SUPER.KG - Соңку кабарлар @supperkg Channel on Telegram

SUPER.KG - Соңку кабарлар

@supperkg


Актуалдуу, кызыктуу жана ыкчам маалыматтар.

Фейсбук- https://www.facebook.com/Super.kg.Portaly/?ref=pages_you_manage
Инстаграм- https://instagram.com/super.kg_official?utm_medium=copy_link

SUPER.KG - Соңку кабарлар (Kyrgyz)

SUPER.KG - Соңку кабарлар каналы үчүн сизге кыргызча актуалдуу, кызыктуу жана ыкчам маалыматтарды таркатат. Бул каналда мамлекеттик, эл аралык жана жергиликтүү кабарлар менен бирге артыкчы маалыматтар аракеттерден берилет. SUPPER.KG каналы сизге кыргызстандык жана дүйнөлүк көз жеткен кабарлар менен жаңылыктарды жек кештере аракеттейт. Каналға кирүү үчүн алдыңкы сыяктыктарды көрсөтүңүз: nnФейсбук- https://www.facebook.com/Super.kg.Portaly/?ref=pages_you_managenИнстаграм- https://instagram.com/super.kg_official?utm_medium=copy_link

SUPER.KG - Соңку кабарлар

20 Jan, 05:41


Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун куткаруучулары өткөн аптада Аламүдүн районунун "Кашка Суу" лыжа базасында машыгышты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чара жабыркагандарды куткаруу, жардам көрсөтүү жана кар үстүндө жүрүүчү техникаларды туура колдонуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

20 Jan, 05:04


📌ӨКМдин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

Буга чейин дүкөндөгү өрт бүгүн, 20-январда таңга маал чыгып, жеринде төрт күжүрмөн эсеп иштеп жатканы жазылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен төрт адам түтүнгө ууланып, "Тез жардам" кызматы тарабынан биринчи медициналык кызмат көрсөтүлдү

SUPER.KG - Соңку кабарлар

20 Jan, 04:39


🔸Нигерияда күйүүчү май ташыган унаанын жарылуусунан 70 адам каза болуп, кеминде 56 киши жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Нигериянын Өзгөчө кырдаалар министрлигине таянып жазды.
https://www.super.kg/kabar/news/458404

SUPER.KG - Соңку кабарлар

20 Jan, 04:06


❗️Бишкекте милиция кызматкерлерин сөгүп, ызы-чуу салган киши айдоочулук күбөлүгүнөн 3 жылга ажыратылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, 17-январда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө Кайгуул кызматынын кызматкери кайрылып, 34 жаштагы киши мыйзамдуу талаптарга баш ийбестен оозго алгыс сөздөрдү айтып жатканын билдиришкен.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

20 Jan, 03:45


📌Бишкектеги И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу дүкөндөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

20 Jan, 03:16


https://www.super.kg/kabar/news/458393
Бишкек шаарында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-январда ӨКМге Иса Ахунбаев көчөсүндөгү 2 кабаттуу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүү үчүн саат 07:54тен саат 08:03кө чейин жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

19 Jan, 11:27


Кара күч, кара дуба, жин сыяктуу түшүнүктөр бар. Бул сырдуу дүйнө боюнча Садулло дамла менен маектештик. Ал жин, аны чыгаруу тууралуу сөз кылып жатып Куранды туура окуй албаган эле молдолор дем салып, жин чыгарып жүрүшкөнүнө кейиди. Ошондой эле башынан өткөн бир канча кызыктуу окуялар менен бөлүштү.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр 👇🏻

https://youtu.be/OvjaWakN9hU?si=fDjLpwiy0iHDsG28

SUPER.KG - Соңку кабарлар

19 Jan, 05:54


АКШнын Калифорния штатында өтүп жаткан UFC 311 турниринде орусиялык Умар Нурмагомедов грузиялык Мераб Двалишвилиге сансациялуу түрдө утулуп калды.

Беттеш беш раундга созулуп, сенсациялуу аяктады. Тагыраагы 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти грузиялык мушкерге ыйгарышты. Беттештин алдында Умар Нурмагомедов талашсыз фаворит катары эсептелген.

Ошентип, Мераб Двалишвили карьерасындагы 19-жеңишине ээ болду, ал эми Умар Нурмагомедов UFC уюмундагы алгачкы жеңилүүсүн тартты.

Белгилей кетсек, турнирдин негизги беттешинде орусиялык мушкер Ислам Махачев менен бразилиялык Ренато Мойкано жеңил салмактагы чемпиондук наам үчүн беттешет.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

18 Jan, 12:38


🔸️Бүгүн, 18-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер менен жолугуп, Камчы Көлбаевдин өлүмүнүн жагдайлары тууралуу айтып берип, аны өлтүрүүгө буйрук бербегенин билдирди.

https://www.super.kg/kabar/news/458372

SUPER.KG - Соңку кабарлар

18 Jan, 12:29


🔹️Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо 17-январды Айтыш күнү катары белгилөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 17-январда Бишкекте өткөн ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечесинде айтты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

18 Jan, 06:55


📌УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен болгон жыйында президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери өлкөдө коррупция эки эсе азайганын жана дагы да азаярын айтты.
https://www.super.kg/kabar/news/458362

SUPER.KG - Соңку кабарлар

17 Jan, 12:06


🔺Бишкек шаарында тоноого шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 11-январда саат 20:00 чамасында Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен 17 жаштагы кызга күч колдонуп, анын 40 миң сомдук iPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

17 Jan, 11:54


📌"Манас" эл аралык аэропортунун жалпы күтүү залында жүргүнчүлөрдүн бири ири суммадагы акча каражаты бар жеке сумкасын унутуп калган.

Аэропорттун маалымат кызматы билдиргендей, аны аба майдандын кызматкери Канатбек Сүйүмбек уулу таап алып, кайтарып берген. Баштыктын ичинде 1 миллион 800 миң рубль болгон.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

17 Jan, 11:27


https://www.super.kg/kabar/news/458324
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө бирден мүлкүн калтырганын билдирди. Ал бул тууралуу кечээ, 16-январда билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда айтты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

17 Jan, 10:35


Наталья Рябых менен Александр Петровскийдин үй-бүлөлүк бизнеси – нөлдөн баштап ийгиликтүү ишкана куруунун мисалы болуп саналат.

Наталья өзү Бишкектен болот, бирок өмүрүнүн көбүн Санкт-Петербургда жашап, күйөөсү менен ошол жерден таанышкан. Александр программист, ал болсо адам ресурстары боюнча адис болгон.

Бул идея өзүнөн өзү келди. Александра анда-санда таксист болуп иштеген – жумуштан үйгө келе жатып жүргүнчүлөрдү алып кетчү. Бул тармактын кандай өнүгүп жатканын ичинен көрүп, ийгиликтүү бизнес түзүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин түшүндү.

«Он жыл мурун Россияда Яндекс Go сыяктуу агрегаторлор болгон эмес, бардыгы көбүнчө диспетчерлер аркылуу иштешчү. Буйрутманы телефон же сайт аркылуу бериш керек болчу. Ошого карабастан такси тармагы өнүгүп баштаган, анда зор суроо-талапка байланыштуу каражат көп болгондуктан, ал жерде акча табууга мүмкүн болгон», - дейт Александр.

Жубайлар бизнесин 2015-жылы баштаган, 2020-жылы Яндекс Go менен кызматташууну түзгөн.

https://www.super.kg/kabar/news/458321

SUPER.KG - Соңку кабарлар

17 Jan, 10:28


🔹Заманбап учкучсуз учактар Борбор Азия боюнча Кыргызстанда гана бар. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда Бишкекте Билим берүү министрлигинин жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде айтты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

02 Jan, 12:43


🔻Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жерде үч унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Унаалардын бири жол жээгине чыгып, терезелердин сыныктары жерге чачырап кеткен.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

02 Jan, 10:18


📌 Бүгүн, 2-январда Бишкектеги "Дордой" базарынын сатуучулары президент Садыр Жапаровго кайрылды. Алар электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршылыгын билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

02 Jan, 09:29


🔺️Бишкек шаарынын "Дордой" базарында жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

02 Jan, 07:43


Кечээ, 1-январда УКМК башычысы Камчыбек Ташиев өз социалдык баракчасынан түз эфирге чыгып, мамлекеттик кызматтардагы жаңы жылдык кечелер, жетекчилердин куттуктоосу жана майрамдык иш-чараларда атылган фейерверктер боюнча жеке оюн билдирди.
https://www.super.kg/kabar/news/457703

SUPER.KG - Соңку кабарлар

02 Jan, 06:08


🔹️1-январь күнү кечинде АКШнын Лас-Вегас шаарында жакында президент болуп шайланган Дональд Трамптын отелинин жанында жардыруу болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

02 Jan, 05:48


📌 Кармалган жемкорлор камалат, жакындары мамлекеттик кызматтан четтетилет. Мындай билдирүүсүн Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 1-январда өз социалдык баракчасы аркылуу кайрылуусунда билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

01 Jan, 14:25


Бир учурда эки уулу тең баспай калганы энеге дагы деле табышмак. Өз атасындай камкордук көрсөтүп жаткан Акылбек мырза дарыгер так диагноз коё албаганын кошумчалады. Бир уулунан ажыраган эне экинчи уулун дарылатууга элден жардам сурайт.

Байланыш номери: 0703427471 – атасы
Жардам берүү үчүн:

MBANK 0771643083
MBANK 0703427471
Бакай банк 0700300384

Кененирээк SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр👇🏻

https://youtu.be/AJdJ5i3OJac?si=rS6uxCEA9ohV6W7r

SUPER.KG - Соңку кабарлар

01 Jan, 13:23


✈️ Дубайдан Москвага учуп бара жаткан учак өзүн агрессивдүү алып жүргөн жүргүнчүнүн айынан шашылыш түрдө Бакуга конууга аргасыз болду. Бул туурасында орус басылмалар жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

01 Jan, 12:13


🔸️Ош шаарынын борбордук аянтынан Жаңы жылдык салтанаттуу иш-чарадан соң 20 куб таштанды тазаланды. Бул туурасында "Ош-Тазалык" ишканасынан кабарлашты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

01 Jan, 10:23


🔹️Казакстандагы Талдыкорган шаарынын четиндеги эки кабаттуу жеке үйдө 31-декабрда жарылуу болгон. Анын кесепетинен бир үй-бүлөнүн 7 мүчөсү күйүк жана жаракат алып, шаардык ооруканаларга жаткырылды. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

01 Jan, 09:12


📌 Жолдон өрттөнүп жүрүп бара жаткан жүк ташуучу унаа Нарын облусунун Кочкор районунда болгон. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору SUPER.KG порталына кабарлады.

Маалымдалгандай, окуя Торугарт унаа жолунда катталган. Өрт толук саат 20:05те өчүрүлгөн. Аны өчүрүүгө Кочкор райондук №42 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

01 Jan, 07:59


🔻Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жол эрежесин бузуп, унаасын каалагандай коюп алган айдоочулардын кылык-жоруктары коомчулукту иренжитти.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

01 Jan, 06:56


https://www.super.kg/kabar/news/457682

SUPER.KG - Соңку кабарлар

01 Jan, 04:35


🤩Кечээ, 31-декабрда Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылды тосууга арналган чоң майрамдык иш-чара өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, ага шаар башчысы Айбек Жунушалиев баштаган жетекчилер катышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

31 Dec, 17:05


https://youtu.be/D1j_Kkj8VKk?si=vB_-B_EVZclTNa_F

SUPER.KG - Соңку кабарлар

31 Dec, 10:17


🥳 SUPER.KG порталынын окурмандарына кубанычтуу кабар! Порталдын мобилдик тиркемеси иштелип чыкты.

Окурмандар эми SUPER.KG’нин сайтын мобилдик тиркеме аркылуу окуй алышат. SUPER.KG’нин iOS жана Android үчүн жаңы тиркемеси аркылуу Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардан үзбөй кабар алсаңыз болот.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

31 Dec, 09:38


📌Ош облусунда узакка созулган атайын операциянын натыйжасында баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
https://www.super.kg/kabar/news/457664

SUPER.KG - Соңку кабарлар

31 Dec, 08:33


🏘 Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Садыр аке айыл аймагында сел кесепеттеринен жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырды. Бул жөнүндө өкмөттөн бүгүн, 31-декабрда билдиришти.
https://www.super.kg/kabar/news/457662

SUPER.KG - Соңку кабарлар

31 Dec, 05:24


🎄🎄2024-жыл менен коштошорубузга саналуу гана сааттар калды. Бардык жерде майрамдык маанай, кооз жасалгалар. Аны менен катар шаар тургундарына жана келген конокторго жаңы жылдык маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрүү максатында борбордук "Ала-Тоо" аянты бул жылы дагы өзгөчө жасалгаланды. https://www.super.kg/kabar/news/457651

SUPER.KG - Соңку кабарлар

31 Dec, 04:28


🤩Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүн, 31-декабрда “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт өтөт.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара саат 18:00дө башталат. Концертте кыргыз эстрада жылдыздары, орусиялык белгилүү ырчы Клава Кока жана «Дискотека Авария» тобу майрамдык маанай тартуулашат.

Калаа мэриясы шаар тургундарын жана конокторун майрамдык концертти көрүүгө чакырат.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

31 Dec, 03:54


https://www.super.kg/kabar/news/457645

SUPER.KG - Соңку кабарлар

31 Dec, 03:38


💵💵💵Бүгүн, 31-декабрь саат 08:18ге карата доллар, рубль жана евронун сомго карата наркы менен тааныштырабыз.

Бишкектеги коммерциялык банктарда валюталар курсу төмөндөгүдөй болууда:

- 1 доллар 87 сомдон сатып алынса, 87 сом 30 тыйынга чейин сатылууда;

- Рублду сатып алуу да, сатуу да 83 тыйын болууда;

- 1 еврону сатып алуу 90 сом 40 тыйын болсо, сатуу 91 сом 50 тыйынга чейин барууда;

Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом, 1 рублдун курсу 82 тыйын, 1 евронун наркы 90 сом 58 тыйын деп көрсөтүлөт.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 14:48


https://youtu.be/4PR1dUm0zTw?si=TChme8186Xx1Gytm

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 11:00


🏡Блогер Мээрим Төлепберген ырчы Мирбек Атабеков белек кылган жаңы үйүнө көчүп барды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында бөлүштү.

Анда блогер айым үйгө жаңы көчүп келген видео менен бөлүшүп, Мирбек экөө баарын балдар үчүн жасап жаткандыктарын жазган.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 10:39


📌SUPER.KG порталынын Элдик кабар бөлүмүнө кайрылган окурмандар Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы ооруканын балдар бөлүмүндө жылуулук өтө жай иштеп жатканын билдиришти.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 10:17


Жыл жыйынтыкталар алдында кимдер кандай ийгиликтерди жаратып, мыкты аталганын аныктоо үчүн GREAT AWARDS OF THE YEAR сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Индира Исаеванын алдындагы продюсерлик борбор уюштурган аземде Индира Исаева өзү сыйлыктарды тапшырды. Кечеге шоу-бизнес өкүлдөрү, жеке ишкерлер, ар кайсы тармактын адистери келип, мыкты аталышты.

Кененирээк SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

https://youtu.be/sdY6OW8gxK8

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 09:59


🔹Өлкө боюнча жалпы 230 социаллык объект курулуп колдонууга берилди. Бул туурасында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, курулуштун жүздөн ашууну мектеп.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 09:18


🔸Жактоочу Самат Матцаковдун бөгөт чарасы узартылып, дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 08:20


❗️Казакстандын Актау шаарында катталган учак кырсыгында жабыркаган кыргыз жаранынан казакстандык журналисттер кыска маек алууга жетишкен.

Анда учак кырсыгынан аман калган Тилек Осмонов учак кулагандан кийинки алгачкы мүнөттөрдө эмне болгонун айтып берген.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 07:42


🏆 SUPER.KG порталы "GREAT AWARDS OF THE YEAR" сыйлыгында "Жылдын мыкты порталы" номинациясына ээ болду. Аталган сыйлык 4 жылдан бери уюштурулуп, ар тармактагы мыктыларды тандап келет.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 06:22


📌Актауда кыйраган учактагы Кыргызстандын жарандарынан ооруканада жатканда казакстандык журналисттер кыска маек алууга жетишкен. Аны Tengrinews.kz. сайты бөлүштү.

Аман калган кыргызстандык Эрлан Жунушалиев учак кулагандан кийинки алгачкы мүнөттөрдө эмне болгонун айтып берди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

30 Dec, 05:50


🔹Казакстандын Актау шаарына жакын жердеги учак кырсыгында жаракат алган үч Кыргыз жаранына кенемте төлөнүп берилет. Бул туурасындаТышкы иштер министрлиги 29-декабрда тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги компенсация төлөмдөрү боюнча маселенин үстүндө иштеди, алардын өлчөмдөрү жакын арада аныкталат. Андан соң жабыркагандарга кенемте төлөнүп берилет. Ошондой эле элчилик бул маселе боюнча "AZAL" авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен байланышканы кошумчаланды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 11:38


📌Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев дин тууралуу мыйзам долбоорунда жүзүн жаап жүргөн жаранга салынчу 20 миң сом айыптын өлчөмү көп экенин айтып, сынга алды.

Эл өкүлү аны 5 миң сомго түшүрүүнү сунуштады.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 11:24


Жыл жаңырар алдында SUPER.KG порталы белгилүү астролог Жанар Кадыралиев менен маектешти. 2025-жыл кандай болот? Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Ушул жана башка божомолдор тууралуу кеп козголду. Ошондой эле караңгылыктан коркуу, жиндерге ишенүү жана аларды илимий көз карашта түшүндүрүү боюнча өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүз👇🏻

https://youtu.be/IwRJVyOwR20?si=2tImgLkLFhHHLZE_

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 09:09


🔹Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-декабрдагы жыйынында депутат Айсулуу Мамашова туристтерге жакшы шарт түзүлбөй жатканын айтып, нараазы болду.

Анын айтымында, аэропортто бир эле консулдук кызмат адамы иштегендиктен, биздин өлкөгө келген туристтер жети саатка чейин кезекте турууга мажбур болушууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 08:41


🔸Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Global hub” көп функционалдуу бажы-логистикалык борбору курула баштады. Бүгүн, 26-декабрда анын мезгил кутучасын салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул туурасында Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 07:50


📌Бүгүн, 26-декабрга караган түнү Бишкек шаарында үрөй учурган жол кырысыгы катталып, эки унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 07:22


🔺Камчыбек Ташиев Акылбек Жапаровдон үч-төрт кадам алдыга ойлонот экен. Мындай пикирди бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.

Эл өкүлү Өмүрбек Текебаевдин "Акылбек Жапаровдой болуш үчүн андан үч-төрт кадам алдыга ойлонуш керек" деп айткан сөзүн эске салды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 06:32


🔸Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-декабрдагы жыйында депутат Дастан Бекешев Бишкек калаасындагы ыш көйгөйүн кайрадан көтөрүп, парламентте тиешелүү кызматтардын маалыматын угууну сунуш кылды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 05:56


❗️Орусяиынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык учагы Казактанда кырсыкка учураган учактан жаракат алган өз жарандарын мекенине алып кетти. Бул туурасында орус басылмалары кабарлады.

Маалымдалгандай, 9 жаран эвакуацияланган, алардын бири жаш бала.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 05:43


🔹Бүгүн, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйнынында депутат Бактыбек Марипов Чаткал районунун Шекафтар шаарчасынын тургундарынын көйгөйүн көтөрдү.

"Ал жакта электр жарыгы өтө начар жанат экен. "Кечинде үйгө кирсең көрүнбөйт" деп атышат. Сыналгы, муздаткыч иштебейт экен. "Үйдүн ичинде фонарик менен жүрүп жатабыз" деп атышат. Ноокат районунун тургундары дагы "электр жарыгы күндө кечинде өчүп жатат" деп кайрылып жатышат. Эмне себептен өчүп жатат? Өчүрүү графигин иретке келтирүү керекпи?"
- деди ал.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 05:22


📌Бишкек шаарында опузалаганга шек саналып 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну бир жарандын үстүнөн арыз менен кайрылган. Ал шектүү Жибек Жолу-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен ур-токмокко алганын жана ушул күнгө чейин коркутуп, акча талап кылып келе жатканын айткан.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 05:09


🤩"Ош- Тазалык" муниципалдык ишкананын кызматкерлери жана техникалары келе жаткан жаңы жылды утурлай майрамдык маанай менен өз кызматтарын аткарып жатышат. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 03:55


🚌 Германия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча шаарга Түркия мамлектинен чыгарылган 48 бирдик автобус келди, дагы кошумча 37 автобус келүсүү күтүлүүдө. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бул кадамдар шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыздоо багытында ишке ашууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 03:38


🔸2025-жылдын 4-январынан тартып Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кувейт, Оман жана Бахрейн өлкөлөрүнүн жарандары Кыргызстанга визасыз кире алат. Бул туурасында кечээ, 25-декабрда ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган өлкөлөрдүн турист катары келген жарандары Кыргызстандын аймагында жарым жыл уруксат берүүчү документтерсиз жүрө алат. Ал эми башка максаттар менен кирген учурда визиттин тиешелүү максаттарына (мисалы: эмгек ишмердигин жүргүзүү, окуу) визаларды тариздөө талап кылынат.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 03:02


📌Коңшу Казакстандын Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Шерзат Болаттын атасы камактан бошотулду.

Социалдык тармактарда Каржаубай Нурымовдун Казакстан элине кайрылуусу жазылган видео тарады. Ал 15 суткага административдик камакка алынган жана азыр үй-бүлөсү менен үйдө.

"Кудайга шүгүр, мен үйгө келдим, баары жакшы. Ойлонууга негиз жок", - деди ал

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Dec, 02:59


🌤Бүгүн, 26-декабрда өлкө аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6 ... -11, күндүз +3 ... +8;

Талас облусунда күндүз +5 ... +7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында күндүз +6 ... +8;

Ысык-Көл жергесинде күндүз +3 ... +5;

Нарында күндүз -6 ... -8 градус;

Бишкек шаарында күндүз +5 ... +7 градус болот.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Dec, 17:33


🔹"Рэкетир" тасмасынын башкы каарманы Саят Исембаев Бишкекте курула турчу аттракционго суктанды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Dec, 17:22


📌УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-декабрда Сузак районунда жайгашкан Барпы чек ара бекетинин жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Dec, 11:53


Врач-невролог, психотерапевт Темирбек Бекбоев менен инсульт жана бейтапты дарылануудан кийинки калыбына келтирүү ыкмалары боюнча баарлаштык.

Дареги: Бишкек шаары,
Астраханская көчөсү, 23

Байланыш номери:
0703 57 81 77

Кененирээк SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр👇🏻

https://youtu.be/7ILbrocE4EA?si=9yCL6qXO_SXTRahU

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 17:44


❗️Күрөш боюнча Орусиянын чемпиону болгон балбан Динислам Бамматов кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековду реваншка чакырды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 17:41


📌Бүгүн, 22-ноябрда Казакстандын Аксай шаарындагы турак үйдөн өрт чыгып, андагы жашоочулар терезеден секирүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 12:07


Подкасттын алгачкы чыгарылышынын коногу жаш ишкер Алымбек Оторбаев болду. Ал ийгиликке жетүүдөгү сырлары менен бөлүшүп, бизнес жаатына кызыккандарга бир катар кеңештерин берди. Мындан сырткары кыйынчылыктарды жеңип, миллионер болуунун жолдорун да айтып берди.

Толугу менен SUPER.KG медиа порталынан жана Ютуб каналыбыздан көрүңүз!

https://youtu.be/pu6NtiMIn40?si=YrABXduVIBax-7BN

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 11:35


🔸Zheka Fatbelly деген каймана ат менен таанымал коңшу казакстандык блогер Жеңис Омаров үйлөнүү тоюн карызга акча алып өкөрүп, аны араң дегенде төлөп кутулганын айтты.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үйлөнүү тою үчүн карызга алган акчасын төлөөгө бир жылдан ашык убакыт кеткенин билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 10:48


🔻Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекетттик комитети билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 10:10


🔺Бишкек шаарында баңгизат сатууга шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 09:25


🔹Бишкектеги мамлекеттик менчикке өткөн Орто-Сай базарынын аймагында ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында калааныны вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 09:05


🔸Бишкек шаарындагы "Ынтымак Ордого" экскурсия ар жуманын ишемби күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-ноябрда Президенттин администрациясы таратты.

Маалыматка ылайык, аталган жайга кирүү үчүн алгач электрондук түрдө паспорт менен катталып, белгиленген бөлүмдөрдү толтуруу шарт.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 08:05


📚Канаданын 59 жаштагы Донна-Джин Уайлд аттуу тургуну бир саатта 1 миң 575 жолу отжимания жасап, Гиннестин рекорддор китебине киргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 07:23


📌Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы гараждар кооперативинин биринде мэриянын өкүлдөрү менен ишкерлер ортосунда пикир келишпестик орун алды. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдагандай, Псковская көчөсүнүн №71 дарегинде уруксат берилбеген объектилерди демонтаждоо иштери башталган.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 06:41


🔸Ирактык ишкер айым Мармар Аль Хилали өзүнүн Инстаграм баракчасына бокс боюнча Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол бар видеосун жарыялады.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 05:26


🔺Бишкектеги "Азия Молл" соода борборундагы унаа токтотуучу жайдын ордуна курулуп жаткан соода түйүндөрү мыйзамсыз экенин Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 04:54


🔸Кечээ, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйында КМШга мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттырууга байланышкан чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 03:46


🔹Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору британиялык “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору менен биргеликте Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети менен кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Nov, 03:02


🌧 Бүгүн, 22-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.


Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө күндүз +1…+6,

Таласта күндүз +1…+6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында күндүз +10…+15,

Ысык-Көл жергесинде күндүз +1…+6,

Нарын облусунда күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында күндүз +11…+13 градус болот.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

21 Nov, 11:54


🔺Мурунку №47 түзөтүү мекемесинин жерине салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн абактын 600гө жакын кызматкерине батир берилет. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

21 Nov, 11:48


🔸Астанада жолдун четинде автобус күйүп кетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

21 Nov, 11:39


🔺Бишкек шаарында үйүн тарттырып жиберүүнүн алдында турган Асел Максатбекова менен анын сиңдисин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жеке кабыл алды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

21 Nov, 11:12


🔹Бүгүн, 21-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кесиптештерин регламентти бузбай иш алып барууга чакырды.

Жыйында алгач Ар кандай маселелер каралмак. Бирок депутат Советбек Рустамбек уулу Ар кандай маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуштады. Ага 4 эл өкүлү каршы болсо, 47 депутат колдоп, жыйынтыгында Рустамбек уулунун сунушу колдоо тапты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

21 Nov, 11:02


📌Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында мектепте меш жарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда ӨКМден билдиришти.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

16 Nov, 13:25


🇰🇬 Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдап, бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова Орусияны багындырууда. Ал Москва шаарында өтүп жаткан “Царица” аттуу вокалдык шоу-сынагынын 3-берүүсүндө калыстардын алкоосуна татып, жогорку баллга ээ болду.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

16 Nov, 13:08


Кавер SHOW берүүбүздүн дагы бир чыгарылышы назарыңыздарда. Студиябыздын коногу болсо Элера Кабылжан кызы. Ал жагымдуу үнү менен бир канча чыгармаларды аткарып берди. Муну менен катар жашоосундагы жаңылыктары, ырларынын тарыхы менен бөлүшүп, көңүлдүү баарлашып отурдук.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр👇🏻

https://youtu.be/RDr7QQ8I1Ug?si=dgjVW8XdS-429LUM

SUPER.KG - Соңку кабарлар

16 Nov, 07:10


🥊 Блогер Жейк Пол бокс легендасы Майк Тайсонду жеңди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

16 Nov, 06:59


🔹Кечээ, 15-ноябрда Абхазияда парламенттин жана президенттин имаратын басып алган демонстранттар бийликке талаптарын билдиришти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 11:31


🔺Жалал-Абад шаарында 1-топтогу майыптыгы бар жаранды тоноого шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 11:03


❗️Президент Садыр Жапаров Ош облусунда жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземинде жарандарды 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого активдүү катышууга үндөдү. Бүгүн, 15-ноябрда өлкө башчыныны маалымат кызматы жарыялаган видеодо Жапаров шайлоого катышуу ар бир адамдын милдети экенин белгилеген.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 10:21


📌Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы 126 миллион сомдук маданият үйү 0,62 гектар жер тилкеси менен мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 09:39


🔹Бүгүн, 15-ноябрда Кайыңдыда поезд КамАЗдын чиркегичин (прицеп) илип кеткен. Бул тууралуу видео интернет желесинде таралууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 09:31


О!Bank – убакыт келди!

О!Bank «Мой О!» супер тиркемесинин бир бөлүгү болуп калды, бул банктык кызматтарды алууну дагы да жеткиликтүү, оңой жана пайдалуураак кылды.

Бул — «Mой О!» экосистемасын өнүктүрүү жана жеке адамдар жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу жана инновациялык финансылык өнөктөш катары банктын позициясын бекемдөө үчүн маанилүү кадам.

Эми банктын кардарлары тиркемеде жана үйдөн чыкпастан эле өз каржысын оңой башкара алат, эсеп ача алат, насыя ала алат, депозиттерди жана карталарды чыгара алат.
О!Bank'тын стратегиялык максаты Кыргызстандын жеке кардарлары жана бизнеси үчүн финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө лидерлик болуп саналат. Банк каржы сектору менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган инновациялык чечимдерди киргизүүнү пландаштырууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 08:19


👰🏻‍♀️ Казакстанда Ырчы Аида Багышбекова менен блогер Нурдаулет Төлөпбергендин үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу алар Инстаграм баракчасында сүрөт, видео менен бөлүштү

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 07:00


🔸SUPER.KG порталынынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу Кут конушунун тургундары айылда электр жарыгы жоктугун айтып нааразы болушту.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 05:53


🔹58 жаштагы легендарлуу боксчу, мурдагы оор салмактагы абсолюттук чемпион Майк Тайсон менен 27 жаштагы шоумен Жейк Пол беттештин алдында таразага түшүп, көз караштар таймашын өткөрүштү.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 05:08


🔺Жаңы Зеландиянын парламенти талаштуу мыйзам долбоорунун биринчи окуусунда "маори" депутаттары аткарган ритуалдык "хака" бийине байланыштуу ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жайылууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 04:04


🔸Индиянын Гуджарат штатында үй-бүлө мүчөлөрү 2006-жылдан бери аларга ишенимдүү кызмат кылып келе жаткан Maruti Suzuki WagonR унаасы менен коштошуу жөрөлгөсүн уюштурушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 03:30


🔹Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзүнүн имиджин өзгөртүүнү чечип, сакалын алды. Ал келбетинин өзгөргөнүн тасмага тартып Telegram каналына киргизген.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

15 Nov, 03:03


❄️ Бүгүн, 15-ноябрда республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө күндүз +2 ... +7,

Талас облусунда күндүз +1 ... +6,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз +7 ... +9,

Ысык-Көлдө күндүз +3 ... +5,

Нарын облусунда күндүз +2 ... +4,

Бишкек шаарында күндүз +5 ... +7 градус жылуу болот.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

14 Nov, 15:08


📌Нарын облусунун Жумгал районунда жоголгон 45 жаштагы жарандын жансыз денеси классташтары жана кайнатасы тарабынан табылды. Ал эми анын уулун издөө иштери уланып жатат. Бул туурасында бүгүн ,14-ноябрда маркумдун жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

14 Nov, 15:05


❗️“Социал-Демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековду ата-энеси 12 сааттан бери таппай жатат. Бул туурасында аталган партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев билдирип, видео кайрылуу жолдоду.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

14 Nov, 11:52


📌Израилдин аскер-аба күчтөрү Бейруттагы Рафик Харири эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинен ондогон метр алыс жерге сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

14 Nov, 11:44


🔺Орусиянын Югра аймагындагы окуу борборлорунун биринде мигранттарга орус тилин билгендиги тууралуу жасалма сертификаттарды берүүнү уюштурган төрт адамды укук коргоо кызматкерлери кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 10:59


https://www.super.kg/kabar/news/454969

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 10:03


Эске салсак, 12-ноябрда белгисиз жаран тарабынан сабалган кыздын видеосу соцтармактарга тараган. Окуя 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү болгон. Бул окуя боюнча SUPER.KG порталына жабырлануучунун агасы кайрылып, окуя тууралуу толук айтып берди.

Толугураак SUPER.KG порталынан жана YouTube каналынан көрүңүздөр👇🏻

https://youtu.be/ya80HnKkm-E?si=HG2vMbT5SVhS4DhF

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 09:17


📌Өзбекстандын Анжиян облусунда 9 жашар кыз Damas үлгүсүндөгү унаасы басып калып, каза тапканын өзбек маалымат каражаттары жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 08:38


🔹Бир нече тасмаларда башкы ролдорду жараткан актёр, вайнер Азамат Уланов жубайы менен кичи ажылыкка барды. Бул тууралуу ал Инстаграм бакчасында видео жүктөп бөлүштү.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 08:04


🏔Кыргызстандын жаратылышы ар мезгилде кооз. Учурда күздүн акыркы айы өкүм сүрүп, айланадагы кооздук баарыбызды кубандырууда. Түрдүү түскө боёлгон бак-дарактар жакшы эмоция тартуулап жаткан кези. Мындайда таланттуу инсандарга эргүү келип, жакшы чыгармалар жаралары да турган кеп.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 07:24


❄️ Бүгүн, 13-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Бул тууралуу маалыматты Транспорт министрлиги кабарлады.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 07:06


🔸Президент Садыр Жапаров Дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго унаа белек кылды. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 06:25


⚽️ Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Жоэль Кожо карьерасын Тегеран шаарында улантат. Бул тууралуу өзбекстандык спорт журналист Жалолиддин Кобилжонов жазды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 06:03


“Ошондо 720 сом менен Бишкекке качып келгениме ыраазымын” деген ырчы Ильяз Андаш бул жолку коногубуз болду. “Эл биздин ырдап акча алганыбызды гана көрөт” деген ырчы сахна артында көп кыйынчылыктар бар экенин айтты. Ырчы эрте түйшүк тартканын балалыгындагы кыйынчылыктарын эстеп мазмундуу маек курду.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр👇🏻

https://youtu.be/FO01T9-Ibv8

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 06:03


Сүйкүмдүү жүзү, кубулжуган үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон ырчы, актриса Толгонай Арзыкеева бул жолку маектешим. Аны менен турмуш жолуна аттангандан бери кенен маек кура элек экенбиз. Баарлашуубуз үй-бүлө, турмуштагы кызыктуу учурлар, чыгармачылык тууралуу болду.

Толугураак SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр👇🏻

https://youtu.be/Wj5iyCFTEWg?si=92tSGBASCER7-aIU

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 05:47


🔺Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Орусиянын "Достук" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 05:12


🔹Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусуна жасаган иш-сапарында Талас-Тараз унаа жолун оңдоо иштерин тапшырды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 04:52


📌Үстүбүздөгү жылы август айында милиция кызматкерлери жаранды кармап жаткан учурда өлтүрүп алышкан. Аталган окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Анда Иван Сологубов аттуу жаранды бир нече милиция кызматкери жерге жыгып, бири үстүнөн, экинчиси моюн жагын буту менен басып кармоого аракет кылышканы көрүнөт.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 04:01


🔹Ош-Бишкек унаа жолунда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 03:31


🔸Япониянын премьер-министри Сигеру Исиба өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасынын жыйынында аны өкмөт башчылыгына кайра шайлоо жөнүндө маселени чечип жаткан учурда уктап кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

13 Nov, 03:13


📌Кытайдын Чжухай шаарында 11-ноябрда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталган. Анда 35 адам каза болуп, 43 адам жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

12 Nov, 11:47


https://www.super.kg/kabar/news/454891

SUPER.KG - Соңку кабарлар

12 Nov, 11:12


📌Социалдык тармактарда Бишкек шаарында белгисиз жаран жолдон өтүп бара жаткан кызды урганы тартылган видео тарады.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

12 Nov, 10:31


👰🏻‍♀ Актриса, ырчы Алиша Диа турмуш жолуна аттанды. Бул тууралуу анын жакындары тойдон сүрөт, видеолор менен бөлүштү.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

12 Nov, 08:41


🔹Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда БУУнун 29-конференциясына катышуу үчүн Баку шаарындагы Олимпиада стадионуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

26 Oct, 06:38


🔹️Легендарлуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду күйөрманын издеп жатат. Футболчу өзүнүн X баракчасына (мурдагы Twitter) видео жарыялады, анда оюн учурунда күйөрман эмоциясын тыя албай, көзүнө жаш алып "Роналду" деп кыйкырган.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 14:22


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 25-октябрда Кыргызстандын мамлекеттик гимни өзгөртүлө турганын айтты.
SUPER.KG порталы буга эл кандай пикирде экенин сурап көрдү.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр👇

https://youtu.be/kCXVMJaTaoE?si=NJ750p1LwTTPKEyc

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 11:51


🔸Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын шаарында “Тянь-Шань Сити” турак жай комплексине, ошондой эле Калкты тейлөө борборунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 11:27


🍦Акыркы 5 жыл аралагында өлкөдө өндүрүлгөн балмуздактын көлөмү 5 миң 172 тоннадан 10 миң 824 тоннага чейин жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, экспорттун көлөмү 2 миң 753 тоннадан 6 миң 111 тоннага чейин өссө, импорттун көлөмү 2 миң 788 тоннадан 1 969 тоннага чейин азайган. Негизинен Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция Казакстанга, Өзбекстанга жана Орусияга чыгарылат.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 10:45


🔸Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирирүүчү альтернативдүү жол 2025-жылы жазда ишке берилиши мүмкүн. Мындай билдирүүсүн транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев пресс-конференцияда айтты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 09:59


🔹Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 23-24-октябрь күндөрү ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Коргоо жана коопсуздук, саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык, социалдык-экономикалык жана укуктук маселелерди талкуулоо боюнча туруктуу комиссиялардын отурумдары өттү.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 09:39


https://www.super.kg/kabar/news/453948

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 08:44


🔻Алматы облусунун Теренкара айылында убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен жаран кармалды. Ал өз жээнин зордуктоого шектелип кармалган болчу. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 07:06


📌Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө тургандыгын айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда парламентте Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автоном облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 06:19


🔺Кечээ, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоциклин (гидроцикл) пайдаланууга тыюу салууну караган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, талкуусуз кабыл алынды.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 05:44


🔸Өлкөнүн Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Швейцария тобунун аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 05:09


📌Орусиянын Москва шаарында кыргызстандык 39 жаштагы жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу орусиянын басылмалары жазды.

Андагы маалыматка караганда, шектүү 19-октябрда Москва шаарында жайгашкан турак үйгө мыйзамсыз кирип, үйдөгү 78 жаштагы аялга кол салган. Аялдын башына жана денесине бир нече жолу сокку урулган. Көп өтпөй жабырлануучу алган жараатынан улам шаардык ооруканалардын биринде каза болгон.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 04:27


🔹Дубай шаарында Кыргызстандын жараны А.Б. дайынсыз болуп изделип жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Туугандарынан алынган акыркы маалымат боюнча ал Дубайдын аэропортунда болгон жана чет жакка учууну пландап жаткан.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 03:56


Бyл чыгарылышта SUPER.KG порталы NomadCars компаниясы тууралуу кеңири маалымат алды. Кыргызстандык сатып алуучулар үчүн Кытайдан электромобиль алуу канчалык оңой? Бул суроого компаниянын жетекчиси жооп берди.

Толугураак SUPER.KG портальнын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр👇🏻

https://youtu.be/79PRHXaInzc?si=IHHx2UyfU1T1OEL9

SUPER.KG - Соңку кабарлар

25 Oct, 02:53


☀️Бүгүн, 25-октябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө күндүз +14 ... +19,

Талас облусунда күндүз +12 ... +17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз +21 ... +23,

Ысык-Көл жергесинде күндүз +13 ... +15,

Нарында күндүз +10 ... +12,

Бишкек шаарында күндүз +16 ... +18 градус болот.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

23 Oct, 05:00


📌Бүгүн, 23-октябрда эртең менен Талас шаарындагы 4-мектептин жанында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тараган.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

23 Oct, 04:46


🔺Жалал-Абадда баңги лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМ бүгүн, 23-октябрда кабарлады.

Ага ылайык, милицияга Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында “А” аттуу жаран ири ѳлчѳмдѳ баңгизатын сактап жана сатып жүргѳндүгү тууралуу маалымат келип түшкѳн.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

23 Oct, 04:12


https://www.super.kg/kabar/news/453777

SUPER.KG - Соңку кабарлар

23 Oct, 03:37


🏔Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Каттам бар. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

23 Oct, 03:25


🔹Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участкаларынын даректерин жарыялады.

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүнү каалагандарды каттап жатат.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

23 Oct, 03:01


🌧 Бүгүн, 23-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө күндүз +7 ... +12,

Талас облусунда күндүз +9 ... +11,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында күндүз +13 ... +15,

Ысык-Көл жергесинде күндүз +14 ... +16,

Нарында күндүз +15 ... +17,

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын табы күндүз +10 ... +12 градус болот.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Oct, 12:08


“Талас даамы” кондитердик үйүнүн негиздөөчүсү Жаныбек мырза бизнести келинчеги менен нөлдөн баштаганын айтат. “Башында туугандарым “100 сомго Таласта ким кофе ичмек эле” деп күмөн санашкан” деген ал ийгилик сырлары, кыйынчылыктары менен бөлүштү. Маегибиздин соңунда “Талас даамынын” таттуулары жасалчу заводго экскурсия да жасадык.

Толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

https://youtu.be/yWLcAoHStgU?si=_1AXKokuH7P5t_FU

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Oct, 11:59


Яндекс Go Жеткирүү кызматы Ошто өз мүмкүнчүлүгүн кеӊейтти жана мопед менен жүк жеткирүүчү жаӊы тарифти ишке киргизди. Эми Кыргызстандын түштүк борборунун тургундарында тариф тандоо мүмкүнчүлүгү бар – мопед жана автоунаа менен жүк жеткирүүнүн акысы 20% чейинки айырманы түзөт, ал эми жеткирүүчүлөр бир топ ылдам жүрөт жана унаасын токтотууда анча кыйналышпайт, бул жеткирүү убактысын тездетет. Ошону менен бирге жөнөтүлгөн жүктүн салмагы 10 кг ашпаш керек.

Яндекс Go Жеткирүү кызматы Ошто 2023-жылы жеӊил жана жүк ташуу автоунаада жүк жеткирүү тарифтери (чакан жана орто кузов) менен иштей баштаган. Яндекс Go, Яндекс Жеткирүү – элге жеткирүү жана/же башка кызматтарга өтүнмө берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн маалымат сервистери. Тейлөөнү сервистин өнөктөштөрү ишке ашырат.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Oct, 11:07


📌Өзбекстанда окуучу кыздар мугалимин сабап салышты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Өзбек басылмаларынын маалыматына караганда, окуя Сырдарыя районундагы №2 мектепте болгон. Анда мекеменин коридорунда эки окуучу кыз мугалимге кол көтөргөн.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Oct, 10:29


🔺БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо добуш сатып алууга айыпталган 5 киши соттолгонун билдирди.

Бул тууралуу ал бүгүн, 22-октябрда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтты.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Oct, 09:58


🔸Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарында Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Oct, 09:33


🔹Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков шайлоолорду иш күндөрү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-октябрда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Oct, 09:17


🇰🇬 Бишкектин борбордук аянтында жайгашкан ардак кароолдо жоокерлердин ордуна аялдар туруп алган. Бул тууралуу видео социалдык баракчаларга тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

SUPER.KG - Соңку кабарлар

22 Oct, 08:36


🪖Кечээ, 21-октябрда Жалал-Абад шаарында кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Ички аскерлердин аскер кызматкерлерине арналган эскерүү аллеясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.