Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым! Көптөн бери сиздер менен кабарлашпай, катташпай кеттим. 🕰 Мунун бир канча себептери бар. Сиздер үчүн макала жазып турбасам, өзүмдүн да колум кычышат. 📜 Негизи бул макаланы бир канча күн мурда эле жазышым керек эле, бирок убакты сааты чыкпай отуруп ушуга келдик.
🇰🇬 Билим берүү - ийгиликтин ачкычы! 🔑
Мен өлкөмдүн билим берүү тармагы өнүксө, жарандарыбыз жакшы билим алса деп тилек кылам. Билим берүүгө салым кошо турган иш-чара болсо, аны колдоого ар дайым аракет кылам. Эгерде колуман келбесе, жок дегенде жакшы сөзүмдү, комментарийимди калтырып колдоо көрсөтөм. 💬
Эрмек - агартуу жаатында жигердүү жигит! 💪
Эрмек иним мен жакшы көргөн, сыймыктанган инсандардын бири. Биз бир топ жыл чогуу иштеп, билим берүү жаатында тажрыйба топтогонбуз. Ал кезде Эрмек студент болуп, жатак мектепте окуучуларга тарбиячы болуп иштеп жүргөн. 👨🏫
📚 Мугалим коомдук фонду - келечектин пайдубалы!
Эрмек азыр болочок мугалимдерди тарбиялап, айына 8 миң сомдон стипендия берип жатат. 🤯 Бул гана эмес, алар үчүн атайын офис ачып, кошумча семинарлар, тренингдер өткөрүп, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда. 🌱
✊ Колдоо көрсөтөлү!
Мындай иштерди колдоо менен өлкөбүздүн билим берүү тармагына салым кошо алабыз. mugalim.chyrak инстаграм барагына катталып, өзүбүздүн салымыбызды кошолу. 🙌 Ал тургай, бир студенттин стипендиясын көтөрүүгө да жардам берсек болот. 📈
✍🏻 Турат Алыбаев, програмчы, агартуучу.
Бишкек ш., 3-февраль, 2024-жыл.
📢 Билим берүүдө биргеликте алдыга жылабыз!
🌐 #БилимБерүү #МугалимКоомдукФонду #КелечекМугалимдер #КолдооКөрсөтүү #ИйгиликкеЖетели