Шүгүрсүз болуп бараткан.
Намазын пендең таштады,
Күнөөгө батып баштады.
Кийими бүтүн, карды ток,
Мечитти көздөй баспады.
Ырыскы берсең мен деди,
Күрөшүп эркин жеңбеди.
Чөнтөккө акча түшкөндө,
Өзгөлөр менден кем деди.
Билсе да кылды күнөөнү,
Бакырып сөгүп бирөөнү.
Ошентип жүрүп акыры,
Табылбай калды түнөгү.
Барды да алды дааратын,
Башын коюп саждага.
Ыйлады айтып жараатын,
Айта албай аны башкага.
Айттым бүткүл бейнемди,
Айтайын дагы эмнемди.
Кечире көр Жараткан,
Эки жүздүү пендеңди.