🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы @senasylsyn Channel on Telegram

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

@senasylsyn


Мусулман айымдардын жашоодогу
Жаман эмес-жакшыны
Караңгы эмес -жарыктыкты,
Чөгүүнү эмес- өнүгүүнү каалаган айымдар үчүн 🥰
Байланыш үчүн:https://t.me/Mashhura_0611
Аялзатына

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы (Kazakh)

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы is a unique and inspiring channel dedicated to empowering women in Kazakhstan. With a focus on promoting self-love, confidence, and personal growth, this channel provides a supportive community for women to share their stories, experiences, and advice. Whether you're looking for motivation, empowerment, or simply a safe space to connect with like-minded individuals, 🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы has something for everyone. Join us today and be a part of this empowering movement!

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

11 Nov, 07:33


Ишеничтүү жана өз ишин мыкты билген Умра башчы. Байланышып, маалымат алып Аллахтын үйүнө биз менен бирге барыңыз.

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

11 Nov, 05:57


Алтынчы сабакты кабыл алыңыздар

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

11 Nov, 05:56


https://youtu.be/-Uzf16YbKSs

Балдардын жакшы окуусу үчүн туура тамактануу керек. Эгер кандай тамактарды берүүнү билбесеңиз, алгач зыяндуу азыктардан баш тартыңыз: кириешки, чипсы, жевачка, конфет, шоколад, чупа-чупс, йогурт, гамбургер, сендвич, кола, Фанта жана башка. 🍫🍟🍭

Элестетиңизчи, бензин менен жүрө турган машинеге таштанды салып айдайсызбы? 🚗🛢️ Ошондой болсо, эмне үчүн балдарыңызга туура эмес тамактарды бересиз? Балдар өздөрү алып жесе да, бул үчүн сиз жооптуусуз, анткени алар сиздин балдарыңыз! 👶❤️


http://t.me/SenAsylsyn

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

11 Nov, 05:56


Озунуз Бир тапшырма аткаралбасаныз, баланыздан кантип талап кыласыз? Ата-эне окумайынча бала окубайт

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

11 Nov, 05:56


Уй тапшырмаларды жонотунуздор, баланыз учун Бир тапшырма аткаралбасаныз, анда озунузду алдабайле коюнуз

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

08 Nov, 17:42


Бешинчи сабакты кабыл алыңыздар 🥰🤗

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

08 Nov, 17:42


https://youtu.be/6eTuZNEN1k8

📚 Кыз себине 40 китеп берели – бул билимге болгон чоң белек жана келечекке из калтыруучу мурас!

🗣️ Оозубузду тарбиялайлы – жылуу сөз, жагымдуу мамиле, жакшы тарбия ар бир адамга көрк кошот! 💬🌷

🎓 Сарбонна университетинен 33 Нобел лауреаты чыккан, ал эми бүткүл Борбордук Азиядан бир дагы жок экен. Бул чоң ойго салат, туурабы? 🤔 Окурман эл болуп, билимге умтулуп, дүйнөгө салымыбызды кошолу! 📖💡 Бизден да Нобел сыйлыгынын ээси чыксын! 🏆

http://t.me/SenAsylsyn

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

06 Nov, 02:00


http://t.me/SenAsylsyn



Төртүнчү сабакты кабыл алып коюңуздар 🤗

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

06 Nov, 01:59


https://youtu.be/6H1NLu0pD0o?si=amm6uHkD7-HcN55b



Максат коюп, план менен иштегенди үйрөнүңүздөр.


http://t.me/SenAsylsyn

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

06 Nov, 01:58


https://youtu.be/XiAr14H0-YQ?si=y2Uo0LRLdJ92pBcq

Балдарыбыз эң кеминде каалаган нерсеге же темага 37 суроо бергенди билсин. 🧠 Суроо берген окуучу ой жүгүртө алат. 💭💡

Балдарыбызга максат коюп, ага жеткенди үйрөтөлү. 🎯📈

🌱 "Суроо берүү - билимдин башаты!"

http://t.me/SenAsylsyn

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

31 Oct, 09:40


🍓 *Балдан ширин окуя*🍓🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃

*"Пайгамбарыбыз с.а.в сахабалары менен жихаттан келе жатып пайгамбар с.а.вдын уйуно келип токтоп калышат! Дастаркон жайылып ар турдуу даамдар коюлат,алтынга окшош кооз идиште БАЛДА койулат. Ал балдын бетине кыл тушуп калган эле. Аны коргон Али р.а соз баштайт"-*

*-Кайсы нерсе ушул идиштен кооз, балданда таттуу, кылдан ичке,бул эмне?-сурайт...*

*1.-Абу бакир р.а жооп берет*.
*-Аллахтын пенделерине берген белеги намаз бул идиштенда кооз*.
*Ошол пенделердин окуган намазы балданда таттуу.*
*Бирок ошол намаздын мустахаб суннотторуно омур бою бекем болуу кылдан ичке.-дейт*

*2.-Умар р.а жооп берет*

*-Эшиктен кирген мусафыр мейманды кадырлаган уй ээсинин адеби нурдуудур бул идиштен.*
*Бирок меймандын конулун карап суйлош балданда таттуу*.
*Меймандын колунан кармап ишин кылуу ичкедир бул кылданда.-дейт.*

*3.-усман р.а жооп берет*

*-Кураан окуган адам нурдуу бул идиштен.*
*Аалымдардын мажлисинде отуруу балданда таттуу.*
*Курандын манызын чагып туура тафсирлоо кылданда ичке.-дейт*

*4..-Али р.а озуда жооп берет*.

*-Мусулмандарды коргоп жихатка чыгуу бул идиштенда кооздур*
*Кафырлар менен урушуп канга боёлуу балданда таттуудур.*
*Озуно олжо албастан, Бироонордун акысын жебестен белеке беруу кылданда ичкедир*

*5.-Фатима р.а айтат:*
*-Куйоосуно жакшы мамиле кылган аял бул идиштенда нурдуу.*
*Жамандыктан баш тартып жакшылык кылуу балданда таттуу*.
*Куйоосунун ыразычылыгын ойлош кылданда ичке.-дейт.*

*6.-Пайгамбарыбыз с.а.в айтат:*
*-Уммотумдун журогу нурдуудур бул идиштен*
*Аллахтын созуно менин суннотумо бекем болуу балданда таттуу.*
*Бирок омур бою бекем болуу кылданда ичке.-дейт.*

*7.-Ошол убакта пайгамбар с.а.вга ЖАБРАИЛ периште корунуп мындай дейт*:
*-Алахтын вахииси менин хабиибимдин набуваты нурлуу бул идиштен*
*Жаннаттагы "КАУСАР" суусу ото таттуу бул балдан.*
*СИРООТ копуроосу ото ичке бул кылдан.-дейт!*

*Ошондо пайгамбар с.а.в алакан жайып дуа кылды-"ЭЭ АЛЛАХЫМ УШУЛ БАЛДЫН ОКУЯСЫ УККАН ЖЕ ОКУГАН УММОТТОРУМО БАРДЫК ПАЙГАМБАРЛАРДЫН СООБУН КААЛАЙМ."-Деди*.

*АЛЛАХТАН ЖООП КЕЛДИ:*
*-"КИМ БУЛ БАЛДЫН ОКУЯСЫН ОКУСА,УКСА,БАШКАЛАРГА ОКУТСА БААРДЫК ПАЙГАМБАРЛАРДЫН СООБУН БЕРЕМ!!!*

🍃🌸🌸🌸🌸🌸🍓🍓🍓"
*Өзүңүз окуп башкаларга да жеткириңиз*

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

30 Oct, 15:13


📢 Ата-энелер мектебинин 3-сабагын баштайбыз!
https://youtu.be/Bd5oHSf7EHI?si=aJEsksE2j-bTTyiq

🧘‍♀️ Эң алгач, тарбиялык гимнастика жасайбыз:
Мен бүгүндөн баштап, балдарымдын кемчиликтерин көрбөйм.
Мен бүгүндөн баштап, балдарымды жамандабайм жана жемелебейм.
Башкалардын балдарына салыштырбайм.
Өзүмдү-өзүм тарбиялайм.
Жылуу гана мамиле кылам.
Балдарымдын жакшы сапаттарын гана издейм.

💪 Күндөлүк көнүгүүлөр менен моралдык-психологиялык климатты жакшы жагына өзгөртөбүз!

📚 Кругозор темасына арналган китептердин авторлору — Гапыр Мадаминов жана Батыров агай
📖 Кругозор түшүнүгү: Ар бир адам 20 багытта өнүгүшү керек! Биздин максат — балдарды ар тараптуу өнүктүрүү, алардын мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптан кеңейтүү.

🌍 20 багыттар:

Адам, жаратылыш, биздин дүйнө, илим-билим, компьютер-техника
Маданият, искусство, саясат, турмуш, экология
Келечек, тарых, укук, адабият, өндүрүш
Экономика, бизнес, үй-бүлө, космос, дин
📌 Германияда IT тармагында ийгиликке жетишкен Айзада жөнүндөгү мисал: “Убагында ата-энем мага окууга шарт түзүп берген. Өзүмдү өнүктүрүүгө басым жасадым”

👨‍👩‍👧‍👦 Адамдын деңгээли канчалык болсо, балдары да ошол деңгээлде тарбия алат!

📘 Үй тапшырма:

Тарбия дөңгөлөгүн улантабыз;

Гапыр агайдын "Ой өрүшү / Кругозор" китебин окуңуздар;
Балдарыңызга 300 китеп алып берем деп максат коюнуздар.
Илим-билим, техника, маданият ж.б. сыяктуу багыттар боюнча китептерди окуп, өз билимиңиздерди да кеңейтиңиздер.
📞 Кошумча маалымат үчүн:
Улан Оторбаев
📱 @annur__kg
📞 0700 14 24 02


http://t.me/SenAsylsyn

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

28 Oct, 15:34


Үй тапшырма:

https://youtube.com/playlist?list=PLLVBW9sHQHUH0qF38R7SGjteTyrzpi6yk&si=2YmvzZPfJ8Cq6IbN

1)Ушул сабактарды конспектилоо;
2) балдарга дасторкон үстүндө бир темасын айтып берүү;
3) балдарга окуу учун үйдүн бир бурчун даярдап берүү.

Ушуларды аткарып сүрөткө тартып жөнөтүңүз жана пикириңизди жазыныздар.

http://t.me/SenAsylsyn

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

28 Oct, 15:33


🌸 Энелер мектебинин 2-сабагын баштайбыз!

https://youtu.be/B-i37t6FBoI?si=HvJEyFZujYrW2Har

1️⃣ Биринчи кезекте – өзүн тарбиялоо
2️⃣ Балдардын кемчиликтерине көңүл бурбоо
3️⃣ Катуу сөздөр айтпоодон сактануу
4️⃣ Өз жоопкерчилигин кабыл алуу
5️⃣ Өзүңдү тарбиялоону улантуу
6️⃣ Балдарга мээрим гана берүү
7️⃣ Балдардан жакшы сапаттарды издөө

🌟 Энелер мектеби: Балдарды тарбиялоонун негизги принциптери 🌟

1️⃣ Үй-бүлөлүк атмосфера
Жакшы маанай, ата-эненин мээрими жана сый-урмат балдардын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизет.

2️⃣ Дасторкон – баарлашуу аянтчасы
Бирге тамактанып, маанилүү темалар тууралуу баарлашуу үй-бүлөлүк байланышты чыңдайт жана балдардын кызыгуусун арттырат.

3️⃣ Жусуп Баласагындын акыл-насааттарын колдонуу
Жусуп Баласагындын таалим-тарбияга багытталган акыл-насааттары балдарды адептүү, билимдүү, жана максаттуу болууга шыктандырат.

4️⃣ Китептер – акыл казынасы
Үйдө китеп окуу маданиятын бекемдеп, балдарды билимге кызыктыруу алардын өз алдынчалыгын жана максаттуулугун өнүктүрөт.

💫 Үй-бүлөдө билимге жана жакшы сапаттарга жол ача турган шарттарды түзөлү!

💖 Бүгүн балдарыбызга мээрим менен, сүйүү менен мамиле жасайлы!

http://t.me/SenAsylsyn

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

28 Oct, 15:32


Отчетту ушул жактагы чатка жөнөтө бериңиздер.🥰🤗

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

28 Oct, 15:30


Өтө кубанычтамын.
Анда кийинки сабактарды жөнөтө берейин.

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

27 Oct, 15:41


Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатуху 🌹 кандайсыздар урматтуу Асыл айымдар!? Жогорудагы сабака кызыккандар болдубу?

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

24 Oct, 08:26


https://youtu.be/s7uGvnhgI_4

🧕Сен Асылсың🧕 Айымдар каналы

24 Oct, 08:19


https://youtu.be/VgU0DyBNcXk?si=djPeyOscx2_BbFlz

Ар бир ата-эне бала тарбиялоону үйрөнүшү керек, анткени бул чоң жоопкерчиликти талап кылат. Мисалы, врач же мугалим болуу үчүн канча жыл окушат, туурабы? 🎓
Ал эми ата-эне болууга эч ким атайын окубайт. Бирок, баланы туура тарбиялоо өтө маанилүү, себеби ал келечекте ким болот, кандай жол менен жүрөт – баары ата-эненин колунда 👨‍👩‍👧‍👦.

Гапыр Мадаминовдун методикасы ата-энелерге балдары менен туура мамиле кылууга жана аларды туура жолго салууга жардам берет. Бул ыкма ар бир баланын өзгөчөлүгүн эске алып, алардын мүнөзүнө жараша тарбия берүүгө үйрөтөт. Баланы багуу – бул тамак берип, кийиндирүү эле эмес, анын ички дүйнөсүн, инсандык сапаттарын өстүрүү 🧠.

Ата-энелерге сунуш кылынган жөнөкөй ыкма – күндөлүк жазуу (тетрадька балдарынын тарбия дөңгөлөгүн жазуу керек)📖.
Ата-энелер өз баласынын мүнөзүн, жүрүм-турумун, ийгиликтерин жана кыйынчылыктарын жазып турушу керек. Бул аркылуу ата-эне баласын жакшыраак түшүнүп, ага кандай жардам берүү керек экенин билет 🙌.
Анан ошол жазгандарын бизге жөнөтүшөт, биз болсо кеңеш беребиз 👍.

Гапыр Мадаминовдун ыкмасы ата-энелерге балдарын сүйүү, түшүнүү жана сабырдуулук менен тарбиялоого жардам берет. Бул ар бир ата-энеге баласын келечекте акылдуу жана күчтүү инсан кылып тарбиялоого жол ачат 💪😊.


Тапшырма:
1) Тарбия дөңгөлөгүн көрүп чыгып ар бир балаңызды дөңгөлөккө салып сүрөткө тартып жөнөтүңүз.
2) Ар бир балаңыздан кечирим сураңыз (ушуга чейин туура эмес тарбия бергеним үчүн, таарынтканым үчүн, урганым үчүн, сөзүмө турбаганым үчүн ж.б.), жыйынтыгы тууралуу пикир калтырыңыздар.

1,361

subscribers

463

photos

379

videos