– Эгерде Асылбек ушул шартка көнсө, анда айылда калып, арабызга аралашсын! А эгерде көнбөйт экен, анда ары жагын да ойлонуп койгонбуз!
Апасынын аркасына далдаланган Кызмончоктун жүрөгү дикилдеп, Жан дагы жаткан жеринен ордуна батпай, ойдолоктой түштү.
Канымет чал бир азга унчукпай калып, өтө жооптуу, маанилүү бир нерсе айтуучудай тамагын жасап, чапанынын эки өңүрүн кымтылана, Таңырбай, Бекибайлар жакты бир карап алды. Алар аны кубаттагандай күлмүңдөп, баштарын ийкешти. Бирок Канымет жылан жакты тик багып карагандан айбыгып, жүзүн ала качып, жалтактап кетти да:
– Эл-журт! Эмесе, бүтүм мындай – эгерде элге бүлүк салган, Сайраны жыккан чын эле Кызмончок эмес, береги жылан болсо, анда аны мындан ары да ким бирөөнө кол салбайт деп эч ким кепил боло албайт! Ошондуктан, Асылбек так ушул жерден жыланды өлтүрүп, эл алдында абийиринин ак экенин далилдеп берсин!
– Туура айтат! Ошентсин! – дешти көпчүлүк. Таңырбай сөзүнөн аягын ушинтип бүтүрдү:
– Болбосо, Асылбектин үй-бүлөсү так ушул жерден таш бараңга алынсын!
Кечээки: “Айылдан көчүп кетсин,” – дегенди кантип: “Таш бараңга алынсын!” – менен кантип алмаштырып ийгенин өзү да байкабай калды.
Кызмончоктун көздөрү караңгылап, кулагы туна, апасынын каруусун мыжыга кармап, ыйлап жиберди. Жан анчалык деле кебелген жок. Тек гана жерден баш көтөрүп, курчаган элди таң калган өңдүү бир тегерете карап алды. Асылбектин денесинен чыпылдаган муздак тер чыгып кетти. Жабалактай тиктеген элге эмне жооп айтаарын билбей, адегенде алдастай түшүп, анан:
– Жок! – деди, – Аны өлтүрүүгө менин колум дагы, дитим дагы барбайт! “Чөптү кордосо – көзгө зыян.” Мунун айбандыгы эле болбосо, чыпалактай кезинен көз алдымда чоңойгон. Эч бирөөнө кылдай зыяны жок!
– Акмак!!! А менин аялымдын аз эле жерден өлбөй калганы сага эч нерсе эмес экен да?! Адамдын жанынан да сенин ажыдаарыңдын жаны баалуураак турбайбы! – Жамажайынан шилекейи чачырап, ачуусу аябай келгендиктен өңү кара-көк тартып, калчылдаган Абылай ушинтти да, мылтыгын соройтуп, жыланды мээледи. Бектемир атасынын колундагы куралга асылып, алып койду эле, эми Абылай жерден таш ала коюп, ортодогуларды ургулап кирди.
– Ата?! Ата?! – деп колуна жабышкан Бектемирди жыга түртүп, жерден өчөңдөп таш издеп, улам тигилерди көздөй сызгырылтып ыргыта баштады. Аны токтотконго киши чыкпай, атүгүл ага кичүү уулу Чынтемир кошулуп, бара-бара таш ыргыткандардын катары арбып, Асылбектерди көздөй туш-туштан таш мөндүрдөй жаай баштады. Асылбектер жада калса үйгө кире качууга да үлгүрбөй, улам бир жерине таш тийип, жандалбастай бети-баштарын калкалап, бир ууч болуп чогула калышты. Жан дагы канча ирээт денеси ооруп, ары-бери ойдолоктоп жатып, акыры укмуштуудай бир үн чыгара ышкырып, тикесинен тип-тике тура калды!
Ушуну эле күтүп тургандай, заматта айылды жыландар каптап кетти! Элди тегерете курчап, кандайдыр бир кышылдаган үн чыгарышып, кичине эле кыймыл кылгандарга: “Тс-с-с!!!” – этип, коркунучтуу сес берип, эки ачакей тилдерин соймоңдотуп жатышты.
Баятан бери бакылдап жаткан Канымет чал, Абылай, Бекибай, Ишенбайлардын келмелери ооздорунан ыргып, аялдар чаңырып, балдар ыйлап, айтор бат эле айылды ызы-чуу каптап кетти. Айрыкча: “Ансыз да элге жек көрүмчү болгон жаныбыз, эми биротоло бетибиз карарабы?” – деп Асылбек, Акбай ата, Сырга, Кызмончоктордун үрөйү учту. Ак жыландан алда канча өңдөрү суук кара, чаар, таргыл, ала-була жыландардын бир даары элди айланта сыртынан курчап, бир даары соймолоңдоп так адамдардын аяктарынын арасынан аралап өтүп, ортого кирип келди!
Асылбектердин жанында тикесинен турган Жан аларга көрсөтмө берип, буйрук кылып жаткандай туюлду элге.
– Жан! – деди ушул тапта Акбай ата каргылданган добушу менен, – Жан, антпе айланайын?! Кечир бизди?!..Элди кечир?! Бири-бирибизге кара санабайлы!
Ортого кирип келген өңү суук кара чаар жыланды Асылбек менен Сырга тааныды!.. Ал азыр да так ошондогудай каардана түп-түз мээлеп, Акбай атага карай келатты. Аңгычакты Жан жерге өтө ылдамдык менен ийилип түшүп, кара чаар жыланга бир тийип өттү эле, тигил денесин титирете катуу жыйрып алып, кайра имерилип, артка кетти.