶🏻