Мурда апам базардан кийим алып келсе, сүйүнүп,унчукпай эле кийип алчумун. Чоңоюп,өзүмдүкүн өзүм сатып ала баштагандан бери тандоолордун көптүгүнөн башым айланып,эмне аларымды билбей,алсам алганым дурус чыкпай кыйналдым. (“Азыр апам жанымда болсо,урушуп эле бир кийимди алып кийгизип койсо” - деп күлүп калам.)
Тандоо (выбор) көп болсо башка балээ турбайбы. Улам коозун,улам сонунун алгың келип…
Апам колумдан жетелеп алып,базар аралап, кийим тандап,алып берген учурларды сагындым…