Баары Убактылуу! @kazarmancity Channel on Telegram

Баары Убактылуу!

@kazarmancity


Пайдам тийбесе кечиргиле!

Баары Убактылуу! (Kyrgyz)

Баары Убактылуу! каналы кыргыз тилинде булган жана кыргыз кыздар менен халыктын жакшысы менен анда кызыктуу. Биздин каналда сиз кыргыз кыздардын жеңиштери, кыздар менен ишке кирүү жана саякаттар үчүн кеңештер кылабыз. Кыргызча колдонуучулар үчүн биздин каналда көп бептейсиз билдирүүлөр жана кардарлар бар. Бизге каттык жасайсыз, биздин каналга катталыңыз жана кыргыз кыздар менен аралашып, жаныланып, көп көрүү кезинде кызыктуу аткара. Баары Убактылуу! каналын көчүрбөйчү болун жана качаныңыз! Пайдам тийбесе кечиргиле!

Баары Убактылуу!

27 Dec, 18:02


*МАШААЛЛАХ ТААСИРДУУ ОКУЯ*👰🏻👳🏼

Бир жигит уйлонмокчу болуп, бир кыз менен жолугушуга чыкты. Кыз менен жигит суйлошуп, бир бирин жактырышыптыр. Той болот. Тойдун да эртеси болот дегендей, тойун откорушуп ак нике менен жашап жатышты. Бир куну, аялы жолдошуна:
- «Келиниз жарыш кылабыз» деди.
Жолдошу:
-«Кандай жарыш??» десе
Аялы:
-«Куран суролорун жана аяттарын ким коп жаттайт экен!» дептир.
Жолдошу макул болуптур. Кун артынан кундор отор эле. Ар дайым жолдошу аялынан кобуроок жаттап, аялын женип коер эле. Мындан жолдошу сыймыктанып, Куран окууну кобойтурор жана суроолорду тынбай жаттар эле. Бир жылга калбай жолдошу Куранды толук жаттап, хаафизи Куран болуп жетишиптир.
Жолдошу оз ишине аябай кубанып, Аялынын ата-энесинин алдына барып:
-«Кызынар менен Куран суролорун жана аяттарын ким коп жаттайт экен деп жарыш кылар элек. Ар дайымкыдай кызынар менден женилип калды. Мына 30 пара Куранды жаттап алдым деп мактанат.
Бул создордон кыздын ата-энеси бир бирине тан калып карап:
- «Уулум, кызыбыз Куранды 9 жашында эле жаттап буткон эле го??» деп жооп кылышыптыр.
Жолдошу аялынын бул ишине тушуно албай уйуно келип, Аялына:
-"«Эмнеге мындай кылдын» деп
сураптыр. Акылдуу аялы:
- «Сиз менен биринчи корушгонубуздо, сизди динден кыйла узак экенинизди коруп, мен сизге турмушга чыгып, сизге Аллахты таанытмакчы болдум. Сиздин тозокко тушушунузду каалабагандыгым учун ушундай жолго бардым» деп жооп берет. Жолдошу коз жаштарын эч токтото албай, жана аялынын бул кылган айла амалына аябай чын дили менен ыраазы болгон экен.

Баары Убактылуу!

26 Dec, 19:41


САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ ОКУЯ

Бизге өтө сонун сабак. Андыктан төмөнкү окуяга көңүл буралы!
Бизди бул дүйнөгө мусулман кылып, бүт дене мүчөбүздү , акыл эсибизди аман соо жараткан, Аллах таалага чексиз мактоолор айтам.
Бүгүн мечитте Аср намазынан кийин шам намазын күтүп мечитте отургам. Даараткана жактан коляскада отурган, бир майып бир тууганды айдап, бир таксыр келип калды. Ал Алланын пендеси
коляскадан түшүп жатканда көтөрүшүп, жардам берейин десем:- " Таксыр, сизге оорлугум тийбесин" - деп, жылмайып өзү коляскадан жөрмөлөп, бир топ кыйынчылык менен түштү. Анан жаныма отуруп, мага жылмайып атыңыз ким болот таксыр? Менин атым Муса дейт. Мен атымды айтып, колун кыса кармадым.
-Намазга чейин убакыт бар экен, каршы
болбосоңуз Аллахты улуктап отуралы деп калды. Ал таксыр өзүнө жарашкан сакал коюп, жүзүнөн нур чачырап турат. Мен: - " Бизде илим жок, сизден пайдаланалы " - дедим.Ал жылмайып, Аллага чексиз
мактоолор айтып, Аллахтын улуктугун айтып, ага шүгүрлөр келтирип, көзүнө жаш алды. Мен төрөлгөндөн майып төрөлдүм, эки бутум, сол колум иштебейт. Чулдурап сүйлөй да алчу эмесмин, өмүр бою жакындарыма оорум тийип келет дейт. Аллахтын буйругу менен биржыл мурда сүйлөй албасам да,
намаз жаттап, чулдураган тилим менен сүйлөй албай бирок, чын дилим менен Аллахтан сурап намаз окуй баштадым. Аллах жоктон бар кылган, бүт ааламды кыйынчылыксыз жараткан өз мээрими
менен мага тил берип, сүйлөп калдым. Аллах дубаларымды укканына ушунча шүгүрлөр айтам деп, байкуш көзүнө жаш алды. Адамдарга Аллах ден-соолугун, акыл эсин аман - соо берсе да, канча бир туугандарыбыз шүгүр кылып, бир жолу чекесин саждага койбой, текеберленип жүрүшөт. Эртен кырсык болуп, майып болуп, өз муктаждыктарыны
аткарганга жарабай калса эмне болот? Бул жашоо сыноо жашоо, эртең жараткандын алдына кайсы акыбалда барабыз? Мен сага жашоо бердим, сен
мага эмне кылдың десе, кандай жооп беребиз? - деп, ыйлактайт байкуш.Омурткасы сыздап төрөгөн,
бапестеп багып өстүргөн ата-энесин ыйлатып, каяша сөздөрдү айткандарды көрүп боорум ооруйт. Ата-эне кандай үмүт менен түйшүктөрүңө чыдап, чоңойтсо дейт. Дагы кээ бир бир туугандар канчалаган кыздардын көчөдө намысын тепселеп, абийрин төгүп, таштап кетип жатат. Үйлөнгөндө аялыны менчиктеп алгандар уруп, сабап, кулдай
мамиле кылат, анысы аз келгенсип, никесиз зына кылып ойноштоп жүрүшөт, а мага окшогон майыптар бир аялга зар болуп, үйлөнгүсү келет, бирок кыздар
да майыптын азабын көтөргүсү келбейт. Балалуу болуп, бала жытын жыттайын деп эңсеймин. Чоңойгондо жөлөк болуп, керегиме жарайбы деп, үмүтү жок тилек кылам. А кээ бирөөлөр мөлтүрөгөн балдарын таштап, жаш баланы ата жытына зар кылып жатышат дейт. Сөзүн улап:- " Мен өз муктаждыгымды өзүм аткаралбайм, энем, карындашым мени даарат алдырат, үйдө намаз окуштан коркуп, Аллахтын үйүнө барып, жамаат менен намаз окуйун деп, мечитке алпарган кишиге зарыгам, мечиттер майыптар үчүн ылайыкташкан
эмес. Коляска менен даараткана нары турсун, мечиттин короосуна кириш кыйын дейт. А буту баскан бир туугандарым кантип мечитке басып келбейт, болбогон кафеде кыздарга жагынайын деп, акчасын чачып, шайтандын суусун ичип, зынакорлук өсүп, текеберленип жүрүшөт. Эки адамдын башы бириксе, үчүнчүсүн гыйбат кылышат. Эртең буларды эмне күтөт? Аллах өзүң кечир деп, ыйлап дуба кылам дейт. Бир жылда төрт жолу үч кундук дааватка, мына бүгүн экинчи жолу кырк күндүк дааватка кетип жатам, өзүмдүн кемчилигимди оңдойун.Аллах насип этсе башка бир тууганга эскертейин дейт. Тообо кылып, шүгүр кылып калалы, жамандан тыйынып, жакшылыкты көп жасайлы, өлүмгө даярданалы, өлүм ак, андан эч ким качып кутулбайт. Эртеңки кабырды эстеп корком, акыретти эстеп корком деп, муңканып ыйлайт, тубаса майып төрөлгөн жигит. Аңгыча намазга Азан айтып калды. Намазда туруп, ушул муктаждыгын өзү жасай албаган майып жигит ушунча аракет кылып, Аллахтан коркуп жашаса, анда мен чыныгы майып экенмин,чыныгы сокур экенмин,намазда туруп токтоно албай ыйладым,ушул жигитчелик диниме,өзумө кызмат кылсам боло деп.....

" САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ КЫССАЛАР
ЖАНА ОКУЯЛАР " китебинен.



🍃БАШКАГА СУНУШТАГЫЛА 🍃

Баары Убактылуу!

11 Dec, 20:10


Channel created

1,464

subscribers

2

photos

0

videos